Бир уйдун баяны. 2-болум.

https://kyrgyzcha.site/?p=102782&preview=true Кызыктуу окуялар.

Бир уйдун баяны.

2-болум.

 

Айтылган дарек боюнча келип, үйдүн короосуна кирдим. Заңгыраган эки кабаттуу бул үйдүн короосунда көз жоосун алган гүлдөр, жаңы тигилген жаш арчалар, фонтан, короонун ар тарабына коюлган жашыруун камералар, катар-катар тизилген машиналар бул жөнөкөй бир адамдын үйү эмес экенинен кабар берип турду. Курулуш материалдарын ташып, ары-бери жүрүшкөн жумушчулар көрүндү. Үйдүн каптал жагына бир нече бөлмөлүү үйдүн фундаментин куюшуп, дубалын көтөрүп жатышкан экен. Аңгыча эле үйдөн арыкчырай сулуу келин чыгып, үйгө кирүүмдү өтүндү. Кире бергендеги чоң бөлмөдө кымбат баалуу эмеректер орду менен коюлуп, терезе пардалар ага түспөлдөшүп, өзүнчө көрк берип турат. Үстүңкү кабатта болсо ар бир баласынын уктоочу бөлмөсү бар экен. Биз эми эле сүйлөшө баштаганыбызда мотурайган балдар бирин-бири кубалашып, жаныбызга келе калышты. Тим эле татынакай балдар. “Буларга кыргыз тилин үйрөтүш керек”, – деп келин күлүп койду. Дагы бир бөлмөдөн кичинекей баланы көтөрүп, тарбиячы келин чыкты.

 

Босогону аттаганда апкаарый түшкөнүм менен жылуу-жумшак мамиле менен тосуп алган кишилерди көрүп, өзүмө келе түштүм. Сүйлөгөн сөздөрүнөн ушул сулуу келин үй ээси экенин түшүндүм. Өз курагынан бир топ жаш көрүнгөн бул аял ушунча баланын энеси экенине ишениш кыйын эле. Балдары жаш болгондуктан, тарбиячы келин жетишпей жаткандыгын айтты. Мен болсо иштөөгө макулдугумду бердим.

 

Эртеси келээрим менен үйгө мени жалгыз таштап, балдарды алып, шаарга чыгып кетишти. Биринчи эле көргөн адамына ишеним арткан бул кожейке кичи пейил, боорукер, куулук-шумдугу жок, байлыкка чиренбеген аял экени билинип турду.

 

Ал эми Чолпон болсо балдарды өз баласындай көрүп, балдар да ага биротоло көнүп алышыптыр. Оор басырыктуу, ашыкча сүйлөбөгөн, милдетин так аткарган бул тарбиячы экөөбүз тез эле тил табышып эже-сиңдидей иштеше баштадык. Эки баланы мектепке жөнөтүп, кайра тосуп алуу, үч наристени кароо, үй ичин иретке келтирүү биздин милдетибиз эле.

 

Педагогдор деги эле балдар дүйнөсүн тез түшүнгөн калк келет эмеспизби. Барган сайын балдар мага көнө башташты. А мен болсо бир күн аларды көрбөй калсам сагынып, аларды көздөй шашчу болдум. Улуураактары Чолпонду кечке ээрчип жүрүшсө, кичүүсү эртең менен мен бармайынча ыйлай берчү. Кечинде уктатып коюп, анан үйгө келчүмүн.

 

Мектепке чейинки балдарды окутуу боюнча атайын мугалимдерди жалдап, биргеликте тарбиялап жаттык. Ал эми мектеп жашындагыларды ар түрдүү кружокторго катыштырып, жетишпей калган сабактарынан кошумча адабияттарды алып берип, мугалимдерге кайрылып, алдыңкы окуучулардан болуусуна бардык шарт түзүлүп жатты.

 

Балдарынын ар бир суроосуна зерикпей жооп берип, терең түшүндүрүп, бирин-бири сыйлоого, тартиптүү болууга үйрөтүп жаткан энесинин стажы баарыныкынан жогору эле. Баладай кыялы менен кошуналардын, тууган-уруктарынын балдары менен ойноп кирсе, чоң кишилерге кадимкидей кеңешин берип, акыл-насаатын айтат. Сүйлөгөн сөзүнөн, жасаган ишинен, кишиге болгон мамилесинен бул үйдүн кожейкеси деп айтуу кыйын эле. Адам канчалык жөнөкөй болсо, улуу болооруна ушул жерде дагы бир жолу ынандым. Келиндин ишэнчээктиги гана кээде өзүнө зыян алып келээр эле. Бул аялдын дагы жакшы бир касиети – эч качан байлыкка кызыкпаганы, саясатка аралашпаганы эле. Газета окуп, сыналгы көрчү эмес. Сырткы дүйнөдө эмне болуп жаткандыгы менен иши жок. Ошого биз да көнүп калыптырбыз. Себеби, короодон кирээриң менен сырткы дүйнөнү унуткансып, жашоо жалгыз эле ушул жерде жүрүп жаткандай. Ал эми үйдүн ичине киргенде мезгил, убакыт деген жоголуп кеткендей болот. Кайсыл мезгил экенин да унутуп каласың. Эмнеден экенин түшүнүү кыйын. Же жумушка, балдарга, же ушул кичинекей дүйнөгө сүңгүп кирип кеткендиктенби, билбейм. Бир жолу айылдан кайненем келгенде: “Чөп чабылып бүттүбү?” дептирмин. Анда чочуп кеткен ал: “Ээ, балам, азыр кышкы чөптү мал жеп бүтөйүн деп калбадыбы”, – дегенде гана эсиме келе түштүм.

 

Бул үйгө көп кишилер жардам сурап келе берчү. Үй ээси да колунан келишинче жардам берип, ыраазы кылып жөнөтчү. Мага кээде бул үй гуманитардык жардам көрсөтүүчү жайга окшой берчү. “Акчаңы чача бербей, мүмкүнчүлүк болуп турганда дагы үй алып, дүкөн ачып иштетсең боло”, – деген тели-теңтушунун айткандарын жактырчу эмес. А бир туугандары болсо: “Тим койгула, мунун жашоосундагы миссиясы – башкаларга жардам бермей, элди жумуш менен камсыз кылмай, акча чачмай. Ошон үчүн кудай буга берип жатат”, – дешчү. “Мынча акчаны кайдан алат?” деп бири-бирибизден сурап калчубуз. Анда бирөөсү: “Ээ, байлардан алат, анан дагы күйөөсүнүн чоң бизнеси бар. Соопчулук үчүн элге жардам берет”, – дейт. Кандай бизнес, эмне болгон бизнес бизди кызыктырчу эмес. Ар бирибиз милдетибизди так аткарып, алган маянабызга ыраазы болуп жүрө берчүбүз. Анткени биздин эмгегибизди аябай баалап, маянабызды аябай жакшы төлөп берчү. Чолпон экөөбүздөн башка бул үйдө бир үтүкчү, иттерди кароочу бирөө, короону жыйнаган бирөө, үйдөгү бузулуп калган техникаларды оңдоочу киши, короодогу гүлдөрдү өстүргөн бирөө, ашпозчу дагы бир топ адамдар иштейт эле. Үй аябагандай чоң болгондуктан баарыбыздын өзүбүзгө тиешелүү жумушубуз бар эле. Эң кызыгы келгенден бери үй ээсин көрбөгөнүм болду. Мен эле эмес баары эле көрүшпөптүр. Кожойкебиз менен канчалык жакын болсок дагы эч кимибиз ооз ачып сурачу эмеспиз.

 

Күндөр өтүп, жай да келди. Балдарды алып баарыбыз Ысык-Көлгө эс алганы бардык. Ушунчалык кооз жаратылышты биринчи жолу көргөндөй, көлдү тиктейм. Негедир жээкке барганда ыйлагым келе түштү. Ички сырымдын баарын билип койгондой көл мелтирейт. Үнсүз көл менен сырдашып жаттым. Жумуш менен алаксып жүрүп, өзүмдү өзүм унутуп коюптурмун. Көрсө, ичимде таштай катуу уюп калган бир нерсе бар экен. Буга чейинки жашоом экрандай болуп, көз алдыма тартыла түштү. Кандай гана максаттарыбыз бар эле…

 

Илгеркилер бекеринен жаман түш көрсөң сууга айт дешпеген экен. Көрсө суу сени түшүнүп, жамандыктарды өзүнө алып, жакшылыктарды сага тартуулап сени кадимкидей жеңилдетет тура.

 

Апам менен атам Көлгө эс алып келгенден кийин, апам ыр жазган экен. Ошол ыр да эсиме келе түштү:

 

Алайын биринчи ирет колго калам,

Арнайын Ысык-Көлүм сага салам.

Анча-мынча көргөнүмдү жазайынчы,

Бардыгын мен айтууга жетпес чамам.

Ысык-Көлүм койнуң кенен, боюң терең,

Мен сага жете албай жүргөн элем.

Көңүл чаап, эс алууга келип калдым

Көркүңө кумарланып, карай берем.

Ысык-Көл тоо койнунан орун алган,

Тоолору ак булуттан селде чалган.

Айланасын ак кар, көк муз каптаса да

Ысык-Көл эмнеликтен ысып калган.

Ысык-Көл неге толкуп турасың?

Кулачыңды жаясын да, жумасың.

Ашык жарың алыс жакта калгандай

Жээктерге өз боюңду урасың.

Ысык-Көлүм неге бетин чайпалат?

Чайпалганда мага бир сыр байкалат.

Же түбүндө кыз келиндер селкинчек

Тебет бекен аны кимдер айта алат.

 

Сууга түшүп, таза абадан дем алып, жайды өткөрүп, кайра шаарга келдик. Турмуш жашоо баягыдай эле уланып жатты. Арадан бир жылдан ашык убакыт өтсө да, келиндин күйөөсүн көргөнүм жок. Бул үйдө ал киши жөнүндө эч ким сүйлөчү эмес. Ошондуктан сырттан анча-мынча уккан сөздөргө маани деле берчү эмеспиз. Бирок капысынан ойдо жок жерден жүрөктү титиреткен бир кайгылуу окуя баарыбыздын эсибизди оодарды. Үй ээсинин улуу баласынын табышмактуу өлүмү бул үйдөгү бейкапар тынч жашоону асты-үстү кылды. Ошол окуя болгондо гана бул үйдүн кожоюнун көрдүк.

 

Уландысы бар.

3.7/5 - ( 4- Баа берилди )

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️