Кайнене жана келин.

https://kyrgyzcha.site/?p=48395&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кайнене жана келин.

 

 

Байыркы Кытайда,бир кыз турмушка чыккандан кийин кайын энеси менен чогуу жашап калат.Убакыт өткөн сайын ал келин кайын энесинин кажый берген мүнөзүн көтөрө албай,аягында жаны кашайганда андан арылууну көздөйт.Атасынын досу ар кыл чөптөрдү сатып оокат кылгандыктан, кыз аяш атасына келет:

-Менин чыдамым бүттү,кайын энем менен мындан ары жашай албайм,ал мени жинди кылып бүтүрмөк болду.Мага жардам бербесеңиз болбойт,акчасын жакшы төлөп берем,-дейт.

-Макул жардам берейин,бирок менден сага кандай жардам керек,-деп аяш атасы сурайт.

Пример HTML-страницы

-Мага уу сатыңыз,эгер кайын энемди өлтүрсөм,баардык көйгөйлөрүмөн арылат элем…

Аяш атасы бир аз ойлоно түшүп анан:

-Макул кызым,мен сага жардам берейин,бирок, сен эки нерсени эсиңе ал.Биринчиден, сен кайын энеңди дароо эле ууландырып жок кылсаң,баары сенден шектенет да,кылмышың ачыкка чыгат.Андан көрө мен сага башка чөптү берейин,аны күн сайын тамагына кошуп бере берсең,ал акырындан таасир берип,кайын энең өлгөндөн кийин анын ууланганын эч ким байкабай калат.Экинчиден таптакыр шектенүүлөр болбос үчүн,сен кайын энеңе болгон мамилеңди өзгөртүшүң керек.Бүгүндөн тарта каарыңды кетирип,аны урматтап-сыйлап, өз энеңдей жакшы көрүп айткандарына бат көнүп,чыдамкайлык менен жакшы мамилеңди ага көрсөт.Ошондо анын өлүмүнө сенин күнөөлүү экениңди бир жандын да оюна келбейт.

Аяш атасынын айткандарына муюп,айтканын аткарам деп кыз чөптү алып үйүнө кетет.Алып келген чөптү күн сайын кайын энесинин тамагына кошуп берип турат.Ошол эле убакта кайын энесине болгон мамилесин өзгөртүп,кичипейилдик менен айткандарын угуп,так жасап,кайын энесин сыйлай баштайт.Келининин мүнөз-жүрүшү, мамилеси өзгөргөнүн байкаган кайын эненин ичи жылып,аны өз кызындай көрүп,жүрөгү менен жакшы көрө баштайт.Баардык курбуларына, туугандарына «менин келинимдей мыкты келин барбы,мындай келинди Кудайдан гана тилеп алышат»деп күндөн-күнгө мактап айта баштайт.Жарым жылдан кийин кайын эне менен келиндин ортосундагы мамиле эне-кыздын мамилесиндей болуп экөө өзгөрүп,экөө бири-бирине аябай ынак болуп калышат.

Анан эле бир күнү жаш келин аяш атасына шашып келип,жалбара баштайт:

-Жараткан алдында алдыңызга жыгылып жардам сурайм,менин кайын энемди мен берген уудан сактап калыңызчы.Анын өлүмүн таптакыр каалабайм,ал ушундай алтын адам болуп өзгөрдү,аны ушунчалык жакшы көрөм,жардам кылыңыз…Аяш атасы жылмайып карап мындай дейт:

-Кызым кабатыр болбо,мен сага эч кандай уу чөп берген эмесмин.Ал жөн гана тамакка кошчу аш-көк эле.Ал эми уу болсо сенин мээңде болчу,ал уудан өзүңдү-өзүң арылттың…

 

 

Үч уул.

Үч аял булактын башында маектешип олтурушкан эле.Бир аз илгериде бир карыя киши аялдардын өз балдарын мактагандарын угуп отурду.Аялдардын бири:

-Менин уулум ушунчалык шамдагай Ага бул жагынан эч ким тең келбейт.Жиптин үстүндө ойногонун бир көрсөңөр дейт.

Аны уккан берки аял сөз талашып:

-Менин уулумдун үнүн бир уксаңар,булбул биякта эле калат.Дүйнөдө анын үнұндөй үн жок болсо керек.Кудайдын бергени бу…Булар минтип мактанып атышканда үчүнчү аял үнүн чыгарган жок.Аялдар андан:

-Сен эмне балаңды айтып мактанбайсың? Анын эмнеси бар?-деп сурашат.Анда тиги аял:

-Баламдын бир артыкчылыгы жок.Жөн эле мактай беремби.Анчалык мактоого татарлык тарабынан көрбөдүм.Аялдар ошентип чакаларын араң көтөрүп,анда- санда тынып,эс алып бара жатышты.Ийиндери талып чыккан эле.Ушу кезде алдыларынан сөз кылып жаткан уулдары чыгып калды.Биринчи бала дароо колдорунун үстүндө туруп,түркүн- түркүн кыймылдарды жасап жиберди.Аялдар буга маашыр болуп алкап жатышты.Баракелде, өнөрүңө береке!..

Экинчи бала булбулдукундай мукам үнү менен созолонтуп бир ырдады дейсиң,аялдардын көздөрүнө жаш толуп,шыпшынып тыңдашты.Акыркы бала жүгүрүп келип,энесинин колунан чаканы алып,үйүнө көтөрүп кетти.Аялдар баятан бери аксакалга кайрылып:

-Балдарыбыз кандай экен?-дешти. Карыя чоочугансып;

-Балдарыңарбы? Мен аларды көргөн жокмун.Энесинин колунан чакасын алып үйүнө кетти.Аны сурасаңар абдан жактырдым…

 

Сулуу кыз.

Периштенин өзүндөй болуп жолдо сулуу кыз каалгып басып келатты.Бир маалда артынан бир эркек ээрчип келатканын байкап,башын «жалт»буруп;

-Эмнеге артыман түшүп келатасың?-деп сурады.

-Сенин сулуу чырайың ушунчалык азгырып,мени толугу менен башкарып,артыңан ээрчүүгө аргасыз кылып жатат.Жүрөгүмдү арбаганың үчүн сага өзүмдүн сүйүүмдү билдиргим келет!-дейт эркек.

Сулуу кыз бир азга унчукпай карап турду да:

-Кандайча мени сүйүп калдың?Менин кичүү сиңдим алда канча менден сулуу,ажарлуу эмеспи.Ал артымда келатат,көз салып көр-деп узап кетет.

Эркек артына кылчайып,кийинки сулууга ашыгат.Бирок, маңдайынан жамаачы эски кийимчен,бети мин тырыш баскан кемпирди гана көрөт.Шашыла басып сулууга жете келет да,көзүн алакачып,күнөөкөр үн менен сурайт;

-Айтчы,жалган сүйлөгөнгө кантип дитиң барды?

Кыз жылмаят:

-Достум,арзууңду билдиргенде сен дагы мага жалган айттың.Сүйүүнүн баардык эреже-жолдорун билип туруп,мага деген махабаттан жүрөгүң алоолоп тургандай түр көрсөткөнұң кандай?Сүйүүң анык болсо,неге артыңдагы айымга кылчайдың?

 

Үч башка адам.

Индиянын падышасы Акбарга чыныгы алтындан жасалган үч опокшош кичинекей белек,ага кошо тиркелген кат келет.Катта ар бир алтын фигуранын өзүнчө белгиси,балуулугу бар экени айтылат.Падыша кеңешчилерин чакырып,ар биринин өзгөчөлүгүн табууну буйурат.Көпкө чейин убара тарткан кеңешчиле салмагын,узундугун, алтындын сапатын текшерип отуруп,сырткы да,ички да айрымачыгын табышпай,айлалары кеткенде алакандарын жайышат.Бир гана Бирбал аттуу даанышман өжөрлөнүп,изденип отурат.Акырында фигурадагы кулактардан көзгө араң көрүнгөн кичинекей көзөнөк таап,ичке алтын жипти андан өткөрөт.Биринчисинде жип биринчи кулактан кирип,экинчисинен чыгат,экинчисинде ооздон,үчүнчүсүндө- жұрөктөн чыгат.Ушундан кийин ал Акбар падышаны карап:

-Табышмактын жандырмага жанды.Биринчиси- бир кулагына сөз кирсе,экинчисинен чыгып кеткен адамды түшүндүрөт; .Экинчиси-айтылган нерсени угуп-укпай,түшүнұп- түшүнбөй туруп башкаларга бежиреген адамды.;үчүнчүсү- уккан сөздү эске тутуп,жүрөгүнөн өткөргөн адамды түшүндүрөт. Бул үч белектин эң баалуусу-ушул үчүнчүсү,-дейт.

 

Ишеним жана эрк.

Тоо этегинде бир көл болот.Бир жерде жамгырды күтүп жата бергенден аябай жадайт.Чоң-чоң максаттарды көздөйт:дайра болуп агылып,деңиз болуп толкусу келет.

Акыры бир күнү чоң сапарга чыгууну чечет да,бир жолун таап агып жөнөйт.Агып жүрүп отуруп талааны,токойду басып өтөт.Акыры бир чөлдүн башына келип токтойт.Күн ысык,андан ары баруудан кооптонот.Бир убакта бир үн чыгат:»Токтобо, көздөгөн максатыңа жетүү үчүн кыйынчылыктан, коркуп артка кайтпа!Мына ошондо ийгиликке жетишесиң! »

Бирок суу ордунан жылбайт.Чексиз чөл,алдыда белгисиздик. …

Ошондо баягы үн дагы угулат.

«Жолдун көбүн басып өттүң,эми аягына чык!Өз күчүңө ишен,тоскоолдуктардын алдында алсыз болбо!Жашоодо жеңиш үчүн кұрөшкөн гана өз максатына жетет!Алга! »

Бул сөздөргө муюп,өз күчұнө ишенген суу чыгыны,алдыга карай агып жөнөйт.Күндүн ысыгына чыдабай,акырындап буулана берет.Ошентип, бир тамчысы да калбай бууланып кетет.

Эң кызыгы бууланган суу асманда булут болуп чогулуп,шамалдын жардамы менен көп аралыктарды басып өтөт.Акыры учу-кыйыры көрүнбөгөн деңизге жетет.Ал жерден Жараткандын буйругу менен жамгыр болуп төгүлүп,деңизге кошулат.Ошентип кайдагы бир тоонун этегинде жаткан көлдүн суусу өжөрлұгүнүн, бекем эркинин,тынымсыз аракетинин жана өз күчүнө ишениминин негизинде кыйынчылыктарга баш ийбей,акыры, дайра болуп агылып,кыялындагы деңизге барып кошулду.

 

Илгери бир урууда ууру жигит чыгыптыр.Айлына тынчтык бербей уруулук кылып,айлынан отуп коншу айылга отуп,коншу айылдан башка урууга отуп,аксакалдарын созго калтырып,Эне атасын жер каратып тынчыбаптыр. Айлындагы аксакалдар айлалары кетип биздин урууда уруу жок эле бул жинди кайдан чыкты?Ата тээгинде ,тага журтунда деле жок эле…Деп баштары катат.Бир билсе ушунун апасы билет деп,апасынын астына келип

—Балам уруулук тукум кууйт дечу эле,тукумубузда мындай шумдук жок эле,бул бала кайдан чыкты ?-деп сураганда.

Чон ата талгак кезимде кайын энемдин катып койгон курутун сураштан тартынып уурдап бир экини жедим эле деген экен.

 

 

Илгери бир байдын баласы кыз издеп,кыздан кызды тандап кол кылаасын айланып,тескейден кунгойго айланып барып калат.Карангы кирип,капыл тапыл бир уйго тушуп калышат.Ал уйдо кары аксакал абышка жана уул келини болот.Козу сойулуп конок сыйлап,аксакал соз баккан адам экен илгерки создон кеп салып отурат.Ошол уйдо бешикте жаагы тынбай ыйлаган кыз жаткан болот.Соз коштура койбой ыйлап,энесин кыйнап,коноктордун тынчын алат.Эртен мене чайга отурганда аксакал

— аа балам жолоочу болуп жол кезип калыпсын издегенин эмне ?-деген экен.

— ата энемди суйунтуп,келиндуу кылайын деп кыз издеп журом аба дейт.

Ошондо аксакал болсун,болсун балам бирок нике кайып буйруп муногу ыйлаак кыз сенин жарын болот дептир.Аксакалдын созуно теригип ушул ылжыраган ыйлак кыз кантип менин теним болсун,нике кайып дейт,олтуруп койсом кайдагы нике кайып деп чыгып баратып кызды канжары менен ичнен ылдый шилеп кетет.Жылдар отот,балалуу чакалуу болуп баягы жигит дагы уйлонгусу келип кыз издеп.Кунгойдон бир сулуу кыз га уйлонот.Туну колуктусун кучагына алганда,колуна тырык болгон ичи урунат.Келинчегинен ичин не болгон дегенде.Мен кыркы чыга элек ымыркай кезимде,бир копкон жигит ичими жарып кеткен экен деп жооп бериптир.

-Ошондо жигит озун кармап атин,жаштык мастык менен мен кудайдан зормун деген экем да.Корсо нике кайып буйруп турган тура деген экен.

 

 

Жоокерчилик мезгилде бир кишинин үч уулу,бир бир тууганы согушка кетет.Улуу уулу согушта курман болуп,чабаганчы кабар айтып келет.Ал киши кабарды угуп ичинен улутунуп тим болот.Андан кийин катарынан 2 уулу каза болот.Анда да көп кайгырбайт. Бир тууганы өлдү деп кабар келгенде,катуу кайгырып,буркурап, боздоп ыйлайт.Кабар алып келген кабарчы таң калып:»аксакал, мен сизге түшүнбөдүм, неге арстандай үч уулуңуздан айрылганда кайгырбадыңыз эле,эмне үчүн иниңизден айрылганда катуу кайгырдыңыз» -деп сурайт.Анда карыя: —Ээ балам,кемпирим экөөбүздүн ден соолугубуз болсо андай уулдарды тапсак болот,ата-энем тирилип келип мага кайра бир тууган таап беришмек беле,ал менин ата-энемен калган белек болчу да»-деп кайра буркурап -боздоп ыйлаган экен.Ошондуктан ар бирибиз бир туугандарыбызды ата-энебизден калган белек деп сыйлай билишибиз керек экен.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️