Пример HTML-страницы

ЗОНАДА ОТКОН ОМУР. 8-БОЛУМ

https://kyrgyzcha.site/?p=51541&preview=true Кызыктуу окуялар.

ЗОНАДА ОТКОН ОМУР.

8-БОЛУМ

*******

 

— Курган кыз, ону азып кетиптир,- деди Карабек алар кеткенден кийин кемпирине карап. — Азат да, ары барып эле бери келди го? — Кырсык деген ошо да, бийлик деп журуп куну бутту Бектурсундун, уйун бузду, жазасын кудай бергир, дагы башка кылмыштары болсо керек, адамдар оч албай койбойт да, бир районду ченгелдейм деди эле болбой калды. — Ач коз болуп калат тура чондорун, болгон сайын болсо экен деп эле араанын ачып турат экен шумдук. — Эмне болсо ошол болсун, кызыбызга зыяны тийбесин, -деп кемпир -чал бири- бирин карап ичкериге киришти. Бул омурдо баш кошкон жардын туболук бирге жашаганы кандай жакшы, Карабек м.н Шааркан экоо жети баланы бирге тарбиялап остуруп, ар бирине обок-жолок болуп, турмуштун ысык-суугун биргелешип тартып келе жаткан адамдар. Балдарынын ар бирине бакыт каалап, кудайдан тилеп келишет…

Арген уч болмолуу уйго киргенден бери озгорулду, бул уй баягы Шамбет жаныдан келгенде Артур белек кылган уй болчу, андан бери эч ким жашаган эмес, ичинде баары бар, телевизор м.н дивиди да турат, муздаткычта ата-энеси, таенеси берген тамак аштар турат. Кээде курсташтары келип суктанып калат. Арген бир аз керсейген муноз куто баштаган, окуусуна барган сайын Насыйкат м.н жолугуп экоо бирге сейилдешет. Бир куну: — Насыйкат, журу менин уйумо барабыз,-деди Арген кызды колдон ала. — Макул, крутой мырзанын жашоосун коруп коелу, — Насыйкат наздуу жылмайды. — Кеттик анда,- Экоо жетелеше Аудиге отуруп жолго чыгышты. Алар уйго келип киришкенде Насыйкат тангала: < Ата -энеси жакшы турат окшойт>,- деп ойлоп уч болмону коруп кайра чыкты. — Жаман эмес,- деп койду Аргенди карай. — Насыйкат, мен уйлонсом ушул уйдо турам, мен сага бир нерсе айтайынбы? — Кулагым сенде. — Мен бир кызды суйуп калдым, жардам берчи. — Кимди?- Кыз кызыга карады. — Бироону, азырынча жашыруун болсун. — Кантип жардам бермек элем, ачык айтпасан. — Мен ал кыздын мени суйоор суйбосун билбейм да. — Анда сен озунуп айтышын керек. — Качып кетсечи? — Эгерде сени суйсо качпайт, суйбосо созсуз сага жолобойт. — Чын элеби? — Албетте, озу суйбосо кереги эмне. — Мени суйобу же суйбойбу деп кыйнала берчу болдум. — Кыйналганча оюнду айт, анан билесин. — Эмне деп айтам? — Арген кызды коз кыйыгы м.н карады. — Суйом деп айтпайсынбы? — Айтуу кыйын болуп жатпайбы? — Кызыксын го, ошончолук эле уянсынбы? — Кат жазып берейин, сен берип койчу. — Жарайт, берип коеюн,- деди Насыйкат дароо эле, анын кызганычы жок, озгоруусуз макул болгонунан улам: < Бул мени суйбойт окшойт, жок дегенде чычалап же башкача болуп кетмек, мен суйгон м.н мени суйбосо кереги эмне>, — деп ойлонгон Арген мурдагы жазып койгон катты ал ажатканага киргенде сумкасындагы китебине сала коюп газга тамак жасаганы киришти. — Насыйкат, сен кино коруп отура бер, мен жегенге бирдеме жасайын,- деди ашканадан ун чыгара. — Ашпозчулук дагы жайын барбы? — Албетте, адам деген баарына конуш керек да. — Азамат, мунунду билсе сен суйгон кыз баш тартпаса керек?- деп жанына келип Насыйкат кулумсурой карады,- Ал кыз бул уйунду билеби? — Жо-ок, сага биринчи корсоттум, достор келип турат. — Арген. — Ийи. — Айтсан, ал кызды мен тааныймбы? — Тааныйсын. — Ким ал, айсан эми. — Жок, азыр айтууга болбойт, атам уйлон деп жатат, болбосо ала качам. — Суйлошпой элеби? — Мени тааныса болду да. — Кызык, ала качуудан адамдар коп жанылышат, билесинби? — Жанылышпайм, анткени аны мен суйом да, кыргыздар илгертен эле ал качып уйлонушкон, — деп Арген кулуп ишин уланта берди. — Озун билесин да, бирок кыз байкушка эмитен эле боорум ооруп кетти. — Эмнеге? — Оз каалоосу м.н эмес, зордук м.н куйоого тийээрин эстеп кеттим. — Эмне, ошол дагы зордук бекен? — Ананчы, айтпай туруп ыйлатып ала качканды элестет. — Сени бироо ала качса отурат белен? — Эч качан отурмак эмесмин. — Эмне учун? — Биринчиден мен аны суйбосом, экинчиден каракчыларча ала качканы учун. — Озуно жаккан жигит болсочу? — Билбейм, оюма да келбейт. — Ошончолук эле мерезсинби, Насыйкат? — Мерездикке жатпайт, озумду-озум коргошум керек да. — Мейли эми, экообуз суйлошкончо тамак бышып калды, устолго бара бер, мен азыр алып барам, — деп Арген кулуп койду эле Насыйкат ага жардам бермек болуп газды очурмок болгондо Арген экоонун колу бирдей кармап калды эле бири-бирин карап унчукпай туруп калышты да экоо тен кулуп жиберишти. — Сен чайнекти алып келчи,-деп Арген кызга карады. — Макул, жардамдашайын дегемин,-деп Насыйкат чыны чайнекти которуп устолго койду,- Сен абдан таза экенсин. — Мени таенем тазалыкка уйроткон. — Эмнеге, таенен бакты беле? — Ооба… — Ата-эненчи? — Алар окуп журушсо керек. — Аа-а, ошондой… — Кел тамактаналы, ачкадан кардым курулдап баратат,- деп Арген кызга карап козун ымдап койду,- Сен дагы ачка болдун го? — Ооба, ачка болуп кеттим. — Карынды тойгозуп анан бир аз сейилдеп келели ээ? — Ооба, андан ары мен уйумо кетем. — Узатып коем,-деди Арген, экоо тамактанып буткондон кийин. — Тамагын учун рахмат, — деп Насыйкат ордунан турду. Экоо уйдон чыгып жолго чейин барышты да Насыйкатты унаага салып ийип Арген уйуно кайтты, кыз уйуно жеткенче ойлоно берди: < Арген кимди суйот болду экен, мен сини жакшы кором деп кантип айтмак элем, суйгон кызын ала качууга даяр болуп турса менин тоскоол болгонум болбойт, андан коро жолукпай койгонум жакшы чыгаар, озумду пас кылып ага суйоорумду айтууга жузум чыдабайт, намысымды кантип кетирмек элем, мейли бактылуу болсун>, — деп уйуно конулсуз келди. Насыйкаттын дагы энеси огой эле, апасы бир жашында оорудан кайтыш болуп экиге чыкканда ушул апасына уйлонгонун кийин уккан. Бирок Нуруш ага огойлук кылган жок, андан кийин озу эки уул тороп алган, алар Насыйкатты жакшы корушот. — Кызым, бирдемеге капасынбы? -деди Насыйкатты коруп эле Нуруш. — Жок, эч нерсе болгон жок. — Эмнеге сабырын суз, кызым? — Жон эле апа, сурай бербенизчи, — деп Насыйкат ичкери кирип кетти. — Кызым,- деди Нуруш артынан кирип,- Атана кишилер келди, куда тушобуз деп айтышыптыр. — Ким экен?- деп апасын жалт карады. — Ким экенин билбейм, эртен келип жаныча сойко салып кетебиз дешкен экен. — Тааныбаган немеге мени атам бермек бекен? — Кызды сураганга… — Апа, мен буюм эмесмин! — Койчу кызым, эртен коросун да, балким сенин жигитин жибергендир? — Менин жигитим жок, апа. — Анынды кайдан билем кызым, атан конок кутконго даярдангыла деп кетти, сага дагы адеми кийим алып бер деди. — Эчтекенин кереги жок, мен окуумду бутмойунчо эч кимдин кереги жок,- деп Насыйкат ыйлап отуруп алды,- Атам менден тажаптырбы? — Ошондой болчу беле, кыз чонойгондо жуучулар келет, ата -эне ызааттап сыйлап куйоого узатат, бул ата-эненин милдети да, кызым. — Мага куйоонун кереги жок. — Атан келсин анан коробуз, кызым,- деп Нуруш чыгып кетти. Кечинде Эмилбек келгенде Насыйкат жинденип булкулдап. — Ата, мени кимге бергени жатасыз?-деди — Эмне болду кызым, жай суйлошсок болбойбу? — Эмнеге дейм, мен билбеген бироого эле бере салгыныз келеби, ата? — Сен билесин,- Эмилбек кунк эте торго отту,- Бирдемен барбы, карыным ачты. — Тамак даяр, азыр алып келем,- деп Нуруш сырткы болмодон ун катты. — Мени адам эмес эле буюм катары коросузбу ата, ал ким экен, мен кайдан билем аны? — Насыйкат атасын демитип кирди. — Отурчу, кызым. — Отурбайм, ким экенин айтынызчы? — Ыйлап кирди. — Нурланды тааныйсынбы? — Кайсы Нурлан? — Нурматтын баласычы. — Алар каякта экен? — Шаарда жашашат, Нурмат олгондон кийин баса беришпеди беле?- Эмилбек жай суйлоду,- Нурлан чон атасынын колунда осту да. — Болсо боло берсин, келбесин уйго! — Болду, ата-эненин кебин укпаган кыз болбойт, сени бактылуу болсо дейм да, эн кичуусу, атасы олгондо уч жашар эле бечара. — Ата дейм, келбей эле койсун, мен баары бир ага макул болбойм! -деп Насыйкат атасына эркелей тултун-бултун эте ички болмого кирип кетти. — Аа-ай атасы, кызынды ото эрке кылып койдун, эми уят кылбагай эле. — Уят кылбайт, кыз качан барам деп айтчу эле, эркелесе бизге эркелеп алсын, кийин куйоосундо кандай турмуш кутулоорун ким билет, байбиче, — деп Эмилбек ойлуу кунгуронду, — Кыз сыйды торкунунон гана корот, а турмушта ар кандай жашоо болот, кыскасы бактылуу болсун дегенден башка бизде жаман ой жок го, ошону бул балдар тушунбой кыйнайт го. — Капаланба, насиби жазылганын короор. — Ошол эмеспи, балалык кылып жатат, Тилек да бой жетти, эжесин узатсак анан аларга жол ачылат, Тилекти да уйлонтуш керек. — Ооба, ал деле жыйырмага чыгып калбадыбы. — Баш аман болсо жакшылык иш бутот байбиче, Сагынаалы агалар келсе жакшылап тосуп алалы,- деди Эмилбек, экоо конок жонундо суйлошуп отурушканда Насыйкат: < Нурлан жакшы бала, бирок мен аны суйбойм да, кантип ага турмушка чыгам, суйуусуз кантип жашоо болсун, атам айтканынан кайтчу эмес эле, анда эмне кылам, Арген башканы суйом деди го, тагдырым ушул болду деп унчукпай каламбы>,- деп ойлонуп жатты. Ойлонуп отуруп сабак окумак болуп китептерин конулсуз барактап, кайра дептерлерин алып жазмак болуп китептин белгиленген жерин ачып жатканда ичинен эки буктом кагаз жерге тушуп кетти: < Бул эмне кагаз>,- деп жерден ала коюп ачып окуп кирди: <Салам Насыйкат,- деп башталыптыр кат, — мен сага ар дайым оз оюмду айтам деп айта албайм. Кундо сени м.н бирге болгум келет, коргум келет Насыйкат, суйуу деген ушунчалык ыйык сезим деп укчумун, бирок мынчалык тез эле келээрин билбепин, корсо билинбей келет тура суйуу деген. Мен сени суйгонум м.н сенин оюнду биле албай жаман абалдамын, эгерде менин суйуумду четке каксан кандай абалда калаарымды билбейм. Насыйкат, мен сени суйом. А эгерде сен мени суйбосон кыйнабайм, суй деп жалдырабайм, болгону бактылуу болушунду тилейм. Насыйкат, эгерде сен дагы мени суйо турган болсон бир белгинди билдир, сен деп кусаланган журогумду кубантып суйуу отуна магдыратып нур жузундон кулкунду чачыратчы! Мен сени суйом Насыйкат. Арген>,- дегенди окуган Насыйкаттын журогу лакылдап, кубангандан жузу албырып эргип чыкты: < Кызык Арген мени суйот т6а мага тамашалап эле башка кызды суйом деп жаткан тура. Эми эмне кылам, атам Нурланга берем деп жатса кандай болот, Нурланга «мен сени суйбойм» деп эле айтышым керек, же суйгонум бар деп ачык айтсамбы>, — деп кубаныч м.н сары санаанын ортосунда отуруп окууга конулу чаппай жатып алды. Эртеси Эмилбек м.н Нуруш конок камын коруп жатты, Насыйкат сабактан кийин Арген м.н жолугушуп басып журду, бирок кат жонундо эч кимиси ооз ачпады. — Насыйкат, ата-энен кайда жашайт?- Арген коз кыйыгын сала суроо узатты, кыз аста жылмайып. — Шаарда эле турабыз,-деди. — Эжем бар дедин беле? — Ооба, ал атамдын карындашы. — Эн улуусу сенсинби? — Ооба, эки иним бар. — Жашы-ы,- деп койду Арген,- Окуунду бутсон шаарда эле иштейт экенсин да. — Ошондой го? — Бир соз айтайынбы? — Дагы бир кызга ортомчу бол демексинби? — Жок, угасынбы созумду? — Айта бер — Мен, мен… мен сени… — Айтпайсынбы? — Насыйкат анын оозунан кандай соз угаарын сезип турса дагы ага кыткылыктап кулуп сурап жатты. — Мен сени, ме-ен се-ени суй-оом! — Эмне, тамашанды койчу? — Чын айтам Насыкат, сенчи, сен суйбойсунбу? — деп Арген анын коздоруно унулду. — Арген, мага бугун бироолор кудалап келишет, кеч болуп калды го? — Ким, жигитинби ал? — Жо-ок, айылдагы коншубуз болчу. — Сен аны суйосунбу? — Жок-жок, суйбойм деле, атамдар суйлошуптур. — Сен суйбогон адамга барбайм дедин эле го? — Атам соз откоруп коюптур, олгон атасы экоо куда болобуз дешкен экен,арбак алдында созум адал болсун дейт, — Насыйкат жер карай суйлоду,- Атамды жер каратканым болбойт го? — Насыйкат, бул сенин чыныгы созунбу? — Ооба, артка жол жок экенин билем. — Кантип, кантип озун суйбогон адамга чыгышын керек? — Пешенеге жазганын коробуз да. — Пешене, пешенеге кандай жазганын ким билиптир, тагдырды деле бурмалоого болот, аларды келбей турган кылса болот, эмнеге пешенеге шылтап тим болушубуз керек, адам оз тагдыры учун курошууго акылуу го? — Арген куйуп-бышып жатты. — Арген, канчадан бери бирге журобуз, неге ошондон бери уйго киши жибермек турсун суйом деп айтпадын, качан гана куда тушоор алдында суйуунду тануулаганын болбойт, биз али жашпыз, келечек алдыда, ошондуктан дагы озубузду-озубуз коргоп калууга алсызбыз Арген, атама каршылык кыла албайм! — Кой коп созду, андан коро сен келе турган конокту токтотушун керек. — Кантип? — Ушинтип эле, келтирбеш керек, Насыйкат. — Андай болбойт, келип кете беришсин. — Анда сени мен алып качып кетем! — Жинди, ошондо эле тим коебу? — Уйго баргандан кийин бере коебузбу? — Корком Арген, ала качам дебечи,-деди. Арген кызды колунан бекем кармап алды, экоо ары тартышып, бери тартышканча туш ооп кетти. Акыры Насыкат уйуно жоноду, ал келгенде уйуно коноктор келип калган экен, Нуруш аны ичке киргизип жаны, адеми койнок кийгизип, чачын артына туйуп жасантып анын конок устуно киргизди. Насыйкат каршылыксыз кирип корсоткон орунга отуруп баарына баш ийкеп учурашкан болду, Нурматтын атасы жетимиш алтыда Сагынаалы кемпири м.н Нурматтын аялы эки улуу баласы аялдары м.н жети киши келишкен, Нурлан м.н сегиз экен, апасы кызды туруп келип бетинен ооп: — Кудай омур берсин кызым, бактылуу бол,- деди, анан салт боюнча кыздын кулагына сойко салмак болду, — Ата-бабабыздан калган салтты аркалап неберем Нурлан м.н туболук кол кармашып тутун булатып, ак уул, кызыл кыздын эне-атасы болуп, бир-бирине кудай кошкон жар болуусу учун кызга сойко салуу аземин баштайын,-деди эле Насыйкат тура калды. — Жок, мен каршымын! — Насыйкат, кой кызым,- Эмилбек жаман абалда калып кызына нааразы боло карады,- Кызым… — Наси, улуу кишилерди… — Улуу кишилер деп мен оз тагдырымды кайдыгерликке сала албайм, мен Нурланга кантип чыгам, бири-бирибизди жактырбасак кантип болсун, ата? — Айланайын, сени жакшы атанын кызы деп келип отурабыз. — Жакшы атаным кызы бактысыз болушу керекпи? — Нулан дагы тегин жердин уулу эмес кызым, назар сындырган болбойт,- деди Нурматтын аялы Сурма, — Биз дагы чын ниетибиз м.н силердин келечегинер учун кам коруп, алган келинибиз намыстуу, уяттуу болсун, уулубузду сыйлаган ыйбалуу келин болсун деп келип отурабыз. — Кызым, биздин назарыбызды сындырба,- деди чон энеси Алима. — Мени кечирип коюнуздар, жигитим бар, убара болгонунуздар учун кечирим сурайм,- деп дароо болмодон чыгып кетти. Эч кимиси ундобой отуруп калышты. Эмилбек сойгон коюнун этин тартып кечирим сурап узатты. Алар кеткенден кийин эне-ата экоо Насыйкатты ортого алышты. — Сен бизди уятка калтырдын Наси, эмнеге улууларды кактын? — Бойго жеткен кыз бироонун назарын сындырган болбойт, кийинкисин ойлош керек кызым, эми эмне болот? — Жигитим бар дейсин, кай жерден, кимдин баласы, кандай адамдын баласы, билбей туруп кийин окунуп калбайсынбы, жакшы жер болбой ыйлап калба,- Эмилбек ункуйо суйлоп жатты. — Ата, ким кайдан экенин сураган эмесмин, бирок мага жагат, юридикалык факультетте окуйт, тортунчу курста, алдында машинасы бар, озунчо шаарда уйу бар, ата-энеси айылда эки кабат уйдо турушат экен,- деп Насыкат Аргенден укканын айта салды. — Бар болсун, жок болсун, адам кадырын билген адам болсо болду го, эми кантебиз, Сагынаалы аба каргап койбосо болду, тайбастыгынды кылбай акырын жонотуп койгондо болмок, кары кишинин назары сынды, баласы олгондон кийин ушул уч небересин караан туруп жашап калышкан, жашсын кызым, тайманбайсын, — деп Эмилбек кейип тим болду, Нуруш сыртка чыгып кайра кирди, Тилек м.н Умот дагы кирди. — Озу каалабаганга эмнеге бермек эленер, кыйнабагыла да, азыр илгерки заман эмес,- деп Тилек унуройо атасын карады. — Макул эми, кудай бак берсин, оз бактысын тапса болду,- деди Нуруш. — Ошо да, бактылуу болсо болду, — Эмилбек да унчукпай калды, Насыйкат Аргенден ата-энеси жонундо сурамак болуп ойлонуп жатты…

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE