Туюк суйуу. 6-бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=102674&preview=true Кызыктуу окуялар.

Туюк суйуу.

 

6-бөлүм

Түйшөлүп жатып уктап кетти эле, түшүнө кайра Чилистен кирди.

Ошо жылдын кеч күз эле. Кышкы кыска каникулга бир айдан ашык

убакыт калган. Адатынча Алтыбай кечинде дагы бир суук кабар айтып

келди.

– Уктуңарбы, Даткайымды ала качып кетишиптир…

Керебетте китеп окуп жаткан жеринен биздин жигит ок жыландай

атылып кетти.

– Койсоңчу?!

– Койбой-этпей эле, баатыр. Ала качып кетишиптир. Политехтен окуган

бала экен, кийинки күндөрү ат тезегин кургатпай каттап калган эле

дешет.

– Көздүү мончок жерде калба-айт, балдар, – китебин бетине кармап,

үргүлөп бараткан Абдылда аксакал адатынча философтонуп койду

керебетинде ары оодарыла берип. – Озунган ушинтип шарт илип кетет.

Биздин жигитке жер айлангөчөк атып кеткендей болду. Керебеттин

четинде шалдайып отуруп калды.

– Менин да ичим ачышып калды, – деди Алтыбай. – Жакшы кыз эле,

бечара, мына эми, жат бирөөгө бүлө болуп кетти.

Биздин жигит кайсалап эмне кыларын билбей жатты. Ичи туз куйгандай

ачышып, өзөгү өрттөнүп баратты. Алаксыйын деп жатакананын узун

каридоруна чыкты. Кыздын бөлмөсү тарапты кайра кайра карай берди.

Чайнегин алып чыга калса экен, мени көрүп баягыдай кайра кире качса

экен деп тиледи. Демейде тапырап жатчу каридор бозоргон талаадай

бопбош болуп, кунарсыз тунжурап турду. Жылан сыйпап кеткенсип жан

адам жок. Жигиттин ичи сызылып, жүрөгү сыздап чыкты.

Бөлмөгө кирип, керебетине үстөмөнүнөн түшүп жата кетти. “Муңдуу

тарых” оюна келди. Анда да ушинтип кызды капыстан бирөө ала качып

кетет эмеспи.

“Кур үмүткө алданып улам-улам,

бакыт жолун басканбы кыйшыгыраак,

биздин жигит сүйүүнүн мунарынан,

кара жерге күп этип түштү кулап”.

Биздин жигит да тээ бала кезде айылда бир бассаң борп этип балтырга

чейин бутуң бата түшкөн жолдун боз топурагына көмкөрөсүнөн

көмүлүп, чаң жутуп, жер кучактап жаткандай сезди өзүн.

Мунун баары биздин жигиттин жан дүйнөсүн козгоп, көңүлүнүн

түпкүрүндө элдир-селдир гана туюлуп, эмне экенин өзү так ажырата

албай жүргөн сезимдерин ойготуп салган поэманын таасири сыяктанды.

Болбосо мынчалык күйгүлтүккө түшкүдөй Руссону окуган кыз ким эле

ага? Эки ирет жолунан жолукту, болгону ошо. Башкалардай аны киного

чакырбады, театрга жүр дебеди, эртели-кеч жандай басып, сырдашпады.

Анткендин ордуна кайра байкуш кыздын шагын сындырды.

Ошондон кийин кызды жигит көбүнчө китепканадан көрүп жүрдү. Чоң

залдын күн батыш ыптасында терезени каратып коюлганүч-төрт үстөл

бар. Биринчи үстөл биздин жигит “энчилеп” алган чоң залдагы

бешинчи катардан көрүнүп турат. Кыз такай ошол үстөлгө келип отурат.

Анын бир адаты бар эле: биздин жигит тарапты жалт-жалт карай берчү.

Эмнеге антти экен? Эми мунун мааниси жок эле.

Жигит өзүн акынга салыштырды. Ал кыйналып, көңүлдө кайнап,

чычаладай кызарып чыккан ырларды жазып, акыры аларын бир

дептерге көчүрүп, кыздын курбусунан берип жибергенге жараган экен.

Биздин жигит анте да албады. Жадесе ушу Руссону окуган кызга ышкым

жанып калды окшойт деп жан адамга, атүгүл жакын досу Сарпбекке

деле айткан жок. Тек гана кыздын караанын көрсө, ошого ичинен

көңүлү тоюп, акынды туурап, кызга арнап ыр жаза коюп жүрдү.

Биздин жигит менен Руссону окуган кыздын бар болгон тарыхы ушул

эле. Болгону жигит кызды кыялында өзү кыйкымсыз кылып жасап алган баягы кыялый кызга окшотуп, ошого алмаштырып алып, буга абдан

көнүп калган шекилденет, эми аны ала качып кетти деп укканда

кыялында куруп алган ошол отон дүйнөсү кыйрап кеткендей көрүнүп,

ушуга ичи күйүп жатат окшойт. Мунун баары эртең эле бир көргөн

түштөй унутулуп, таңдагы буурул мунарыктай тарап кетет болуу керек.

* * *

Бирок эмнегедир андай болбоду.Өтө бир кымбат, аялуу нерсесин

жоготкондой, эгизинен ажырап, элең-элең этип улам мекирене берген

улактан бетер биздин жигит кызды басса-турса эстей берди. Эч кимге

билгизбей, анын караанын бардык жерден издей берди. Китепканадан

көрөмбү деди, дарсканалардан жолугуп каламбы деди. Жок, эч жерден

көзүнө илинбеди. Анткен сайын жигит бир капталы эңшерилип

калгандай коңултуктап, ичи эзиле берди.

Байкуш жигит, ай, жалаң китептегилерге гана ишенип, издегенин,

идеалдарын ошолордон гана таап, кыялында жалаң ошол дүйнөдө гана

жашап жүрүп жаңкы Руссону окуган кызды чындап жакшы көрүп

калганын өзү билбей, өзү аңдабай калган тура. Туюк сүйүү жаман болот,

сыртка чыкпай ичте өлөт деп билимдүүсүнүп, акылдуусунуп атып аны

өз башына өзү тилеп алганын карабайсыңбы, каран күн!

Кыз чынында эле кыялдагы периште эмес, реалдуу кыз эле да.

Кыйкууласа колуна конгудай куш эле да, алыста эмес, кол сунса

жеткидей эле жерде жүрбөдү беле, арман күн, ай! Качан гана минтип

кайрылгыс болуп колдон чыгып кеткенде кыялында өзү самап, өзү

күтүп жүргөн, көрөр замат баш-оту менен берилип, акылынан таңгыдай

болуп жакшы көрүп кала турган кыздын өзү дал ушу Руссону окуган кыз

экенин эми билип, эми сезип отурганын карабайсыңбы, каран

калгырдыкы!

Биздин жигит үчүн тагдырдын анык тамашасы ушунда эле!

Мунун баарын акылында аңдап түшүнүп, көзү жетип ишенген сайын

биздин жигит дүйнөгө каран түн түшүп калгансып түнөрүп, айласы куруп, жаман болот. Китеп окуйт, башына эчтеме кирбейт, бөлмөдөгү

достору менен сөзү бүтпөй, болбогон эле бирдемелерди бажаңдашып-

кажаңдашып жатышчу эле, ага да баштагыдай көңүлү чаппайт. Эки-үч

күн сабакка да барган жок, үйдө отура албай, шаар аралап кетип, баягы

кыздын караанын көрүп жүрчү көчөлөрдү акмалап, каңгып жүрүп,

кайра келет.

“Каапыр кыз, ай, каапыр кыз! – деп үшкүрөт. – Жолуман эки ирет гана

жолугуп, өзөгүмө ушинтип өмүр бою айыккыс дарт таштап кетериңди

кайдан билдим, каапыр кыз!” – Келмеден бетер ичинен күңгүрөнүп

ушуну көп айтып, айткан сайын жигиттин заманасы куурулуп, жанын

койор жер таппай калат.

Акындар даңазалап, мактап ырдаган махаббат мажнундары да сенчелик

ушинтип өзөгү өрттөнүп, сенчелик ушинтип жүрөгү күйүп, күйүт

тартты бекен, бечера жигит, ай!

* * *

Арадан бир жарым жумадай убакыт өтүп кетти. Биздин жигит

жекшемби күнү эртелеп туруп, уктап жаткан балдарга шырп алдырбай,

бөлмөдөн чыгып, китепканага жөнөдү. Жолду ката кыялында акын

менен сүйлөшүп келди.

“Муңдуу тарых кетти өтүп күн астында.

Муңдуу баян. Мен айттым болгон чынын.

Баарынан да муңдуусу турат мында:

багы тайкы а жигит мен болчумун…”

“Жо-ок, акыным, ошо жигит мен болом, – деди ичинен жүрөгү

өрттөнгөн жигит оор күрсүнө. – Сен так мени жазыптырсың, олуям!

Мен сага тен бердим. Өзүң айткандай, баары бүттү. Эми эмне кылам,

күйүтүмдү кантип басам, акыным? Кеңеш бер эми мага!” – Ушуну

ойлоп жигиттин ичи эңшерилип, ичегеси куйкаланып кетти.

Кулагына акындын саптары жаңырыктады:

“Бейгам адам аны да, муну сүйүп,

көп нерсени кур бекер ыйык кылат.

Башка түшсө түйшүктүү тиричилик,

сүйүү эмес, үмүттү унуттурат!”

“Туура, акыным, – жигит кайра күңгүрөндү. – Мен деле эптеп күн

көрөм дечи. Бактыма бирөө тургандыр, бу күндөр да унутулар. Бирок

ошого чейин кайгымды кантип басам, кимге барып зарымды айтып,

бугумду жазам, акыным! Ушуну айтчы!” –Жигиттин ичинен кан өтүп

кеткенсиди.

Поэмада махаббат мунарынан кара жерге күп этип кулап түшкөн

жигиттин абалы көз алдына келе калды:

“Жерде жатып караса айланасын,

калган экен дүйнөнүн көркү качып…

Турду дагы…

көтөрдү өйдө башын…

ыйлаган жок… өлгөн жок… кетти басып!”

Биздин жигит чыйрала түштү. “Мен да ошентем, акыным, – деди ал

ичинен. – Унутам баарын. Башымды көтөрүп басам”.

Өзүн өзү ушинтип жубатып, китепканага кирди да көндүм болуп калган

үстөлгө келип отурду. Китеп-дептерин алдына жайып, баарын белендеп

алган соң эки жаагын таянып, көзүн жумуп, бир саамга тунжурап

калды. Бир оокумда жигиттин мойну өзүнөн өзү эле баягы кыз отурчу

тарапка бурулуп кетти. Көзү кантип ачылып кеткенин да байкабай

калды, караса баягы ордунда… Руссону окуган кыз отурат! Жаңылып

жатамбы деп көзүн бардап-бардап алды. Жок, дал өзү! Руссону окуган

кыз өзү! Ак жибек көйнөгү гүлкайырдай кулпуруп, маралдай аппак

мойну койкойуп, баягыдай эле Үр кызындай үлбүрөп отурат.

Жигиттин жүрөгү болк эте түштү. Аңгыча кыз да адатынча жигит

тарапка жалт бурула бир карап алды.

Жигиттин жүрөгү эми жарылып кетчүдөн бетер түрсүлдөп чыкты.

Көңүлү алеп-желеп болуп, ордунан тура калып, кайра отурду. Ою бир жерге токтобой, чабалактай баштады.

“Алактабай койо тур, байкуш жүрөк, – жигит ичинен кыңкыстап

жиберди, – бир аз эсти жыйнап, аңгарып алалычы, койо турчу. Ошондо

бу эмне болуп кеткени? Күйөөгө тийди дегени жөн эле кайбат кеппи?

Ушак болсо эмнеге жатаканадан көрүнбөй калды? Караанын издей

берип, көзүм тешилбедиби? Же мени ойнотуп жатканыбы? А бирок бу

каапыр кыз минтип кыйналып жүргөнүмү кайдан билет? “

Капыстан бир ой мээсине октой кадала түштү. Барган жери жакшы

кишилер болсо керек, окуусу өксүбөсүн деп шаарга алып келишти да.

“Туура, – деди ичтен бир үн күңгүрөнүп, – эрге тийсе эле окуусу бүтүп

калмак беле?”

Эми эле дүйнөсү түгөл тартып келаткан жигиттин көңүлү суу сепкендей

муздай түштү. “Болуптур, – деди ичинен ал акыры,- кандай болсо андай

болсун. Жок дегенде эми караанын көрүп жүрөт экем. Мага ушу да

каниет”.

Ушу маалда периштедей болуп Сарпбек келип калды. Аны көргөндө

биздин жигит жөлөк болор кишиси келгендей демдене түштү. Дептер-

септерин үстөлгө коюп жатып, Сарпбек эңиле берди да:

– Ии, адирейин, эртелеп келген экенсиң, – деди акырын шыбырап.

– Антпесем сага орун тийбей калмак! – Биздин жигит кара күчкө

тамашаламыш болду. Аңгыча Сарпбек бет алды жагын карап алып,

делдее түштү.

– Ай, тетиги Даткабы, ыя? – Кыз тараптан көзүн албай, эңиле берип

сурады. Биздин жигит билбейм дегендей ийнин кысып койду.

– Ван мамент, адирейин. Азыр билебиз.

Сарпбек түз эле кыз отурган үстөлдү көздөй жөнөдү. Тиги да аны

жакынын көргөндөй кабагы жаркылдап, ордунан тура калып, кол сунуп

учурашты. Анан экөө жанаша олтура калып, күбүрөп-шыбырашып

калышты. Кыз улам чачын артка серпип, колу менен саамайын түздөй калып, биздин жигит тарапты карап коюп жатты. Он мүнөттөй

болгондо сөздөрү бүттү окшойт, Сарпбек ордунан туруп, кыздын

далысынан таптап, чачынан сылап койду да, алдыда жаткан бир китебин

алып, кайра тартты. Келип отурар замат биздин жигитке эңиле берип,

билип келгенин шыбырады.

– Кыскасы мындай,адирейин, ала качкан балдар түшүнүктүү немелер

көрүнөт, Даткажигитим бар деген экен, убалыңарга калбайлы анда деп,

кечирим сурап, ошол эле күнү түн бир оокумда кайра жатаканага

жеткирип коюшуптур. Коркуп калган байкуш кыз эртеси ата-энесине чү

коюптур. Кечээ келдим дейт. Калган-катканын анан билебиз, мага бүгүн

эртерээк кетиш керек болуп турат, байкеси. Жумушумду жасай салайын

да, жөнөй берейин. Сен өзүң бил, болгону мени алагды кылбай бир

саатча шүк отуруп бер. – Сарпбек адатынча кашка тишин көрсөтүп

күлүп койду.

Биздин жигитке бул жакшы кабар эле. Ошол эле учурда бул тагдырдын

дагы бир тамашасы да эле. “Дүйнөнүн түркүгү кулап кеткендей болдуң

эле, мына, баарын өз ордуна кайра койдум, кана, эми кантет экенсиң,

көрөйүн” дегендей такмазасы эле.

Жигиттин акырындап көңүлү жайланып, анан көктөмдөгү көк жайыкта

туйлаган кулун болуп кетти. Кыялы дүйнөнү кыдырып, кайкып учуп

жүрдү. Үстүлгө чалкалай берип, эки колун башына кайчылаштырып,

залдын бийик шыбын тиктеп, көпкө ойлонуп калды.

“Жигитим бар дептир, анысы ким болду экен. Уйгактай жабышып

жүргөн бирөө-жарым деле көзгө чалдыккандай болгон жок эле. Балким,

тыштан келип жүргөн бирөөдүр”.

Капыстан баягы диспуттагы сөздөр эсине түштү. Ким айтты эле, бирөө

айткан сүйүү үчүн күрөшүү керек деп. Күрөшкөндө кантип күрөшөт?

Кыздын жигитин эрөөлгө чакырабы илгерки Пушкиндин

тушундагыдай? Же түз эле барып сүйөм деп айтсабы азыр? Сүйбөйм

деп койсочу тиги чунак кыз? Ошондо анык өлбөдүбү!

“Баары бир минтип эжигейдей ичтен эзилип жүргөнүм болбойт. Же

ары, же бери болуу керек. Эптеп бир шоорат-шобуртумду чыгарайын.

 

Уландысы бар

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️