Пример HTML-страницы

«ЖАПАЙЫ РОЗАЛАР».       9-БОЛУМ.

https://kyrgyzcha.site/?p=42084&preview=true Кызыктуу окуялар.

«ЖАПАЙЫ РОЗАЛАР«.

9-БОЛУМ.

 

#жапайырозаларэлдик

-Кайра окууга жибересиңби? -дедим муунуп.Жигит колумду кош колдоп кармады.

-Калп айтсам ачык асман,аскалуу тоо урсун.Эртең эле кайра…

-Коё турчу Майрамбек,ушинтип жылаңбаш,жылаңаяк барамбы?Эртеңкиге калтырсак эмне болот.Дагы бир сыйра кабыргам менен кеңешип көрөйүн.Баары бир мен сендик болмок болбодумбу.

-Жок,жаным,аның шылтоого жатпайт.Кабыргаң менен эмнени кеңешет элең?Макул деп койчу эми.Экөөбүз бири-бирибизди Лайли менен Мажнундай болуп жүрүп табышпадык беле.Санаамды биротоло тындырчы,жаным. Суранам сенден.

Көздөрүм алаңдап,менден жооп күтүп,колумду кыса кармап маңдайымда турган Майрамбекти чочулай тиктедим.

-Эмне мынча жалдырайсың? Кана ойлонуп бүттүңбү?

-Толук жыйынтыкка келе албай жатам,Макен. Сыягы туура эмес жолго түшүп кеткен окшойм.-Кош колдоп башымды кыса кармадым.

-Антпечи.Бардыгын тобокелге салып койчу.Сени көрсө энем да,бир туугандарым да сүйүнөт.Эл да кубанат.Ишенип койчу мага.Бардыгы жайында болот.Кана кеттикпи Махабат!

Эламан жездем жөнүндө чыккан сөздү кайра эстегенде,кайратыма келе түштүм.

-Болуптур,айдай бер.-Көзүм жашылданды. Майрамбек мени бооруна сыга кучактап өөп-өөп алды.Калтаарыды.

-Ыйлабагын ээ?

-Эмнеге ыйлайм?Күч менен бараткан жокмун да…

Капчыгайды өрдөй бергенибизде эми эле так төбөдө турган күн,бир заматта кечтегенсип, батыш тараптагы бийик зоокага жетээр-жетпес болуп,тоо койнун ала көлөкө каптады.Эки тоонун ортосундагы кууш капчыгайды как жарып Жетөгүз суусу күрпүлдөйт. Тоо боорунан жарышып аккан көк кашка мөлтүр булактар туш тараптан шылдырап,күн нуруна чагылышат.Машинанын ачык терезесинен айланага көз чаптырдым.Көйкөлгөн көк тулаңды кучактап,үстөмөнүмөн жаткым келет.Айдагандай жыш өскөн кызгалдактар, жапайы розалар,сан түркүн гүлдөр делебемди козгоп,көзүмдү кызартат.Ох, эмне деген сулуулук.Тигил карагайлар канча жашты жашап, канча жылдан бери көөнөрбөй ушинтип асман мелжип турушат болду экен.Кудая тобо,карасаң, төбөгө кулап түшчүдөй болуп салаңдаган ушул үйдөй таштар кантип гана омкорулуп кетпей аска менен аска болуп,бири-бирине жармашып турат?

Капчыгайдан кантип суурулуп чыкканыбызды да билбей калыптырмын. Алдыбызды мелтиреген түз талаа созулуп сала берди.Азыр эле өңгүл-дөңгүл тартып,машинанын дөңгөлөктөрүн улам ыргыта экчеп жаткан таштуу жол,көк жашыл тартып ыргалган гүлдүү тулаң менен алмашты.Көк жайыкка жете бергенибизде күндүн танабын бирөө артка тартып жылдыргансып, кайра баштан табактай болуп ачык асмандын ортосунда балбылдай түштү.Алдыбызда жуушап жаткан койлор дыр деп үркүп барып кайра басылды.

Бул жердеги боз үйлөр чачкын экен.Бир короо менен экинчи короонун ортосу кеминде бир чакырым келе турган.Машина түз эле алты канат ак үйдүн жанына чукул келип токтоду.Мотордун үнүн уккан иттер абалап,алдыбыздан тосо чуркашты.Алардын артынан толгон балдар көрүндү.Жүрөгүм жарылып кетчүдөй дүкүлдөйт.Эки жагымды элеңдей карайм.Мамыда байланып турган чабдар бышты биз тарапты карап,окуранып койду.Көзүмө боз үйдүн көлөкөсүндө жаткан ак улак чалынды.Койдун кыгы аралаш,малдын жыты мурунду өрдөйт.

Майрамбек мени машинада калтырып,үйүн көздөй арыш керди.Арадан көп убакыт өтпөй,орто жашап калган аял машинаны көздөй,бир кичирээк ак табакты көтөрүп бети менен жыгылчуудай болуп элтеңдей басып жүгүрүп келатты.

Эне мени көрүп ыйлап жиберди.Эмне кылаарымды билбей калдым.Энесинин артынан келаткан Майрамбек машинанын эшигин ачты.

-Балакетиңди алайын,балакетиңди алайын.Үйдө келин-кесек да жок эмес беле.Беричык, секет кетейин.Олда каралдым ай,мурдарак келинчек алып келээриңди айтып койсоң эмне.-Кубанычтан жүзү жаркып,көздөрү бактылуу күлүңдөп турган уулуна карады.

-Ийне-жиптен жаңы ак кыжымы жоолукту колтугуна кысып,колуна печенье менен конфет салынган табагын калтырай кармайт.Аял табагын жанында турган тестиер кызга кармата коюп,колтугундагы жоолукту башыма салды.

-Ак жоолугуң башыңан түшпөй сүйгөнүң менен тең кары,кулунум. -Мойнумдан кош колдой кучактап өптү.-Мейнетиңди алайын,Макениме окшоп тартайган неме тура.

Эне менин жылаң баш,жылаң аяк байпаксыз келгенимди да эрөөн алган жок.Ал тигил кызынын колундагы табакты алып,конфет менен печеньени мени көздөй чачып жатты.Майрамбекти карасам энеси экөөбүзгө алмай-телмей карап туруптур.Менин көзүмө көзү уруна түшкөндө күлүп жиберди.

Биздин жаныбызга жетип келген бир аял Майрамбектин апасын капталга нукуду.

-И-и катыгүн,күйөөгө качканды билген кыз бутуна байпак,башына жоолук,карындан май алуучудай шымаланбай жеңи узунураак көйнөк,үстүнө чапан кийип келбейби?..

Эне аялды алая карады.

-Сенден кийим сурап жаткан киши барбы?Какшанбай ары турчу кагылайын.Ушул жаман кыздын кабарын мурун эле угуп жүрүүчүмүн. Кудай колума чын тийгиздиби деп көргөн көзүмө ишенбей дел болуп жатсам байпак менен жоолукту кеп урат.-Эне менден кийин өз уулун өптү.-Рахмат сага,балам.Колуктуң өзүңө кут болсун.Бактылуу болгула,балдарым.

-Ой,мен ата-бабанын салтын айтып жатам.Анын эмнесине куйкаң курушуп кетти.Мага десең түбөлүккө жылаңач кой.

Бизди үйгө чала-була киргизип коюп,Сыпайы эне эшикке чыгып,кимдир бирөөлөргө кыйкырып жатты.

-О-о-у-уй,келгиле, келгиле биздикине.Батыраак. А-а-й,Жаңыл,аркы биздин балдарга сүйүнчү айтып кой.Макен колукту алып келди…

Эне жүктүа алып ыргытып сандыгынын оозун ача албай,жанындагы тургандарга күчөнө сүйлөйт.

-Ой,айланайындар, ачкылачы мынабул самыран болгон сандыкты.Жабышып калганбы дейм.-Ачкычын ары-бери бурап,өзү менен өзү урушат…

Үйдө чарк көпөлөк айланып,казан- аяк менен алек болгон энесин Туратбек чакырып чыгып кетти.Аял кайра бир далайда кирди.Чач мончогун шалдырата басып келип,мен олтурган көшөгөнүн бир жагын жыя кармап,маңдайыма жүйүртө басты.

-Астыңа кетейин каралдым,сенин бул жакка кеткениңди эч ким билген эмес тура.Шаардан Батыш менен Эламан,айылдан ата-энең жок издеп калабы деп,бир-эки киши барып келсе деп жатабыз. Окуусун бүтө элек кызыбызды алып кетти деп чыр-чатак чыгарышпаса эле болду го.Сен кандай дейсиң?

-Эмнеге чатак чыгарышсын. Кандай кабар берээрди өзүңөр билесиңер да.

Аңгыча боз үйдүн түрүлүү турган эшигинен,кайын агам Кадыркул менен Акылбек көрүндү.Энем колуна кармап турган көшөгөнү коё берип,ордунан турду.

-Келинден акыл болобу десем…

Аялдын сөзүн башкарма бөлдү.

-Олда жеңеке ай,ал баладан кандай кеп,кандай акыл чыксын.Кадыркул экөөбүз Эламан менен Батышка барып келели.Канча кылса да Эламандын кайын журту эмеспи.Алар менен сүйлөшөлү,кеңешели. Эмне дешээр экен?

-Баланын окуусу да болуп калды.Балким, кызын жок издешип жатышкандыр. Бардык күчүңөрдү,бардык акылыңарды сала көргүлө.Окуусун калтырбайбыз деп айткыла.Тиги эжелерине да дилгирем ура келгиле.

Ошентип,Кадыркул менен Акылбек агалар шаарга жөнөп кетишти.Менин күйөөгө кеткенимди эжемдер уга элек экен.Үйүндө деп ойлоп жатышыптыр. Ойдо жок жерден күйөөгө,болгондо да Майрамбекке качып кеткенимдин аныгына көздөрү жетпей,ишенбей экөо бирдей дел болуп калышты дейт.Ошентип олтуруп Эламан жездемди өздөрү менен бирге алышып,бул жактан баргандар биздин айылга жеткенде түз эле Бердалы абамдыкын көздөй бурулушуптур. Атамды машина жиберип,талаада комбайн чаап жүргөн жеринен алдырып келген көрүнөт.Мурун- кийин таанып билбесе да Жайнак келатат болуп калганда Акылбек менен Кадыркул экөо бирдей орундарынан учуп туруп,атамдын алдынан утурлай басышыптыр.

-Кулдугубуз бар,Жайнак аба!

-Эмне кулдук?!-Эч нерсеге түшүнбөгөн атам селейип туруп калган имиш. Менин Майрамбекке турмушка чыкканымды айтышканда бир чай кайнам башын жерге салып,дудук болуп калыптыр.

Ортодогу тынчтыкты Бердалы бузуп,агасына минтип айтыптыр.

-Эмнеге салаңдайсың? Же күйөөгө качкан жалгыз сенин кызыңбы?

Атам бир кезде эч нерсе укпаган керең адамдан бетер башын зорго көтөрдү дейт.

-А-таң-дын к-ө-рү-ү,кыз деген ушул экен го.Силер Мыкатты Майрамбек деген чабан балага качып кетиптир деп жатасыңар.Болору болуп,боёгу канган тура.Эси жок эмес,эси бар балам эле.Кандайча мындай иш болуп кеткенине көзүм жетпей олтурат.Өз каалоосу менен барыптыр деп жатасыңар. Э катыгүн кудай,өзгө болсо да, Турсунай экөө бир үйдө чоңоюшпады беле.Бир тууганга окшоп,бири-бирине өлөк-жөлөк болот дечү эмес белем. Эжеси күйөөгө кете электе,сиңдиси кетет деген кайсы элдин мыйзамында бар.Өзүңөр эле калыс боло койгулачы балдар. Аныйпа укса намысынан тирүүлөй өлөт тура.

Бердалы абам агасынын сөзүнө ачуусу келип минтиптир:

-Ушул да сөз болдубу.Андай болсо,Турсунай күйөөгө беш жылда кетсе беш жылга,он жылда кетсе он жылга күйөөгө барбасын деп катыныңдан корксоң,Махабатты кайра алып келели анда.Ушуга макулсуңбу?

Атам чочуп кетиптир.

-Кайра алып келгени эмнеси?

Атам калчылдап өн-даалаттан кетип туруптур.Акылбек сөзгө аралашыптыр.

 

 

 

-Кеңешип кескен бармак оорубайт дейт,Жайнак аба.Өзүңүз менен кеңешели деп ууруларча түн жамынып келип олтурабыз.Оюңуз менен бололу.Балдар бири-бирин сүйүп үйлөнүп жатса,кыянаттык кыласызбы?Мындан ары эмне кылалы?Күйөо балаңыз азыркы шарт боюнча ата-энемди чакырып,комсомол тоюн өткөрөм деп камынып жатат.

-Камынса камына берсин.Бирок мен үчүн убара болбосун,айтып койгула экөөнө.Бир айтаарым кызым окуусун таштабасын.

Ачуусуна чыдабай муруту сербейип,өң- даалаттан кетип,таноолору кыпчылып турган атамдын көңүлүн кандайча кылып тындыраарын билбей Акылбек ага мындай дептир.

-Махабаттай кызды тарбиялап өстүргөн ата-энеге ыраазыбыз.Бирок эжесинен мурда кетти деп балаңызды күнөөлөп олтурасыз.Менимче, бул шылтоо эмес.Улуусунан муруп кичүүсү колукту албасын,кыздар күйөөгө чыкпасын деген кантип болсун.Майрамбекке колукту болуп баруудан Махабат жаңылган жок.Жакшы жерге,жакшы күйөөгө туш болду.Өзүңүз деле Махабаттын энесине кызыл кыргын,кара сүргүн менен баш кошкон турбайсызбы. Эки жаштын тунгуч сүйүүсүнөн бүткөн балабыз деп атын өзүңүз Махабат деп койгон экенсиз.Же жалганбы?Багына каршы чыгып олтурганыңыздын себебине түшүнбөй олтурабыз,аксакал. Балдарга эмне деп жооп айтып баралы.

Атам дасторкондун четин бир далайга кармалап,үнсүз олтургандан кийин ээгин көтөрүп,күндө калган эски бөздөй болуп каны качкан жүзүн олтургандарга буруп,оозун бүлк эттириптир:

-Айта турган сөзүм,бере турган жообум түгөнүп,башыма түн түшүп турганын өзүмдөн,аялымдан башка эч ким билбейт.Ойлонуп көрөйүн.Ары кетсе он күн,бер кетсе бир жумада мына бул Бердалы менен Ажардан жообун айтайын.Болсо- болгонун,болбосо болбогонун угасыңар…

Атама баргандар ушуну айтып келишти…Атамдын, эмне үчүн баргандарды капа кылып узатканына түшүнүгүм жетпеди.Майрамбекти койчу деп чанабы?Он күнгө чейин ким менен кеңешет болду экен?Кызык.Күйөөгө кеттиң деп, балалыктан кечип кетеби?Же эрден чыгарып алам дейби? Ушундай санааларды ойлой берип,башым маң болду.Эмне үчүн Турсунайдан мурда күйөөгө кеткенимди күнөөлөйт?Атам да акылынан адашкан экен деп ойлойм.Чын-чынына келгенде айлам кетип калды.Мага сыр беришпегени менен Майрамбек да,кайын энем да капа. Айтор,биздин үйдө кабагы ачык,көңүлү куунак жүргөн киши жок сыяктуу.Бардыгы мени алдашат,мени сооротушат.

А Майрамбек болсо жалынып-жалбарып, өөп-жыттагандан башка мага берээри жоктой.Үйдө турганда имерчиктеп, жанымдан чыкпайт.Үйдөүлөрдөн жазгырып,кандай кысталыш мезгил болсо да бир өөп алмайын кумары таркабайт.

-Жүрөүм жүрөгүң менен,боорум бооруң менен чогуу бүтүп калса керек.Көргөн сайын көргүм,өпкөн сайын өпкүм келет да турат.Чын ашыктар баш кошушпайт дешет экен.А экөөбүз кантип табышып калдык,ыя Махабат!Атың да Махабат,Өзүң да Махабатсың. -дейт Майрамбек.

Күйөөм жанымда турганда өзүмдү телегейи тегиз,өмүрүндө кемчилик көрбөгөн толтура адамдай сезем.Кайын энем биз уктап жатканда ойготпостон, койлорду кээде өзү чыгарып кетет.Анан калса Майрамбек экөөбүздүн оңойлук менен сөзүбүз бүтүп,сүйүүбүз таркар эмес.

 

Кайын энем бир күнү койлорун короодон чыгарып,үйдөн эчак алыстап,тоо таянып кеткен уулунун караанын эмне үчүндүр кадала тиктеп турганын көрүп,ууртумдан жылмайып койдум.Эмне ойлоп турат болду экен?Же баласын малдын артынан жүрүп куурады дейби дедим газ толтурулган баллонду боз үйдүн босогосунан ичкери тоголотуп баратып. Кайын энемдин үнү артымдан ээрчий кирди.

-Э,Махабат.

-Ии.-Түзөлүп тура калдым.

-Тигил Макендин көзү койдо эмес эле,үйдө болуп баратат.Барчы балам,сенин жасаганыңды мен деле жасайм.Күйөөңдүн кой жайган жерин кошо барып көрүп кел.

Айталбай турган сөздү угуп,сүйүнүп кеттим.Майрамбектин артынан жемпирмиди колунан кармаган бойдон үйдөн жүгүрүп чыктым.Бир заматта өр таяна бердим. Күйүккөнүмө карабай учуп келаттым.Демим көөдөнүмө батпай жүрөгүм дик-дик согот.Барган сайын тоолор да,жолдор да бийиктегенсип чарчай баштадым.Маңдайымдан тер чыпылдайт.Койлор жайылып бараткан белести карап токтодум.

-Майрам-бэ-э- к!Май-рам-бэ- э-э-к!

Күйөөм турнабайды көзүнө салып,мен тарапты аң-таң болуп карап турганын билдим.Эмне болуп кетти деп чочулайбы,бир орундан жылбайт.Анан мени чакырып,колун булгалай баштады.

-Ма-ха-бб-а-а- а-т!Ма-ха-бб- а-а-а-т!

Майрамбектин үнүн туурагансып капчыгайлардын ичи да: «-Ма-ха-бб- а-а-а-т!Ма-ха- бб-а-а-а-т!» -деп кошо жаңырат.Ал мени көздөй,мен аны көздөй жүгүрөм.

Жайдын толуп турган кезиндеги жайлоонун көркү кандай болду экен деп ойлойм.Чөп-чардын өзөгү катайын деп,эрте ачылган гүлдөр күбүлүп,кеч ачылчулары чанагын жаңы жарып,жапайы розалардын кээ бир гулсүз жалбырактары болбосо,бул мезгил да өзүнчө кооз,өзүнчө март.Көзүмө бул жердин суусу эмес,ташына чейин сүйүү болуп көрүнөт.Айланада кандайдыр бир жагымдуу жыт жашаган Аркар от деген майда жалбырактуу жыттуу чөп болот экен.Ошондон тутамына толтуруп терип келген күйөөм:

-Жыттачы,сенин жытыңа окшоп кетет.-Мурдума жакындатты.

-Бах,сонун экен.-Кайра- кайра шуу-шуу жыттайм.Экөөбүз көптөн бери көрүшпөгөнсүп кайра баштан кучакташып, кайра баштан өбүшөбүз. Болор-болбос кыярып бараткан,жашыл тукабага окшогон бетегенин үстүндө сулк жаткан мени бооруна сыга кучактаган күйөөм,эки эмчегимдин ортосунан кумарлана жыттайт.

-Сүйүү адамды жашартып,өмүрүн өмүргө улап турат деп айткан экен бир акылман.Кандай туура айтылган сөз.Мен сени менен бактылуумун, жаным!

-Мен дагы,Макен! ..

Анын чачтарын кош салаалап артын көздөй тарайм.Майрамбектин алдында ар-дайым Батыш эжем сыяктуу назик да,абийирдүү да болгум келет.Ушинтип бардык ишке,ысылуу- суукка бел байлатып,тобокелге салып турган Майрамбек экөөбүздүн ортобуздагы балтыркан сүйүү.Качып кеткенди уккандын эртеси биринчи болуп келген Батыш эжем.Өзүбүздүн үйдөн Ажаркандан башка киши каттай элек.

Акылбектер баргандын эртеси атам эч кимге айтпай,кайдадыр бир жакка кеткен бойдон келе элек деген.Энеме кимдир бирөө менин Майрамбекке качып кеткенимди айтып коюптур.Ошондон баштап кабагы карыш түшүп,жоодон жеңилип,душмандын колуна түшкөн туткундан бетер тилсиз олтуруп калган имиш.Мен буга чейин энемди кишиден жеңилет деп ойлогон эмес болучумун. Азыр жа энем жөнүндө,Турсунай жөнүндө ойлоп,жүрөгүм сыздап турду.

-Асканын башын алая тиктеп,эмне мынча ойлонуп кеттиң?-Башын тиземе коюп чалкасынан жаткан Майрамбек колумдан кыса кармап,жүзүмө жоодурай тигилди.

-Эчтеке!-Чекесинен сыладым.

Экөөбүз тең ордубуздан турдук.Алды жуушай баштаган койлорду сууну көздөй имердик.Жезбилек ушуну эле күтүп тургансып,койлорду өзөндү көздөй күргүчтөнтүп айдап жөнөдү.

-Жезбилек! -Майрамбек кыйкырып жиберди.Ээсинин ачуулуу үнү чыкканда куйругун шыйпаңдатып келип бир таштын үстүнө чочоюп отуруп калды.-Чоң тойгон койлорду эмнеге үркүтүп жатасың?Өрөпкүтпөй акырын айда.Угуп жатасыңбы?-Сөөмөйүн кезеди.

Жезбилек кулагын тикчийтип,Майрамбекти бир демге тиктеп туруп жаагын кере ачып,каңшылаган болуп таштын бетин эки алдыңкы буту менен тырмап койду.

«Жөнө,кокустан койлорго ит-куш кабылып калбасын.Суу ичип жатканда шаштырбай алыстан көзөмөлдөп тур,кана ичишсин.Биз мына артыңдан кеттик.»

Ит ордунан боюн кере козголду.Артын жалтаңдай караган дөбөт мурункудай чагарактабастан куйругун булгалап,бөрү желишке салып,койлордун артынан кетип баратты.

-Итиң акылдуу ит экен,ээ,-дедим Жезбилектен көзүмдү албай.

-Буга тапшырма гана керек.Айтып койсоң койду короосу менен өзу жайытка айдап барып,кечинде кайра айдап келет.Бирок иттин иши ит да.Ар-дайым мени менен ысык-суукту бирге көрөт. Көзүн ача элек кезинде,окуудан тарап жайлоого кетип баратып,бадалдын түбүнөн таап алгамын.Ошондон бери достугубуз бекем.

Жезбилек бизден узап баратып,шоңшоюп отуруп калды.Ой тараптын абасын тумшугун көтөрүп,мурдун кыймылдатып искеп-искеп алып,борс этип койду.

-Бирөө келатат деп жатат окшойт.Кана, көрөлүчү!

Майрамбек асынып жүргөн дүрбүсүн боосун оңдоп көзүнө кармады.

-Мына айтпадым беле,Болотбек келаткан тура.

-Берчи,мен да көрөйүн.-Майрамбектин кармап турган дүрбүсүн алмакчы болуп,боосунан кармадым.Ал турнабайды мойнунан чыгарып мага сунду.

Карагайлуу капчыгай,жалама зоолор бет алдыма келди.Төмөнкү кыяда карагердин оозун жыя кармап,шайбырлай бастырган жаш улан үзөнгүсүн чирене теминет.Жогорку бетте кара комоктой болуп бир үйүр жылкы жайылып жүрөт.Сүмбөдөй болгон эки бышты моюн алышып,жалдарынын түбүнөн жытташат.Анын бери жагында жүнү жерге тийген топоздор тобу менен асканы көздөй чубап баратат. Кимдир бирөө киши бою келген жаш балаты менен катар өскөн топ четиндин ортосунда атын оңдоп токунуп жатканы көрүнөт.Алыста- алыста укуругун сүйрөгөн бирөө салган бойдон тигил жылкылардын туура тушунан чыга келди.

Жаратылыштын сулуулугуна тойбой,айланага кыдырата көз чаптырам.Эмне деген ажайып жер деп ойлодум.Эгер мен художник болсом,ушунун баарын өзүндөй кылып кагаз бетине түшүрө алаар белем.Адам! Жаратылыш! Жайылган төрт түлүк!Жомокто айтылып жүргөн бейиштин өзү.Ооба,бейиштин өзү.Адам баласынын сүрөттөөгө сөзү жетпей турган ушул сыяктуу ажайып жерди мекендеп турган кишинин да арманы болор ээ.Садагаң кетейин кыргыз жергеси ай.Карасаң,Макен.

Майрамбек сулуулуктан өзүн бөлө албай менменсип тургансыйт.

Жылкычынын күүсүн ышкырыкка салып чыбызгыдай толкуган үн туура жагыбыздан угулду.Дүрбүнү көзүмдөн жулуп алып,ошол жакты жалт карадым.Болотбек бизге жакын келип калыптыр.Ал Кадыркул аганын баласы болучу.Бизди чакырып келиптир.Койго аны таштап,Майрамбек экөөбүз үйдү көздөй бет алдык.Ал койду такай жөө жаят экен.Кол кармашып алып,эңкейиште жүгүрүп келаттык.Түзгө түшүп,боз үйлөр көрүнгөндө жоолугумду салынып,Майрамбектин колундагы жемпиримди кийдим.Биз жакындаганда энем алдыбыздан утурлай басты.

-Ажаркан кудагый келди.

-Ким менен келиптир,өзү эле бекен?

Майрамбек энесинин далысына жабышкан чөптү алгандан кийин,жоолугунан чыгып турган саамай чачын ары киргизди.

-Мыкаттын инилери дейт,жанында эки бала бар.

Асан менен Үсөндун келгенин укканда сүйүнүп кеттим.Кантип жиберди экен деп ойлодум,энем жөнүндө.Биздин дабышыбызды уккан бөбөктөрүм үйдөн октой атып чыгышты.Үчөөбүз кучакташып калдык…Үйгө кирип жеңем менен учурашып болуп,атамды сурадым.

-Атам кечээ келди,Фрунзедеги кызыныкына барыптыр.

Кызык.Турсунайдыкына эмнеге барды экен деп ойлодум. Майрамбек экөөбүз бири-бирибизди карадык.

-Акылдуу кишиге айла жок экен,сыпайы кудагый.Менин кайын агам телегейди тең санаган,теңиз киши.(Атам жашына жетпей алжый баштаган экен деп ойлодум.Он күндө жооп берем дегени Турсунай менен кеңешем дегени го.Мунун эмнеси акылдуулук, теңиздиги кайсы?)-Эл орунга олтура ушул жерден түшкөн такси менен түз эле Турсунайдын үйүнө барып түштүм дейт.Ошол күнү кызынын кубанычы чоң экен.Кечки университетке кабыл алыныптыр. Атаң өз оозу менен айтып олтурду бизге.

«Ойдо жок жерден мени көргөн Турсунай:А-та- ке-е-е!-деп бир бакырып алып,кучактап жыгылды.Ал да ыйлады,мен да ыйладым.Экөөбүз тең ыйладык.Жакшы эле бек элем,кандай жашык болуп кеткенимди билбейм,өзүмдү не кармай алайын.

Бир заматта дүйүм тамакты алдыма төгүп салды.Үстүмө үйрүлүп түшүп,чарк көпөлөк айланат.Тамак үстүндө бир суу жоолукту астыма жаап,бир суу жоолукту жаныма койду.Атайын эле кагылып адам болуп калыптыр.Мен аны мындай болот экен деп эч ойлогон эмес элем.Тез өзгөрүп кеткен экен.Тамак ичип бүткөндөн кийин экөөбүз көпкө сүйлөшүп отурдук.Атайлап барган жумушум Махабат жөнүндө болсо да,оозума ал жөнүндө сөз кирбеди.Мыкат кайда ата?Дени сак жакшы жүрөбү?-деп Турсунай өзү сурады.

Эмне деп жооп берээримди ойлонуп,бир аз олтургандан кийин минтип айттым:

-Махабат куруп кетсин,күйөөгө качып кетиптир.

-Күйөөгө дейсизби?-Шалдая түштү.-Капжок дегенде окуусун бүтүп алып чыкпай,шашып кеткен экен.Кантебиз бактылуу болсун.

-Ой,ошонун багы менен жерге кирсин.Ал бактылуу болгондо канча кишини жан сактатат эле.

-Деги дайынын айтыңызчы,кайда кетиптир?

-Майрамбек деген койчуга.

-Ыя?Чын эле ошого кетиптирби?

Турсунайдын башы шылк дей түштү.Жүзүнө тик багып карай албай турдум.Ал бир топтон кийин башын көтөрдү.

-Болуптур,ата, барса жакшы болуптур.Майрамбекке кетээрин мурун эле билгем.

(Сөз ушул жерге келгенде эч нерсеге түшүнбөй,оозум ачылып калыптыр.Турсунай Майрамбекти кайдан тааныйт болду экен?-деген суроо чыкыйыма чыга түштү.)

-Билгем дейсиңби?Андай болгондо мурдатан эмне үчүн айткан жок элең бизге,кызым?

-Эмне деп айтам,кызык сүйлөйсүз.

Үндөшпөй калдык.Бул жерге,Турсунайдын өзүнө эмне жумуш менен келгенимди унутуп калгандай,алдымдагы лимон салынган чайдан көзүмдү албайм.Кызымдын үнү чыкканда кашым серпиле түштү.

-Орун салып койдум,жатып эс алыңыз.Калган сөздү эртең сүйлөшөлү.

Махабаттын жайын укканда,мен Турсунайды мындай кабыл алат экен деп ойлогон эмесмин.Баякы камгактай учкан,шайкелең бойдон го дечүмүн.Өкүрүп- кыйкырып төрт айламды түгөтөр бекен дегенмин.Бирок андай болгон жок.Керебеттин башы менен тең кылып,керилитип төшөк салып,ак шейшепти жайып салыптыр. Кызымдын кайсы убакта жатып,кайсы убакта турганын да билбейм.Эртең менен турсам таң атпай тамак жасап жатыптыр.

-Жата турбай,эмне үчүн эрте турдуңуз?

-Эртерээк кетейин,мени узат,балам.

Кызымдын кабагы түйүлө түштү.

-Бүгүн эле кетип каласызбы?Эртең кетпейсизби?

-Болбойт айланайын.Колхоздо кан күйүп жаткан учур.Эч кимге айтпай да,суранбай да чыктым эле.Бул жакка кеткенимди башкалар эмес,энең да билбейт.Бир жакка барып өлүп калган экен деп,тополоң түшүп жатышпаса эле болду.

-Баса эгин чабуу башталбадыбы? Аштыктын тушүмү кандай?

-Жакшы,балам. Атаң алты метр узабай эле бункерди кызылга толтуруп алып,машина кичине кечиксе эле комбайндын гудогун озоңдото берет.Быйылкыдай тушүмду өмүрүмдө көргөн эмесмин.Ташыганга шофёрлордун шаасы жетпейт.Шаардан жардамга дагы машина келет деп жаткан. Кишиден машина көп.Тим эле кара таан.Бир эле комбайндын аркасында беш-алты машина.Механизаторлордун суусун жутаарга чамасы жок.Ушул абалды көрүп туруп,шерменде болдум го.

Шартымды уккандан кийин кызым жумшарып калды.Ошол эле күнү эртең мененки тамактан кийин жолго чыкмак болдум.Махабат жөнүндө сөз түнкү боюнча жаңыртылбады. Эмне деп айтаарымды билбей,ордумдан туруп баратып,стулдун четине кайра көчүк бастым.Турсунай ички үйдөн бир калың конвертти алып чыгып,колума карматты.»

Майрамбектин энесинин эки көзү чекчейип,жеңемди тиктеп турган.Ал ортодо болуп жаткан сөзду жактырбагандай, колунда кармап турган чайын же ичпейже жерге койбой таңдана сурады:

-Кагылайын Ажаркан кудагый,бизге башка айтаар сөзүң жокпу?Келгенден бери Турсунай,Турсунай эле дейсиң.Аныңар эмне болгон Турсунайыңар эле.Ал кыздын Майрамбек менен Махабаттын турмушуна кийлигише турган кандай жөнү бар неме?

Мен Майрамбекти карадым.Эмне үчүндүр анын өңү бузулуп,көздөрүнөн зил чачып турганын көрүп,жүрөгүм дүпөйүл тартып,бир нерседен шектенгендей бүткөн боюм жыйрыла туштү.

-Кудагый,-деди женем кайненеме тигиле,баланын өзүн тууган менен анын кыял-жоругун кошо туубайт тура.Махабаттын энеси көз жумгандан кийин,кайнагам ушул азыркы кудагыйыңарга үйлөнгөн.Турсунай ээрчите келген кызы эле.

-Ээрчите келгенин эчак эле укканбыз.Кудабыз улуу кызыман мурда кичүү кызым кетти деп,баргандарга тыңгылыктуу жооп бербей узатса,эми сен анын үстүнө кат деген балакетти кошуп алыптырсың. Сөздү чоё бербей,ошол олуя кызыңар жазган каттын жөн-жайын айтчы…И,Турсунай кат алып чыгып берди атасына,анан эмне болду?..

Ажаркан сөзүн улады:

-Мен кудаңыздын сөзүн айтып жатам,шашпаңыз, азыр баарын түшүнөсүз.

-Ушуну энеме алып барып бериңиз,-дептир кызы.

-Катпы?Эмне деп жаздың?-деп кайын агам сураптыр.

-Махабат жөнүндө эле,ата!

-Махабат жөнүндө дейсиңби?-дедим дейт.

Башын ийкептир кыз.

Катты колума коомай кармап турдум.Эмне деп жазганын сурай албай дендароо болдум.Мени түшүнгөндөй, Турсунай колума кармап турган катты кайра алып,костюмумдун топчулугун чечип,алиги катты ортосунан бир бүктөп төш чөнтөгүмө салды.

-Энеме айтыңыз,шашпай түшүнүп толук окусун…Үйг жеткиче эси-дартымдын, баки-жогумдун баары жанымдагы катта болду,-дейт атаң.

-Үсөндү жибергенинен Бердалы экөөбүз барсак,ушулар жөнүндө айтканы чакырышыптыр. Угуп алып аябай сүйүндүк.Бул жакка кетээрде столдун тартмасында турганынан окутайын деп,чөнтөгүмө салып алдым эле.Турсунайдын катын окугандан бери энең баякы эне болбой,момун болуп калды.Мен туйлаганым менен кызым кеңдик кылып кечирип жатса,айлам барбы.Барып айтып кел,кечтим күнөөсүн.Келебиз дешсе келе беришсин деди.Атаң эрте менен жолго чыкканы жатсам,биздикине келиптир.Жалгыз кызымды малга сатпасымды күйөө балам менен кудагыйым эсине алсын деп эскертти.Өз малым өзүмө,өз оокатым өзүмө жетет.Керек болсо менден алышсын.Шарттары келсе,кыйналып- кысталышпаса келип,тели-теңтуштарын чакырып,ага- тууганга үйлөнүү салтын жасап кетишсин.Биз да камыналы,өздөрү да камынышсын. Ата-баланын да сеники-меникиси болобу.Мынча болбосо болот эле,болгондон кийин тапкан-ташыганм ошол экөөнүкү.-деди атаң.Сыягы энең экөө ушинтип кеңешишсе керек.Баса,Турсунайдын каты мынакей,окучу Мыкат.

Мен катты алып ичимден купуя окуй баштадым.

 

 

УЛАНДЫСЫ БАР….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE