Кичинекей Субан шатырата төгүп кирген жаандан улам шашмалап үйүн көздөй жөнөгөн. Бирок, үйүнө жете берерде кайдан-жайдан күчүктүн кыңшылап атканын угуп калды. Тиягын карады, жок. Биягын карады, жок. Эч нерсе көрүнбөйт. Акыры издеп атып күчүктүн үнү арыктагы түтүктөн чыгып атканын байкады. Эңкейип караса түтүктүн ичинде эки көз жылтырап турат. Бечара күчүк нары да кетпей, бери да кетпей орто ченинде туруп калыптыр. Мойнундагы жип бир нерсеге илинип калса керек. Субан аны чакырып да көрдү, түтүктүн нары жагынан чыгабы деп кубалап да көрдү, болбоду. Баарынан жаманы, төгүп турган жаандан улам туш-туштан суу чогулуп, түтүктүн ичин карай ага баштаптыр. Балким, бул суу толуп да калышы мүмкүн эле. Анда эле байкуш күчүктүн өлгөнү ошол эмеспи.
Субан айласы кеткенде үйүн көздөй чуркады. Чоңдордон бирөө жардам бербесе болчудай эмес. Үйгө кирип түз эле салонду карай бет алды. Кудай жалгап диванда атасы жатыптыр.
— Ата! Ата! – деди Субан шашмалап. – Неме… Тиги… түтүккө күчүк тыгылып калыптыр!
Атасы былк эткен жок. Катуу уктап атканбы, же жөн эле көңүл бургусу келбедиби, айтор нары караган бойдон былк этпеди. Шаштысы кеткен Субан берки бөлмөгө чуркады. Анда компьютерин тиктеп агасы отурат.
— Кубан байке, күчүк түтүккө тыгылып калыптыр! – деди Субан. Бирок, Кубан аны карап да койбоду. Анын ордуна:
— Артыңда турат! Ат! Атпайсыңбы! — деп микрофондон бирөөгө кыйкырып кирди. Жакында бери карачудай эмес. Субанда болсо бир мүнөт дагы убакыт жок эле. Түтүк бат эле толуп калышы мүмкүн.
Эмне кыларын билбей далиске жүгүрдү. Так ушул маалда эжеси көрүндү. Ал бөлмөсүнөн чыгып келатыптыр. Бирок, ага айтканга да жетишпей калды.
— Айнур эже, күчүк… – деп эми баштап келатканда, тиги сөөмөйүн оозуна такай калып «чүшш!» деди да, бирөө менен шыңкылдап сүйлөшкөн бойдон ваннага кирип, эшигин ичинен илип алды. Субан эмне кыларын билбей тегеренип кетти. Ошол маалда ашканадан чоң эле кишинин үнү угулгандай болду. Көрсө апасы сериал көрүп атыптыр. Шып этип кирип барып чырылдап жиберди.
— Апа! Түтүккө күчүк тыгылып калыптыр. Жүрүңүзчү чыгаралы!
Апасы Субанды бир карап алып кайра телевизорго тигилди.
— Э койо турчу күчүгүңдү! Биякта Мустафа өлгөн атса! Бар, кийимиңди котор! — деп койду ал ошол отурган бойдон.
Айласы кеткен Субан кайра артка чуркап баарын айланып чыкты. Атасы эчак коңурук тартып атыптыр. Эжеси болсо ваннадан чыга элек. Байкеси дагы эле «Ат! Ат!» деп кыйкырып отурат. Апасы телевизорго байланып калган. Аңгыча, сырттан күн күркүрөп, чагылган жылтылдады. Терезени караса жаан мурдагыдан да күчөп кириптир. Тим эле чакалап куюп аткандай.
Бала сыртты бир карады да, аткан бойдон эшикке жөнөдү. Ал тургай артынан эшикти да жапкан жок. Ошол бойдон чуркап барып түтүккө жетти. Байкуш күчүк чын эле думукканы калыптыр. Суу көлкүлдөп курсагына жетип калган экен. Бүжүрөгөн неме мойнун созуп алып чырылдап кыңшылап атат. Муздак суудан чыйрыгып, эки бөйрөгү солкулдайт.
Субан түтүктүн бир тигил башына, бир бул башына чуркады. Бирок, эки жагынан тең жетчүдөй эмес. Кийими сыгып алма суу болгонун да караган жок. Акыры айласы кеткенде арыкка түшүп колун сунду. Кенедей неменин эки-үч карыш колу түтүктү бойломокпу. Эми эмне кылыш керек? Эми кантет? Ыйламсырап айланасын карады. Жаан куюп атат. Айланада бир жан жок.
Кайра эңкейип түтүктүн ичин карады. Байкаса өзү деле батчудай. Мына анан сойлоп кирип кетти. Башында оңой эле кирип бараткансыган. Ал тургай заматта күчүккө да жетти. Мурда болжогондой эле күчүктүн мойнундагы жип түтүктүн жаракасына илинип калыптыр. Ары-бери тарткылап атып чыгарып алды. Бирок, кызыктын баары ошол жерден башталды. Күчүктү бошоткону менен кайра өзү артка кете албай койсо болобу. Алдыга сойлогонго да болчудай эмес. Качантан бери тазаланбаган түтүктүн ичи улам илгерилеген сайын куушурулуп, тарый берет экен. Артка кетейин десе алы жетпейт. Эби да келбейт. Кийими да бир нерсеге илинип калгандай. Кыскасы, тыгылды да калды. Суу болсо барган сайын күчөп, көкүрөк-башын каптап аптыктырып келет. Оозу ылай-баткакка, акыр-чикирге толгон түтүк көлкүлдөп толуп келатат. Башын тырыштыра көтөрүп түтүктү сүзүп турганы менен барган сайын мойну талып чыкты. Суу болсо аны аячудай эмес. Акырындап алдына толуп, ээгин каптап, кичине бошоңдой түшсө оозуна кире калат.
Шаштысы кеткенде алдыны карай дагы жүткүндү. Бирок, бул аны куткармак эмес. Тескерисинче ого бетер тыгылып, сууну деңгээлин ого бетер көтөрдү. Мындай тар жерде бир сөөм аралык дагы тагдырды чечип койот тура. Эмеле ээгинен келип турган суу эми оозуна жетип, ууртуна келип калды.
Ошол маалда сыртта бирөө болгондо жаш баланын аянычтуу чыңырыгын укмак. Улам үзүлүп, улам токтоп аптыга чыркырап аткан үндү укчу киши жок эле айланада. Көчөдө бир жан жок экенин билип турса да жан аргасы кылып, жашоо үчүн күрөшүп аткан наристенин акыркы аргасы болчу ал.
Балким ошол күнү жарык жалп этип, компьютер иштебей калбаганда, телевизор жым өчүп, Айнурдун интернети үзгүлтүккө учурабаганда биздин аңгеме мындан да аянычтуу бүтмөктүр. Балким, ошол күнү алар айласы жок бир бөлмөгө чогулуп отуруп калбаганда, балким бири-бирин нааразы болуп тиктеп, жинин кимден чыгарарын билбей кучунаштап чогулушпаганда биз бул аңгемени жазбай да коймоктурбуз. Ооба, кээде бизге жамандык катары сезилген нерселер тескерисинче ушунтип жакшылык менен бүтөт тура. Кай бирде бир саам өчө калган жарык биротоло жалп этчү жашоо шамына от тутантат экен. Же бир чырт этип үзүлгөн жип, же бир жалп этип өчкөн от алгач бизге жамандык, же бир кычастык сезилгени менен, кийин так ошол нерсе уланган учуктун башаты, башталар жолдун чыйыры болуп калат тура. Деги бул аңгемени жазуудагы максатыбыз дагы турмуштун так ушул оош-кыйышын баса белгилөө болуп отурбайбы.
Кыскасы, так ошол түтүккө тыгылган бала чучуктай чыңырып, өз ажалы менен күрөшүп турган маалда же бир чагылган тийдиби, же бир шамал үздүбү, айтор жарык жалп өчүп баарынын маанайын бузду. Кубан столун бир коюп компьютеринен турду, Салия пультту бир коюп ашканадан чыкты. Ал тургай вайфайдын өчкөнүнө туталанып Айнур да ваннанын эшигин ачты. Ким айтты аларга, ким чыкырды ким билсин, айтор баары чубап залга кирди. Сүйлөнүштү. Нааразы болушту. Дулдуңдап бири-бирин коркутушту. Атасы уйкусу бузулганына наалыды. Апасы Мустафаны көрбөй калганына наалыды. Кызы кеби бүтпөй калганына, уулу душманын атпай калганына тырчыйды. Аны айтышты, муну айтышты. Аны каргашты, муну каргашты. Анан-анан барып Субанды эстешти. Анан-анан барып Субандын күчүк дегенин, Субандын түтүк дегенин эстешти. Анан-анан барып сырткы эшиктин ачык калганын байкашты. Дагы жакшы түтүк буларга жакын болчу. Ал эмес, бир аз тынчтыкты сактап, бир аз кунт коюп тыңшашса чучуктай чыңырып турган наристенин үнү да угулмак. Деги акыркы убакта жалаң ушул күн-түн билбеген оюн-зооктун, тыным албаган музыканын, мааниси жок сөздөр менен кайдыгерлик баскан уйкунун айынан далай чыңырыктар угулбай, далай кадамдар ташталбай калганы калп эместир. Көрсө тынчтыктын, жымжырттыктын дагы опол-тоодой кадыры бар тура…
Эне туйду эң биринчи. Ата укту уулунун үнүн. Жалп өчкөн жарык менен ачык калган эшик алда немедей наристенин аман калышына себепкер болду…
Ким билет, балким ошол күнү жарык жарым эле саат өчпөгөндө, алда немедей наристенин жаркын дүйнөсү биротоло өчмөктүр…










