– Кайда жүрдүң? – кумсарган Күмүшайдын үнү зиркиреп заардуу чыкты.– Жүрдүм.– Билип атам жүргөнүңдү. Ошол кайда, ким менен жүргөнүңдү сурап атам? Жаман ойлой бербейин, бүгүн болбосо, эртең жакшы болот деп тилимди тишиме катып жүрсөм, эми түнү менен жоголгонго өттүңбү? – жанатан заарын чачып аткан аял эми муңкана ыйлап ийди, – келип калар деп түн оокумга чейин күттүм. Балаң дене табы көтөрүлүп жөөлүп жүрөгүмдү түшүрдү. Эмне албайсың телефонду? Досторуңдун баарына чалдым. Өлүп калдыбы деп да ойлодум, – колун таяп турган бийик стулду болгон күчү менен жерге бир урду.– Акырынчы, кантесиң? Жакшыбы анан, эмне болуптур? Дары-пары бердиңби? – жүзүн аарчып жаткан Тынчтык баласы жаткан бөлмөгө шаша басты.Күйөөсүнүн азыркы камкор абалы Күмүшайды кубандырбай эле кыжырын келтирди. Уулунун сыркоолоп калганын деле лам дебей көтөрчү. Анын ыйы, ызасы, ачуусу баласынын ооруп калганы үчүн эмес, акыркы айлардагы күйөөсүнүн өзгөргөнү үчүн эле. Баягысындай ишке баратып жүзүнөн сүйүүнү таптакыр койду. Балдары менен ойногон болот, бирок санаасы бир жерде эмес. Маанайы жакшы күндө бапылдап ар нерсени айтып берчү, анысы да калды. Ал турсун, баягысындай болбой түндөгү эркектик милдетин эптемей менен аткаруусу да аялды санаага салчу болгон. Күмүшай аял болгону өзүнүн мынча сабырдуу болуп кеткенин эми билди. Ишинен кыйналып аткандыр деп күттү, күнүмдүк тиричилик чарчаткандыр деп күттү. Эми ал ойлору ойрон болуп күйөөсүндө бир мандем бар экенин сезип турду.– Эми кайда жөнөп калдың?– Ишке барбаймынбы?– Күнү да, түнү да иштеп калдың беле?– ??? – Тынчтык албууттанган аялын тыйгысы келгени менен тили кыска болуп турду. «Басылчы, кандай иштешти өзүм билем» дегиси келип, бирок бул кеби аны коргой албасын билди.– Бүгүн келесиңби же эртең да жуунуп-таранып, таза кийим кийгени келесиңби?– Келем да, кайда бармак элем, – эшиктин тарс эткен үнү чыгары менен Күмүшайдын мончоктогон көз жашы башталды, – үү-үү-ү, деги эмне эле болуп калдың? Эмнеге минтип калдык, үү-ү-ү-ү?***Айнек күн бою үй иштери менен алек болду. Кедейди көчкөндө көр, ашык оокаттын кереги жок деп атып эле далай жүк алып келиптир. Кийим сала турган кичинекей шкаф менен идиш тизе турган бир текчеден башка эч нерсеси жок эки бөлмөдө жаны тынбады. Кечээкидей муңайбай бүгүн кабагы ачык. Күйөөсү тууралуу ойлоп да койгон жок. Ал турсун, жанатан короодо оюн менен алек болуп аткан балдары да “ата” деп коюшкан жок. Айнек аларды карап ичинен «деги эле ушинтип унутуп калсаңар экен» деп атты.Анын улам башынан сала эстеп, улам жакшылап элестетип алып учуп атканы — кечээки түн, Тынчтыктын жакшы сөздөрү. Турмушка чыкканы өбүшүүнүн мындай таттуу болорун билбептир. Ал кинодо баарын жакшы кылып жасап коёт, турмушта болсо мындай ырахаттар эркектер үчүн гана. А аял эркектин айтканын угуп, дегенине көнүп, бала төрөшү керек деп ойлочу.Келиндин өзгөчө ыраазы болгону Тынчтыктын напсисин тыйып, “нике кыйдыралы, чыныгы бүлө болуп жашайлы” дегени болду. Келин бурчка жыйналган беш төшөгүнө жөлөнүп ачык турган каалгадан балдарына көз салып олтургандай болгону менен эси-көөнүнүн баары башкада.– Тынчтык, токточу, — келин боюн оолактатып, кымырынып алды, — мен… Мен азыр сени менен экениме ишенбей атам.– Анда жомоктосуң.– Ооба, жомоктой. Бирок жомокто баары жакшы болот да.– А бизде эмне жаман болуп атат?– Эми биз жаш эмеспиз да. Жаңы үйлөнүп аткан жокпуз да. Башка нике, балдар бар.– Ооба, кечирип кой. Мен ээн баштык кылып ийдим. Андай деп деле ойлогон эмесмин. Башынан эле нике кыйдырып баарын жаңы баштайбыз деп ойлогом, — Тынчтык актана кетти, – ошентели ээ? – жалындуу көздөрү ойноктогон келин ийин куушурду.– Ошентели, мен ишке барайын, үйгө барайын. Анан молдо алып келем.– Качан? – келин уялып да, сүйүнүп да турду.– Мм… Байкайлычы ээ? Айнек, мен дайыма эле бул жакта боло албайм анан, билесиң да, бала-чакага да барып туруш керек.– Таарынбайм.– Акылдуумсуң да менин. А мен сени дайыма сагынам. Заматта учуп келип турам, – кайрадан ысык эриндер кыналышты.Ушуларды эстеген келин өзүнчө жылмайып, албырган жүзүн сылагылай бактылуу болуп алды. Ошол саам аны сагынып турганын туйду. Качан келер экен? Молдосуна эмне деп айтабыз? Азыр кайда эмне кылып атат? Үйүндө, Күмүштүн жанындабы?.. Кызганыч жүрөгүн чымчып алды. Ичи ачыша Тынчтыктын жалгыз гана өзүнүкү эмес экенине өкүнүп кетти.***Чоочун үй, чоочун жер, чоочун эл. Эки колуна эки баласын жетелеген Айнек чоочун көчөдө төмөн карай баратты. Алдынан чыккандардан жакын жерде дүкөн бар же жок экенин сурап алууга батынбай бир топ басты. Акыры издегенин таап тыйынына чейин сарптап бир тамактык азык-түлүк алды. Эртең менен Тынчтык таштаган нан, майдан эч нерсе калган эмес. Оюнда «жакшы тамак жасайын, бапырап олтуруп бирге тамактаналы. Балдар да ага үйүр алышып, көнүп кетсин» деп баратты. Оюндагысындай дасторконун жайнаткан келин Тынчтыктын жолун карап эшиктен эки көзүн албады. Күтүп тажаганда эмнеси болсо да бир чалып көрөйүн деди эле, телефону өчүк экен. Деми сууй түштү. Тынчтыктын иш ордунда отурганы эле болбосо, оюнун баары башкада болуп атып кеч киргизди. Буга чейин өзүндө Күмүшкө карата кылдай сезим калбагандай болуп жүргөн. Ал турсун, Айнекти алып келүүгө баратып өзүн аялына кайрылбастай туйган. Бүгүн таңда анын атырылган бир да сөзүнө катуу каяша кылбай чыгып кеткенине не арданарын, не корстон болорун билбей башы катат. Анын алдында тоодой айыптуу болгонун сезди. Бирок сезгенде эми эмне кылат… Балдары менен качантан бери ата-баладай бактылуу болуп олтурбаганын ойлоп эрксиз шуу үшкүрүп алды. Айнектин жол бою атасын оозунан түшүрбөй келген балдарына өзүнүн балдарын салыштырып, ашыгына окшобогон көзү курч балага өзүнчө кыжынып да жиберди. Анан Айнекти ойлойт. Аны ойлогондо жүрөгү аз да болсо тынч алып, сезимдерин бир жылуулук аралап, көңүлү жайлана калат. Азыр анын мурдагыдай алыста эмес экенине, кааласа жетип бара ала турганына кубанып кетти. Аңгыча үнсүз абалдагы телефонунан Күмүштүн аты күйүп-өчө баштады.***– Телефонуңду көтөрбөгөнүңдөн бүгүн да келбей турган болгон экен дедим эле, — Күмүшай ысык чайына кошуп кер какшыгын кошо сунду.– Келем да, кайда бармак элем.– Кайда барарыңды үйдө олтуруп кайдан билейин. Бирок бирөө жарымга бара турчудай эле болуп баратасың?
– Ар кайсыны айта бербечи, — Тынчтык сыр билдирбегенге аракет кылган сайын сыры ачылып калчудай чебеленип атты.– Тынчтык, ушунча жашадык, ортодо балдар турат, бири-бирибизге болгон сыйды жоготпойлу.– ???– Ушуга чейинки үмүт-тилектерди, аздыр-көптүр жакшы жашоого тырышкан эмгегибизди текке кетирбейли.– Ой, эмне эле болуп калгансың? Турбаймынбы маңдайыңда. Эмне, эмне текке кеткен атат, – Күмүшайдын жай кеби анын чыдамын кетирип жиберди.– Мен сага жай эле, анан бир нерсени сезген, туйган үчүн айтып атам.– Ой, тим эле сезип, туюп доңуз боло каласың да, — аялын тоготпой какшыктаган болгону менен ичинде “бул чын эле шек алып калган го? Кантип? Деги мунун көзү ачылып атпагай эле” деп ойлоп ийди.– Сен өзгөрүлүп атасың. Абдан өзгөрүлдүң. Мурда минтип кыйкырчу эмессиң, – Күмүшайдын үнү каргылдана баштады. Анын кебине араң чыдап олтурган Тынчтык көз жашын деги эле көргүсү келген жок. Дасторкондон тура жөнөдү.Аялы кечке телефон чалып туруп алгандыктан Айнекке кайрылбай үйүнө өтүүгө аргасыз болгон. Анын үстүнө дагы кечигип чындап шек алдырып койбоюн деп сактанган эле. Бирок ал аракетинен майнап чыкпай аялынын “жүргөн-турганың башкача” деп саймедиреп олтурганы анын тынчын алып койду. Ал бүгүн өзүнө-өзү сыноо чакырып, өзү барып эки оттун ортосуна түшүп бергенин билди. Үйгө келгенде тамактанган соң барып келе коём деди эле, эми да мүмкүн болбой калды. Балконго чыгып Айнекке “менин тунугум, жакшысыңарбы? Бүгүн бара албай калдым. Кечир. Эртең сөзсүз барам” деп жөнөтүп, дароо телефонун өчүрүп салды. Бирдиги жетпей, каттын өзүнүн телефонунда калганын байкаган жок. Бар үмүтү эртеңки эс алуу күнүндө.
Таң атса Айнегине учуп барат.***Айнек дасторкондун четинде каршы-терши суналып уктап калган уулу менен кызына төшөк салууга турду. Ордунан козголору менен алда неден коркунучу артып кетти. Жанатан балдары ойноп отуруп билинбей апасын коркунучтан коргоп атышкан экен. Эми өз кыймылынан өзү чочуп, электеп атты. Пардасы жок терезеден сырттагы караңгы үйгө сугун артып, ач колдорун келинге сунуп тургандай туюлат. Аңгыча алыстан абалаган иттердин үнү менен машиненин дабышы угулду. Сүйүнүп босогого жетип барды. Бирок машине дарбазанын түбүнөн зуу коюп өтүп кетти. Келин илгичи жок каалганы бекем жапты да, балдары жаткан төшөктүн этегине көчүк басты. Качан телефону чулкулдаган үн чыгарып кубаты түгөнгөнүн билдире баштаганда гана Тынчтыкка чалганын токтотту.***Келин короз кыйкыра баштаган маалда гана аман-эсен таң атырганына санаасы тынып уйкуга кеткен. Канча уктаганын билбейт, телефондун шыңгырынан ойгонду.
Мелис экен. Телефондо анын аты турбай эле, өзү суурулуп чыгып келе жаткандай жүрөгү оозуна кептеле түштү. Уйкусу умачтай ачылып, телефондун үнүн баса жуурканга ката койду. Балдары мемиреп уктап жатышат. Арты-артынан тынбаган чалуулар акыры телефонду көтөрүүгө аргасыз кылды.– Алло.– Хм, алло-о. Ка-андайсың? – Мелис толук соолуга элегин Айнек дароо билди, — и качкын, кайда качып жүрөсүң?– Эмне болду? – келин коркконун билдирбей токтоо унчукту.– Эмне болду? Атаңдын башы болду. Балдар кайда?– Мени менен.– Ошо, сени менен кайда жүрүшөт деп атам? Аларды эмне алып кетесиң эй, эшек. Айт, кайдасың? Балдарга бир нерсе болсун, айтып коёюн, сени мууздап салам. Кайдасың?– Эмне ишиң бар? Биз эми барбайбыз. Издебе.– Бай-бай-быыз. Ичте-бее. Хе-хе. Мен сени жердин түбүнөн болсо да табам. ( Уландысы бар )










