Турмуштан алынган чыгарма. 2-болум

https://kyrgyzcha.site/?p=102861&preview=true Кызыктуу окуялар.

Турмуштан алынган чыгарма.

 

2-болум

Улбуроп кирпигин ойдо которбой башындагы ак жоолугу озуно жарашып ажарына ажар кошулуп олтурган келинчекти коргондо Тураттын эжеси да ининсинин кайгысын тушунгондой онтоп алды.

-Мен Тураттын эжеси болом Туратты тааныйсында бир сонун эле, сени алып кеткени келдик иним сенден башкасына уйлонбойм эгер сага жетпесе жашоонун кереги жок деп тополон салып атат.

-Биздин уул деле коруп билип суйуп алып келди кыз киши ушинтип чуркагандыкы эмес буйругандыкы болот- деп Канаттын женеси азыр эле Гулнардан айрылып калушчудай чырылдап ортого тушту. А бирок бетине заары чыгып ичинен орттонуп турган Тураттын эжеси чыйпылыктаган келинди бир коз караш менен токтотту да Кайрадан Гулнарга кайрылып

-Жур журогой билебиз сени бул жерге зордоп алып качып келгенин озундун тагдырыны озун чечишин керек да-деди. Бирок башын жерден албай билинер билинбес чайкап макул эмес экенин алар менен кошулуп кете албасын билдирип жоолугунун учун тиштегилеп олтурганын коруп тунулду да шарт аркасын карап чыга жоноду. А бирок бир туугандык сезим женип инисинин абалына кейип босогого жетпей кайра кайрылып келди да

-Бактылуу болбойсун-деди- Сенин бактылуу болушуна жол бербеймин инимин коз жашына бакыт кура албайсын менин самыныма кир жуубаган экенсинер-деди да чыгып кетти. Омурундо эч бир жандан мынчалык ачуу соз укпаган келинчектин эки ийни солуктай тушту. Ушул босогону аттагандан бери тагдырына моюн сунуп озуно ичинен бакыт тилеп таттуу кыялдарга чомулуп олтурган Гулнардын устуноно бироо муздак суу куйуп жибергендей эле болду. Ыйлап атты эшиктеги ызы чуу дагы деле басылбады.

Гулнардын кете албасын укккан уккан Турат «озум кирем»- дей баштады. Ансайын Канаттын муштумдары туйулуп арына келип турду а бирок ата энесинин чымчылап кой-койлоп турганынан гана чыдап атты. Мейли кирсе кирип коксоосун суутуп чыксын дешип уруксат беришип эми келиндин устуно Туратты киргизишти. Тураттын караанын корор менен анын эжесинин создоруно уугуп ыйлап олтурган Гулнар аяп карап тура алган жок

-Эмне келдин мен сага бирде-экиде соз бердим беле, сени суйом деп айттым беле, неге ушул куну мынчалык коктуко салып атасын? Ушунча адамдын жакшы тилегин таш каптырып куттуу босогону аттап чыгып кетмек белем. Жок андай кыла албаймын.

Гулнардын ар бир созу журогуно октой сайылып татынакай апапак жолукчан элесин телмире тиктеп журогуно элесин сактады да «бактылуу бол»-деп айтып чыгып кетти.

Ызы-чуу да басандап коншу колондор оздору билишинче акылдары жетишинче талкууга алышып куда сый коргозуунун камы уланып жатты. Гулнардын устуно Канат кирди элчилеп суктана да тиктегизи келбей бугун эле келген колуктусун алда-немеге кунолоогондой

-Мынчалык атактуу экенинди билбеген экенмин-деди. Ишенген адамынын кайсы жыландын башын кылтыйтып атканын боолголоп чын эле озун куноолу сезип болгон окуялардын, озунун жасаган кадамдарынын туура же туура эмес экенинине акылы жетпей кучун коз жашынан чыгарып олтуруп калды. Ушул эле учурда уйуно жетип барган Турат комкоросунон тушуп соолуктап ыйлап жатты. Уулунун кыз баладай шолоктоп ыйлаганына ичтери ачышкан ата- энеси журоктору куйуп бирок айласыз болуп турушту. Бир гана эжеси тынчтана алган жок бир туугандык сезим ушунчалык кучтуулук кылдыбы же куру намыс алып учуп жаттыбы балким ар жактан калыптанган кыялыбы айтор уйдун ичин уч которо белгисиз бир нерсени издеп жатты. Тапты Тураттын сурот салган китепчесинини ичинен кулумсурой тушкон Гулнардын суротун тапты да белгисиз жакка бет алып чыгып кетти

 

Келин болуп келгенине мына эки кун болду баары эле жакшы болуп аткандай а бирок омурлук жолдош болууга бел байлаган Канатынынын кыял жоругуну тушунугу жетпей атты. Мурунтан иччу беле же эмеле бул жаман жорукту адат кылып алдыбы соо жургонун коро элек жаш колуктусун кучагына тартып баары жакшы болот деп жузунон суйуп койсо баары жакшы болоруна Гулнардын да ишеними чон. Канатты куто куто эми эле уйкуга кеткен Гулнардын тынчтыгын эшиктин шарак эте каттуу ачылган уну бузду. Канаттын келгенин тушунду ордунан ыргып тура «келдинби» -деп жолоп ордуна жаткырууга далалалаттанды. Бирок Канат ага конгон жок ызырына каттуу туртуп жиберди. Коздору бакырайып дубалга жабыша тушкон Гулнар кайсы жазыгы учун экенин тушуно алган жок.

-Сен мени уят кылдын-деди Канат- Арканан жигиттерин издеп келип менден талашып, эмне кеткен жоксун кетпейт белен.

-Сени деп калдым-Гулнар аран ун катты. Ыйлап атты жаны эле башталган жашоосунун мынчалык ызы чуу менен башталганына ыза болуп ыйлап жатты.

Канаттын мындай абалы кундон кунго кучой берди. Ар куну ар турдуу кылыктары чыгат. Ашканада идиш жууп жургон Гулнарды Канат кыйкырып чакырып алды да » жуу» деп машинансын коргозду да жерде суусу менен турган чаканы буту менен тээп Гулнар жакка жылдырып койду

-Эмне менби?- деп тандана сурап салды. Ызасына чыдай албай дагы бир нерсе деп суйлойун деди эле уйдон чыгып карап турган кайын энеси да док кылгандай

-Жуу-деди- Эч нерсе болбойсун же эмне бир жерин кемип калабы?-деп мурдун чуйро ары басып кетти.

 

Ооба Гулнар жууп жатты ыйлап жатты эмнеге билинбеген бир аз кундун ичинде эле жашоосу мынчалык чон озгоруулорго туш болуп жатканына ичи орттонуп ыйлап атты. Машинанын ичин тазалап атып ойуна музыка угууу тушуп кетти да акырын магнитафондун кулагын бурап койду суйуу жонундо сыздап ырдап жаткан ошол жылдары хит болуп турган айымдын ыры жанырып жатты Гулнарды сыбызгыган обон кайрыктары озуно тартып ойуна эмне келди ким билет олтургучта олтуруп телмирди да калды ал жон гана телмирген жок козунон чууруган жашка ээ боло албай жатты. балким антташып бирок тагдырлары кошулбаган Эрланды эстеп тургандыр эле.

-Кайсы суйгонуну ойлоп олтурасын бышактап-деп Канаттын кекете суйлогон созунон озуно келип таттуу уйкусу бузулган баладай кыжаалат боло жаман бир тиктеди да эмне кылсан ошол кыл дегендей кайдыгер басып Гулнар уйго кирип кетти. Бактылуу келиндик доор суруу озуно буйрубай атканына тагдырына таарынган келин эмнелерди гана ойлогон жок. Кулагына тураттын эжесинин «бактылуу болбойсун инимин коз жашына бакыт кура албайсын» — деген создору жанырып чын эле каргышка калдымбы деп ойлоп турду. Кеч киришин каалабай азыр эле Канаттын машинасын жургузуп кочого чыгып кеткенинен кыжалат болуп мас болуп келерин ойлоп сыгылып бутпогон кор тирилике аралашып кечки тамактын камын коруу учун эмне тамак жасаарын суроо учун кайын энесине жоноду.

Салынган тошоктун устундо соолуган гулдой болуп жаткан Гулнарды короого кирип келип токтогон машинанын уну ойунан ойготту башталды деди ойунда ооба бул куну чын эле башталган экен жоолугун ондогулап алдынан чыга келген келинчеги козуно эмне корунуп турду ким билет Канат себепсиз эле тепкилеп кирди. Апалап чынырып эркектин албууттанган кебетеси журогун тушургон Гулнар каяша кылмак тугул бир жыгылган боюнча ордунан козголо да алган жок. Катуу чыккан чынырыктан Канаттын ата энеси да чуркап чыгып жерде бурушо туйулгон келининен тепкилеп жаткан Канатты арачалап атасы сыртка алып чыгып кетти. Кайын энеси болсо негедир табасы кангандай карап Гулнардын башынан сылап соороткон да жок. Ошол кундун эртеси эле Канат «кетем Россияга ишиме эртерээк барышым керек» деп чыкты Канат уйлонгонго чейин Россиянын Москва шаарында соода кылчу «Гулнарды аркаман жонотуп жибересинер» -деп койду. Эч ким анын ойуна каршы чыккан жок барып билет алып келди да эртеси эле куну жоноп кетмей болду. Кантсе да коз ачып коргон омурлук жолдошу болгон учун Гулнардын конулу каршы болуп турду бирок жаш келин эч нерсе дей алган жок жол камын коруп гана жым болду. Эртен кетет го бугун балким эртерээк келер деген жакшы умуту таш каап Канат бул куну да мас болуп тун жарымынан оогондо келди чонтогунон жалгыз тушкон кыздын суротун чыгарды да Гулнар корсун дегендей текчедеги гулго жолоп койду. Гулнар корду бирок эч кандай кызганыч сезими да ойгонгон жок жон гана Канаттын ары бери баскан кыймылына карап, кечеги денесине кок калтырып тепкилеген эркек ушул экенине ынанып, эми бул кылыгына жол болсун дегендей шылдындуу тиктеп турду. Никесиндеги эри да канчалык денеси уркуп жек коруп турса да тошокту булка ачып жанына келип жаткан солокоттон жузун буруп кете алган жок.

 

 

Тан атары менен Канат жолго камданып жатты Гулнар кийимдерин чон жол сумкасына салыштырып «дагы эмнен калды унуткан жоксунбу» -деп улам улам Канаттан сурап коёт. Бир маалда озу эстей калгандай тундо эри которуп келген суротту алып келип «коруп журосун сагынбай» -деп сумканын жан чонтогуно салып койду да тандана карап турган Канатка татына жылмайып козун ымдап коюп эшике чыгып кетти. Баары даяр болуп атасы машинасын даярдап Канатты облустун борборуна чейин алып барып андан ары Бишкеке жетип алыш учун такси суйлошуп салып келмей болду. Негедир Канат уйдо кармалып жатты. Бир чекеде алардын кыймыл аракеттерине коз салып ойлуу турган Гулнарга карап кайын атасы «чакырып чыга койчу узак жолго аттанып атканда уйдо коп кармалбайлы» -деди. Гулнар уйго кирип келип себепсиз эле ары-бери басып турган Канатты коруп «кутуп калышты чыксан боло»-деди.

-Сени кутуп аттым-Канат Гулнарды колдон тарта кучагына кысты. Келинчегине коргозгон кылыктарын эстеп бирок ошол жасаган жаман онорлорунун баары озу каалабаса да озунун эркинен тышкары болуп кеткенине окунорун же туура иш жасаганын биле албай, алкымынан жыттап жузунон опту да-Жетерим менен байланышам аркамдан уйдогулор билетинди алып жонотуп койушат кыжалат болбо озум тосуп алам-деди. Ушул коз ирмемчелик убакыттагы жакшы мамиле келинди бакытка болоп жылмайып алды.

 

Канат кеткенден бери да билинбей кундор отуп жатты. Канаттан коргон кордуктары аз келгендей мектеп курагындагы кайын синдилери менен кайын энесинин кундо бир кылыгы чыгып жакшы кун коргозушпой турган болду. Окуусуна болсо жонотойлу деген ойлоруна да келген жок, кээ кээде курбулары менен телефон аркылуу суйлошуп койгону болбосо дарты ичинде болуп журду. Жакын курбусу Нуржан да Гулнардан кийин эле суйлошкон жигитине турмушка чыгып кеткен. Чыккан жери жолдошу тушунуктуу болгон учун кайра эле окуусуна келип окуп журот. Мээримай болсо баягыдай жашоосуна озгоруу киргизгиси жок. Россияга иштегени кеткен Элгиза да келип кайрадан окуун улантып калган, бирге ойноп кулгон курбуларын коро албай Гулнар бир жактан бук болот.

Канаттын кеткенине бир жумадан отуп калганда негедир уйундогулор оздорунчо дурбоп калышты. Гулнар эшиктен кирип келсе дым боло калышат да чыгып кетсе кубур шыбырлары кучойт. Гулнарга белгисиз себептерден эле кайын атасы акыркы улгудогу машинасын сатып жиберди. Короодогу малдарын да улам бирден алып барып сатып олтуруп бир куну эле Москвага барарын айтып чыкты. План боюнча Гулнарды эринин аркасынан жонотушмок. Себебигн сураганга жаш келин батына албай жатты. Балким Канатка бир нерсе болгондур деп ойлоп коёт акыркы кундору кайын энесинин да кабагы ачылбас болду.

 

Кайын атасы да Москвага кетти. Кун батып тан атып жатты. Кайын энеси менен кайын синдилери кундуз мектепте болуп Гулнар уйдо жалгыз ангыча кайын синдисинин атын айтып кыйкырган унду угуп сыртка чыкты кошуна эжего деген ой менен келген катын менен сылык учурашты. Келин болуп келгенден бери кошуна колондорду да коро элек эле же кайын энелеринин кирди чыктысы жокпу тушуно алчу эмес. Келген адам шыпылдай учурашып ал акыбал сурашып жаны «булого конуп кыйналбай олтурасынбы сенин уйдо жалгыз экенинди билип атайын эле баш багып калдым»деди. Тааныбаган адамдан тартына Гулнар

-Кириниз уйго- деди

-Жоок кирбей эле кетем айыл апа сени мактап атышат «созолонгон татына келин экен» деп окууна да барбай калдын да ээ жонотуп эле коюшса болмок мейли эми кайын энене да кыйын болуп калды азыр Канаттын иши эмне болуптур бутоюн дептирби. Азыркы жаштарга да ишениш жок болуп калды болок эл ботон жерде жургондо жон эле журушсо болмок минтип ата энесин да кыйнабай. Гулнардын оозу ачылды да калды «Канаттын кандай иши»- деп сураганга аран жарады

— Эмне чын эле кабарын жокпу

-Жоок

-Аа анда сенден жашырышыптыр да. Канат ал жактан уйлонуп алган экен келип сага уйлонуп кайра баргандан кийин Канаттын уйлонуп келгенин угуп калган ал жактагысы тополон кылып «мени да ата эненин алдына алып барасын боюмда бар» дегенби айтор Канат аны уруп катуу уруп койгонбу анысы сотко берип койуптур ал кыздын паспорту россияныкы экен да ананда байкелери да кучтуу адамдар экен деп атышат. Кайын атан да ошон учун кетпедиби- деп сайраган кошунасынын создорунун бири кулагына кирсе бири жок козу тумандап баратты кайсы маалда кошунасынын кетип калганын озу канча убакыт бир орунда турганын да билбейт. Кокурогун ыза муунтуп турмуштан жанылганын алданганын эми тушунгондой дагы да ыйлап атты.

 

 

Баардык окуялардан кабардар болуп бутсо да кайын журтунан эч нерсени оози ачып сураган жок. Кайын энесинин каары кундон кунго кучоп кылган ишинен кыйкым таап каарып турчу болуп алды. Бир куну аркасынан кабар алганы Гулнар тараптан женеси келди. Эч нерсени ага билдирип ачык айтпаганы менен акыбалын сураар менен ыйлап баштады. Жашта ата-энесинсагынып, эринин россияга кетип калганына да коно албай сыгылып калды окшойт деген ойдо эле калды келген женеси. А бирок Гулнардын апаларынын «кызыбызды окууга жонотушсун эми алардын деле кызы болуп калды бутуп алса оздоруно эле жакшы»деп айткан создорун да кудагыйыныздын аманат созу деп кайын энесине айттып кетти. А бирок андан бери деле Гулнардын окуусу жонундо соз козголгон жок негедир ушул маселени озу чечкиси келгендей эртен мененки чай устундо олтурушканда» апа окуума барып келейин дедим эле ансыз да коп калып кеттим»деди. Келининин созун жактырбаган кайын энеси «окуйм десен апанын уйуно барып каттап окуй бер»-деп коюп сыртка этегин кага чыгып кетти. Ойлонуп олтурган жок кылган иштери туурабы жокпу карап тургусу талдагысы келбей калгандай оз болмосуно кирип кийим которду да эшик алдында турган кайын энесине «апа окууман кыжалат болуп атам барып кабар алып келейинчи» -деп чыгып кете берди.

 

Чыгып кетти бирок журогу канап кыз доору менен коштошкон ушул уйго экинчи кайтып келбоочудой болуп козу жашка толуп жол жээгинда такси кутуп турду. Таксини окуу жайга алпаруу учун шаарга эмес эки айыл ары туруучу оз уйуно ата энесинин алдына айдатты. Айдоочуга бере турган акчасы да жок эле барганда уйунон алып чыгып бере турган болду. Ары ойлонуп бери ойлонуп акыры уйуно да жете келди.

-Ушул бурулуштан токтото бериниз мен акчанызды алып чыгып бере калам. Мына менин уйум жетип келдик.

-Батыраак чыга кал кызым.

-Макул мен бат эле. Гулнар уйун коздой чуркап жоноду. Серендеп чуркап келе жаткан караанды коруп Гулнардын апасы кимдир бироого окшоткондой карап туруп «Гулнарбы» деп бирок оз оюнан озу коркуп «ал неге келмек эле » деп турганда кызы жанына келип оксуп ыйлап озун кучактап кучагына бой урганда гана ишенгиси келбей аткан оюнун туура экенине ынанып кызын ооп жыттап а бирок кыжаалатчылыктан чыга албай «эмне болду эмнеге келдин озун элеби»-деген суроолорду жаадырып жатты. Айдоочу байке кутуп турганын эстей калып апасына акча алып чыгып беруусун айтты. Уйго кирип акча алып чыгып айдоочуну озу рахмат айтып жонотуп жиберди. Кызын сооротуп уйго ээрчитип кирип айланып кагылып атты. Иштин чоо жайын угуп билгенден кийин гана эне байкуш эмне кылаарын эмне жол тутаарын билбей кызына кошулуп жашып олтуруп калды. Копту коргон кыраакы эне «кайра кайт артына Канаттан минтип тируулой айрылганы олтурса сен да минтип баса берсен туура эмес болуп калат го»-деп кызын кондурууго далалат жасады. А бирок иштин жайы атасы келгенден кийин оорлошту. «Жашатпаймын алар алдады кызымы, кордоду мени намыска калтырышты» — деп чалкасынан кетти.

 

 

Эркек кишинин созу отумдуу болдубу ким билсин же канынан жаралган кызынын коргон кордуктары туртку бердиби Гулнарды ата энеси ал куну уйундо алып калышты. Божурашып создору бутпой ата энеси Гулнарга ал турмушка аттанып кеткенден берки айыл ападагы болгон жанылыктарды айтып олтурушту. Гулнардын да денеси жайылып чон чон жеп чон-чон чайнап дегендей конулу которулуп калды. Гулнардын келечеги жонундогу соз ушуну менен эле токтоп калган жок. Качан окууга барат, кантип барат жада калса эмне кийип барат деген суроого чейин талкуулашты себеп дегенде кыз маалында кийип жургон кийимдери менен бара албайт эле келин болуп устун озгортпосо уят го дешкени. Оз уйунон каттап окууга келип атканын эч кимге айтпай турууну эп корушту. Гулнардын апасы кантсе да кудагыйынын алдынан бир отуп коюну максат кылып тан атса телефондошуп шаардан жолуугуга чакырмак болду да ар кимиси оз ойлору менен алышып тун жарымынан оогондон кийин гана уйкуга кетишти.

 

Тан да атты Гулнардын кайын энесине байланышып жолугуу сунушун киргизди эле конулдонбой бирок айла жоктой мектептен бошой албашын айтып кечирээк бараарын билдирди. Эмне болсо да бара корорбуз деген Гулнар апасы экоо шаарга эрте эле келишти ар жак бер жакты айланышып кудагыйды узак кутушту. Кудагыйы келди, келип дагы жарыткан жок, Гулнардын апасынын кичине булбулдоп жанып турган умутуно суу сээп очуруп кеткендей болду. Бир жерге олтуруп суйлошолу деген сунушту Гулнардын апасы киргизип, кудагыйын кафеге чакырды Канат жонундо соз козголбосо да эки тараптын тен ойунда ошол болчу.

-Кызым кечээ окууга барам деп чыгып уйго барып алыптыр сагынганбы? Биз да сагынып калган экенбиз мейли деп алып калдык. Ынгайсыздана созду ушундан баштады.

-Мен озум барып апанкынан каттап окуй бер дедим- деп эч нерсе болбогондой чайын уурттап койду кудагыйы.

 

Уландысы бар.

3/5 - ( 2- Баа берилди )

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️