Пример HTML-страницы

ЖАШОО АРТКА КЫЛЧАЙБАЙТ

https://kyrgyzcha.site/?p=41257&preview=true Кызыктуу окуялар.

ЖАШОО АРТКА КЫЛЧАЙБАЙТ

 

 

Эжеси телефондон улам сурап жатат: —-Эмне, жөө келе жатасыңбы, жөнөдүм дегениңе бир саат болду, жыйырма мүнөттүк эле жол го?» -деп, тынчсызданып.

— Жөө эле эмес, эже, унааны да кошо түртүп баратам,- деп, сиңдиси каткырат.

— Ии, ошо, мынча болду, бирөөсүн кошо сүдүрөй кел.

—Макул, эжекебай, бир ооз сөзүңүз…мына жетип калдым.

Экөөнүн тамашасына күлүп жатсам, жаныбыздан үнү чыгат.

— Кандайсыздар, кечиктимби? Баламды ойготкум келбей, көп күтүп калдым. Тим эле сонун уктап жаткан экен. Айла жок, ойготтум. Анан, бир аз кечиктим деп ойлодум. А мен убада берип алып, аткарбай койбойм го.

— Аныңды билем дечи, бирок, өзүңдөн чоңдорду күттүргөн жакшы эмес да.

— Үзүр, эжелер, айыбымды эселеп жууйм.

— Ии, баса, тиги…күйөөң өтүп кетиптир деп уктум, барып коесуңбу, балаңды ээрчитип алып? Менин номеримди таап алышкан го, чалышыптыр. Аманаттан кутулайын.

— Оой, жок, барбаймын, күйөөм болбой калганына төрт жыл болду го. Же балам бар эле деп издеп келдиби? Эмне ичип, эмне кийип жатат жеп, төрт тыйын берди беле? Ырас болуптур.

— Кой, көзү өтүп кеткенди антип » ырас болуптур» дебейт,- деп, сөзгө аралаштым.

— Ооба, туура эмес сүйлөп алдым. Бирок, менин ордумда ким болсо да айтмак, ушул сөздү.

— Кой, жүргүлө, буйрутма берип койгом, кенен- кесир ошол жакта сүйлөшөлү,— эжеси бизди ээрчитип жөнөдү. Эжеси дегеним, менин жакын курбум. Бүгүн кеч Ошко тойго бармакпыз. Кечинде чалып, сиңдисинин сунушун айткан, мени чайга чакырууну пландаштырып жүргөн экен.

Гүлбурактын чайын ичип, түштөн кийин тойго жөнөмөк болдук. Курбум аябай токтоо, аз сүйлөйт, а сиңдиси шайыр кыз экен. Эми кирип отурганыбызда эле курбумду телефондон ишинен келип кетүүсүн суранып, жетекчиси чакырып калды.

— Мен жарым саатта келип калам, силер кенен сүйлөшүп отура бергиле,— деп, чыгып кетти.

Ал-абалды сурашып бүткөн соң, кепти баштады.

— Жана кесир сүйлөп койдум ээ, бирок, ошого ылайык азап тартып калганмын. Ал жолдошум менден кийин деле үйлөндү, аны да кор кылган окшойт, дароо эле кетип калган. Россияда жүрүп, анын тууганы менен бирге иштеп калдым. Ошол тууганы жаңылыктарды айтып турчу.

Аске ( жолдошу , Арслан ) менен жаңы таанышканда эле эт- бетимден кеткен экенмин. Чын эле, аябай сүйчүмүн. 3- курсту аяктап калган кезим болчу. Дос кызымды жигити кечеге чакырып калат, ал өзү эле барбай, мени кошо барышымды суранды. Кай жакка болсо да, ээрчишип жүрчү элек. Барганда эле ушул Аске мени жандап калды. Сырткы келбети аябай сүйкүмдүү, келишимдүү жигит болчу, тамашаны келтире сүйлөп, ырдап, бийлеп, кечени көркүнө чыгарды. Бешинчи курсту аяктап жатканын, политехникалык окуу жайдын кечки бөлүмүндө окуй турганын эле билдим. Ошол күндөн баштап жолугуп баштадык. Келбей калса, аябай күтчүмүн.

Бир жума жоголуп кетет, дайынын сурасам, айылга кетти дечү, досумдун жигити. Телефону өчүк болот көбүнчө…

Бир күнү шашып келди, кечирим сурап,

сөзсүз жолугушуубуз керек экенин айтып, кайра кетти. Телефон чалаары менен учуп эле чыктым, жатаканадагы кыздарга айтып койгом, кечирээк келем деп. Бир квартирага келдик, бир аз даярдык көрүп, дасторкон жасап коюптур. Ошондо гана туулган күнү экенин айтты. Ыңгайсыз абалда калдым, » айтып койбойт белең» десем, » мага сен жанымда болсоң, ошол жетиштүү » десе, сүйүнүп алдым.э Негедир, эч ким келбеди. Чочуп баштадым.

— Гүлбурак, эмне, мага ишенбей турасыңбы же мен чоочун адам белем.

Коркуп жатсаң, макул, жеткирип коём.

— Жок, неге коркмок элем, бирок, эмне үчүн экөөбүз эле деп жатам да.

— Сен бир аз күтүп тур ээ, мен азыр,- деп, чыгып кетти.

Бир аздан соң ичимдик жыттанып, кирип келди, бир башкача көрүнүп кетти көзүмө… Ордумдан туруп, сыртка жөнөдүм. Алдымды тосуп турат, чыгарбай.

— Мен сүрдөп жаткам, сени менен бетме-бет жалгыз калган эмес болчумун, анан…кичине ичкенге туура келди, менден неге коркуп жатасың, сени түшүбөдүм.

— Мага да ыңгайсыз болуп жатат, коркуп кеткеним чын…Туулган күнүңдү башка күнү тосолу, мен кечиксем болбойт, жатаканага түнү киргизбейт, анын үстүнө, кыздарга да уят.

—Макул, азыр жеткирем. Кыжалат болбо, досума чалып койдум, азыр келип калат, жеткирип коебуз.

Сөзүнө ишенип, отуруп калдым. Жүрөгүм башкача согуп жатты, эки сөзүмдүн бири эле» кетишим керек» деп жаттым…

Ошол күн мен үчүн азапка кадам койгон күнүм экен…

Арсланды ошондо да жек көрө албадым. Айткан досу да келди кечигип, бирок, мени жатаканага эмес, үйүнө алып баратты…

Алдын ала план түзүп койгон экен, аны кеч билип жатпаймынбы…

Келин келет деп үйүндө туугандары бүт чогулуптур. Кетем дегенге кудуретим жетпеди, баары кеч болуп калган. Апам келди, өң- алеттен кетип. Мени көргөндө да ишенбей турду.

—Кой, кызым, ойдо жок нерсени баштаба, алып кетем деп эле келдим. Сүйлөшкөн жигитиң деле жок эле, окууңду бүтүр, анан, каалаган күнү тумушка чыгып кете бер. Азыр мени менен кетесиң.

Мен үлдүрөп, айыптуу болуп турам, сөз таппай.

— Апа, Аске жаман жигит эмес, мен аны менен сүйлөшүп жүргөм.

— Кийинкисин ойло, кызым, күйөө табылат. Окууң калып кетпесин. Акылың менен бол. Аске деп коёт, көрсөткүлөчү, ошол Аскесин мага, өзү менен сүйлөшөйүн.

 

Туугандары ортого түшүп, суранып да, ишенимдүү да сүйлөп жатышат. Ошол туугандарын кийин такыр көрбөдүм.

—Эшик аттап калды, бир ачууңузду бизге бериңиз, балабызды сумсайтпаңыз, жетим өскөн бала, турмуштан да аксабасын. А окуусуна кабатыр болбоңуз, окутуп алабыз.

Мына, мен турам, жоопкерчиликти өзүм мойнума алайын. Дагы эки жыл бар экен, окутуп алабыз,- деп, бир таякесимин дегени убаданы берип жатып, апамды араң көндүрүштү.

Арсландын жетим өскөнүн деле өзүнөн укпаптырмын, сүйүү деген сезим менен эле жүргөн экенмин, анын үстүнө, тааныганыма бир ай да боло элек болчу.

Мурда сүйүп жүрсөм, баш кошкондон кийин аны аяп жашап жүрдүм. Алгачкы эки ай жашообуз жомок болгон экен, баары даяр, ашыкча түйшүк жок. Кош бойлуу да болуп калдым. Өзүнөн улуу агасынын үйүндө жашап жүргөн экенбиз, анан эле бизди бир аз оокат, буюм-тайым менен тоо тараптагы атасынын үйүнө жеткиришти. Сентябрь болуп калганы менен окуум жөнүндө сөз жок. Агасы да инисин чоңойтуп, үйлөп коюу милдетинен кутулганына сүйүнүп,

» калган жашоону улап кеткиле, менин да өз түйшүгүм бар» деп, коштошуп чыгып кетти. Жашоону жөндөп алып кетүүгө даяр эмес экенбиз, иштеген ишибиз жок. Аске окуусунан айдалып кеткен экен, аны эч кимге айтпаптыр. Бир тамактын убарасын эле тартып калдык. Эрте менен чыгып кетип, кечинде жегенге бир нерсе таап келет, мен да чүнчүп кеттим. Апам катуу таарынган экен, кабар албай койду. Телефонго акча сала албай жүрүп, бир күнү телефондун өзүн да таппай калдым. Көрсө, акча таппай калганда, үйдөн уурдап чыгып кетип, сатып жибериптир. Аябай ыйладым. Ошондо биринчи жолу токмок жедим. Көрсө, бир ичкенде жумалап ичип жүрө берген адаты бар экен. Агасы да эптеп, үйлөп койсом деген милдетин аткарып, кийин кабар алганы да келбеди. Кол шилтеп кетип калганга намысым жол бербеди. Өзүм күнөөлүүмүн деп. Эсен -аман төрөп алайын, калганын дагы көрө жатаарбыз деп калдым. Аске деген өзү да өңдөн кетти, бир туруп аяп кетем, ушул абалында кантип таштап коём дегенимди айтсаңыз.

Адамдын өң-түсү жашоодо көйгөй чечпей турган нерсе экенине кийин ынандым. Эрте жетим калып, жашоого эрте бышып калгандар бар, а күйөөм андай сапаттан алыс калыптыр. Турмушка эби жок, адам

кейпинен оңой эле кетип калган, бир аз акча тапса, эч кимди тааныбай калган, уурулукту уят көрбөгөн, сөгүнгөн, кош бойлуу эле деп аябаган, көңүл ооруткан

сапаттарын көрүп, таң калбай коё албадым, а жашоо улана берди…

Апам чыдабады көрүнөт, бир күнү кирип келип, мени көрүп эле ыйлап өксүп жиберди.

— Түшүмө кирип туруп алдың, телефонуң өчүк . Өзүңдү кара, жыгач болуп калыпсың.

Кой, жыйнаштыр, алып кетпесем, жүрө бересиң. Башың айланып калганына көзүм эми жетти. Же иштеген ишиң, баккан күйөө жок, же окууңдан жок, түзүгүрөөк үйдөн жок, жүрө бербе. Ошол күйөө деген аты эле болбосо, адам катарында деле жок окшойт. Бол, кийинип чык, кеттик.

— Апа, жакшы эле, болгону колунда жок. Көзүмдү карап турат, а арыктаганым

себеби деле жок, төрөп алсам, оңолуп кетсем керек.

— Сөйкөңдү тагып алчы, эркектей болбой, барбы деги.

— Жүрөгүм сыгылып кеткенинен алып салгам .

—Телефон номериң өзгөрдүбү?

— Жок, сууга түшүп кеткен, бузулуп калды эле, ремонтто.

Апам мени биринчи көргөндөй тиктеп отурду, жүрөгү баарын сезип жатат да, байкуш апам.

Көңүлүн жооткотуп, апамды узаттым.

Ай- күнүм жетип, төрөп алдым. Мына маңдайда турган уулум үчүн жашап деле жүрө берсем керек эле. Бирөөнүн элине жетелеп барбайын деп. Бир жүрөк ооруткан окуя болбогондо… Аске бир аз өзгөрүп, камкор боло калат, кээде ичип чарчатат. Анан эле, кечирим сурайт, убада берет, ошентип чиеленип жашап, балам бир жашка чыгып калган. Бир күнү эле үйгө кирип, кайра дароо эле чыккан элем. Балам жок. Дүйнө аңтарылып эле кетти.

Себеби, жаныбыздан суу агып өтчү, үйүбүз эңкейиш, койгон нерсем кээде ылдый томолонуп, сууга түшүп агып кетчү. Чоң таштарды тизип, өзүм тосмо жасап койгом. Оюма сууга түшүп кеттиби деп арык бойлоп чуркап жүрөм, ыйлап алгам.

Кошунам да үнүмдү уккан экен, кошо издешип калды. Анан эле, үй артынан үнү чыгат, баламды кучактап алып ыйлап жатам.

—Айкыз, кошуна болуп, көп жардамың тийип жатат, дагы мага жардам кыл, күйөөңө айтсаң, ушул жээкти тосмо зым менен тосуп берсин. Коркуп жашап жүрөм.

Балам кулап кетпесин.

—Макул, эже, азыр эле айтайын, Менин да

оюма жаман нерсе келип кетти, кудайга шүгүр, балаңыз эсен экен. Кудай деле сактансаң, сактайм дейт экен. Бирок, зым тосмо каяктан табылат?

—Ага кыжалат болбо, апам балаң экөөң кийинип алгыла деп акча таштап кеткен. Ошону сактап жүргөм. Кийим табылат, эң биринчи зарылын бүтүрөйүн.

Кошунам да дароо макул болуп, базарга кетти. » Өзүм эле алып келип берем, акчасын эле бериңиз, убара болбой»

деп, заматта алып жетип келди. Жыгач казык таап, орнотуп, зым тосмону тартып койду. Кубанганымды айтпаңыз. Адам жашагысы келсе, кичинекей нерседен да кубанчу нерсени таап алат тура. Кыз кезимде көп нерсеге ыраазы боло бербеген жан элем, жашоо мени күйөөм ичпей, соо келсе да, колунда биртике тыйыны бар болуп келсе да, үйүмдө бир үзүм нан бар болсо да, атасы балама бир шым алып берсе, ошого да сүйүнгөндү үйрөттү. Ошентип, үйдө бар картошканы дароо кууруп, кошунамдын алдына коё койдум. Ал да ооз тийип эле жөнөй берди. Баламды көтөрүп, узатып эшиктен чыксам, эле, Аске келип калды, бутунда тура албай мас.

— Ии, кошуна, мен жокто менин үйүмдө жүрөсүң го же күндө эле кирип-чыгып жүрөсүңбү? Кокус эле, алдыңдан чыгып калбадымбы, мешайт этип ? Оо, жеңең да настроениеси жакшы го?

— Мен жардам берип эле …жеңем суранганынан. Тиги, тосмону тартып койдум,— деди, кошуна ыңгайсыз болуп.

— Аске, уксаң, балам кулап кеткен окшойт деп жүрөгүм түшүп калды, арык бойлоп.

Кудайга шүгүр, үйдүн артына өткөн экен.

Анан, коркуп кеткен жаным, тосуп бере сал дебедимби,— оюмда эч нерсе жок, сүйлөп жатам.

— Ии, үйгө кирип жатып алсаңар, бала кулайт да. Бир баланы карабай не кылып жүрөсүң, айыбың ачылдыбы, оо, мен да оңой эмесмин, алдыман гана чыгасыңар ээ…

Кошунаны үйгө жетелеп, түрткүлөп. Ал маска теңелбейин деп, түшүндүрүп жатат.

Аны укпай эле кыйкырып жатат:

— Болуптур, сенин сөзүңө ишенейин. Зым тосмону ким алып келди?

— Мен. Жеңем акча берди, барып алып келдим.

— Жеңеңде акча бар бекен? Болуптур, ишенейин, кайсы акча, каяктан алды?

 

Мен чыдабай кеттим:

— Апам кийим алып ал деп берген акча бар болчу. Ошону иштеттим.

Сүйлөп бүтө электе, жетип келип, тээп таштады. Балам экөөбүз баягы тосмо зымга такалып калдык. Кошунамдын аялы чуркап келип, сөзгө аралашып жүрөт. Бир мага келип, баламды колуна алып, сооротуп жатты. Эч нерсе укпай чамынып, баягы тоскон тосмону сууруп, туш келди ыргытып баштады. Тамак салынып турган тарелканы ыргытты, » көрсөң буларды, отуруп алып, тамак жешет, базарга барышат, мен жүрөм да, акча табам деп ээ» десе, этим ооруганына карабай , жетип келдим.

— Уялбайсыңбы, жаш баланы жаман ойлоп.

— Ии, ошо, жаш да ээ?, — колундагы казык менен чаап калды. Көзүм караңгылап, баса албай, чекемден аккан канды аарчып жатам, бетимден ылдый шорголоп жатат.

— Мен карындашыңыз болом го, жок дегенде, мени укпайсызбы, мен өзүм аралашып жүрдүм, мынча арам ой кишисиз,— кошунанын аялы Айкыз ачууланып.

—Ии, сен өзүң да соо эмессиң да, экөөнү актап…

—Айии, сизге сүйлөгөн эсил сөз, жүрүңүз үйгө, өлтүрүп койгондон да кайтпайт, бул жүрүшүндө,— деп, балам экөөбүздү алып чыгып кетишти. Артыбыздан чуркайбы деп корктум, жок, үнү чыкпай калды. Жыгылып, ошол жерде уктаптыр.

Жакшы маанай күтпөгөн жерден чырга айланып, ый аралаш тиги экөөнөн кечирим сурап жаттым. Алар мени сооротуп, үстү — башымды көрүп, чочуп турушту.

— Ооруканага алып баралыбы?, — десе, намыстанам.— Жок, андан көрө телефон чалалы, апама чекесин чыгарбай мактачу элем, эми, баарын ачыктайын, бул жерден кетейин деп чечтим.

Апам түнү менен жетип келди, өзү да

» эртең барып келейин » деп жаткан экен, жүрөгү сезди да… Абалымды көрүп, көрсөткөн кордугун, сүйлөгөн сөзүн кошуна келинден угуп, чыдап отура албай,

үйгө чуркап жөнөдү. Уктап жаткан күйөө баласын чаап жүрөт, кыйла соолугуп калган экен. — Эмне эле ызылдап жүрөсүң, мастан, тынч кетип калчы, кызыңды кошо алып кет, көрүнгөн менен жатып алат, а мен аны багам деп жүрөм, талаалап ,— дейт го, күйгүзүп.

— Акмак экенсиң, кор кылганың аз келгенсип, жаман аялга чыгарып коесуң да, колуна пенсиямды карматып кеттим эле, үстүңө бир нерсе алып ал деп, бул курган дагы деле тириликти жылдырайын деп жүрөт. Сен деп жүрүп, окуусун таштады, сен деп жүрүп, төбөсү менен жер казды, айыбың жапты, мына кайтарымы ушул болду. Оңолбойт экенсиң, жетесинде жокту, жетелесең өзүңө тап коюп секирет болуп.

—Бол, керектүү нерсең болсо ал, болбосо, жөн кой, ушул жетесизден кутулганыма сүйүндүм, бол, кеттик, — апам буйрук бере сүйлөдү.

Апам менен кошо келген турганыбыздын баласы экен, ачуусу менен чокчоюп отуруп алып, сүйлөп жаткан күйөөмдү келиштире тепти. Ошондо бир табам канды. Чын эле, көзүм ачыла түштү, кантип жашап жүрдүм деп, өзүмө таң калып, онтоп, сөгүнүп жаткан түркөйдү мен да бир тээп алып, чыгып кеттим. Кошуналардан кайра-кайра кечирим сурап, жолго чыктык. Ошол күн менин оор түйшүктөн биротоло куткарды.

Апа деген баарын сезет экен, Аске жөнүндө( аны атын да атагысы келчү эмес) эч нерсе айтпа деп турчу болду, эсиңден да чыгарып сал, кайра окууңду улант, көзүм барында эч нерсеге муктаж кылбайм дегенине көнбөй, Россияга кетип калдым. Үйлүү болдум, эми балам экөөбүз чогуу жашайбыз, сизге жөн эле жолугуп, чай ичели деген элем, ушул күнү, мен келгенге туш келип, жашоосу бүтүп калган тура.

—Болгондо да сен тостурган тосмону өзү алып салган эле го, ошол тосмо жок, мас болуп, кулап түшүп, сууга жатып калган жеринен таап алышыптыр, — деп, эжеси айтса, Гүлбурак жакасын кармап, таң калды.

—Айии, болду, башка темага өтөлү, бүгүн эскерүү күнү эмес, жакшы адамдар менен жолугуу күнү экенин унутуп кала жаздапмын. Тагдыр мени өтө эле катуу бышырып койгон экен, бирөөлөр ыйласа, өзүмдү мисал кылып айтам, ушуга да ыйлайбы деп. Жашоодо бирөө ичи тардык кылса, жамандап койсо да былбырап ыйлай берген жан элем, азыр андай нерсеге күлөм, ал мен үчүн зыяны тийбейт деп. Эжем аябай көп күрөштү, мени тозок отунан сууруп чыгам деп, а мен көшөрдүм, жашоомду бузбайм деп…Аягы келип, баарыбыздын жеңишибиз менен аяктады, көрсө, баарына көзү жеткен экен. Кээде, улууларды укпай койгон жайыбыз өзүбүзгө токмок болуп тиет тура. Ошол укпай коюп, өксүгөн күндөрүмдү эми кайра көркүнө чыгарып жашайм, сиз мактаган бала табылса гана турмушка чыгам ээ,- десе, эжеси күлөт:

— Апееей, бирөөнү өтүп кетиптир деп угуп алып, эми дагы күйөө танда дегени турасыңбы,— десе, сиңдиси күлөт:

—Өзүңүз жашоону сүйүп жаша дебедиңиз беле, сүйүп баштадым.

Чын эле, жакшы адамдын жашоого суктануусу күчөп, жакшы күндөрдөн үмүт үзбөй, кудайдын жазган тагдырына нараазы болбой, ар бир көз ирмемден ырахат алып жашап жатса, » өмүрлүү бол» деп, алкап жаттым. Жашоо толкуну бизди күтүлбөгөн учурда кайраттуулугубузду, ар кандай сыноолорго туруштук бере алаарыбызды өлчөп коет.

Кетирген каталар бизди акылдуу кылып, оор тагдыр күчтүү кылып коёт тура…

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE