«ЖАПАЙЫ РОЗАЛАР».            2-БОЛУМ.

https://kyrgyzcha.site/?p=42084&preview=true Кызыктуу окуялар.

«ЖАПАЙЫ РОЗАЛАР».           

2-БОЛУМ.

 

-Э,кокуй Мыкат.Этиңде тамтыгың жок көгала да байкушум.Эмне болду эле мынчалык,ким урду сени?

-Билбейм.Өзү эле ошондой.

-Кантип эле өзү ошондой болсун.-Айландырып карады.

-Энем мени эркек балдар менен сууга түшөсүң деп урган.Бирок мен алар менен сууга түшкөн эмесмин.

Биз менен чогуу мончого түшүп жаткан Жаңыл жеңем көгаламды көрүп чыйпыйы чыкты.

-Кайран Шаршекан өлбөй кал.Жаман катын экен го Аныйпа.Элдин көзүнчө жалынып калат экен.Анткор десе.Жайнак келсин. Ага бир токмок турулуу деп кой.Ушул күнөсүз наристе үчүн кандай гана тукураар экенмин…

Жаңыл жеңем атама эмне дегенин билбейм.Айтор, мончодогу сөзүн орундатыптыр. Ошол күнү биринчи сентябрь болучу,Турсунай экөобүз мектепке Батыш эжем менен чогуу бардык.Биринчи кунү сабак дегендей сабак деле богон жок.Мугалим эжейибиз ар-бирибиздин шартыбызды, турмушубузду бирден сурап чыкты. Аттарыбызды айттык,эжейибиз өзү жөнүндө сүйлөп берди.Тартип, тазалык жөнүндө түшүндүрдү. Кайсы убакта окуй турганыбызды билдирди.Анан класстагы эки партага эки тазалык шайланды,бирөө мен болуп калдым. Эжейибиз биздин балдардын арасында иштей турган ишибизди түшүндүрдү. А өзүбүз болсо тартип,тазалык боюнча балдардын арасында үлгү болушубуз керек экен.Андан кийин китеп,дептерибиздин, калемдерибиздин толук же толук эмсе экенин текшерип чыкты. Ар бирибизде экиден калем болуп алардын бири үйдө,бири класста сакталаарын айтты.

Мен тазалык болуп шайланганыма кубанычым койнума батпай,үйгө чейин чуркаган бойдон келдим. Класста болгондун баарын ата-энеме айтып,сүйүнчүлөгүм келди. Бактын көлөкөсүндө байланып турган атамдын атын көрүп сүйүнүп кеттим.Окууга барганымды, тазалык болуп шайланганымды айтам деп ойлодум.Короого кире берип,ата-энемдин чаңырган үндөрүн,балдардын ыйлаганын угуп жүрөгүм атып кетти.Алар көптөн бери мындай уруша элек болучу.

-Энем үйдөн качып чыкты.Башында жоолугу жок,чачтары саксайып кетиптир.Эсим чыккандан дарбазага ыктала түштүм.Энемдин артынан удаа камчысын колуна сүйрөй кармаган атам көрүндү.Ал мени көрүп делөөрүгөнүн токтото албай демиге кыйкырды.

-Мыкат,бери кел!

Мен ыйлап жибердим.

-Эмне ыйлайсың?Бас бери.Көрсөтчү көгалаңды.

Атам менин жаныма келип, колумдагы портфелди алып жерге ыргытты. Дароо фартугумдун топчусун чечип,көйнөгүмдүн этегин далыма чейин кайрып,ич көйнөгүмдү тартты.

-Э атаңдын этин жеген канчык,бул эмне?! Урбаганың ушубу,ыя? Мынча болду өлтүрүп салбайсыңбы? -Атам мени бооруна басты.Өзүнөн өзү буулугуп ыйлады.Мен анын ыйлаганын биринчи жолу энем өлгөндө көргөнмүн.Азыр атамдын экинчи жолу ыйлашы болучу.

-Эмне үчүн Турсунай экөөнү бирдей көрбөйсүң,ыя? Же мунун мурду бучук,көзү сокур беле?-Сөөмөйүн кезеди.Бала тууп алдым деп Асан менен Үсөнгө чиренбе.Бала эмес Манас тууп берсең да…Билсең ушул кыз үчүн жашап жүрөм.

Атам салмактуу,токтоо, көтөрүмдүү киши болучу.Бир кыялы кармаса өзүн өлтүрөм деген киши жанында чогуу жүрсө да,жан кишиге айтпастан бардыгын ичине салып унчукпай жүрө берүүчү.Бүгүн атамдын оозунан арактын жыты келип турду.Атам кызуу болгондо гана айтайын дегенин ачык сүйлөчү.Чечен болуп кетүүчү.

Энем эки баласын эки тизесине алып,там үйдүн жанындагы жыгач скамейкага олтуруп алып,буркан- шаркан түшүп жатты.

-Турсунай келсин,Асан менен Үсөндү алып,кетип жаныңды тындырбасам элеби,Аныйпа атым өчсүн.Сени менен сүйлөшүүчү жерим башка.Түрмөнүн түбүнө чирите албасам элеби…

Энемдин Турсунай келсин кетебиз деген сөзүн угуп ала-сала сүйүнүп кеттим. Дагы айнып калбай,кызын ээрчитип алып батыраак эле үйдөн чыгып кетишсе экен деп ойлодум.Бирок Асан менен Үсөндү эстегенде жүрөгүм тыз дей түштү. Атам энемди бир демге тиктеп туруп менин жанымдан секирип турду.

-Сени биротоло жайлап,каныңды ичип туруп түрмөдө чирийин анда.-Атам чуркап барып сарайдын алдындагы жарыла элек жумуру карагайга чабылып турган ак балтаны жулуп алып жалаңдатып энемди көздөй басты.

Энем ордунан турду.Эки бала эки жагында чырылдап,чууга толуп кеткенсиди. Атамды көздөй жүгүрүп баратып,үстөмөнүмөн жыгылып кеттим.Боорумду жерден көтөрө албай жатып кыйкырдым:

-Өлтүрбө атаке!Кагылайын атаке энемди өлтүрбө…

Көчө жактан атчан кишинин үнү чыкты.Ордумдан будаланып турдум.Карасам Абакир абам экен.Атам өн-даалаттан кетип,сарайдын жанында туруптур.Колундагы балтасын кемегени көздөй ыргытып жиберди.

-Ит,эмне кылып жатасың?Балдардын жүрөгү түшпөдүбү,ыя?

-Мына бул катын канымды бузуп бүтүрдү.Ушунча үй,ушунча жайга кымындай болгон кызым батпады.

Энем ыйлап коё берди.

-Кагылайын Абакир,ишенбе мунун сөзүнө.Өзүң көрүп турасың,келип алып баарыбызды кырып сала жаздады.Бул үйдө кантип турам?

-Өзүңүз да кокуй киши экенсиз.Минтип шаар болуп,бала-чакалуу, акар-чакар болуп отурасыңар. Ырасын айтсам,бардык күнөөнүн баары сизде.Мыкаттын канын келгенден бери сүлүктөй соруп жатасыз.Бага албасаңар ачыгыңарды айткыла,интернаттан окусун.Бул эмне деген шумдук ыя?Тфу!

Абакир абам атын моюнга чаап кайра тартты…

Ошол күнү атам Асан менен үсөнгө да,энеме да,Турсунайга да караган жок.Эч ким менен сүйлөшпөстөн, өзүнө төшөк салып,мени койнуна алып жатып алды. Сүйлөшкөн сөзүбүз болбосо да көпкө чейин уктаган жокпуз.Мен бир туруп атамдын мойнунан кучактайм,бир туруп эмчегинин үрпүнөн кармалайм.Башымды көодөнүнө такап,төшүнөн жыттайм.Атам да мени үнсүз эркелетет.Аркамдан сылайт.Төбө чачымдан мурдун албай шуу-шуу жыттап коюп үнсүз…Эртеси эртең менен Турсунайдан кийин ойгонуптурмун.

Турсунай илмийип чилетир эле.Мен андан бир жаш кичүу болсом да,андан бойлуу болчумун.Кол арага толук жарап,бой тарткансып калдым.Бара- бара бардык үй ичиндеги жумуштар энчиме басылган сыяктуу болуп кетти.Кийинки күндөрдө энем мага угузбай Турсунайга күңкүлдөп калганын кулагым чалып калат.

-Сен киши болбойсуң.Эмитеден сыланып,күзгүнүн алдынан кетпейсиң.Карачы Махабатты,казан- аяк кармап,катуу- түлүк жумуш иштеп жүрсө да колунан китеп түшрөйт.Кирпигине чаң жукпайт,жүдөгөнү билинбейт.Сенчилептүзөнбөй этпей эле өз өңү өзүнө жарашып турат.Аны сен өңдөнтүп көтөрмөлөп, күкүктүн балапанындай күпкөлөп турсам канат байлап айга учканы араң турат.Мектептен үйрөнүп,анын тиккен көйнөгүн кара.Карап туруп арданганымдан өлгүм келет…

Анан эмне болду эле? Ооба,мен эс тартып чоңойгон сайын чынчылдыкка, ак ниеттүүлүккө, бетке айтууга үйрөндүм.Андай артыкчылыктарды мага тартуулаган биринчи иретте өз башымдан өткөрүп жаткан турмуштун,жашап жаткан күнүмдүк сабактары болсо,экинчиси өз мугалимдерим, өз мектебим,Алмадай чоң энем менен Батыш эжемдер болду.Мектептеги комсомолдук уюмга секретаь болуп шайлангандан баштап,экинчи дүйнөнү көрүп,экинчи мектептен окугандай болдум.

Бетке айткан мүнөзүм энеме такыр жагуучу эмес. «Сен тайбассың» -дечү.Мени мурункудай уруп-сокпогону менен заар тилин алдыртан соймоңдотуп туруучу. Турсунайым оорукчан,мажирөө деген шылтоо менен аны чырпык башын сындыртпай өстүрдү. Турсунай барам деген жагына барбай,коном деген жагына конбой калган учуру дегеле болчу эмес. Ал балдарды көргөндө ойсоңдоп,кабак- кашын серпип,өзгөрө түшүп сүйлөгөнүн көргөнүмдө таң калчумун. Анда Турсунай экөобүз тең 9-класста окуп жүргөн кезибиз эле.Балдардан катты көп алуучу,алар Турсунайга ыр жазышчу.

Эки кыз ички бөлмөдө жатуучубуз. Бак жакты карап турган кош терезе бар болучу. Бир күнү таңга маал терезенин шарактай түшкөнүнөн ойгонуп кеттим.Огород жактан кимдир бирөөнүн башы кирип келе жатканын көрүп,төшөгүмдөн секирип турдум.Турсунайды ойготоюн деп ойлодум.

-Бул ким?-дедим эшикти көздөй кетенчиктеп.

-Чии-ии-ш, менмин акырын.

Турсунай экенин көрүп жүрөгүм ордуна келе түштү.

-Жети түндө терезеден түшүп эмне кылып жүрөсүң? Жана эле төшөгүңдө эмес белең?

Турсунай мени кучактай калып,өпкүлөп жиберди.Оозунан винонун жыты бур дей түштү.Башымды буруп кеттим.

-Билесиңби жигиттер мага уже ашык боло башташты.Турат шофёр болгону менен сонун жигит.Мен өзүм да аны мурда эле жактырчумун. Ал мени өлгөндөй сүйөт экен.Мага чын сырын айтты.

Жүрөгүм иренжий түштү.Жийиркендим.

-Эмне дегениңе түшүнбөй калдым.

-Ой,жинди баш,Турат менен болдум дегенди түшүнбөй турасыңбы?Ал мени парторгдун машинасына салып,ойнотуп келди.

Турсунай мени дагы кучактаганы келатканда түртүп жибердим.

-Тур нары.Мурда Абыкай менен сүйлөшүп жүрөм дечү элең.Эми…

Бирок мен Абыкай эмес,Туратка турмушка чыгаарымды түшүнүп кой.

-Болуптур,бактылуу бол.

Мен Турсунайдын түз жолдон адашып баратканын билип,кандайдыр жардам беришим керек экен деп ойлодум ичимен.

Эртеси дем алыш болучу.Атам огородду сугарып жүрүп,терезенин тушуна жол түшүп калганын,тамдын боору буттун изинен акиташы түшүп,оюлуп калганын байкаптыр.Атам энеме кыйкырды:

-Эй,тарбиячы бери бас.Мына бул эмне?-деди атам.

-Ал эмне болуптур?

-Атаңдын башы болуптур.Эмне болгонун көрбөй турасыңбы?Терезеден «бөрү» кирип жүргөн турбайбы!

Энемден жооп болбодуЭси ооп калды го деп ойлодум.

-Айт азыр,кайсы кызың бизге көрсөтпөй түн ичинде ууру киргизип жүрөт?Бизди уктатып коюп кылгылыкты кылып жүргөн турбайбы булар…

Коркконумдан эмне кылаарымды билбей калдым.Үйгө энем ачуулуу кирди.Биринчи эле балдардын бөлмөсүндө көйнөктөрүн үтүктөп жаткан өз кызынын үстүнө өзүн атты.

-Э кокуй Турсунай,терезеден үйгө бирөо кирип жүргөн го.Чыныңды айтчы балам,Махабатпы же сенби?

-Эмне терезе?Эмне киши?Кызык сүйлөйт экенсиң.Мен эч кимди көргөн да жокмун,эч кимди киргизген да жокмун.Кудай урсун,энеке, жаш жанымдын күнүн көрбөй калайын.

-Баса,ошондой дейм да.Жаным эми өзүмдүкү болбодубу.Баарын былыктырып жүргөн…

Сөзүнүн аягына толук чыкпаган энем менин жаныма чыкты.Мени жутуп жиберчүдөй тирмийе карайт

-Кана,эми сен айтчы,тигил терезеден кимиңер эриңерди киргизип алып жүрөсүңөр?Турсунай мен эмесмин дейт.

-Эмне Турсунай билбегенди мен билет бекенмин?

Турсунай үйдөн чуркап чыкты.Менин маңдайыма келип эки колун бөйрөгүнө алып тура калды:

-Кана,эмне айткың келип турат?

Кыздын кебетесин көрүп жарылып кете жаздадым.

-Актанам деп турасыңбы?Турат. ..

Турсунайдын колу шалдая түштү.Энемдин деми буула түштү.Эриндери кыймылдап,муундары калчылдап турду:

-Турсунай менен салмакташканыңды качан коёсуң,ыя? Качан болсо эле Турсунай,Турсунай!

-Турсунай дебегенде эмне дейм.-Колумдагы казан жуугучту кострюлдун ичин көздөй ыргыттым.-Терезеден чыккан Турсунай болсо,бул үчүн мен жооп береминби?Тураттын машинасына түшүп түн катып сейилдегенди билген киши,жооп беришти да билээр.-Мен Турсунайга жакындадым. -Эмне мелтирейсиң? Же энең экөөң мени дагы ак жеримен кансыктатайын деп турасыңарбы? Жетишет,эми силерге тебелетпеймин. Чоңойдум,акыл- эсим толду.Мени экинчи ортоңорго кыпчыбай,өзүңөрчө сүйлөшкүлө. ..

Терезеге сүйөнүп турган атамды бир карап алып,эшикти тарс жаап чыгып кеттим.

Жаз жадырап,күн жылымдаган кез.Көк кылтыйып,жоогазындар дүркүрөйт.Кош айдоо да жаңы чыккан.Мектепти быйыл бүтүрүүчү өңчөй комсомолецтер түн ичинде колхозго жардам берип,кош айдоо маселесин көтөрүп чыктым.Бардыгы макул болушту.Жыйналышта комсомолго мүчө боло элек жаштар да,силерден четте калбайбыз деп чуу турушту.Окуучулардын шартына,убакыттарына жараша жумуш бекитип берүү жагын колхоздун жетекчилеринен сурап кайрылдык.Ал эми бүтүрүүчү класстын балдар-кыздары айдоо жеринен өздөрүнчө бөлдүрүп алмак болушту.

Атама бул жөнүндө мурда эле айткан болчумун. «Мугалимбериңер, директор,завуч эмне дейт экен.Быйыл экзамен бересиңер.Окушуңар керек.Бардыгын өз мойнуңарга алып,анайларыңар ошого көнсө өзүңөр билгиле.Мен каршы эмесмин.» -деген.Ошондо атамдын каршы болбогонуна төбөм көккө жеткен.А мугалимдерибиз болсо адегенде бири көнсө,бири көнбөй жатып,өтүнүчүбүздү педсоветте карап чыгышкан.Ошондон кийин колхоздо он күнгө иштөогө мүмкүндүк алдык.

Атамды уктабай күтүп отурган болчумун.Коридордо ток-ток баскан салмактуу дабыш чыкканда ичти-тышты светтерди күйгүзүп чуркап чыктым.Байкуш атам,кара майга түшүп чыккансып тиши менен эки көзүнүн агынан башка,көзүмө эч нерсе көрүнбөдү.

-Эмне кеч келдиң?Же тракторуң бузулуп калдыбы?

-Э балам,механизаторлордун жумушуна түшүнөсүң да өзүң.Бузулган тракторлордун ремонтуна жардам берип жаттым.Жуунайын, жылуу суу бар бекен? Бүгүн душу да иштебей калыптыр.

-Бар,атаке.

Билегимди мойнуна ороп тура калдым.Жылтыраган көздөрүн бир демге тиктеп туруп,мурдунун учунан өөп алдым.

-Кара май болгон жаман атаңдын эмнесин өбөт экенсиң.Көздөрүң киртийип калыптыр,бүгүн да ашык окугансың го.

-Окуган жаманбы?

-Өтө көп окуган мээге зыян деп жүрүшпөйбү. Кадалбай,эс алып,эс алып оку дебедим беле.Колхозго жардам берүүгө мугалимдер уруксат бериптир дегенди угуп,жакшы болгон экен дедим.Талаада иштеп,башың бир жакшылап эс алып алсынчы кызым.

-Жумуш иштегенде чын эле адамдын башы эс алат ээ,атаке!Сен баарын билесиң!

-Ооба кызым,кара жумуш адамды өстүрөт,такшалтат…

Ошентип,биринчи класс менен онунчу класстын ортосундагы аралык бир заматта кабыша түшкөндөй болду.Бардыгы кечээ эле болуп өткөн сыяктанып,окуган он жылыбыз бир күнчөлүк көрүнбөгөндөй болуп калды.Акыркы конгуроо деп күткөнүбүз менен чын-чынына келгенде өлүп кала жаздадык.Биздин балалык күлкүбүз,балалык сүйүүбүз,балалык күндөрүбүз ошол акыркы коңгуроо менен бир шаңгырап алып көздөн кайым болгондой болду.Бүтүрүүчүлөрдү куттуктоого келген октябряттар, пионерлер ар бирибиздин кучагыбызды гүлгө толтуруп жиберишти.Колдор чабылып,сурнайлар бапылдайт.

Класс жетекчибиз менен директорубуз сүйлөп бүткөндөн кийин,сөздү окуучулардын атынан мага беришти.Демейде кыздар менен балдар:-Сенин оозуңа шайтан түкүрүп кетсе керек.-деп жүрүшкөн болсо,азыр айтаарга жалгыз ооз сөз таппай,эмне деп айтаарымды эстей албай,кирпиктерим ымдлышып турду.

-Кана,Мыкат сүйлөбөйсүңбү? Оо жаман кыз десе,мен дагы эмнеге токтоп калды десемчи.Бир кезде биз дагы мектеп менен биротоло коштошоордо силерчилеп өлөөрүбүздү санаганбыз. Эчтеке эмес,унутуп да кетесиңер.

Мен үнүмдү жасадым…

Ошол күндөн баштап,жалгыз гана экзамен берүүнүн аракетинде болуп калдык.Кошумча лекция,кошумча сабактар биринин артынан бири келе берди.Ооба,мен биринчи сабакты бешке,Турсунай үчкө тапшырган. «Алыбек алына жараша» дегендей анын кубанычы да айтып-бүткүс мелт-калт болучу.Математикадан баабызды уккандан кийин өз кубанычыбызды өз үйүбүзгө,өз ата-энебизге жеткирүүгө шашыла баштадык.Мен да өз кубанычымды кимдир бирөө менен бөлүшкүм келет. Жаштык кыял,балаык эреркөө обого сермелет.Өз энемдин элеси көз алдыма тартылат.Ал канча жыл,канча айдан бери мени күтүп тамдын боорунда турганы турган.Үйгө киргенде эле биринчи өзүм жатуучу бөлмөгө чуркайм.Энем мени тиктейт,мен энемди тиктейм.Ары бассам аркамдан,бери бассам бет алдымдан ээрчий карайт.Энемдин сүрөтү жаш,сүйкүмдүү эле.Кээде мен бир нерсеге капа болгонумда же өтө кубанганымда энеме келүүчүмүн. Алдында туруп ыйлоочумун, зарымды,кубанычымды айтуучумун. «Эмне үчүн мени жат кишинин колуна таштап кеттиң.Атамды башка аялга калтырып,үй- жайыңды,жыйган- тергениңди башка бирөонүн аяк-астына таштап бердиң.О-о,кагылайын эне,мени өзүң менен кошо,эмне үчүн ала жаткан жоксуң.Сенсиз мага бардыгы көңүлсүз.» Азыр да мен өз энемди эстеп келдим.

Үйгө кубанычтан кандай жетип,кандай киргенимди билбейм.Турсунайдын кайда калганын да байкабаптырмын. Мен атамдын үйдө боломун дегенин эстеп ичимен толкундайм. Эшикти ача берип,өгөй энем менен оро-пара боло түштүм.Энемди көргөндө эмне кылаарымды билбей чачылып кеттим.Энеге болгон балалык махабатым менен аны көздөй өзүмдү таштадым.Канатымды жайдым.

-Энеке!-Кучактай калдым.

-Эмне болуп кетти?

-Сүйүнчү,биринчи экзаменден беш алдым.

Энем мени мостоё карады.

-Сүйүнчү десе,мен дагы башка бирдеме болуп кеткен экен десе…Мурда эле бештериң көп эле го.Анын эмнесине…

Колдорум ийининен түшүп,башымдан ылдый муздак суу куюп жибергендей, денем чыйрыга түштү.

-Бул экзамен да!

-Билип жатам экзамен экенин.Турсунай эмне алды.Өттүбү?

-Ортого тапшырды…

Энем заматтын ортосунда чачтарынын түбүнө чейин чиедей кызарып кетти.Сыягы кызын тапшыра албай калабы деп кабатыр болуп турган окшойт…

Атам менен Турсунай короого чогуу кирди.Мен көөдөнүм толгон кубанычымды азыр эле бирөөгө уурдатып жиберген немедей терезеде жансыз сөлөкөттөй, таштай катып жөлөнүп турган болучумун.Атамдын үнү бакылдап көңүлдүү чыкты.

-Кыздарым азамат.Экөө тең сыноодон өткөн тура.Оо,Мыкат. Секет кетейин сенден,Махабат болгон атыңдан айланайын.-Атам ушинтип алыстан кучагын жайып келатты.Эзилген үнгө эреркеп кеттимби,көзүмдөн жаш айлана түштү.-Атасынын кызы да,өзүмдү жазбай тартыптыр.Келчи, алган бешиң үчүн беш өбөйүн.

Кара май жыттанган комбинезондун көкүрөгүнө башымды жөлөдүм…

-Директоруң баш болуп мугалимдериң мектептен чыгып келатышыптыр. Мени көрүп токтоп калышты.Жан- алы калышпайт,бечаралар. Сени алтын медалга татыктуу болобу деген ойдо экен бардыгы.Кокустан ошол мугалимдериң айткан медалды алчу болсоң той берем,кызым. Той…

Көзүм энемдин көзүнө уруна түштү.Ал бизди карап эликтеп туруптур.Жазылып бараткан денем кайра чыйрыкты.

-Эми кайсы сабактан бересиңер?

-Орус тилден.-Турсунай жооп берди.

-Жакшы даярданып,жакшы окусаңар эле жакшы деген баа аласыңар.-Атам маңдайымдан сылап,чекемден, мурдумдан,көзүмдөн өөп,чачымдан жыттады.Анан Турсунайды эркелетти.-Жаман атаңар,силердин аркаңар менен ата-энелер комитетине мүчө болуп келди эле.Жыйналыштарда президиумга чалкалап олтуруп коюучу элем.Экөөң жок,эми мектептин босогосунан ары өтөөрүмдү Кудай билет.

-Жок ата,кааласаң ата-энелер комитетинен чыгарышпайт.

-Пы-ы-ыш, чоң кызматтан түшүп,зарпулатадан куру калчудай болгон бечара.-Энем дагы эликтеди.

Атам аялын алая карады.Бирок Асан менен Үсөн төрөлгөндөн кийин атам энеме баш ийгенсип калганын жана айттым эле го.Эки бөбөгүм чыныда эле баарыбыздын кубанычыбыз, эрмегибиз болучу.Экөө тең мени үй-бүлөнүн ичинен жакшы көрүшчү.

Эки бөбөгүмдү эки колума жетелеп алып,биз жаткан бөлмөнү ачар-ачпастан эле,энемдин портрети ордунда жок экенин байкадым.Чуркап барып терезеге ары каратып жөлөп койгон раманы айландырып карадым.Энемдин сүрөтү ошол экен.Бет аарчым менен айнектин бетин сүртүп,энемдин чекесинен өптүм.Боорума такай кармап,көздөрүмдү жуумп жибердим.

-Онунчу классты бүтүрүп жатканымды билип жатасыңбы?Эгер мен бүгүнкүдөй биринчи экзаменден беш алып келгенимди көрсөң,эмне болуп кетээр элең?Сен сумсайбайт элең ээ?!

Раманы көтөрүп алып атам менен энемин жанына бардым.

-Бул сүрөттү ордунан ким алып койгон?

Асан менен Үсөн жарыша сүйлөдү.

-Энем чыгарган,эжеке, энем…

Тигил энем,илгичте илинип турган жаңы кара көк бостондон жаңы тигилген жайкы пальтосун алып кийип жатты.Турсунай да,балдар да дым чыкпай үйдүн ортосунда турат.Атам болсо чыканагына койгон жаздыкты эки колдоп мыжый кармап,астын көздөй ыгырды.Көздөрү бир менден,бир энемден өтүп,экөобүздү алмак-салмак карайт.Мен кайталап сурадым.

-Сүрөттү эмне үчүн алдыңыз?

Үстүнө кийген пальтосунун жакасын кайрып,жоолугун оңдоп салынып жаткан энем ылдам бурулду.

-Алып койсо эмне болуптур?

-Бул эмне деген сөз болуп кетти.Сүрөтү тирилип келип атамды тартып алат деп корктуңузбу, же жеп коёт деп чочудуңузбу?

-Энеңдин арбагы күчтүү болуп, күйүп жүрсө атаңды жээр,менде эмне акысы бар.

-Бул жерде арбак менен атамдын аралаша турган кандай шарты бар?Мен сизден сүрөт жөнүндө сурап жатам.

-Булардын тирүүсү эмес,өлгөн өлүгү да машаяк болду мага.Билсеңер, атаң экөөңөрдү адам катарына кошкон менмин.Мен келгенде чириген беш жууркандан башка кайсы үй тиреген дүнүйөңөр бар эле?

-Мага дүнүйөнүн кереги жок,энем керек болучу.Бирок азыр энемдин ордуна сиз эне болуп отурасыз. Ушул эшикти аттап киргениңизден бери,жеңилиңизди жерден,ооруңузду колдон алгандан башка жамандык кыла элекмин.Аз калды,эптеп чыдаңыз.

-Эмне,мени жулмалайын деп турасыңбы?Кана, өлтүр.Өлтүрөсүңбү? -Энем башын тосуп,жөөлөй баштады.

Атам ордунан тура калып,энемди түртүп жиберди.

-Эмне сен жазыгы жок балага асыласың?Тилиңди кесип салайынбы?Сүрөт сени жеп атабы?-Чачынан кармап чалкалата тартты.

-Чириген чирик, жулуп салдың чачымды.Тарт дейм колуңду.Эмнеге мурдатан кызыңды алып албай мени алдың эле?Али деле кеч эмес…

Турган ордумда өлүп бараткан эмедей бүткүл денем жансыз болуп баратты.Энемдин портрети салынган рама колумдан кандай түшүп кеткенин билбейм.Шарак дегенде көзүмдү ачсам полдо айнектери таруудай талкаланып жатыптыр…Балдар ызы-чуу…

 

 

УЛАНДЫСЫ БАР….

 

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️