4-болум.
Кожоюндун тегерегинде эмне болгонун билбейм, бирок ошол убакта дагы бир оор жоготууга дуушар болду. Бул анын жүрөгүн тилген өмүрүндөгү эң кайгылуу учурлар эле. Кара чечекей бир боору киши колдуу болуп өлдү. Кимдин колунан жан бергенин билгени менен, ким буйрук бергенин билбей, кан жутуп турду. Адамды баса берсе мүңкүрөгөндүн ордуна кайра жаалданып, чыйралып калат тура. Эми анын көздөрүнөн кайгы менен кошо жек көрүүнү, өч алууну эңсеген көз карашты көрүүгө болот эле. Көзүнүн огу болсо атып салчудай болгон кайгылуу көз караш… Мындай абалды душманыңа да каалабайсың.
Анын айланасындагы оор жоготуулар, күтүлбөгөн окуялар, аны саясатка алып барып аралаштырып салды. Анын кетирген эң чоң катачылыгы да ушул болду. Ал өзү да: “Мен таза, ак дүйнө деп келгеним ушулбу?! Чындыкты ушул жерден табам деп ойлодумбу?! Тегерегиңдеги галстукчандардын кайсы бирине ишенсе болот? Айланып келип баягы эле чуңкурга түшөмбү?” – деп өкүнгөнүн далай жолу уктук.
Жайында көлдө эс алып жүргөнбүз. Кечке көлгө түшүп, кечинде үйгө келсек, дубалдан бирөө секирип түшүп, дарбазаны ачыптыр. Дайыма байланып турчу ит да көрүнбөйт. Үйдүн ичине кире албаптыр. Ал күнү түнү жакшы уктай албай чыктык. Дагы бир күнү негедир түн жарымда телефон үнү тынбай шыңгырап жатты. Эч нерсе оюмда жок туруп, алайын деп баратсам, мени токтотуп коюшту. Түнү менен уктабай, жарыктарды күйгүзбөй, терезенин түбүндө олтуруп чыгышты. Бир нече күндөн кийин да ушундай тынбаган телефондун үнүнөн кооптонуулар болуп, түнү уктап жаткан балдарды көтөрүп, үйдү таштап чыгып кеттик. Эмне болуп жатканы мен үчүн табышмак эле. Же сурасаң эч ким алгылыктуу жооп бербейт, ийиндерин куушуруп гана тим болушат.
Ал эми күндүзү көлгө түшкөнү барганда, кээде чочун эле кишилер балдарына балмуздак алып берип, эркелетип, аты-жөндөрүн айтпай эле кетип калышчу. Эч кимибиз тааныбай, рахматыбызды айтып кала берчүбүз.
Мындай сырдуу окуялар шаарга келгенде да болуп турду. Кыш айларында күн кыска эмеспи. Кар калың жааган күндөрдүн биринде эртең менен эрте жерге жарык түшө электе дарбазанын жанына келип, коңгуроону басайын десем, мурдума керосиндин жыты келе түштү. Дарбаза капкара болуп күйүп кетиптир. Үйгө кирип айтсам, эч нерсе байкабагандарын айтышты. Ошол ошол боюнча ким жасаганы белгисиз бойдон кала берди.
Кээде үйдү акмалап бирөө жүргөндөй боло берчү. Чоочун, номери жок машиналар үйдүн айланасында пайда боло калчу. Ушундай окуялардан кийин үйдүн бардык жерлерине жашыруун камералар орнотулду, мектепте окуган баласына жансакчы алды. Кожейкебиздин үстү ачык кабриолет машинасы кымбат баалуу, айнектери күңүрт түстөгү машинага алмаштырылды. Кожоюнубузду жандап жүргөн адамдардын саны да көбөйдү. Биздин ээн эркин себепсиз көчөгө чыкканыбыз, дүкөн аралаганыбыз токтоду. Мындай өзгөрүүлөрдөн кийин биз менен иштеген орус аял коркконунан жумуштан бошоп кетти. Күндөн күнгө мындай түрдүү окуяларга туш болгондуктан, машиналарды сыртка коюдан да кооптонуп калышты.
Күндөрдүн биринде “Дордой Плазага” соода-сатыкка бардык эле. Кожейке бутиктерди аралап кетти эле. Мен болсо балдар ойноочу аянтчада бөбөктөрдү карап отургам. Негедир ошол жердеги балдарды жөн эле жакшы көрүп карап отурган жигиттер көзүмө шектүүдөй көрүнө түштү. Өз оюмдан өзүм чочулап турганда, ар жактан кожейке менен иниси келип, балдарды тез сыртка алып чыгуумду айтып, өздөрү чуркап кетишти. Кудая тообо, ички туюм бир нерсени алдын ала сезет экен. Болбосо, кадимки эле күндөрдүн бири эмес беле.
Сыртка чыксак эл көп, кожейке ыйлап турат. Бир машинаны тегеректеп милиция кызматкерлери жүрөт. Чак түштө, күпкүндүзү машинада отурган кожоюндун досун бирөө атып кетиптир. Бир жумуштап келип, түшөйүн деп жатканда атса керек.
Кожейке ыйлап, күйөөсүнө телефон чалды. Анын ар жакта бакырып ийген үнү чала-була угулуп жатты. Ал андан мурунку күнү да бир досунан айрылганын айтып, ыйлап жибериптир.
Мындай коркунучтуу окуялар уламдан-улам көбөйүп, өз көлөкөбүздөн өзүбүз корко баштадык. Ошол күндөрдүн биринде кожейке күйөөсүнө:
– Саясаттан да, башкасынан да чыгып, тынч гана өмүр сүрбөйсүңбү? – деди.
– Өзүм да ошону каалап турам. Кайсы күнү илээшип калганымды билбейм. Мыйзам деген бар, чындык деген ушул жерде деп келсем, саясатың жеткен ыплас нерсе турбайбы. Мындан көрө өзүмдүн чөйрөм тазараак экен, – деди.
– Мага байлыктын да бийликтин да кереги жок. Жүрү башка жакка кетели. Эч кимге ишенбе, эч кимди ээрчибе. Тынч гана оокат кылалычы.
– Анда эл эмне болот? Ар кимибиз өз көмөчүбүзгө күл тартып кете берсек, мамлекетти ким ойлойт? Мен эми түшүнүп келе жатам. Мындан ары элге жардам бергим келет. Кетирген каталарымды ак эмгегим менен жуугум келет. Душмандарым менен элдешип, бир чечимге келишим керек. Мындан кийинки өмүрүмдү кыргызыма арнайм. Азыр кетсем атым булганган бойдон калат. Жаштарды туура жолго салууга кудуретим жетет. Себеби, мен аркы өйүздө да, берки өйүздө да болуп көрдүм. Эч кимдин сөзүнө кирбей, эл үчүн өз жолубузду, өз багытыбызды белгилеп алышыбыз керек. Биз такыр башка жолду, түз жолду тандайбыз. Жаштар мени ээрчийт. Мен баскан ийри жолдордон аларды коргоп калам. Ийри жолдо жүргөндөрдү да түшүндүрүү иштери менен өзүмө кошом. Алар мени угушат. Биз биргеликте башкача заман курабыз, күчүбүздү жакшы жактарга иштетебиз. Менин артта калган жашоомдогу ачуу чындык ушул тыянакка алып келди. Биз баскан жолдор ката экенин аңдап билдим. Бирок баары бир мунун баарын бирөө жасаш керек эле да. Ошону мен жасадым. Бир гана жери менин ой-максатымды азыр көпчүлүк билбеши мүмкүн. Мейли, бирок мен эми эмгегим менен далилдейм, – деди.
Мына, бул адамдын канындагы атуулдук милдет, демдин кайнап турганы! Мындан бир нече жыл мурда болгондо… Бирок адам, орустар айтмакчы, “на ошибках учится”. Бул да сыноо, ал эми башка бирөөлөргө сабак болуш үчүн курулган тагдыр.
Бирин-бири жек көрүү, өч алуу адам баласынын жашоосунда болуп эле келе жаткан көрүнүш. Чындыгында кек сактоонун, өч алуунун түбү барбы? Ошондой учурда бир эле тарап жабыр тартпайт да. Тереңдеген сайын жоготуулар көбөйө берет. Мунун кимге кереги бар өзү?! Жамандыктын чексиз түбүнө түшүп кете электе өзүн өзү токтотуп калуунун өзү чоң жеңиш. Башкаларды токтотуп калуунун өзү андан өткөн эрдик…
Бир күнү үйдөгү конок кетип жатканда, сырттагы эшикти ачар замат лып этип бирөө кирип келди. Аны жакын тааныштарынан го деп ойлоптурбуз. Терезеден көрүп калган кожоюн:
– Эмнеге киргизип жибердиңер? Тез чыгаргыла! – деп тынчсызданып калды.
Кирип келген киши сыртта ойноп жүргөн балдарды эркелетип, жакын кишилердей сүйлөшүп, анан үйдү көздөй кирип бара жатканда кожейке алдынан тосо калды:
– Кечиресиз, үйдө кожоюн жок эле, – деди.
– Мага азыр үйүндө деп айтышпадыбы. Суйлөшө турган сөздөр бар эле. Жок болсо күтө турайын, – деп көшөрүп туруп алды.
– Бирөө келет деп мага эскерткен эмес. Телефон аркылуу байланышып, анан келиңиз, – деген келиндин сөзүн укмаксан болуп, тепкичтен көтөрүлүп бара жатканда, айлабыз кетип корко баштадык. Аңгыча сыртта жүргөн кожойкенин туугандарынан бирөө сырткы эшикти ачып:
– Байке, сизди сыртта бирөө чакырып жатат. Кожоюн да келди окшойт деп, сыртты көздөй алып жөнөдү.
– Мениби? Сырттабы? – деген боюнча шашып сыртка чыгаары менен, эшикти шарт жаап салды. Тиги киши бирдемкелерди сүйлөгөн боюнча жини келип, машинасына олтуруп кетип калды.
А кожоюн болсо, уруксатсыз эч кимди киргизбөөнү эскертти.
Бирок адамдан айла качып кутулбайт демекчи,кээде начар кийинген, үй жайы жок бир байкушка айланып келишсе, кээде күчүгүн акырын киргизип жиберишип, аны чыгарып алууга келген киши болуп, аңдып жүргөндөр да болчу. Буларды кимдер жиберип жатканын билбей, башы маң болуп калды. Себеби, бирөөлөр менен сүйлөшүп олтурганда:
– Биз ойлогон кишилерди текшердик. Алардан жөнү жок эле шекшинип жатыптырбыз, – деди.
– Ошолор деп айтышпады беле. Далил бар деген. Же жанагыдай оюн башташтыбы. Бирибизди бирибизге жаман көрсөтүп, өз максаттарына жетип жатышабы! ? – деп кыжырданып кирди.
Булар эч качан кишилердин атын аташчу эмес. Ошондуктан азыркыга чейин кимдерди душман катары көрүп, кимдерди дос тутунганын аялы да билбейт.
Душмандары менен да каршылашпай, бир чечимге келип, ортодо саясий оюндардын курмандыгы жана куралы гана болуп жатышкандыгын түшүндүргүсү келип жатты.
Мындай адамдар эле эмес, улуу мамлекеттердин президенттери да марионеткадай сезилет. Дүйнөнү башкарган бир күч бардай. Себеби, кантип эле адам баласы барган сайын бири-бирине өч болуп бара жатсын. Өз пайдасы үчүн бирине-бирине тукуруп, элди кырдыртып, анан эки жакка тең куралын сатып акча жасашат да. Адам баласы бири-бирине, анан калса табиятка, Жер Энеге кол көтөрүп жатпайбы. Жашоонун убактылуу кызыкчылыгына баткан адамзат кайда баратат. Барган сайын роботко айланып, жошоону токтотот окшойт.
Ал эми бизге окшогон кичинекей мамлекетке кичине акча көрсөтүп койсо, так, акча талашып атып эле өздөрүн өздөрү кыра беришет…
Кожоюн мурда каршылашып жүргөн кишилеринин, шек санаган адамдарынын ортосундагы «кара мышыкты» таппай, бушайман болуп жүргөнүн кээде туугандары айтып жүргөнүн угуп калып жаттык. Мүмкүн кээ бир жаман иштерге колу баргандыр. Бирок кээде жасабаган ишин да жасады деп коюшканынын бирөөсүнө күбө болуп калдым. Себеби, бир күнү ал күндүзү үйүндө тамак жегени ашканага кирип бара жаткан. А аялы болсо:
– Он мүнөтчө күтө турасынбы, стол үстүн даярдай коелу, – деп калды. Себеби салган этибиз катуураак болуп, бышпай жаткан.
– Мейли, анда мага телевизор коюп бересиңерби, – деди.
Кайсыл берүү кайсыл каналдан тартаарын жакшы билчү эмес. Мен пультту алып, «НТС» каналына коё калсам, жаңылыктарды берип, ошол мезгилде белгилүү саясатчылардан бирөөнү уруп кетишкендиги жөнүндө айтып жатыптыр. Кожоюн шалак деп олтура калды. Анан бирөөнө телефон чалды да: «Эмне болуп жатат? Дагы мени каралагысы келишкен го,» – деп, бирдемелерди сүйлөп жатты. Ошол учурда бул кишинин физиономиясын көргөн адам, бул ишке эч кандай тиешеси жок экенин байкайт болчу. Жини келген кожоюн тамагын да ичкен жок.
Массалык маалымат каражаттарынын ишине аябай таң каласың. Ошол эле күнү шаар ичи дүң дей түштү. Териштирип териштирбей эле бул иштин күнөөкөрү деп кожоюнду айыпташты. Бир жолу бир таанышыбыздын мындай дегенин угуп таң калган элем: «Телевидениеге барсам, кааласаңыз каарманыңызды кардан ак, жек көрсөтөм десеңиз көөдөн кара кылып бере коёбуз. Ал сиздин каалооңузга жараша» Мына сага чындык…
Мындай көңүл чөктүргөн окуялардын арасына күлкүлүүлөрү да болуп турчу. Жашоо ошонусу менен кызык да. Кожейке күйөөсүнөн жашырып балдарына күчүк сатып берди. Ал күчүктү эки ай үйдүн ичинде багып жүрдүк. Атасы келе жатканда балдар күчүктү коробкага салып, үстүн жаап, бир бөлмөгө шкафтын ичине киргизип салышчу. Бир күнү кожоюн так ошол бөлмөнүн тушуна туруп калды. Өчөшкөнсүп ар жактан күчүк үрө баштады, кызы күчүктүн үнү чыккан сайын кошо жарышып, үнүн окшоштуруп үрүп коёт. Атасы эч нерсе түшүнбөй:
– Эмне эле болуп жатасын, – деди.
– Тоту кушка үргөндү үйрөтүп жатам, – деп клетканын жанына барып калды. Ансайын күчүктүн үнү чыга баштаганда, уулдарынын бирөө да үрө баштады.
– Ушундай да болчу беле?
– Ата, мен күчүк болгум келип жатат, – деп коёт.
Биз бир жагынан чочуласак, бир жагынан балдардын жоругуна, тапкычтыгына күлкүбүз келип, араң турдук. Үй ичинде ит кармаганды кожоюн жаман көрчү. Эч нерсени шексинбей өз бөлмөсүнө кирип кетти. Андан кыйла күн өткөндөн кийин тиги күчүктү көрсөтүп, уруксат сурашканда:
– Мусулман баласы үй ичинде ит кармабайт, – деп болбой койду.
– Балдар аябай жакшы көрүшөт, – деген аялынын сөзүн укпай, күчүктү бирөөгө бердирип салды. Балдары ыйлап, ага кошулуп аялы да ыйлады. Аялынын ыйлаганына күлкүсү келген күйөөсү бери жакта тургандарга көзүн кысып коюп, ансайын ачуулангансып: «Же күчүктү танда, же мени танда! Күчүк үчүн ыйлаган катынды биринчи жолу көрүшүм,» – деп коёт.
Ошентип тиги күчүктү (кымбат баалуу породадагы чихуахуа болчу) ардагерлер күнүндө бир орус кемпирге белек кылып берип койду. Аны көрүп калган келиндин эжеси кемпирге идиш-аяк берип, алмаштырып келди. Анан жашырып айылда багып жүрүштү.
Дагы бир жолу кожоюнга балдарыңызга белек болсун деп эликтин балдарын алып келишти. Тим эле жакшынакай эликтер. Короонун көркүнө көрк кошуп, үй астында кериле басып жүрүшчү. Балдар дагы алардын жанынан чыкпай айланчыктап, эркелетип жүрүштү.
Балдарды ээрчип жүргөн чаарчыктарды карап отурган кожоюн:
– Тоого алып барып берсекпи, — деп калды.
– Ата, сиз эмнеге жаныбарларды жаман көрөсүз? Тоту кушту да коюп жибергиңиз келет?, – деди уулу нааразы боло.
– Ээ, балам, ээн эркин өз чөйрөңдө жүрө албагандан кийин бул дүйнөнүн кызыкчылыгы кайда, түшүнбөйсүң да, балам, – деди үшкүрүп.
Ошол күндөрдөн аз өтпөй, эликтин бирөөсүн чоң ит (эшиги ачык калып) тиштегилеп, өлтүрүп салыптыр. Балдарга көрсөтпөй алып барып көмүп салышты. Шеригинен айрылган чаарчык жалгыз калганын сезгендей, элең-элең этип эки жагын каранат. Аны карап отуруп айылдагы бир окуя эсиме келе түштү. Уюбуз тууп, торпогу өлүп калды. Саадырбай койбосун деп, кайын энем торпоктун терисин сыйрытып, ичине саман салдырып койду. Күнүгө саарда тигини уйдун алдына таштап койчубуз. “Жансыз торпокту” ###### жатканда, уй кадимкидей ыйлачу. Аны карап алып биз да жаман болчубуз. Ал эми индюктун жөжөлөрүн мышыгыбыз жей берчү. Бир күнү мышыкты байлап коюшту. Бир убакта ойноп жаткан балдар чурулдап эле калышты. Бара калсак, индюк чуркап келип мышыкты чокуп, тепкилеп жатыптыр. Кайын энем: “Шумдугуң кургур, өч алып жатат”, — дейт. Мына, акыры келип жаныбарлар менен адамдарды да салыштырууга туура келип жатат…
Кожоюндун артынан аңдуулар көбөйө бергенинен, үйгө көп келбей калды. Келген учурда балдарынын жанынанчыкпай: “Жакшы окугула, намаз окуганды үйрөнгүлө, эч ким менен урушпагыла, бирөөнү ээрчибегиле”, — дей берчү.
Күндөрдүн биринде үйгө конок келип анын мектепке жогорку класстын окуучулары тоноп, дагы акча алып келүүсүн талап кылышканын, баласы ата-энесине айтпай, үйүнөн акча уурдаганын айтып калды. Ушуларды угуп отуруп, жаш балдардын мындай жоруктары барган сайын өөн учурабай, көнүмүш адатка айланып баратканына кейип:
– Мына, жашоодогу туура эмес кадам ушулжерден башталат. Тамырын ушул жерден кыя чаппасаң, кийин кеч болуп калат. Барган сайын өөрчүп отуруп, берген акчаңды чыгарып алыш үчун сен да кылмыш кыласың. Андан да жаманы материалдык дүйнөнүн кулу болуп, акчанын артынан кууп гана жашап каласың, — деди.
– Буга ким күнөлүү? – деди конок.
– Ар бирибиз, коом, анан кайдыгерлик мүнөзүбүз күнөлүү.
– Сен бир мектеп ачат окшойсуң?, – деди.
– “Кримавторитеттин мектеби” депби?, – деп күлдү, – чындыгында, мына, мектеп, окуу жайлары, массалык-маалымат каражаттары, диний мекемелер – баары эле таалим-тарбия берип жатышат. Бирок илимдүү-билимдүү, адептүү балдарга караганда терс жакка баскандар басымдуулук кылып жатпайбы. Ошондуктан, мен башкача жол менен күрөшөйүн деп жатам. Өзүмдүн өмүр жолумдагы катачылыктарды баса белгилеп, өзүм көрсөтүп, ошол жерден кантип оңдоп кетиш керек эле, ошону түшүндүрөм. Ал үчүн жаштарды өзүмө тартышым керек. Менин биринчи кадамымаларды спортко тартуудан башталат. Спорт менен айкалыштырып программа түзөм, жумуштарды пландаштырып, системалаштырам. Эмнеге мен буларды мурун ойлободум экен – деди.
– Ушуларды жеткирүү үчүн кудай бир жаза бастырып, анан эсине келтириш үчүн сени тандаса керек, – деди.
– Эми кудай жаза бастырбай эле баарыбыз туура жолдо жүрсөк гана.
– Анда бул жашоо бейишке айланып кетпейт беле. Пендебиз да.
–Адамдын жан-дүйнөсү жарды болуп, жеке кызыкчылык үчүн арам ой ойлоп, жаман жолго бирөөлөрдү кошо түртүп, жыргалчылыкты өзүбүз жок кылып жатабыз да. Барган сайын туңгуюкка түшүп баратабыз.
–Ооба, мына сенден баштайлы. Артыңды карап эми өкүнбө эми. Ошол учурда эмне жумуш жасап, кимге алданып жатканыңды аңдап-билишиң керек эле да.
–Кептин баары ошондо болуп жатпайбы. Эми ишеничтүү адамдар келип эле: “Булар минтип олтурса Кыргызстанды тоноп жок кылышат. А мына бул кишилер элдин эмгегин жеп жатышат. Мындай болсо эл жакырданып отуруп башкаларга кул болуп калат. Канча айтсаң да моюн бербей законго тууралап, өз көмөчтөрүнө күл тартып жатышат. Элди ойлогон эч ким жок. Эл түшүнбөй алданууда”, – дей берсе , чолок оюбузда патриот болуп чыга келдик да. Өз түшүнүгүбүздө “элдин жыргалчылыгы үчүн” деген девиз менен эл душмандарына каршы чыгып жаттык.
–Эми сага ким ишенет? Кечирип кой, бирок, ким сени ишенип ээрчийт?
–Ооба, кудайдан улук болуп, көп нерсени өзүбүз чечкенге аракет кылат экенбиз. Мага ишениш үчүн, айтпадымбы, кайсыл жерде эмне жасаганымды, кайсы жаман иштерге жөнү жок мени күнөөлөшкөнүн, бирөөлөрдүн тукуругу менен жок жерден жакшы санаалаштар менен душман болуп калганымды өзүм айтып түшүндүрөм. Чындыкты өз оозуман укканда мага ишенээрине көзүм жетет. Өзү ооруп көргөн адам гана оорунун кандай экенин врачка караганда жакшы айта алат. Оорулууга оору адам кеңеш бергенде көбүрөөк таасир этет. Ал үчүн убакыт керек. Ачуу чындыкты моюнга алып туура жеткире алсаң жаштар ээрчийт.
–Аз жашооңдо көп кыйынчылыктарга дуушар болдуң. Ылайым мындан кийинки өмүрүң, өзүң айтмакчы, өзүңө эле эмес өзгөгө да таасир этип, оң нукта улансын.
–Мен кандай кемчилик кетирсем, андан өткөн жаза алдым. Адам баласы көтөрө алгыс оор жоготуулар, инимден, баламдан айрылдым. Досторумдан күн санап айрылып жатам, өзүң деле көрүп турасың. Булар мага чоң сабак болду. Эми мен эч кимдин тилине кирбей, кудай алдында ак эмгек өтөйм.
–Анда өз алдыңчажумушуңду жасай бер да, колуңдан келген жардамыңды элге көрсөтө бер. Бирок, бизнестериңди да унутпа.
–Мен да ошону каалап турам. Бирок жумушумду да жасатышпай жатпайбы. Жок жерден өз “оюндарына” менин атымды алып барып жармаштырып салышканда, тапкан жолумду жоготуп ала жаздап жатам. Өз жолума ишеничтүү түшүп алганга чейин убакыт керек, – деди кожоюн.
Дайыма сак, анча-мынчы сөздү кишинин көзүнчө талкуулабай жүргөн кожоюн жана анын коногу кошуна бөлмөдө балдарды уктатып жаткан бизди байкашкан жок
Мындай сөздөрдүн анча-мынчасын угуп калган үтүкчү эже: “ Эмне эле ушундай жакшы, кичипейил кишини, укмуш жамандап элдин үрөйүн учуруп жатышат”, – деди. Анда ашпозчу эже: “ Биз билбеген жактары да бардыр”, – деп койду.
Уландысы бар.










