Пример HTML-страницы

«Жалгыз» 4-бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=54198&preview=true Кызыктуу окуялар.

ЖАЛГЫЗ.

Төртүнчү болум.

 

 

Эрте менен Жамалдын уйкусун телефондун званогу бузду. Ал уйку сурап жатып телефонду сыйпалап таап кулагына тосту.

— Да…

— Жамал кандайсын?

— Жакшы

— Кандай эс алдын?

— Жакш-ы

-Уйкудан тура элексинби?

— Жакш-ы-ы..

— Уйкучу кыз эмне деп жатасын ?

— Ммм. Жамал кайра эле уктап кетти. Кечээ ал лыжный базадан ото кеч келип катуу чарчаган эле. Келгенден кийин да сууга тушуп чыгып майда барат жумуштары менен алектенип жатып тунку саат учтон отуп жаткан. Жамалды Аваз эки кызы менен чогуу лыжный базага алып барып келген. Кыздардын каникулу бутуп, эртен сабактары башталат. Ошого Жамалды да чогуу биз менен барып келиниз деп Назик суранганынан Жамал аларга жок дей алган эмес.

Ал жылуу тошоктон тура албай мемиреп уктап жата берди. Бир карап турсан Жамалга жашоо жыргалдай. Кой дээр кожосу жок, каалаганын кылат. Уйкудан да каалаган убакта ойгонот. Азыр да ал ойгонгондо саат он эки болуп калган экен. Ал шашпай ордунан туруп, тошогун иреттеп, жуунуп таранып келип ашканага кирди. . Чай ичип отуруп телефонун жандырып бир катар коздон откорду. Ага эрте менен Аваз чалганын корду. Аны менен кантип уйкусурап суйлошконун жакшы эстей албай кулкусу да келип кетти. Ал колундагы чайдан уурттай кечээки кунку Назиктер менен тушкон суротторду бир чекеден откоруп коро баштады. Жамал Аваздын чон кызын копко чейин конул коюп карап турду. Ал быйыл мектепти аяктайт экен. Анын мунозу токтоо акылдуу кыздай корунду ага. Бирок алардын апасы жонундо Жамал эч нерсени биле албады. Аваз да ал жонундо эч нерсе айта элек. Алар оздору соз кылбагандан кийин, Жамал да оозунуп сурабады. Анын устуно Жамал менен Аваздын ортосундагы мамиле жон гана жердеш катары сыяктуу. Буга чейин да Аваз Жамалды атайын кафеге чакырып, Кемел экоонун корсоткон жардамы учун, ага ыраазычылык билдирип ошондогу окуя жонундо суйлошуп отурушкан.

 

 

Жамал акыркы кундору озунун эмне болуп жатканын да тушунбой баратат. Айылдан келгенден кийин эки женеси менен да таарыныша кеткен. Алар да Жамалды даяр куйоо чыгып жатканда эрге тийип ал дешип акыл уйротушуп жинине тийишкен. Ушул кундору анын бир туугандарынын баарынын максаты эптеп Жамалды жанагы кишиге эрге бериш болуп калды окшойт. Жамал азыр алардын эч кимиси менен суйлошпойт. Озу менен озу. Эки кун катары менен Россияга товар жонотуп, бугун Жамал уйдо эле отурат. Ал адатынча терезеге келип сырттагы жааган карды карап турду. Чынын айтканда ал бугун аябай зерикти. Бироолор, менен суйлошкусу келди, бирок эч ким жок. Баягы эле жанга баткан жалгыздык. Женелерине да таарынып баралбайт. Кээде балдары келишип турушчу эле алар да жок.

— Атайын ошентип мени жалгыз калтырышып, кабар албай жатышса керек деп ойлоду Жамал. Бала багып ал деп айтышты эле, ал да жок…? Эптеп мени эрге беребиз деп журушот окшойт. Менин журогум аны каалабаса, кантип тиймек элем! Жамал ошол учурда Авазды эстеп кетти. Ал да ошол бойдон жок. Эмнегедир Жамал аны куто берчу болду. Телефондон чалып калабы деп анын номерин тиктей умут кыла берет. Кээде озунун чалгысы келип кетет. Бирок эмне деп чалат. Кээде туруп ал

-Мен эмнеге жиндиге окшоп аны ойлой берем. Анын уй- булосу бар. Кыздарын таштап аялы кайда кетмек эле. Аваз да аялын кутуп журсо керек деп ойлоп калат.

Терезенин жанында туруп, озу менен озу суйлошкондон жадаган Жамал диванга келип, бук тушуп жатып алып озунон озу булкулдоп ыйлап кирди. Ал ичинен ушунчалык кудайга нааразы болуп суйлонуп жатты. Бир убакта соороно

— Мен эмнеге кудайга нааразы болуп жатам. Кудай мени эрге тий деп куйоону даярдап турса да, бир туугандарымды какшатып тийбей отурам го? Ушундай ойлор менен алпурушуп жатып Жамал уктап калды. Канча жатты билбейт, ал бир убакта ойгонуп кетти. Устуно эч нерсе жамынбай жаткандыктан ушуп калыптыр. Ордунан туруп колу бетин жууп, устун жылуулап Жамал озуно чай койду. Терезеден караса куугум кире баштаган экен. Чайды демдеп, эми эле столго отурайын деп жатканда домофон басылып калды. Анын унунон Жамал чочуп да кетти. Барып алса Аваз экен. Ал эшикти ачып коюп, шашып эле усту башын ондонуп кузгуго каранып ары бери басып журду. Уйдун эшигин ачканда Жамалдын коздору жайнай тушту. Аваз бир букет роза гулдорун которуп келиптир.

— Кечирип кой Жамал, айтпай келгениме. Телефонуна чалсам очук экен деди Аваз гулду сунуп жатып. Жамал сурдоп чыкты. Ал шашып калды. Авазды уйго кир чай ичебиз дегенине ал болбоду.

— Жамал сени кечки тамакка кафеге чакырып келдим эле. Чайды башка куну чакырсан, келип ичип кетээрмин деди кулуп.

— Мен ылдыйга тушуп сени кутуп турайын. Сен шашпай кийинип тушо бер деп Аваз ооздон эле чыгып кетти. Эшикти жабары менен

— Уфф! деп алды Жамал, коздорун алайта чоон ачып, эшикке жолоно. Анын журогу дукулдоп катуу согуп жатты. Колундагы гулду жыттап бир аз турган сон, телефонун эстеди. Барып караса чындап эле очук экен. Качан кантип очуруп алганын озу да билбейт.

 

 

Ал экоо атайын даярдалган эки адамдык столдо тамактанып отурушту. Экоонун тен жуздору жайнап, маанайлары которунку.

— Жамал, чынын айтсам сага кун алыс жолугуп суйлошкум келе берет. Билбейм? Эмнегедир сени менен суйлошкон сайын кадимкидей эс алып женилдеп калам деди Аваз, аны тиктей

— Буга чейин да кундо сага бугун созсуз барам дейм, анан эле эмне деп шылтоо айтышымды билбей тартынып журо бердим деди кулуп. Жамал унчукпай эле ага карап кулуп койду. Экоо бир аз унчукпай отурушкан сон

— Кыздарын кандай журушот? Окуулары болуп жатабы? деп сурады Жамал. Аваз унчукпай эле башын ийкеп, ойлоно

-Журушот, Сабакка барып келишип деди. Мына ушул жерден Аваз озунун турмушу жонундо Жамалга айтып баштады.

— Жаштыгында коп нерсени тушунбойт экенсин Жамал. Уйлоноорго келгенде башын деле айланып калат окшойт. Негизи эле адам болгонундан кийин бой жеткенден баштап эле, журогундон озундун тенинди издеп баштайт экенсин. Ал жонундо кээде туруп кыялданасын. Кээде озунчо жылуу сезиминде аны энсейсин? Ошентип журуп убагы келгенде Ата-энем мени уйлойбуз деп калышты. Жогорку окуу жайды бутконум менен, менин анча мынча кыздар менен дос болуп жургонум эле болбосо, чындап келгенде суйлошкон кызым жок эле. Ата-Энем мага кыз издештире башташты. Туугандарым ар кимиси ар кызды табышты. Мен ошондо кимди издеп жатканымды озум да тушунбоптурмун. Мен сулуу, жаш кыздарды карай бердим. Ошентип кошуна женем аркылуу алардын айлынан Айдай менен тааныштым. Айдай мектепти ошол жылы бутуптур. Жаш, сулуу! Мен аны бир коргондо жактырдым. Ата’Энемдин эн улуу баласы болгонум учун, алар мага чон той берип мени Айдайга уйлошту.

Айдай экообуз бир жылдай жашап, мен туура эмес уйлонуп алганымды тушундум. Экообуздун мунозубуз келишпей койду. Анын устуно Айдайдын тушунугу да такыр башкача кыз экен. Анда жашмын да. Туугандарыбыз бизге

— Турмушта ойдо ылдый нерселер боло берет, кийин бири-биринди тушунушуп каласынар деп бизди ажыратпай коюшту. Убакыт билинбей отуп журуп биз Асел жана Назик деп эки кыздуу болдук. Биз таарынышып, бирде жашап, бирде жашабай журуп акыры ажыраштык. Ортобуздагы эки кызды мен озумо алып калдым.

— Айдай кантип кыздарын таштап кетти? Ал кыздарына келип турабы? деп Жамал сурап жиберди.

— Мен Москвада жургондо кыздар кобунчо менин ата-энемдин колунда журушту. Айдай таарынып кетип келип журуп, ал да акыры россиянын башка бир шаарына кетип калыптыр. Бир жыл дегенде ал кайра келди. Ал учурда мен бишкекте жаны бизнесимди баштап, уй салып жургом. Айдай экообуз жарым жылдай эптеп чогуу жашагандай болуп журдук. Мен ошондо экообуздун жашай албашыбызга толук козум жетти. Анын жообун берип экообуз ажыраштык. Кыздарыма тайэжемди кошуп алып, мен аларды Бишкекке алып баса бердим. Айдай кайра россияга кетиптир. Ошондон коп отпой эле ал турмушка чыгып балалуу болду деп уктук. Бирок кийин аны менен да ажырашыптыр деген создор бар. Мындан уч жыл мурун кыздарым айылда каникулда жургондо ал келип кыздарын коруп кеткенин тайэжемден уктум.

Жамал унчукпай эле Авазды тиктеп ойлонуп отурду. Аваз алдындагы винодон бокалдарга толуктап куйуп жатып

— Ушунда-ай Жамал, ошентип канча жылдан бери мен кыздарыма ата да, эне да болуп жашап келетам. Баарынан да тайэжемдин бардыгына суйуном. Мен ага ото коп карыздармын. Аны омурунун акырына чейин озумдун колума алгам деди. Ал экоо винодон ууртап коюп отурушту. Жамал эмнегедир Назикти ойлоп

— Мен да сизге окшоп озумчо коп ыйлаймын деген созун эстеди.

— Кыздарын апасын саганышса керек. Эненин орду баары бир башка да деди Жамал. Аваз унчукпай эле оор дем алып койду . Бир аз унчугушпай отурган сон Аваз

— Жамал мен сага ар жолуккан сайын эле озум жонундо айта берип, сени жадатып койбодумбу деди кулуп.

— Жок, Аваз антип эч качан ойлобо. Мен сени туура эле тушуном!

— Рахмат! Бирок билбейм Жамал. Мен сага буларды айткым келди эле айттым. Эмнеге экенин озум да билбейм деди Аваз. Ошол учурда алар экоо бири бирин тиктешип туруп калышты.

 

 

Жамал уйго келип да Аваздын айтып бергендерин басса турса ойлонуп журду.. Бирок Аваздын эмнеге ушул кунго чейин уйлонбой жургонуно тушунбоду. Ал жонундо сурайын деп, сурай албады. Жамал Аваздын ушул созун эстеген сайын журогу кызыктай болуп журду.

— Бул жашоодо башынан бир адашсан адашып журо берет окшойсун. Кээде отуруп тагдырым менин мынчалык татаал болбосо деп нааразы болуп кетемин. Бирок мен дайыма журогумдон бироону издеп жургондоймун. Менин озумдун теним бар болуш керек. Ал да мени келет деп кутуп жургондур деп ойлой берем.

— Эх, Аваз деп Жамал ушкурунуп койду. Чындап эле бул жашоодо ар бир адамдын журогунон издеген, журогунон куткон адамы болот. Бирок…, бирок ошол адамын баары эле таба алат бекен?

 

 

Эртеси куну Жамал аллеяда басып журсо Аваз телефон чалып калды. Ал куну экоо ошол жерден жолугушуп чогуу жай басып журушту.

— Сенин суротту жакшы тартаарынды кызым Назиктен уктум деди Аваз. Жамал кулуп эле унчукпады. Бир аз басышкандан кийин

— Суротчулор! силердин жан дуйнонор такыр башкача болот деди Аваз тамашалай.

— Кандай болот? Жамал да токтой калып ага карап кулуп калды

— Мына турган аппак кардай болот деди Аваз айланадагы карды коргозо

— Сен аны кайдан билесин?

— Билем Жамал, силер кышты жакшы коросунор! Ал экоо тиктеше кулуп турушту.

— Назик! деди Жамал кадамын таштай басып

— Сен булардын баарын Назиктен уккансын.

— Ооба, кызым экоондун мунозун окшоп да кетет. Мен ал кызымды жомоктогу кызым деп эркелетем.

-Демек Назик сени тарткан. Сен да суротту жакшы тартасын Аваз! деди Жамал ага жылмая карап.

— Мектепте окуп жургондо тартып калчумун. Бирок мен силерге жетпейм го деди ал кулуп.

Ал экоо копко суйлошуп басып журушту. Коштошоордо Аваз Жамалды эртеси дем алыш кунго кыздары Асел Назиктер менен чогуу эс алууга чакырды. Жамал ага макул болду.

 

 

Кийинки кундору Жамалдын конулу которулуп, мурдагыдай жалгызсырабай калды. Алар Аваз экоо кун алыс жолугушуп журушту. Аваздын кыздары менен да жакындан таанышып, Жамалдын оюн бут эле Аваз ээлеп алды. Алар менен болуп журуп бир туугандарын да коп эстебей калгандай. Бир куну Жамалга айылдан кичуу агасы телефон чалып калды. Ал апасынын ооруп жатканын айтып.

— Жамал апам сени ойлоп, сен учун эле ооруп жаткандай. Айтканды угуп турмушка чыгып алсан жакшы болот эле деп калды. Жамал агасын кубантып

— Мага бир аз убакыт бергиле, мен жакшылап ойлоноюн деп койду. Бул кабарды угушуп Жамалдын апасы женелери оздорунчо суйунуп калышты. Кызыбыз кичине болсо да сынган го дешип.

 

 

Жамал уйун жыйнап иреттеп, Аваздын келишине даярдык коруп журду. Бугун аны атыйын чайга чакырган. Кечинде колуна гулун которуп Аваз кирип келди. Алар коптон бери жолугушуп суйлошуп жургонго бири бирине кыйла коно тушушкон экен. Экоо отуруп бир аздан чай ичишкен сон, Аваз ордунан туруп болмолорду кыдыра Жамалдын жашоосу менен бир катар таанышып чыкты. Ал Жамалдын жаш кездеги тушкон суротун коруп, аны колуна кармап копко чейин ойлонуп тиктеп тура берди. Аны коргон Жамал коздорун жайната кулуп

— Аваз, эмне анчалык ойлондун? деди. Ал унчукпай эле суротту кайра ордуна коюп койду.

— Жур эми отуруп тамак ичели, сага атайын шорпо асып койдум эле деди Жамал. Ал келип столго отураары менен Жамал тамакты куюп анын алдына койду. Аваздын унчукпай эле тамагын ичип жатканын Жамал копко тиктеп отурду. Ал ушул минуталарда озун башка бир жашоодо жашагандай сезип кетти.

— Тамагын аябай жакшы болуптур, деди Аваз ичип буткон чынысын четке жылдырып жатып.

— Аш болсун! Жамал ага кулуп жооп берди. Жамалдын кылган неткендери, тазалыгы бут баары Авазга жагып отурду.

 

 

Экоо копко чейин создору бутпой кызуу суйлошуп, Аваз Жамалдын уй-булосу, бир туугандары жонундо сурап отурду. Бир убакта ал

— Жамал, ушундай жакшы кыз, эмнеге ушул убакка чейин ЖАЛГЫЗ жашап журот? Эмнеге турмушка чыкпадын? деп сурап жиберди. Кутуусуз суроого Жамал эмне дээрин билбей эле Авазды тиктеген бойдон туруп калды.

— Кечирип кой Жамал, мен башкача ой менен сурадым эле. Мен жана сенин суротунду карап отуруп бир нерсени тушунгондой болдум. Жамал сенин эсинде барбы? Аваз ушул жерге келгенде Жамалды эки колунан кармап алып озуно жакын тартты да анын коздорунон бир нерсени издегенсип карап жатты.

— Биз анда жаш элек. Сен анда окуу жайды бутуруп келсен керек эле. Менин Ата-энем силердикине барып, сени…, сени мага сурашкан экен!

Жамал копко чейин Аваздын козунон козун албай тиктеп туруп:

— Ооба, билем, эсимде. Мен сени куттум Аваз. Бирок сен келбедин деди жай гана.

Аваз Жамалды акырын кучагына тартып, аны кучактады. Ал анын чачынан сылай жыттап

— Мени кечирип кой Жамал! Кечир мени деди

 

Уктап жаткан Жамал кантип ойгонуп козун ачканын уйкусурап жатып эми тушунду. Аны Аваз бетинен ооп ойготуп жаткан эле. Жамал кайра эле Авазды кучактай козун жумуп аны мойнунан жыттап турду. Ал бугун жалгыз эмес Аваздын койнунда жатып ойгонду.

 

 

Жамалдын бугун жан дуйносу бакытка болонуп, жашоо ага кызык корунуп, ЖАЛГЫЗдыктын туткунунан бошонгонуна озун бактылуу сезип, ойлору алыс алыс жактарга алып учуп жатты. Кечээки эле журогун эзген армандары, кайгылары бир кундо куулуп Жамал бугун такыр башкача адам эле. Коздору жайнап жузунон нуру тогулуп, ал озун кузгунун алдында чыныгы аял сезип, наздана озун озу тиктеп отурду. Анын журогу чыныгы ээсин тапкандай жумшак согуп, Жамал Авазды гана ойлоп жатты. Аваз бугун анын уйунон эрте менен шашпай саат ондордо чыгып кеткен. Чыгып баратып Жамалды кечкиге ресторандан тамактанууга чакырган.

Жамал кечкиге ресторанга кийгенге койнокторун коздон откоруп эрте даярдык коро баштады. Озунчо кынкылдап ырдап коюп, ары бери басып жургондо анын телефонуна званок келип калды. Караса Аваз чалып жатыптыр.

— Жамал кечирип кой жаным. Казакстанга эки кунго шашылыш кетип жатам. Бугун барам деп ойлогон эмес элем. Зарыл болгондуктан кетип жатам. Келээрим менен эле сага чалам деди ал. Жамал эмне демек эле, унчукпай эле

-Барсан барып кел, деп ага ак жол каалады.

 

 

Эки кун, эки жылдай болгонсуп убакыт отпой Жамал эртеси куну адатынча аллеяда жай басып жургон. Эч нерседен бээкапар озу менен озу болуп Авазды ойлоп жаткан. Бир убакта анын артынан бироо жетип келип эле

— Жамал деген сиз болосузбу? деп калды.

— Ооба мен болом. Силер кимсинер ? деди Жамал аны тааныбагандай карап. Анын жанында жашы жыйырма бештерден отуп калган келишимдуу кийинген кыз турган болчу. Ал кыз Жамалды баштан аяк бир тиктеп алды да

— Мен Аваздын коптон бери суйлошуп жургон кызы болом деди Жамалды козу менен антарып жиберчудой болуп. Аны укканда Жамалдын ону озгорулуп эмне дээрин билбей кызыктай болуп туруп калды.

— Эмесем мындай, жакшы соз менен айтканда Жамал эже! Авазга экинчи жолобонуз. Ал меники болот. Эгер билсениз анын экинчи аялы да сизден бир топко жаш болгон экен. Озунуз деле ойлонбодунузбу? Жаш кыздар турганда! ал сизди, кыркка чыккан кемпирди эмне кылмак эле! Ошондуктан эжекеси ортого кыпчылбай оз жолунузга тушунуз!

Ал кыз Жамалды мыскылдай карап бир кулуп алды да, койкондой басып кетип калды. Жамал ал кызды артынан тиктеген бойдон ордунда катып тура берди. Ал копко барып озуно келди. Мас адамдай тенселип жашоосуна наарызы боло козунон жашы сызылып уйуно кайтты. Ал уйго кирээри менен диванга комкоросунон кулап жатып калды.

 

 

Аваз казахстандан тушко жакын келди. Жамалга чалса телефону очук. Жумушуна жолугуп коюп эле уйуно барып, кыздары менен чогуу тамактанып жатып да кайра- кайра Жамалга чалса очук болуп туруп алды. Кечинде колуна гулун которуп алып ал Жамалдын уйуно келип домофонду басса албады. Ал копко турду. Бир убакта эшикти ачып бироолор ичинен чыгып калды. Аваз подьездге кирип келип Жамалдын квартирасынын эшигин такылдатып кайра-кайра званогун басса да ачпады.

— Кайда кетиши мумкун деп ойлоду Аваз. Менин келишимди билет эле го? Ал куну Аваз эч нерсеге тушунбой эле уйуно кайтты. Эртеси куну да ушул нерсе кайталанды. Жамалды аллеядан да издеп таппады. Акыры ал машинанын ичинде кун кечтеп бараткандыктан Жамалдын терезесин андып отурду. Айланага кыйла карангы тушуп, бир убакта Жамалдын терезесинин жарыгы куйду. Авазга жан кире тушконсуду. Бирок эмнеге ал эшигин ачпай жатат? деп ичинен тушунбой турду. Ангыча эле Аваз Жамалды коруп калды. Жамал адатынча терезеге келип сыртка карап турган болчу. Аваз шашып эле машинадан тушуп караса Жамал жок. Ал эптеп подьездин эшигинен кирип, Жамалдын эшигинин званогун басып

— Жамал ач эшикти! Сага эмне болду? деп кайра кайра эшикти такылдатып турду. Ошол убакта Аваздын телефонуна званок келип, аны алып караса Жамал экен.

— Аваз. Кошуналарыма уят. Кет бул жерден. Мага экинчи жолобо, деди Жамал капалуу уну менен.

— Жамал!…

Ал телефонду очуруп койду. Аваз эч нерсеге тушунбой калды. Жамалдын уну да анын кулагына башкача угулду. Ал бир аз ойлонуп турду да сыртты коздой жоноду.

 

 

Жамал уйдон чыкпай жатканына бугун бир жума болот. Ага мурдагы куну кичуу женеси келип жалынып жалбарып жатып эшикти аран ачтырып кирген. Телефонун очуруп салганга Жамалга айылдан агасы эки кун катарынан чалса да албайт. Акыры аны женелерине айтканынан кичуу женеси келген эле.. Ал кирип келип эле Жамалдын онун коруп коркуп кетти. Ал убакта Жамалга бул жашоо ушунчалык кызыксыз эле.

 

 

Жамал бугун бир аз адам болуп, женеси жасап келген ыссык шорпону ичкенден кийин сыртка чыгып баскысы келди. Ал канчалык Авазды ойлонгусу келбегени менен, кайра эле аны ойлоп ичинен суйлонуп баратты.

-Аваз! Экинчи жолу уйлонгонун неге мага айтпаган. Тиги кыз да жондон жон мага келбеген чыгар. Биринчи аялы менен ажырашканына он жылдан ашык убакыт отуптур. Ошончо жыл эркек адам кантип жон журсун? Бир убакта Жамал басып бараткан жеринен тып токтоп калды. Аны алдынан Аваз тосуп турган эле. Ал экоо тиктешип туруп калышты.

— Жамал! деди Аваз. Сага эмне болду? Неге мени менен суйлошпой жатасын?

Жамал ичинен оор дем алып алды да.

— Эч нерсе болгон жок. Жон эле деди да бурулуп жоной берээрде Аваз аны кармап калды.

— Жамал мага тушундуруп бер! Эмне болду сага? Биз экообуз жаш бала эмеспиз го акыры! Эмнеге мынтип жатасын? деп ал Жамалдын коздоруно тигиле карады. Ал экоо копко тиктештип туруп

— Сен туура айтасын Аваз биз жаш бала эмеспиз! деп созун баштады Жамал.

— Сен мага туурасын эле айтсан болмок экен. Экинчи жолу уйлонгонунду, азыркы убакта жашы менден кыйла жаш, суйлошуп жургон сулуу кызын бар экенин?

Аваз бул создорду укканда ону кубарып коздорун чон ачып эле туруп калды. Жамал андан ары созун улады.

-Эркек киши кыркка чыкса, кырктагы кычыраган жигит деп айтышат экен. Ойнойм десен, жатам десен сага сулуу жаш кыздар толтура журушпойбу! Мени жон эле койсон болмок экен Аваз! деди анын козуно тик карай.

-Жамал сен андай ойлобо, мен сени…,

— Токтот созунду! Аваз мени жакшылап угуп ал! Экинчи менин козумо корунбо, сени коройун деген козум жок. Болду мага башка суйлоп убара болбо деп Жамал шыпылдаган бойдон жоноп кетти. Аваз анын артынан жоноду.

— Жамал мен озум сага баарын бир чекеден тушундуруп берем. Сен мени туура эмес ойлобо. Кантип эле мен сага…? Жамал токтой калып ага тик карады

— Аваз! Болду мага башка соз суйлобо. Мен сени каалабайм. Болду бутту! Жолобо мага. Жамал жоноп кете берди. Аваз аны тиктеген бойдон бир орунда артынан карап кала берди.

 

 

Аваз ошол бойдон Жамалга башка келбеди. Жамалдын баягы турмушу кайрадан башталды. Ал бишкекте жургондон жадап да кетти. Россияга кетсемби деп чечти. Бирок ал уйунон паспортун таппай копко издеди. Аны атайын женеси алып койгонун Жамал акыры тушунду. Эмне кылаарын билбей терезеге жакын келип ал сыртты тиктеп турду. Март айынын орто чени болуп калган эле. Сыртта чон-чон болуп сары суу карлар жаап, жерге тушоору менен алар эрип кетип жатты. Жамал ойлонуп копко турду. Ал бир убакта апасын эстеп, аны менен суйлошкусу келди. Басып келип телефонун алып апасына чалды. Жамал апасы менен суйлошоору суйлошуп алып кайрадан ага журогу ооруп чыкты. Апасы кийинки кундору ооруп, бир жагы Жамалга да таарынып жургон. Ал телефондон

— Кызым менин козумдун тируусундо турмушка чыгып алсан жакшы болот эле. Менин да тынч олгум келет. Мени о дуйного арманда узатып журбо кызым. Ичимдеги арманым менен мен кантип олом деп апасы ыйласа Жамал ага чыдабай телефонун очуруп салып, озу да ыйлап отурду. Жамалдын аргасы кетти. Эжеси айтмакчы апасы учун болсо да, козду жумуп турмушка чыксамбы деп ойлоп жатты. Чындап эле апамды, ага кошуп бир туугандарымды да кыйнап буто турган болдум. Женелерим да менден жадап бутсо керек деп ойлоду. Жамал ал куну тун бир убакка чейин ойлонуп кыйналып жатып уктады.

Эрте менен аны телефондун званогу ойготту. Алса иниси Кемел бишкекке командировкага келатканын айтты. Жамал аны укканда суйунуп эле кетти. Ордунан туруп анын келишине тамак даярдап баштады.

Кемел келип Жамалдыкында эки жума журду. Ал келгенден бери Жамал аны менен базарга, шаарга чогуу чыгып зерикпей да калды. Экоо кобурашып копко чейин суйлошуп отурушуп анан жатышат. Эрте менен Жамал уктап жатканда Кемел туруп жумушуна кетип, ошол бойдон туштон кийин келет. Ошонтип Кемел эртен айылга кетем деген куну эшиктен кирип келип эле

— Жамал эже, сиз Аваз акени жакшы эле таанып калдыныз да? Бугун мен ал кишини кордум деп калды. Жамал Аваздын атын укканда журогу болк дей тушту. Ал унчукпай эле Кемелге карап калды

— Аваз аке бир аз жудой тушуптур. Менимче ал киши кобуроок ичип журот окшойт деди Кемел, столго отуруп жатып. Жамал чайдан куюп ага сунуп

— Сен аны кайсыл жерден кордун? деп сурады.

— Ал да жумуштары менен журсо керек, биз жургон мекемеде журуптур. Экообуз коридордон эле учураштык. Корунушу жакшы эмес кечээ бир жерде отуруп, жакшы эле ичкендей деди Кемел тамагын ичип жатып. Жамал унчукпай эле ойлонуп отуруп калды. Анын оюн кайра эле Кемел бузду

-Жамал эже, эрте менен мага апам чалыптыр. Кечинде сизге да чалам деген. Сизди ала кел деп жатышат. Кетесизби мени менен деди.

— Азыр эмес, дагы бир он, онбеш кундо барып калсам керек деди Жамал ойлоно.

— Жамал эже, чынын айтсам мындай жалгыз жургонунуз болбойт. Мага капа болбонуз, айтканыма! Бирок тиги сизге деп айтып жаткан кишини мен деле сырттан жакшы тааныйм. Ал жакшы эле киши. Жакшы болгон учун женем синдисинин куйоосуно сизди таап олтурат да. Омур отуп баратат эже, ойлонуп отура бербей чыгып алыныз деди Кемел. Жамал кулуп эле инисинин айткан созуно ыраазы боло аны мурдунан чымчый эркелетип койду.

— Ой эже! Мени дагы деле жаш бала кылып эркелетип журосуз да, мен деген торт баланын атасымын деп алар экоо каткырып кулуп калышты.

 

 

Апрел айы ортолоп калган. Билинбей убакыт ото берет экен. Жамал бир туугандарын суйунтуп

— Макул эки уч кундо айылга барып калам, тиги кишинер менен жолуксам жолугушайын деп чон женесине бугун эрте менен телефондон айткан. Женесине ушул эле керек болчу. Кыздын ыраазы болгону ушул да деп, ал да ичинен кымындап алды.

Жамал женеси менен суйлошкондон кийин базарга барып озуно майда чуйдо алып кайтаарында катуу жаан жаап устулору чылгый суу болуп уйго келди. Уйго кирээри менен эле кийимдерин алмаштырып, ашканага кирип казанга эт асты. Телевизорду жандырып коюп, эми эле отурганда женеси келип калды.

— Кыз, сенин кабарынды угуп аябай суйунуп жатабыз. Апам да суйунгонунон ооруганын унутуп, ордунан туруп алып сандыгын ачып озунчо эле туйшуктонуп жатыптыр деп женеси оозу тынбай суйлоп жатты. Жамал унчукпай эле ага карап кулуп койду. Аны коргон женеси Жамалды кучактай эки бетинен ооп да алды. Ыссык майлуу кылып атайын самса жаап келген экен, аны жегенче экоо суйлошуп отурушту. Бир убакта эле майлуу жерин жеп алгангабы Жамалдын конулу айланып кускусу келип туалетке карай чуркап жоноду.

— Женил кийинип барсан керек да базарга! ашказанына суук откозуп алгансын го деди женеси. Бир кыйла убактан сон Жамал кайра келип унчукпай эле бир чекеде отуруп калды. Анын ону кубарып, самсаны коргусу келбей аны столдун устунон алдыртып салды. Женеси тушунбой эле Жамалды бир тиктеп койду да

-Кой кыз, мен да кетейин. Барып балдарга чай берейин деп ал чыгып кетти. Ал кеткенден кийин Жамал бир аз жатып уктаганга озуно келип калыптыр. Ал туруп эле газды очурду. Тамагы даяр болуп бышып калганы менен анын ичкиси келген жок. Ал жакын келип терезеге караса сыртта карангы кирип дагы деле жамгыр себелеп жаап жаткан экен. Ошол учурда эшиктин званогу басылып Жамал ага чочуй тушту.

— Ким болду экен, тундосу? деп саатты караса жетиден эми эле ото баштаптыр.. Жамал акырын келип глазокту караса усту суу болуп бир кыз турат

— Ким бул?

— Бул мен Жамал эже! Жамал шашып кетип эле эшикти ачып жиберди. Караса устулору шомтуроп суу болуп Назик турат. Коздору кызарып ыйлап да алыптыр.

— Назик! Сен кайдан? деп эле Жамал аны колунан тартып уйго киргизди.

— Назик сага эмне болду? Чеч устулорунду суу болуп кетипсин го! Назик козунун жашын агыза устундогу женил курткасын чечти. Куртканы Жамал колуна алып жатып, аны ээгинен кармап озуно каратып

— Назик эмне ыйлап жатасын? Ким сени капа кылды деп чыдабай сурап жиберди. Назик суйлой албай бышыктап ыйлап баштады. Жамал аны кучактай чачтарынан сылап сооротуп кирди.

— Чшщ акырын, Назик Ыйлаба! Ыйлаба кызым! Кызым деген соз Жамалдын оозунан кандай чыкканын озу да билбей калды. Назик андан сайын ыйлаганын токтото албай, опко опкосуно батпай уну бирде чыкса бирде чыкпай жатып ыйлады.

 

Жамал Назиктин устундогу кийимдерин бут чечтирип, озунун таза кийимдеринен берди. Ал сууга тушуп чыккандан кийин Жамал ага ысык шорподон куюп берип экоо бир аз суйлошуп отурушту.

— Назик, сен эч нерсеге капа болбо! Баары жакшы болот. Сенин бул жакта экенинди эч ким билбей сени издеп журушкондур. Назик шорподон ууртап жатып козунун жашы агып кетти.

— Ыйлаба Назик, ич ичип ал. Жамгырда калыпсын. Ысык, ысык ууртап ич жакшы болот деди Жамал аны тиктей. Назик тамагын ичип буткондон кийин суйлой баштады.

— Жамал эже, биздикине чон энемдин келгенине коп болду. Алар атамды уйлон, эртен эле, эки кызын эрге тийип кетсе озун жалгыз соксоюп каласын деп коп урушат. Атам аларды укпайт, акыркы кундору кээде ичип алып да журот.

— Атам апам экоо ажырашкандан кийин, атам бир жаш аялга уйлонгон. Анда мен кичинекей элем, мектепке жаны эле барган болчумун. Ал аял мени бир куну чачыман тартып уруп жатканда атам иштен келип калды. Анан атам аны уйдон чыгарып салган. Ал экоо аз эле торт ай эле жашашты окшойт. Атам ошондон кийин эч кимге уйлонбой койду. Чон энем аны

— Оз энеси болгондо деле бул кызынды урмак, сен ушуларды деп журо бербей уйлонуп уулдуу болушун керек дейт. Анан бугун чон энем

— Саксандаган желмогуз кыз, сенин айынан атан уйлонбой журот деп мени урушту деп Назик кайрадан бышактап ыйлап кирди. Жамал аны бооруна кыса кучактап сооротуп жатты.

— Назик ыйлаба.. Ансыз да коп ыйлап койдун башын оорууп калат эми деди анын жашын аарчып жатып.

Назик чындап эле бир жагы коп ыйлаганга, бир жагы ысык уйго кирип тамак ичкенге чарчап уйкусу келе баштады. Жамал жай кылып аны жаткыраары менен ал уктап кетти. Аны уктатып коюп Жамал бир азга ойлонуп турду да телефонун алып Авазга чалды.

— Ало, Жам-ал?

— Аваз кандайсын?

— Жакшы.., жакшы эле

— Аваз, кызын Назик азыр меникинде деди Жамал жай гана

— Сеникинде?! … Рах-мат сага Жамал , Мен аны издеп журдум эле….

 

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE