Туюк суйуу 4-бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=102674&preview=true Кызыктуу окуялар.

Туюк суйуу

 

4-бөлүм

Октябрдын башында студенттер курулуш отряддарынан, айыл чарба жумуштарынан, эч кайда барбагандар үйлөрүнөн кайтып келе

башташты. Жатакана куштардын уясындай кайрадан чуру-чуу түшүп,

аудиторияларда сабактар жанданып, көп өтпөй окуу иши кадимкидей

нугуна кирди, студенттер турмушу кыйгас жүрүп калды. Быйыл

жатаканага муктаж болгондор көп окшойт, ар бир бөлмөгө бештен

керебет коюлду. Биздин жигит жашаган бөлмөгө да жаңы эки тууган

келип кошулду. Экөө тең бир курс жогору окугандар.

Бир күнү Алтыбай айтып калды:

– Битике, билесиңби, бу экөө, – ал бөлмөнүн сол ыптасындагы катарлаш

эки керебетке ээк кагып койду, – Даткайымды бөлүшө албай жүрүшөт.

Үчөө тең бир отрядда иштептир, кыз буларга ашпозчу болгон экен. Иши

кылып, бу эки эрен ошо жактан ооруп келди. Ошондон бери жомоктору

бүтө элек. Бир күнү жакалаша кетпесе көргө…

– Өздөрү билсин, – деп койду биздин жигит көңүл кош.

Арадан көп күн өтпөй биздин жигит сыртка шашып чыгып баратып,

биринчи кабаттагы кууш эшиктен Руссону окуган кыз менен карп-курп

сүзүшө кала жаздады. Кыз ого бетер чырайына чыгып, бир татына болуп

кетиптир. Жигит оозунан келмесин алдыргандай эмнегедир

саламдашканга да үлгүрбөй калды. Тек гана кетенчиктеп,тигиге жол

бошото берди. Кыз да кирпигин өйдө көтөрүп, алдында турган немени

бир карап алып, бети биртке албыра түшкөндөй болуп унчукпастан жер

караган бойдон тыпылдап жогору чыгып кетти.

“Таза таарынган экен, бечара кыз”, – деди жигит ичинен жай

башындагы баягы чекилик кылганын капыстан эстей калып. Барып

кечирим сурап койсомбу деп да ойлоп кетти. Алты айдан кийин

акылына келген экен дейт ко анда. Мейли эми, болору болду.

“Баш ийкеп койгонго да жарабады”, – деп ойлоду кыз өйдө көтөрүлүп

баратып. Эмнегедир ичи ачышып, ызалана түшкөндөй болду. Анан өзүн

жоошутмакка: “Саламдашпаса саткай сарым, ким эле ал мага, ушуга да

баш оорутуп жүрөмбү”, – деп койду.

 

Кайсы бир ишембиде бөлмөдө биздин жигит жалгыз калды. Жаңкы

жаңы эки тууган кечке кайдадыр жүрүп, эл жатарда келишти. Экөө эки

жактан жаалап, бир түнгө бизди бөлмөдө калтыра тур, байке, ортобузда

тыкыр маселебизбар эле, ошону ээн-эркин сүйлөшүп, чечип алалы деп

асылып калышты. Биздин жигит маңдайкы бөлмөдөгү курсташтарына

барып, ошо жерде түнөп калды. Ал билди тиги экөө чече албай жаткан

эмне маселе экенин.

Эки эрендин жомогу кандай бүткөнүн биздин жигит жаңы жылга чукул

кайра эле Алтыбайдан укту.

– Экөөнүн тең катыгын бериптир, – деди ал табасы кана маашырланып.

– Кызга барып, бирибизди тандап ал дешсе керек. Анткидей силер мага

бирдеме өткөрүп койдуңар беле, мени сыртыман тон бычып, бөлүшүп

алгыдай силерге аюунун талпагы же өтөгөндүн териси эмесмин дептир.

Эрге тийишти ойлонуу мага али эрте, болгону экинчи курска келдим.

Ошончо эле эр керек болуп калса, силерсиз эле таап алам деп

тигилердин талпагын ташка жайыптыр кайран Датка.

– Жаалы катуу неме го бу Даткаң, – деп койду биздин жигит.

– Андай эмес, абдан эстүү, сылык кыз, мен сага көркөмдөп айтып

айтпаймынбы.

– А бу экөө терезеден алыс кетебиз дешпептирби.

– Кайдан дейсиң, – Алтыбай карсылдап калды. – Бири дароо эле башка

кыз тааптыр, жазда үйлөнөт имиш. Экинчиси болсо акыры ушу кызга

жетем деп көгөрүп жүрөт дейт.

* * *

Март этектеп калса да күн табына келе албай, жаз кечеңдеп жатты.

Биздин жигит эмнегедир эле жүрөгү түпөйүл тартып, ичинде бир туюк сезим тышка чыга албай тумчугуп, туйлапжаткансып, бук боло берди.

Көңүлү кандайдыр бирдеме күсөп, ал эмне экенин өзү да түшүнө албай

жүрдү.

Кайсы бир күнү терезенин түбүндөгү керебетинежатып алып, көптөн

бери кармабай калган Салижан акындын китебин барактай баштады.

Ырларын бүтүп, акырында “Муңдуу баянга” жетти. Аны сыдыра окуп

баратып, капилеттен эле өзүнүн азыркы абалын түшүнгөндөй болуп

кетти. Кайталап дагы окуду эле, лупа менен карагандай мурдагыдан да

айкыныраак боло түшкөнсүдү көңүлүндө дүпүйгөн кусалыгы. “Капырай

де, тим эле ичиме кирип чыккандай айтып жатканын көр акындын!” –

Таң кала, тамшанып алды жигит.

“Кылаң эткен кайгы жок ой-эсинде,

келечекке жадырап күлүмсүрөп,

жашоо күчү чатырап денесинде,

туюк черге думукчу сүйүү тилеп.

Сүйүү тилеп, балам, ай, не кыласың,

кереги эмне жөтөлдүн көк жетимге?

Айла барбы, сүйүүгө кабыласың,

адам болуп жүргөн соң жер бетинде ”.

Эмне эле мынча ичим бышат, буулугам десе, көрсө, сүйүү күсөп калган

окшобойбузбу сен экөөбүз, байкуш жүрөк! – Жигит акыбалын

түшүнгөндөй жеңил улутунуп алды.

“Турмуш менен кыялда баккан ойлор

дал келсечи дайыма, атаганат!

Жакшы көргөн кыздарын жаш бозойлор

кыялынан жакшыртып жасап алат.

Азгырылып ышкыга улам-улам,

ашык жигит жалындап күйө берет,

реалдуу кызды эмес, кыялынан

жаратканын жалбарып сүйө берет”.

Акындын бу сөзү да чын эле. Биздин жигит кыялында кынтыксыз кылып жасап алган ошондой бир кыялый гөзөл бар болчу. Бирок ал

таасын сүрөткө айлана албай, такай бүлбүл тартып турар эле.

“Балким, биздин бозой да ашыглыктан

башы айланып, карайлап калган чыгар,

тейтейген бир чырайсыз бакыр кыздан

айдай пери жаратып алган чыгар?”

Сүйүүнүн көзү сокур деген ушу да, – деп койду жигит ичинен. – Кудай

ылайым ушундай ыкыбалдан сактасын.

Бу жагына калганда биздин жигиттин табити, дем-дымагы ырастан эле

башкача болчу. Кыялында үрүл-бүрүл элестеп жүргөн жаңкы кыялый

кызы анык периште экенине, ал бир күнү сөзсүз жолугарына, аны көрөр

замат айныбай тааный турганына бөркүндөй ишенет эле.

“Кыял менен күн көрүп жүрөр эле,

китептерден иликтеп эңсегенин.

Бою жапыс болсо да сүйөр эле

бу дүйнөнүн эң бийик нерселерин.

Ары жок бир шайтан го чиркин үмүт,

адам билбейт өлгөнчө осол жерин:

өзү жаман болсо да жаңкы жигит

жакшы көрчү кыздардын көзөлдөрүн”.

– Ту-уй, ата, так эле мени айтып салган го! – Жигит кадимкидей

кудуңдап кетти. – Жаман арыма карабай мен да ушундай эмесминби!

“Тамашасын тагдырдын карагыла:

бир селкинин апачык асман сындуу

айдың тунук кашкайган жамалына

ашык болуп алганын айтпайсыңбы!

Жүзүндөгү албырган кызылынан

нур таралып жарык күн шооласындай,

кийип чыкса көйнөгүн кызыл ыраң,

кылактаган кырдагы жоогазындай,

көздөрү бар күнөөсүз бакыракай,

кылыгы жок кыздардай миң амалдуу,

болсо дагы бойтойгон татынакай,

бир кыз эле жөнөкөй реалдуу”.

Ушу жерге келгенде жигит тык токтой калды. Акындын кызын ал өзү

көрүп, билип жүргөн кыздарга салыштырып, ошолордун арасынан издеп

көргөнү кыялдана кетти. “Ушуга окшош бирөө-жарым ким бар?” Шак

эле Руссону окуган кыз эсине келди эмнегедир. Анан барып кыялында

бүдөмүктөнүп жүргөн баягы сүрөт Руссону окуган реалдуу кызга

айланып чыга келди!

Жаткан жеринен шарт ыргып турду жигит. Эки колун артына алып,

жинди болгон немедей ээн бөлмөдө ары-бери баса баштады.

* * *

Сабактан келген соң беш кыз бөлмөдө чөжөлөрдөй чөбүрөшүп чай ичип

отурушту. Аңгыча сары чийкил кыз:

– Ай-ий, билесиңерби, – деп калды кызык бир жаңылык айтчудай

болуп. Баары анын оозун тиктеп калышты.

– Кечээ чай кайнасын деп күтүп, күхненин эшигинде турат элем. Бир

маалда төмөндөн Чилистен чыга келди. Аны көрө сала каридордун тиги

башында кожурашып турган үч-төрт кыздын бири: “Чилис-те-ен, мени

сени сүйө-өм!” – деп кыйкырып калса болобу.

– А тигичи, – деп сурап жиберди кыздардын бири чыдамы жетпей

бараткансып.

– Тиги байкең кылчайып да койгон жок, сүмбөдөй түптүз басып барып,

бөлмөсүнө кирип кетти.

“Көйнөк жууганга” шылтоо табылганына шыңкылдашып, кыздар муну

бир топко сөз кылып, эрмектешти. Биздин кыз болсо буга анын таптакыр кызыгы жоктой тымпыйып отурду.

Ошо күнү Чилистен кыздын түшүнө кирди.

… Ал тээ алыста баратат, кыз артынан кыйкырат: “Мен сени сүйө-өм,

Чилисте-ен!” Жигит кайрылып карайт да, кызды көздөй жөнөйт. Так

маңдайына келип, бир топко тигилип тиктеп турат. Бир кезде

калтыраган колдору менен кыздын саамайын акырын сылайт, анан

мойнунан жумшак кучактап: “Мага Даткайым болчу, сени сагындым!” –

деп кулагына назик шыбырайт. Кыздын денеси көлкүлдөп ээрип, көзү

сүзүлүп, магдырап баратат. Аңгыча ар жактан жер жарылгандай

бирдеме тарс дей түшөт…

Кыз чочуп ойгонуп кетти. Сырт алай-дүлөй түшүп, жамгыр терезенин

айнегин талкалап салчудай тарсылдап чаба жаап, күн күркүрөп,

чагылган чартылдап жаткан экен. Бу быйылкы жаздын биринчи нөшөрү

эле.

Кыздын жүрөгү дикилдеп согуп, өпкөсү капкасына батпай көөп, денеси

көл-шал тердеп, ич көйнөгү сыгып алма суу болуп кетиптир. Ошо

калыбында былк этпей жата берди биздин кыз. Түк көзү илинбей койду.

“Эстебейм дебедим беле, эмнеге түшүмө кирет? Кудайым, а-ай, жакшы

көрүп калбасам экен. Анда эле шорум катат. Ылайым ушу түш түлкүнүн

богу болсо экен…”

* * *

Биздин жигит филфактын төртүнчү кабатындагы дарсканада терезе

тушта, профессордун сөзүнө анда-санда кулак учун агыта коюп, алда

бирдемелерди ойлонуп отурган. Терезеден ар жакта жаз жадырап, май

толукшуп турган эле. Тээ жатаканадан убап-чубап, окуу корпусун

көздөй агылып студенттер келатышты. Бир аздан соң түштөн кийинки

сабактар башталмак. Бир оокумда биздин жигит кызгалдактай

кылакташкан топ кыздын ичинен Руссону окуган кызды даана тааныды.

Үр кызындай болуп бир укмуш көрүндү. Көңүлдөрү шай окшойт,

шатыра-шатман түшүп, баары шайдоот, каткырып күлгөндөй да болушту.

 

Уландысы бар

 

3/5 - ( 2- Баа берилди )

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️