Туюк суйуу. 3-бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=102674&preview=true Кызыктуу окуялар.

Туюк суйуу.

 

3-бөлүм

Мен сизди тааныйм, байке, – деди жымыйып.

– Аа, жакшы… – деди биздин жигит дале китеби менен булучкасына

алыксып.

– Сизди Чилистен дешет экен го…

Жигит таң кала түштү. Каапыр кыз какшыктап атат деп ойлоду.

– Кандайча Чилистен? Эмне үчүн Чилистен? – Жигит токтой калып,

кызга бурулду.

Эми кыз оңтойсуздана түштү.

– Мыкты окуйт экенсиз, эрудит экенсиз, Марксты жатка билет экенсиз.

Баары ушинтет экен го сизди…

– Баары деген кимдер?

– Кыздар…

– О-оо, оңбогурлар, – жигит иштин жөнүн эми түшүнгөндөй башын

чайкап койду. – Эмнени гана ойлоп табышпайт. Маркс жазгандарын өзү

жатка билбесе, мен кайдан жатка билет элем аларды.

Кыз анардай болуп кызарып чыкты.

– Мен сизди капа кылып койдум окшойт, кечирип коюңуз,байке. – Кыз

жорто чуркап, алдыга узап кетти.

“Сетер кыз, о-ой, сетер кыз, карасаң тим эле, шакаба кылгысы бар…” –

Биздин жигит аны узата карап калды.

Бөлмөгө жаңы эле баш бакканда артынан күйүгө Алтыбай кирип келди.

– Битике, ашыгып жатам, эки-үч күнгө жоголом, чолом тийбей калса,

эмдиги экзаменде конспектиңди пайдаланам, мен үчүн да даярданып

кой, – деди азил-чыны аралаш иштиктүү таризде китеп-дептерин

керебетинин башына иреттеп койуп жатып. Жолго алар көр-шөрүн арыдан-бери салыштырып бүтүп, коштошуп сыртка чыгып баратып,

бирдемесин унуткандай кайрылып басып келди.

– Даткайымды жандап калыпсың, абышка, эми колдон чыгарба,

Даткайым дегидей эле бар ал кыз, – деди биздин жигитти ийнинен

таптагылап.

– Кайсы Даткайым? – Биздин жигит түшүнгөн жок.

– Эмеле сүйлөшүп турбадыңбы жолдо?

– Атын деле айткандай болгон жок ал…

– Билем, – деди Алтыбай биздин жигиттин маңыроолугуна мыйыгынан

жылмайып. – Балдардын баары аны Даткайым дешет. Бүт факультет ак

эткенден так этип жүрбөйбү. Жолукканда жакшылап бир карап көрсөң,

байкеси, шумдук кыз.

Биздин жигиттин баамына ошондо бирдеме жеткенсиди: жатаканада

балдар жаткан бөлмөлөрдөн чын эле ыр түгөнүп калгансып

магнитофондон жалаң ушу “Даткайымды” созолонто беришет эле.

Жадаткыдай деле болду. “Аз эле ойноп, көп күлгөн, о-ой, а-ай, э-эй,

Даткайым сенден айрылдым…”

Биздин жигит ушул саптарды уккан сайын Даткайым дегени сулуу эмей

эле, шарактап күлө берген шайкелең кыз болсо керек деп ойлоп койчу.

* * *

Үч-төрт күндөн кийин биздин жигит менен Руссону окуган жаңкы

кыздын университеттен жатаканага чейинки жолу кайрадан бир болуп

калды. Өткөндөгү осолураактай көрүнгөнсүгөн иш дале эсинде жүргөн

экен, кыз айыптуудай башын жерге сала:

– Мага таарынып калган окшойсуз, байке, дагы бир жолу кечирип

коюңуз, – деди жароокер үн менен.

Эмнеге таарынат элем, – биздин жигит кайдыгер кишидей мыкыйды.

– Таарыныч жакын адамдар арасында болот.

Кыз ичинен өзүн зекип алды. “Дагы сөзүмөн чалындым. Эмнеге айта

койдум ушуну”.

Аңгыча биздин жигит Алтыбайдан укканын эстей калып:

– Ии, баса, мен сени мындан ары Даткайым дей турган болдум, – деди

чоң бир жаңылык угузгандай. Кыз көзүн бакырайтып, тигиле тиктеп

калды.

– Эмнеге?

– Сени баары Даткайым дешет турбайбы.

Кыз биртке күймөлө түшүп:

– Өчүңүздү алайын деген экенсиз да, – деди сустайыңкы. Анан алдыга

озуп баратып:

– Мейли, байке, кандай айтсаңыз ошондой айтыңыз, каршылыгым жок,

бирок мен сизге баары бир Даткайым боло албайм го, – деди үнү

чечкиндүүрөөк чыгып. Айтарын айтып алып, кыз дагы өкүнө түштү.

“Муну тиги башкача түшүндү. Эми дагы бирдеме дебесе экен”.

“Кара, кара, капыялаганга да кыйын экен бу каапыр кыз”, – деп ойлоду

биздин жигит. Өз кашыгын өзүнө салып койгусу келди.

– Мага Даткайым бол деген жерим жок, элдин баары сага ушинтип ат

коюп алыптыр, болгону ошону айттым, – деди жигит кыздын кыйтыйа

түшкөнүн сезип тамашалагандай.

Кыз тек сумсая карап коюп, жөнөй берди.Ошо маалда Алтыбайдын

шумдук кыз дегени биздин жигиттин эсине келе калды.

– Чоң кыз, биртке койо турчу.

Дагы эмне дейсиң дегенсип кыз кылчайып, токтоп калды. Биздин жигит жакын басып келди да, бирдеме айтчудай болуп, кызды бир саамга

тигиле тиктеп турду. Кыз кызара түштү.

– Эмне болду, байке?

Биздин жигит эсине келгендей көзүн ала качып:

– А-аа, жөн эле, бирдеме айтайын дедим эле, эсимен чыгып кетти, –

деди кайпалактап. Кыз шарт бурулуп, басып кетти.

“Кудай у-ур, – деди жигит ичинен, – анык периште турбайсыңбы,

каапыр кыз”. Белгисиз бир жылуулук ичегесин аралап өтүп, жүрөк

учуна барып уюп калгансыды.

“Менде мээ жок,-деди жигит анан өзүн жемелеп. – Көзөл экени сырткы

сымбатынан эле көрүнүп турбайбы, өңү-башын карап көр десе эле

сөзсүз маңдайына барып, нес болгонсуп тигилип, тирмийип калышым

керек беле. Куурчак эмес да ал минткидей. Өтө одонолук кылдым. Жаш

кыздын жаман шагын сындырдым. Анык келесоо экенмин”.

“Мыкыр неме турбайбы, – деп ойлоду кыз жолдо баратып. – Тилим

кычышып кайдан сурай койдум десең, таарынмактан тарс жарылып

кетпейби. Сөзүңө жабышып эле сөдөрлүк издеп турат экен. Булар

биздин курстагы сары түгү түшө элек балапандар эмес. Көрбөгөнү

калбай, алчы-таасын жеп бүтүп, анан окууга өткөн немелер да. Мага

Даткайым бол деген жерим жок деп койот дагы, тим эле менин көзүм

катып өлөйүн деп тургансып. Чилистен болмоктон пайгамбардын

баласы бол, сага Даткайым болчу мен эмесмин. Дегеле экинчи ушу

неме менен сүйлөшсөм элеби, эрим Майнаке болсун!”

Ошол ошо болду, биздин жигит менен Руссону окуган кыз көпкө чейин

көрүшпөй калды.

 

Уландысы бар

5/5 - ( 1- Баа берилди )

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️