Пример HTML-страницы

ЖИГИТИМДЕН ӨЧ АЛУУ МАКСАТЫНДА АГАСЫНА ТИЙИП АЛДЫМ.

https://kyrgyzcha.site/?p=54706&preview=true Кызыктуу окуялар.

ЖИГИТИМДЕН ӨЧ АЛУУ МАКСАТЫНДА АГАСЫНА ТИЙИП АЛДЫМ.

 

 

 

 

Бишкекке келип окуп жүргөнүмө үч жылдын жүзү болгон. Бул үч жылдын ичинде кандай гана кызыктуу, ызалуу, күлкүлүү окуялардын күбөсү болбодум. Түрдүү кыздар менен дос болуп жүрүп, акыры Наргиза аттуу кыз менен чыныгы дос болдум. Экөөбүз бири-бирибизден ажырагыс достордон болуп калдык. Ысыгыбызга күйүшүп, суугубузга тоушуп, кай жерге барбайлы, ар дайым эгиздердей ээрчишип жүрөбүз. Күндөрдүн биринде Наргиза үйдө жалгыз экенин айтып, мени үйүнө ээрчитип барды. Экөөбүз өткөн-кеткенди сүйлөшүп көчөдө сейилдеп жүрүп, кеч киргенде үйдү көздөй жөнөдүк. Жол четинде турган дүкөнгө кайрылып, чай менен ичкенге таттуу-паттуу алганы кирдик. Дүкөндүн босогосун аттаарыбыз менен Наргиза мени бөйрөк тушка нукуп жиберди. Көрсө мурдатан Наргизага жагып жүргөн Улан аттуу бала досу менен ошол жерде турган экен. Экөө учурашкан соң, биз алчубузду алып, чыгып баратсак, Улан: «Наргиза, токтосоң» деп калды. Биз ошону эле күтүп тургансып токтоп калдык. Наргиза бизге карап «Таанышып алгыла» деди. Улан менен таанышып болгон соң, жанындагы жылдыздуу жигитке карап «Бактыгүл» деп кол сундум. Ал дагы менин колумдан кармап, «Максат» деп жылмайып койду. Эмнегедир экөөбүз бири-бирибизди кайра-кайра карашып жаттык. Көздөрүбүз менен сүйлөшүп жаткансыдык. Төртөөбүз эски тааныштардай болуп каткырып күлүп, күүгүм кирген көчөнү шаңга бөлөп келе жаттык. Эшик суук тартып калгандыктан, бир аз чыйрыгып кеткем. «Колум үшүп кетти» деп жиберсем, Максат жылытып бермекчи болуп колумду кармады. Анын алаканынын жылуулугу мени магдыратып баратты.

Убакыттын кандай өткөнүн да байкабай калыптырбыз. Кеч кирип кетиптир. Коштошуп, үйгө тарайлы деп жатсак, Улан менен Максат «Эртең да жолукпайлыбы» деп калышты. Ошентип, күн сайын жолугушуп туруу биз учун адат болуп калды. Бири-бирибизди көрбөй калсак, сагынышып кетебиз. Нооруз майрамына жакын Максат бизди квартирасына конокко чакырды. Дасторкон үстү дүйүм тамакка толгон. Менин көңүлүм жаз күнүндөй ачык эле. Тост артынан тост айтылып, кезек Наргизага келди. Эмнегедир анын көңүлү бүгүн суз сыяктуу сезилип жаткан. Ал өйдө болуп эле, «Достор, менде бир жаңылык бар» деди. Баарыбыз эмне айтаар экен дегенсип аны кызыгуу менен карап калдык. Бул жаңылыкты Улан биринчи угуш керек деп, Уландын кулагына бир нерсени шыбырады. Ал ордунан ыргып туруп эле Наргизаны кучактап бетин өпкүлөп кирди. Мен жакында ата болот турбайынбы деп сүйүнүп жатты. Көрсө, Наргизанын боюнда бар экен. Ошол жерден эле алар бир жумадан кийин айылга той өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алышты. Ошол күнкү майрам ого бетер шаңга бөлөндү. Мен да алардын кубанычына ортоктош болуп иче берип бир топ эле кызып калган элем. Максат экөөбүз өзүнчө бөлмөгө кирип сүйлөшүп отурганбыз. Ал мага: «Көрдүңбү, Улан менен Наргиза кандай бактылуу, экөөбүз качан ошолордой болобуз? Мен деле сени алам» деп өпкүлөп жалынып жатты. «Качанкыга чейин өзүбүздү тыябыз, баары бир мен сени алам. Ак жоолук салынып, менин ак никелүү жарым болосуң. Эртеби, кечпи баары бир ушул «ишке» барабыз да» деп мени көндүрүп жатты. Акыры мен анын айтканына көнүп, өзүмдү биринчи жолу Максатка тартууладым. Эртеси ойгонсом, шишип калыптырмын. Денем оорлошуп, башым айланат. Максат болсо эч нерсени сезбестен уктап жатты. Мен эч кимге билгизбей көз жашымды көлдөтүп ыйлап алдым. Мен эле эмес, баарынын эле баштары ооруп калыптыр. Кечээги ичкиликтен болуш керек. Максаттын негедир көңүлү суз. «Азыр жумуштан байкем келет, тезирээк кетеличи» деди. Мени болсо «Баку, сен эмне турасың, үйдү бир сыйра ирээтке келтире салчы» деп кабагын бүркөй сүйлөдү. Мен анын бул мамилесине ичимден таң калдым. «Кечээ эле жалынып жатты эле го, бул эмнеси?» дедим. Ошол күндөн баштап анын мамилеси такыр өзгөрдү. Кааласа келет, каалабаса келбейт. Катуу сүйлөп мени көп урушчу болду. Тескерисинче мен ага көз каранды болуп калгансыдым. Наргиза менен Улан айылдан келишкен соң бактылуу жашап калышты. Бир күнү Наргиза мени үйүнө чакырып чай берип отуруп, «Максатка ишенбе» десе болобу. Мен «эмнеге» дегенсип аны суроолуу тиктеп калыптырмын. «өткөндө Максат биздикине келген. Улан экөө сүйлөшүп отурушкан. Мен тыңшасам сен жөнүндө сүйлөшүп атышыптыр. Улан «Бакуну Таласка качан алып барасын?» десе «Койчу дос, ал экөөбүздүкү жөн эле оюн да, мен аялды үйгө кыз бойдон алып барышым керек» деп күлдү» дейт. Ошол жерден эмне кылаарымды билбей кызарып-татарып отуруп калыптырмын. Бул окуяга кимди күнөөлөөрүмдү билбей ичимден бушайман болуп жаттым. Бугумду көз жашымдан чыгардым. Наргиза болсо мени сооротуп жатты. «Баку, менде бир идея бар, угасыңбы?» деди ал. Мен ыйлап жатып жаш балача башымды ийкедим. «Сен эми андан өч алышын керек» деди ал өкүм үн менен. «Кантип?» дедим ага суроолуу карап. «Билесиңби, баягыда Максат Азамат деген байкем бар деп айтып жатпады беле? Ошол жакында үйлөнөт деп атышкан. Аны менен сен тааныш» деди. «Таанышып алып эмне кылам?» «Ага жагууга аракет кыл».

Ошентип, мен ага «тузак» тартуунун планын иштеп чыктым. Телефон аркылуу Азамат менен тааныштым. Жагымдуу, назик үн менен сүйлөп, аны арбап жаттым. Бир күнү Азамат мени жолугууга чакырды. Токтоосуз макул болдум. Аябай даярданып, жасанып бардым. Кыскасы, Азаматты сүйдүрүүгө аракеттендим. Максат менен жүргөн учурдагы каталарды кетирбегенге тырыштым. өзүмдү абдан тыкан кармап, жагымдуу сөздөрдү сүйлөп жаттым. Акыры менин максатым орундалып, Азаматтын сезимине орноп калгансыдым. Ал мени жал-жал карап жанымдан чыккысы жок. Быйыл окууну аяктаарымды айтканда ого бетер сүйүнгөнсүдү. Жакында үйлөнүү тууралуу планын да жашырбады. Ал менден сегиз жашка улуу эле. Ошондуктан мени бөпөлөп, абдан сыйлап жатты. Ошентип, аны менен таанышканыма бир ай убакыт болду. Бир күнү ал менин колумду сурады. Мен кыз белгим жок экенин жашырбай эле айттым. Ал менин ачыктыгымды баалап, «өзүң мени сүйсөң болду» деди. Эки айдан кийин Таласка той өткөрмөкчү болдук. Көптөн күткөн күн да келди. Жолдо баратып Максатты эстеп көзүмдөн жаш тегеренди. Себеби аны чындап сүйүп калган элем. Бүгүн аны көрөм деген ой келгенде жүрөгүм алып-учат. Ушул той Максат экөөбүздүкү болсо кана деп ойлогондо ичим туз куйгандай ачышат. Тез эле Азаматтын айылына жете келдик. Дарбазага жакын калганда айдоочу сигнал берди. Топтошкон эл, ак жоолукчан апалар, самоор жаккан балдар, «келин келди, келин келди» деп чуркаган жеңелер, боорсок менен эттин жыты…

Мен машинеден түшүп жатып ыйлап жибердим. Эл менин ыйлаганымды кыз кылыгы деп түшүнүштү. Ичимдеги арманымдын түйүнүн ким билсин. Бирок Максаттын мени алдап кеткенин эстегенде кайрадан баягы өч алам деген ой мээме кыттай уюду. Ак босогону аттап, ак жоолук салынгандан кийин баягы тааныш жалжылдаган көздөр мени тиктеп турганын сездим. Ал Максаттын көздөрү эле. Эч нерсени түшүнбөй элейе карап калыптыр. «Бул кайниң болот» деп Азамат Максат жакка кол жаңсады. Иштин чоо-жайына эми аран түшүнгөн соң, Максат эч нерсе деп айта албады. Мен болсо аны «ушуну көрмөксүң» дегендей шылдыңдай карадым…

Азыр болсо жашоо өз нугунда өтүп жатат. Максат экөөбүздүн мамилебиз бар экенин, кыз белгимди ошол алганын Азамат билбейт. Кээде ойлоп өзүмдү күнөөлүү сезип кетем. Максат дагы эле үйлөнө элек. Кыздардан көңүлү калган сыяктуу. Мен болсо жакында экинчи баламды төрөйм. Азамат көзүмдүн кареги менен тең айланат. Баары мен каалагандай болду. Бирок баары бир Максатты эңсей берем. Кээде экөөбүз бири-бирибизди үшкүрө тиктеп калабыз. Эми өкүнгөндө не пайда…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE