КЫНЫР ИШ КЫРК ЖЫЛДА БИЛИНЕТ. 1-болум.

https://kyrgyzcha.site/?p=102473&preview=true Кызыктуу окуялар.

КЫНЫР ИШ КЫРК ЖЫЛДА БИЛИНЕТ.

 

1-болум.

Түн ортодон небак ооп, таң атаарга аз калды. Уулунан дагы эле кабар жок. “Дегеле ушунусу калбай койду. Дагы жок… Отузга жакындап калса да, үй-бүлө курайын деген оюна да келбей койду го…” Боор этинен жаралган жалгыз уулунун тагдырын ойлой, небере жытын искеп отураар күнүн күтүп, Сабира байкуш кыйналып бүткөн. “Сен курактуулардын баары үйлөнүп-жайланып, бапырап балалуу болушуп, бир үйдүн кожоюну болуп калышты. Сен качан үйлөнөсүң? Мен да эртерээк небере жыттап, бактылуу болгум келет,”- деп күнүгө айтса да, майнап чыкпачудай. “Апа, эртелеп үйлөнө калгандар жыргап калыптырбы? Кыйратып үй-бүлөлөрүн бага алышпай кыйналып жүрүшөт. Мен азыр даяр эмесмин… Чоң үй салып, анан шашпай үйлөнөм. Үтөлөктөй бул үйдүн кай жерине батабыз,”- деп моюн толгоп коёт. “Үтөлөктөй” – деп коёт… Ушул үйдөн эле агарып-көгөрүп жатабыз го.” Сабира уулуна таарынымыш этип бышактап калат. “Апа, калп ыйлактаганыңызды коюңузчу… Буюрса жакында үйлөнөм… Тойго камына бериңиз,”- деп кутулат. Андай сөздүн далайы болду. Жакында деп айтканыдагы канча жылга созулат ким билет?..

Эне жүрөгү туйлай, алда-немени сезгендей уйкусу качып, уулунун батыраак эле келип калуусун тилеп, сыртта шырп эткен дабыш чыкса, тура калып жатты. Түн катып канча жолу келсе да, жүрөгү мынчалык опкоолжучу эмес.

Аңгыча иттин арсылдап үргөнүнө кошулуп, кобур-собур үн угулду да, эшик катуу кагылды. Сабира селт эте, халатын үстүнө кийе сала сырткы бөлмөгө жөнөдү. “Ай, Кемел, сенсиңби, деги… Эшик ачык эле…” Уулу эмес экенин эне жүрөгү сезип турду. Эшик ачылып формачан эки жигит кирип келишти.

-Саламатсызбы, эже?

Экөө жарыша Сабира менен учурашышты да, суроо-сопкуту жок төркү бөлмөгө жөнөштү.

-Силер кайда?… Кемел үйдө жок… Силер ага ким болосуңар? Жайчылыкпы деги?…

Сабира суроо артынан суроо берип өңү бузула түштү.

-Уулуңуз кайда?

Бирөөсү Сабиранын билегинен кармай, суроолуу тиктеди.

-Уулум?! Билбейм… Жүргөндүр да достору менен… Ал жаш бала эмес, мага кайда жүргөнүнөн бери айта бергидей…

-Жашырып койчу болсоңуз, сиз да жоопко тартыласыз!

 

Уландысы бар……

Шартка карай кыскараак чыгып калды…

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️