2-бөлүм
Бу жерде менин досум отурат, философияны көбүңөрдөн кем билбейт,
анда ушу жигитке сөз берели, – деп эки ооз бирдеме айтып кой дегендей
ишаара кылды. Биздин жигит саал эрингендей ордунан турду да:
– Мен жаңкы кыздын оюна толук кошулам, туура айтты, – деп койду
кыска гана.
Талкуу-талаш дагы бир топко уланды. Биздин жигит этегине чейин
отура албады, ыңтайын таап акырын жыла басып залдан чыгып кетти.
* * *
Кайсы бир күнү Сарпбек биздин жигиттен сурап калды.
– Салижан акындын китеби чыгыптыр дейт, окудуңбу?
– Окудум, – деди биздин жигит. – “Ыймандай сырым менин” деп аталат.
– Анда бизге бир доклад жасап бер, байкебай, талкуу уюштуралы. Аерде
да жанагы сүйүү темасы бар дешет го, бизге отчетко керек болуп атат.
– Жарайт, -деди биздин жигит. – Улуу комсомол башыңды кичүү кылып
суранып атсаң, жок деген болбос.
Биздин жигит Салижан акынды пириндей көрөт эле. Анын ар бир
жазганын кыя кетирбей, гезитте болсо кыркып алып, журналга
чыккандарын жыйнап койот. Салижан акын өзү чоң адабиятчы,
илимпоз киши. Көңкү журт билет. Мурда ушу филологияда дарс окучу
экен, кийин өкмөттөгүлөр атайы чакыртып, кыргыз энциклопедиясын
даярдаганга кол кабыш кылсын деп ошо жакка жетекчилердин бири
кылып дайындап коюшуптур.
Университетке келгиче биздин жигит да акын болом деп жүргөн,
жазгандары деле жаман эмес эле, бирок соңку бир жылда көп нерсе
окуп, кыйла көзү ачылгансыды, поэзия деген оңой оокат
эместигинчындап аңдагандай болду. Ошондон улам ыр жазбай калды.
Акын боло албаган адабиятчы болот дегендей, ал акырындап адабий сынга ышкысы артылып, эки-үч курдай макала жазып, “Кыргызстан
маданияты” гезитине алпарса, алары жаккан окшойт,жарыялап
жиберишти. Мунун аркасы менен курсташтарына эле эмес, жалпы
факультетке жаш адабий сынчы катары тааныла түштү.
Салижан акындын жаңы китебин эки жумадай мурда сатып алган.
Ошондон бери үзүлө түшүп, эки-үч курдай окуду. Анда деле моокуму
тарабай, ара-чолодо кайра барактап кирет. Жадесе дарс угуп жатып да
арт жакта жашырынып окуп отурган учурлары болду. Ошентип жүрүп
китептеги ырлардын баарын жаттап алгансыды.
“Ыр жазсаң ушундай жаз, ата!” – деп койот ал ар бир ирет ичинен
маашырлана. Китептеги “Муңдуу баян” поэмасы айрыкча таасирлентти.
Икаянын кыскача мазмуну мындай эле: акындын каарманы чүрөктөй
бир сулуу кызга ашык болуп калат, анысын айта албай, азап чегет. Өзү
жандап бара албайт, жанына келсе дудуктан бетер тили буулуп, сүйлөй
албай апкаарып калат, тек гана жолун алыстан акмалап, караанын
көрүп, ошого жалынып, жалбырттап жүрөт. Бар ызасын ырга чыгарат.
Ошентип жүргөндө кызды ала качып кетишет. Муну акын муңдуу тарых
деп атаган.
* * *
… Биздин жигит докладын бүтөр замат зал дүүлдөп, талаш-тартыш
тутанды.
– Болгону бир кишинин арманы экен, мунун эмнеси муңдуу тарых?! –
Университетти быйыл бүтүргөнү жаткан Бекбосун деген бала
кербездене сүйлөдү.Ал анча-мынча ыр жазып, аларын өзү жаңычыл
поэзиядай көрөт эле.
Жаш акын атыгып калган кыздардын бири ага каршы болду.
– Сүйүү деген ар көчөнүн бурчунда туруп алып, көрүнгөнгө айтып,
ташбыйкат же реклама кыла турган товар эмес. Эгер ал ушундай
купуялуу, сырлуу, аялуу болбосо сүйүү делинбейт эле. Поэзия ар бир кишинин жеке арманынан жалпы махабат арманын жасайт, сүйүүнү
ошол аркылуу даңазалайт.
Сөзгө биздин жигиттин бөлмөлөшү Абдылда “аксакал” аралашты.
– Мындайды корунчаак сүйүү деп койот. Акындын каарманы
корунчаактыгынан жаңкы кызды тарттырып ийип отурбайбы.
Ортодон бир кыз кол көтөргөндөй болду. Биздин жигит караса, баягы
Руссону окуган биринчи курстагы кыз окшойт.
– Байке, бирдеме сурасам болобу? – деди иймеңкиреп.
– Сура, сурай гой.
– Докладчы катары сиз өзүңүз ушундай сүйүүгө кандай аныктама бере
алат элеңиз?
Биздин жигит эмне десем дегендей биртке буйдала калып, мындай
деди:
– Менимче, муну жабык махаббат, жок, туурасы – туюк сүйүү десе
болчудай. Ал туюк жарадай эле жаман болот. Адамды ичтен жеп,
түтөтүп, түгөтүп салат. Туюк сүйүү, Жолон акын жазгандай, “жоолук
булгап, дүйнө бойлоп ат чаппайт, мээде жүрүп, мээде чирип өлөт”. Ал
эки, көбүнчө бир адамдын ичинде калат, өмүр бою эстей турган арманга
айланат. Салижан акын ушуну айтып жатпайбы.
– Туюк сүйүүдөн кантип чыкса болот? – Тиги кыз тикенектей дагы бир
собол койду.
– Мен эми махаббат академиясын бүткөн эмесмин, – деди буга биздин
жигит тамашалап. Эл күлүп калды. Кыз да жымыйып койду. – Ар ким
өзүнчө жол табыш керек го дейм.
Биздин жигит да өнөгүн өткөргүсү келген жок.
– Сен өзүң кандай ойдосуң бул жөнүндө, чоң кыз?
Менимче, – деди кыз ордунан тура жылаажындай жагымдуу үнү
менен, – мындай окуялар негизинен психологиялык ыңтайда жазылган
чыгармаларда жолугат. Мисалы, Жейн Остиндин романдарында жакшы
сүрөттөлгөн. Ал эми реалдуу турмушта баары башкачараак болсо керек.
“Балакет экен, – деп койду биздин жигит ичинен. – Руссону окуганы
чын көрүнөт мунун”.
Буга удаалаш кандайдыр бир үн: “Өзү да татынакай неме экен,
байкадыңбы?!” – деп кулагына шыбырагандай болду. Кызды чын эле,
акындар айткандай, “карегиң талып калгыча карап отурса” болотэле.
Келбет-сыны келишкен, атүгүл элдин баары аваз кылган атактуу
балерина-бийчиге түспөлдөшө түшкөн жагы да бар болчу. Бирок биздин
жигит буга анчейин баам сала бербеди, анын үстүнө түсү ийгирээк кыз
көрсө эле жүрөгү козголуп кетчү боз бала курактан өтүп, сынаакы боло
баштаган кези эле. Эртедир-кечтир бир көргөндө эле эстен тана
түшкөндөй бирөө жолукса, анык сүйүү ошол болот, болбосо сокур сезим
кимге келбейт,андайда сойкулар деле периштедей көрүнүп кетет деген
принципти тутунат эле. Муну да ал Салижан акындан окуган.
* * *
Жаз арып, жай жакындап келатты. Университетте кезектеги семестр
башталды. Биздин жигит бу күнү саясий экономикадан экзамен
тапшырып, конспект жазган дептерлерин колтугуна кысып, бир
колундагы китепти үңүлө тиктеп, бир колундагы узун батондон улам-
улам үздүгө тиштеп коюп,Рамис акынчасынан “булчуңдап булучка жеп”
келаткан. Бир оокумда жандап өтүп бараткан бир кыз:
– Саламатсызбы, байке! – деп калды. Карай салса, баягы Руссону окуган
кызга окшоп кетти.
– Аа-а, чоң кыз, сен белең… – оозундагы нанын жута албай биртке
күрмөлө түштү биздин жигит. Тигини аз жерден какатып сала
жаздаганы үчүн айыбын жуугусу келдиби, жаңкы кыз:
Уландысы бар










