Пример HTML-страницы

«ЖАПАЙЫ РОЗАЛАР».    8-БОЛУМ.

https://kyrgyzcha.site/?p=42084&preview=true Кызыктуу окуялар.

«ЖАПАЙЫ РОЗАЛАР«.

8-БОЛУМ.

 

 

-Мени жайыма койчу,Макен. Обол мурун окуумду бүтүрөйүн.Бул сөз ошондон кийин болсун…

-Мен сени окууңду ташта деп жатамбы?Окуй бересиң.Мен сырттан окуйм.Экөөбүздүн бүтүшүбүздүн ортосунда 2-3 жылча айырма болот.Андан кийинки турмуштун баары каалашыңча өтөт.-Майрамбек дагы эле калтырап,үнү дирилдеп чыгып жатты.-Макулдугумду алып,өзүнө жаржамчы чабан кылып алат экен деп жатасыңбы?Жок, жаным,такыр андай болбойт.-Анын жүрөгү менин жүрөгүм менен үн алышкансып угулат.-Өзүң айткандай эле болсун.Он жыл күт десең он жыл,он беш жыл күт десең он беш жыл күтөйүн.Макул деп койчу.

-Чынбы?

-Өлүп кетейин,карыганча күт десең да күтөм.

Майрамбектин сөзүнө ишендим.Окуумду бүткөндөн кийин да көрө жатаарбыз деп ойлодум.Унчукпай калдым.Эки колун эки жаагыма коюп,оозун оозума жакындатып келатканын байкап башымды буруп кеттим.Мен Майрамбектин жүрөгүнүн согушу мурдагыдан да катуулап баратканын билдим.Коркуп кеттим.Ушул жерде кокус жүрөгү жарылып кетпесин деген ой көңүлүмдү чагылгандай аралап өттү.Мен буга чейин мынчалык катуу соккон жүрөктү биле элек болчумун.Ал эми муунунун титиреп,бүткөн боюнун калчылдаганычы.

Ушунун баары мага бир укмуш керемет,жалганда жок жаңылыктай болуп туюлду.Баякыда Бурулдун айтканын эстедим.Ошондо менин жүрөгүм да ушул Майрамбектин жүрөгүнө окшоп соккон экен. Деги жүрөктөр кызык болсо керек.Жакшылык менен жамандыкты өзүңдөн мурун сезип,өзуңдөн мурун түйшүгүн тартат.Жер жүзүндө жүрөктөй жүк көтөргүч баатыр болбосо керек.

-Мыкат,жаным, таалайым,жооп берчи батырак.Макул дечи.

-Айтпадымбы.

-Эмнени айттың?Эчтеке укканым жок.Айтсаң эми сүйөм деп.-Жигит мени өпкүлөп жиберди.

Сүйөм деген сөздү жүрөгүмдө миң кайталап,оюмда кыйкырып жатсам да Майрамбектин алдында төгө албай турдум.Өпкөм көөп,беттерим чыңалып чыкты. Көөдөнүмдөн чыккан бир наристе үн дүйнөгө жаңы көз ачып,жумурткадан жаңы чегилип аткан жансерек балапандай алсыз чыкты.

-Сү-й-өм…

Майрамбектин денеси отко салган темирдей денемди каарып,жаагыма тийген бетинен тер төгүлүп жатканын сездим.

-Өмүрүм өткөнчө,күчүмдүн жетишинче төбөмө көтөрөм.Ракмат. Сүйгөнүм,сүйүнтөөрүм. Сүйөм деген оозуңдан…

Эриндеримен, беттеримен аймалап,чачымдан жыттагылап жатты.Ооба,ушул түнү мен биринчи жолу жигитке өптүрдүм,жигиттин кучагында термелдим…

Майрамбек өз бөлмөсүнө кетүүгө турганда таң аппак атты,үйгө жарык түшүп калган болучу.Мен чечинип төшөгүмө жаттым.Майрамбек өпкөн жерлерим ысып-күйүп,өрттөнүп жаткансыды. Жүрөгүмдун оту мурдагыдан бетер алоолойт.Туура иш жсадымбы,жокпу, өзүм да түшүнбөдүм. ..

…Биз кете турган күн дем алыш болучу.Мейманканага келсем Турсунай күтүп олтуруптур. Сүйүнүп кеттим.Анын көзүнө көрүнүп,кулагына угулуп,бүткүл денемдин баары Майрамбек деп ырдап,Майрамбек деп сүйлөп,өз сүйүүмдү жарыя кылып жаткандай болуп туюлду.Менин көзүмө Турсунай кадимкидей токтолуп калгандай болуп көрүндү.Сүйлөгөн сөздөрү орундуу.Мүнөзү коймайрек тартып токтоо.Көздөрү ойчул тартып,мени сынай тиктейт.Анда- санда акырын улутунун коёт.Экөөбүз бир топко чейин сүйлөшүп олтургандан кийин минтип сурады:

-Энем жакшыбы?Эмне деп жүрөт мени?

-Эмне десин.Кызымдын тоюна аз калды деп күтүнүп жүрөт.

-Мамилеңер кандай,жакшыбы?

-Жакшы,-дедим көңүлсүз.

-Ошондой эле болсун.Менин ойлогонум да энем экөөңсүңөр. Баласы болуп калбадыңбы, өөдө-төмөнү болсо кечирип коюп жүрсөң.Энем өзү деле түшүнүп калгандыр.Бирок мен жөнүндө той берем деп ойлобой эле койсун.Ал жөнүндө сырымды кетээрде сага эчен-эчен айтайын деп оозум барган эмес.Мен ал жигитти сүйгөн кызы менен кетип баратканын мурдакүнү көрдүм.Кантейин, бактылуу болушсун.

-Турсунай,айтсаң, эмне жигиттер сүйүүгө туруксуз болушабы?

-Туруктуу үчүн мага кылчайбай койбодубу.Балалыгым менен жаштыктын да,сүйүүнүн да арзан-кымбатын билбептирмин. Сыягы,көргөн- өскөнүм ошол болсо керек.Турмуш көзүмдү ачты го.Эл-журтка, бирге иштеген жолдошторго ыраазымын.Баса, Асан менен Үсөн чоңоюштубу? Атам кандай жүрөт.Дени сакпы деги?

-Атам өзүң көргөндөй.Асан менен Үсөнтай болсо адам болуп калышты.Тим эле жакшынакай балдар болду.Үйгө качан барасың?Эч кимибизди сагынган жоксуңбу?Дем алышта барып келсең боло?

Турсунай бир серпилип алып,тунжурай түштү.Колундагы Расул Гамзатовдун «Менин Дагстаным» деген китебин ачып барактап койду.

-Кантип сагынбайын. Мына ушул китептеги «Капастагы чымчыкка» окшоп баарыңарды сагынам.Элди, жерди,Ысыккөлдү көргүм келет.Бирок…

Турсунай созүнүн аягына чыкпай,көздөрү жашылданып кетти.

-Сен бүгүн коносуңбу же?

-Кетишим керек.Окууга да аз калбадыбы?

-Өзүң бил анда,чогуу кете турган жолдошторуң бардыр,балким.

-Жолдоштор бар.Алар автовокзалдан күтүшмөк эле.Билет алып да койгонбуз.

-Таксиге олтурсаңар кечке кирип барасыңар.Жүрү, анда ресторандан болсо да өз колумдан даам ооз тийип чык.

Макул болдум.Турсунай экөөбүз тамактанып алып,тышка чыктык.Ал менин чемоданымды, а мен болсом майда-чүйдө салынган сумканы көтөрүп троллейбус токтоочу аялдамага келип жеткенибизде ар жактан машина көрүндү.Майрамбек күтүп калгандай,мен өтө кечигип бараткандай шашам.Ал экөөбүз вокзалдан кезигишмек болчубуз. Мен жаңы келип токтогон машинанын акыркы тепкичин бастым.

-Кош,Мыкат,мен ушул жерден эле калайын.Энем менен атама салам айт.Асан менен Үсөндүн бетинен өөп кой.

-Барбайсыңбы? Жүрү азыр эле кайра келесиң да.-Көңүл уладым.

Турсунай башын чайкады.

-Бактылуу бол!

Колубузду кыса кармаштык.Мен троллейбуска кирип бараттым.

Майрамбектин кайдан-жайдан жүгүрүп келип машинанын алдыңкы эшигинен секирип киргенин көрүп,көзүм алая түштү.Турсунай колун булгалады…

Фрунзеден келгенден кийин эжемдикине бир түнөп алып айылга кеттим.Энем менин шаардан ала келген базарлыгымды көрүп кубанды.

-Ырас болбодубу,Турсунайды көрдүңбү?Кандай, дени сак,жакшы бекен?

-Жакшы экен эне,салам айтты.Мен кетээр күнү мейманканага келиптир.Узатып койду.Иши да жакшы экен.

Энемдин жүзү албырып чыкты.Кубанычтан көздөрү жашылданып турду.

-Мейнетиңди алайын каралдым,келсе боло.Энең сагынып жүрөт деп айттыңбы?

-Айттым.Баарын айттым.Келгин деп чакырдым.

-Күйөөсүнө качан чыгат экен?Ал жөнүндө сөз айттыбы?

-Күйөөгө чыкпайм дейт.Сыягы,сүйлөшкөн жигити менен ажырашып кеткен окшойт.Энем тойду ойлобой эле койсун деди.

Энем селейип калды.Бир оокумдан кийин гана:

-Балалыгың да,жаштыгың да курусунчу.Андан чоң күнөө кылган кишилер деле жүрбөйбү.Киши өлтүрүптүрбү? Айткан эл айта берсин,деген эл дей берсин.Ким менен кимдин жумушу бар.Келе бербейби.Куурады го сагынып.Олда мейнетиңди алайын каралдым ай.Күйөөгө чгыамдеп чыкпай калган эле күнөөсүбү?Анын баарын кылган жанакы менин өз келиним.Тузум урсун жүзү караны.Же Турсунай элчилеп,элдин эрин талашпаса же бирөөнүн үйүн бузуп жаманатты болбосо.Бирөөнүн ашын ичип,кадырына түкүрүп жүргөндөр деле басып жүрбөйбү.

Энемдин ушул акыркы сөзүн укканда жүрөгүм зырп дей түштү.Сүйлөшкүм келбей калды.Ордумдан туруп баратсам минтип кошумчалады:

-Турсунай го Турсунай болду эле.Ал азыр өз күнөөсүн өз эмгеги,өз акылы менен жууп жатат. Сен жөнүндө бир сөз уктум.

-Эмне сөз?

-Эгер ошол чын болсо,Батыштын тузу ураар сени.

-Эмне?Эмне деп жатасыз?

-Эмне дегенимди укпай калдыңбы?Эламан сага ким болот?

Оозума сөз кирбей калды.Энемди керсары боло тиктедим.

-Мени жалдырап карабай эле кой.Өлсөңчү мындан көрө.Кылгылыкты кылып кыл жип менен бууп коюп…

-Айтпайсызбы ачык?

-Ачыгын атаңдан уккун.Мен айтсам өгөйлүгүнөн ушинтип жатат дээрсиң.

Энем ушуну айтып,булкуна туруп тышка чыгып кетти.Анын сөздөру этимден өтүп,сөөгүмө жетип,чучугумдан бери сыздатты.Колуна өлүп берейин дедим.Ошол саамда биздин үйдү кылчактап,кимдир бирөө басар-басмаксан болуп өтүп баратканын көрүп токтоп калдым.Ал мени көздөй басты.Айдар экенин дароо тааныдым.

-Махабатсыңбы? Качан келдиң?

-Бүгүн.-Кол алыштык.-Мени тирүулөй өлтүрдүң ээ?

-Эмнеге?Өлбөй эле коюңуз.-Күлгөн болдум.

-Бая күнкү убада,жакында күчүнө кирет.

-Кайсы?

-Унутуп калдыңбы?

-Эсимде жок.-дедим энемдин сөзүнө алагды болуп.-Айтыңыз?

-Айтпайм.Унутсаң убагында эстээрсиң.

-Айтпасаңыз катып алыңыз.

Короого кирип кеттим.Төшөгүмө барып үстөмөнүмөн түштүм.Көз жашым өзүнөн өзү куюлат.Атамдын жоктугуна өкүнөм.Бул ушакты атама да жеткирген экен деп каным тескери айланат. Атам акыйкаттайбы, же жокпу анысын да билбейм.Эламан жездем менен Батыш эжем уксачы?Анда эмне болот?Уялганымдан өлгүм келет.Сандарбектин сөзүн эстейм.»Жездең кыйнаганбы, же Айдар кыйнаганбы? » Сыягы бул ушактын башталышы ошондон мурда болсо керек.Эми алар менен канткенде бирге туруп,бирге жашайм?Майрамбек укса эмне болот?Ишенеби, же ишенбейби? Мындай сөздү таратып коюп,кантип эл аралап басып жүрөм.Уккандар жерге түкүрөөр,бузуку кыз экен дешээр. Же өлүп берип,бардыгынын жанын тындырсам бекен?

Ушул кезде атамдын үнүн уктум.Кызымтал окшойт.Энем экөө адегенде күңкүлдөп акырын сүйлөшүп жаткан.Бара- бара үндөрү катуулап,кажылдаша баштады.

-Акмак.Түн ортосунда адамдын тынчын албай,ичкен жериңе жатып албайсыңбы?

-Жатса жатып алат болчумун.Бирок мен кызым келди бекен деп келдим.Биздин бригаданын механизаторлоруна сыйлык беришти.Бир аз жутуп койдум.Анын эмнеси жаман.

-Ормоке көк башыга кезиктиңби?

-Жок.Эмне болду?

-Эмне болмок эле.Баякы эле сөз.Уулу Турдубек жөнүндө сени менен сүйлөшөмүн деп келиптир.Жумушта десем кеткен.Жайнак кызынын калыңына мал эмес,баш алам десе да макулмун дейт.

Атам кыжырлана сүйлөдү.

-Акмак.Кызын малга сатат деп ойлосо керек.

Мен башымды көтөрүп ата-энемдин сөзүнө кулак төшөдүм.

-Турдубек эмне жаман бала бекен?Билими жок болсо да,бирме бир жигитке бергис.Уй фермасында гурттун башчысы деп чанбасаң кызың экөөң.

-Аны жаман деп жаткан ким бар.

-Жаман дебесең кызың ошол Турдубекке ылайык.Берсин калыңын.Окуса окуур,окубаса. ..

-Эмне?

-Махабатты ушунчасында көзүн тазала деп жатам.Болбосо аягыңды асманга чыгарат.Эламан Батышты кетирип,сенин кызыңды алат экен деп айттым беле.Айткамын. Ошон үчүн кийбегенди кийгизип,ичпегенди ичирип,алчаңдатып олтурат.Батышты да Кудай жараткан.Эл айтпаса да,барып мына мен айтам.Анын да убал-сообу бар.Ушунчасында эринин тизгинин тартсын.Кайран неме аййе,бирдеме болсо эле,сенин тарбиялаган кызың деп Турсунайды бетиме баса каласың.Ата тарбиялаган кызды да көрүп жатам.Эмне,Эламанга тийип алса өлтүрөсүңбү? Өлтүрө албайсың.Ар кимдин баласы ошондой.

-Ушул сөздөрүңдү кайра айтчы?

-Кулагыңа жабышып калып жатабы?

-Бар,азыр барып айтып кел.Сен шерменде болор бекенсиң,же күнөөсү жок менин кызым шерменде болоор бекен.Батыш сага окшогон акмак эмес.Акмак.- Атам энемди тээп жибергендей болду.-Бузуку, канчык.Тилиңе тишиң күбө.Эгер кызым чындап эле ошондой ишке барчу болсо…-Тишин кычыратты.-Ажалы менден.Өз колум менен өлтүрүп салам.Анан өкмөткө өзүм барып берем.Ушундай күнөөсү үчүн мууздап салдым деп айтам.Бирок кызымдын да,Эламандын да андай ишке барышына түк ишенбейм.Махабатты ал өз кызындай көрөт.Уктуңбу? Эгер ушул сөздү жалган айтып ичиңден чыгарган болсоң,тилиңди түбүнөн кесем.Түшүндүңбү, тилиңди кесем.Тилиңди.

-Мен чыгарыптырмынбы? -Энем жоошугансып сүйлөдү.-Ошол сөздү ким биринчи чыгарса ошонун тилин кес.Менде эмне жумушуң бар.

-Мен башка кишиден укпай,сенден уктум.Ошон үчүн эң биринчи сенин тилиңди кесишим керек.

-Күчүңдү менден чыгарбай,кызыңды айт Турдубекке барсын.

-Баламдын теңи Турдубек болуп калыптырбы? ..

-Ошондой дечи.

-Ошондой.Кызым өзү жактырганына барат.

-Анда Эламанга барса сүйүнөт турбайсыңбы? Билдим,билдим, акылдуу атанын айтары ушундай эле болот дейм да.

Дабыш чыкпай дым болуп калышты.Атам энемди басып алып муунтуп аткандай болду.Эшиктин алдына келип токтодум.Атам энемди далайда коё берди.

-Чирик,тамагымды эзип салды.Кутула албай жүрсөң,өлтүрбөй эле кетирбейсиңби?

-Кечтим,сендей карооздон.Жогол көзүмө көрүнбөй.

-Жоголо албайт деп турасыңбы?

-Жоголсоң түп ордуң менен жогол.Адатыңча кайра келүүчү болбо уктуңбу?

-Кеткенди көрүп ал.Жөн эле кет десем,кетип калат деп турасың го ээ.Балдарымды алып,күлүңдү көккө сапырып,журтка олтургузуп кетем.

-Балдарда акың жок.Кетсең өзүң кет.

-Балдарым жакшы,мен жаман экенмин да ээ.Көрөбүз.. .

…Эртең менен мен турганда күн али чыга элек экен.Бел курчоосуна чейин чечинип,чоң алышта жуунуп жаткан атамды көрүп жүрөгүмдүн бир тамыры чырт үзүлүп кеткенсип,көөдөнүм думуга түштү.Атам мени көрдү окшойт.Шашкалактап чала-була сүртүнгөн бойдон,көк чөптүн үстүндө жаткан көйнөгүн кийип,мени көздөй басты.

-Э каралдым,качан келип калдың?

-Кечээ.

-Кечээ!-Менин сөзүмө ишенбегендей суроолуу карайт.Жаныма келип чекемден өптү.Бырышы жок кызылдуу,кара тору жүзү түктүйүп,көздөрү чарчаңкы.

-Акча,тыйының жеттиби?

Башымды ийкедим.Түндөгү сөздү кандай баштаар экен деп ойлодум.

-Окууң башталганча үйдө болосуңбу?Мен бир топко келбейм го.Эгиндер текши бышып кетти.Талаа станына жатып иштеп жатабыз.

-Билбейм атаке,мен жалгыз өзүң үчүн гана келем.Сен кетсең мен да кетем.Энем.. .-Сөзүмдүн акырына чыга албай ыйлап жибердим.

-Энең кара жерге кирсин,ошонун сөзу да сөзбү.

-Сөз дебей чыдап келдим го.Заар тилин эми койсо боло.Канымды сүлүктөй сорду го бул катын.Асан,Үсөн болбогондо.. -Ошол балдар деп…Эки бала гана жолумду кесип турат.

-Жашай бериңиз.Балдарды тарбиялаш керек.Өз энеси да.

Атам катуу үшкүрдү.

-Балдар деп жүрүп,оңолот деп жүрүп чачым агарып кетти…

Эки жагын каранды.Жылдызы өчүңкү шалбырайт.

-Жүрү олтуралы.Өзүң менен ата-балача сүйлөшөйүн.

Илкий басып келип,бактын көлөкөсүнө коюлган буту бар тактайга келип олтурдук.Атам колундагы кичинекей чыбык менен жерди ары-бери чиймелейт.Көңүлүң өйүгөн дартты өзүнөн алып таштай албай жаткансыйт. Жаактары кыймылдайт. Мусапырдай кебетесин көрүп,ичим сыздады.Уккан сөзүнүн чын төгүнүн менден даап сурай албай жатканын билип турдум.Сөздү ачкым келип,чыдабай кеттим.

-Атаке,мага эмне айтайын дедиңиз эле?Айтпайсызбы?

Тиземде жаткан колдорун кармаладым. Баш бармагын эмнеге алдырып алганын билбейм,тырмагынын тубүнө чейин көгала.Анан калса эти менен эт,териси менен тери болуп сиңип калгансып алаканына чейин кара майдын тагы.

-Бул жериң эмне болгон?

-Куруп калсын,байкоосуздан темирге кыпчытып алдым.Жакшы болуп калды.Адегенде билегиме чейин шишип кеткен.

-Оорубайбы эми?

Башын чайкап койду.Мен атамдын манжаларынын бир экөө чыгып ордуна кирбей ийрейип,алакандарынын чор басып калганын азыр биринси сездим. Эмне үчүн мурун байкаган эмесмин! Кара май жыттанып,барбайган колдоруңдан тегеренейин атам ай.Жаныңды бакпайсың.Өзүңдү өзүң сактабайсың. Асан менен Үсөн дебесең,отуз уул кырк кызың багылбай жатты беле?!Өлбөй турган оокатың бар.Анан калса колхоздун жумушу өзүңсүз бүтпөчүдөй, жайды жай дебей,кышты кыш дебей көк темирди минип алыпжан тынымын албай чапкылап жүргөнүң жүргөн.Ушуларды ойлоп,ичимден сыздап жаттым.Манжаларын айландырып карадым.Күрөктөй болгон жазы алаканын оозума алпарып өөп койдум.Ыйлагым келет.Өзүмдөн өзүм буулугам.

Атам башын салмактуу көтөрду.

-Балам сенден чындыкты сурайын деп олтурам.Өз энең болсо өзү сүйлөшөт эле. Ушунча жыл бирге жашасаңар да,бул энең экөөңөрдүн отуңар күйүшпөй койду.Айла жок кызым,ата айта турган сөз эмес.Бирок айтпай коюуга да болбойт.

Өз атамдын токтоолугун ошондо биринчи көрдүм.Мен анын мынчалык терең,мынчалык ойчул экенин билген эмес болучумун.Өз алдынча орчундуу бир нерсени чече албайт го дечүмүн. Түндөгү энемдин сөзунөн кийин иштин ак-карасына жетпей,сөөгүмдү сыздатаар бекен деген элем.Бирок такыр андай болгону жок.Мен атамдын оозун тиктеп калыптырмын.

-Мен сен жөнундө жаман сөз уктум,кагылайын. Ооба эң жаман сөз.Чын болсо чын де,жалган болсо жалган де.Балким,балалык кылып койгондурсуң. Менден жашырба кызым.

-Макул атаке,чындыкты сүйлөшөлү.Бири- бирибиздин сөзүбүзгө ишенгендей бололу.-Мен ордумдан ылдам туруп,атамдын мойнуна кучактадым. Чекесинен өптүм.Атамдын башы мага өзүнөн-өзү калтылдап тургандай сезилди.Үнү каргылданды.

-Сени Батыш эжеңдин шаарын бузуп,Эламанга турмушка чыгууга сөз берип азгырылып жүрүптүр дегендери кандай? Тайсалдатпай так жооп берчи?

Бул сөздү атамдын айтаарын билип турсам да,кулагым бүтөлө түштү. Тилим оозума батпай,шишип чыккандай куудурап,шилекейим кургады.Атамдын моюнун кучактап турган калыбымда салмагымды салып,далысына ыгырыла түшүп,боюмду зорго көтөрдүм.Жанында бир демге сенек болгондой калтырап турдум.Атам менден жооп күткөнсүп,же мени сынап жаткансып суроолуу көзү менен бурула карады.

-Мени жаман көзүң менен карабай эле кой.Бардыгы жалган,атаке. Кайдагы бир ойго келбеген жаман сөздү айтып жатасың?!- Бет маңдайына чөгөлөй калып,эки колум менен эки тизесин бастым.-Ушак. Ишенбегин буга.Ким чыгарса да ниети кара,мени көрө албаган неме чыгарыптыр. ооба атаке,көрө албаган бирөө.Түшүнүп жатасыңбы?Алар мени өз кызындай көрөөрүн билет элең го өзүң.Мени ошондой жакшы кишилерден жат кылайын дедиңерби,-Көзүмдүн жашы төгүлүп жатты.-Айтчы, кызыңа ишенесиңби же душмандын сөзүнө ишенесиңби? Мен Эламан жездемди сендей,Батыш эжемди энемдей көрүүчү эмес белем.Такыр сен уккандай эмес,атаке!

-Болуптур балам,ишендим, ыйлаба.-Атам дароо өзгөрдү.-Тур өөдө.-Төбөмдөн жыттап,жанына тартып олтургузду. -Андай болсо сенин сөзүңдү мен бүт бойдон кабыл алдым,ишендим. Эми менин сөзүмдү сен кабыл ал.

-Макул!-Илбериңки жооп бердим.

-Макул болгонуң чынболсо,мындан ары Эламан жездеңдикине турба,балам. Жакшы көрсө да,жаман көрсө да жанакындай сөздөр чыкпаса болот эле,чыккандан кийин…

Ойлонуп калдым.Атам да ойлонуп калды.Эмне кылаарымда билбей башым эңги-деңги болду.Бул чындыгында эле жакшы сөз эмес болучу.Бирок чын-чынына келгенде атамдын акыркы сөзүнүн жүйөсү бар эле.Мендеги тоскоол,ошол кош алаканына салып алпечтеп олтурган үйдөн кандай шылтоо таап чыгып кетүү болду.Жылан чакпай,жылкы теппей эжем менен жездемди таштап башка үйгө чыгып кетүүдөн оор нерсе жоктой болуп,төбөмдөн ылдый сансыз санаа басып турду.Атамдын бул сөзүнө ойлонуп туруп,жооп бермек болдум…

Ошонун эртеси шаарга кетмекчи болуп камынып жатсам үстүмө Бердалы абамдын аялы келип калды. Ал төркүнүнө барып келмекке башкарманын Волгасын сурап алыптыр.Ошону айтканы келиптир мага.Мен алар менен шаарга чейин чогуу кетмек болдум.Бирок алардын машинасын күтүп олтуруп күүгүм кирди. Эмне болгонун билейин деп Бердалы абамдыкына баратсам,алдымдан Алмадай чоң энем чыкты.

-Кагылайын Махабат,бери келчи балам.Ырас кезикпедиңби? -Кары эки жагын элеңдей карайт.-Сен эчак эле кетмек эмес белең?

Алда кандай сөз айтат деп коркуп кеттим.

-Ажаркан жеңем шаарга барат экен.Ошону күтүп…

-Оо,кокуй Ажаркан,жерге кирсин.Ошону киши деп ишене турган канчык эмес турбайбы.Азыр эле бир сөз угуп сага айтайын деп ашыгып келдим.Ажаркан аркылуу сени бүгүн түнү Айдар ала качат экен.Сак болчу,кулунум. Беймазага кабылганы турат окшойсуң.

Алмадай чоң энемди кучактай калдым.

-Кагылайын энекебай эмне шумдукту айтып жатасыз.Кантем эми.Же башка айтаар акылыңыз барбы?

Биз ушинтип жатканда Бердалы абамдын үйүнүн алдына колхоздун Волгасы келип токтоду.Машинанын үстөккө-босток берилген сигналы чыкты.Ошол замат Ажаркан үйүнөн октой атып чыгып,түз эле биздин үйдү көздөй чуркады.А Алмадай чоң энем экөөбүз болсо калың өскөн дубалдын түбүндөгү кара жыгачтын далдаасына келип тыгылдык.Чоң жолдун биз жаккы жээги менен эки эркек өтүп кетти.Алардын аста шыбырашып сүйлөшкөн сөздөрү угулат.

-Айылдан узай түшүп жол тосмой болбодукпу. Машинаны көрүп,кол көтөрүмүш болуп калгыла дебедиби шофёр.Кыздын макулдугу жогунан коркуп жатам.Болбосо. ..

-Макулдугу жок болсо,мелдеши бар.-Айдардын үнү экен.

Эми билбедимби, кечээ ошону айткан турбайбы.Фрунзеде мейманканада болгон сөз эсиме туштү.

Жинди экемин.Ошондо эмне үчүн мелдешип,эмне үчүн кол алыштым экен.Анда мен өз көңүлүм болбой турупкантип эле ала качтырып коёюн деп ойлогон турбайымбы. Эми минтип ала кача албайсың деген Айдар өмүрүмө кол салганы камынып жатат.Корко баштадым.Жигиттердин андан аркы сөзүн уга албай калдым.Чоң энем мени чукул коштоп,дубалдын түбү менен бөжөңдөп бара жатты.

Эртең менен күн чыга электе Абакир абам алып келген мотоциклдин люлкасына олтуруп,колхоздун механиги менен шаарга жөнөп кеттим.Окуу оюмдан чыгып кеткендей.Ушул жерден,ушул шаардан биротоло көз далдоо болууну ойлодум.Менде элдин оозун басыштын,Айдардан кутулуштун бир гана жолу калган сыяктуу көңүлүм уйгу-туйгу.Ал жол өзүм сүйгөн бирөө менен кол кармашып кетип калсамбы деген бүдөмүк ой эле.Ректордун балдызы,Батыштын сиңдиси болуп туруп,алардан бөлүнүп чыгып жатаканадан орун суроонун өзү да мен үчүн оорудан катуу жумуш эле.Анда жалгыз өзүм эмес,эжем менен жездемдин кадыр-баркын бүтүн институттун алдында бутум менен тебелеп,жакшылыгына жамандык менен жооп берген болом.Мотоцикл дарбазанын жанына келип токтогондо гана үйгө жеткенимди билдим.Саатымды карасам араң эле бештен өтүптүр.Калитканы түртүп көрсөм бек. Кеч жатышса керек деп ойлодум.Эжем менен жездем өтө кеч жатышканда гана саат жетиге чейин уктай тургандыгын билүчүмүн.Жанагы биздин артыбыздан келаткан машинасыбы же башкасыбы,айтор, Майрамбектикине окшош Волга Ленин көчөсүнөн бурулуп,суу проводунун жанына келип токтоду.Машинадан түшкөн жигит да узун бойлуу неме экен.Бирок ал таң атпай жүздөгөн километр жерден короо толгон коюн таштап,кайдан келмек эле. Окшош машинадыр.Анын үстүнө Майрамбек экөөбүздүн болжошкон күнүбүз бүгүн эмес,эртең саат он эки болучу. Ал мени көлгө алып бармак.

 

Баятан бери машинасынын маңдайкы айнегин сүртүмүш болуп,биздин үй жактан көзүн албаган шофёр,мен түшкөн мотоциклдин карааны көрүнбөй калган кезде гана,кабинага кайра кирип эшикти тарс жапты.Өтө эле жай жүрүп келатканынан үй издеп жүргөн немеби деп ойлогончо болбой, ачык терезеден башын жарым чыгарып бажырая караган жигиттин көзү көзүмө чагылыша түштү.

-Махабат!

-Майрамбек! -Машинанын эшигин ачып жиберген жигитти көздөй өзүмдү аттым.

Сунган колумду кыса кармап,өзүн көздөй тартты.

-Жакшысыңбы? Олтур.Деги аман-эсен барсыңбы?Ох, жүрөгүм эми ордуна келбедиби.

Мени эле күтүп тургансып,орундукка көчүк басаарым менен машина зуу койду. Сол колу менен рулду кармап,оң колу менен далымдан имере тартып,саамайымдан жыттады.

-Сагынып кеттим.Бүгүн келет деп ойлогон эмес чыгаарсың.

-Эртең түштө келмек эмес белең?

-Күтө алган жокмун.Койду Туратбекке таштап,жүрүп кете бердим.

-Эмне үчүн?

-Сени көргүм келди…

Шаардын четине чыгып,жолдун жээгине машинасын токтотту.Мага жакындап олтурду.

-Деги сени чын көрдүмбү?

-Эмне болду?

-Мен шаарга кечээ кечинде келгенмин.Эламан байкемдикине келсем,алар тышка конокко кетиптир.Сени кошунасыныкынан сурасам келе элек дешти.

-Анан!

-Анан силердин айылга бардым.

-Кимдикине?

-Казыбайдыкына.

-Казыбайдыкына? Тааныйсыңбы?

-Ал экөөбүз интернатта чогуу окуганбыз.

-Мен жөнүндө айттыңбы?

-Айылда жакшы кыздар болсо тааныштырсаң боло дедим.

-Тааныштырдыбы?

-Бир кыз бар деди.

-Ким экен?

-Махабат!

-Тамаша кыласың да.

-Чын.Зоотехник ала качам десе,билип калып шаарга кетип калыптыр деп айтты. Артынан кууп,эч жерден таппай койдук дейт.Айдар менен тууган экен.

-Кайда кондуң?Ошондобу?

-Сени издеп,кайра шаарга келдим.Сурасам Уйгө барбаптырсың. Байкемдер да келе элек экен. Анан кайра силердин айылга бардым.Казыбай үйгө жат дегенинен болбой,машинаны көчөгө коюп,ичине жатып алдым.Мотоциклдин үнүнөн башымды көтөрсөм,бирөө аркы көчөдөн сага окшогон бирөөнү салып алып,шаарды көздөй бурулду.Ким болсо ошол болсун деп артынан жөнөдүм.

Болгон окуяны айтып бердим.Майрамбек менин сөзүмдү кабагы бүркөлүп,ойлуу олтуруп укту.

-Артыңдан сүрө түшүп жүргөн зөөкүрлөр окутпайт го сени.

-Өзүм каалабасам делеби?

Майрамбек мыскыл күлдү.

-Каалаган,каалабаган менен эсептешсе,түндөүдөй болбойт эле.

Мен жер тиктедим.

-Кайда баралы?-Ал бир колу менен рулду кармады.

Ийнимди куушурдум.Экөөбүз тең орду-ордубузга оңдонуп олтурдук.Машина жолго чыкты.

-Көлгө барып келелиби?Чабак билесиңби?

-Билем.Бирок купальнигим жок да.

Майрамбек эңкейип жаагымдан жыттайын дегенде,мойнуна колум ороло түштү.Алды жакта келе жаткан автобустун сигналын угуп,колумду тартып алдым.Биздин машина жолдун четине чыга берип,кайра асфальтты көздөй ойт берди.Өтүп бараткан автобустун шофёру бизге айнектен муштумун көрсөттү.Жүргүнчүлөрдүн баары бизди сөгүп жаткандай,орундарынан тура калышып бизди узата карашты…Майрамбек машинаны мурдагыдан да катуу айдап келатты.Мен кайсы жерде келатканыбызды төрт жолдун кошулушкан жеринен Жетиөгүз селосун көздөй бурулганда байкадым.Майрамбекти билектен алдым.

-Кайда баратасың?

-Жетиөгүздөн купальник албайсыңбы?

Күлүп жибердим.Жигиттин далысына колумду арта салып,алды жагымды,бийик тоолорду карадым.Бир кезде ушул жол менен кой төлдөтүүгө жардам бергени колхозго келгенимди эстедим. Анан ушул сүйкүмдүү,карапайым жигиттин кумарлуу өткүр көзүн Бурулдун бөбөгүнүн тоюнда айнектен көргөндө жүрөгүм солк дей түшкөн болучу. Анда мен өз тагдырымдын минтип чиеленишерин кайдан билдим.Дагы канча жол жүргөнүбүздү билбейм.Майрамбек мени кучактай калды.

-Махабат!

Ойдон чочуп,эки жагымды карасам машина токтоп туруптур.

-Жеттикпи?

-Өтүп кеттик.

-Койчу.Эмне үчүн?

-Эмне үчүн экенин өзүм да билбейм.

Алды жагымды карасам курортко жакындап калыптырбыз.

-Кайра тарт десң кайра тартайын.Сен эле билчи,эмне кылайын?Баарыбир Айдар сени торуна түшүрбөй койбойт.

Айдарды ойлогон да андан корккон да жокмун.Менин көңүлүмдү удургутуп турган катуу бороон,Эламан жездем болду.

Ушактан жүрөгүм бөксөрүп ичим эңшерилип турду.Аларды ойлогон сайын кайрылып эже-жездем менен кездешким келбейт.Алдыга койгон бардык пландарым,максатым да астым-үстүм түшүп Майрамбектин жанында быркырап баратты. .

 

 

УЛАНДЫСЫ БАР….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE