Пример HTML-страницы

ЖАЗЫНДАГЫ МАХАБАТ (БОЛГОН ОКУЯ).

https://kyrgyzcha.site/?p=37677&preview=true Кызыктуу окуялар.

ЖАЗЫНДАГЫ МАХАБАТ (БОЛГОН ОКУЯ)

 

 

Бугун жаздын маанайы эмнегедир ачык да жайдары. Конулум жаздын жели менен алда-кайда алып учат. Шыбыраган бак дарактар жаздын шамалына боюн уруп, кундун нуру тээ ободон жаркырап туптуз эле жерге саят, айлана да озунчо кубанычка болонуп кынгырап ырдап жаткандай. Мына азыр ордумдан турам да конумуш адатым боюнча жумушума жонойм, билбейм неге бирок кундогудон башкача талпынып турам. Ал жер дайыма эле барып оз жумушумду жасап келчуу жерим болсо да бугун шашып жатам. Кулундай кундо барып оттоп келчу жайытыма бугун негедир тезирээк жетким келди. Бул мен озум элеминби деги тушунбойм. Мумкун ал жайытка бугун кундогудон башкача бир бажырайып озгочо бир жыты анкыган жыпар жыттуу бир кооз гул ачылып турса керек ким билет. Эмнеси болсо да бул жакшылыктын жышааны экенин конулум сезип турат. Мына жумушума да жетип келдим. Баары эле кундогудой эле ошол адамдар ошол корунуш ошол эле жумуш. Москва метро севастопольская, Азовская кочосу 14уй, «Кимберли- Лэнд» деген спорттук машыгуучу уй-булолук комлекс. Бул жерде эмнелер гана жок: 6бассейн, 5 бар, машыгуучу залдар, сулуулук салондор деги койчу бут кызыктын баары ушул жерде. Мен да ушул жерде официант болуп иштеймин. Бул жерде уборщиктердин администратору Женя деген молдован аял. Кечээ ишчилер жетпей жатат деп жатышты эле бугун жанылар келген окшойт…? -Здравствуйте — деп кирип бардым. Баары келген, саламдашып кийим алмаштыруучу болмого кирип кеттим. Анан эле кыргызча суйлогон назик ундор кайдандыр угулуп жатты. Кийинип бутуп чыкканча жанагы ундор да алыстап кетиптир, конул деле бурбай оз ишиме кириштим…Быйыл мекенимден алыста жургонумо 2жыл болуп баратат. Эх кандай гана сагынбадым, айылымдын жытын, кок жашыл талааларын, дандырдан чыккан ысык нанын, чогуу оскон тентуштарымды аябай сагынгам. Озгочо апакемди аябай сагындым. Буюрса дагы 2жума калды, жумушумдан отпуска беришет да мен эс алууга кетем. Ар бир атуулдун мекенине болгон ашыгуусу суйуусу сагынычы озгочо болсо керек, мен да ар бир муноттун отушун кутом да турам. Кана эле тезирээк оз жериме жетсем.Мекениме болгон сагынычым кундон кунго куч алып, талпылуум артып барат. Менеджерим «ордуна адам тап, сен мекенине барып келгенче сенин ордуна иштеп турсун, кайра кайтып келесин да» деп тайындады, чынында анын созу деле кулагымдын сыртынан учуп жатты, а менин оюм болсо жанагы назик ундо… …Эрте менен лифттеги кузгудон уруш майданынан жаны эле тушкон мушкерди коргондой болдум: коздорум ишип кеткен экен озумду араан тааныдым. Анын себеби да бар: туну уктабай тан атканча ойлонуп кирпик какпай кыялданып, озумду асмандын жетинчи катмарында элестеткеним чын, ошонун айынан минтип козум ишип турат. Кайра эле жумушума бет алып болушунча шашып тез баратам. «Бугун ал келеби, аны дагы коромбу, эгер келбей калсачы?, башка корбой калсамчы» ушундай кыжаалаттануу менен журогум апкаарып баратам. Мындан эки кун мурун жумушумду бутуп уйго баратып коридордо тык токтой калдым, коздорум аландап журогум оз кабынан чыгып кетчуудой соккону, анын башкача бир бакыракай коз карашы, ак маралдай керилип басканы, улуу скульптор жаратып койгондой болгон келишимдуу келбети мени ушул абалга келтиргени, суйлоого тилим эпке келбей созумду жутуп алгансып дудукча туруп калганым эсимде алганы эсимде жок. Бир маалда озумо келсем бирибизден узап кетиптирбиз. Корсо жанагы назик ундор ушул экен. Баалу буюмун жоготуп койгон адамдай аландап эки жагымды карап бир нерсе издегендей болуп кете бердим кете бердим. Кайдан чыга калды десен алдымдан? Неге аны коргондо башкача боло калдым? Неге азыр аны издеп ага ашыгып озумчо эле ал жака туртулуп жатам? Мына толгон токой суроо а жообу жок! Кээде озумду акылынан тайып калган бир келесоо деп элестеп кетем а бирок башкаларга андай сезилбей жатам да… Бир аз бошой калсам эле аны издеп жонойм. Баса ал тунку кезметчиликте иштейт экен, кечинде 9 да келет а мен 11 де кетем. Мына издеп журуп акыры аны да таптым. Озуно болунгон жерин жыйнаштырып жатыптыр. Анын ар бир кыймылы ак маралдын бак аралап баратканындай сезилет, назик аппак колдору озунчо башкача корунот. Акырын жакын басып барып эмне дээримди созду эмнеден баштаарымды билбей унсуз туруп калдым. -Кечиресиз — деген ундон селт этип кеттим. Алдымда ааламдын периси турган эле-Мен… Мен эме ммм — мына менин созго чебердигим. -Кечиресиз бир деме сурайын дединиз беле?-Ооба ой жок эме мен сага жумуш сунуштап келгем-Кандай жумуш экен-Мен жакында КРга кетип жатам отпуска алып, ошого ордума бир адам керек болуп жатат убактылуу, бир болсо мен кайра келсем чогуу иштеп калышыбыз да мумкун, жумуш женил кыйынчылыгы деле жок, кундузу саат 13 то башталат туну 10до бутот болгону дем алышсыз, айылыгы да жакшы — деп быдылдай берипмин. Ал болсо мени карап жылмайып турган экен. Мына сага жер жарылып кетсе кирип кетсем, эки бетиме чуу деп от жанып чыкты, кызарса керек менимче.-А мен орусча анча деле жакшы билбейм да. Анын ар бир созу мага озунчо дем берип эртенки кунго туртуп жаткандай болуп жатты. -Тил билуунун ото деле кажети жок, болгону аракетин болсо калганына конуп деле кетесин-Башка адам таппадынарбы? -Башка адам деле издеп журом бирок бир эле жума убакыт калды да ошого сенден да сурап коройун дегем эгер макул болсон ойлонуп кор!-Макул мен ойлонуп коройун бирок соз бере албайм! -Сураныч?! -Макул-Баса сенин атын ким?-А атым мааниге ээ эмес го. Жылмайып кантээр экен дегенсип сынап карап койду. Мен да озумду баштагыдан эркинирээк сезип калгам.-Макул аны кийин айтаарсын. Мен да тамашалай кеттим — жок дегенде номеринди берчи, мумкун чалаармын эгер каршылык жок болсо?!-Ммм макул деп номерин берди. А менин суйунгонумду айтпа, кубанычымды жер которгус эле. Уйго жетээрим менен башкасы бул жакта эле турсун мен жанагы номерге чалыш максатында кантип жугуруп уйумо жеткенимди да кийин эстеп алып озумчо жылмайып алам.-Алло? -Алло, угуп жатам. Бул ун дуйнонун эн тунук муукамдуу куулору чертилгендей болуп угулуп жатты-Кандайсын белгисиз жан?-Ким экен бул?-Менин атым Жаныш, тоскоол болбодумбу? -Бир аз бирок убактым аз -Жанаа жумушта номериндин алган бала!-Аа эстедим, качан кирсем болот жумушка? Кутулбогон суроосу ордумдан так секирте урган кучтуу токтой эле болду.-Ааа жакшы го, эки кундон кийин болобу? Азыр менеджер башка жакта эле анан келет бирок ага чейин сага менюну жазып беришим мумкун, жаттап турасын. -Жакшы болоор эле-Макул эрте менен жазып берем.-Баса менин атым Айпери. Мына белгисиз сезимдердин жузу, кыялдарымдын анык дареги, умутумдун туногу-Айпери! Атын укканда аалам жанырып кеткендей сезилди мен учун. Айдын суротун ажарына тартып койгондой Жаратканым. … Менин жумушум кобунчо аш канада отот. Бир куну -Здрастье — деп Женянын болмосуно кирип бардым. -Добрый вечер! Что-то хотел? -Да я хотел попросить?-Говори! -Айпери сегодня где работает?-Она еше не пришла как придет посмотрим. А что?-А вы не могли бы поставить ее сегодня на кухне?!-Хорошо пусть она сначала придет. -Спасибо, я ваш должник! Кубанганымдан биздин директордун алдынан ышкырып кынкылдап ырдап отуп кетенимди кийин менеджеримден билип озумчо кызыктай эле абалда калдым. Айпери биздин ашканага келди. Бул жолу анын коздору козумо чагыла тушту. А мен болсо туталанып баш тырмап козумду ала качам. Анын коз карашы ушунчалык сурдуу да мээримдуу эле. Ага жумуш тууралуу суйлоп коп нерсенди уйротуп, шарттарын тушундуруп жаттым. Ал кандай абалда болуп жатты билбейм бирок мен ал жанымда турганына озумчо эле жылмайып, кудундап жерге батпай кетем. -Айпери эртен эс аласынбы?-Ооба. А жон жай элеби?-Жон эле, мумкун жумуштан кийин шаар айланып келсекпи дегем, болом менен Нуркызды да чакырып алсак кандай дейсин?-Билбейм тан ата берсинчи. -Жакшы анда эрте менен созсуз чалам! Ал макул болгондон кийин болом экообуз озубузчо кечеге бараткансып кийимден кийим тандап жасанабыз. Аны билбедим го бирок мен озумчо эле толкунданып, бир жерде тура албай тынсызданып, колдорумдун манжалары озунчо эле калтырайт. Мындай мурда болгон эмес эле а азыр озумду озум тааный албай араан турам. Жолугушчу жерге да келип калдык. Озубузчо романтик болуп бирден гул алып чыкыйып жолдо аларды кутуп турганыбыз, анда-санда ары бери откон адамдар улам бизди карап койгонун азыр эстесем ошол кундорго кайткым келет, эх бирок айлам да жок! -Тигине келатышат — деп болом нукуп калды. Артымды карасам капкара узун чачтарын бир оруп туруп артына таштап алып, женесин колтуктап Нуркыз учоо келе жатыптыр. А мен болсо озунун ханышасын кутуп алчуудай болуп бир жыгылып кете жаздап бир сурдоп кыскасы озумо келе алган эмесмин. Женесин узатып коюп тортообуз метрого туштук, вагондун ичи адам коп тыгын болгондуктан Айпери экообуз бирибизге жакын кетип жаттык. Поезд улам жулунган сайын ары бери туртулуп Айпери улам мага ыктала калып бирде белинен тута калам. Ушул кездеги коз ирмемди менмин деген улуу акын да жазып буто албаса керек, ал жакындаган сайын денем зырт этип удургуп жанымды жалын каптап кетет го чиркин десен. Шаарды айланып суротко тушуп ырдап коюп журуп кайра тарттык. Ал менден 2станция кийин жашайт экен. Мен тушуп баратып чыдамым кетип кое бергим келбей акырын бетинен ооп алганымда эриндерим орттонуп кетти даОшол кундон тарта ар бир абаны ал учун жутуп, ар бир кунду ал учун жашап, ар мунотту ал учун откоруп, ар бир максатты ал учун коюп, ар бир коз ирмемди ал учун кечип жашап журдум. А бирок коздоруно карап суйуумду айта албайм. Журогум бир чыгынат да бараткан жолунан озуно ишенбей кайра артка кайтып кетет. Анын алдына келгенде гана мен озум озум эмес анын сыйкырдуу кучу менен мен башка адам элем, кадимки адатым жоголуп, сезимдерим озунчо аруу болуп калгансып мен улам озгоруп жаттым. Ал мени кундон кунго озунун ажарына ороп, сезимдерине чоктуруп, мени озуно кундон кунго арбап баратканын кийин сездим, аттин кийин сездим. Экообуз жумуштан кийин жетелешип алып бак араламай, жамгырдын астында жугурмой, бирге олтуруп сырдашмай адатыбызга айлана баштады. Биз бирибизди кундон кунго жактырып бирибизге улам байланып тартылып жаттык. Мындан артык чыдай албайт элем.-Айпери мен сага жоолукканыма тагдырыма ыраазымын. Билсен эгер сен жанымда болбой калсан мен озумду бул дуйнонун эн эле жалгыз жетим улагындай сезип кетем. А азыр менден бактылуу адам жок. Сени менен менин жашоом бир кооз жомоктогудай, жан дуйномо бутпогон жаз келгендей, сенсиз жашоом жоктой. -Мындай толкундуу создорду сенден башкасынан уккан эсмесмин Жаныш! Билсен мен да сага кундон кунго арбалып бараткандаймын. -Айперии Айпериии мен сени суйоооом — деп акыры асманга карап кыйкырууга жетиштим. Билбейм кантип бул соз оозумдан чыгып кетти, озум да чоочуп кеттим. Эми артка жол жок эле бирок алдыдагы тумандык да оз кучагын ачып турганын ошондо сезсем кана эле. Ошондогу кубанычым кийин акыры бутпогон азабыма айланышын ошондо билген эмес экенмин аттин!(Башы откон заметкамда)Мына мекениме жоноочу убакыт да келип жетти. Бир жагынан кубанганым менен экинчи жагынан жан дуйном бороон чапкын болуп жатты эле. Алдымда аялуу карап Айперим козундогу жашын жашыра албай, улам кетпечи деп жалынгансып тиктеп, мени кое бергиси келбей турду эле. Эх Айпери… «Ушул бойдон сени корбой калчудай болуп жатканымды, азыр кетсем эле журогум узулуп сени менен калып кетчудой болуп жатканын, жоносом эле жан дуйномдогу бороонум чон куюнга коз жашым топон сууга айланып кетчуудой болгонун сага кантип айта алмак элем?» Мен да ун катпай кучагымдагы берилип суйгон периштемди, журогу аруу жан дуйносу таза сезими назик, сулуумду аяп турдум. Экообуз бирибизди унсуз гана тушунуп, унсуз коштошуп жаттык. Анын коз жашы мени журогумду тээ асмандан жерге чаба ургандай болду. Аны тушунуп турдум, анын да жан дуйносундо так ушундай уйгу-туйгу болуп жатканын билем да. Кыйылып жатып араан бирибизден ажырадык, айлам да жок эле, кантмек элем? Жаным зыркырап бир заматта жаздын ордуна ызгаар кыш келгендей болду. Колумдан келсе кана эле жалгызымдын жанынан алыс жылмак эмесмин……Мен КРдан бир айда кайра келдим. Бир айдын ичинде Айперимди кандай гана сагынганымды, аны ушунчалык коргум келгенин, башкалардан башкача энсегенимди, менден башка эч ким тушунмок эмес. Чыдамсыздык менен жумушума бардым. «Берекем жаным сагынычым сени аябай сагындым» ушул эле создорду кайталап бараттым. Жумуштун астанасын аттаганда эле сай соогум сыздап кетти. Айперинин кийимдерин кийип алып башка эле кыз журот. «Кана менин суйгонум, кана менин Айперим кана менин эркем жан биргем кана, кайда кетти» мына биринчи оюма келген суроолор. Жаным сыздап журогум муздай чыкты. -Оо Жаныш вернулся — деп мени тосуп алышканына деле конул бурбай оз суйгонумду тырпырап издей бердим издей бердим.-Где Айпери??? -…… Эч кимде ун жок соз жок. -Гдеееее Айпери скажите пожалуйста? !-Жаныш она ушла 2 неделя назад на родину. -Чтооо как? Почему? Почему мне не сказала? -Мы тоже не знаем! Жаным сыздап конулум чогуп, демим буулугуп, дуйно мага жек корунуп кетти. Эми эмне кылам менде анын КРдагы номери да жок, кайдан табам? Суйуумду жоготтумбу? Жок болушу мумкун эмес!!! … Ошондон туптуура 4 кун откондон кийин менин Москвадагы номериме смс келди. «Салам берекем» деп башталыптыр. Шарт эле тушундум бул Айпери. Шашкалактап калганын окуй баштадым: «Кандай журосун ден соолугун кандай? Жакшы барып алдынбы Москвага? Жумуштагылар кандай? Менде баары жакшы. Берекем мени кечирип койчу эгер колундан келсе, азыр кечирим суроого да акым жок билем! Бирок баары бир сенден кечирим сурайм?! Айтпай кетип калганымдын да себеби бар. Апам ооруп мени чакыртып алды аргам да жок эле. Мен кайра сен барганча барып калам деп ойлодум эле бирок тагдыр менин журогумду жашоомду суйуумду минтип талкалап салаарын билген эмесмин. Мени ала качышты биздин эле айылга колунда бардар уй-булого. Ата-энем мага каршы чыгышты менин аргам жок отуруп калдым. Суйуум берекем жыргалым эгер колундан келсе мени кечир, мен боору таш сезимсиз жалганчыны кечир???!! ! Бактылуу болушунду каалоодон азыр менде башка арга жок тушуносун деген ойдомун» А мен бул смс мага адашып келип алды бул туш бул жалган Айпери тамашалап жатат болушу мумкун эмес деп эч ишенгим келбей койду. Канча отурганымды билбейм шолоктоп ыйлап отура бердим отура бердим….

 

 

АЯГЫ.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE