6- БӨЛҮМ..
Наргиза апасы менен болгон сүйлөшүүсүн Жанарга айткан жок. Жанардын туугандары кудалап барышса апамдар кайда качышмак эле деп өзүн жооткотуп койду. Эч болбоду дегенде ала качты кылып туруп жигитинин үйүнө барып отуруп алат. Ушинтип чечти. Апасы шаарга бир аз жүрүп айылына кетти. Жанарга жолугушу керек. Автобуска отуруп анын үйүнө жөнөдү.
Жанар үйүнүн айланасын жыйнап жаткан экен.
– Кандайсыӊ? Уйкуӊду садага чаап иш кылып жатканыӊа таӊ калып жатам,- кыз жигиттин бетинен сүйүп жатып кобурады.
– Үйлөнөйүн деп жатпаймынбы. Ошон үчүн тазалап жатам.
– Аа, кимге?
– Айта албайм. Сыр.
– Хе, мен болбой көрөйүн, сени эмне кылар экенмин!
Экөө күлүп калышты.
– Баса, апама айттым, алар жакында сенин ата-энеӊе барышат.
– Макул болбой коюшсачы?
– Сен тамашалап жатасыӊбы?
– Жок.
– Алар биздин үйлөнүүбүзгө каршы болушу мүмкүнбү?
– Мүмкүн…
Жанар сөз таппай калды.
– Ой сени болгон, көзүн алайтып туруп калат. Макул болушпаса ала качып кетем дебейсиӊби. Тамаша. Макул болушат. Негизгиси мен макулмун. Сени жакшы көрөм,- Наргиза жигиттин моюнуна асылды.
ххх
Айткандай эле аз өтпөй Зуура туугандарын чогултуп Наргизанын ата-энесинин эшигин кагып калды. Сыртта турган Зуураны көрүп Алмагүл баарын түшүндү. Унчукпастан үйүнө киргизип, төргө өткөрдү.
– Эми, Алмаш, балдарыбыз тил табышыптыр. Билсеӊ керек. Уулум сенин кызыӊа көзү түшкөнүн айтып, мен сага келдим. Макулдашып алалы,- Зуура жаӊыдан эле сөз
баштаганда Алмагүл сөздү бөлдү.
– Токтой турсаӊ, Зуура. Сен ошондо кызыма сөйкө салмакчы болуп жатасыӊбы? Кызым жок азыр.
– Билем, Алмаш. Бирок мен адегенде сенин макулдугуӊду алайын дедим. Балдар тил табышыптыр.
– Туура кылыптырсыӊ. Мага келгениӊ жакшы болуптур. Мен кызымды бере албайм. Тил табышса тил табышкандыр, бирок кызымдын барар жери даяр. Макулдашылган.
Кап этпе,- ушуну менен сөз бүттү. Эки эне андан соӊ эч нерсе болбогондой чай ичип ар кайсыны сүйлөшүп отурушту. Кыйладан кийин бири узатып чыгып, бири туугандары менен үйүнө жөнөдү. Кыязы, экөө теӊ алдын ала эмне болорун билген өӊдүү. Ооба, Зуура муну күткөн. Бирок уулу Жанардын көӊүлүн кыйбай бир келгендегиси болчу.
Жанар ал күнү кечке жуук апасына чалды. Эмне болгонун угуп, ойлонуп отуруп калды. Эми эмне кылат, ала качабы? Жок, антпейт. Андай кадамга барбайт. Ал ушинтип чечти. Наргизага телефон чалды.
– Наргиз, кандайсыӊ?
– Жаман.
– Демек, баарын угуптурсуӊ.
– Ооба. Мени ала качып кет.
– Андай болбой калат го. Сүйлөшүп эле чечебиз.
– Сен эмне, ошондо менден кол үзгөнү жатасыӊбы?
– Жок, алтыным. Коркпо, баары жайында болот. Эртеӊ айылга чыгабыз. Ата-энеӊ менен өзүм сүйлөшөм.
– Алар макул болушпайт. Мени ала качып эле кетсеӊ.
– Наргиз, мен сенден эч убакта баш тартпайм. Жакшы көрөрүмдү билесиӊ го. Сөзсүз бирге болобуз, кам санаба.
ххх
Эртеси алар айылына жөнөштү. Кыз өз үйүнө, жигит өз үйүнө келип түшүп калды. Жанар 1 күндөн кийин Наргизанын үйүнө бармак болду. Ал Наргизанын ата-энесине баарын түшүндүрүп берерине көзү жетип жатты.
Бирок дал ошол күнү анын денесин майда калтырак басып сүрдөп чыкты. Акырын келип дарбазаны тыкылдатты. Эшикти Наргиза ачты. Сөрүдө кыздын ата-энеси отуруптур. Күтүп жатышкандай…
– Саламатсыздарбы?
– Кел, отур!- Наргизанын атасы Жаныбек өктөм сүйлөдү.
– Мен…- Жанар сөз таппай туруп калды.
– Угуп жатам, сүйлөй бер!
– Биз Наргиза экөөбүз баш кошолу дегенбиз. Жакшы тилектерибиз бар эле. Бирок «Наргизанын барар жери даяр» деп айткан экенсиздер. Билип турам, сиздердин алдыӊыздарга келип ушинтип турганым туура эмес. Бирок бул нерсе менин Наргизага болгон оюм таза экенин далилдеп турат. Мен аны жакшы көрөм. Мага ишениӊиздер, кызыӊыздарды бактылуу кылам.
– Бир айтканда түшүнүш керек,- сөзгө Алмагүл аралашты. – Биз сага кызыбызды бербейбиз дедикпи, бербейбиз!
– Сиздерден көптөн-көп суранам. Мен ала качып албайын дедим.
– Ай, жигит,- Жаныбек сүйлөдү. – Кызым «ата, бир угуп кой» деп көндүрдү эле. Сени уктум. Жооп баягы эле.
– Ата, эмнеге?- арыда турган Наргиза ыйлап жиберди.
– Эмнеге дейт! Мунуӊдун кыйратып тапкан оокаты жок, же эл ичинде кадыры болсочу?! Атасы тигинтип ар кайсы аялдын артынан ээрчип жок болду. Ушу жыргатат деп жатасыӊбы? Ушуга кор кылганча эрсиз калтырганым жакшы,- Алмагүл чыдамы кетип кыйкырды.
– Демек, мени кедей деп жатасыздарбы?
– Ооба. Сен томаяксыӊ! Бар, жолуӊа түш!
– Мындайды жомокто эле болот дептирмин. Кеп байлыкта эмес го,- Жанар шылдыӊ менен сүйлөдү.
– Ай, бала, бирдемени кыйратып койгонсубай жогол!- Алмагүл албууттанды.
– Эмне эле болуп жатасыӊ?- Жаныбек аялын тыйды. – Жанар, сен түшүндүӊ го дейм. Биздин жооп өзгөргөн жок, бара бер.
Наргиза апасынын сөздөрүнөн кийин Жанарды тик багып карай алган жок, бетин басып ыйлаган бойдон отуруп калды.
«Жапайычылык, жапайычылык бул. Ким азыркы заманда ушинтет?! Булар таш доорунда калган немелер го. Түшүнүгү жок турбайбы!»- Жанар ызаланып баратты. Чынында ал акырын гана баарын түшүндүрүп көндүрмөкчү болгон, минтип кабыл алышат деп ойлогон да эмес. Үйүнө шаша-буша барып, кийимдерин салыштыра баштады.
– Эмне, кетип жатасыңбы?- Зуура баласына кайрылды.
– Ооба.
– Бир аз жүрүп кетпейсиңби?
– Жок, апа. Мен айылга келип сизге эркелеп, шаарга барып өзүмө өзүм бий болуп жаман көнүптүрмүн. Караңызчы, дагы эле кедей бойдон экенмин. Байышым керек,- Жанар тамашаламыш этти.
– Ден соолугуң болсо табасың аны да…
– Наргизанын ата-энесине барып келдим. Мени кедейсиң, томаяксың дешти. Байыйын деп жатам. Чын! Тамаша эмес!
– Сүйлөй беришсин… Убагы келгенде баары болот. Кызын бербесе бербей эле койсун.
– Апа, чынын айтайынбы, ызаланып жатам. Элдикинен кем эмес оокатыбыз бар. Муну билем. Кедей эмеспиз. Томаяксың дегенине териккен жокмун. Алар атамдын сизди таштап Айша эжеге кетип калганын да айтышты. Атамдын катачылыгы, аны ээрчиген жаманатты сөз үчүн кызын бербей баш тартып жатышат… Миң жаман болсун мен атамдын баласымын. Атам жакшы киши болгонун далилдегим келип жатат… Билесизби, кантип далилдейм? Байыйм, сый-урмат күтөм… Ал кем акылдарга ушинтип гана далилдеш керек. Мен ошентем, бармагын тиштеп өкүнгүдөй кылам,- Жанардын чындап ызаланып калганы байкалды. Бирок дилинде Наргизаны аяп жатты. Жок, ал аны таштабайт. Ал экөө сөзсүз чогуу болушат, бирок азыр эмес.
ххх
Жанар Бишкекке келген соң өзүн коёрго жер таппай жатты. «Минтип жүрө берген болбойт. Бир нерсенин ичинен чыгыш керек» деп, бирок уйгу-туйгу ойлордун учугун таппай койду. Жумушунан келип керебетине чалкасынан түшүп жатат. Ызасы таркай элек. Ушул учурда телефонуна чалуу келди. Наргиза экен. Аны менен айылдан келгенден бери байланыша элек болчу.
– Жанар!
– Оу, Наргиз! Кандайсың?
– Кандайсың дечи? Жаман! Жаманмын! Эмнеге чалбайсың? Керегим жок болуп калдыбы?
– Жок. Чалайын дегем, бирок…
– Эмне бирок? Мени алып кетип жатышат.
– Ким?
– Жанар, биз бир болушубуз керек эле го? Биз акырына чейин күрөшүшүбүз керек эле го?! Жанар!- кыздын ыйлаганы угулду.
– Наргиз, мага баарын түшүндүрчү? Эмне болду?
– Жанар, сен мени айылга алып келгенсиң. Ала качып кет десем укпадың. Ата-энем сага бербейбиз дешти. Сен ызаландың да, кетип калдың. Мени таштап туруп кетип калдың. А мени күйөөгө берип жатышат… Ушул күнгө чейин сени айылда экен деп ойлоптурмун. Эртеси да келет дептирмин. Сен болсо ошол күнү эле шаарга зуу коюп мени унутуп кетиптирсиң. Эмнеге? Эмнеге ушинттиң?
– Наргиз, мен азыр эле айылга чыгам. Ачуум менен ойлонбой эле ар кайсыны кыла бериптирмин. Мен барып калам…
– Жок. Келбей эле кой! Эми кеч,- Наргиза телефонун өчүрдү.
Жанар дендароо болуп отуруп калды. Эртеси апасы айылдын эң бай кишиси Токтобек Наргизага куда түшүп келгенин чалып айтты. Жигит өзүнүн чечкинсиз экенин билип, дагы бир ирет бакыт кушун колдон учурганын сезди. Ичи ачышты. Бир жакка тентип кеткиси келди. Бирок ал Арууке аны таштап Москвага кеткенден кийинкидей күйүт, ыза Наргиза турмушка чыкканда көкүрөгүндө пайда болбогонун билди. Кыязы, анын жүрөгү ары согулуп, бери согулуп жедеп бышып калган өңдүү.
Жанар ойлонуп отурган жок. Кырдаалдын башка нукка бурулуп кеткени аны чечкиндүү кылды окшойт. Москвага билет алды да, ал жактагы досунукуна жөнөй турган болду. Аруукеси менен коштошушу керек.
ххх
Шаар четиндеги мүрзөгө жакындап баратты. Аруукенин сулуу сүрөтү чегерилген эстеликтин жанында кимдир бирөө отурганын көрдү. Ооба, апасы экен. Жанар аны жакындай бергенде тааныды. Калия карый түшкөн. Күйүт жеп койгондой.
– Саламатсызбы?
– Аа, кандайсың? Сен да келип турасыңбы?
– Ооба. Кээде…
– А тиги гүлдөрдү сен тиктиң беле?
Жанар башын ийкеди. Калия муңайым жылмайды. Эмнегедир бул жигит ага жакын адамындай туюлуп жатты. Балким, кызы тирүү болгондо күйөө баласы болуп калмак беле? Сымбаттуу да жигит. Аруукени унутуп койбогонуна ичинен ыраазы болду.
– Мен кызым менен сүйлөшүп кетип турам. Кыйладан бери келе элек болчумун. Бүгүн келсем гүлкайырлар ачылып калыптыр. Аруукем гүлдөрдү жакшы көрчү,- Калиянын сөздөрүн угуп отуруп Жанар бир да жолу Аруукеге гүл берип көрбөгөнүн эстеди. Ичи ачышып кетти.
– Гүл тигип туура кылыптырсың. Аны эстеп турганың жакшы. Бирок сен эми жаңы жашоо башташың керек. Өткөндү эстеп ызага муунуп жүрө берген болбойт. Жашсың, үйлөн… Менимче, Арууке деле сенин бактылуу болушуңду каалайт.
Жанар үндөбөдү.
– Баса, кээде биздин үйгө барып тур. Азыр атасы экөөбүзгө Аруукенин курбулары көп келип турушат. Сен да келип тур. Макулбу?
– Барам, бирок кийинчерээк, мен азыр чет жакка кетип жатам. Арууке менен коштошкону келдим эле…
– Аа. Эмесе, мен басайын. Экөөңөр сүйлөшүп алгыла… Биздикине сөзсүз кел, балам,- деп Калия узап кетти. Жанар эстеликке жөлөнүп отурду.
– Ооба, кеткен жатам. Москвага. Үйлөнбөй калдым. Ата-энеси бербей койду. Мен баягыдай боштугума салып, колумду куушуруп баса бериптирмин. Ал мага таарынгандай. Жакында анын тою болот. Мейли, бактылуу болсун!
Сен мага ак жол каалап кой! Алдыма максат коюп кетип баратам. Буюрса, баары жакшы болот. Сен мени менен сөзсүз сыймыктанасың! Мен тез эле келгенге аракет кылам..
Москва Жанарды нөшөрлөгөн жамгыр менен тосуп алды. «Жамгыр киши»… Арууке аны ушинтип атачу. Дыбырап жаап жаткан тамчылар өткөнүн эске салды. Кандай сонун кез эле. Эч нерседен капары жок болчу. Көз алдына Аруукесине жолуккан алгачкы күн тартылды. Анда кыз көзүнө өзгөчө сулуу көрүнгөн.
– Бизде ушундай,- таксиде кетип баратып досу Нурлан Жанарга кайрылды. Терезени тиктеп бараткан Жанар ойго батып кеткен эле. Жанатан бери Нурландын сөздөрүн кулак сыртынан кетирди. Жамгырды сагыныптыр.
– Кечир, ойлонуп кетиптирмин.
– Түшүнөм. Москвага жыргаганыңдан келген жоксуң да.
– Ооба, кыскасы, намыстанып келдим. Көп акча табышым керек, өтө көп,- Жанар тамашалады.
– Баары ошентип келишет. Жакшы жашоо издешет. Бирок бул Москва. Катаал, сүрдүү анан таш боор Москва. Эбин тапсаң таптың, таппасаң сени эч ким аябайт. Сен азырынча мага жардамчы болуп тур. Суши жасайбыз. Айттым эле го, мен ашпозчумун да.
– Аа.
Нурлан менен Жанар бала кезинен тарта дос. Бирок ал окууну бүтөрү менен Москвага кетип калган. Ары согулуп, бери согулуп далайды көрдү. Эми гана акырындап иштери жүрүшүп баштаган эле. Жанар тааныш адамдын жанына жүргөнгөбү жумушуна тез эле көнүп кетти. 2 ай билинбей эле өттү. Бирок көңүлүнө толор акча чогулта албай койду. Бир күнү Нурлан экөө тыныгууда турганда кеп баштады.
– Бир нерсени өзгөртүш керек го.
– Эмнени?
– Тытынып эле иштеп жаткан болобуз. Жаныбыз тынбайт, бирок айлыгыбыз кыйратпай жатат.
– Эх, Жанар, сен мен көргөндү көрсөң, минтип сүйлөбөйт элең. Бул 5 жылдан берки мен тапкан эң жакшы жумуш. Буга чейин кайда гана болбодум. Суукта унаа жуудум, короо шыпырдым, куруучу болдум… Метродо түнөгөн күндөрүмдү эстесем азыр да ыйлагым келип кетет. Азыр болсо баары жакшы. Айлык акы жайында, иштеген жерим таза, жылуу. Айлыгымды убагында алам. Мындай жумушка жетпегендер канча? Кыйшаңдабай иштей бериш керек.
– Сен акча чогулта алдыңбы?
– Аз-маз.
– Канча?
– 200 миңдей.
– Аз экен. Бир нерсе ойлоп табышыбыз керек,- эки жигит ойлуу отуруп калышты. Бирок бир нерсе ойлоп табыш оңой эмес болчу. Күндөр өтө берди. Жанарлар жашаган үйдө дагы
башка кыргыз балдар батирде турушчу. Арасында Максат аттуу тың жигит бар эле. Тың экени сыртынан эле көрүнчү. Кийими мыкты, алдында акыркы үлгүдөгү унаасы бар. Бир ирет Жанар жумуштан келсе, Максат сыртта унаасын тазалап жатыптыр. Аны менен учурашып кыйлага туруп калды.
– Сенин бул жакка келгениңе көп болдубу?
– 2 айдан өттү,- деди Жанар.
– Ашпозчу болуп иштеп жатам дейсиңби? Жумуш кандай анан?
– Илең-салаң. Өзүмдөн ашпай жатат.
– Кээде ошондой болуп калат.
– А сен эмне иш кыласың?
– Мен деле ашпозчумун.
– Койчу?
– Болгону кошумча жумушум бар.
– Эмне жумуш?
– Мушташам. Акчага мушташам.
Максат мактанчаак эле. Ал сыр жашыра алчу эмес.
– Жакшы төлөшөбү?
– Көрүп жатпайсыңбы,- Максат унаасы тарапты карап койду.
– Мен да барсам болобу?
Максат Жанарды башынан ылдый карады. «Арыгыраак экен» деди ичинен.
– Машыгып жүрөсүңбү?
– Жок.
– Кечирип кой. Бирок ал жакта бир күн калтырбай машыгып жүргөн балдар бар. Өпкөңдү үзүп коюшат. Ден соолугуңдан айрыласың.
– Мен өзүм жакшы эле мушташчумун негизи.
– Оңой ойлоп жатат окшойсуң, ээ? Көчөдөгү жөнөкөй адам менен мушташкан, анан спортчу менен мушташкан эки башка нерсе да. Бир аз спорт залга бар. Денеңди калыбына келтир анан сүйлөшөбүз.
– Сен машыгууга кайсы жакка барасың. Мүмкүн, мени да ала барасың.
– Акысы айына он миң. Барасыңбы?- Жанар оюнда чогулткан акчасын эсептеп жиберди.
– Анан мушташкандан кийин канча алам?
– Хе, жеңсең аласың.
– Ошо канча?
– Жанар, кызыкпай эле койчу. Же ушуга чейин спорт менен машыкпасаң. Бутуңду сындырып коюшат. Ал жерде сени аяй турган эч ким болбойт.
– Ошентсе деле айтсаң?
– Мен азыр орто заар спортчумун. Жеңсем 800 долларга чейин, жеңилсем 200 доллар алам.
– Баары бир алат экенсиң да.
– Оңой ойлоп жатасың, ээ? Биринчи мушташканыңда эч нерсе албайсың. Элдин колдоосуна алынып, күйөрман топтош керек. Болбосо ар ким тепкилей берген бирөөгө айланып
каласың.
– Максат, негизи мен көп корко бербейм. Коркпосоң эле жеңесиң да.
– Туй ата, бул өзүнө жаман ишенет турбайбы.
Эртеси Жанар жумушунан чыгып Максат менен ал машыкчу жерге барды. Жанар мынчалык көп сүрдүү адамдарды бир жерде көргөн эмес. Эрдин кымтып, кабактарын бүркөп алып азыр эле уруша кетчүдөй болуп жүрүшөт. Сүрдөп кетти. Максат Жанарды кире беришке калтырып, өзү арыда машыктыруучу менен сүйлөшүп жатты.
– Тиги жигит машыгам деп келди. Көчөдө бир-эки жолу мушташса керек. Өзүнө аябай ишенет. Байкап көрүңүз, «акча тапканга көңүлүм бар» деп жатат.
Машыктыруучу Жанарды көздөй басты. Ашыкча эти жок, чымыр денелүү, кыска кара сакалы бар кавказ улутундагы адам экен.
– Ассалому алейкум! Кел, кир. Машыккың келеби?
– Саламатсызбы? Ооба.
– Акысын төлөп машыга бер. Спорт деген жакшы нерсе. Колуңдан келсе, бир да машыгууну өткөрбө. Өзүңө эле жакшы.
– Менин эмнеге келгенимди Максат түшүндүрдү да, ээ?
– Сен адегенде даярдан. Биз сени байкап көрүшүбүз керек,- машыктыруучу басып кетти.
Максатка жакындап барып: «Жарабайт окшойт. Кара жумуш кылып чоңойсо керек, денеси чымыр экен. Бирок спортту көрө элек. Балким, 1-2 жолу «эт» болуп бергенге жарайт»,- деп койду. «Эт» деп алар жашыруун уюштурулуучу мушташтарда келгендердин көңүлүн ачуу үчүн тажрыйбалуу спортчу менен бет келишип өлөрчө сабалуучу адамдарды айтып коюшчу. Адатта Жанарга окшоп акчага кызыгып, анан өзүнө өтө эле ишенип алгандар «эт» болуп калышчу. Андайлар экинчи ирет кайтып келишчү эмес.
ххх
Жанар 1 ай бою тынган жок. Жумушуна барат-келет, андан соң түн киргенче машыгуу залында болот. Абдан аракет кылды. Анын жан дүйнөсүндө жакын адамдарынан айрылгандан кийинки калган белгисиз кек, белгисиз таарынычтар бар болчу. Кимге ачуусу келип жатканын деле билчү эмес. Машыгууда ошол таарынычы, кеги, көкүрөгүндөгү белгисиз боштугу саамга жок боло калчу. Болгон күчү менен мээлейин кийип алып кум баштыкты күпүлдөтө ургулайт. Мындайда ал өзүнүн кайда экенин да унутуп салат.
Бир ирет кара терге түшүп кум баштыкты шыптан үзүп койчудай койгулап жатканын көргөн машыктыруучу анын жанына басып барды.
– Сен көчөдө көп мушташканың көрүнүп эле турат. Эмне, бейбаш неме белең?
– Жок. Мен эс тартып калганда атам апамды, бизди таштап, мени мектепте окуткан эжейге кетип калган. Мунун айынан ар кимдин шылдың сөзүн укчумун. Анан мушташканга туура келчү. Мектепти бүтүп кеткенче ошондой болду.
– Түшүнүктүү. Сенде белгисиз күч бар экен. Балким, кара жумуш менен чоңоюп, балакай кезиңден өз кызыкчылыгыңды коргогонду үйрөнгөнүң ошол күчтү пайда кылса керек. Тамеки чеккен эмессиң, дем алууң жайында. Бирок али майданга чыкканга эртерээк го.
– А сен мага сарсанаа болбой эле кой. Менде тажрыйба бар. Чыгара бер.
– Тура турчу. Макс, бери басчы!- арыда турган Максатты чакырды. «Ме, муну кий да, Жанардын энесин таанытып койчу» деп жылмайып ага кош мээлейди ыргытып койду. Жанар менен Максат атайын майданга келип бири-бирин тиктеп туруп калышты. «Баштагыла!» машыктыруучу кыйкырды.
Максат Жанарды бир күлүп карап алды. «Мадырабаш» деди ичинен. Анан Жанар даяр болуп турганча ээк талаштыра эки ирет сокку уруп жиберди. Жанар муну күтпөгөн экен, чалкасынан түштү. «Бүттү!» деп күлдү Максат. Адатта анын мындай соккуларынан көбү 1-2 мүнөт уктап калышчу. Бул ирет да ошондой болду деп ойлоду да, артын салып туруп алды. Жанардын кулактары чуулдап чыкты. «Уф» деп ордунан тура калды да, 2-3 ирет бир бутуна туруп секире баштады. Кулактагы чуулдак ушинтсе жоголот деп ойлоду. Артына бурулган Максат бир буттап секирип жаткан Жанарды көрүп ыңгайсыз болуп кетти. Анын соккусуна эч нерсе болбогондой секирип жатканы ызалантып жиберди. Дароо кайра чабуулга өттү. Бирок бул ирет Жанар коргонууга жетишти. Күп-күп эте урулган соккулар жетиштүү жыйынтык берген жок. Кол менен урулган соккулар максатына жетпеген соң Жанарды башынан ылдыйлата тартты да, тизеси менен бет талаштыра тепкилей баштады. Жанардын мурдунан кан кетти. Канды көрүп Максат маашырланды, «ушундай болот, балакай», тизеси менен тепкилегенин токтотпой жатты. Дал ушул учурда анын ээгине кайдан-жайдан эле катуу сокку келип тийди. Максат көзү караңгылап артка жыгылып түштү. Көзүн ачып-жумганча Жанар анын үстүнө мине калды да, бет талаштыра 2-3 ирет былч-былч эте уруп жиберди. Максат тизеси менен бетке 2-3 ирет тепкенде эле Жанар өзүн кармай албай калган, бетине катуу сокку жеп жатканына кайыл болуп каякка уруп жатканын болжобостон, бир нече ирет сокку жасаган болчу. Бир соккусу капыстан дал тийип калган экен. Максат эсинен танып калыптыр. Аны жаакка чапкылап эсине келтирип жаткан машыктыруучу Расул бир нерсеге маашырлана күлүп жатты. Кыязы, өзүнө ашыкча ишенип алган Максаттын бул кейпи аны жылмаюуга аргасыз кылды окшойт. Кийин эсине келген Максатты карап: «Байкаш керек эле. Сен өзүңө өтө эле ишенип алыптырсың. А Жанарга баары бир экен. Ал сокку жеп жатып деле каршы сокку бере берет экен. Айылдын балдары деген өзгөчө болушат» деп далысынан таптап койду. Жанар да Максатка келип колун кысып: «Кечирип кой!»,- деди. Машыктыруучу Жанарды башкача бир сый көз караш менен карап койду. «Абдан жакшы. Колдон келсе өлүп баратып да бир чаап кетиш керек. Сен аябай чыдамкай экенсиң. Бетиң да оңой менен көгөрбөйт окшойт. Бирок коргонгонду унутпаш керек. Коргонуу-чабуул, чабуул-коргонуу тартибинде иштеш керек» деди өзү менен сыймыктана түшкөн Жанарды колунан кысып.
– Жалаң чабуул болсочу?
– Чабуулду да ыгы менен кылыш керек. Антпесе көрдүң го муну,- Максатты карап койду.
– Баса, сени 2 күндөн кийин бир жакка алып барам, даяр болуп кел!– Жарайт!
ххх
Жанарды машыктыруучу Москванын көрүнүктүү эле кинотеатрына алып барды. Саат түнкү 12ден өтүп калган болчу.
– Эмне, биз кино көрөбүзбү?
– Жок, мушташасың. Кинотеатр кечкисин башка кызмат көрсөтөт. Албетте, чектелүү адамдар үчүн гана.
– Аа, менин каршылашым ким?
– Билбейм. Көрөбүз азыр.
Кинотеатрдын жер төлөсү өзгөчө жасалгаланыптыр. Атайын коноктор отуруучу жай кымбат эмеректер менен шыкалган. Ортодо төрт бурчтуу аянт темир тор менен курчалыптыр. Кыязы, мушташтар ушул жерде орун алат окшойт. Жанарды бир бөлмөгө алып барган Расул түшүндүрө баштады…
Уландысы бар…










