Пример HTML-страницы

«Жалгыз» 5 бөлүм (Аягы)

https://kyrgyzcha.site/?p=54198&preview=true Кызыктуу окуялар.

ЖАЛГЫЗ.

 

Бешинчи бөлүм, аягы.

— Суу берчи Жамал, аябай суусап чыктым деди Аваз эшиктин оозунда туруп. Аваздын корунушу аябай эле чарчанкы эле. Озу да бир аз арыктай тушуп, сакалдары да кырылбаптыр. Анын жудой тушконун коруп боору оорудубу, же тун жарымда кызын издеп кыйналганы учун аны аядыбы, айтор Жамал аны

— Аваз, бутунду чечип ашканага кир. Мумкун курсагын да ачтыр деди.

Аваз ушуну эле кутуп тургансып, унчукпай эле сырткы кийимдерин чечип Жамалды ээрчий ашканага кирди. Жамал ага суудан берип, тамагын ысытып анын алдына койду. Аваздын чындап эле курсагы аябай ач эле. Ал унчукпай отуруп алып тамагын ичип баштады. Жамал муздакычтан дагы бирдемелерди алып чыгып анын алдына коюп чайдан куюп берип ээгин таяна аны тиктеп отурду.

— Рахмат Жамал. Тамагын аябай даамдуу болуптур. Кызым менен болуп журуп тамакты да унуткан экенмин деди Аваз. Ал чайдан уурттай бир аз унчукпай отурган сон.

— Айылдан апам келген эле. Ал Назикти урушуп алып, эми азыр озу уйдо кыжаалат болуп отурат. Телефон чалып айтып койдум. Бирок, Назик уйго бармайынча жаны жай албайт ко деди Аваз.

— Назик да аябай чарчаптыр. Усту суу болуп ушуп да калган экен , тамакты ичип бутуп эле коздору уйку тартып баратканынан жаткырып койгом.

— Рахмат, сага Жамал. Балдар чонойгон сайын туйшугу да кобойот экен. Жакшы дагы тайэжем бар. Бирок балага созсуз энеси керек экен деди Аваз ушкуруно. Жамал чындап эле Авазды аяп кетти

— Алардын энеси азыр каякта? деди ал.

— Билбейм? Анын азыр башка балдары бар. Бирок мен кандай болгон кундо да кыздарымды ага бермек эмесмин. Мен аларды ушунчалык жакшы кором Жамал. Аларга кичинекейинде жомок айтып берип уктатчумун. Айрыкча Назик кызым мени менен чогуу жатып, толгон токой суроолорду бере берип жудотуп салчу. Аваз ушул жерге келгенде мандайы жайнап, жузундо кулку пайда болуп кыздарынын кичинекей мезгилин элестете аларды эскерип жатты.

— Назикти уч жашынан баштап озум чонойтум. Албетте тайэжемдин жардамы менен дечи. Анын чачтары тармал келип, капкара коздоруно узуун кирпиктери жарашып кукланын эле озу болчу. Кыздарыма колумдан келишинче мээримимди тогуп келдим. Ошондонбу билбейм,аларды созсуз журогумдон сезип турчумун. Аваз ушул жерге келгенде бир аз ойлонуп туруп калды да, кайра созун улады

— Мен экинчи жолу уйлондум Жамал. Мен анда, Айдайдан да жашына, билимдуусуно, ону тустуу, озунун келбетине аябай жакшы каранган, келишимдуу иш билги кызга уйлондум. Ал мени да жасанта кийинтип, колтуктап алып басканды жакшы корчу. Баскан жерлерибиз кафе ресторан, достор менен, иш билги адамдар менен жолугушуулар. Жакшы жерлерде эс алмай. Ошентип журуп мен барган сайын кыздарыма да жакшы конул боло албай калдым окшойт. Алган аялым тай эжеме башынан эле жакпады. Бир куну тайэжем айылга барып келейин деп бизден кетип калды. Ал келгенче деп, ал аялым жумушунан отпуск алып уйдо отурду. Кийинки кундору кыздарым мурдагыдай болбой, кабактары ачылбай мени менен коп суйлошпой да калышты. Билбейм мен жумуштан келгенде ал аялым мени кулуп жайнап эле жакшы тосуп алчу. Кыздарыма да жакшы мамиле кылып, менин козумчо эркелетип дегендей… Бирок кыздарым негедир ага коп имериле бербеди. Бир жолу жумуштан келсем Назик кабагы салынып, ыйлагысы келип калыптыр. Ал, менден мурда эле Назикти чачынан сылай

— Атан жумуштан чарчап келди деп аны муну айтып эркелетип оз болмосуно киргизип салды. Озу мага эркелей мойнума асылып

— Бугун ресторанга барып келели. Уйдо отуруп аябай зериктим. Кыздардын тамагын берип тойгозуп койгом деп калды. Экообуз кийинип алып уйдон чыгып кеттик. Тун жарымда уйго кайтып келсек, Назик залда столдун устуно башын коюп уктап калыптыр. Мен аны ордуна жаткырайын деп колума котордум. Ал аябай ыйлаптыр. Ал альбомдун барагына апасы Айдайдын суротун тартып жатып уктап калган экен. Ошондо менин кызыма аябай журогум ооруп кетти. Кызымды кучактап, чачтарынан сылап, бетинен ооп жыттап копко чейин аны тиктеп болмосундо отурдум. Барып чон кызымды да жамынчуусун ондоп, бетинен сылап ооп койдум. Чыгайын деп эшик тарапка карасам ал мени ооздо тиктеп карап турган экен. Экообуз ордубузга келип жаттык. Ал мага

— Атайын кыздарын учун отпуск алып уйдо отурам. Бугун сени менен бир эс алайын десем, сен мага конул болбойсун деп таарына баштады. Аны озумо тартып эркелетип конулун алып жатканым менен ичимден кыздарыма журогум ачышып, эзилип жаттым. Ошондон эки кундон кийин жумушта журуп, озумчо эле журогум кысылып уйго баргым келе берди. Журогум тынч эмес. Озумдон озум кыжаалат болуп чыктым. Акыры чыдабай машинага отуруп уйду карай сыздым. Жолго машинаны токтотуп, дарбазадан кирсем, ал бакырып окуруп кыздарымды урушуп, Назиктин чынырып ыйлап жаткан уну уйдун ичинен сыртка угулуп туруптур. Кандай жетип барганымды озум да билбейм. Эшикти шарт ачып эле уйго кирсем, ал Назикти чачтарынан жулкулдатып башына койгулап жатыптыр. Асел нарыда колундагы тряпка менен чандарды суртуп ыйлап жургон экен.. Мен аны ошол куну кетирдим. Биз болгону торт айга жакын гана жашадык. Ошондон бери Ата- энем мени, зар какшап ушул кунго чейин уйлондуро албай келишет. Менин эч кимге конулум жок. Билбейм Жамал. Башынан бир адашсан адашып журо берет окшойсун. Кээде туруп тагдарыма да таарынып нааразы болуп кетем. Бирок мен журогумдон омур бою эле бироону энсеп, издеп келдим. Ага созсуз бир кун болбосо, бир кун жолугам дечу элем. Бирок..?. деп Аваз Жамалга карады

Жамалдын Назикке боору ооруп козуно жаш тегерене тушкон экен. Ал колу менен козунун жашын басып, басып коюп аарчып отурган эле.

— Жамал, сага жолуккан кызды, экинчи сага да, озумо да жологус кылдым. Ал учун сенден кечирим сурайм. Ал болгону биз менен шериктеш чогуу иштеген компанияда иштеген кыздардан болчу. Ал жонундо сага соз кылуунун деле кереги жок. Бойдок болсон да жаман экен, корунгону корунгонду табыша берет экен. Анын устуно эркек адам болсом….Ал жагын озун туура тушуносун го деп ойлойм деп, Аваз унчукпай эле Жамалды тиктеген бойдон отуруп калды. Жамал бир аз ойлоно телефондон саатты карады да

— Тун бир убак болуп калыптыр. Аваз кызды эмне кыласын? Калтырасынбы же ойготоюнбу? деди.

—Ойгот алып кетейин. Чон энеси кутуп уктай албай жаткандыр деди Аваз. Жамал ордунан туруп баратып столдун устун жыйнай идишдерди ары коюп жоной бергенде Аваз ордунан тура калып Жамалды кармап калды

— Жамал,!

Ал унчукпай эле ордунда токтоп туруп калды.

-Жамал, Суранам сенден, мени туура тушун. Мен сени ойлой берип жудоп кеттим!

Жамал Аваздын кармап турган колдорун акырын озунон бошотуп

— Аваз апан силерди кутуп жатат. Мен Назикти ойготоюн деп ал ордунан жылып кетти. Аваз башка соз айтууга кудурети жетпей, ордунда унчукпай эле туруп калды.

Бир аздан сон Назик болмодон чыгып эле атасын коруп уйкулуу коздору менен атасын мойнунан кучактай копко турду. Аваз кызын эркелете

— Жур кызым кетели. Бизди уйдо кутуп жатышат деди.

Жамалдын бир жагы аларга журогу эзилип турса, бир жагы Аваздын кызын эркелете кучактап турганын коруп аларга суктана карап турду. Ал ичинен

-Баласы бар адам кандай гана бактылуу! деп алды.

 

 

Эртеси куну Жамал шашпай ордунан туруп женесинин уйуно барды. Женеси ыссык тамагын Жамалдын астына коюп экоо суйлошкончо чай ичип отурушту.

— Кыз жолго качан чыгасын? Кааласан эртеден кийин иним Ошко кеткени жатат. Ошолор менен эле кетип кал. Машинасы да жакшы машина деп калды.

— Билбейм жене азырынча аны ойлоно элекмин деди Жамал жай гана тамагын жеп жатып.

— Ал эмне дегенин кыз?, сени ал жакта кутуп жатышат. Женем менен да, эрте менен суйлошкон болчумун. Ал да сени, ошол инине кошуп салып жибер деп калган. Андан коро жакшылап алчуларынды алып даярдана бер кыз. Кааласан эртен экообуз чогуу базарга барып келели деп женеси суйлоп отурган. Анан эле Жамалдын конулу айланып ордунан тура калып, шашып чуркаган бойдон чыгып кетти. Женеси коздорун чон ачып эле аны тан кала артынан карап турду.

Бир кыйладан кийин Жамал келип тамак жегиси келбей бир чекеде эле отуруп калды. Ага женеси шекшине карап

— Кыз! Сага эмне болду?. Деги соо элесинби?

Женесинин онун коруп Жамал

— Тушунбодум жене? Ал эмне дегениниз? деди

— Кандай тушунбойсун? Эки кундон бери эле конулун айланат. Кусканын да башкача. Эч ким менен болгон эмес белен? Жамал женеси экоо коздорун чон ачышып эле бирин-бири тиктешип унсуз туруп калышты.

— Койчу жене! каяктагыны айтпачы деди Жамал, озуно озу ишене бербей.

— Чын айтам кыз? Мен байкаганымды айтып жатам сага!.

Жамал бир аз ойлонуп турду да унчукпай эле ордунан тура калып шашып жоноп калды.

— Кыз сен кайда? Сага эмне болду? деп женеси анын артынан жоноду.

— Анан келем жене! деп Жамал женесинин бетинен ооп коюп, уйунон шашкан бойдон чыгып кетти. Женеси ийинин куушурган бойдон, ага тан кала артынан карап кала берди.

 

 

Жамал таксиде жолдо келатып буткул жан дуйуносу бакытка болонуп, кубанычы койнуна батпай келатты. Ал женесинин уйунон чыгары менен эле ойлонбой туруп туура врач гинеколог синдисине барган. Алар синдиси экоо бир тууган боло болушат. Ал Жамалды узиге салдыртып коруп.

— Жамал эже -е, Азаматсыз! Кудай буйруса балалуу болосуз. Боюнузда бар экен деп биринчилерден болуп Жамалды куттуктады. Жамалдын эки айлык боюнда бар болуп чыкты. Болосу ага

— Жамал эже, сиз менин озумдун козомолумдо болосуз! Эч нерседен кам санабаныз. Кудай буйруса баары жакшы болот. Озум сизди тороттуром деп Жамалга жылуу жумшак создорун айтып аны узатып койду.

Жамал андан чыгып эле таксиге отуруп уйуно жоноду. Ал машинада отуруп озунчо кубана ичин колу менен акырын сылап алды да ичинен кубуронуп

— Эми менин озумдун балам болот деди.

Ал коз алдына Авазды элестете

— Рахмат сага Аваз, мени боюма бутургонун учун сага чоон рахмат деди озунчо жылмая.

Ал уйуно келип эшигин ачып жатканда телефонуна званок келип калды. Караса Аваздан экен. Жамал суйунуп кетип эле телефонун кулагына тосту.

— Ало-о!

— Жамал кандайсын?

— Жакшы Аваз. Озунор кандайсынар? Назик кандай? жакшы эле журобу? деп Жамал катар- катар сурооллорду берип салды.

— Рахмат Жамал! Баары жакшы. Назик да жакшы журот деп Аваз бир аз унчукпай турду да

— Жамал, эгер макул болсон, кечки тамакка сени ресторанга чакырсамбы дегем..?

— Жакшы Аваз. Анда кечинде ошол жактан жолугушабыз.

Жамалдын жообуна Аваздын ичи жылый тушту. Ал анын бугун маанайы которунку экенин унунон эле сезип турду.

 

 

Кечинде Жамал кийинип алып, эми эле уйдон чыгаарда женеси келип калды.

-А иий кыз! Бугун мынча сулуусун? Периштенин озусун го! Каякка жонодун? деп женеси аны оозу ачыла тиктеп турду.

— Жене шашылышмын. Такси кутуп турат. Анан келгенде суйлошобуз деди ага Жамал.

— Кыз тушунсом олойун. Сага деги эмне болуп жатат? Сен келгенче мен бышып олуп калам го! Алар экоо сыртка чыгып Жамал эшикти жаап жатканда

— Иий кокуй! коё тур кыз. Колумдагы тамакты атайын сага алып келип, кайра которуп кетип жатканым эмнеси? деп ал колундагысын Жамалга корсото шашып калды. Ага алар экоо бирдей кулуп калышты.

 

 

Кечкисин Аваз Жамал экоо шаардагы жакшы деген ресторандардын биринде тамактанып отурушту. Аваз бир кундун ичинде эле кыйла озуно келе тушуптур. Ал сакалын кырып, чачын кыскартып, жаны костюмун кийип аябай жасанып Жамалга кызыл розаларды которуп келген экен. Анын коздору жайнап Жамалга суктана тиктеп отурду.

— Жамал чынын айтсам бугун озгочо сулуусун! Жузундон да кандайдыр бир кубанычты байкап турам деди.

— Рахмат, Аваз. Бугун сенин да маанайын жакшы экенин коруп турам деди Жамал жылмая.

— Ооба Жамал. Эгер сен тушунгон болсон, мен канча жылдан бери издеп жургон адамымды эми таптым окшойт.

Аваз ушул жерден Жамалдын коздоруно бир орчундуу созду айта тургандай тигиле карап:

-Канча жылдан бери мен сени издеп жургом Жамал! Мен ойлойм аны сен озун да тушундун болуш керек деп? Сен экообуз бири бирибизди билбегенибиз менен, сен да бироону кутуп жургонунду журогумдон сезип жургом! Жамал,…. ансыз да биз экообуз кеч табыштык. Омур отуп баратат. Убакытты коп создуктурбайлы. Мага турмушка чык Жамал! Мен бугун сага, атайын сенин колунду сурап келдим деди Аваз, ага жалдырай тиктеп.

Жамал эч шашпады. Ал ойлонуп бир аз турган сон

— Рахмат сага Аваз деди аны кулмундой тиктеп. Анын кулгонун коруп Аваз суйунгонсуп кетти. Жамал жай гана созун улады.

— Аваз чынын айтсам мен бугун ото бактылуумун. Кудай буйруса мен жакында эне боломун деди коздорун жайната.

— Ооба Жамал созсуз, созсуз эне болосун! деди Аваз. Ал Жамалдын табышмактуу жузун коруп, бир аз тушунбогондой шашып кетти да

— А-а Кимге эне болосун? деп сурап жибергенин озу да билбей калды.

— Балама.

-Кайсы балана?

-Аваз менин эки айлык боюмда бар экен деди Жамал кубанып. Аваз дагы деле жакшы тушуно бербей

— Тушунбодум? деди.

Жамал ага кулуп эле кылыктана

— Сен тушуносунбу, жокпу мага баары бир Аваз. Негизгиси мен эми эне боломун! Ошондуктан мен сага рахматымды айтып жатамын деди кубанычтуу коздору менен аны тиктеп.

Аваз унчукпай эле бир нерсе эсине келгендей коздорун бир чоон ачып алды да, Жамалды копко кулуп тиктеп турду. Анан ал

— Жамал сен ал тун учун, мага таарынып журбодун беле деди ага тамашалай.

— Башта таарынсам, эми сага рахматымды айтам деди Жамал коздорун жайната кулуп. Аваз ордунан туруп келип Жамалды колунан тартып белинен кучактай жай бийге бийлеп кирди.

— Жамал, асылым менин. Бугун сени эмне мынчалык сулуу десем, корсо… деп ал Жамалдын козунон козун албай тиктеп турду.

Ал куну экоо копко чейин сырдашып, суйлошуп отурушту. Жамал бугун чындап эле сулуу да, бактылуу да эле. Анын жузундо кулку жайнап, Авазды ого бетер озуно тартып турду. Алар ресторандан чыгышканда тун бир убак болуп калыптыр. Аваз жанына Жамалды отургузуп алып машинасын айдап жоноду. Ал экоо жолдо жай гана суйлошуп баратышкан. Бир убакта Жамал тушунбогондой эки жагын каранып

— Аваз сен кайсы жолго салып алгансын, адашкан жоксунбу? деп сурады. Аваз камырабастан

— Жок Жамал адашпадым. Эми бул жагына кудай буйруса эч качан адашпаймын! деди. Жамал тушунбогондой ага карап

— Аваз эмне кылып жатасын? Сен менин оюма койбой эле…?!

Ал убакта алар Аваздын уйунун жанына келип калышкан болчу. Машинаны дарбазага жакын токтотуп коюп, Аваз Жамалды колунан бекем кармады

— Ооба Жамал, эми сен менин оюмдагы менен болосун! Эми мен сени эч жакка коё бербейм. Убакыт отуп баратат Жамал, Омур отуп баратат. Шашылалы. Биз эми экообуз дайыма бирге болобуз! деди.

Дарбаза ачылып машина ичкериге кирип токтоду. Аваз машинадан тушуп, аркы тарабына отту да эшикти ачып Жамалга колун сунуп

— Жур Жамал уйго, апамдын алдына кирели деди.

 

 

Арадан айлар отуп Жамал Авазга уул тороп берди. Аваз озу айтмакчы, чындап эле ал журогу энсеген адамды тапкан окшойт. Ал экоонун ортосундагы мамиле ото эле ыссык. Айрыкча Жамал бул жашоосунда Авазга аябай ыраазы эле. Себеби Аваз анын турмушун туп тамырынан бери озгортуп, Жамалды жалгыздыктан биро толо куткарып, эне бактысына балкытып отурбайбы!

Аваздын кыздарын, Жамал чын дилинен бооруна жакын тартып оз балдарындай кабыл алды.

Ошол куну, Аваз Жамалды ээрчитип уйуно кирип келген куну Назиктин суйунгонун айтпагыла. Ошол кундон бери Назиктин ою боюнча алардын уйуно бакыт кирип келгендей. Жамал Аваздын тайэжесине да жакты. Анын алар менен чогуу жашаганына Жамал озу да суйунуп калат. Тай эжеси Жамалга коп жактан жардам берип, коп непселерди уйротту.

— Сиз болбогондо эмне кылмак элем эже. Сиздин барынызга шугур. Кудай буйруса биздин торубуздо карып, ушул баламдын, кыздардын узурун чогуу королу деп Жамал анын да конулун алып турат.

Жамалдын баласы уч айлык болуп калган. Анын колдору баласына коп эп келбей башындагы жоолугу кыйшайып жудоп да кетет. Анын устуно баласы да аябай эле ыйлаак бала болду. Кээде ага кыздары Асел, Назик кошулуп учоолоп сооротушуп убара тартып калышат. Ошондой жудоп отурган кундордун биринде алардын уйуно эрте менен Жамалдын женеси кирип келди.

— Аиий кыз! Ушул сени кантип жатты экен деп, атайын коргону келдим эле деди ал тамашалай кулуп. Ал Жамалдын баласын колуно алып бетинен ооп

— Кудайга шугур кыз, ушундай кунду короор кунубуз да бар экен. Кудайым аял кишини ылыйым эле балдары менен алышып жудоп жургонго жеткирсин экен деп аны муну суйлоп отурду.

Жамал апасына былтыры жаны жылда барган бойдон бара элек болчу. Авазга турмушка чыгып балалуу болуп, алар бала бир аз торолсун деп кутуп журушту. Азыр эми февпаль айы да болуп калды. Чилдени чыгарып бираз суук кайтканда айылга барып келебиз деп Аваз Жамалды кондуруп жургон болчу. Анын устуно кышында суукта барып алып, аларды да жудоткулору келбеди. Бир жагы баланы да этиятташты окшойт. Жамалдын женеси да алардыкына эрте менен эле бекерден келген эмес болчу. Себеби анын апасы катуу ооруп калган эле. Апасын укканда Жамал ыйлактап бир орунда туралбай калды. Ага баары жардамдашып жолго камына башташты. Коп отпой Аваз келип алар аэропортко жоноп кетишти.

 

 

Жамалдар туз эле апасынын уйуно келишти. Машинадан тушоору менен эле Жамал эч нерсеге карабай туура апасына чуркап кирип барды. Ал кирип эле тошокто жаткан апасын кучактап, козунун жашын агыза анын беттеринен колдорунан кайра кайра опкулоп жатты. Жамалдын ыйлап жаткан жузун, апасы алсыз колдору менен аран эле сылап отту. Ал оозун аран эле кыбыратып

— Жа-мал кызым, ….деди суйунучтуу алсыз коздору менен аны тиктей.

— Апа! Жаным апа! Мен келдим, дагы суйлочу апа! Унундон сенин апа! Мени зарыктырбай суйлочу деди Жамал ыйлап жатып. Ал апасынан колдорун бетине суйкой кармап кайра-кайра жыттагылап ооп жатты. Ангыча анын артынан Жамалдын баласын которуп келген женеси

— Апа мына неберениз, кызыныздын уулу деп аны кемпирге карай жакындатты. Кемпир баланы кокурогуно жолой бетинен жыттады. Жамалдын жузунон жашы ылдый агып, аларды тиктеп турду да, ал да башын апасынын кокурогуно жолоп экоону бирдей кучактап турду.

 

 

Жамалдын апасы кызын эле кутуп турганбы, ал ошол эле туну тил ооздон калып тан суро элек коз жумду.

 

 

Арадан эки жыл убакыт отуп Жамал экинчи уулун тороду.

 

 

АЯГЫ.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE