НАМАЗДЫН МАКРУХТАРЫ

https://kyrgyzcha.site/?p=102741&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

НАМАЗДЫН МАКРУХТАРЫ

1. Кийимди толук кийбестен, желбегей жамынып намаз окуу.

2. Саждага ийилип жатканда этек, багелектерди өйдө түрүү.

3. Кийимдин этеги, жеңи түрүлгөн бойдон намазга туруу.

4. Обу жок, б.а., пайдасыз кыймыл-аракет кылуу.

5. Улуулардын алдына кийип чыгалбай турган жаман кийим менен намаз окуу.

6. Ооздо кыраатка тоскоол болбой турган бир нерсенин болуусу. Тоскоол боло турган болсо намаз бузулат.

7. Баш кийимсиз, жоолуксуз намаз окуу.

8. Чоң жана кичине даарат (туалетке баргысы келип) же болбосо жел кыйнап турган маалда намазга туруу.

Намаз окуп жатканда сажда жериндеги таш, топуракты колу менен тазалоо.

10. Намазга туруп жатканда, намаз окуп жатканда манжаларды тырсылдатуу.

11. Намазда колду бөйрөгүнө таянуу.

12. Башы менен жүзүн эки жакка буруу, айланага көз жүгүртүү. Көкүрөктү кыбыладан бурганда намаз бузулат.

13. Ташаххуддарда ит сыяктуу отуруу.

14. Саждада эркектердин чыканактарын жерге тийгизүүлөрү.

15. Адамдын маңдайына карап жана катуу сүйлөгөн адамдын аркасына беттенип окуу.

16. Бирөөнүн саламына кол берип, баш ийкеп жооп берүү.

17. Намаз ичинде жана тышында эстөө.

18. Намазда көздөрдү жумуу.

19. Имамдын михрабдын ичинде туруусу.

20. Имамдын жалгыз жамааттан жарым метр жогоруда туруусу танзихан макрух.

21. Имамдын жалгыз төмөндө туруусу дагы танзихан макрух.

22. Алдыңкы саптарда бошжер бар экенине карабастан аркадагы сапка туруу жана сапта орун жок болсо ал саптын аркасына жалгыз туруу.

23. Кандайдыр бир жандыктын сүрөтү тартылган кийим менен намаз окуу.

24. Жандыктын сүрөтү намаз окуган адамдын маңдайында, оң же сол жагында дубалга же кездеме, кагаздын үстүнө тартылып асылган же жөн гана турган болсо макрух. Кресттин сүрөтү дагы жандык сүрөтү сыяктуу.

25. Жалындуу отту карап намаз окуу.

26. Намазда аяттарды, таспихтерди колу менен саноо.

27. Баштан аяк бир кездемеге оронуп намаз окуу.

28. Башына чалма чалып, чокусун ачык таштап намаз окуу.

29. Оозу менен мурдун чүмкөп намаз окуу.

30. Себепсиз, оору сыркоосуз оозунан какырык чыгаруу.

31. Колун бир-эки жолу кыймылдатуу.

32. Намаздын сүннөттөрүнүн бирөөнү аткарбоо.

• Мечиттин кыбла тарабындагы дубалынын оюлган бөлүгү. 33. Зарылчылыгы болбостон баласы колунда болсо намазды баштоо.

34. Көңүлүн ээлеген, тынчын бузган нерсе бар болсо, мисалы, кооз нерселердин маңдайында, оюн-зоок, бий, музыканын жанында жана жегиси келген тамак-аштын жанында намаз окуу.

35. Фарзды окуп жатканда себепсиз дубалга, тирөөчкө таянуу.

36. Рукуга ийилип же рукудан түзөлүп жатканда колдорду кулакка көтөрүү.

37. Кыраатты рукуга ийилгенде бүтүрүү.

38. Саждаларда жана рукуда имамдан мурун башын коюу жана көтөрүү.

39. Нажас болушу мүмкүн болгон жерде намаз окуу.

40. Кабырга карап намаз окуу.

41. Ташаххуддарда сүннөткө ылайык отурбоо.

42. Экинчи рекетте биринчиден үч аят узун окуу.

5/5 - ( 1- Баа берилди )

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️