- Арстанбектер келгенде Султанбек менен Зайракан эчак жөнөп кетишкен. Келгендер балдардын сөзүн угуп кайра тартышты. Зайракан шаарга келгенде Султанбекти түз эле Қасымдын үйүнө баштап келди. Касым жаңы эле түшкү тамакка келип олтурган экен. Ракыйма куда-кудагыйын көргөндө эмне кылаарын билбей эси оой түштү.
Салам айтып учурашууга да жараган жок. Чуркаган бойдон үйгө кирип жок болду. Ал Қасымга кабарлаганы буту үзүлгөнчө жүгүрдү.
— Бол кокуй, чаап алуучудай болуп келининдин ата-энеси келип калды. Жосуну жок, тексиз акмактар десе, саксайышып кызынын аркасынан ата-энеси да келеби? Келин-кесеги жок беле булардын.
Султанбек менен Зайракан эшиктен көрүндү. Қасым кыпкызыл болуп тамылжып кетти. Ал жарашыксыз күлгөн калыбында күнөөлүү немедей меймандардын астын тосо басты.
— Секет кетейин таажезде, тайэжем экөөңөргө тең кулдугум бар. Аз айып, көп күнөөм болсо кечиргиле. Мен бул ишти силерге
ишенип жасадым. Көңүлүмдү оорутуп, жүрөгүмдү сыздатпайт го дедим. Чалкамдан жатып берейин, көөдөнүмдү жарып тойгончо жеп, тойгондон кийин кааласаңар сөөгүмдү итке салып бергиле, кың десем кудай урсун. Толкунтайды өзүм бала кылып алдым. Бирок, өз каалоосу менен…
— Қалп айтпагын
Толкун өз каалоосу боюнча келген жок. Қана баатыр, сыйыңар менен баламды алып чыгып колума салып бергиле.
Болбосо тирүү кетет экен деп ойлобогула. Же сенин же менин каным төгүлөт.
Қасым Султанбектин сүрүнөн даай албай, Зайракандын астына чөгөлөдү.
— Он ай көтөрүп, омурткасы сыздап кызды төрөгөн сизсиз тайэже. Башым тартуу, малым тартуу. Достон көп душманым бар. Ошолордун арасында бетимди кара кылбагыла. «Қоюндан төгүлсө кончко» дейт. Кечирим сурайм,кеңдик кылгыла.
Туурадан Ракыйма оолуга баштады.
— Сен Касым, эр өлтүрүп кунга калган немече мөгөдөй салбырайсың да. Андай кыйын экен, катын болуп эчак бара-чарасы чыккан
кызын кайра алып кетип көрсүн булар. Айтпаса адамдын жанын кашайтат. «Ит менен куда болсо, бок менен той болот», деген ушул.
Булар сени тирүүлөй жечү немелер го. Алып кетем десе, ар жакка колуна салып берип жанын тындырбайсыңбы. Ушулар сага куда-сөөк болуп чекемди ысытат деп турасыңбы? Көргөн-өскөнү жаман жетесиздер, арзан-кымбатты билеби. (Ракыйма манаптын кызы болучу.
Ал эрден чыгып келгенде Касым алардын жылкычысы боло турган.
Ошол кезде Қасым менен Ракыйманын көңүлү жакын болуп калат.
Боюнда болот. 1917-жылы Қасым ыктыярдуу отрядга өтүп кетет. Аял ата-эне, ага-тууганды таштап жигиттин аркасынан ай-күнүнө жетип
калган кезде издеп жөнөйт. Отрядга жетери менен эркек төрөйт. Ошентип тагдыры бала менен байланышкан Касым Ракыйманы аялдыкка алат). Ал кудагый, куда кызыңар Самат экөө сүйлөшүп, сүйүшүп
алып өзү качып келди. Келген келинди кет демек белек…
Ох Башкасынан да «катын болуп бара-чарасы чыккан кызыңды» деген сөз ата менен энени ок тийгендей шалдыратты. Зайракан
бир убакта Султанбекти караса, мурутун кайра-кайра чыйратып калыптыр. Көздөрү чөйчөктөй болуп, кара сур жүзү бир заматта самандай саргайып кетиптир.
Эcтүү аял Султанбектин кебетесин көргөндө эсине келе түштү.
«Чын эле балалык кылып Толкун өзү качып келип жүрбөсүн» деген ой, эненин алоолонгон жаралуу жүрөгүн ого бетер кансыратты.
«Ырас эле мына бул сары шайтандын тайманбай чоң сүйлөгөнүнө караганда Толкундун өзүндө кеп бар болсок керек» деп ойлоду.
Султанбектин ызалуу чыккан үнү барк этти.
— Канткен менен ата менен энеге бала кымбат. Ичке баткан бала тышка да батат. Тилиңди жыландай соймоңдотпой, кызымды
азыр алып чык. Бир эр эмес, он эрден чыксын маа десе, баламды сенин колунда бир түнөтпөйм. Силер менен сүйлөшчү жерим башка.
Тектүү жерден сөөк күткөнүңдү мен кой деген эмесмин. Баятан берки уу тилиң сөөгүмдөн өтүп, чучугума жетти. Касым эмес дөө болсо
да агара турган жылуу жерим калган жок — эми. Дагы мага уялбай тамырандап коёт, жүзү кара жалакор. Чачындан сүйрөп чыгып, тилиңди кесе элегимде Толкунду алдыма алып келип көзүмө көрсөт. —
Султанбек Ракыйманы качырып сала берди. — Сенден келген ажал болсо акка мойнумду сундум.
«Кокуй, кокуй, жеди, жутту» деп долулана кыйкырган аял бурчка барып тыгылды. Ал тилин тарткан жок. «Шорум, шорум, Кутулбас куяга туш кылган экенсиң го, мойнуң үзүлгөн Самат». Зайракан Султанбек менен убара. Қасым болсо аялын жаактан
ары бир коюп, эшикке сүйрөп чыкты.
Мурдагыга караганда кайратынан жанып, жоошуй түшкөн Зайракан Касымга күчөнүмүш болду.
— Болуптур анда, Толкунду көзүбүзгө көрсөткүлө. Өзү менен бетме-бет сүйлөшүп армансыз бололу.
Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин бутуна кончу узун, бийик така кара ботинка, кара кыжымдан беш мант, кош этектүү кызыл
жибек көйнөк кийип, башына ак бөртмө жоолук салынган Толкун эки аялдын коштоосунда кирип келатты. Ал ата-энесин көргөндө
түз жерден бети менен кете жаздап барып оңолду. Қыз башындагы жоолугун алып ыргытты.
– Э-не-ке-бай, а-та-ке! Мен силерди чын эле тирүү көрдүмбү.
Толкун андан аркы сөзүн айталбай ата-энесин бакырып барып баса жыгылды. Көз жашы көлдөп, мурдунун суусу булак болуп, ботодой
боздоп жатты.
Эне кызынын бетинен өптү. Анын былбырап бошой түшкөн жаак эти оозуна келди. Бүткөн бою дүр дей түшүп, жүрөгү оозуна тыгылды. Ага Ракыйманын жанакы айткан сөзүнүн чындыгы бардай сезилди.
Ачуусуна чыдабаган Султанбек Толкундун жерде жаткан жоолугун бурдай кармап туруп бет алды ыргытты. Анын бир чети жүдөп,
бир чети өңүнөн аябай аза түшкөн көрүнүшү ата көөнүн оор кайгыга салды. Қызынын жайнаган айдай нурун бирөө уурдап кеткендей
көрксүз көрүндү. Көздөрүнүн алды көөп, көгөрүңкү. Балбылдаган коймолжун кара көздөрү ойлуу да, армандуу да. Зайракан эки колдоп кызынын маңдайынан, үрпөйүп турган көкүлүнөн сылап, үйрүлө сүйлөдү.
— Айтчы каралдым, кандайча мындай болуп калды? — Кыз солкулдай берди. Эне суроонун үстүнө суроону жаадырды. — өз каалооң
менен келдиңби, же күчкө салып алып келиштиби? Түшүндүрчү тезирээк, жүрөгүм жарылып кеткени турат.
Толкун башын чайкады. Ата чыдай албай кетти көрүнөт, ал қолун» катуу силке, эшикти көздөй эки-үч кадам басып барып, кайра бурулду.
— Жанакы иблис жүрөгүңдүн үшүн алып бүтүргөн го. Тилден калган немедей жалдырап ыйлай бербей айтпайсыңбы? Энең экөөбүз
бул жерге тезек тергени келиптирбизби?
— Қаралдым атаке ай, эмне айт деп жатасыз. Иши кылып Шорум бар экен. Булар мени ооруканадан чыкканда алдап алып келишиптир. Үйүңө өзүбүз жеткирип коёбуз, деген сөзгө ишениптирмин.
Анан күч колдонуп жатышып, ушул күнгө кириптер кылды. Толкун мурдагыдан да катуу ыйлады.
Сени алып кеткени келдик. Кетесиңби же мында каласыңбы?
Узун сөздүн кыскасы ушул, кызым. Кетем десең алдагы үстүндөгү тигилердин кийимин бүт чечип берип, өз кийимдеринди кий. Мындай шайы-шалпарсыз эле оокат кылабыз. Түкүрдүм булардын байлыгы менен чоңдугуна. Иликин, өз каалооң менен келген күндө да, жанакы сары канчыктын кемсинткен сөзү үчүн экинчи буларга сенин көйнөгүндүн этегин карматпайм. Бул үчүн кудай алдында да, арбак алдында да убада берем. О-о, жүзү каралар эй. — Султанбек тишин кычырата чайнады.
— Зордукчулар эй. Тфу.
Атасынын кайратына кубанган Толкундун көзү чайыттай ачылып, өзү тириле түштү.
— Бул жерге душмандын колуна мүнөт да тургум келбейт. Кетем, атакебай. Силерден бөлүнүп калып тозокко дагы түшкүм келбейт. Таштабагыла мени.
Зайракандын аккан жашы көкүрөк ылдый куюлуп, этегине тып-тып та амп жатты.
Шордуу балам ай, мындан көрө бизди өлтүрүп неге кетпедиң.
— Энекебай, мени күнөөлөбөңүзчү. Бардыгын жасаган Самат менен Ракыйма. Қасым агада кенедей күнөө жок. Же мен үйгө кайра
кетсем, Султанбектин кызы эрден чыгып келиптир деп ушак кылышабы? Булар ошентип айтышты мага. Атам экөөң айткылачы, мен
эми эмне кылышым керек?
Жүрү кетебиз. Айткан эл айта берсин, деген эл дей берсин.
Кыздын жүзү жадырай түштү.
– Чын айтып жатасызбы? Эл ушактаса эчтеке болбойбу? Кокустан атам экөөңөргө наалат келе турган болсо, караанымды эч
кимге көрсөтпөй ушул жерде, ушул үйдө уу ичип өлөм. Эч качан тирүү жүрбөйм.
Бирок, Толкунду өлүмдөн арачалап турган бир иш Касымдын камкордугу болду. Ал Саматты Толкундун жанына барууга тыюу салган. «Жакшы күндүн жаманы бар. Арты алда кандай болот» деп ойлогон. Анын үстүнө үч күндөн бери кыздын оозунан үй-бүлө болуп
калат го деп ойлогондой бир ооз да үмүттүү сөз чыккан жок. Азыр булардын айласы түгөнүп, эмне кылышарын билбей чайпалып турган чагы болучу… Эмне кылыш керек? Же кыздын талабын орундап ага эркиндик берилеби! Оо, анда кантип болсун. Қасымдагы бир чоң үмүт айылдагы ага-туугандардын жардамы тийип, Султанбекти көндүрөт деген, ишеним эле. Толкунду алып келгендин эртеси жакшы санаалаштарына келиндүү болгондуктарын айтып тамак берип
койгондуктары да Қасым үчүн кайгы болду. Эртеңки күндө келини кетип калса өсөк сөз өзүнө калат. Анан ал өкмөттүн алдында да
жооп берүүгө туура келет. Ушундай олку-солкулуктан улам капитан капалуу болучу.
Бирок, кыз булардын мындай эки анжылыгын билген жок.
Анын жаш жүрөгүнүн жалынын жапырып, ындынын өчүрүп турган
бир сөз бая айткан Қасымдын бир ооз сөзү болучу. «Эл сени күйөөдөн чыгып келиптир» деп айтат. Башынан жаман-жакшы өтпөгөн секелек Қасымдын бул сөзүн бекем кармап алган. Ага ишенген.
Апийим жеп ууланып өлгүсү келген. Бирок, ал ата-энесин күттү.
Абастан күдөрүн үзбөдү. Азыр анын ойлонуп олтурганы да ушул жөнүндө болучу. Ата-энесин ээрчип кайра кетеби же чөнтөгүндөгү
апийимди жеп ууланып өлөбү. Қандай кылыш керек? Қыздын алдында чечүүчү мезгил сагалап турду.
Толкун онтоп жиберди. Апийим турган ыптасын мыжый кармады.
– Жүрөк тушуңду эмне эле кармалайсың? Же бир жериң ооруп жатабы? — Зайракан кызынын жүрөгүн басып көрмөк болду.
Эненин колу бир нерсеге урунду.
— Эчтеке эмес. Иймегим менен шакектерим эле.
– Салынып алсаңчы. Кулагың мулуюп жаман көрүнүп калыптыр. Қана айтчы, эмне кылабыз. Атаң сени алып кетем деп жатат.
Ага сенин бир ооз сөзүң гана керек. Өлөм деген жанакы акылсыз сөзүндү экинчи кулагыма угузба. Анда буларды эмес атаң экөөбүздүн шорубузду кайнатканың. Зайракан кызын башкача жол менен коркуткусу келди.
— Билесиңби, анда эл Толкунду күйөөсүнөн алып кетебиз десе ата-энесине өчөшүп уу жеп өлүптүр дешпейби.
Қыз сөнө түштү. Титиреп барып энесин кулачтай калды.
– Жок, жок, мен антип силерди шерменде кылып өлгүм келбейт.
Султанбек мурутун бирде чыйратып, бирде эрдин кесе тиштеп бактын ичинде аркы-терки тынымсыз басууда. Толкунду эки аял жетелеп үйгө алып киргенден кийин алар кызы менен ээн эркин сүйлөшүү максатында ушул жакка чыгышкан болучу.
Зайракан өз ичинде кызынын жаш туруп акыл тегереткен эсине бирде кубанып, бирде кайгырып турду. «Бармактай балачалык акылым жок. Ырас эле эл-журттун бетин кантип өөдө карайбыз. Андай
эле кор болуп, күйөөсү жарашпай баратса көрүшө жатарбыз. Бир гана мунун өлөм деген жаман ниетинен кайра тарттырыш керек».
Султанбекке ушул оюн ачык айтуудан айбыккан эне, анын алыбет залкар денесин ээрчий карады.
Короо жактан бакылдаган үндөр көтөрүлдү. Алар Қасымдын машина жиберип алдырган жакын туугандары менен Жол-Арыктан
келген Арстанбектер эле. Келген кишилер чогуусу менен огородго кирип, Султанбек менен Зайраканга элчиликке келгендиктерин билдиришкенсип, кош колдорун бооруна алышып, мөгөдөй салбырап турушту.
Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч,- дейт, Султанбек баатыр.
Қарыялар ата-бабадан берки укумдан-тукумга өтүп келаткан куда-сөөктүк салтты айтып, жер чечегин безей баштады.
Султанбек көз ирмебей тигилерди жутуп жиберүүчүдөй тиктеди.
Қана, мындан башка да айта турган сөзүңөр барбы?
Биздеги сөз айтылып бүттү, Султаш, Эмки сөз кезегин сенден күтөбүз. Алтын шилекейиңди чачыратып кой. Ата-энеси силер маакул болсоңор, кыз туйлап кайда кетет эле. — Ушинтип сүйлөгөн салабаттуу карыя Султанбекти колтуктан алып үйдү көздөй жетелемек болду. Султанбек колун силкип алды.
– Тургула нары. Силерге эмне жок жабалактап. — Ал ары жакта кызынын жанында кыймылсыз сeлeйип турган аялына отурулду. —
Эмне ок тийгендей турасың. Жүргүлө, кеттик. Элдин тыткынына түшө турган алым жок. — Султанбек жай-баракат басып барып, Толкунду
колдон алды.
Минтип атанын дилин мурдакыдан бетер карартып, жүрөгүнө канжардай кадалып турган Ракыйманын жанакы сөзү болду. «Қызталак, ушул жез кемпирдин колуна чолпондой болгон баламды калтырганча баламды өз колум менен мууздап кетермин» деп ойлоду ичинен.
Қадам жылдырбай тегеректеп турган аялдар Толкунга асылышты.
Көпчүлүк буларды короодон чыгаргысы келишкен жок. Акыры ары-
бери сүрдүгүп жатып, Султанбек элчиликке көнөр деп ойлошту. Эл
мазар да. Элден кантип чыксын, ботом.
Кызын көрүнөө колдон жула талашып жаткан аялдарды Султанбек түртүп-түртүп жиберди. Элдин орто ченинде кан-сөлсүз самандай
саргайып турган Қасым Арстанбекке бурулуп бирдеме дегендей болду. Келгенден бери кеп-сөзгө аралашпай четте турган киши Зайракандын жанына көңүлсүз басып келди.
— Эже! Султанбек жездем туура эмес иш кылып жатат. Сиз бирдеме деп» көрбөйсүзбү. Өз көзүбүздү өзүбүз чукуганыбыз болбос.
Түшүнсөңөр Толкун жаман жерге келген жок эле. Элден чыкпагыла.
Уят болот.
— Чыкпаганы курусун, — деди Зайракан,
— жанакы Ракыйма деген мастан кайда жүрөт. Дегеле ушул жерде ошонун колуна өлүп
берейин дедим эле. Султанбекти ушунчалыкка алып келген ошонун
чалкандай тили болду. Жок, айланайын Арстанбек, бул ишке кийлигишпе. Ошол катындын сөзү үчүн эл эмес, жасаган кудай келип кулдук урса да жылуу жерибиз калган жок. Баламдын балакетин алсын, канчык.
— Кызуу кандуулук кылбаңыз, эже. «Ачуу шайтан, акыл дос» дейт. Үч күндөн кийин алып кеткениңер да өзүңөр үчүн абийир эмес.
Ракыйманын сөзү үчүн күйүкпөңүз. Касым аман турганда бардыгы жайында болот. Барыңыз, тажездем менен сүйлөшүп көрүңүз.
Келгенден бери ушул сөздү өзү эле ойлоп, эмне кыларын билбей чайпалып турган Зайракан Султанбектин жанына келди.
— Ой Султаш, жаман айтып элдин назарын сындырбачы, Кызыңдын көгөрүп агарарына жакшы. Балам бала кезинен каргышка
калбасынчы, атасы.
Кеңешип көрөлү.— Аял Толкунду өзүнө
тартты.
— Айт. Эмнени кеңешет элең мээси жок.— Султанбек аялын акырая карады.
— Түкүргөн түкүрүгүмдү кайра оозума сала албайт экенмин. Айнектей болгон баламды ажыдаардын оозуна салып берип, убал-сообун аркалай турган алым жок. Муну оң кулагың менен да, сол кулагың менен да ук, намыссыз.
Деги эмне болуп калгансың. Ойлосоң боло. Толкун бул эшикке мынча келбесе болот эле. Алдында ушунча сакалдуу-көкүлдүү дебей кол куушуруп, ачууңду сурап турат. Жети кишинин бири кыдыр дейт. Алсак алып эле кетебиз. Бирок, арты кандай болор экен?
Султанбектин күрөө тамырлары адаттагыдан тышкары көөп чыкты. Ал аялын коюп жиберүүгө камынды. Толкун атасын кучактай
калып ыйлап жиберди. Элдин ортосун жара бөлүп баскан Султанбек кызын жетелеп короодон чыгып кетмекчи болду. Эл дүрдүгө түштү.
Аңгыча болбой калитка шарт ачылып, ары жактан Зайнидин баш болгон үч-төртөө кирип келди.
Мектептин директору өзү менен оро-пара келе түшкөн Толкун менен Султанбекти биринчи көрдү. Ал Толкундун катарына токтой
калып, тургандарга колун кезеди. «Уккула баарыңар, ойлогон оюңар.эч качан ордунан чыкпайт». Зайнидиндин көзү Саматка, андан кийин.Қасымга зааркануу менен карады.
Иштин арты жаман жакка оогонун билген көпчүлүктүн ындыны өчө түштү. Ортодон Самат суурулуп чыкты. «Бардык ишке мен өзүм
күнөөлүүмүн, таяке. Бир сапаркы айыбымды кечиргиле. Бөөдө жеринен өлтүрбөгүлө. Кечирим сурайм. Кеңдик кылыңыздар. Колуктумду таштап кеткиле. Канткен менен бир боор турбайбызбы». Самат чөгөлөй калып бир Зайнидиндин, бир Султанбектин аягына жыгылды.
Қолуктум деген сөз атанын жүлүнүн үзө чапкандай тийди. Ал Саматты тепмекчи болду. «Баламдан айланган, доңуз. Қолуктумду
деп энчилеп алган тура бул. Мен сага көрсөтөм колуктуну». Зайнидин Султанбекти далысы менен тосуп, Саматты буту менен түрттү.
«Тур өөдө догуңду артпай. Жооп берүүчү жерге барганда айтарсың сөзүңдү». Анан ал турган элдин ичинде кимдер бар экен дегенсип,
аларды айланта карады…
Уландысы бар :










