Уйгу-туйгу сезимдер 7-бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=69630&preview=true Кызыктуу окуялар.

7- БӨЛҮМ.

 

– Жанар, сен сурандың, мен алып келдим. Болгон окуя ушул жерде гана калыш керек. Бул жерге жөн адамдар келбейт. Капчыгында акчасы толо, бийлиги, аброю бар адамдар. Сыртынан интеллигент көрүнүп жатышпайбы, бирок адам деген баары бир жырткыч. Ал маданияттуу, заманбап ойлонгондой көрүнүшү мүмкүн. Антсе да анда жырткычтык мүнөз болот. Дал ошол жырткычтык турпатынын моокумун кандыруу үчүн алар ушул жайга келишет. Бул жерде кан, былчылдаган муштумдан таанылбай калган жүздөр, сынып түшкөн тиш, бири экинчисин аёосуз жанчып жаткан адамдарды көрүү үчүн мына ушул «маданияттуулар» сен өмүрүңдө көрбөгөн акчаны сапырып турушат. Жан талаш! Жеңгенге аракет кыл. Көчөдөгү, машыгуудагы мушташтарың чынында азыр сен туш боло турган «жиндиликтин» жанында баланын оюну болуп калат. Ошондуктан жан талаш! Келиштикпи?!

– Сен жүрөгүмдү түшүрүп салдың,- Жанар жылмайып койду.

– Жанар, мен сага ишенип турам. Жакшылап аракет кылып коюшуң керек. Сен чыдамдуусуң! Ашыкча эле! Мен муну байкадым. Сенин көзүрүң ушул!

– А мен канча алам?

– Жанар, түшүн, тыныгуулар болбойт. Киресиң, мушташасың, же сен, же каршылашың жыгылып, эсин жоготкуча! Жан соога сураганда токтотуп коймой жок. Акырына чейин! Алган акчаң сенин урушуңа жараша. Эгер мушташың кызыктуу болсо, жеңип чыксаң, ар түрдүү бонустар болот. Сен башкысы жеңип чык! Жарым жылдык айлыгыңды жарым саатта табасың. Кеттик, бизди чакырып башташты.

Жанар Расулду ээрчип жөнөдү. Жанагы ээнсиреп турган жайга жык-жыйма эл толуптур. Кымбат кийинген мырзалар жанына сулуу бийкечтерин ээрчитип алышкан. Жаркыраган жарыктар көздү уялтат.

Кара костюмчан жигит Расул менен учурашып, кулагына бир нерсе шыбырады. Жанар алардын сүйлөшүүсүн уккан жок. Экөө бири-бирине башын ийкеп, макулдашкандай болду.

– Жанар, азыр катуу музыка чыкканда эле тиги торго чуркап киресиң. Анан башталат…- деди.

Аз өтпөй кулак тундурган добуш чыкты. Жанар жеңил чуркап тордун ичине киргенде бет маңдайында андан кыйла бойлуу, күржүйгөн орус турган экен. Кимдир бирөө катуу үн менен сүйлөп жатты.

– Кыска кара шымчан азамат «Барс», ал эми анын каршылашы мыкаачы жана кан ичкич, көпчүлүктүн сүймөнчүгү «Ганнибал!» Баштагыла!

«Хе, демек, мен Барс экенмин да…» Жанар ичинен күлүп койду. Анда коркуу сезими жоголуп кеткендей. Орус дароо эле чабуулга өттү. Тынымсыз сокку жаадырып, Жанарды торго кептеди, кекиртегинен бир колу менен кармап, экинчиси менен былчылдата ургулап баштады. Ал абдан тез кыймылдайт экен. Жанар тыңыраак коргоно албай койду. Былч-былч… Барскандай муштумдар башы-көзүнө катуу тийип, сыздатып жатты. Бир убакта эсин жоготту.

Жанарга кылым өтүп кеткендей болду. Башы каңгырап ооруп жатты. Колун бетине алып барды. Чулчуюп-булчуюп шишип чыккан экен. «Оо, Кудай! Ушунча да таш боор болобу?! Аяп койбойбу?!» Жанар өзүн-өзү шылдыңдады.

– Бул эмне деген шумдук?! Ал кыймылдап жатат!- кимдир бирөөнүн катуу добушу чыкты. Алып баруучунун үнү экен. Жанар эми гана дале тордун ичинде жатканын байкады. Уруш бүтө элек болчу. Жанар 20 секундга гана эсин жоготуп койгон. Бул учурда тиги орус жеңишин майрамдап жибергенге жетишти. «Тиги үлбүрөгөн азиат тынчыды» деп ойлогон. Бирок ал темтеңдеп боюн түзөп баштаптыр. «Аа» кыйкырып келген Ганнибал Жанарды көкүрөктөн ары тепти. Бирок ал кулап түшүп кайра тура калды да, анын бутуна асылды. «Эптеп жыгып алышым керек» деди Жанар. Бирок орус анын бөйрөктөрүнө койгулап эзип салды. Жанар акыркы күчүн топтоду, каршылашын буттарынан таптак өйдө көтөрдү да, күп эттире жерге кулатты. Тиги жан талашып бошонууга аракет кылып жатканда Жанардын колуна орустун манжалары урунду. Шап кармады. Мындай мүмкүнчүлүктү коё бербеш керек. Атайын ыкмага салып, тескери кайрыды. «Кырс» эткен үн чыкты. Кыязы, бир манжасы сынып кетти окшойт. Жана эле күпүлдөп жаткан орус талылуу жерин тарттырып жиберип, бош колу менен сокку жасаганга аракет кылып, анысынан майнап чыгара албай жатты. Жанар токтогон жок, каршылашын бакыртып колун кайрый берди. Сөөктөрдүн сынганы даана байкалды. Көрүүчүлөр ызы-чуу түшүп «өлтүр» деп кыйкыра башташты. Жанар качан гана тигинин колу жараксыз болгонуна көзү жеткенде каршылашын коё берип, туруп кетти. «Өлтүр!» көпчүлүк кыйкырып

жатты. Жанардын жырткычтык мүнөзү эми ойгонгондой. Оонап жаткан орусту бет талаштыра бир тээп эсинен тандырды.

Ал бөлмөдө башын жерге салып отурду. Денеси оорлоп, шайы кетип калган. Расул кирип келди.

– Азамат! Мына карма!- деп Жанардын колуна жашыл акчаларды чапты. – Баары сени баалашты. Бул жерде далайынын үшүн алган Ганнибалды биринчи беттеште жеңгениң үчүн бонус. Абройлуу кишилерден жакшы мушташканың үчүн өзүнчө сыйлык.

– Канча?

– 3 миң!

– Аа…- Жанар ыраазы боло түштү.

 

ххх

 

Күндөр шуулдап өтүп жатты. Жанар эки жумадай өзүнө келе албай жүрдү. Бирок жумушун калтырган жок. Антпесе айдап жиберишет. Машыгууларын да кайрадан баштады. Анын жашоосунун бир бөлүгү метродо өтчү. Азыр да метронун вагонунда ойго батып отурат. Дал ушул учурда анын жанынан кимдир бирөө өттү. Бейтааныш адамдын жыты ага өтө эле тааныш учурап кетти. Ооба, бул Аруукесинин жыты болчу. Жүрөгү шуу дей түшүп өйдө карап, арыда турган кызды көрүп селейип катып калды. «Кантип? Кантип?» Көздөрү чанагынан чыгып кетчүдөй тостоюп, денесин майда калтырак басты. «Сен өлбөдүң беле?! Мен өз колум менен көмдүм эле го сени… Кантип?!» ал ордунан козголо албай койду…

Бет маңдайында Аруукесине куюп койгондой окшош кыз терезени телмире тиктеп турган болчу. Кыз бир убакта кимдир бирөө аны башкача көз караш менен карап турганын көрүп өзүн ыңгайсыз сезип кетти. Көздөрүн тостойтуп, аны оозун ачып таң кала карап турган жигит акыл-эсинен айныган адамга окшошуп турду. Дагы жакшы, түшө турган жерине келип калыптыр. Эшиктер ачылары менен шып түшүп кетти.

– Сен!- Жанар кыз түшүп баратканда кыйкырып жиберип анын артынан жүгүрдү. «Арууке! Арууке, токто!» Жанар кыйкырып кыздын артынан ээрчиди. Эки жагын мени айтып жатабы дегендей карап алган кыз чочуп кетти. Жанар жетип келип анын колунан бекем кармап жиберди. Акыл-эсинен азып калгандай шашкалактап «Сен! Арууке! Кантип?!» деп кылар айласын таппай калды. Кыз коркуп кетти.

– Мени алмаштырып алдыңыз.

– Арууке…

Кыз колун жулкуп тартып алайын деди, бирок жигит катуу кармап алган экен. Жигит аны таң калган көздөр менен тиктеп алган.

– Жардамга!- кыз айласы кетип кыйкырып жиберди. Капыстан эле полиция кызматкери пайда болду.

– Эмне болду?- ал өктөм сүйлөдү.

– Мага жардам бериңизчи, бул жигит…

Полиция кызматкери кыздан көзүн албай, адам аттууну биринчи көрүп жаткансып таң калып турган жигиттин колунан тартты.

– Коё бер! Сага эмне болгон? Псих неме го? Эй!

Ары жактан дагы полиция кызматкерлери пайда болду. Алар заматта Жанардын колун кайрып жерге басып калышты. Жигит эч нерсеге көңүл бурган жок, жерде колуна кишен салынып жатып да кыздан көзүн албай жатты. «Арууке! Арууке!» оозунан башка сөз чыкпайт.

Жанарды сүйрөп кетишти. Полиция кызматкери элейип турган кыздын жанына келди.

– Атыңыз ким?

– Жанна.

– Бул жигитти тааныйсызбы?

– Жок.

– Жүрүңүз,- полиция кызматкери кызды ээрчитип жакынкы бөлүмгө жөнөдү.

 

ххх

 

– Кыргызстандан экенсиң да, ээ? Эмне элдин тынчын алып жатасың?

– Мен… Айтсам ишенбейсиңер го. Мен тиги кызды тааныйм. Анын аты Арууке. Болгону ал мени тааныбай калды. Ал кызды элдин баары өлдү деп ойлоп жүрүшөт.

– Сенин акыл-эсиң жайында элеби?

– Өзүм да түшүнбөй жатам. Мага ишениңиз.

– Жигит, ал деген Орусиянын жараны экен. Москвада чоңойгон кыз. Аты Жанна, фамилиясы…- полиция кызматкери бир кагазды алып окуй баштады. – Фамилиясы Муратова. Улуту казак. Сени биринчи жолу көрүп жатканын айтты. Мен бир нерсени чече албай жатам. Сени эмне кылсам, депортация кылып жиберсемби? Же…

Жанар полиция кызматкеринин оюн түшүндү. Азыр ал башка адамга өз колу менен көмгөн кызга жолукканын айтып ишендире албайт. Эгер айтканынан кайтпай отура берсе, заматта Кыргызстанга айдап жиберишет, демек, Аруукесин кайра таап алуу кыйындайт. Бирок ал Аруукенин өзү беле? Жанарды ушул ой жеп жатты. Өзү болчу. Жанар ишенгиси келди.

– Чалсам болобу?

– Кимге?

– Машыктыруучума.

Аздан соң Расул келип Жанарды полициянын колунан алып кетти.

 

ххх

 

– Жанар, сага түшүнгөн жокмун. Сен ал кызды өз колуң менен жерге берсең, кандайча ал Москвада болуп калат? Балким, жөн эле окшош чыгар? Же эгизиби?

– Расул, мен деле эч нерсени түшүнбөй турам. Бирок ал Арууке болчу. Мен аны ар бир кирпигине чейин жаттап бүткөм.

– А тиги өз колуң менен көмгөн ким анда?

– Арууке болчу.

– Дос, сен эс алышың керек болуп калыптыр.

«Баары бир эч кимге айтып түшүндүрө албайм. Ишендире албайм. Өзүм издеп табышым керек. Бирок кантип?» Жанар эмне кыларын билбей турду.

– 2 күндөн кийин бир беттеш болот.

– Мейли, даяр болом,- Жанар бир чекитти тиктеген бойдон жооп берди. Ичинен «бир беттеш өткөрүп туруп издеп башташым керек. Акча керек болот» деп ойлоду.

 

ххх

 

Беттеш баягы кинотеатрдын жер төлөсүндө өтө турган болуптур. Жанар бөлмөдө ары-бери басып жүрдү. Анын оюнун баары башка жакта болчу. Метродогу жолугушуудан кийин тыңыраак уктай элек. Башы чыңалып ооруп турат.

– Бизди чакырып жатышат. Бас!- Расулду ээрчип алып жөнөдү.

Аруукеси тууралуу ойлордон кутула албай баратты. Аны кантип издеп табарын биле албай жатты. Же ал башка кызбы? Балким, акылынан айнып калгандыктан көзүнө көрүндүбү? Жанна Муратова казак кызы экен го. Эгизиби? Жок, Арууке эле болчу. Жазбай тааныдым. Бирок мен кимди көмдүм эле?

Жоопсуз суроолор өтө эле көп болчу. Капыстан бетине «былч» эте сокку урулду. Беттеш башталган экен. Катуу сокку Жанарды эсине келтирди. Бет маңдайындагы күржүйгөн, бети-башынын баарын сакал баскан адамга каршы чабуулга өттү. Бирок анысы майнапсыз болуп, тиги сакалчандын алдында калды. Жанардын үстүнө чыгып алган тиги күржүгүй неме былч-былч эте Жанарды бет талаштыра коюп жиберди. Анын соккуларынан жашырынуу үчүн оодарылып кеткенге аракет кылып жатты. Дал ушул учурда Жанар көпчүлүктүн ичинен баягы метродогу кызды көрүп калбаспы. Нес болуп аны карап калды. Башына тийип жаткан оор соккуларга кайыл эле. Кыз көпчүлүктүн арасында отуруптур. Кооз кече көйнөгүн кийип алган, Жанарды көздөрү тостойо тиктеп турат. Сымбаттуу кийинген жанындагы мырзаны коштоп келген өңдүү.

Кыз метродо акылы айныгандай көрүнгөн тиги жигитти дароо тааныды. Бирок бул жигитти ал мурда да көргөндөй. Дал ушундай кейпинде. Анда да жигиттин мурду-башы канжалап жерде жаткан болчу. Көз алдына ошондой элестер келип турду. Бирок муну кайдан көрүшү мүмкүн? Бул түшүнүксүз, бирок тааныштай элестер анын аң-сезиминде кайдан пайда болду?

«Былч» эте оор сокку урулду. Жанар эсин жоготуп койду. Көздөрү караңгылап, кулактары чуулдап жатты…

 

Ал бөлмөдө эсине келди. Бетине суу чачып жаткан Расулдун сүйлөгөндөрү үзүл-кесил угулуп жатты.

– Коргонуш керек эле. Каршы чабуул жасабай жатып бердиң…

«Уф-ф» башы каңгырап жатты. «Мына карма! Өлүп калбаганың үчүн тагдырыңа рахмат де. Бул акчага дарылан. Кичине жоопкерчиликтүү болсоң»,- Расул нааразы болуп жатып Жанардын колуна бир аз акча карма Оштты.

– Баса, сени сыртта бир кыз күтүп жатат.

– Ыя?- жанатан бери өзүнө келе албай жаткан Жанар жандана түштү. Ал кызды чын эле көрдүмбү же чарчагандан эле ошондой сезилип жатабы деп жооп таба албай жаткан.

– Бирөө күтүп жатат дейм.

Жанар арыдан-бери жуунду да, спорттук сумкасын ийинине асып сыртка чуркап чыкты. Эч ким көрүнбөйт. Бир гана жол тандабас кара түстөгү унаа турат. Жанар селейип туруп калды. Капысынан унаанын караңгылатылган айнектери ылдый болду да, ичинен рулда отурган кыз көрүндү. Аруукеси экен… Жүрөгү кабынан чыга жаздады.

Ушуга чейин дилинде метродо Аруукени көргөнү ага түш сымал эле сезилип келиптир. Кээде туруп «куса болгондон улам окшоштуруп алган жокмунбу?» деп арсар ойлорго кептелип келген болсо, азыр аны карап турган өтө эле тааныш, өтө эле жакын капкара сулуу көздөрдү көрүп көкүрөгү өзүнөн-өзү бошоп, каректери жашка толуп чыкты.

Селейип ордунда каткан бойдон эриндерин кымтып алып, кыздан көздөрүн ала албай турду. Анда сагыныч ашып-ташып турган, бирок буттары калтырап кадам шилтенбей калды. Кыз унаадан түшүп жанына келгиче эриндерин кымтып, көзүнөн жашын кылгыртып тура берди. Заматта баягы жырткыч мүнөздүү Жанар алсыз, ыйлаак бир жигитке айланып калды. Арууке өзгөрбөгөн бойдон экен. Баягыдай эле сулуу, баягыдай эле чырайлуу, болгону чачы гана бир аз кыскара түшкөндөй.

– Сен мени тааныйсыңбы?- кыз жигиттин көздөрүнө тик бага суроо берди.

– Аруш…- Жанардын деми кысылып чыкты. Кызды өзүнө шап тартып кучактап алды. Убакыт токтоп калгандай болду. Аруукенин тааныш жыты көкүрөгүндөгү кызды жоготкондо пайда болгон белгисиз боштукту заматта толтуруп, жаны жай ала түштү. «Шуу» эттире кыздын чачынан жыттап, мас болгон адамдай теңселип турду. Оюна койсо аны кучагынан бошотпой түбөлүк тура берчүдөй. Кыз анын кучагынан бошонууга аракет кылган жок. Бул адам ага чоочун, бирок эмнеге анын кучагында мынчалык тынч? Эбактан бери таанып жүргөн жакын адамынын кучагында тургандай. Бул кайдан ага мынчалык жакын болуп жүрөт? А бул жытчы? Жигиттин тер аралаш жыты да ага өтө эле тааныш.

– Мен сени тааныбайм,- кыз жигиттин кучагында туруп үн катты.

– Мен Жанармын.

– Жок, тааныбайм,- кыз артка кетенчиктеп Жанардын кучагынан бошонду. – Менин атым Джи.

– Жи?!

– Жи эмес, Джи. Негизи Жанна, бирок досторумдун баары Джи дешет. Менде толтура жоопсуз суроолор бар. Сени да бир жерден көргөндөй болуп жатам. Бирок кайдан экенин билбейм. Эстей албай турам. Сени атайын күтүп турдум. Сени кайдан көргөн болушум мүмкүн? Сен мага эзелки тааныштай туюлуп жатасың.

– Сен эч кандай Джи эмессиң! Сен Аруукесиң! Экөөбүз Кыргызстанданбыз. Эсиңде жокпу? Мен Жанармын, сен өлгөнсүң.

– Эмне?!

– Ишениш кыйын, бирок мен сени өз колум менен көмүп келгем. Бул жакка келерде эле сенин бейитиңе барган болчумун.

Кыз аны таң калып карап турду.

– Чын эле мен белем?

– Ооба.

– А мен ал жактан кантип туруп келдим?

– Аны мен сенден сурашым керек.

– Сенин акыл-эсиң жайындабы?

– Арууке, болуп жаткан нерселерге ишенип бүтө элекмин. Башымда азыр ар түркүн ойлор толуп кетти. Кээде туруп акылымдан аздым окшойт деп ойлоп кетем. Бирок сен Аруукесиң. Муну билип эле турам.

– Жок, менин атым Джи. Мен өмүр бою Москвада чоңойгом.

– Аруш?

– Кайдагы Аруш? Мен Джимин.

– Сен Аруукесиң! Эстесең Кыргызстан, Бишкек, университет…

– Түшүнсөң, мен Москвада чоңойгом. Ушул жакта университетте окуйм. Мен Джи экенимди анык эле билем. Менин ата-энем бар. Досторум… Мага болгону ачык айтып койчу, сен экөөбүз кайдан көрүшкөнбүз?

Жанар кыйлага чейин кызды үнсүз тиктеп турду. Бир убакта:

– Калия, ал сенин апаң, атаңдын аты Кадыр. Сен Аруукесиң, а мен… А мен сени чексиз жакшы көргөн Жанармын.

– Балким, сен көмгөн менин эгизим болуп жүрбөсүн? Эгиздердин ортосунда белгисиз байланыш болот деп коюшат го. Балким, сен менин эгизиме ашык болгон үчүн мага сенин элесиң

тааныш учурап жаткандыр?

– Сен Аруукесиң…- Жанар башка эч нерсе дей албай туруп калды.

– Бул түнү бардык суроолорго жооп таба албайбыз. Азыр тыңыраак да ой жүгүртө албай турам. Мен дагы эстегенге аракет кылып көрөйүнчү. Номеримди жазып ал, байланышабыз.

– Эмне, сен кетесиңби? Кайда?- жигит алактай түштү.

– Атың Жанар дедиңби? Жанар, мен бүгүн реалдуу жашоодо болбой турган окуяга кабылып отурам. Азыр мунун баарын аш кыла албайм.

– Сен бир нерсени жашырып жатасың.

– Эмнени?

– Айтчы, бир жерден элес-булас көргөндөй болгон үчүн эле мени ушунча күттүңбү? Сен эч нерсени жашырбасаң, суроолорго тезирээк жооп тапмакпыз.

Кыз үндөгөн жок. Унаасын көздөй басты. Жигит коркуп кетти. Азыр кызды кетирип жиберсе, анда экинчи жолу көрбөйт.

– Токто! Мен сени коё бербейм!

– Жашырбай эле айтайынчы. Мен жашоомдун жакынкы 2 жылдан ашыгыраагын гана билем, эстейм. Калганы туман. Эч нерсе эсимде жок. Бирок үйдө мага тиешелүү бардык

документтер бар. Керек болсо бала кездеги, өспүрүм кездеги сүрөттөрүм да, видеолорум да бар. Кыскасы, менин Жанна экендигимде күмөн жок. Бирок мен эстей албайм. А сени болсо

бир жерден көргөм. Кайдан экенин билбейм. Жооп табылабы деп сени күтүп тургам. Жооп табылмак тургай…

– Сени 2 жыл 9 ай мурун жерге бергем.

Экөө бири-бирин тиктеп туруп калышты…

– Сен Аруукесиң,- деди Жанар бир убакта кубанган түр менен.

– Мен Джимин. Жаннамын.

– Мен далилдеп берем.

– Менин Джи экеним далилденген. Мындай кылалы, эртең түшкө жуук жолугабыз. Бул телефонду карма. Көрдүңбү 6-айфон? Демек, мени сөзсүз чалат деп ишенсең болот. Азыр болсо кетейинчи, чын, кыйналып чыктым.

Жигит телефонду мыжыгып кармаган бойдон туруп калды. Кыз унаасын от алдырып айнектерин көтөрүп жатканда Жанардын эсине капысынан баягы денесине чектирген тамгалар эсине түшпөспү.

– Токто! Сенин сол ийиниңде латынча J (джей) деген тамга бар. Аны биз чогуу жаздырганбыз!

Кыз үндөгөн жок. Бирок көздөрүндөгү таң калуу дапдаана байкалып калды. Айнектерин жапты да, унаасын зуулдата айдап кетти.

 

ххх

 

Бөлмөдөгү чоң күзгүнүн алдына келип, кийимдерин шапа-шуп чече салып далысындагы J (джей) тамгасына көзү түштү. “Кантип? Ал кайдан бул тамганы билип жүрөт?” жооп табылчудай эмес.

– Апа!

– Оу, кызым,- коңшу бөлмөдөн апасынын үнү чыкты.

– Мен муну качан чектиргем?

– Билбейм, эсимде жок. Бирок сага жакшы жарашат,- бөлмөгө кирип келген апасы кызынын далысындагы тамганы карап сүйлөп жатты.

– Сиздер мени тапканда бул сүрөт бар беле?

– Бар болсо керек.

– Ага чейин бар беле?

– Билбейм. Ага чейин сен бизден бөлөк жашачусуң. Өзүңдүн батириңде. Балким, ошондо чектирген чыгарсың? Бул сенин ысымыңдын башкы тамгасы эмеспи.

– Силер мени айлап-жылдап көрчү эмес белеңер?

– Кызым, кел, ал күндөрдү эстебейбиз. Жаман түш сыяктуу унутуп коёбуз.

– Мага айтып коюңузчу, апа?

– Жылдап эмес, бирок кээде 3-4 ай көрүшпөй калчубуз.

– Эмнеге?

– Мен сага айтып бердим эле го. Атаң сага өзүнчө батир белек кылган. Кийин сен биз менен бир аз таарыныша кетип, өз батириңе кетип калгансың.

– Эмнеге таарыныштык эле?

– Болор-болбос нерсе. Жашоодо андайлар боло берет.

– А мен бала кезимде кандай элем?

– Аны сага көп эле жолу айтып бербедим беле. Аябай тентек болчусуң. Тың элең. Божурап көп сүйлөчүсүң.

– Мен чын эле силердин кызыңармынбы?

– Келсең,- апасы күзгүгө жакындады. – Карачы биз кандай окшошпуз. Суунун эки тамчысындай. Болгону сенин мурдуң атаңдыкына окшоп бир аз чоңураак. Анан сен менден сулуурааксың.

Кыз жылмайып койду. Ал чындап эле апасына окшош болчу. Көп суроо бергиси келди, бирок апасын аяды. Суроолор көбөйө баштаганда ал тынчсызданып, керек болсо кээде ыйлап жиберчү.

 

ххх

 

Жанар кыз унаасын айдап кетери менен эле таксиге отуруп анын артынан ээрчип жөнөгөн. Бул аракети менен кыздын дарегин таап алды. Эртең ал кызды ушул жерден күтүп алат. Бир топко чейин көп кабаттуу үйдү тиктеп турду. Балким, терезеден кыздын элесин көрүп каламбы деген үмүтү бар эле. Капыстан эшик ачылып, тиги кабаттуу үйдөн илмийген арык орус улутундагы жигит чыкты.

– Суроо берсем болобу?- арыда турган Жанар үн катты.

– Мен “чуркалар” менен сүйлөшпөйм! Уф! Эмне кылсам экен?- орус жигит ар бир сөздү кыйналуу менен кыжалат болуп айтып жаткандай болду.

– Балким, сага жардам керектир?

Жигит жооп берүүнүн ордуна Жанарды жапайы көз караш менен карап алды.

– Ушул үйдө жашайсыңбы? Бул унаанын ээсин тааныйсыңбы?- Жанар жана Арууке айдап кеткен унааны көрсөттү.

– Эмне болду? Сенин ишиң эмне?

– Сен суроомо жооп берсең, акчасын деле төлөп бермекмин.

– Сен менин кандай үйдөн чыкканымды көрдүңбү? Бул жерде жалаң байлар жашашат. Менин бул жакта үйүм бар. Демек, мен акчага зар эмесмин. Анан калса “чуркадан” акча

сурагыдай мен ким экенмин?!

– Мурдуңду каңдап коё турчу неме экенсиң. Бирок сен үчүн муштум булгаштын кажети жок,- Жанар ызырынып койду. “Эртең келсемби же таң атканча ушул тегеректе болсомбу?” ал ичинен ушуларды ойлоп, короодон сыртка чыкмакчы болду.

– Эй!- орус жигит кыйкырды.

– Эмне?

– 25 доллар.

– Эмне 25 доллар?

– Мага бир дозага жеткидей 25 доллар берсең, мен бул унаанын ээси тууралуу айтып берем.

“Демек, баңги экенсиң да” Жанар жанатан бери жигиттин эмнеге кыйналып жатканын эми түшүндү.

– Сен адегенде айтып бер!

– Жок. Мен чыдабай баратам. Азыр Ашотту чакыра калайын сен төлөп койчу. Анан мен баарын айтып берем. Чогуу үйгө кирип чай үстүндө.

Жанар макул болду. Орус жигит кимдир бирөөгө телефон чалары менен, заматта эле капкара жол тандабас айдаган бирөө келип, орус жигиттин колуна бир нерсени карматты да, көздөн кайым болду.

– Жүр үйгө! Сен мени куткарып калдың. А Джи тууралуу мен баарын билем. Баса, менин атым Сергей. Серж деп койсоң болот.

Сергейдин батири чынында эле байлардыкындай экен. Бирок баары ачык-чачык. Жуулбаган идиштин жагымсыз жыты турат. “Сен тура тур” деген орус жигит жуунуучу бөлмөгө кирип кетип 1 сааттай жок болду. Бир убакта көздөрүн кызарта чыгып келди.

– Мына 50 доллар. Бул сенин дагы эки дозаңа жетет,- Сергей Жанар сунган жашыл акчаны колуна алып, жумшак отургучка жайгашты.

– Рахмат. Джи байдын кызы да. Айдаган унаасын эле карабайсыңбы. Атасы салондон жапжаңы алып берген. Өзүнчө батир да белек кылган. Жалгыз кыз. Алар бул жакка көчүп келишкенде Джи 15 жаштардагы кыз болчу. Ошондо эле сулуу эле. Шайыр кыз болчу. Баары менен учурашып, дароо элге аралашып кетти. Жакын жерде мектеп бар. Ошол мектепте менден эки класс төмөн окуп жүрдү. Билесиң го, байларды бардык жерде сыйлашат. Джи деле ошондой болду. Ананчы, аны мектепке акыркы үлгүдөгү Мерседестер менен алып келишчү. Муну көргөндө эле көбүнүн ээктери түшүп калган. Ырас, менин атам деле бай неме. Бирок мени эч ким Мерседес менен мектепке ташыган эмес. Карачы, жадакалса унаа алып берген эмес…

 

Уландысы бар…

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️