Карыя Осмон кызарып-татарып сөзүн уланта албай, эшикти тарс жаап өзүнүн бөлмөсүнө кирип кетти. Ушуга чейин башын бир көтөрө албай койгон Шамсуддин-баба дале шылкыйып отура берди. Ал бир туруп гүзөргө бул сөздөрдү кантип айтаарын ойлоп, бир туруп инисинин ойчулдугуна суктанып калат. Акырында ал ордунан тура калып эшикти карай жөнөдү. Эртең менен эрте Керез-эже мага чуркап келди. Ал эч нерсе деп айталбай улам эле:
— Осмон!.. Осмон!.. — дей берди, бирок мен эмне болгонун дароо түшүндүм. Алардын үйүнө чуркап барганымда, тигил короосунда отуруп алып жаш балачасынан шолоктоп ыйлап жатыптыр. Тал кыйылган, уя бузук. Мен карыя Осмондун колунан алып тургузууга аракет кылганда, ал силкип жиберди.
— Жогол!— деп кыйкырды ал бакырайган көздөрү менен мени жеп жибере тургансып карап. —Наадандар! Бирөөнүн бактысын көрө албастар! Билип алгыла, акмактар, бирөөнүн итин ууландырып атканыңарда, бирөөнүн ооматын кууп атканыңарда силердин көргөн күнүңөр ушу… Жалаң карангылык. .. Наадандык… Карыя Осмон ыйлактаган бойдон үйүнө кирип кетти. Мен эмне кылаарымы билбей кала бердим.
Ушул окуядан кийин Осмон биротоло элден качып калды. Демейде алыстагы жылдыздар тууралу баяндап берген, айланада кимдин үйүндө ый чыкса түндөп болсо дагы биринчи жетип барган агабыздын эми эч ким менен иши жок. Ал гүзөрдөгүлөрдү жек көрүп калганы шексиз, ал бир нерсени каймана ойлоп жүрдү. Ал дагы минени ойлоп тапты? Дагы минени чыгарганы атат? Же чын эле гүзөрдөгүлөрдөн өч алганы жүрөбү? Менин ой-cанааларым жакын арада чечилди. Бiр күнү карыя Осмон меникине келди. Мен гезит окуп отургам, ал унчукпай жаныман орун алды.
— Ассалам-аллейкум! —дедим мен. Ал жооп берген жок. Мен ичимен ызаланып, бирок сыр алдырбай гезитими тиктемиш болдум. Дүйнөдө дале тынч эмес: дале кээ бир өлкөлөр согушка даярданып, дале казмус эл ага каршы күрөшүп
жатат…
— Уулум! — акыры мен күткөн добуш чыкты. — Сен китепти көп окуйсуң, илимди да чала-була билесиң. Айтчы мага, башка жакта да тирүү жандар бар бекен деги?
— Илим бар болушу керек дейт.
— Ал эми сен… сен өзүң кандай ойлойсуң?
— Менимче деле болушу керек… Карыя Осмон ордунан тура калды.
— Рахмат, уулум, рахмат! — ал эшикти көздөй басты. Мен анын артынан аяп карадым. Анда мен ушул бутун зорго көтөргөн адам чын эле адамдарды таңгалдырат деп ойлогон эмесмин, себеби мен деле эл катары аны жинди болуп калды деп ойлочумун. Бирок ошол жинди кийинчерээк чындап адамдардын оозун ачырды.
Бнр күнү мен эртең менен гүзөрдөгү ызы-чуудан ойгондум. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй сыртка чыксам, элдин бүт-баары көчөнүн башына чогулуп алыптыр. Топтолгон элге жакындай бергенде мен алардын үстүнөн агарган кураны көрдүм. Ошондо гана мен иштин жайын түшүнө баштадым: демек, Осмон мага баягыда келип бекеринен башка тирүү жандар жөнүндө сураган эмес экен! Бирок атам замандан бери пайдаланылган кура ал жакка учууга жарабайт да! Илгертен бери далай адам ушинтип учуп, алардын иши оңунан чыккан эмес. Ошондо дагы алар болгону абага бир аз көтөрүлүшкөн, ал эми Осмон башка жылдыздарга жеткени жатпайбы! Мен элди түрткүлөп өтүп барып карыя Осмонго кыйкырдым:
— Осмон-аке! — дедим мен энтиккеними баса албай катуу сүйлөп. — Бу кура менен сиз жылдыздарга жете албайсыз. Сиз бекер эле өзүңүздү өлүмгө дуушарлантып атасыз.
— Эчтеке мес, — деди ал кубанычын көкүрөгүнө батыра албай сүйүнүп. —Мен жетпесем, менден кийинкилер жетет… Коркпой ле кой, уулум, бир адам инсанат үчүн бир тутам топурак, ал эми иш оңунан чыкса, анда бир өмүр бүт адамзаттын тагдырын чечип коёт…
Уландысы бар…










