Туюк суйуу. 7-бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=102674&preview=true Кызыктуу окуялар.

Туюк суйуу.

 

7-бөлүм

Калганын өзү билсин!” – деп ойлоду жигит кайратына келип. Кана анда,

мунун кандай айласы бар?

Жигиттин оюна бир амал келе калды. Азыр эле кат жазып, алдагы

китепке салып койсочу? Аны Сарпбек сөзсүз кызга тапшырып кетет, кыз

китепти ачат, окуйт, билет анан ким жазганын.

Биздин жигит алдыда жаткан чакмак дептерди шарт алды да, ортосунан

бир баракты абайлап айрый салды. Уручкесин алып, бирдеме жазайын

деп барып, кайра айный түштү. Жакшысы ыр жазайын деп ойлоду.

Көңүлүндө жүргөн, кызга арнап жазган ырларынан ылгап отуруп,

акыры бир төрт сапты купулуна толтурду.

Көздөрүмдөн агат сага жылуулук,

Көрүнбөгөн дүйнө менен байкалбай.

Өмүр бою өтөт окшойм ушинтип,

Сени жакшы көрөрүмдү айталбай.

Этегине атын жазгысы келип баратып токтоп калды. Биздин жигитке

ушу деле чоң бир эрдиктей көрүндү.

Баракты эки бүктөп, дептеринин алдына бастырып койду. Ортодон бир

сааттан ашуун убакыт өткөнсүдү. Бир оокумда Сарпбек:

– Мага болду, абышка. Бүгүнкүгө жетишет. Буйруса, эртең деле күн бар,

мен жөнөйүн, – деп үстөл үстүн жыйнаштырып кирди. Алган

китептерин көтөрүп, өткөргөнү кетти. Биздин жигит каткан барагын

бая Сарпбек кыздан ала келген китепке шарт сала койду. Колдору жеңил

калтырап, жүрөгү түрсүл кагып чыкты.

Сарпбек бат эле кайтып келди. Колбаштыгына дептер-уручкесин салып,

берки китепти алды да:

– Муну Даткага бере кетейин, жарым саатка сурап алдым эле, ага да

керек болуп жаткандыр, сен экөөбүз болсо үйдөн жолугабыз, адирейин,

– деп биздин жигитти ийнинен сылап койду.

Жигит андан аркы окуя кандай болор экен деп апкаарып, демин ичине алып, аңдып калды. Сарпбек кызга китебин тапшырып, аны дагы бир

жолу далысынан таптап, кол алып коштошуп, чыгып кетти. Кыз китепти

бир топко караган жок. Акыры колуна алды эле, эки бүктөм барак булак

дей түштү. Кыз аны ачып окуду да, бирөө байкап тургандай элтеңдеп

эки жагын каранып, жылан көргөндөн бетер китепти шарт жаба салды.

“Билбей калды, каран күн, билбей калды, – жигит ичинен онтоп

жиберди. – Билген жок ким жазганын, билген жок”. Ордунан ыргып

туруп, бүт залга угулгудай кылып, аны сага мен жаздым деп

кыйкыргысы келди. Жүрөгү күйүп турса да ага жетер батым биздин

жигитте жок эле.

Бир оокумда караса, кыз ордунда жок экен. Үстөл үстүндө сумкеси

турат, өзү жок. Көрсө, китептерин тапшырганы кеткен экен, кайра пайда

болду. Келди да сумкесин алып, бутунун учу менен жыла басып сыртка

жөнөдү. Каалгага жеткенде биздин жигит жакты жалт бир карап алып,

шып эте чыгып кетти.

Жигит шаабайы сууп, шылкыйып, каалга кайра ачылып, кыз кайтып

кирчүдөн бетер ошол жактан көзү өтүп көпкө отурду.

* * *

Китепканадан чыккан соң биздин кыз тар көчөгө салып, жатаканага

жөнөдү. Ээнирээк жерге келгенде чөнтөгүнө ката койгон жаңкы эки

бүктөм баракты акырын сууруп чыкты да, көңүл төшөп кайра окуду.

Төрт сап ыр кыздын жан дүйнөсүн кадимкидей алай-дүлөйгө салып,

сапырып жибергенге жарады.

“Кудай, а-ай, ушул ырды мага сен жазган болсоң кана, Чилистен, –

кыздын ичи күйүп, муңканып кетти.– Сен жазсаң кана, сага мен өзүм

барат элем анда, мойнуңа асылып, буркурап ыйлап, ичиме батпай

жүргөн бугумду бүт айтат элем, өлөйүн, ошентет элем. Бирок муну

жазган сен эмессиң, сен эмессиң, Чилистен. Эгер сен болсоң эмнеге

атыңды жазбадың? Кимден билем муну эми? Сарпбектен сураймбы

ушуну мага сен жаздыңбы деп?

Адам эмес экенсиң сен Чилистен. Мерез экенсиң, сезим деген сенде

жок экен. Мойнум үзүлгүдөй болуп, карегим агып кеткидей болуп сен

жакты жалдырап карай бергеними кантип байкабайсың, макоо?

Жигитим бар деп коем дагы, кайдан мага жигитсиң сен. Сен жинсиң

мага келген. Жек көрөм сени, акмак!”.

Кыз не туталанганын, не ичи күйгөнүн билбей, көкүрөгүн бир ачуу

сезим аймап, каканактап көзүнө жаш толуп, ичи бышып, айласы

түгөнгөндөй түнөрүп, жолду ката буулукканы тарабай койду.

Кантесиң эми, бечара кыз, ай! Сүйүү деген балакет ушу болот,

кубаласаң кетпейт, көлөкөңдөй артыңдан ээрчип алат, ичке түшкөн

куртка окшоп жаныңды кажып, тымызын жей берет. Өзүң окуган Руссо

айтып атпайбы: Баланча эгер Бастанчаны сүйсө, Бастанча адатта

башканы сүйөт, баары ушул айлампада иримдеп, ириңдей берет деп. Сен

да эми ушинтесиң, унутам деп унута албайсың, өзүң барып дартыңды

айта албайсың. Же мунуңдү сезе турган неме болсочу тигиниң! Өткөнкү

окуя баарына жеткен окшойт, бая китепканада Сарпбек дароо эле

сурабадыбы “эмне, бизди таштап кеттиңби” деп. Демек, тиги да уккан.

Болгону ага ысык-суугу жок мунун, сенин бар-жогуң деле баары бир

болсо керек ага.

Андай экен, сүйбөгөнгө сүйкөнгүң келип не кыласың, катыгүн!

Жаныңды мынча азапка салгыдай ал, эмне, бу дүйнөгө жападан жалгыз

жаралып калган неме беле? Тегеректе канчасы жүрөт андайлардын,

кашыңды серпип эле койчу, карегиң менен тең айланып, алаканына

салып алганга даяр турушпайбы. Өң десең өң, бой десең бой бар аларда.

Эмнеси артык тигинин ошолордон? Же эмне, арманым ичте калат деп

ибеп жеп атасыңбы? Анда айт жаңкы кыздарыңа, алеки саатта

жатаканага жайып чыгышсын.

Антпе, чунак кыз! Сүйүү сүмүрөн калсын, илимдин артынан түш,

эртелеп эрге эле тийип кетпесең сенден чоң окумуштуу чыгат,

өтүлдүгүн өзүм алам, Москвага аспирантурага жиберем, сенин бактың

ошо жактан ачылат деп какшап жүрбөйбү жаңкы атактуу философ эжей.

Бакыйган доктор болуп келсең, атың элдин оозунан түшпөй, гезит-

журналдын баары жалаң сени жазып жатып калсын. Ошондо бармагын

барча тиштеп, ичин ит тырмап жүрсүн тиги чилистенден бетер чиренген немең!

Бул ойлор биздин кыздын бугун басып, буулукканын жазмак тургай

күчаладай кайра баарын күчөтүп жиберди. Бөлмөгө кирер менен курбу

кыздарын көрүп, жарылганы араң турган жаны ого бетер эреркеп кетти,

буркан-шаркан болуп, ичте кайнап аткан ызасы чымчый буулган буудай

каптын оозу чечилгендей шар этип сыртка төгүлүп кеткенсиди. Өзүн-

өзү кармана албай, бетин басып буркурап ыйлап жиберди.

– Кудай, а-ай, эми эмне кылам, эми кантем!

Ээн-жайкын, көңүлү чак отурган эки кыз элейе түшүп, анан эсине

келгендей чыйпылыктап калышты.

– Датушка, – кыздар да элди туурап, аны эркелетип ушинтип айтыша

турган, – эмне болду сага? Деги тынччылыкпы?

Биздин кыз алардын сөзүн уккан жок, керебетке барып күп эте

көмкөрөсүнөн түшүп, жаздыкка бетин басып, өксөп-өксөп алды. Анан

бир оокумда эмне кыларын билбей элейип турган беркилерге:

– Кыздар, мени биртке жайыма койгулачы, көкшүнүмдү суутуп алайын,

-деди өпкөсүн кага. Эки кыз муну эп көрдү. Мейли, ыйлап алсын,

ичтегиси чыгып, жеңилдене түшөт дешти.

Экөө жыла басып, ээн каридорго чыгышты.

– Мунуң соо эмес, -деди биринчи кыз. – Өткөнкү иштен бери чүнчүп,

жүдөп кетти.

– Ошо шүмшүктөр бир балээ кылган жокпу, ыя? – Экинчи кыз ушинтип

айтып алып, кайра өзү чок баскандай чочуп кетти бул оюнан.

– Жаман апазыңды койчу, – деди беркиси. – Андай деле зөөкүр немелер

эмес экен го. Кайра жигити бар экен, бактылуу болушсун деп, дембе-

дем кечирим сурап атып кетишпедиби.

– Мында кайдагы жигит дейсиң, – деди экинчиси биртке тырчыгансып.

– Болсо билет элек да. Далайын жолго салбадыбы. Анда буга жин тийген, – деди биринчи кыз тапкырлана. – Сүйүү деген

жин тийген. Бирөөнү өлгүдөй жакшы көрүп калган окшойт, анысы

билбесе керек, ошого бугу толуп, айласы куруп жүрөт мунуңдун.

– Ким ошол жин, айтчы, жылбас кылып биротоло байлап салалы жылас

алгырды?

– Ким экенин кайдан билем. Бу көкбетиң мелтейип эчтеме айтпайт.

Ичин жарсаң да таппайсың анын ким экенин.

Эки кыз эбиреп-жебиреп, жатаканада, жалпы эле факультетте бычакка

сап болчулардын баарын санап чыккандай болушту.

– Биздин Датушканын бир тамчы жашына татыгыдай бирөө жок бу

чөлкөмдө. – Экинчи кыз ушинтип тыянак чыгарды.

– Тапсам барбы, көзүң кашайгырдын эки карегин чукуп, колуна салып

берет элем, – деди беркиси.

* * *

Ишемби күн эле. Түштөн кийин бөлмөдө биздин жигит менен Сарпбек

калды. Экөө эки жерде көпкө чейин китеп окуп, ара чолодо куш уйку

сала койгонго да жетишти. Бешим ченде Сарпбек керебеттен тура

берип:

– Ээ, адирейин, үңкүйүп отура беребизби экөөбүз? – деп калды.

– Эмне кылабыз? Же бир ойлогонуң барбы?

– Жүрү, тиги Даткайымды ирестаранга чакырабыз. Биресе кыздын

көңүлүн көтөрөбүз, ага шылтоолопөзүбүз да тарса-турса бийлеп, бир

чер жазып алабыз.

– Барабы..? – биздин жигит саал ыргылжың боло калды.

Ал жагын мага кой.

Сарпбек чыгып кетип, чай кайнам убактан кийин келди.

– Кеттик, – деди ал биздин жигитти шаштыра. – Үч кыз бармай болду,

экөөбүз жетишебиз аларга.

Кечинде бешөө ирестаранда отурушту. Сарпбек адегенде көбүртүп-

жабыртып шампан ачты. Музыка жаңырып, бий башталды, биздин

балдар-кыздар бош келбеди, эркин бийлердин түзүк эле сазайын колуна

бергендей болушту. Твистти да катырышты. Бир топтон кийин валс

башталды. Биздин жигит эки кызды ортого жетелеп чыкты.

– Үчөөбүз кантип бийлейбиз, байке? – деп калды сары кыз

кыткылыктап.

– Бийлейбиз, кантүү керектигин үйрөтөм азыр, – деди да биздин жигит

эки колу менен эки кызды белинен алып, музыканын ыргагына карай

жеңил айлантып кирди. Кыздар да тигинин ыкмасын түшүнүп, ыгына

бат эле көнө түшүштү. Улам бири жигиттин колунан суурулуп чыгып,

каалгып тегеренип келет да, экинчисине кезек берет. Анысы да ушуну

кайталайт. Жаштарга айла жок дешкениби, бийлеп жүргөндөр

жарайсыңар дегенсип баш ийкеп, жылмайып коюп жатышты. Жаңы валс

эки кызга жага түштү. Кийинки жолкусунда өздөрү эле анын көркүн

чыгара, моокуму кана бийлешти.

– Эми алмашып бийлейбиз, -деди кезектеги тыныгуу маалында Сарпбек.

– Эки кыз менен мен чыгам. Силер экөөңөр бийлейсиңер. – Ал биздин

жигит менен кызга ээк кагып койду.

Аңгыча Хачатуряндын айтылуу сюитасы жаңырды. Биздин каармандар

ортого чыгышты. Жигит кыздын белинен аяр кучактап, кебездей

жумшак колун абайлап кармай калды эле ток ургандай өнө бою

дүрүлдөп кетти. Сол колун акырын жигиттин ийнине арта берип, кыз да

анардай болуп албырып чыкты. Экөө тең денелерин жеңил калтырак

басып турганын сезишти. Кабынан чыгып кетердей дүкүлдөгөн

жүрөктөрдүн добушу да бир бирине таасын угулуп тургансыды. Кыздын

наристе баланын деминдей аруу илеби, аңкыган керемет жыты жигитти.

эңги-деңги кылып ийди. Экөө тең бир бирин тике карай албай, жай гана

термеле беришти.

Бир топтон кийин биртке эсин жыйгандай болдубу, кантсе да биздин

кыз чыйрактык кылды:

– Жакшы бийлейт турбайсызбы, байке, – деди акырын үнү дирилдеп.

Жигит ошондо кыздын абазын абдан сагынып калганын сезди. Дагы

сүйлөсө экен деди. Бирок жооп кайтарып, бирдеме деш керек эле.

– Кайда-ан, -деди жигит тамагына бирдеме туруп калгандай үнү

кардыгып. – Бутуңду басып албайын деп коркуп атпаймбы…

Чын элеби дегенсип кыз албырган жүзүн буруп, башкача бир жароокер

медилин сала жылмайып койду. Жигиттин жүрөгү бир укмуштай

элжиреп кетти, кызды шап мойнунан кучактап, буулугуп, оозун ачса эле

бурк этип сыртка атылып кетчүдөй болуп көкүрөгүнө мелт-калт толуп

турган ичтеги бугун өрөпкүп, өзөлөнө айтып жибергиси келип, аз

жерден калды.

Андан кийин ооз ачып, эчтеме сүйлөшкөн жок. Ар бири өз кыялы менен

алаксып, кайдадыр каалгып учуп бараткансып, башка бир дүйнөдө

жүрүштү…

* * *

Жатаканага бешөө түн ортосунан ооп калганда келишти.

– Сарпбек байке шумдук ко, – деди бөлмөгө кирип кире электе эле

албырып, көңүлү көтөрүлүп турган сары кыз.

– Классный байке, – деп койду биздин кыз баш бармагын өйдө көтөрүп.

– Мага ушундай жигит сөз айтса, ойлонбой туруп макул болот элем, –

деди берки орус филологиясында окуган кыз ичинде арманы жаткандай.

Жарыкты өчүрүп, жаздыкка жаңы эле баш коюшканда маанилүү бирдемени унутуп калгандан бетер сары кыз:

– Ай, Датушка, – деп калды, – тиги Чилистен менен бийге түшкөндө

кызарып-татарып эле кызыктай болуп жаттың да, ыя?

– Шампандан болсо керек, – деп койду биздин кыз кайдыгерсине.

– Кызарсак биз кызарат элек ко, Сарпбек арбап атып бизге вино ичирип

салбадыбы!

– Чын эле, – берки кыз да сөзгө кошулду. – Жаның чыгып кетсе да бир

чыныңды айтчы, кудай аткыр! Ушу Чилистен менен бир балээң жокпу

сенин?

Биздин кыз укмаксанга салып, үн катпады. “Байкап коюшкан экен,

балекеттер! – деп ойлоду ичинен. – Булардан бирдеме жашыра

албайсың”. Анан дуулдап чыккан бетин караңгыда беркилер көрүп койо

тургансып, жуурканга башын катып, ары оодарылып кетти.

Биздин кызга бу күн чынында эле башкача күн болду. Мынчалык жаны

куунап, айтып болгус ажайып бир сезимге бөлөнүп көрө элек эле

өмүрүндө. Уйкусу келбей, көңүлү көшүлүп, бир шумдуктай көөлбүп

турду. Кыялында дале Чилистен менен бийлеп жүргөнсүдү. “Жүрөгүм

дүкүлдөп, муундарым калтырап кеткенин билип койду окшойт”, – деп

ойлоду. Биртке бети ачыла түшкөнгөбү, кызга кайдан-жайдан кайрат

келе калды. “Билсе билсин, же аны жакшы көрүп калганым жалганбы.

Эми аңдып туруп, бөлмөсүндө жалгыз калганда китеп сурап барам, жок,

жакшысы конспектисин сурап барайын. Эгер баягы ырды Чилистен

жазган болсо, анысын билип алам”. – Тапкан амалына өзү да ыраазы

болгондой, ичинен жыргай түштү.

Анан Чилистен биринчи түшүнө киргенин эстеди. Ошо түш бүгүн да

кайталанса экен деп тиледи. Мойнунан жумшак кучактап: “Сени

сагындым, мага Даткайым болчу!” – деп айтса экен деп тиледи.

Жигит чын эле кыздын түшүнө кирди. Ал каердедир бир кыз менен

бийлеп жаткан экен. Анысы мойнуна асылып, бекем кучактап алыптыр.

Биздин кыз бүшүркөп тааный албай жатты. Бир оокумда тиги бурула берди эле, караса жанагы сары кыз! “Мага сөз айтты эле, макул

болдум”, – дейт ал жүзү жайнап.

Кыз ойгонуп кетип, бир топко уктай албай, терезе тарап апак-шапак

тарта баштаганда гана көзү илинип кетти.

* * *

Биздин жигит да түйшөлүп, көпкө чейин кирпик кага албай койду.

“Айтарымды айтып алсам болмок, – деди ал апытта калганын моюнга

алып. – Мококтук кылдым”.

Ойлоп көрсө, биздин жигит орто мектепти бүткөндө бу кыз үчүнчү же

төртүнчү класста окуган экен. Ошондо ким бирөө дагы он жылдай

убакыттан кийин анын алдында апкаарып, сүрдөп турасың десе күлкүсү

келмек. Эми карабайсыңбы, көзүнө тике карай албай, жаш баладай

жалтайлап отурду.

Кыз чын эле баягы кыз эмес эле. Үч жыл мурда “сетер” деп теңсинбей

койгон кыз азыр секелек кыялдардан арылып, апкөй тилге оңойлук

менен алдыра бербеген, кимдин эмне айтарын, эмне дээрин каш-

кабагынан эле билип калган, бааки жокту зирек акылга салып калчап,

турмушка кадимкидей тиш кагып, бардык жактан баралына келип,

кемелине толуп келаткан маалы эле. Анан калса жанда жок жароокер

бир назын салып, жарк этип карай калса барбы, менменсинген кандай

жигит болсо да дабдаарытып койгудай болуп, жанары жайнап,

сурайылдай суйкайып турган кези эле.

“Эмне эле мынча жүрөксүнөм, – деп ойлоду жигит. – Асманын таштап

иймек беле?! Эми өзүн киного чакырам, барбайм десе, жок дегени ошо

болот. Биротоло үмүттү үзүп, өз бөгүмдү бөктөп, тынч оокатымды

кылам. Болбосо бу кызды ойлой берип, бир күнү мээме кан куйулуп

кетпесин”.

 

Уландысы бар

5/5 - ( 3- Баа берилди )

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️