КАРООЛ. (АНГЕМЕ) 3-БОЛУМ.

https://kyrgyzcha.site/?p=102595&preview=true Кызыктуу окуялар.

КАРООЛ.

(АНГЕМЕ)

3-БОЛУМ.

 

Арадан төртүнчү ай өтүп бешинчи айдын башы. Күн өткөнү башкаларга билинбегени менен Гаухар үчүн азап болду. Бир күнү ойдо жок жерден ортончу кайнагасынын баласы кирип келип өлгөндүн үстүнө көмгөн кылды. Гаухар күткөн эмес эле.

— Акамди да тынчыттыңыз. Эми сиздин бул жерде жашаганга акыңыз жок. Балаңыз болсо ошо…жок да эми. Эң жакыны биз болобуз үй жай баары биздики эми. Түшүндүңүз да жеңе.

Гаухар саамга дендароо туруп калды да анан жандана калып.

— Жеңе болуп калдымбы. Чоң эне дечи элең го. Өзү жоктун көзү жокпу эми. Мен келгенде шымыңды булгап жүргөн бала элең. Эми мени айдай турган болуп калдыңбы?

— Апам менен атам да эми кереги жок кетиши керек деп жатат.

— Куш уядагысын кылат дегени ушул да. Ата — энеңден чыккан кеп ушул болсо сен кайда бармак элең. Чоң атаңдын жылдыгы өтсүн анан кудайдын айтканындай болот. Менин жообум ушул.

— Тезираак кетишиңиз керек. Биз бул жерге жаңы там салабыз.

— Охо, али там да салып таштадыңарбы? Кудайга карап иш кылгылачы. Кудай буйурса, өлбөсө балам келет. Жердин үйдүн ээси ошол.

— Келсе да отургузбайбыз.

— Бардык туугандарды чакырам да айтам. Анан…

— Туугандар менен ишибиз жок.

— Андан көрө жыйнап кел туугандарыңды.

— Биз өзүбүз билебиз.

— Мен өзүм билбейм, уктуңбу. Жөнө!

Гаухардын ачуусу келе түшүп, калтырап да кетти. ,,Муну карасаң» деди ызалана. ,, Өздөрүнчө отурушуп колунан эчтеке келбейт дегендери го. Эл бар, журт бар» эки колун чөнтөгүнө салып ары бараткан баланы карап. Анан сыр бербей тим койойун. Антпесем дагы күчөшөт деген чечимге келди өзүнчө. Рамалы чалынын барында да ниеттери түз эмес эле да. Эми ачыктан- ачык.

-Арбайына тапшырдым, билип жаткандыр- деди Гаухар бирөөгө айтып жаткансып.

Эми басаңдап келе жаткан ички дүйнөсүнө чаң салган кайнагасы үй ичи менен далысын салып калган. Ага да мейли деп койгон Гаухар. Аа баса, баякы итке да көндү. Күнүгө келет. Алыстан аны карап, кобурап сүйлөп койот. Ишеним курусун, Куран окуп бата кылат. Бир күн бир табакка кадимки өзү ичкен тамагынан куйуп,, ичкин ээ» деп итти карап. Эртеси караса тамак ошол бойдон турат. Ошондо да жүрөгү бир үшүп алып, анан дагы алагды боло унутканы ырас. Кайсы бир күнү кайнагасы менен көчөдө бетме- бет келе түшүп,

— Эмне камырабай эле жүрөсүң. Унчукпай тим койсо. Же сүрүп чыгайынбы?-деп зардалуу сүйлөдү.

— Аа, мениби? Түшүңөрдү суугу айткыла,- деп өтө берди Гаухар.

Кайнагасы кыжабасы кайнап ,,шашпай тур өзүм кирип төбө чачың тик тургузбасамбы»деп муштуму түйүлдү. Ошентмек болуп, кечки тамактан кийин жай гана козголуп,

— Тиги келгиндини өзүм козгобосом, козголбойт окшойт.

— Урушпай- талашпай акырын айта берип тажатыш керек- деди акылсынып аялы.

— Көрпө төшөгүн көчөгө таштап чыгарып койуш керек карап отурбай,- ары жактан баласы күпүлдөдү.

— Мен да бир жолу айтып көрөйүн болбосо ошол да.

Көчөгө чыкты да ары жак бери жакты карап, колун артына кыла акырын Гаухардын короосу тарапка басты. Атайын караңгы түшүрүп келгени да арам ойдун, эч ким көрбөсүн деп. Араң турган дарбазаны ачты да эңсеси катып туруп калды. Маңдайында көк жалдай ит тап бергени даяр туратэле. Жөн иттей эмес көк булуттан жаралгандай.,, Ити жок эле го» деп ойлонууга араң үлгүрдү. Иттен кандайдыр бир шоокум үн чыккансыды. Төбөсүнө чейин муздак желе жармашкандай нымшыган бетин сүрө кетенчиктей баштады. Ит ан сайын чоңойуп беттеп келе жатты. Тескери басканча кадамын тездетти. Бирок чатыштап кулап түштү. Өрмөлөй тура качып жөнөдү. Эптеп үйүнө кирип бара артын карап, таң кала карап турган аялына сөөмөйү менен сыртты көрсөтө,

— Ав- ав,- деп дегенче чалкасынан кулады. Ошол боюнча бир топ күн тилден кала жатып араң сүйлөп,

— Ити жүрөбү? -дейт башын ийкеп.

— Кимдин итин айтасыз?

— Абысының ит багып алган окшойт.

— Кайдагы ит. Ити жок. Көрбөдүм го ошончо кирип.

Болгон нерсени аялына айталбады. Айтууга тили да барбады. Айтмак тургай эстегенден коркуп турду. Тирилик менен убара аялы да сурай бербеди.

Гаухар кайнагасын кокустан эле өзүнөн кетип ооруп калыптыр деп угуп, ооруса ооругандыр дегенчелик унчуга бербеди. Анын үстүнө өткөнкү сөзүнө кырсыга түшкөн эле да.

Гаухар күн өткөн сайын бара- бара ит келди бекен деп караңгы түшкөндө эстей турган болуп да калды. Барып сылагысы келип кетет. Бирок ал сыйлай турган эместей, жылып тургансыйт. Колуна кирбейт. Гаухар көнө түшкөн. Мурдакыдай коркуу жок

— Эмнеге эле жалдырап тиктейсин. Тиктешиң зээнимди эзе турган болду го. Тамак берсем ичпейт экенсиң. Бул эмнең?

Адатынча кобурап сүйлөп — сүйлөп анан ичкери кирип кетет.

Мурдакыдай уйкусу бузулуп чочулоо жок. Намазын калтырбай окуп, түнү бир оокумга чейин теспеси колдон түшпөй жөлөчүсү жараткан болуп, күн түндөргө, түн күндөргө алмаша берди.

 

( уландысы болот)

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️