Пример HTML-страницы

Зектин махабаты 20 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37076&preview=true Кызыктуу окуялар.

🌀 ЗЕКТИН МАХАБАТЫ

 

20-Болум

 

Чакырткан адамды келиш үчүн кеминде жарым саат убакыт керек. Бирөөнү күтүп атканда, убакыт керек. Бирөөнү күтүп атканда, убакыт өтпөй калат эмеспи. Анын сыңары, Нурлан башкалар сыяктуу бирөөнү кутконду жаман көрөт. Баарынан дагы абакта жатканда Тахминаны канча кутту. Абакта жаткан убагынын көбүн күтүү менен өткөрдү. Өз ою менен алек болуп отурган түрмөнүн темир эшиктери шарак — шарак ачылганы, Нурландын оюн болуп жиберди. Ичкериден келген Кемелбек Нурланды кучактап өөп :

— Ырас келбединби, сени көргөндө колулуп ачылат — деп сүйлөнуп, Нурланга тигилди. Нурлан сөз кезеги келгенде :

— Убакыт өтүп кете электе негизги суроого отолу. Мына сиздин айткан дарыныз. Буларды болсо сизге атайын арнап алып келдим деп колундагы пакетти берди.Кемелбек :

— Ырахмат, Нурлан. Өзүң айткандай убакыт тар, негизги сөзгө отолу.

Кечээ мен надзиратель менен суйлошсом, эки миң АКШ долларын берсең, сени бошотом — деди. Мен эми бул жактан чыкканда кайда барат элем? Аны коюп сен менин айткандарыма конуп, мен айткан буюмду таап, керегине жарат. Бир кезде Айдарбек карыя мага жашы 80ге таяп калган карылыкка моюн сунган кезинде айтты эле. Эми ошол сөздү мен сага атайын. Айдарбек карыя айткандай менин сенден башка ишенерим жок, Айдарбек карыя берген алтын жөнүндө айтты да, анын кайсы жерге каиылганын дагы сүрөттөп айтып кагазга чийип берди. Нурлан таьышмактуу айтылган сырдын түйүнү каякта жатканын билгенде көзү алая түштү. Аңгыча көзгө комсоо көрүүгөн эки солдат даяр болуп убакыт бүттү, дегенде Кемелбек :

— Нурлан, калганын өзүн билип, ойлонуп иш кыл, — деди.

Нурлан башын ийкеп :

— Озунуз дагы ден — соолугунузга караңыз. Ии, баса, мениз , сизге бир келин кат берген эле. Сиз менен таанышам деген ойдо. Сүрөтү дагы бар, — деп Бурма берген катты Кемелбекке сунду. Кемелбек катты колуна алганда, келиндин өзүнө жолугуп аткпнсып колу кадимкидей калтырап кетти. Ушул жерден Кемелбектин оюна дароо аялзатынын касиетинин таасирин байкады.

Кемелбек Ичке суудан келген убакта, айлана күүгүм тартып калган эле. Тынчы кете кабатырлана Айдарбек карыя ички сырын кимге билгизбей, тымызын жол карап күткөн. Кемелбектин караанын издеп, эки үч мертебе жол карап келди. Куз мезгилин муздак шамалынан желп — желп эткен чепкенин этеги Айдарбек карыянын өтө зарыл кишини күтүп айтканынан белги бергенсип, канча камтыланса да ээ бкрбеди. Санаасы менен алпурушкан Айдарбек карыя Кемелбек кечиккен сайын, өзүн өзү тилдеп. Бекер кылдым, кап ушундайда өз кынымдан жараган бала болгондо эмне-деп, өзүнчө өткөн өмүрүнө кылчайып ушул жашка келгени бир келген жашоодон эч кыйналбай бардар жашоодо жашаганы менен баары жетишип туруп, балалуу болбогону тузу кем даамдай таасир берди. Ооба, бой жетип, жашоону түшүнүү үчүн Айдарбек аксакал эмнени гана жасабады. Эл минбеген машина минди. Келиштире таам салды, бир айылдын эсеп чотун колуна алып, чамгарактап жакшы эле көптү. Тутамдап акча чачып тымызын да аял алды. Бирок аны эч ким билген жок. Эми минтип карылык желкеден алганда, кулгундогон союз кулап, малдын баары менчигине тарап, короо толо койдун баасы текейден арзан болуп, жашоонун кунары кайтты. Элдин пейилин бузулганы баягы

барчылыктын берекеси кайтып, короодогу койлору котурдан кырылып, бодо малдары эки аяктуу жана төрт аяктуу бөрүлордун жеми болуп кедейчиликтин белгиси келгени чийки май жегенсип, жүзүн музлактык ээлеп андан дагы ден соолугу начарлаг анда, эми эсептешчу келди го деп, бир кезде катылган алтын жөнүндө бир топко ойлонду. Анан акыры баарына көз жүгүртүп өмүрүн акыры күндөрүндө алтындан пайдасын көрчү кез келди деген ойдо такалып эч кимге айтпаган сырын жарыкка чыгарып, Кемелбек айтты. Кемелбекке айтканы менен баары бир жаңы тынбай жол карап жүргөнү, анын ички сезими жан дүйнөсүно тынчтык бербей ойлонгондун үстүндо болду. Бир убакта кемпири көңүлү суз :

-Ай абышка, сага эмне болгон? Сырттагы эрин күткөн жаш келиндей эле жолдон көзүңду албай калыңсын го деги кимди күтүп айтасың? Баятан бери тегирменге бир эмес беш жолу барып келет элең го. Кечинде чайга жеткидей эле нан турат. Камыр жүрүп коет элем. Кемпир иниң үнүн уккан Айдарбек :

-Ээ, кемпир, сени качан бир нерседен кем кылдым. Буюрса бүгүн эмес, эртең үйдө бары болот. Ага чейин тилиңди тишиңе катып, унчукпай отуруп турчу, деди ачуусу келгенин билдирип. Кемпири Айдарбек карыянын жоругун беш колундай билет. Андыктан ашыкча сөз сүйлөгөндөн алыс болуп, унчукпай калды. Ылдыйкы көчөнүн имеришинен бери бурулган атчан адамдын караанын көргөн Айдарбек карыя :

Келатат, кемпир. Буйруса иш оңунда. Бир келген жашоонун аягына дагы чекит койчу кез келип баратканда кучтуулоп тамак ичип, ден соолугубузду камын көрөлү. Керек болсо өлумтугубузго дагы көрүп мал алып койбосок, кашка уй менен жээрде бышты эмнеге жетет, деп кубанды. Айжан абышкасынын айткан сөздөрүн угуп :

-Эмне деп эле атасын, абышка. Бизде кайдагы акча? Анан баарын алганга тим эле катып койгон кенчиң бардай сүйлөйсүң да. Аңгыча желе жүрүш менен бастырган жээрде бышты менен Кемелбек жетип келип калды. Утурлай басып. Айдарбек карыя :

-Таптыңбы? — адеп шашкалактап сурап жиберди. Имерилиштен Айдарбек карыянын караанын көргөн Кемелбек анын тынчсыздана күтүп турганын көрүп турганын билип, аттын жүрүшүн ылдамдаткан. Карыянын берген суроосуна Кемелбек эч шашылбай, бир гана ооз сөз менен ооба деп койду. Ушул эле сөздү күтүп тургансып, Айдарбек карыя кулумсурогон түр менен :

-Анда атты ичкери кирип байла да, алып келгениңди үйгө алып кир. Кемпир, сен чайыңды даярда. Буйруса, иш оңунда, деп ала булут каптаган асманга көз жүгүртө:

-Мунуңа да тобоо деп өзүнчө кобуранып алды. Кемелбек хатага кирип алгач эле Нурлан берген катка көз жүгүрттү. Ооба, шурудай тизилген аялзатынын кол жазмасын көргөндө Кемелбектин жүрөгү лакылдап, суроо берген хлебаштарына дагы жооп бербестен, ак кагазга көзүн кадап, алгач Бурманын сүрөтүнө көз жүгүрттү. Көздөрү бакыракай өңдүү тустуу келинди көргөндө, Кемелбек ага үйлөнүп аткансып, апкаарып кетти да сүрөттун сыртын карады. Артында «Бурмадан Кемелбекке эстелик үчүн» деген сөздү окуп, өзүнчө таң берди. «Мени көрмөк турсун тааныбаса, анан мага кат жазып, сүрөт бергени эмнеси? Бир мандем бар болсо керек, же Нурлан мен жөнүндө жакшы маалымат бергенби?» деп жазылган катка көз жүгүртүп чыгып, өзүнчө толкунданып алды. Аттиң дүйнө, Айтканга оңой болгону менен аялзатына карата болгон сезим качан дурт этип от алганда гана билинет беле. Аялынын жосунсуз жоругу менен түрмө даамын таткан Кемелбек бир кезде айткан эле го «Аял затын карамак турсун, конулумду дагы бурбайм» деп. Эми минтип ошол бир кезде айткан сөзүнүн өтөөсүнө чыкпай аялзатына жолукканды кой кат алганда эле ушунча толкунланган Кемелбек калем сапты колуна алып, ак кагазга кат жазууга отурду. Бурманын жазган каты Кемелбекти ушунчалык ойго салып, жашоодон үмүтүн үзүп койгон сезимин четке кагып, таттуу кыялдарга батырды. Алгач эмне деп жазууну билбей, бир топко отурган Кемелбек акыры кат жазууну төмөнкүчө баштады.

«Салам кат!

Кымбаттуу Бурма, мен сенин жазган катыңды алдым. Мен сага ыраазымын. Анткени Сен мага карата болгон сезимиңди козгоп, аз да болсо демиме дем кошуп, абакта өтүп жаткан жашоомо өз деңгээлинде бурулуш жасадың. Эми мен сени жана Нурланды караан тутуп жашайм. Анткени менин воляда эч кимим жок. Мен жөнүндө Нурландан толук маалымат алган чыгаарсың. Өзүм жөнүндө жазбай эле койгонум оң. Бирок менин өйүгөн маселе мөөнөтүмдун узактыгы. Эгер сенин убактың болсо мага жолугуп кет. Көзүмө көз сүйлөшкөнгө эмне жетсин. Айтмакчы мен сенин суротуңдү көрүп эле жүрөгүмө жакын кабыл алдым көрүнөт. Сенин катыңды алганы, оюмдун баары сен болуп калдын. Ыракмат сага, өзүн жөнүндө кенен жазып маалымат берипсин. Азыр сенин катыңды кайра кайра окугандан тажабай турган кезим. Анткени аялзаты эркектердин мээримине муктаж болгондой эле эркектер дагы аялзатынан мээримдуулукту күтөөрун эми гана билип отурам. Сенден дагы суранам, уьактынды болуп келип жолугуп кет. Сөз сонунда кечирим сурайм. Дароо эле сиз деп айтпай сенге отканумо. Анткени сиз деп айтканга караганда сен деп айткан сөз жакындыкты тартуулайт деп ойлойм. Анда сенин чыдамым менен күткөн Кемелбек.

Кемелбек катты жазып болуп дагы бир сыйра окуп чыгып, аяр буктоп конвертке салып, Бурманын дарегин жазып, почта яшигине салып, оор ушкуруп хатасын көздөй басты.

Кемелбек айткан дарек боюнча Нурлан эки күндөн кийин жолго чыкты. Жол итабар алыс. Кеминде жеңил машина менен жарым күндүк жол. Эртең менен эрте жаңы автобекеттен таксиге отурган Нурлан күлүк кыялдарга жетелене, машинанын магнитолунан чыккан музыкага көңүл бурбастан, алыскы ак карлуу тоолорго көз жүгүртө Кемелбек айткан алтынды кантип пайдаланып, аны кандай жол менен акчага алмаштырсам болот деп эки күндөн бери мээсин эзген ойго такалды. Айланага тегиз нурун чачкан күн улам көтөрүлгөн сайын үн тартып ысык илеп уруп машинанын терезелерин саал ачып койду. Абакка барып келгени Нурлан сөзгө саран болуп, көп сүйлөбөйт, өзүнө берилген суроого кыска гана жооп берип коёт. Машинанын айдоочусу эки жолу сөзгө тартып суроо берди эле, Нурлан кыска жооп берип койду,да терезе жакты карап өз ою менен алек болду. Күн шашкеден оогон убакта Нурлан Кемелбек айткан айылга келди да анын жакын досу Жаңыбайдын үйүн сураштырып тапты. Кара тору, орто бойлуу, бакылдап сүйлөгөн Жаңыбай Нурланды жылуу жүз менен кабыл алып, жаналы калбай Кемелбектин ал — абалын сурады. Нурлан адатынча кыска жооп берип, анан негизги сөзгө өттү. Жаңыбай байке, колуңуздан келсе эртен мага ат таап бериңиз. Мен ичке сууга барып келишим керек, деп сөзүнүн аягына туюк бутурду. Жаңыбай Нурландан такып сурагандан тартынып:

-Ат табылат. Бирок канча убакытта келесиң? — деди. Нурлан өзүн токтоо кармап :

Ашып кетсе үч төрт саатта келип калам. Меңиз бул ак, аны алып коюңуз, аттын акысы, деп эки жүз сом сунду. Мындайды кутпогон Жаңыбай :

-Кантет, ошол кантип болсун. Кемелбек досум үчүн мен кантип ат таап бербей калайын деп Нурлан сунган акчаны албай койду. Эртеси убакыт бешим намазына жакындаганда Нурлан Жаңыбайдын асый кычма карала атын минип, Ичке сууну көздөй багыт алды. Ичке суунун ичиндеги үңкүр таш жөнүндө толук чиймесин алган Нурлан карала ат менен эки саатка чукул убакытта көздөгөн жерге келип, анча бийик эмес тоонун боорундагы оозу кичинекей үңкүрдү көрдү да, Кемелбек айткан үңкүрдү тапканына суйуно тоо беттен атты бастырып жөнөдү. Көкүрөгүнөн тер чыккан карагер ат улам ойдологон сайын токтоп дем алып анан жуткуно басып алдыга жылып баратты. Кемелбек айткан үңкүр ташка жетпеген караганга жеткенде Нурлан аттан түшүп келип бошоту да, атты байлап айланганга тегиз көз жүгүртүп беш он мүнөттой отурду. Кудум бир кездеги Кемелбектей аяр басып өйдө жылды.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE