Пример HTML-страницы

Зектин махабаты 26 бөлүм. АЯГЫ

https://kyrgyzcha.site/?p=37076&preview=true Кызыктуу окуялар.

🌀 ЗЕКТИН МАХАБАТЫ

 

26-Болум

 

 

Бурма бир айга чукул ооруканага жатып, дарыланып чыкты. Азыр абдан дурус. Кечинде сыртка чыгып кошунасына келатып жыгылып кеткендиктен, ичи ооруп, боюндагы бала козголо түшкөн экен. Ошол себептен ооруканага жаткан.

Азыр Кемелбек экөөнөн өткөн бактылуу киши жок, күткөндөрү ичтеги бала. Кемелбек эски маркадагы жеңил машина сатып алып, таксовайт этет. Ишемби, жекшемби күндөрү мал алып сатып,жетишерлик акча таап келет. Эки жолу хлебаштарына тамак киргизди. Абактан чыкканы, «эң негизгиси өзүмдөн тукум калса болду» деп көңүлү төп. Бурманын аман эсен төрөшүн кудайдан тилейт. Баарыдан да өзүнүн кадамын жазбай күндө бир маал келип, Нурлан менен узун сөзгө кирип, маектешип кеткени адатка айланды. Анткени эң ишенгени жана кеңешчиси Нурлан. Күнгө бейшемби эле. Кечке жуук Нурлан шашып келген убакта Кемелбек адатынча басып келип, кире бериштеги көк орундукка кочук басты. Нурландын көңүлү жайында эле.

— Ыя, байке, үйгө кириңиз. Тахмина келиштире манты жасаган экен, курсакты бир тойгузалы. Мен барып жеңемди чакырып келейин деди. Бул эки үй бүлөло жыл айлап катышкан ынтымактуу кошуналар. Кимдин үйүндө даамдуу тамак болсо, бири-бирисиз ичишпейт. Бурма менен Тахмина тамак жасаарда эки үйгө кенен жеткидей кылып жасаганга көрүшкөн. Манты алдыга келгенде, көнгөн адаты менен Нурланды теше тиктеген калыбында Кемелбек сөзүн алыстан баштады. Маанилүү айтаарда дайыма ушул адатын карматат. Анткени көз менен билип, уга турган сөзгө бөтөнчо маани берет, буга түрмөнүн турмушу себеп болгон

. — Ыя, Нурлан, кандай дейсиң? Минтип женең дагы кош кат болуп турат. Төрөгөнгө чейин кайын журттун алдынан өтүп келсек кандай болот? Алар отко чакырат деп күтсөк убакыттан уттуруп жиберебиз го. Негизи, жакшылык менен катышканга не жетсин? Бурманын айткан сөзүнө караганда, кайын ата менен кайын эне карылыкка моюн сунуп калышыптыр. Эртерээк барып кемпир чалдын батасын алып келсекпи? Ушуну сени менен кеңешейин дедим эле. Нурлан маанилүү айткан сөздү туура кабыл алып :

-кача баралы деп атасыз? Кимдер менен? — деди. Кемелбек ысык мантыны оозуна салып, сөз өңүтү келгенде :

-Ыя,Нурлан, аны сени менен кеңешпесем, менде ким бар? Менин оюмча сенин машинаң менен төртөөбуз эле баралы. Анан калыңга 10мин сом жана бир кой салып алсакпы деген ой бар. Нурлан эми гана өзүнүн жоопкерчилигин билип :

-Байке, мындай кылсак дейм.Базар күнү түш оой жолго чыгалы. Бара турган жер ашып кетсе 2-3 сааттык жол. Сизге айта элек дагы бир сырым бар. Ушул жумада машинаны жаңыртып алсамбы дедим эле. Эртең бул машинаны алып кетишет. Жакшы баа берип атат алчу балдар. Буйруса, жаңы машина менен женемдин төркүнүнөно баралы, деп өз оюн айтты. Кемелбек сүйүнгөнүн жашырбай :

Нурлан сен абдан тура сөз айттың. Машинаны алгач жакшылыкка айдаган жакшы болот. Эмесе мен даярдана берейин анда. Бурма сөзгө аралашты:

-Мен да жаш кыз болбогондон кийин көп деле чамынбай эле койгула. Кыз тийген күйөөмдөн калың жеген ата энем эми минтип жашым өткөндө Кемелбектин этегин кармап жашап кеткениме эле ыраазы болушат. Негизигиси, ургаачы адамдын багы барган жеринен болот. «Кыз бирөөнүн булосу» деп тээ илгертен айтылган кеп бар эмеспи. Анын сыңары, мен да минтип жашым өтүп калганда аларга салмагымды салбай өз жолум менен кеткеним жакшы болду. Эптеп ичтеги баланы төрөп алсам экен… деп, туура айттымбы дегенсип Кемелбек менен Нурланды карады. Нурлан айтылган сөздүн маанисине баа берип :

Жеңе, сиз абдан туура сөз айттыңыз. Аялдын баары сиздей болсо кана, атаган ат! Көпчүлүк аялдар төркүнүнө ташышат го. Чыккан кыз чийден тышкары демекчи, төркүнү менен сый болгонго не жетсин. Кээ бир эси жок кыздар төркүнүнөо барып чыр салып, урушуп, баркын кетирип алат. Баарын көрүп эле атпайбызбы. Бирок Кемелбек байке экөөбүз эмне кылабыз, ага киришпеңиз. Балким атаңызга машина мингизебиз, аны убакыт көрсөтөт деди. Анан туура айттымбы дегенсип Кемелбекти карап койду. Кемелбек башын ийкеп :

-Туура айтасың. «Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар» дегендей, Бурмажан, өзүңдүн бааңды, баркыңды төмөндотпө. Төркунуңө кандай барабыз, бул жагын Нурлан экөөбүз билебиз. Аны коюп Тахмина экөөңөрор тасмалды кандай алып барабыз, ошону ойлонуштургула деди. Кудайга эмне алып барышты эки кошуна бир топко чейин талкуулашты. Түш ченде Нурлан машина базардан жумуртка дай ак түстөгү «Мерседес» машинасын алып, үйгө айдап келгенде, Кемелбектер чыдамдары кетип күтүп отурушкан. Машина эшиктин алдына келип токтогондо, эң алгач Кемелбек озунуп:

– Жорго кут болсун. Абдан жакшы машина алган турбайсыңбы! — деп өзү машина алып жаткандай сүйүндү .Ал эми жездеси кабагын түйө:

Эски эле машина го. Алганга жараша жаңысын албайт белең? — деп ичи күйөөнүн билгизге машинаны айлана басты. Бул сөздү укканда Нурландын көңүлү кирдей түштү да, өзүн алаксытуу үчүн Тимурду колуна алып :

-Жаңысын уулум алып берет. Азырынча бизге ушул эле жетиштүү. Керек болсо буга да жетпей жүргөндөр бар, деп сөз кезеги келгенде айтып алды да, Тахминага кайрылды. Үйдөн бирдеме алып чыгып, ырымын кыл, акжолтой машина болсун. Тахмина сары май алып чыгып машинанын рулуна сүйкөп, өзүнчө кобуранды. Бурма нары жакта турган, өздөрү алып келген килемди машинага жаап :

-Нурлан өзүн айткандай акжолтой машина болуп алдынан шамал жүрүп турсун! — деп өз каалоосун айтты да, Кемелбекке кайрылды :

Көрүндүгүн бербейсиңби, ботом. Машина эмес, жөн эле буюм алганда, көрүндүк берилет го… Кемелбек шашып калды . Чөнтөгүнөн акча алып чыгып, Тимурга карматты:

-Мына, Тимур, сен дагы атаңдай болуп машина ал. Нурлан багажникти ачып, базардан ала келгендерин алып чыкты. Үйгө киргиле, майлап берейин. Жолго да эртерээк чыгалы деп сунуш киргизбегенде, ырта дагы канча дейре турушат эле, ким билет?

Арадан эки сааттай убакыт өткөндо эки үй бүлө сүйлөшүлгөн сөз боюнча жолго чыгышты. Кычырай кийинген Кемелбек өзүнчө эле толкунданып, көңүлү алда кайда алып учуп, артын карап :

-Бурма эч нерсени унуткан жоксуңбу? -деп сурап койду. Бул сөз ушуну менен 3-жолу айтылды. Бурма күлүп :

— Ооба, — деп кыска жооп берди да, кайра өзүнө :

— Аны коюп сен өзүңдүн милдетинди билесиңби? Конокко келгенде атамдай төргө өтүп кетпей, барганда күйөө баладай болуп кызмат кылсаң, — деп тийишкен болду. Сөзгө сөз уланып, Нурлан:

— Жеңе, сиз туура айтасыз. Бүт эле орусташып, азыр баягыдай эски салттар кармабай баратат. Өткөндө бир баланын үйүнө барсак, карындашынын күйөөсү ордун бербей төрдө отурат. Ал эми досуп кой союп, эт бышыруу менен алек. Бул эми салты, улууну сыйлабагандык эмеспи, — деп бир маанилүү сөздөрдүн үчүн чыгарды. Улам улам сөз уланып, узун жол кыскаргансыды.

 

Шам намазынын убагына жетпей, жолоочулар беттеген жерине келишти.

Кечки мал менен алек болуп айтышкан Бурманын ата энеси эшиктин алдына келип токтогон машинаны көрүшүп утурлай басылышты. Эгер сен барабыз деп айттырсан, кемпир чал тосот деп убара болушат. Баарын өзүбүз даярдап, байкоосуздан кирип барганыбыз жакшы деп Нурландын кеңеши менен Бурма үйүнө айттырган эмес. Айтылгандай Калкан карыя менен Сыяда эне кыз күйөөсүнүн келгенин көрүп бир чети сүйүнүшсө , бир чети, айтып койбойт белеңер деп өкүнгөн болушту. Аңгыча кошуналар келип, салт менен Кемелбек жүгүнүп кирди, уялган түр көргөзүп, ооз жакта туруп калды. Калкан карыя Кемелбектин бул жоругуна ыраазы боло, алкап жиберди. Бир чети көңүлү тоюп турду. Ал эми Сыяда эне Бурманын боюнда бар экенин байкап, ырас болгон турбайбы деп сүйүнгөн. Багажниктен торпоктой болгон ирикти алып түшкөндө, Калкан карыя эле эмес, аны көргөн кошуналар да ыраазы болушту Дүйүм тамактын түрү тасмалдын четинен орун алып, суусар тебетей Калкан карыянын башына кийгизилип, кементай үстүнө жабылып, Бурманын калыңы 5мин сомго ээ болду. Бир саат илгери эле тигил жок, бул жок деп урушуп атышкан кемпир чалга бул көрүнүш туш сымал сезилди. Калкан карыянын өзүнөн эки жаш улуу агасы Нурлан менен Кемелбекке ыраазы боло :

— Жөн жай эле келе бербей, кызыбыздын баркын көтөрүп келгенинерге ырахат силерге. Керек болсо жаңы турмушка чыккан кызга минтип келбейт. Карыганда иним менен келинимдин конулун жакшы котордунор. Бул эми мактангандыктан эмес, сыйлаганынар үчүн алып келгенинер билинип турат. Эми сыртка чыгып, малга бата кылып коюп, калган сөзү ошондо сүйлөшүп, таанышылы, деп жүйөөлүүолу сөзүн айтты.

Малга бата тиленип, кайра үйгө киришкенде, Нурлан сөздү ирээти менен айтып, өздөрүн тааныштырды да, Кемелбектин тарыхын үстүртөн айтып берди. Бирок түрмөдө олтурганы жөнүндө сөз болгон жок. Анткен менен Калкан карыя да, Сыяда эне да Кемелбекти жактырып, жашы өткөндө кызы Бурманын багы ачылганын билишти.Эртеси кечке жуук гана Кемелбектер көңүлдөгүдөйй конок болушуп, жүздөрүнөн нур таамп, жолго чыгышты.

 

Нагима үйүнө көңүлү суз келип, өзүн үмүттүү күтүп олтурган Бактиярга эч сөз айтпастан ички үйгө кирип, бир топко кармалып, кийим которуп чыкты. Бактияр апасынын көңүлү жайында эмес экенин кирип келгенинде эле байкаган. Эч үн дебей жер тиктеген тейде бир топко отурду. Эгер Бактияр бир эле сөз айтса, энеси жарылып кетчүдөй абалда эле. Андыктан эч нерсе сурабай койгону оң. Нагима үй жыйнаган болуп ары бери басканы менен, бүт ою Тахминанын айткан сөзүндө болду. Ичинен уулу Бактиярды жек көрүп турду. Анткен себебине жана маанилүү айтылган сөз түрткү болду. Бактияр убагында жеке эле Тахминанын убалына калбастан, далай кыздын убалына калганын кулагы чалбаганында, мындай абалда калбайт эле. Ооба кыз кезинен бери эле туруксуз эркектерди жаман көрөт. Анын сыры тереңде. Кыз кезинде парторгдун Төлөмүш деген баласы :»сени сүйөм, сени алам!» — деп жүрөгүнүн тереңинен орун алып, анан башкага үйлөнүп алган. Ошондо Нагима Төлөмүштү унута албай канча жүрдү. Сүйүү менен ойногон Төлөмүштүн ал жоругун Нагима али күнчө кечирбей келет. Дагы жакшы, ага биротоло алданып калбаганы. Эгер алданып калса эмне болмок…Эми ошол Төлөмүштүн жолуна түшкөн уулу Бактиярдын жоругуна ичинен түтөп, өзүн эптеп гана кармап турду. Ал эми тигинтип жеңил желпи кийинген кызы Нуркыз эмне кылып жүрөт? Аны көзү көрбөгөндөн кийин так жооп айтуу кыйын. Балким, небак эле современный жашмын деп, уят ишке барып койгондур. Нагима:

«Тахминадай кыздуу болсом, арманым жок эле» деп да ойлонгонго үлгүрдү. Таттуу кыялы кандай күлүк, үйү толгон мебелдерди көрүп, баары ойдогудай сезилгени менен күйөөсү экөөнүн жан дүйнөсү жарды экенин толук моюнга алып турду. Аңгыча сырткы эшик ачылып мас болгон күйөөсү темтеңдей басып ичкери кирген умутулду. Ал адатынча Нагиманын атын атап кыйкырды. Нагима ордунан кантип атып турганын билбей, ички үйдөн аткан октой атып чыкты да, кейпи келишкен күйөөсүн көрдү. «Ушул кантип эл тагдырын чечип жүрөт болду экен? Кайран эл ушуга ишеним арткан» деп ойлоп, күйөөсүн жаткыруунун камында болду. Окшош күндөр өтө берди, бирок келечеги жок. Күйөөсү аракка берилип, баласы тигинтип баспай отурса, кызынын акыркы күндөрү үйгө келбегени көбөйдү. Мунун баарын арам жол менен табылган акчанын заркындысы себеп экенин Нагима кеч түшүндү да бир конокто олтурушканында дин адамынын айткан сөзүн эстеди. Ал:

«Аял киши күйөөсү таап келген акчанын адал же арам акча экенин билиши,» биз адал тамак ичип жатабызбы? «деп сурашы керек деген. Нагима ал кезде күйөөсүнүн таап келгенин» адалбы»деп кайдан сурады. Минтип учурда баары кыйчалыштаганына караганда, бардык нерсенин жооп берчү убагы келет белем…

 

 

Бир калыпта аккан сайын суусундай убакыт өз нугунда өтүп, Бурма эркек төрөлгөндө, Кемелбек эсинен тангыча арак ичти. Минтип мас боло элегине канча болду? Эки күн катары менен ичкен Кемелбек башын көтөрө албай үйүндө жатканда,

Нурлан келип :

— Байке болду эми, ичкенинизди токтотунуз. Эртең женем чыгат экен, үйдү тазаланыз. Карагылачы үй эмне жыттанып калган? Арактын түбүнө жеткен адам эмес. Эки күн жакшы эле ичтиңиз. Эми баланын келечеги жөнүндө кам урунуз, — деп, 500 доллар карматты да, анан шашып атканын айтты. Калган сөздү эртең сүйлөшөлү.

Кемелбек өзү улуу болсо дагы Нурланды укчу. Ал турсун андан сестенип, ашыкча иш жасабаганга аракети күч эле. Нурлан берген акчаны алып, бул эмне акча деп сураганга да үлгүрбөй калды.

Эртеси Бурма чыгып келгенге чейин үйдү тазалап, ал турсун, жаш шорпо ичсин деп, көзү дагы сатып келип койду. Түш ченде Нурлан менен Тахмина бут расмисин жасап, Бурманы чыгарып келди. Буга чейин Кемелбек балага ат койгонду ойлогон эмес. Малга бата тиленгенден кийин, мечиттен молдо алып келдим, — дегенде гана Кемелбек бир селт этип алды :

— Нурлан, өзүн кой балага атты. Сен эмне деп койсоң, мен ошого макулмун. Сен болбосон, мен минтип бакытка тунуп олтурбайт элем. Өзүң билесиң, жашоодон тунулуп калганда, сен мени андай абалдан алып чыкпадын беле… — деп Нурланга кайрылганда, Нурлан Кемелбекке ыраазы болуп, бир жерди теше тиктеген тейде :

— Кемелбек байке, өзүңүз калыс болунуз. Экөөбүз тең адилетсиздиктен улам абакка отуруп чыктык. Ушул кезде адамдык абийирден акчаны жогору тутушуп, адам тагдыры тыйынга арзыбай, бүт сот системасы, тартип сакчылары акчага сатылып турган кез. Керек болсо, өкмөт башчылары дагы өздөрү башкарып турган эли жеринен байлыкты жогору тутуп, эл эмгеги акталбай, адам укугу тебеленип турганда, өлкөбүзго эмне керек? Эң алгач калыстык, адилеттүүлүк аба менен суудай кереккенин таанып болбойт. Андыктан ушул ымыркай акчага, мансарка сатылбаган, кара ташты как жарган калыс, адил иштеп, ак жүргөн инсан болсун үчүн ысмын Адилет коёлу. Бизге окшогон чындыкты издеген адамдарга арка бел болбосун! — дегенде, Кемелбек көзүнө келген сүйүнүчтүн жашын аарчып, уулунун эл керегине жараган, Нурлан айткандай, калыс адам болгонун элестетип жиберди. Ата үчүн баланын жакшы чыкканынан өткөн бакыт барбы? Кемелбек Нурланды кучагына кысып :

— Сен айткандай болсун! — деди. Анан жанында турган молодого :

— Азан айтып, атын кулагына угуз — деп кайрылды.

Молдо өзүнүн вазийпасын жасап кеткенинде, Нурлан Кемелбекти өзүнчө ички үйгө чакырды :

— Сизде сөз бар. Аны сизге бир кезде айтам дебедим беле?

Кемелбек : казанды бир мүнөт карап келейинчи деп сыртка чыкты да, эттин чий көбугун алып, тузун даамын көрүп отту басаңдатып ичкери киргенде. Нурлан сөзүн бир калыпта алыстан баштады:

-Кемелбек байке, сизге айтайын деген дагы бир сөзүм бар. Мурда эле айтмакмын, бирок анда эрте болуп калмак. Анткени баардык нерсеге акырындык менен жеткен жакшы эмеспи. Дегеним, баягы үңкүрдо катылган алтындын теңинен көбүн эле иштете элекпиз. Эгер акча жагынан кыйналсаңыз, айттыңыз деди. Кемелбек Нурландын бул сөзүн укканда ишене бербей:

-Койчу дагы барбы?!

Болсо өзүн ыгына жараша иштете бер. Мен каршы эмесмин. Менде азыр жетишерлик акча бар. Өзүң айтмакчы акчанын кумарына азгырылбайлы деп өз оюн айтты. Нурлан күлүп :

АНДА эмесе, сиз машинаңызды жаңыртып албайсызбы. Бул машина менен жумуш кылыңыз да, тиги жаңы ала турган машинаны конокко, алыс жакка айдаңыз. Бир келген жашоонун көбүн кыйналып абакта өткөрдүңуз. Эми адамча жашаганга убакыт келди. Кемелбек бул айтылган сөздү туура кабыл алып, ошол эле аптада «Ауди 100″маркасындагы машинаны сатып алды.

Кечке маал Ош базарынын жанынан өтүп баратышып, баягы өзүнүн көзүнө чөп салган аялын байкуштун кейпин кийген абалында көрдү. Көрөр замат өңү бузулуп, ирээнжий түштү. Анткени анын айынан эмне деген гана азаптарды тартпады. Салондо Нурлан бар эле. Машинаны токтотуп түшүп келип, өзүн тааныбай калган аялга Алымкул Осмоновдун сүрөтү бар акчадан бирди карматты:

-«Эки тоо корушпойт, эки адам көрүшөт» деген ушул, аман бол, деп үйүндөгү сүйүктүү жары менен тукумун улоочу уулун көздөй шашып машинага келди. Нурлан таң калып :

-Ал ким? — деп сураганда, Кемелбек кайдыгер гана :

-Менин убалыма калган аял деп кыска жооп берип, машинаны ордунан жылдырды. Кемелбекти узата караган аял колундагы акчаны кыса кармаган тейде көргөн көзүнө ишене бербей, нес болуп катып калды.

 

Аягы…

 

(Окурман катары улап койдум.🤗🤗🤗)

 

Бир убакта үйгө келип калганын да байкабай калышты. Тахмина тамак жасап жатканын көрүп Нурлан Жеңемди Адилетти алып келе калайын деп Кемелбектикине шашты Артынан чыккан Тахмина үйдүн бурчуна барып көңүлү айнып, кускусу келип жатканын байкады. Нурландын кубанычында чек жок. Анткени Тахмина кош бойлуу экенин баамдаган.

 

 

УРМАТТУУ ОКУРМАНДАР БӨЛҮШҮП ОЙ ПИКИР КАЛТЫРА КЕТИНИЗДЕР

 

 

 

Аягы.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE