Пример HTML-страницы

Зектин махабаты 22 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37076&preview=true Кызыктуу окуялар.

🌀 ЗЕКТИН МАХАБАТЫ

 

22-Болум

 

Ал эми башаламан жашоодо мурду кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун дегендей байлыгы бар адамдын созу чоң. Туурабы, туура эмеспи, кошоматчылар коштоп кетишет. Ал эми занада андай эмес. Бир эмес миң бай болсо дагы, тигилердин закону — калыстыктан тайбоо. Алардын дагы соту бар. Соту кандай чечсе ошондой аткарылат. Андыктан ашыкча сөз сүйлөбөй, өздөрүн бир калыпта алып жүрүшөт. Ошондуктан аларда тартип күчтүү. Эгер меттерди бир эле ооз сөз менен эле мактап койду болду. Алар меттерди кызылдар деп, душманындай көрүшөт. Кемелбек түрмөнүн закону беш колдой билет. Ошончо кишиден сурдобой, тартынбай сүйлөп көнгөн Кемелбек жолугушуучу убак жакындаган сыйын денесин майда калтырак басып, бир орунга отура албай өзүнчө эле толкунданып, хлебаштарына сыр алдырып койду. Ушул убакта билди аял затынын аруулугун жана бийликтигин. Өмүрү жасанбаган Кемелбек эртен менен эрте туруп күзгүгө улам улам карманып, сакалын алып, бүт кийиминен бери тазалап, өзүнчө эле бушайман болуп жүрдү. Бул жолугушууга эки адамдын эмгеги өтө зор деп айтсак дагы жарашат. Анткени Бурма дагы Кемелбектен кем эмес даярдык көрду. Экөөнүн тең бирин бирин көргөнгө куштарлыгы артып, жолугушуучу убакты чыдамдары кете куткондоору менен күткөн убакыт келип жеткенде экөө тең сурдоп, ыңгайсыз абалда калышты. Жолугушуу убакка жарым саат калганда эле Кемелбек Бурманы күткөну жолугушуучу жерге келип турду да, өзүн бактылуу сезип кетти. Анан эмне кылат? Көрсө, Кемелбек ушул жашка чыкканы аялзатын күткөн эркекке таандык жакшы сапат экенин билбептир. Дегеним, Кемелбек бирөөнү кутконду ушунчалык жаман көрөт башынан. Бул жолу Бурманы бир күн кечке болсо дагы күткөн го даяр эле. Ал турсун, айта турган сөздөрүн камдап, аны жакшылап сөзгө тартууну эң негизги планга киргизип койду. Анан дагы аялзатын экөө сезими дагы күч алып, бумага бат бат келип тур деп айтууну дагы дилинен чыгарбоону ойлоду. Эх жашоо айтканга оңой болгону менен аялзатынын билгизбеген касиети бар белем, сааттын жебеси жылган сайын Кемелбектин жүрөгү бат бат согуп, трибунага чыгып сүйлөчүдөй кандайсын Бурман деген сөзду ичинен улам — улам кайталап да алды. Анткени эң биринчи айта турган сөзү эле да. Аңгыча убакыт келип жеттип, Кемелбектин күткөн адамы Бурма келип, астананы аттап киргенде экөөнүн көздөрү бири бирине чагылыша түштү. Алгач Бурма андан көзүн тартып алды. Анткени Кемелбектин курч көздөрүнө туруштук бере алган жок. Кемелбек алгач камдап алган сөзүн айтты. Бул жолу Кемелбектин уну кыргылданып, сурдогону өзүнө дагы билинип турду. Бурма башын ийкеп, үнүн жапыс чыгарып : Жакшы, өзүңуз кандайсыз? — деди. Экөөнүн ортосундагы аралык жакындаганда, Кемелбек эркек адам менен учурашып жаткансып колун сурап жиберди. Бул жерден дагы ката кетиргенин өзү баамдады. Бурма колун сурганда, анын аппак колун сурганда, Кемелбектин денеси дүркүрөп кетти. Канча болду аялзатынын колун кармамак турсун жакын жерден корбогонуно? Экөө атайын жасалган орунтукка отурушканда Кемелбек :

— Бурма, иштериң кандай? — деди. Бир аз үйүр алыша түшкөнгөбу, Бурма озун экин сезип :

— Жакшы өзүңүздүн ден соолугунуз жакшыбы? -деп сурап, Кемелбекти караганда, экөөнүн көздөрү дагы чагылыша түшүп, экөө эч үнсүз, көздөрү менен сүйлөшкөнгө өтүштү. Ошол ьиктешуудон экөө тең бири бирине жаккандарын билишти. Анан андан ары сөз уланып, бат эле тил табышкан көп сөздөрдү сүйлөшүштү.

Анда санда Кемелбек Бурманы кулдургонго дагы улгурду. Эх ошондо Бурманын назик күлгөну, сүйлөгөнү, бүт турпаты менен Кемелбекке жагып, өзүнө арбап баоатты. Эки жашка тоскоол болбой, токтобогон убакыт жок дегенде ошол убакта бир аз аярлап турса эмне?… Улам улам сааты караган Кемелбек дубалда илинип турган саатты сындырып салгысы келди. Демейде өтпөгөн убакыт эмне мынча тез өткөнүн окуно, Бурманы жанынан кетиргиси келбей аны көзү менен дагы, сөзү менен дагы өзүнө арбап, не бир түркүн таттуу сөздөрдү айтканга улгурду. Эмнегедир созмор болуп кеткенине өзү дагы тан калды. Аңгыча эки солдаттын бири берки жактан : беш мүнөт убактынар калды деп белги берди. Экөө тең ушул сөздү күткөн эмес эле. Бурма дыгы Кемелбектин жанынан кеткиси келбей турганын көз карашынан жана сөзүнөн улам билгизип койду.

Убакыт шашке убактысына жакындап калганда, Кемелбек Айдарбек карыянын уйундо болду. Чыдамы кете күткөн Айдарбек карыя:

Эмне кечиктин? деди. Кемелбек ооз учунан :

-Барып келгенче ушунча болду деп унчукту. Бол тез тамак ич, түшкү автобуска улгуруп барып келгидей бололу. Антпесек, кемпир кулак мээни жеп бүтмой болду. Ун жок, тиги жок, бу жок деп. Көзүнө бир көрүнүп коёюнчу. Антпесем болчудай эмес. Бол аттан түшүп, белин бошотуп, бастырманын алдына байлап кой. Анан үйгө кир. Мен үйгө кире берейин деген Айдарбек карыя ичкери кирип :

-Кемпир, чайың даярбы? Кемелбек экөөбүз түшкү автобус менен шаарга барып, эмне керек болсо баарын алып келели деп кобуранды. Айжан кемпири:

-Ыя, абышка, сенин менден каткан бир сырың бар. Кечээтен бери эле сөзүн чоң чыгып калды. Айтчы ачыгын, деп жооп күтүп туруп калганда, Айдарбек карыя:

-Кемпир, аны эмне кыласың, идиш-аягыңды билчи. Негизги керектуулоруңду камдап берсем болду да. Сен оз ишиңди, мен өз ишимди билсем болгону да. Эмне болгон күндө да мен таап келгенди билейин, сен колдонгонду бил деп тасмалдын четине отурду. Аңгыча сырттан салам айтып Кемелбек кирип келди. Айжан ооз учунан:

-Жакшы, кел отур, деп гүлдүу ак чыныга чай куюп, Кемелбекке сунду. Кемелбектин курсагы ачып калган эле. Анан дагы ат менен жүргөн кишинин курсагы бат ачат эмеспи. Курсагын тойгузгандан соң экөө эрчишип, автобус тоскон жайга келишти. Буга чейин эч сөз сүйлөгөн жок. Качан автобус келгенде Айдарбек карыя :

-Кемелбек, сен менин жанымдан жылба, не бар не жок, деп эскерткен болду. Баалуу затты кайсы жерге откозуш керек экенин билбей баштары катты. Бирок Айдарбек карыянын укканы бар эле алтын саткан дукондордо сатат деген. Экөө ээрчише басып алтын саткан дуконго келген соң, ким менен сүйлөшүштү билбей элейип туруп калышты. Аңгыча чачын такыр айтып алдырган кара көз айнек тагынган, жаш болсо дагы курсак байлаган ак жумал бала басып келип :

-Сиздерге ким керек эле? деди алгач салам берип. Айдарбек карыя ал баланы шектүү карап :

Бул дүкөндун чоңу керек эле деп аны суроолу карады. Алиги көз айнекчен бала иштин торкунун дароо түшүнүп :

-Азыр, силер бул жакка күтүп туруңуздар деп сый мамиле жасап ичкери кирип кетти да, аз убакыт өтпөй жашы элууго чыгып калган, орто бойлуу кара тору киши менен ичкери тараптан чыга келди. Буга чейин баарына текши ой жүгүрткөн Айдарбек карыя «алдатып жиберем, бүт алтынды алып чыкпайын» деп болгону үч граммдай алтынды бөлүп он чонтокуно салып койгон эле. Алиги киши сылык учураш кан соң :

-Аксакал, сиз чакырттыңыз беле? — деди. Айдарбек карыя башын ийкеп :

-Ооба деди да, алиги кишини ээндетип чакырып:

-Мендей болгон атаң бардыр. Сенден бир өтүнүч, менде азыраак буюм бар эле, ошону пулга алмаштырып бер. Эгер сен мени алдабасаң, сага дагы келем, деп сөздүн ачыгын айтты. Тиги киши:

-Аксакал, сиз айткандай сиздей сакалдуу кишини алдасам, анда болбой калат го. Менин дагы сизге окшогон атам бар. Эч тартынбаңыз. Эгер сиз мага ишенбесеңиз, анда сиздин үйгө барып деле акчага алмашалы деп ишеничтүү айтты. Ошол сүйлөшүүдөн соң, экөө бир сөзгө келишти белем, Айдарбек карыя оң чөнтөкүндөгү алтынды ага коргозду. Ал киши дароо алтындын сапатын текшерип, эң жогору баада алаарын айтты да тиешелүү акчаны Айдарбек карыяга санап бергенде гана Айдарбек карыя ал кишини үйүнө чакырды. Анткени жанындагы алтындын баарын алып чыккандан жазганды. Бул жерден Айдарбек карыя туура жолду тандап алды. Кемелбек эч нерсени билмексен болуп турганы менен алтындын сапаты жогорку сапатта экенин алиги кишинин сөзүнөн улам билди. Айдарбек карыя менен Кемелбекти Искендер Акылбекович жакшы маанай менен узатты. Айдарбектин саткан баалуу буюму ойдогудай акча болуп берди. Дүкөн ээси Искендер Акылбекович Айдарбек карыянын жашын сыйлап, ашыкча да акча берди. Анткени Айдарбек карыя эмнегедир көзүнө бир башкача көрүнүп, өзүндө кандайдыр бир аёо сезим пайда болуп, эмне болуп жибип кеткенин өзү да билбей калды. Анан дагы кары кишинин кубанган жүзунон улам өзүнүн жасаган ишине өзү куштар боло, азырак ачылып чачылып да койду. Кат-кат ырахматын айткан Айдарбек карыя дүкөндун жанынан узап баратып, артын карап, өзүн узата карап турган Искенлерге колун жаңсап жакшы кал дегенсип, белги берип, имерилгенде :

-Кемелбек, сенден өтүнүч, бул ишти эч кимге айтпа. Эл оозунда элек жок. Эгер бирөө укса «Айдарбек карыганда алтын сатып, соодагер болуп кетиптир» деген жагымсыз сөз чыгарышат. Андан көрө карыганда ашыкча сөз укпай жашайын деди. Кемелбек башын ийкеп:

-Ал жагынан кам санабаңыз. Буюрса мен ашып кетсе эки жуманын ичинде армияга кетем. Сизди эч кимге айтпайм жана суйлошулгондой убадага туралы. Сиз дагы мен жөнүндө эч кимге ооз ачпаңыз деп сөз улап койду. Айдарбек карыя Кемелбектин ишеничтүү айткан сөзүнөн кийин бул темада сүйлөгөн жок. Базарга келишкен соң, чакан ашканага кирип тамактанышты. Эмнегедир Айдарбек карыя өзүнчө эле ойго батып, ичинен ойлонуп, баштагыдан тунт боло түштү. Кемелбек ага да көңүл бурган жок. Курсактарын тойгузган соң, эки караан көтөрунчокторун көтөрүп, автобекетке келишти да, айылга кетчү автобусту күтүп он мүнөтчөлүк убакыт отуруп калышты. Кемелбек буга чейин Айдарбек карыяга эч сөз айтып суроо берген эмес,ортодогу тынчтыкты бузуп:

-Сизге бир суроо берсем болобу! — деди да олдоксон сөз сүйлөп алгансып Айдарбек карыядан көзүн тартып алды. Анткени Айдарбек карыя селт этип чочуп кеткен эле. Ыңгайсыз абалда кутулуш үчүн Кемелбек кара күчкө жылмайып койду. Айдарбек карыя кулумсуроп:

-Сура, балам. Сурооно жооп берейин. Эмне сурайын дедиң эле?

-Деп кайра Кемелбекке суроо узатып. КЕМЕЛБЕК камдап алган сөзүн унутуп калган тур көрсөтүп, азырак убакыт үнсүз турду да, үнүн жапыс чыгарып:

-Айдарбек ата, эми дагы качан келебиз?

Мен аскерге кеткенге чейин калган буюмдарды дагы пулга алмаштырып алсаңыз болот эле. Дегеним, кийин сиз дагы жалгыз келип буюмдарды откозо албайсыз го… — деп сөзүнүн аягын чукул бутурду. Айдарбек карыя, көзүн алыска агытып :

-Ээ, Кемелбек, мен анын баарын эчак эле ойлоп койгом. Шаршембиле кел деп Искенлерди үйгө чакырдым. Сен да ошол убакта үйдө бол. Башка жакка кетип калба. Жана биз өзүбүзчо суйлошконубуздо мунун баарын кеп кылдык.Сени менин уулум деп айтып койдум. Анпесем болчудай эмес. Не бар, не жок биз экөөбүз баарын туура карманып алышыбыз керек. Тиги Искендер дагы түшүнүктүү жан экен. Бизге жаман ой болбостур деп айтып, бүткөндө айылга келчү автобус келип калып сөз үзүлүп калды. Күн уясына батаарда аркан бою калганда эки чоң баштык көтөрүп, эки караан автобустан түштү. Баятан бери аялдаманы карап турган Айжан эне экөөнү утурлай басып, аларга беш кадамдай калганда:

-Ыя, абышка, мунун баарын кайсы акчага алдын? — деги экөөңөр уурулук кылгандан алыссынарбы? — деп сурап жиберди чыдамы кетип. Айдарбек карыя көзүн чакчайтып:

— Кантет, деги сен ушунча жыл мени менен жашап, тетири жолго кадам таштаганымды көрдүң беле?… Качан мен уурулук кылдым? Айжан кемпир ашыкча сөз сүйлөп алганын моюнга алгансып:

— Анан кайдан алдын ар мынча оокатты? — деп актангансып кобурап, баштык ты которушойун дегенсип колун сунду. Айдарбек карыя :

— Жөн кой өзүбүз эле көтөрөбуз. Мен сага айттым беле. Сени баарынан камсыз кылгам, эми да камсыз кылам. Ашыкча суроо бербей алып келген оокатты туура пайдадан! — деп октом сүйлөдү.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE