Кесиптик жумушума байланыштуу борбордон түштүккө карай жол тарттым. Мени узатып эки курбум да келишкен.
– Азыр эле жөнөп кетебиз, — деген айдоочунун сөзүнө ишенип, көпкө күтүп турууга аргасыз болдук. Акыры машинасына төрт жүргүнчү да толуп бүттү.
-Эми чындап кеттик,- деген айдоочунун үнү жайдары чыкты. Алдыңкы орундукта бир байке, арткы орундуктарга бир эже жана жаш кыз болуп, үчөөбүз олтурдук.
“Сапарыбыз байсалдуу болсун” деп, узак жолго ак тилек менен сапар алдык. Шаардан чыга электе бир үйгө кайрылып, айдоочу кийимин алмаштырып чыкты. Аны коштоп бир жаш келин колуна наристе көтөрүп чыкты. Алардын жүзүнөн сүйүп, айдоочу жылуу коштошту. Машинаны жүргүзүп жатып:
— Келинчегим жаңы эле көз жарган. Аларды багуу менин моюнумда болгондуктан, минтип кан жолдо күн кечирип жүрөм, -деген айдоочунун үнү кейиштүү чыккандай туюлду.
Анын айтымында айдоочулук кесипти аркалаганына 5 жыл болуптур. Өзү жаш болсо да, шаарда эки үйү бар экенин, биринде ижарачылар тураарын баса белгилеп айта
кетти. Аялы менен үйлөнгөнүнө 2 жыл болуптур.
Айтор, сөз уланып олтуруп, жүргүнчүлөр бири-бирибиз менен жакындан тааныша кеттик. Алдыда олтурган байке Ирандан келиптир. Бул жакта чакан бизнеси бар экен. Кыргызча таптакыр билбегени менен орусча өз оюн түшүндүрүүгө аракет кылып жатты. Жанымдагы жаш кыз Бишкектеги базарлардын биринде иштеп, ата-энесине жардам берет экен. Ал эми, эже шаардан дарыланып бара жатканын айтып, кеп учугун улай олтурду.
Өткөн -кеткенди айтып олтуруп жолдун жарымына да жете келдик. Зериктиби же тамаша сөз айткысы келдиби, айтор айдоочу жанымдагы Акберметке тийише сүйлөп, жалган каткырык салып жатты. Кандай максатта айтканын ким билсин, айдоочу бир маалда жанындагы байкеге:
— Мен аялым менен бирге жашабайм. Кызым үчүн гана аларга барып турам, — деп үн катып бизди таң калтырды. Болбосо жана эле жасакерленип аялы менен жылуу коштошуп жатпады беле. Анан да эч ким деле анын үй-бүлөсү жөнүндө эч сөз сураган эмес эле. Кан жолдо жүрүп жалган сүйлөгөн айдоочунун максатын билбесем да, ичимден жаман көрүп калдым. Үйүндө жаркылдаган жары, ширин кызы күтүп жатса, жөнсүз сөз сүйлөп жатканына ачуум келди. Кыязы, “айдоочуну жолдошум дебе” деген кеп жөн жеринен айтылбаса керек. Эже экөөбүз бири- бирибизди карашып, бирок үн каткан жокпуз. Мен го жашмын, бирок эже эмнеге сөз кошпогонуна түшүнгөн жокмун. Антпесе акыл сөзүн айтып, үй-бүлөнүн ыйыктыгын түшүндүрүп койсо болот эле деген ой мага келе калган. Же чын эле айдоочунун сөзүнө ишенгендир.
Ичимден “Жалган айтсаң, Кудай сага көрсөтөт го” деген ойго келип, терезени карап ойго чөмүлдүм. Бир аз өтпөй эле машина “тык” токтоду. Эмне болгону белгисиз, айтор машина бузулуп калды. Ээн талаада бузулуп калгандыктан, суу таппай айдоочу көпкө убара болду. Жарым сааттай жолдо туруп калдык. Акыры жолдон өтүп бараткан машинанын айдоочусунан суу алып, машинасынын тетиктерине куйду эле иштеп калды. Биз кубана машинага түшүп, сапарыбызды андан ары уладык. Бирок, жарым саат өтпөй эле машина дагы бузулду. Бул ирет суунун боюнда токтогондуктан, бат эле жүргүзүп кетти. “Ою жамандын, жолу жаман болуп” айдоочунун жаш кызга тийишем деген чолок ою, машинанын бузулушу менен коштолду. Баягы шайыр айдоочунун сөзү үзүлүп эмне кылар айласын таппай бара жатты. Акыры машина оңдоочу жайдан бир сыйра каратып алып, сапарыбызды ары карай уладык. Бул учурда түн да кирип калган.
Кайрадан жүзүбүздө күлкү ойноп, сөздөрүбүз көбөйүп келе жатканда, машина дагы бузулду. Машинаны оңдошуп жүргөн ирандык байке “Бул ирет катуу бузулду. Аны оңдоо үчүн көп убакыт талап кылынат”, деп айтып, жолдон башка машина тоскону кетти. Ал эми айдоочу болсо “Дагы күтө тургула, бир аздан кийин оңдолуп калат” деп эч камырабай бизди тынчтандырып койду. Бат- баттан машинанын бузула бергенинен көңүлүбүз калгандыктан, анын сөзүн кулагыбыздын сыртынан эле кетирип койдук. Ошол учурда жол тосуп кеткен байке, бир машина токтотуп келиптир. Биз сүйүнүп эле жаңы табылган машина менен кетүүгө макул болдук.
Биз олтурган машинанын айдоочусу аял экен. Жанында 7 жашар баласы жүрөт. Назира эже абдан шайыр, сөзгө чечен аял экен. Ал бул жакка товар ташып иштээрин айтып, жолдошуна кетип бара жатканын кошумчалады. Сыр түйүнү чечилди Сөзүбүз уланып, кайрадан түн катып сапарга чыктык. Айдоочу эженин мүнөзү ачык болгондуктан биз менен бат эле таанышып алууга да жетишти. Дал ушул учурда курбу кызым телефон чалып калды. Ал улам машинабыз бузулуп келе жатканынан кабардар болгондуктан,
тынчсызданып, мага бат- баттан байланышып жаткан.
— Ким, жигитиңби? –деп, күлүп сурап калды Назира эже.
— Жок, курбу кызым. Менден кабатыр болуп жатат, – деп курбума ыраазы боло жооп бердим.
— Ээ, достун да досу болот. Жаштыкта тапкан досторумдун не деген гана кылыктарын көргөн жокмун. Өзүң журналист экенсиң, өзүмдүн тагдырымды баян кылып, айтып берейин. Жашоомдун үзүмдөрү балким, сага даяр маалымат же тагдырым жөн гана силерге сабак болоор. Узун жолду кыскартып өмүр баянымды айтып берейин,- деп Назира эже кеп учугун улады.
Мен да кезинде мөлтүрөгөн жаш кыз элем. Жигиттер көп сөз айтышкандыктан, алардын жакшы сөздөрүн кулагымдын сыртынан кетирип койчумун. Ошентип жүрүп бир жигитке кезиктим. Ар күн сайын мени гүл менен тосуп жүрүп, көңүлүмдү бат эле жибитип алды. Беш ай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, чакан той берип баш коштук.
Турмушубуз бир калыпта өтүп жаткан. Бир күнү курбум үйгө келип калды. Бетинин баары көк-ала. Ыйлап олтуруп, күйөөсү уруп салганын, үйүнөн биротоло чыгып кеткенин айтып берди. Боорум оорум “биз менен чогуу жашай бер” дедим. Күйөөм да каршы болгон жок. Менин курбума да камкордук көрсөтүп жатканына жолдошума ичимден ыраазы болуп калдым.
Жолдошум экөөбүз эртең менен кетип кечинде жумуштан чарчап келебиз. Асыл “туруктуу жумуш тапкыча үйдө эле болуп турайын” деген. Кечкиге тамак жасап бизди жылуу маанайда тосуп алат. Анын биздин үйгө келгенине 3-4 ай болуп кетти, бирок иш издеп убара деле болгон жок. Көңүлүнө кетпесин, деп мен да унчуккан жокмун.
Бир күнү жумуштан эрте чыгып келсем жолдошум экөө каткырып, үйдү үч көтөрүп жатышыптыр. Кирип келгенимди байкабай
калышкан окшойт, мени көрүп чочуп кетишти. Көңүлүм кирдеп турса да сыр берген жокмун. Ошондон
көп өтпөй эле жолдошумдун мага катуу сөз айтып, көңүлүмдү оорутканы көбөйдү. Бир ирет колу да тийди. Мен жолдошумдун жосунсуз жоруктарына көпкө чыдадым. Ал эми курбум эч сыр бербей, ичинен тымпыйып биз менен бирге жашай берди.
Ошол күндөрү кошуналарымдын “Назира күйөөңдү жакшылап карасаң боло. Сен жокто курбуң менен жалгыз калтырбай” деген, табышмактуу сөздөрүн көп уга баштадым. Көзүм менен көрүп, колум менен кармап албаган соң, курбум менен жолдошума жаман сөз тийгизгим келген жок.
Тагдырдын бороону мени күтүүсүздөн урду. Бир күнү жумуштан келсем, курбум столду майрамдагыдай кылып жасап коюптур. Көп өтпөй жолдошум да үйгө келип калды. Үчөөбүз бирге тамактанып жаттык. Мен да үн каткан жокмун. Экөө болсо бирин-бири сырдуу карап, өздөрүнчө эле көз ымдашып жатышты. Ортодогу оор тынчтыкты жолдошумдун үнү бузду:
— Нази, турмушта ар кандай болот экен. Бизди кечир, курбуң экөөбүз сезимдерибизге баш ийе албай калдык. Сага оор болсо да, чындыкты айтууга туура келет. Биздин көңүлүбүз табышып калганына эки айдай убакыт болуп калдык. Мамилебизди сага кантип айтууна билбей көпкө ойлондук. Сени сүйбөгөн соң, өзүмдү кыйнап сен менен жашай албайм.
Үйдү экөөбүздүн эмгегибиз менен сатып алганбыз. Бирок, менин атыма жазылган. Ошондуктан үй бизде кала берсин. Сага каалаган акчаңды берем…
Жолдошумдун сөздөрүн угуп, таң калганымдан өзүмдү коёрго жер таппай калдым. Пейилинин терс жакка өзгөргөнүн көрүп бир да сөз сүйлөй алган жокмун. Менин бактымды тебелеп, жер менен жексен кылган арсызга теңелгим да келген жок. Анча-мынча кийимдеримди көтөрүп, үйдөн чыгып кеттим. Андан башка аргам да жок эле.
Курбум болсо уялып калыштын ордуна мени тикирейе карап:
-Күйөөңдү тартып алды, деп ойлобо. Сен бере албаган жылуулукту менден алган соң, сага көңүлү чаппай калды. Мындай болушун мен да каалабаган элем. Бирок, мен өз бактымды биринчи орунга коём,- деп айткан акыркы сөзүн угуп, мен үн катпай чыдап тура алган жокмун:
— Арсыздыктын да чеги болот. Бирөөнүн көз жашынан бакыт кура албайсың. Бул чындык. Ач көздөнбөй, адамдык сапатыңды да сактап калсаң болот эле. Сага жолдошум эмес, биздин үй керек экенин мен айттырбай түшүнгөнүм менен келесоо жолдошум сага алданып олтурат. Аны мен аябайм, анткени ал ошого татыктуу болгондуктан мени азапка салып койду. Биз жолугабыз, бирок ал учурда менин эмес, сенин көзүңдө өкүнүчтүн жашы болот, -деп ыйлаган боюнча өз үйүмдү таштап чыгып кеттим.
Болгон окуяны бир тууган эжеме айтып, анын үйүндө туруп калдым. Бекер олтурбай, тикмечилик менен алек болдум. Ишим жакшы жүрүшүп, кардарларым да көбөйө баштады. Үч жылда чакан ишкана ачып, кыздарга жумуш бере баштадым. Жумушум жакшы жүрүп жатканы менен жеке жашоом аксап турчу. Анткени, убакыт өтө электе турмушка чыгып, балалуу болуу керектигин көңүлүмө алып койгон элем. Ошондой күндөрдүн биринде мага сезимин айткан мырзалардын арасынан токтоо мүнөздөгү бир адамга токтолдум. Сулууга кызыккандар көп болот турбайбы, турмуштан ажырашып келсем да сөз айткан жигиттердин аягы суюлбайт эле.
Бирок, алардын арасынан көңүлүмө жаккан адамдын бардык сапаты мага жакшы көрүнүп туруп алды. Экинчи ирет турмуштан жаңылгым келген жок.
Ошентип, экинчи ирет турмушка чыгууга бел байладым. Алгачкы күндөрү
жолдошум экөөбүз абдан бактылуу жашап жаттык. Анын да иштеген жумушу бар. Мен өзүмдүн жумушум менен элек. Тун кызыбыз жарык дүйнөгө келгенде абдан кубанып, дос — туугандарыбызды чакырып той да бердик. “Какаганга муштаган” болуп, экинчи жолдошумдун да мүнөзү көп өтпөй өзгөрүлө баштады. Күн алыс эле арак ичип келип, мага колун да тийгизе
баштады.
Мен экинчи ирет жаңылганымды түшүндүм. Бирок, кеч эле. Кызым үчүн жашайм деп, жолдошумдун кыялын көз жаздымда калтырууга туура келди. Анын үстүнө ичип келген күндүн эртеси менден кечирим сурап, “экинчи ичпейм” деп сөз бергенди да унутпайт эле. Жакшы күндү көргөнүмдөн кайгым көп болуп, кызымды боорума кысып кейиштүү турмушта жашай бердим.
Жолдошум бир күнү адатынча мас болуп келип “кой” дегенге болбой, мени ургулай баштады. Ошол маалда кызым ыйлап калды. Эс-акылын арак менен ичип койгон күйөө сөрөйүм кызым жаткан жерине тамтаңдап барды да “Апаңдан көрбөгөн жакшылыкты сенден көрмөк
белем” деп, буту менен тээп жиберди. Чыркырап барып эле кызымды басып жыгылдым. Жанатан бери ыйлап жаткан кызымдын үнү тып басылды.