Пример HTML-страницы

Уулумдун өлү тирүүсүн эле билдирип койгулачы

https://kyrgyzcha.site/?p=55060&preview=true Кызыктуу окуялар.

Уулумдун өлү тирүүсүн эле билдирип койгулачы.деп ыйлаган бул эженин башынан өткөн окуясын угуп олтуруп ар бир инсанга ыйман берсин дегенден башка сөзүм жоок.

 

Эки жума мурун баласынан тирүүлөй айрылган эне көз жашын төгүп, редакциябызга баш бакты. Төбө чачты тик тургузган бул окуяны угуп, кимди күнөөлөөнү да билбедик.

Күчтүүлөр алсызын кордогон замандыбы же кайрымсыз тагдырдыбы?

Эмнеси болсо да окуяны окуп, талдап көрүңүз, окурман…

– Атым Айжан, жашым 21де. Бирок жаш кезимден эле тагдырдын тай­ күлүк ташы менен алпурушуп келе жат­кан­данбы, эмнегедир өзүмдү көп жаш жашап койгондой сезем. Үй­бүлөдө улуу кызмын.

14 жашымда тиричиликтин айы­нан апам Бишкекке иштеп кетти. Мен болсо ку­дабыздыкында убактылуу жашап калдым. Бир күнү эле куда баланы издеп бир жигит келди. Үйдө эч ким жок эле.

– Үйдө ким бар? Сен кимсиң? — деди ал мени көзүнүн төбөсү менен карап.

– Үйдө эч ким жок .

Тигинин жаман оюн билбеген жа­ным, суроолоруна жооп берип жат­тым. Ошол жерден үйдө эч ким жок экендигинен пайдаланып, тиги жигит мени басып жыгылды. Кыйкырып-өкүрсөм да күчүм келбеди. Көз жа­шыма карабаган зөөкүр мүдөөсүн аткарып, мени карап да койбостон кетип калды. Ошентип, 14 жашымда аялга айландым. Мени балалыгымдан айрыган Асандын түрмөдөн чыгып келгенине 2 гана күн болгон экен. Карыган энеси мен арыз жазсам, баласы кайрадан түрмөгө кетерин айтып ыйлады. Анын көз жашын кө­рүп аяп кеттим. Жабылуу аяк, жабылуу бойдон калышын мен дагы туура кө­рүп, Асанга турмушка чыктым. Би­рок күндө таяк жеп, көрбөгөн кор­дукту көрүп, акыры чыдабай качып чыктым.

– Ошентип, төркүнүмдө жүрдүм. Ошол күндөрү мен Руслан аттуу жигит менен тааныштым. Жашырганда не, мен аны чындап эле сүйүп кал­дым. Асандан кийин эркек ат­туу­нун бардыгын жырткыч катары кө­рүп калган жаным, анын жакшы мамилесине, мээримине ийидим. Ошол күндөрдүн биринде Руслан мага үйлөнөрүн айтты.Төбөм көккө жеткендей сүйүнүп, ак жоолук са­лынып, Русландын босогосун ат­тадым.

Алгач жакшы эле жашап жүрдүк. Кыздуу болдук. Экинчи балам боюм­да барда Русландын мага болгон ма­милеси кескин өзгөрдү. Мурун колу эмес, жаман көз менен да карачу эмес. Эми колу тие баштады. Көрсө, му­рун сүйлөшүп жүргөн кызы күйөөсү менен ажырашып, айылга келген имиш. Ал кызды ала качып кеткенден ки­йин аргасыз мага үйлөнгөнүн кийин бил­дим. Сыртымда 1 балам, ичимде 1 балам болсо, кайда кетет элем деп канчалык көңүлүм сыздаса да, эсине келер деп тиштене күтүп жүрдүм.

Бирок көңүлү башканы каалап калгандан кийин эркек балага да, башкага да карабай калат тура. Төрөйүн деп айы-күнүмө жетип тур­ганыма карабай, мени кетирип тынды. Ошентип, экин­чи баламды төркүнүмдө төрөдүм. «Мага да бакыт келер» деп атын Бакыт койдум. Өзүмдүн колумду байлаган 2 балам менен чынын айтсам, төр­күнүмө бата албай койдум. Анын үстүнө, менин турмушумдун айы­нан атам апамды күнөөлөп, экөө ажырашып кетишкен. Иши кылып, аябай кыйналып жүргөн күндөрүмдө биринчи күйөөм Асан келди.

– Эмнеге келдиң? — дедим мен .

– Айжан, мени кечир. Баары бир сенден башка адам мага чыдабайт экен. 2 балаңды өз баламдай кылып карайм. Кел, кайра жашоону жаңы баштайбыз, — деди.

Чын дилинен өкүнүп жатканын билип, макул болдум.

– Асан сөзүнө турганы менен 2 ба­ламды кайненем батырбады. Канчалык кирпиги менен ийилип кызмат кылсам да, 2 кенедей баланы көп көрүп туруп алды. Асан да кыйратып акча тап­пайт. Аргасыз талаага жумушка чык­канга мажбур болдум. Күнү кечке талаада иштейм. Кичинекей ба­ламды манежге салып, памперс кийгизип кетчүмүн. Аны кичинекей 4 жаштагы кызым карап калат. Үйдө кайненем мышык бакчу. Көрсө, ошол мышык тамак ичкен аякка балама тамак куюп берчү экен. Кызым ошол тамакты инисине берерин кийин билдим. Эптеп таап келген акчама балдарыма жарым литр сүт алсам кайненем мага өчөшүп, жа­рымын ошол мышыкка куюп берип салат.

 

– Бул эмне кылганыңыз? — дедим бир күнү чыдабай кетип.

– Сенин балдарың жугунду ичип деле чоңоёт. Балаң ичкен бир чыны сүттү эмнеге менин мышыгым ичпейт? Дегеле, кой муну, менин ту­кумумду чо­ңойтуп аткансып, — деди.

Не, демекмин. Жашымды шыпырып алып, талаага жумушка кеткенге ар­гасызмын. Ошентип, кең ааламга менин кенедей 2 балам батпады. Акыры жашоом адам чыдагыс абалга жетти. Бир күнү келсем балам эмгектеп, мышык менен тамак талашып ичип жатыптыр. Ошону көргөндөн кийин мындан ары чыдай албасымды тү­шүндүм. Бир күнү таежем мындай акыл айтты.

– Айжан, ушул балдар катуу кый­налды. Таш боор немелерге кор кылбай, Бакытты алам деген бирөөлөр болсо берсеңчи? Сен кызыңды деле эптеп чоңойтуп кетсең, ошол олжо. Бала­ны бекер мерт кылып коюшпасын. Коң­шуларың айтканына караганда, сен жокто колдору да тиет экен. Макул болсоң, менин Мира деген курбумдун баласы жок. Ошолор багып алсын, — деди.

Ары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп, анын айтканын туура көрдүм. Оюмда мен кургур «балам аталуу да, энелүү да болот, балким, жакшы үйбүлөгө туш келет. Менин жанымда тепки жеп жүргөнчө, балага зар бирөөлөрдүн колунда бактылуу өскөнү жакшы» деп ойлогом. Алдымдагы туңгуюк абалдын бирден-бир жолу деп тү­шүнгөм.

– Баламды жуунтуп-тазалантып алып, болжошкон жерге бардык. Уулумду боорума бек кысып алып, мүдүрүлүп-чалынып бара жаттым. Астыбыздан 2 аял чыкты. Экөөнү тең таанычу эмесмин. Мен оюмда таежемдин курбусу ушул экен деп ойлогон элем. Башым туман болуп, жаным көзүмө көрүнүп жатса, аки-чүкүсүн деле байкабадым да.

Баламды жакшы карашса эле болду. Мен эч качан талашпайм. Сыр­тынан эле көрсөтүп тургула, эжелер, — деп ыйлап жатканымды бир билем. Тиги аялдын бири мени бир нерсе деп жооткотуп отургузуп, «балага «отказ» жазып бер» деди. Калтыраган колдорум менен балама «отказ» жазып бердим. Бакытты ко­лумдан алып, тигилер жолго түштү. Боорумдан суу­рулуп бара жаткан бала менен кошо боюмдагы жылуулук да кеткенсиди. Өпкө-боорумду жулуп алгандай бо­луп, үйгө келдим. 2 күндөн кийин ба­лам тууралуу билейин деп таежеме бардым. Кызыктын баары ошондо башталды.

– Айжан, иш ушундай болуп кал­ды. Бала башкаларга кетип калды. Миралар бала багып алыптыр. Эми балаң кайда экенин өзүм да бил­бейм, – деди таежем. Башка эч нерсе айт­пады.

Мына, баламды бергениме 2 жума болду. Ошондон бери кекиртегимден тамак өтпөйт, — деди көз жашы мон­чоктогон Айжан. Мен баланы берип атканда мындай сүйлөшкөн эмеспиз. Мен сыртынан кө­рүп турам деген талап менен берген элем. Билбейм, эмнеге мени минтип алдап кетишти? Баланы талашат деп ойлошту окшойт. Өзүм берип ат­кан­дан кийин эмнеге антет элем? Жөн эле сыртынан Бакыт аман экенин көрүп, басып кетет элем. Жанына басып барып, бетинен да өппөйт болчумун. Мен деле адаммын да, өз колум менен берип аткандан кийин энелик укугум балада жок экенин сезмекмин. Болгону, ал кимдин колуна түшкөнүн, жаңы ата-энеси кандай адамдар экенин билгеним жакшы эле. Айлам кетип, төлгөчүгө да кайрылдым. Анын айтуусунда, балам сатылып кетиптир. Бирок абалы жакшы эле дегендей кылды.

Өз, көзүмдөн элеси кетпей койду.Түндө анын ыйлап жаткан үнү угулгандай болот. 27-майда бирге толмок. Балам столду айланып, там-туң басып калган эле. Жумуштан келгенимде мени көздөй талпынып, бетиме бетин басып кыт­кылыктап калчу. «Тагдырым ушул экен» деп баш ийип калганга энелик жүрөгүм жол бербеди. Балким, бир жардам болобу, баламды алгандар сүрөтүн көрсө таанып, жүрөгү болсо бир жолу көрсөтүп коёбу, — деп силерге келдим.

Бакыттын жаңы ата-энеси, силер­дин ким экениңерди да билбейм. Бирок жакшы адамдар экениңерди жүрөгүм сезет. Суранам, баламды бир эле жолу алыстан болсо да, көрүп ал­ганга уруксат бергилечи. Башка эч нерсе сурабайын. Баламдын абалы жакшы экенин билсем эле бардыгына ыраа­зымын…

– Баламды бергенден кийин Асан менен ажырашып кеттим. 1-июнда балдарымдын атасы келди. «Сүй­гө­нүм сендей эмес экен. Тил табыша албадык. Бал­дарды көргөнү келдим», — дейт. «Мен бир баламды жетелеп, экинчисин көтөрүп кайыр сураганга чейин барып кыйналганда, балдарың бар экенин эм­неге эстебедиң? Балаң мышык менен аякташ болгондо, эмнеге бир тамырың зырп этпеди? Эми баары кеч»,- дедим. Мен аны эч качан кечире албайм. Ба­ламдан ажырап калгандан кийин мага жа­шоонун кызыгы деле болбой калды. Өз жанымды кыйып койгонго деле даярмын. Бирок кызымды аяп келем. Ал да мен сыяктуу көз жашын төгүшүн каалабайм.

Азыр кызым экөөбүз талаада жа­шап жатабыз. Токмокто кулпунайдын маалы. Күзгө чейин ошол жумушта иштейм. Кышында да бир жумуш табармын, — деди кетеринде үмүттүн шооласы карегинде чачыра­ган, эне.

Эмне дейбиз, Айжандын баласын таап, көңүлү тынып, мындан аркы жолу ачык болушун каалап, уза­тып кала бердик.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE