Бир уйдун баяны. 5-болум.

https://kyrgyzcha.site/?p=102782&preview=true Кызыктуу окуялар.

Бир уйдун баяны.

 

5-болум.

 

Биздин кожоюн үйдө кандай киши экенин көрүп турсак да, сыртта айтылган сөздөрдөн улам кимисине ишенээрибизди билбей маң болуп калчубуз. Бирок мен бул адам жөнүндө эч кандай бир жактуу пикир айтпайм. Болгону көзү өткөн атактуу кримавторитеттин мен көргөн жашоосун гана жазгым келет. Анткени, мен ушул үйдө анын татаал тагыдырына күбө болуп жаттым…

 

Күндөрдүн биринде үйдүн жанына бир машина келип токтоп, катуу сигнал бере баштады. Келип жүрчү кишилерден экен деп, иттерди кароочу бала эшикти ачып жиберди. Ошол мезгилде коңшу киши да машинасын чыгарып жаткан. Тез аранын ичинде артты көздөй айдап жөнөгөн машина кимге келгени белгисиз эле. Ага анчалык деле маани берилбей калмак, эгерде ошондой сигнал түнү үч-төрт жолу кайталанбаса. Аңдышса сигнал бермек эмес да, жөн гана жаш балдар болсо керек деп ойлоп калдык. Бирок коңшунун айтымына караганда, бир нече күндөн бери ар түрдүү машиналар пайда боло калып, аңдып жаткандай көрүнүптүр. Ошол күндөрдөн көп өтпөй, үйдүн курулушуна көмөк көрсөтүп жүргөн байке келип, тээ алысыраакта бирөө эртеден бери үйдү акмалап жатат деп калды. Себеби ал машинасы менен кетип бара жатып, бирөөнүн тамды айланчыктап жүргөнүн көрүп, сыртынан байкап туруптур. Көпкө чейин жүргөн чоочун киши кол телефону менен бирөө менен сүйлөшүп, ары барып, бир таксиге отуруптур. Анын ордуна башка бир киши пайда боло калды дейт.

 

Ошол учурларда күүгүм кирээри менен терезе пардалардын баарын жаптырып салчу. Себеби көчөдөгү бак-дарактардын башынан да бирөөлөр аңдып жаткандай болуптур. Ошондон улам дубал артында өсүп турган дарактардын баарын кыйдырып салышты.

 

– Барган сайын өз көлөкөбүздөн өзүбүз корко баштадык. Деги сен эмне жумуш кылып жатасың? – деп келин чайга олтурганда жолдошунан сурай баштады.

 

– Эки башка дүйнөнү бириктирип, адашкандардын көзүн ачып, адаштыргандардын тизгинин тартып койчу коом түзөйүн деп жатам.

 

– Сен өзү кимсиң? Мен билбеген кандай жактарың бар? Ушунчалык душман арттыргыдай эмне күнөөң бар?

 

– Мен өз ордун таба албай чытырман токойдо адашып калган жанмын. Жарык шоола чыккан жакка бассам, сазга батып бара жатам, артты көздөй жөнөйүн десем, жарга барып такалам. Сен билбеген жактарымбы? ! Аны өзүм да билбейм. Күнөөмбү?! Күнөө иш кылдымбы же сооппу, аны да билбейм. Душманым ким, досум ким, аны да ажырата албай жатам.

 

– Мени билесиң. Мага акча, дүнүйө, бийлик керек эмес. Саясатты түшүнбөйм дагы. Мен эч качан сенин жумушуңа кызыккан эмесмин. Бирок, түшүнүксүз окуялар мени кабатырлантып жатат. Мен ачка олтурсам да, балдарым менен тынч жашагым келет.

 

– Баары жакшы болот. Мени аңдып жүргөн душмандар менен да жарашам. Каршылашуу акыр түбү жакшылыкка алып барбашын айтам. Кечире билип, кечирим сурайм. Кудай алдында ар кимибиз жооп берип каларыбызды түшүндүрөм. Бир аз убакыт гана керек, — деп, эч качан ачылып сүйлөбөгөн жан аялына жер тиктеген боюнча сүйлөп жатты. Ушул учурда эч нерседен жеңилбес деп сүрөттөлгөн кожоюн бир нерседен алсыз болуп тургандай сезилди.

 

Ашкананын эшигин жаап, андан ары эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканын укканыбыз жок.

 

Эртеси эртең менен барсам, көп конок келерин айтып, ашпозчу эже менен кожейке базарга кетишти. Чолпон экөөбүз балдарды тургузуп, тамак берип жатканбыз. Коңгуроо кагылып, бир жаш жигит эшикти ачып коюубузду суранды. Эмне максат менен келгенин сурасак, “Кожоюн жиберди “, – деди. Ар кимден шексинген жаныбыз келинге телефон чалдык. Ал дароо эле күйөөсү менен байланышып, эч кимди жибербегенин айтыптыр. Кара көз айнекчен шыңга бойлуу жигитти дарбаза артынан сылык-сыпаа айтып, кожоюн жакынкы күндөрдө үйгө келбей турганын түшүндүрдүк. Арадан бир-эки саат өтпөй, дагы эки киши белек-бечкек алып келгенин айтышты. Аларды да кожоюн менен байланышып, кийин келүүсүн сурандык. Минтип бей уруксат келгендер көп боло турган. Мүмкүн чын эле жакшы ниет менен келгендери да бардыр. Бирок кантсе да ар кандай коркунучтуу окуялардан кийин этияттануу керек болуп калды.

 

Жакшы ниет менен дегенимдин себеби, бир жолу эки аксакал келишкен. Биздин түшүнүгүбүз боюнча бирөөсүнүн күйөө баласынын чакан бизнеси бар экен. Кимдир бирөөлөр кожоюндун атынан барып, салык салып, болгон акчасын алып коюп жатыптыр. Аксакалдарды жөнөтүп, дароо кол алдындагы балдарды чогулткан. Ким экендигин билбей, катуу жини келген келген ал балдарынан таптырганда, бийлик өкүлдөрүнүн бирөө болуп чыгыптыр. Дагы бир жолу кожоюндун жигиттеринен запкы жеген кишилер арызданып келишкен. Ошондо баласынын айдоочусунун айтымына караганда, кожоюн алынган акчаны беш эселеп төлөп берүүсүн жигиттеринен талап кылып, запкы жеген кишилерден кечирим сураттырыптыр. А кыз абийирине кол салган бир акмак жең ичинен акча берип, райондук милиция кызматкерин сатып алганда, айласы кеткен кыздын тууганы кожоюнга кайрылган. Бийлик бутактарынын биринде турган тиги акмак кыздан да, кожоюндан да кечирим сурап, ишти жапты-жапты кылышкан. Буга окшогон окуялар көп болгондуктан, кожейке да күйөөсүнүн казылык милдетин көп көрүп: “А мен билбеген кандай жактарың бар?” – деп жатпайбы.

 

Башка аял болсо эбак эле жолдошунун эмне кылып жатканын, кайдан акча таап, эмнеге жумшап, кимдер менен байланышканын териштирмек. Бул аялдын дүйнөгө болгон көз карашы такыр башкача. Асман менен жердин ортосунда калкып учуп жүргөндөй. Күнүгө эки-үч саат медитация жасайт. Өстүргөн гүлдөрү, баккан жаныбарлары менен сүйлөшөт. Балдары ооруп калганда, өзүнүн ар кандай ыкмалары менен дарылай баштайт. Дары-дармекке караганда дары чөптөрдү көбүрөөк колдонот. Өзүнүн күчү жетпей калганда гана медиктерге кайрылат. Мүмкүн ушундай өз дүйнөсү менен алек болгон аял кожоюндун оор тагдырын көпкө чейин түшүнө албай жүргөндүр…

 

Жогоруда конок келмек деп айтпадымбы. Стол үстүн түркүн тамакка толтурдук. Күүгүм кирерде беш-алты машина менен Казакстандан кожоюндун кадырлуу делген коноктору келишти.

 

Үйгө киши келгенде аялдар тамак гана бышырып, эркектер өздөрү тейлешчү. Бака-шака түшкөн коноктор аябай көңүлдүү отурушкансышты. Себеби, күлкүлөрү сыртка да угулуп жатты. Ашпозчу эже тамак ташыган жигиттердин бирөөсүнөн:

 

– Казак туугандардын көңүлүн жакшы эле алып жатасыңар окшойт? — деп калды.

 

– Ооба, кыргыздардын меймандостугун баалап жатышат, — деди.

 

– Кыргызстанга эле курса жакшы болмок. Бизде асыл тукум жылкылар көп болсо, бул да чоң бизнес да, — деди жигиттердин бирөөсү.

 

– Мага баарынан да спорткомплекс сала турганы жагып турат. Укпадыңбы, кыргыз менен казак дүйнөлүк спорт аренага жөн эле чыгат. Ат жалында ойногон калкпыз. Ар кандай мелдештерди уюштуруучу чоң стадион курсак, ал жактан да акча түшмөк. Чет элдиктер Көлүңөргө түшөт, стадионуңарга чуркайт дегенине караганда бизге салганы турушат го, — деп калды.

 

–Өткөндө Казакстанга барганда курула турган жерди көрсөтүшпөдү беле?

 

– Билбейм, ал жерге да спортко байланыштуу бир нерсе курушат окшойт. Материалдарын Кытайдан алабыз деп жатышкан. Тиги кореецти спортсмен деп айтыштыбы? — деп сурап калды.

 

– Олтургандардын баары эле спортко тиешеси бар кишилер окшойт.

 

– Казактар бай, алар баштаса аягына чыгышат. Курулушка көп акча керек. Биз кантер экенбиз.

 

–Ошол үчүн казактар менен чогуу салабыз деп жатышат да. Алар жардам беришсе кийин кирешеден чогуу бөлүшмөкпүз да.

 

– Оо, чын эле, чет мамлекеттегилердей бизде да олимпиадалар өтүп турса, Көлгө келчүлөр да көбөйөт. Кыргыздар да байып калат элек.

 

– Бирок, жогорудагылар түшүнбөй жер бербей коюшсачы?

 

– Ооба, акчаны го грант жана башка кылып табышат. Жер эле бөлүп беришсе жакшы болмок. Бирок ошондо да мага тигинче пайыз бересиңер деп асылышат. Негизинен бул жөнөкөй калкка эле пайда алып келмек.

 

– Элди качан ойлочу эле биздин чоңдор, — деп ашпозчу эже тамак салып жатып, сөзгө аралашып кетти. Жанатан бери кызуу маек куруп жатышкан балдар шарт бурулуп, бизди карай калышты. Ашканада өздөрүнөн башка адамдар бар экенин унутушуп, өздөрүнчө байып жатышкан эле. – Ичип алган го, араң басат, — деп айдоочу машинесин жүргүздү.

 

– Дайыма эле мас болуп дарбазанын түбүнөн кетпейт. “Итиңерди багып берейин, корооңорду да тазалайын, мени жумушка алсаңар” деп нечен ирет кожойкелерге жармашты, — деди жанымдагы эже.

 

– Ушул эмнени жасап жарытмак, — деп таксист күлүп калды.

 

– Атка минесиңерби? – деп сурады деди балдардын улуусу.

 

– Жогору жакта кооз карагайлар бар, айландырып көрсөтүп келебиз дешти, — деди кызы.

 

– Ал соо эле, акыл-эси жайында, жакшына эле сүйлөгөн бала экен. Тиги нан бышырып жаткан балдардан жумуш сурап жатыптыр. Нанга бара калган элем. Бирок башкача кийинип алыптыр,- деди.

 

– Курсагын тойгузуш үчүн ар кандай амал ойлоп тапса керек. Же сен адашып алгансың, — дедим.

 

– Жок, эже. Тиги нан бышырган балдар кечинде да ушул жерде айланчыктап жүргөнүн көрүптүр. Жөн жүргөн бала эмес, — деп калды.

 

– Ой, ким билет. Кассаңарды абайлагыла. Ууру деген эмелерге кино үйрөтүп жатпайбы, чак түштө кантип уурдаганды, — деп баштыгына сатып алган нерселерин баштыгына салып жаткан аял сөзгө аралашты.

 

– Жок, силердин үйдү акмалагандай, балдар айтып жатышат, — деп мага шыбырай калды.

 

– Кызык, ушул үйдөгү жашоого аябай көптөр кызыгышат окшойт. Дүкөнгө келгендердин баары эле “баланчанын үйүбү?2 деп сурай беришет. Менин ата-энем да силердин кожоюнуңарды көп айтышат, жакшы көрүшөт. Анын үй-бүлөсү биздин дүкөндөн соода кылат деп мен мактанам, — деди сатуучу кыз.

 

Кызмат кылып жаткан жигиттерге чай берип жатканыбызда, алардын сүйлөшүп жатканын угуп калып жаттык.

 

Түн бир оокумга чейин олтурушкан коноктор көңүлдүү жөнөп кетишти. Биз да үйгө кетмек болдук. Күтүп турган таксиге отурайын деп жатсак, дубал түбүндө бирөө тургандай болду. Таксисттен жарыгын күйгүзүп көрүүсүн сурандык. Бурчта бөтөлкө кармаган кошуна бизди көздөй басып калды.

 

Булар минтип бакылдашып баратканда, менин оюм башкага кетти. Себеби өткөндө кожоюндун жигиттеринен бири келинге: “Ушул кишини үйгө киргизбегиле. Мындай адамдар бир бөтөлкө арак үчүн энесин да сатып жибериштен тартышпайт” дегенин угуп калган элем. Анда кожейке: “Балекет болбодубу, кыйындарынан да корксок, алкашынан да корксок, эч ким жок ээн талаага кетсек окшойт. Деги чыгып баратканыңарда бирөө жарым кирип кепесин, абайлагылачы”, — дегени эсиме түшүп кетти.

 

Ээн талаа демекчи бир жолу кожоюндун уруксатысыз эле балдарды эс алдырып, таза аба жутуп келели деген ой менен шаар четине чыкканбыз. Негедир биздин артыбыздагы машина кай жакка барбайлы, ошол жакта пайда болуп калып жатты. “Коркконго кош көрүнөт, кошогу менен беш көрүнөт” демекчи, андан шексинген жаныбыз эс алып жаткан элдердин арасына кирип кеттик. Балдар сайдагы сууга таш ыргытып ойноп, улуулар дасторкон четинде кызуу маек куруп жатышкан. Аңгыча эле балдардын жанына эки жигит барып, бир нерселерди сүйлөп жатканын байкап калдым. Тура калып аларды көздөй жөнөдүм. Ташка урунуп, мүдүрүлүп жатып барганча тигилер ордуларынан жылып, узап кетишти. Балдардан эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн сурасам:

 

Менин шашып жөнөгөнүмдү көргөн келин артымдан жетип келди. Балдардын сөзүн уккандан кийин: “ Атына олтургузуп ойнотуп, акча таап тиричилик кылган балдардан турбайбы”, — деп камырабай кайра ордуна кетти. Себеби алар бат-бат басып ылдый түшүп кетишти. Андан көп узабай жанагы машине да ылдый көздөй жөнөдү. Эмне болсо да эл ичинде бололу деп, балдарды ээрчитип келдим.

 

“Коркконго кош көрүнөт, кошогу менен беш көрүнөт” дегендей болуп жатам дейин десем, негедир кечке жүрөгүм жаман болуп жатты. Кечинде үйгө келсек келиндин абысыны отуруптур. Ал дароо эле: “Талаа түзгө чыкпай эле койбойсуңарбы. Ар кандай ушак-айың угуп жатам. Акча үчүн арам ойлуулар эмнеге гана барбайт”, — деди.

 

Коноктор кеткен күндүн эртеси үйгө жакын жердеги дүкөнгө кирсем, бир начар кийинген жигит сатуучудан бир нерсе берүүсүн суранып, сакоолонуп сүйлөй албай алдымда тура калды. Кезекти берип күтүп туруп калдым. Боору ооруп кетти окшойт дүкөнчү нан, булочка салып колуна карматты. Кийин ашпозчу эже туз калбай калганын айтканда дүкөнгө жөнөдүм. Мен кирээрим менен сатуучу кыз: “Эже, кечээки сакоо баланын өңүн эстейсизби? ” – деп сурап калды. Мен анын өңүн деле карабагандыгымды айттым. Ал аптыгып сүйлөп жатты.

 

Мына эмесе, биз эле эмес, колу-кошуна, тегерегибиздин баары чочулай баштаган тура. Сыр бербей:

 

– Эмнеге акмаламак эле. Эгер аңдый турган болсо, өздөрүн байкатпай, иш жүргүзмөк. Анан калса бул үйдөгүлөрдүн эч кимге карызы деле жок го, — дедим.

 

Мындай учурда жылмайып гана кутулушуң керек.

 

Мен бул үйгө келгенден баштап жашоом өзгөрө баштады. Анткени кожоюн үйдөгү ар бир жумушчуну үй-бүлө мүчөсү деп эсептеп, кем-каржыбызды сурап, жардам берип турчу. А мен болсо кээде үйгө барбай балдардын жанында жатып калып, бул үйдөгү коркунучтуу жашоого аралашып, ысык-суугуна бирдей күйүп, сиңишип бараттым. Кожейке да эмнегедир мени жанына жакын тутуп, акча жагынан каралашып, мени өз бир тууганындай жакшы көрөр эле. Балдар болсо мага көнүп калгандыктан кечке тегеректеп жанымдан чыгышпай ойношот, жумуш кылсам ар кайсыны айтып беришип ээрчип жүрө беришчү. Менден мурдагы иштеген Чолпон деген бала багуучу эми үйдүн тазалыгына жооп берип, балдарды караш менин милдетим болуп калды. Бул убакта Кыргызстандагы саясий абал туруксуз болгондуктан, бул биздин кожоюндун жашоосуна өз таасирин тийгизип, бизге болсо кооптонууларды жаратып жатты. Бир айда жок эле дегенде бул үйдө кээде көрүп калчу кожоюндун тааныштарынан, досторунан, жандап жүргөн балдарынан эки-үчтөн киши колдуу болуп каза болуп жатышты. Денени титиреткен окуялардан улам үйдөгү жумушчулардын көбү иштен чыгып кетишти. Менин башыма болсо бул ой келген да жок. Балдарды таштап, кээде түнү коркуп уктабай чыкканыбызда, тагдырына наалат айтып ыйлаган кожойкени эч качан таштап кетмек эмесмин.

 

Адам баласы баарына көнөт экен. Кожейке күйөөсүнүн куугунтуктоого чейинки, анан издөөдө жүргөн мезгили мынчалык кооптуу болбогондугун айтчу. Же жашыраак болуп көп маани берген эместир. Анан калса “Күйөөңдүн аялы, балдарынын энеси гана болушуң керек. Алардын жумушуна аралашып, кызыгуунун кереги жок. Эркектердин өз дүйнөсү бар”, — деген түшүнүктү катуу карманып келгенин айтат. Кийинки мезгилдеги түшүнүксүз окуялар гана чочута баштады. Бир нече жолу күйөөсүн башка жактарга кетип калуусун суранды. Себеби, кожоюндун тегерегиндеги санаалаштарын кимдир бирөөлөр жок кылып жатышты. А кожоюн болсо: “Мен эч кимге зыян келтирбейм. Тескерисинче эл үчүн кызмат кылам, элди багам. Менин жакшы пландарым бар. Кудай мени өзү колдойт”, — деп көгөрүп туруп алды. Кудай деле сактанам дегенди сактайт турбайбы…

4.3/5 - ( 10- Баа берилди )

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️