КЫНЫР ИШ КЫРК ЖЫЛДА БИЛИНЕТ… 4-болум. АЯГЫ

https://kyrgyzcha.site/?p=102473&preview=true Кызыктуу окуялар.

КЫНЫР ИШ КЫРК ЖЫЛДА БИЛИНЕТ

4-болум.

 

-Кемелчик,-деди Тинатин эркелей:- Качан баш кошобуз? Ушинтип эле уурданып жолугуп жүрө беребизби?

Кемел мындай суроонун далайын уккан. “Качан?” деп сурабаган аялзатын жолуктургусу келет. “Неге эле, аялдын баары, жолугуп койсом эле “Кача-ан?”- деген суроону бере беришет. Ушул суроодон ушунчалык тажадым!” Кемел ичинен Тинатиндин суроосун жактырбай турганы менен, билгизбей күлмүң этти:

-Эртелеп торго түшкүң келип турабы? Жыргап бойдок жүрө бербейсиңби? Убакыт келет… Буюрса ошол күнү…

Тинатин башын чулгуй таарына түштү:

-Сага бойдок жашоо жакса… Элдин баары сендей бекен? Эртелеп деп коёт… Үйдөгүлөр мени качан кетесиң? Кара далы болуп бүтө турган болдуң го дешип мээмди жеп салышты,- деди.

Кемел Тинатиндин таарынып турганына жини келе түштү:

-Мен сага качан айттым эле үйлөнөбүз деп! Кызык эле окшойсуң! Мен, жолуккан аялдардын баарына үйлөнө берчү болсом, өзүнчө эле гарем болуп кетет,-деди.

Тинатин ызаланып чыкты.

-Сен мени менен да, башка кыздар менен да жүрөм дечи! Мындай деп сени түк ойлобопмун! Сен меники гана болосуң! Же… Эч кимдики…

Тинатин долуланып ыйлап кирди.

-Жеткир үйгө! Сени менен башкача сүйлөшөм!

-Э-эй! Тинатин! Болду долуланбай. .. Тамашалап койдум… Эмне кылат экен десем! Айлана-айын, азыртан минтсең… Кийин өлтүрөсүң го…

Кемел Тинатинди жооткото сүйлөдү.

-Азыр… Сен отура турчу… Мени бир иш кычатып жатат… Беш мүнөт…

Кемел машинадан түштү да, бадалдардын арасына кирип кетти. Кемелдин отурган ордунда телефону калган эле… Ошол беш мүнөттүн ичинде, Адинайдын Кемелге жазган бир эмес, эки СМСи телефонго келип түштү.

ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ

Тинатин Кемелдин телефонунан жазып алган номерди карап, ойлуу отурду. “Эмне кылсам?.. Чалып: “ Мен анын келинчеги болом, жөн жүр, болбосо абийириңди төгөм,”- десемчи? Кемел билип калса…Кечирбейт го… Кемелге менин боюмда бар десемчи?.. Кандай чечим кылат эле?..” Тинатин Адинайдын Кемелге жазган катын жашыруун окуп, өчүрүп салган. Ал каттын мазмуну менен Кемел тааныша турган болсо, ошол замат Адинайга үйлөнүүнү сунуштачудай коркуп турду.

“Кемелди баш отум менен сүйүп жүргөн жалгыз мен десем?.. Экөөбүздөн башка, дагы канчоосу бар болду экен?.. Эгерде эле, башкага үйлөнүп алчу болсо… Андан көрө өлүп алганым жакшы. Неге аны мынча жакшы көрдүм?! Далай жигитти жаныма жууткум келбей жүрүп… Мен деп жүгүргөндөр кызыктырбай, дегеле үйлөнөйүн деген оюнда жок кишиге жан-дүйнөмдү арнап койгонумду карабайсыңбы! Сүйүүнүн көзү жок… Көлөкөдөй болуп аны мен ээрчидим го. Далай кыздар ашык болчудай сыйкыры барбы мунун…”

Көпкө чейин ойлонуп отурган Тинатин телефонун алды да, Адинайдын номерин терди.

-Алло!

Адинай жооп кылды. Тинатин эмне деп сөз баштаарын билбей апкаарый түштү.

-Алло, сиз Адинайсызбы? -деди акырын.

-Ооба…А, сиз ким болосуз?

-Мен…

Тинатин мукактана түштү.

-Мен Кемелдин эжеси болом. Ал сага жооп бербей жатабы?..

-Ооба…

Эми, Адинай мукактана түштү. “Кемел менен сүйлөштүм,”- десе эмне дейм”- деп чоочуп турган Тинатин сүйүнүп кетти.

-Экөөбүз жолукпайлыбы? Сөздөр бар… Силер тууралуу…

-Мейли, эже… А-а… Кемел өзү кайда эле?..

-Иштер менен жүрөт… Сен менен сүйлөшкөнгө убактысы жок болуп жатат… Анын үстүнө телефонун да үйгө таштап кетиптир…

Адинай: “ Кемелдин эжеси чалды… Демек, Кемел мен жөнүндө айтса керек,”- деп сүйүнүп турса, Тинатин Адинайдын ага ишенип, жолугууга макул болгонуна сүйүндү. Экөө каяктан, качан жолугуу жөнүндө макулдашышты да, эски тааныштардай коштошушту. Эртеңки жолугууну экөө тең чыдамсыздык менен күтүп жатышты…

ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ

-Урматтуу, сот! Дөөлөтканова Тинатин Адылбекованын өлгөнүнө көзү жетпесе да, жардам чакырган эмес! Анан да… Адылбекованын кош бойлуу экенин билип туруп, ырайымсыздыкка барган! Күнөөсүн мойнуна алып, милиция кызматкерлерине кайрылган эмес! Урматтуу сот! Дөөлөтканова Тинатин Төлөгөновнага Кыргыз Республикасынын…

-Урматтуу, сот! Дөөлөтканова Тинатин атайын өлтүрүүнү пландаган эмес. Ооба, жолугууну ал уюштурган… Жөн гана сүйлөшүү аркылуу, аны Алымовдон ажыратууну көздөгөн. Бирок, тилекке каршы, экөөнүн ортосундагы жаңжалдан улам, күч менен түртүп жиберген. Адылбекова Адинай,кокустуктан башы ташка тийип, мээсине кан куюлуп каза болгон. Дөөлөтканова Тинатинге Кыргыз Республикасынын. ..

Тинатин Адинайды жолугууга айыл четине чакырат. Жасана кийинген Адинай, болжошкон убактан кечикпей келди. Сөздү Тинатин баштады.

-Кемелдин азыр үйлөнүүгө шарты да, убактысы да жок. Сен жөнүндө уккусу да келбей жатат. Сен азыр анын артынан түшүп, көп кыйнала бербей, боюңдагыны алдыртып сал.

-Кандайча?! Алдыртып сал?! Бала силерге оюнчукпу? Сизди, башкача сөзгө чакырган экен десем… Бул эмне дегениңиз?

-Оюнчук болбосо?.. Башында ойлонуш керек болчу! Анын сага окшогон кыздары толтура!

Адинайдын жакшы сөз угум деп келген оюн таш каап, кабагы бүркөлө түштү. Үн-сөз жок, күчүн ыйдан чыгарып, соолуктай баштады. Тинатин Адинайды сооротумуш этип, аялуу сүйлөдү:

-Жаш эле экенсиң… Башка жигит таап, турмушка чыгып кет. Курсагыңдагыны болсо, чоңоё электе жогот… Кудайдын буйруганы дагы тургандыр…

Соолуктап, ыйлап турган Адинайдын өңү бир заматта бузула түштү.

-Сиз мени шылдыңдаганы чакырдыңыз беле?! Бул сөздү телефондон деле айтпайт белеңиз! Керек болсо, мен Кемелдин үстүнөн арыз жазам… Көрөм ошондо эмне болооруңарды? ..

Тинатин каткыра күлдү:

-Эмне деп жазасың?! Шуркуя болчумун деппи?! Эптеп күйөөгө тийиштин айласын издеп жүрөм деппи?!

Адинай ызазын ката албай, Тинатинге каяша айтып, кыйкырып жиберди:

-Токтот! Менин да намысымды коргоочулар табылат! Силерди ушул кылыгыңар үчүн… Талкалатып кетпесем элеби?!

Экөө чачташа түшүштү. Адинайдын колунан суурулуп чыккан Тинатин күч менен түртүп жиберди. Адинай чалкасынан кулап, башынан сызылып кан ага баштаганын көргөн Тинатин кыйкырып жиберди.Көз- ачып жумганча болуп өткөн окуяга Тинатин өзү да түшүнө албай, кандай айла кылаарын билбей карбаластай түшту….Адинайдын өлүү-тирүүсүн түшүнө албай, денесин майда калтырак басып, күн киргенче жин тийген немедей катып отурду.

Коюуланган караңгы түндө, бир караан, алды-артын элеңдей карап, айыл четинде келе жатты…

аягы… автор: Ш.Н.А.

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️