Тагдырдын тар жолундамын  2-бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=102425&preview=true Кызыктуу окуялар.

Тагдырдын тар жолундамын

2-бөлүм.

Ошентип Домодедово аэропортнан тосуп алган таанышыбыз бизди метро Кантемировскийге алып келди. Кирген квартирабыз эки бөлмөлүү экен. Ары-бери карап тартынчыктап туруп калдык. Кожейке айтып калды:

— Бул залдын төрүнөн орун алыңыздар. Биздин тартип төмөнкүлөр : ичип келүү деген болбосун, урушпагыла, үй-бүлөөлүлөрдөн тажадым чынында уруш-талашы көп болот экен десе. Тообо, бул эмне дегени кантип эле күндө уруш-талаш боло берсин. Унчукпай көргөзгөн жеринен орун алып, көчөгө чыгып керектүү оокат алып келип , убакыт өткөнүн байкабай да калыппыз. Азат экөөлөп тамак-ашыбызды жасап жеп отуруп калдык. Кудай бетин салбасын кеч киргенде сырттан адамдар биринин артынан бири кирип жатат. Биз жаткан бөлмөгө тогуз адам кирип келишти. Оозум ачылып отуруп калдым. Кантип жатабыз эми. Түн ичинде Азатты бек кучактап алып уктай албай жата бердим. Баары кызуу уйкуда . Бири тишин кычыратып, бири коңурук тартып. Эх, жашоо кечээ эле үйлөнүп эркелешип да жата албаганыма жиним келип жатып кайсы убакта уктаганымы билбейм. Турсам кечээгидей эле эч ким көрүнбөйт. Азат да чай ичип алып жумуш издеп жөнөп калды.

— Берекем, жаным санаа болбой отуруп тур. Мен бат эле кайтып келем.

-Макул жаным, иштейбиз деп келгенден кийин чыдайм да. Бетимен өөп коюп досу менен чыгып кетишти. Тырышчаактыгы, орусчаны жакшы билгени жардам болуп ошол эле күнү жумуш таап келди. Документ деген да бүтпөгөн балээси бар экен мен жумушка кирүү үчүн, документ күтүп отуруп калдым. Сыртта суук. Отурдум үйдө, кеч киргенде эле топтолуп калмай. Кыргызстандын булуң бурчунан келгендер. Таанышып аз күндө эле камыр жумур болуп Москва жашоосуна көнүп бара жаттык. Жумушка орноштум. Жумуш дегеним магазинде жууп тазалоо. Тандап отура бербей чыкканына иштеп жашообузду өзүбүз элестеткендей кылып жакшы жакка буруу эле.

-Келдиңби жаным? Кыйналбадыңбы? Биринчи иш күнүң кандай өттү? Курсагың ачтыбы? Тамак жасап койдум.

— Иий өзүм жасамак элем го.

-Кой жаным бул жерде кимибиз бош болсок жасай беребиз да. Анын үстүнө сени иштеткенимдин өзү эле туура эмес болуп турат. Сени иштетем деп үйлөнгөн эмес элем го. Азаттын кабагы бүркөлө түштү.

-Кана, тамак жейбизби? Же тура беремби босогодо? Кантсе да Азаттын көңүлүн көтөрүү болуп турду оюмдун баары.

— Оой берекем кечир мени. Күлүп жол бошотуп калды. Күндөр өтүп жатты. Кыш аяктап калган. Айлыкка жетишип келгенде карыз болгондорубузду төлөп бир аз өзүбүзгө келип калдык. Бирок тагдырдын сыноосу биз үчүн жаңы барагын ачты.

-Азат.

-Оов, берекем эмне болду.

— Ичим ооруп кетти.

-Эмне болду экен? Ооруканага алып барайынбы?

-Билбейм, балким өтүп кетет. Жумушуңдан калбай бара берчи.

-Абайла ээ жаным. Жата бер чай ичип алам өзүм.

-Таарынба ээ?

— Жооок берекем. Сен жакшы болуп калсаң эле болду.

Азат ошол күнү өзү туруп кетти. Эки саат жатып туруп жумушка бармакмын. Бирок ал кетээри менен ичим бурап ооруй баштады. Дары ичсем да боло бербеди. Кожойкеге айтсам, кыңгыранып туруп тез жардам чакырууга макулдугун берди. Үйдү ары бери жыйнай салып , медицина кызматкерлерин күтүп отуруп калдык. Келип карап туруп эле

— Ким барат бул кыз менен алып кетишибиз керек. Боюнан козголгон дешти. Ии боюмда бар экенин билбептирмин да, карачы.

— Мен жумушка барышым керек өзү бара берет. Телефон аркылуу байланышып билип алабыз деп бурк этти кожейке адатынча.

-Макул, даярдан деп мага буюра сүйлөдү орус улутундагы айым.

Жолдо бара жатып ичим катуулай баштады.

-Чыда, бойуңдан түшүп калуу коркунучу турат деп калды. Ыйлап, жалдырап бара жатам. Азаттын да чалуусун ала албайм. Жаным көзүмө көрүнүп, ичиме кошулуп белим да ооруй баштады. Ооруканага жеткирип тапшырып коюшту да кетип калышты. Кеч кирип калганда бирөөсү келип:

-Айдаралиева ким?

-Мен.

— Тамак ичпеңиз. Тазалайбыз эки сааттан кийин,- деп чыгып кетти. Ыйлап жатып калдым. Эмнеге мынча таш боорсуң, тагдыр?! Азат үйдө, мен ооруканада ыйлап жатабыз.

-Кайгырба, жаным , сен керексиң мага,-деп көңүл жубатып койгону менен ал дагы кан жутуп жатканын сезип эле жаттым.

-Жүрү, биз менен. Эки догдур келип ээрчитип чыгып кетишти. Креслого чыгып жаткандан кийин карасам төртөөнүн үчөөсү эркектер. Дароо эле каршылык көрсөтүп кирдим. Алар күлүп

-Биз кирбейбиз жөн эле жардам беребиз. Кана колуңду берчи деп калды. Колумдун каруусуна сайылган уколдон өзүмдү жоготтум да калдым. Эсиме келсем телефон колумда Азатка уйку бербей чалып алып ыйлап жатыптырмын. Анан кантейин жападан жалгыз жакын адамым Азат болсо. Үч күндөн кийин үйгө чыгып келдим. Кабагым ачылбайт, ким сүйлөсө эле ыйлачу адат таап алдым. Ошентип жумушу да жок калдым. Азат жумуштан үйгө шашып келет. Сыртка чыгып айланып басып келебиз. Көңүлүмдү эле карап турат. Кудайыма чексиз шүгүр ушундай жар бергенине. Күндөрдүн өтүшү менен көңүлүм көтөрүлүп калгансыды. Кайрадан жумуш издеп калдым. Кээси алыс болуп калат, кээси графиги туура келбейт. Кээсине Азат көнбөйт. Арадан да эки ай жөн эле өтүп кетти. Эртең менен туруп ашканага кирейин деп эле кускум келип араң жуунучу бөлмөгө жеттим. Тамак жасоо оор болуп, кайрадан кош бойлуу экенимди билдим. Азаттын кубанычы койнуна батпай, күндө ар кандай мөмөлөрдү көтөрүнүп келет. Бирок…. кубанычыбыз көпкө узабады. Үчүнчү айга караганда бала козголуп калды деп ооруканага жатып калдым. Төртүнчү күнү бала чоңоюп калганына байланыштуу жасалма жол менен төрөтүп алышты. Эмнеге??? Балалуу болуп бакытка балкысам болбойт беле??? Келгенибизге жети ай болсо , ошол убакытта эки жолу баламдан айрылдым. Мекенге кайтып жакшылап дарыланбасам таптакыр эне бактысынан айрылаарымды катуу эскертип чыгарышты. Болгон тапкан акчабызды чогултуп билет алып кайтууга бел байладык. Кашайып билеттер да кымбат. Эмне кылмак элек ден соолук үчүн кайтууга туура келди. Өзүм эле кетейин дегенимди туура көрбөдү Азат. Кандай болгондо да бир болууга бел байлап кайтып келдик Мекенибизге.

-Каралдым, кызым өңдөн азып кетиптирсиң го. Айланчыктаган апам жанымдан чыкпайт. Кантсин анан «ЭНЕ» да. Бир аз отуруп болгонун айтып берсем, ызылдап ошол эле маалда ооруканага жеткиртти. Аябай узаакка дарыланып, ноябрь айында боюма бүттү. Коркуп калган жаным, кубанычтын ордуна күмөнсүрөө менен өтүп жатты. Доктурлар кепилдик беришкенден кийин гана Азат экөөбүздүн кубанычыбызда чек жок болду.

-Жакшы элесиңби? Күнүмдүк табылга таап келсе да берекелүү болуп жашап жаттык.

-Жакшы элемин.

-Коркута көрбө ээ берекем. Жаным оор көтөрбө ээ, макулбу? Күлүп тим болдум. Күндөр айга алмашып, айы-күнүм жетип калды. Кыйналып жатып кыз төрөдүм, бирок догдурлардын шалаакылыгыбы же Кудайымдын буйругу болдубу билбейм баланы алабыз деп жатып, жатынды тешип алышыптыр , эми мен мындан ары эне болуу бактысынан ажырадым. Ыйлап ыйлап көнбөскө айлам жок эле. Кичинекей периштемдин өмүрүн, ден соолугун Кудайдан суранып отуруп калдым. Азат болсо менин аман калганыма шүгүр келтирип көзүмдүн агы менен айланат. Мен өзүмдү анын алдында аябай ыңгайсыз сезип жаттым. Кантип, анын тукумун улай албай каламбы? Эмне үчүн??? Оо Аллахым бул эмне деген сынооң эле? Эмнеден жаздым? Бир келген бактымды кармай албай каламбы? Ойлор жеп салмай болду. Периштеме көңүл буруп, болгон аракетимди кызыма жумшай баштадым. Андан башка эмне кылышым керек эле. Менин азыркы абалымды эч ким карап тура алышпай акырын жылып кетишет. Апам байкуш жүрөт жанымда. Байке, жеңелерим, эже , сиңдилерим да кабар алып келип эле кеткенге шашышат.

Кыбыраган кичинекейим күн өткөн сайын , кылыктары чыгып аз аздан көңүлүм көтөрүлө баштады. Балалуу болгон ушунчалык бакыт экендигин билгенде баштаааа эле турмушка чыгып алмакмын да.)))

-Азат..

-Оов , бир деме дейин дейсиңби?

— Кантип баштасам экен?

-Айта бер кулагым сенде.

— Сүйөсүңбү жаным?

-Ананчы, сени мага кошкон Кудайыма ушунчалык раазымын. Жалгыз өзүңөр өтөсүңөр деген чечим чыгарса да раазы болуп жашамакмын.

-Жөн отурчу каяктагыны айтпай. Кызыбыз бар го жалгыз эмеспиз.

— Тамашаладым таарынбачы ээ , балапаным.

— Ий десе кызыбызды эркелетчү мезгилде мени эркелетесиң да.

-Өмүр бою эркелетем, менин бактым эки периштелерим. Чекебизден өпкөн Азат чарчап келгендиктен уйкуга кетти. Кызымды оңдоп жактырып коюп, мен да анын жанына кыйшайып жата кеттим.

 

Уландысы бар…

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️