Пример HTML-страницы

Кара-Балтадагы тургундардын батирлерине кенелердин тобу чабуул жасашты. Санитардык дарыгер эмне дейт?

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Балта шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын батирлерине кенелердин тобу кол салды, деп жазат Turmush басылмасынын кабарчысы.

Анын айтымында, Кыргызстандын 40 жылдыгы көчөсүнүн боюнда жайгашкан үйлөрдө курт-кумурскалар аябай көп.

«Курт-кумурскалар дубалдарда жүрүшөт, ар кайсы жерлерге жашынышат. Түнкүсүн алар чаккан жер шишип, ооруп, кычышуу көпкө созулат. Канаттуулардын кыгы чогулган, өлгөн канаттуулар жайнаган, көгүчкөндөрдүн үйүрү конгон чатыр кенелердин ордосуна айланды», — дейт Кыргызстандын 40 жылдыгы көчөсүндөгү №47 үйдүн тургуну Евгений.

Биолог Ирина Стежко бул тууралуу мындайча билдирди: «Кара-балталыктардын батирлерине кирген курт-кумурскалар — канаттуу кенелер. Алар канаттуулардын жана майда сүт эмүүчүлөрдүн кан соргуч мителери. Негизги кожоюндарынан тышкары, алар адамдарга кол салууда абдан активдүү. Бул курт-кумурскалар жаратылышта, канаттуулардын арасында энцефалит вирустарын жана башка коркунучтуу ооруларды чакырууга түздөн-түз байланыштуу. Турак жайларга кирип, адамга кол салып, дерматит жана аллергиялык реакцияларды жаратат. Күндүз жашынып, түн ичинде жабырлануучуну издеп чыгышат».

Ал белгилегендей, кене 10-12 ай жашайт. Ошол эле учурда 6-7 айга созулган ачкачылыкка чыдай алат.

«Адам үчүн коркунучтуу курт-кумурска менен кантип күрөшүү керек? Турак жайларды дезинфекциялоо, чатырдагы көгүчкөндөрдүн уяларын жок кылуу, ал жерде дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү, андан кийин бул жайларга канаттууларды киргизбөө үчүн бардык мүмкүн болгон жолдорду жабуу зарыл. Батирлерде вентиляцияны толугу менен тазалоо зарыл. Жада калса төшөнчүлөрдү кайра жасап же жаңыртып чыгуу керек. Албетте, тургундардын кенелердин чабуулу менен жалгыз күрөшүүсү мүмкүн эмес. Буга тиешелүү мекемелер дагы чара көрүшү керек», — деди И.Стежко.

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ борборунун Жайыл району боюнча башкармалыгынын санитардык дарыгери Г.Акимкулованын айтымында, Кара-Балта шаарында көгүчкөн кенелери көп кездешет.

«Көгүчкөндөрдүн мите курттары көп болот. Алар көгүчкөндөрдө да, алардын уяларында да жашайт. Узакка созулган ачкачылыкка жана төмөн температурага сабырдуулук менен туруштук беришет. Башкача айтканда, коопсуз кышташат. Аба ырайы жылыганда, көгүчкөндөр уя сала баштаганда бул жандыктар активдешет. Жаздын келиши менен көп кабаттуу үйлөрдүн үстүңкү кабатындагы батирлерде кенелер пайда болот.

Көгүчкөндөр конгон балкондордо же чатырларда интенсивдүү көбөйүп, алар турак жайларга жаракалар, желдетүү системалары же жөн эле ачык терезелер аркылуу кире алышат. Ал эми көгүчкөндөрдүн кенеси кычышууну жана ыңгайсыздыкты гана жаратпастан, мите курттар алып жүрүүчү көптөгөн оорулардын булагы болуп калышы мүмкүн», — деп түшүндүрдү ал.

Анын айтымында, көгүчкөндөрдүн таштандысында бүргөлөрдүн, чымындардын, курттардын жана башкалардын көп сандагы личинкалары бар.

«2022-жылы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Жайыл райондук башкармалыгынын санитардык дарыгерлери тарабынан коммуналдык кызматтардын жана тургундардын кайрылуусу боюнча 33 көп кабаттуу үйдө, анын ичинен 11 үйдүн жер төлөсүндө зыянкечтерге каршы иш-чаралар жүргүзүлдү. Ал эми 22 үйдүн чатырларында көгүчкөн кенелерине каршы иш-чара жүрдү. 2023-жылы чатырларды тазалоо боюнча арыздарды кабыл алуу улантылууда. Жакында 4 көп кабаттуу үйдө зыянкечтерге каршы иш-чаралар жүргүзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE