ЖАШООБУЗГА САБАК БОЛЧУУ ОКУЯ ЭКЕН.
«Арак»
Мен, арак менен бала кезимден тааныштым.
Ал кезде үйгө байма — бай каттаган адамдардын аягы үзүлбөйт. Атам СССР маалындагы Кыргыз ССРнин бир белдүү районунда жакшы кызматта.
Үйдөн коноктордун буту үзүлбөй, казан саардан кечке кайнайт эле. Союш тооктой союлуп, эт муздаткычка батпай, кийим илчү арканга, сан, кол жиликтерди кыпчыгыч менен кыпчытып койчубуз. Кызмат кылган агаларга аралашып жүрүп, кой союп жиликтешти үйрөнүп алдым.
Конок бөлмөдөгү үстөлдүн үстү аракка жайнайт. Атам, достору менен аракты ичип жатса пайдалуу нерсе го деп биринчи жолу ашып-ташып калгандарынан ооз тийдим. Башым тегеренип, көңүлүм айланып, окшуп кустум. Ошол, ошол болду, ошондон бери аракты оозума албадым. Союш союшам, конокторго чай ташыйм, устукандарын салып берем, койдун башын куйкалап өзүмө тиешелүү иштердин баарын аткарам. Аракты айланып өтчү болдум, бала кезимден арактан көөнүм көк таштай калды.
Андан соң бойго жетип, мектептин жогорку класстарында окуп жүргөн кез классташтар вино ичимиш болушат, ошону деле татып көрбөдүм, баягы бала кезде көңүл калып иреенжип калганга, түк жакындабайм.
Мектепти бүтүп, институтка өтүп ийгиликтүү аяктап атамдын кадыры менен оңой эле жумуш таап ишке орноштум.
Жумуш маалында, жумуштан кийин ичишет, таң эрте баштагандары да бар.
Ошолорду көрүп таңыркайм: «Кантип алтындай убактыларын, арчадай жаштыгын, сак денесин ушул ачуу көңүлдү айланткан, окшутуп кустурган нерсе менен азыктандырышат»-Кантип деп башым маң. Суроом бар, жооп жок.
Кесиптештерим мени чакырышат, мен ынабайм, ал гана эмес спорт менен шугулданып алганмын. Ошентип күндөр өтүп жатты. Мен жумуш, иш үй бүлө, спорт менен алекмин, кесиптештерим баягы эле режим менен. Помидор ширесин ууртап, бадыраң жеп эрте менен, түшкү тамак алдында жүздөн урушат. Кечиндеси бири бирин аңдып узатымыш болуп арактан суу ичкендей шимиришет.
Мен дагы дале арактан алысмын. Ичмек түгүл, жытын жыттаганда көңүлүм айланат. Спорт менен машыккандан кийин, ушул мээнетим бекер кетпесин деп, ойлоном.
Эмгегим текке кетпеди, арык өспүрүм жигит болчумун, спорттун жемиши менен бир эки жылда, далыларым кеңейип, көкүрөгүм көтөрүлүп, жирафтыкындай арык ичке мойнум бир аз жооноруп, кол булчуңдарым эт алып кийим да жарашып калган кез.
Ошол күндөрү раздевалкада балдар отурганбыз, аңгыча машыктыруучубуз келип калды. Душка түшүп, чачыктарыбыз менен денелерибизди сүртүп кургатып жатканбыз. Ошол маалда балдардын бирөөсү: «Агай ичимдик ичүүгө болобу?»- дебеспи. Машыктыруучу: «Арак ичүүгө түк болбойт, бирок өтө чарчап калсаңар пиводон ашып кетсе бир- эки кружка ичсеңер болот»- деди.
Балдар чурулдап раздевалкадан чыгып жаныбыздагы пивнушкага кирип бирден пиво алып отурабыз. Биринчи ууртаганда кычкыл, муздак неме экен, кружканын жарымындай ууртап ийипмин, бир аз отурганда ичим жибип, көзүм бошошуп, өзүм шалдайып, чарчаган денем агай айткандай, чыңалуу кетти.
Анан ошентип күн алыс тренировкадан чыкканда бир кружкадан балдар болуп ууртап коюп жүрдүк. Кийинчээрек бир кружкага канааттанбай экиден урчу болуп калдык.
Ишимде да өзгөрүүлөр болду, өзүм иштеген жерге шаардык башкармалыкка мүдүр кылып кылышты.
Саартан баштап кечке арак иччү кесиптештер бөтөлкөлөрүн көтөрүп кирип жатышты: «А-а! Таке, эми жүздөн урбасак, оордуңузду майлабасак болбойт»- болуп, токтой албай кечке салыппыз.
Тосттор, каалоо тилектер менин дарегиме айтылып жатты: «Сиздин ден соолугуңуз үчүн! Үстөлүңүз майлуу сүттүү болсун! Кийинки тепкич Министр болуңуз!»- болуп отуруп, эртеси ишке чыкпай калдым.
Эрте менен көзүмдү ачсам башым меники эмес, көңүлүмүн айланганын айт. Аялым кордо асып койгон экен ошонун суусунан эле ичем, башка нерсеге табитим тартпайт. Ичегилерим какшап суусайм, бир чөмүч суу ууртайм, ашказаныма жетип оозуман атырылып окшуп кусам, аялым балдарым баштарын чайкайт. Түштөн кийин уялганымдан ишке чыктым. Иште отуруп секретарша чай алып кирген ошондон эки чыны ичкенмин, колумдагы кызматкерлер кагаздарга кол койдурабыз деп кирип калган кез, эми баягы чай оозуман фонтан болуп атылды. Акыр чикир корзинкага башымы тыгып окшуп отуруп калдым: «Шеф, шеф»,- дешип баягы бөтөлкөлөштөрүм кирип келип эки жүз граммдык ыстаканга толо Аракты куюп: » «Шеф, ушуну мурдуңузду колуңуз менен жаап өзүңүздү кыстап тартып ийиңиз»- дейт. Аракты тиктегенде окшуйм, акыры көндүрүштү. Тартып ийип өзүмдү пайлап отуруп калдым. Качан кусуп жиберем деп чочулаймын. Жанагы сары-жашыл түстүү суюк кусундуну эстегенде жүрөгүм титирейт. Бирок бешенем тердеп көңүлүм ачылып калды эле баягы кесиптештерим бадырыңдын туздуу суусун куюп: «Шеф, эми мынаны ууртаңыз»-дешти. Ууртамак түгүл, шимирип салдым. Ошентип баягылар менен бөтөлкөлөш болуп кеттим. Шаардын кайсы жеринде эң мыкты пиво, кайсы жерлерде таза Арак сатылат, кайсыл Арактын спирти таза. Арактын аталыштарын жаттап бүттүм!
Корпоратив туулган күн, той, пятница-питница экенин да үйрөтүштү, ошентип Арак менин жашоомдун негизги болуп калды.
Ошондой отурушутардын эртеси бөтөлкөлөш коллегаларым эрте менен баш жазды кылып иш баштабай туруп жүздөн урабыз. Оозубуздун шилекейин аарчып
ишти мас абалда баштайбыз.
Байкасам акыркы убактарда ичпеген күн калбаптыр. Алгач маарекелерде дем алыш күндөрү, даталуу күндөрү ичсек, Кийинчээрек ар күнү салтка айландырып алдык.
Көбүрөөк ичкен күндөрү ишке чыкпай чайкана же саунага жатып алмайга өттүм.
Шоопурум маанилүү кагаздарды алып келет, ал кагаздарды окуп, окубай кол коймой, ошентип жүрүп запойго мен да кирип, бул илдет экенин мурда аңдабай жүрсөм, эми моюнга алууга туура келди.
Министрдин орун басары, менин орун басарыма чалып: «Началнигиң, эси барда этегин жаап ишти улантсын»- дегенге чейин жетип калдык.
Анан капельница алганга өттүк.
Көп күн катар ичип, өзүм билбей калчу болдум, капельницага жаткызып канымды Арактан тазалашат.
Көзүмө арбактары, өтүп кеткен тууган досторум көрүнө баштады. Кээ түнү башым ооруп ажатканада отуруп башымды көтөрсөм, эшик алдында өтүп кеткен ыраматылык атам менен апам баштарын чайкашат. Коркуп кетип, эми мындан арылбасам болбос деген ички күрөш арак менен алышайын дейт же ага алы жетпейт, себеби атың өчкүр аракка толук көз каранды болуп калганым болду.
Мурдагы келбеттен эч нерсе калбады. Адамдык касиеттин баарын Арак жутуп алды.
Арак ичкен күндөрдүн эртеси мончо, саунага баруу модага айланды. Шаардагы кайсы жерде кандай мончо, кандай сауна бар, билип бүттүм.
Элдер парга түшкөнү жуунганы, эс алганы барышса. Биз Арак ичкени барабыз. Чечинип, оронуп туруп Барга барабыз Аракты алабыз ошону менен парга кирип чыгып, бака шака болуп, мас болуп кирип, кайра ошол мас абалда чыгабыз.
Бара — бара бир жума, он күн катар баш көтөрбөй, тамак ичпей Аракты ашата ичип, ишке жумушка чыкпай, үй-бүлө, бала-чака, дос-тууган, колу-коңшу, ага-ини, унутта калды.
Бир күнү ээлеген кызматымдан бошотушту, аялым өчөшүп бала чаканы алып кайын журтка кетип калды.
Коллега бөтөлкөлөштөр бир айдай каттай берип Арак алып бере берип жадашты окшойт келбей да калышты.
Баягы Башкармалыктын мүдүрү болуп турганда, жакшы имам молдо акелер менен сыйлашып, анча мынча мечитке кирип алар менен кошо намаз окуп койчубуз.
Запой болуп үйдө жалгыз жашоодогу эрте менен чай ичпей Аракты карасам үйдө жок, мурун кийин алып келгендер ичилип түгөнүптүр.
Жакшы булгаары курткам бар эле ошону көтөрүп жакын жердеги дүкөнгө жетип разливке Аракка Кайыш Куртка алмаштырам деп турсам, Молдоке дүкөн ичинде экен, угуп калып мени таанып мени көздөй жөнөгөндө уялганымдан дүкөндөн качып жөнөдүм, үй айланып. Эми жерге кирип эле кеттим. Ойлоп көрсөм кичине уятым дагы калыптыр.
Анан тар жолго салып үй айланып имам молдокеден качып келатсам, бомждор Арак ичип олтурушуптур. Башым сынып эле калайын деп ооруп жатканга уят сыйытты жыйыштырып, туугандар жүздү куйгула десем. Мени карап таң калышты, кийим кечек таза, кебете кешпирим гана билдирип койду окшойт. Ыстакан толтура куюшту. Шашып көтөрүп ичип өхүлдөп отуруп калдым, башым ооруганы кичине басылды. Анан үйдөгү баалуу идиш аяк, эмеректер, колго тийгенин А ракка алмаштырып бомждор менен дос болуп кеттим. Айырмам анча мынча үйдө уктамай.
Ошондой бомж жашоом кайын журтка да жетип, сотко повестка келди.
Соттун чечими тез эле чыгып үй- мүлк экиге бөлүнсүн деп чыгып. Квартирамды сатып жарым акчасын аялым алып жок болду. Калган акчам, эмне болду билбейм, ичип -чычып жок кылдым.
Арак, деп жүрүп кеңкейип баардыгынан айрылдым.
Арактын азабыбы, бомж жашоонун образыбы, эки бомж кыштан чыкпай өлүп калды. Жакында жаныбыздагы Маруся деген бомж келин акыркы эки айда аябай арыктап он беш киле салмак таштады аш казанын кармап ыйлагандан, ооруканага эптеп көргөзсөк ашказанынан рак болуптур дегенде селдейип катып калдык.
Эми бул Арак адамды жейт экен, үй бүлөсүн бузат экен акырында барып ашказанды рак кылат экен, боорду чиритип цирроз рак кылып өлтүрүп жок кылат тынат экен…
Эми мен менин жашоомдо Арак калды, эми же ал мени жейт, же мен Арактан отказ кыла аламбы билбейм?
Баягы бөтөлкөлөш коллегаларым аракты деле ичип иштеп деле жүрүшөт, мага окшогондор бөтөш менен боордош болуп анын түбүнө жетем деп, түбүнө түшүп калганымы сезбей калыпмын.
Ошентип көчөдө калдым, үйдүн акчасын Маруся экөөбүз ичип жок кылдык.
Маруся Арактын азабынан рак болуп өлдү. Өз колум менен узаттым. Жүрөгүм атышып ыйладым, Марусядан да айрылдык. А рак деп жүрүп ким элем? Ким болдум?
Көчө безип, магазин дүкөндөрдү сагаалап калдым. 100 грамм Арактын кулу болуп калдым. Ошентип дүкөнгө келдим дүкөн ачыла элек экен күтүп отурсам баягы Имам молдо алдыман чыкты. Эми качканга кеч болуп калды. Мени тааныбай өтүп кетсе экен деп уяламын.
Антпеди жаныма басып келип,:» Жүрүңүз, тамак берейин, курсагыңыз, ач болсо керек «- дебеспи. Мен оюмда дават айтып, уялтып, насаат айтат деген жаным, жакшы сөздү укканга кулакка жагып ээрчип жөнөдүм.
Мечитке киргенде жүрүңүз деп сылык сүйлөп дааратканга киргизип, чечинип жуунуңуз деди. Аристондо ысык суу бар экен жуундум. Отургузуп сакал мурутумду алды, жаш баланы карагандай карап. Кийинейин десем туруп туруңуз деп, менин эскилиги жеткен кийимдеримди алып чыгып, башта кийилген бирок таза кийим алып кирди.
Аны кийип сыртка чыктык, мечиттин ашканасына алып кирип тамак берди.
Анан мечитке алып кирип, балдарга жардам берип коюңуз деп оозуму ачырды. Намаз оку а бу дей бекен десем, антпестен медреседеги балдар менен мечиттин атарабын шыпырдык. Кечке оюман арак менен -имам чыкпайт. Оозум кургап аракты эстейм, ошондой эле Имам молдо эмнеге мынтти деп башым катыйт.
Качып кетип калышка ыжданым чыдабады.
Ошентип арадан арак ичпеген биринчи жолу бир ай он күн өттү, медресенин атарабын жыйнап шыпырабыз, тамак ичебиз, балдар сабакка мечитке киришет, Мен кирбейм.
Имам кееде жаныма келип отурат ал акыбалымы ден соолугуму сурайт.
Аракты унутуп мээм сергип калды, башым деле оорубайт. Баардыгы жакшы сылык мамиле кылышат.
Кээде аракты эстеп койом, мечитти карап тобо кылам.
Сырткы дүйнөм арууланды,
эми ички дүйнөм напси менен болгон күрөш жакшы жагынаа оой баштап, Имам айткандай ынсап берди окшойт…
Эми буюруса, ак менен караны, адал менен арамды, күн менен түндү, жакшы менен жаманды, ысык менен суукту, оң менен солду, кыш менен жайды, бүтүн менен жартыны, эми жашым 54 кө чыкканда ажыратып калдым.
Имам айтат эч качан жакшылыктын кечи болбойт деп, ошол жакшылык ка умтулуп үмүт кылып күндүн чыкканына, таңдын атканына, ичкен суума, сүйүнүп жашап алдыга карай кетип жатам, өткөн өмүргө кейибейм, болушунча болду бокко чымын конду дегендей, жаман түш көргөндөй эле сезилет.
Эми бул алдыдагы жашоого сапар алдым…..
Соңу.