АЛЛАХКА БАШ ИЙБЕГЕНДЕЙ АЛ САГА ЭМНЕ КЫЛДЫ?!

https://kyrgyzcha.site/?p=102573&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

КҮНӨӨҢДҮ ТОКТОТЧУ, БИР ТУУГАНЫМ🌹!

АЛЛАХКА БАШ ИЙБЕГЕНДЕЙ АЛ САГА ЭМНЕ КЫЛДЫ?!

Мусулман бир тууганым!

Чындыгында, бүткүл аалам, анын ичинде кичинекейи да, чоңу да, Кудуреттүү, Улуу Аллах Таалага багынат.

Бүткүл аалам Аллахты мактап улуктайт, жана Ага кулчулук кылат.

Аллах Таала (Куранда) айтат🌹

«Асмандагылар менен жердеги бүткүл нерсе Аллахты даңктап-аруулашат» (Куран, аль-Хадид 57:1).

Акыйкатта, бүткүл жаратылыш Аллахты билет, Аллахтын алдында баштарын төмөн түшүрүп Ага моюн сунат. Бирок, бул ааламда өтө кичинекей, жексөөрүн-кенебес бечара, бир тамчыдан жаратылган болор-болбос гана бирөө бар, ал – текебер, айтышчаак, ар нерсеге талашкыч келет, бүткүл аалам бир багытта жүрүп бара жатса, мына бирөөсү ага каршы багытта жүрөт.

Ал Аллахка багынуудан, Ага моюн сунуудан, Ага шүгүр-мактоо айтуудан баш тартат. Чындыгында, бул айтып олтурганыбыз – адам аттуу макулук, ал Кудуреттүү Улук Аллахка баш ийбейт!

Аллаху акбар↑ бул адам баласынын бой көтөрүп кекирейгендиги ал ушунчалык зор болгонуданбы?! Бул адам баласы ушунчалык акмак болгонуданбы?!

Аллаху акбар↑ бул адам ушундай төмөн, арзыбаган болсо да, тартипке келтирилген бул ааламдын ичинде бузукулук кылып жүргөнүн карачы!

Канча ирээт ага тообо кылуусуна мүмкүнчүлүк келди, ал тообо кылбады. Анын канча жолу Аллахтан кечирим суроого мүмкүнчүлүгү турду, ал кечирим сурабады. Ага канча ирээт Аллах (жолуна) кайтуусуна мүмкүнчүлүк болду, ал Аллахтан тескери качты. Анын канча ирээт Роббисине жакындоого мүмкүндүгү бар эле, ал болсо Ага жакындамак турсун, Андан жүз буруп, текеберленип тескери кетти!•••••••

Бир тууганым🌹!

Сен Кудуреттүү Улук Аллах Таалага моюн сунгуң келбесе, анда бул жашоо тууралу, өмүрдүн канчалык кыска экенин, анын тырмактай баасы жок экенин,,, жана өмүрдүн аягы өтө тез келээрин эсиңе тут! Жер бетинде өмүр сүрүүчүлөр тууралу ой жүгүрт,,, (кечээ барлар бүгүн жок, бүгүн барлар эртең жок)•••••••

Сен Кудуреттүү Улук Аллах Таалага моюн сунгуң келбесе, анда кабыр азабы тууралу, анын канчалык узак экенин, жана о дүйнө – нагыз чыныгы дүйнө, барзах ааламы – сапар тартуучулардын соңку аялдамасы жана жолдун аягы экенин унутпа!•••••••

Бир тууганым🌹!

Сен Кудуреттүү Улук Аллах Таалага моюн сунгуң келбесе, анда Тозок тууралу, анын ысык оту, алоолонгон жалыны тууралу, тереңдиги түпсүз туңгуюк экенин, куйкалоочу ысыгын, Тозоко түшкөндөр кандай оор азапка дуушар болоорун ойлонууга тийишсиң!•••••••

Өз күнөөлөрүң тууралу ойлон, ошол күнөөкөрлөрдү сүйрөп барып, төмөндү карай алоолонгон от ташкынына бети менен ыргытканын, алар отун сымал өрттөнүп жатканын элестетчи!

Сен Кудуреттүү Улук Аллах Таалага баш ийгиң келбесе, анда Бейиш-Жаннат тууралу, Аллах Өзүнө моюн сунган пенделерине ошол Жаннаттын ичинде көз көрбөгөн, кулак укпаган, адамзаттын оюуна да келип көрбөгөн нерселерди жана ар түрдүү суусундуктар, даамдар, кийимдердин эң керемет түрлөрүн даярдап койгону тууралу, ошондой эле ал жакта ыракат менен кооздука, кубаныч менен шаттыка бөлөнгөндөр жөнүндө ой козгоого тийишсиң!

Бул нерседен чындыгында Жаннаттан алыстатылгандар гана кур калат.

Сен Кудуреттүү Улук Аллах Таалага моюн сунгуң келбесе, анда бул дүйнөдө канча өмүр сүрөөрүңдү ойлончу! Алтымыш (60) жылбы, сексен (80), жүз (100) жыл, балким миң жылбы?Ал эми андан кийин эмне болот..?!Андан кийин – өлүм келет, андан соң же Бейиш, же Тозок (андан Аллах сактасын)!

Бир тууганым🌹!

Сен бир нерсеге умтулаарың ырас болсо, дал ошол сыяктуу Өлүм Периштеси да сага карай келе жатканы ырас. Сааттар өтүүчү, күндөр өтүүчү, жылдар өтүүчү жана сен байлыгыңсыз, туугандарыңсыз, досторуңсуз жалгыз өзүң кабырда жатасың. Кабырдын караңгылыгын, анда жалгыз өзүң болооруңду, кабырдын тардыгын, кайгы-муңга салынарыңды, кабырга түшкөн кезде бүт дене-боюңду катуу коркунуч басаарын ойлоп кабыргаң кайышканын сезесиң•••••••

Бүткүл адамзат Аллах Тааланын алдында тураарын, жүрөктөр коркунучка толоорун, өз бала-чакаңан, өз ата-энеңен, тууган-уругуңан, досторуңан качкалактап калчу Кыямат-Сурак Күнүн унутпа! Ошондо момун пенделер Аллахты көрүшүп, ал эми күнөөкөрлөр Андан жашырылган болот, Анын кереметтүү Жүзүн көрө алышпайт!•••••••

Ошол Кыямат Күнүндөгү ордуң кандай коркунучтуу болоорун эсиңде тут! Адилеттүүлүк таразасын орноткон кезде, адамдын амалдары жазылган китептер пайда болгон саатта – канча катаң, иштериңде канча кемчилик бар экенин түшүнөрсүң. Бүткүл ааламдын Эгеси, Адилеттүү Аллах Таала Өзүнө карай чакырган кезде сен качып жүргөн элең, эми сен Анын алдында турасың, колуңда китеп, ал китепте кичине да күнөөң, чоң да кылмыштарың калтырылбаган, бардык нерсең жазылган. Аллах сенин өмүрүң жөнүндө, жаштык чагың, жасаган иш-амалдарың менен мал-мүлкүң тууралу сурак алган кезде эмне деп жооп бересиң?

Анын алдына кайсы бутуң менен барасың?

Ага кайсы көзүң менен карайсың?

Ал сага: «О, пендем! Мен сени менен чогу болдум, Мен сага назар салдым, ал эми сен көңүл кош болдуң. Сени көзөмөлдөдүм, сен кайдигер болдуң. Мен сага жакшылык кылбадымбы, сага ырыскы бербедимби, эмнеге Мага моюн сунбадың?»,- деген кезде кайсы жүрөгүң менен жооп бересиң..?•••••••

Бир тууганым🌹!

Ушул камчынын сабындай гана кыска өмүрдү.. Аллахка моюн сунуу менен өткөзүү сага ушунчалык кыйынбы? Эң негизги болгон жеңиш үчүн, түбөлүктүү ыракат үчүн, түбөлүк бактылуулук үчүн сабыр кылууга болбойбу?!

Бир тууганым🌹!

Бул жашоого жөн эле келдим, боштондука, эркиндике калтырылдым, өмүрүм жөн оюн-тамаша деп эсептегендер бар. Жакшы насаат айтсаң, андайлардын көзү дароо сокур, кулактары дүлөй, жүрөктөрү бүркөк-жабык, акылы кем боло калат. Андайлардын жүргөн жеринде Курандан башкасынын баары бар, Куран гана жок. Себеби алар Аллахты эске алышпайт.

🌹Аллах Тааладан качтым дегени менен, алар баары-бир Аллахтын кулу, Анын алдында, Анын колунда болуп кала берет. Аллах аларды чакырды, ал эми алар жооп бербеди, бирок ошол аркылуу шайтандын чакыруусуна жооп берип, өз көңүл-каалосуна (напсисине) ээрчигенин түшүнбөйт… Алар шайтандын чакыруусун кабыл алып, Рахмандын чакыруусуна көңүл бурбай, назардан тышкары калтырганы эрксиз таңдай кактырат! Алардын соо акылдары кайда кетти..?! «Чындыгында көздөр сокур эмес, бирок көкүрөктөрүндөгү жүрөктөр сокур»••••••• (Куран, аль-Хажж 22:46)

Сен Аллахка моюн сунбагыдай Ал сага эмне кылды ошончолук?!..

🌹 Аллах эмеспи сени жараткан, Ал эмеспи сенин өмүр сүрүшүң үчүн зарылдуу нерселерди берген, Ал эмеспи  сага мол ырыскы мал-мүлк, дениңе соолук берген?! Аллах Таала сага жакшылык кылганы үчүн айыптуу болдубу ошондо?.. Сен али күнөөлөрдү жасап жүрөсүң, ал эми сага ошол саатта ажал келсе кантесиң?!•••••••

«Аллахтын (аларды жазалоо) амалкөйлүгүнөн кооптонушпайбы? Аллахтын амалкөйлүгүнөн бир гана зыянга учуроочулар гана кооптонушпайт»(Куран, аль-А’раф 7:99-аят).

Кымбаттуу мусулман бир тууганым🌹сак бол!

Ошондой адамдардан болуп калбоого болгон күч-аракетиңди жумша жана бул дүйнөгө эмне максат үчүн жаратылган болсоң – ошого шайкеш амал кыл! Аллах менен ант берейин, акыйкатта, сен улуу бир максат үчүн жаратылдың. Аллах Таала (Куранда) айтат🌹

«Мен жиндер менен адамзатты бир Өзүмө гана сыйынуулары үчүн жараттым» (Куран, аз-Зарият 51:56).

Бир тууганым🌹!

О, Аллахка моюн сунуудан баш тартуучу! Өз Роббиңе кайт, Тозоктон корксоңчу, анын отунан сезгенсеңчи. Чындыгында, алдыңда коркунуч менен кыйынчылык, азгыруулар менен күнөөлөр күтүп турат. Андан башка, сыйынууга татыктуу зат болбогон Аллах менен ант берейин, эч качан ыр-күлкү да, шыңгыраган добуштар да, арзыбаган аракеттер да сага пайда алып келбейт, үй-бүлөң менен бала-чакаң да, туугандарың менен досторуң да, байлык-бийлигиң да сага жардамдашпайт… Жакшы-солих амалдарың менен жакшылыктарыңан башка эч нерсе пайда бербейт•••••••

Бир тууганым🌹!

Аллах менен ант берейин, мен бул сөздөрдү сенин ак жүзүң Кыяматта кара бетке айланып калбасын деп гана жаздым… жана назик денеңе Тозоктун ысык оту тийбесин деген ниет менен жаздым.

Бир аз ылдамда, бир тууганым, Аллах Таала сени Тозоко түшүп калуудан сактасын. Жана ушул сааттан баштап чыныгы түрдө тообо кыл! Тообаң үчүн кийин эч качан  өкүнбөйсүң, керек болсо чыныгы бактылуу болосуң. Ал эми эгер күмөндөнүп, ылдамдабасаң, мен сенин кайгыңы бөлүшкөн жөн гана ишенимдүү кеңешчиң гана боло алам🌹

Аллахтын тынчтыгы менен мээрими жана берекеси болсун🌹!

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️