Уйгу-туйгу сезимдер 2-бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=69630&preview=true Кызыктуу окуялар.

2- БӨЛҮМ..

 

 

Бирок анализ тапшыруу эртеси да, анын эртеси да унутулду. Анын үстүнө Арууке мурдагыдай баш оорулары басаӊдап калганын байкады. «Жөн эле каным азайып кеткенге өзүмдү жаман сезип жүргөн окшойм. Эми баары жакшы болуп калды» деп жыйынтык чыгарып койду. Жанар менен күнүгө жолугат. Аруукеге экөөнүн ортосундагыдай сезим эч бир адамда жоктой сезилет. «Бири-бирине окшошкон күндөр жоголду. Азыр ар бир күн өзүнчө бир өмүр, өзүнчө жашоо. Чыныгы жашоо. Түстүү, күлкүлөр көп, жылмаюулар көп. Кыскасы, бакыт көп. Менде азыр бакыт ашып-ташып жатат. Жамгыр кишим, Жанарым, сүйүктүүм…» Аруукенин күндөлүгүндө мындай бакытка толгон жазуулар күн санап көбөйө берди.

«Бүгүн мен аны сабактан чыкканча 2 сааттай күттүм. Күтүү менин эӊ жаман көргөнүм. Чыдабай кетем. Сагынганымчы!? Көргүм келгеничи!? Анын сабактары өтүп жаткан аудитория тарапка да бардым. Каалга качан ачылып Жанар чыга келет деп карап отуруп көздөрүм да чарчап чыкты. Мен ушул жамгыр киши менен ооруп калгандаймын. Акыры аудиториянын каалгасын тыкылдатып, «Жанарды деканатка чакырып жатат» деген болуп сабак өтүп жаткан агайынан чакыртып алдым. Ал шашып чыкты. «Ой, тентек» деди мени көрө салып. А мен эч нерсе деген жокмун. Унчукпай эле кучактап туруп алдым. Анын ушундай жагымдуу жыты бар. Сагыныптырмын. Бекем-бекем кучактап алдым да, «эми бар кире бер» дедим. Ал кете алмак эмес. Күлкүлүүм десе! Сабактары аяктаганча мени менен жүрдү. Маӊдайымдан өптү. Өзүн чоӊ кишидей көрсөтө берет. Мени жылуу кийинбегендигим үчүн урушту. Акыры Жанардын күрмөсү менен сумкасын Адилет алып келип берди. Ушул Адилет тажатты. Нес болуп эле карай берет! Эшикте күн суук экен. Колдорубуз үшүсө да жетелешип жүрө бердик. Үшүп кеттиӊ деп үйгө эрте алып келди. Азыр аны кайра сагынып жатам!» Арууке күндөлүгүнө акыркы сүйлөмүн жазып жатканда телефонуна Жанардан кат келди: «Бийкеч, эшикке чыга аласызбы?». Арууке кубанып кетти. Күрмөсүн алды да, шашкан бойдон сыртка жөнөдү. Көп кабаттуу үйдүн алдында Жанар эскилиги жеткен Волгага жөлөнүп турган экен.

– Бул, албетте, Бентли эмес,- деди Жанар машинаны айланып жатып. – Бирок мунун жүрүшү сонун. Кечки Бишкекти айланып келүүгө болот. Отуруӊуз!

– Рахмат!

Арууке жылмайып алды. Машинанын ичи жылуу экен.

– А эмне бул Волганы сатып алдыӊбы?

– Жок. Бул кошуна байкеники. Ал бүгүн бир аз мас экен. Волгасын 2 саат мактады. Мен 3-4 саат айдап көрөйүн, анан ишенем деп болбой койдум. Жыйынтыгында унаанын ачкычын алдым да, сизди көздөй жөнөдүм.

– Сонун болуптур! А мен сени сагынып отургам.

Унаа шаардын көчөлөрүнө чыгып зуулдап жөнөдү. Жанар менен Арууке ар нерсени сүйлөшүп күлүп бара жатышты. Бул алардын биринчи түнкү чогуу сейилдөөсү эле. Жанардын кошунасына бул Волга атасынан калган имиш. Унаанын сырткы кейпи көӊүл жылытарлык эмес. Бирок ичи таза. Сүйүктүүсүнө баратып жигиттин оюна «ушундай сулуу кызды, тамтыгы чыккан унаа менен сейилдетүү туура эмес болуп калбайбы?» деген ой келди. Бирок «тескерисинче, романтикалуу болот го» деген ой жеӊип кетти. Анан калса ал Аруукени аябай көргүсү келип сагынып кеткен болчу. Баары бир келмек.

– Тааныштарыӊ сени мына бул тамтыгы чыккан унаада айылдык жигит менен бара жатканыӊды көрсө эмне дешет болду экен?- Жанар жылмайып койду.

– А мага башкалардын эмне дешери кызык эмес. Башкысы, сен жанымдасыӊ. Билесиӊби, балким, сени ушул сапатыӊ үчүн да жакшы көрсөм керек. Өзүӊ жасагыӊ келген нерсени жасайсыӊ. Тартынбайсыӊ. Кооз жакшынакай унаа менен келсеӊ деле таӊ калмак эмесмин. А сен, өзүӊ айтмакчы, тамтыгы чыккан унаа менен келдиӊ. Мындай ишке бардыгынын эле эрки жете бербейт.

– А билесиӊби, сени эмне үчүн жакшы көрөм?

– Эмне үчүн?

– Сенин бар болгонуӊ үчүн эле жакшы көрөм. Сен мага бардык нерсенин жакшы жагын гана көргөндү үйрөттүӊ.

Кыз-жигит бири-бирин карап жылмайып алышты. Түнкү сейилдөө өзгөчө болду. Арууке Жанардын ырдаганын уга элек болчу. Жигит рульда бара жатып радиодон жаӊырган ырларга үнү жетсе да, жетпесе да кошулуп ырдай берди. Бул кошумча күлкү жаратты. А булар күлмөйүнчө жүрө алышпайт.

Шаар четине чыккан соӊ Жанар Аруукеге рулга отурууну сунуштады. Жигит оюнда аны унаа айдаганга үйрөтмөк. Бирок иш теӊирден тескери болуп чыкты. Айдоочунун ордуна отурган Арууке эч тоскоолдуксуз эле айдап жөнөдү. Ал гана эмес бара-бара ылдамдыкты жогорулатып жигиттин оозун ачырды. «Мына сага» дегенден башка сөз чыкпады Жанардан.

– Ме, эми өзүӊ айда. Менин бир аз башым ооруп чыкты,- деди бир убакта Арууке. Жанар кыз менен орун алмашты. Кыздын эмнегедир күлкүсү басаӊдап, орундукта бүрүшүп отурду. Чарчап калды окшойт деп ойлоду Жанар. Бирок Аруукени баш оорусу кыйнай баштаган болчу. Ал билгизбөөгө аракеттенип жатты. Антсе да оору күчөп отурду. Көздөрү караӊгылап кеткен кыз бир убакта эсин жоготту. Жанар Аруукеге бир нерсе жакпай калдыбы деп тынчсызданып келе жаткан, унаа чукул бурулуп Арууке айнекти катуу сүзүп алганын көрүп чочуп кетти.

 

– Арууке, сага эмне болду?- унааны жол жээгине токтоткон жигит кызды эсине келтирүүнүн аракетин көрүп жатты. Тыӊшаса араӊ гана дем алып жатат. Эсине келчүдөй эмес. Жанар коркуп кетти. Көздөрүнө жаш айланып, заматта Аруукесин жоготуп алса эмне болорун ойлоп чый-пыйы чыкты.

– Аруш, алтыным, эсиӊе келчи!

Бирок кыз ойгонгон жок. Анын жаактары карышып калыптыр. Жанар шаша-буша унааны от алдырып катуу айдап жөнөдү. Оорукананын короосуна жетип калганда Арууке алсыз үн катты:

– Жанар…

– Аруш, биз келип калдык. Чыдай тур!

– Жанар, биз каяктабыз?

– Ооруканага келдик.

– Жок,- кыз көздөрүн ачып жиберди. – Кирбей эле коёлучу. Мен жакшы болуп калдым.

– Киришибиз керек. Аруш, бир жериӊ ооруп жатканда мага сөзсүз айтып жүр.

– Макул, айтып турам. Бирок азыр кирбей эле коёлучу. Мен ооруканадан корком!

Кыз ыйлап жиберди. Жигит дендароо боло түштү. Бирок Арууке чынында эле өзүн жакшы сезе баштаган. Жанар Аруукени бооруна кысты.

– Сен эми бул оорулуу кыздын мага кереги жок деп кетип калбайсыӊбы?

– Жок. Сен оорулуу эмессиӊ, берекем.

– Менин каным аз окшойт. Ушинтип башым айланып, эс-учумду жоготчу болдум.

– Баары бир ооруканага барышыбыз керек.

– Эртеӊ келели. Сен жанымда болчу, ээ?

– Мейли, эртеӊ сөзсүз келебиз. Анда жүр, үйүӊө баралы.

– Жаныӊдан кетким келбей жатат.

– А мен сенин жаныӊдан кеткенден коркуп жатам. Коркутуп койдуӊ мени.

– Мен өлүп калсам эмне кылмаксыӊ?- кыз суроолуу карады.

– Антип айтпа.

– Жок, айтсаӊ.

– Аруш, мен жок болуп кетем. Жинди болуп калам. Жашоомду сенсиз элестете албайм. Экинчи мындай сөздөрдү айтпа, уктуӊбу?!

 

ххх

 

Эртеси Жанар менен Арууке ооруканага чогуу келишти. Анализдерди тапшырышты. Жыйынтыктар кийинки күнү чыкмак, андыктан кыз-жигит ооруканадан чыгып сейил бакты көздөй жөнөштү. Кар жаап жаткан.

– Үшүгөн жоксуӊбу?- Жанар кызды карап.

– Жок, сенчи?

– Жок.

– Мурдуӊ кыпкызыл болуп калыптыр,- кыз кыткылыктап күлүп койду. – Аяз атага окшошуп калат экенсиӊ. Кызык, мен ушул көрүнүштү түшүмдө көргөндөй болуп жатам.

Дежавю деп койчу беле?

– Билбейм. Ал сөзгө менин тилим келбейт.

– Жанар, чын эле мен азыркы көрүнүштү мурда түшүмдө көрсөм керек. Кыш, жанымда сен. Айлана апапак. Бардыгы тааныш туюлуп жатат.

– Балким, мурда башка бир күйөрманыӊыз менен ушинтип сейилдегенсиз…- жигит жылмайды.

– Хе, балким…

– Мен абдан кызганчаакмын. Мурунку жигитиӊден да кызгана беришим мүмкүн.

– Жанар, сен менин биринчи сүйүүмсүӊ. Буга чейин мынчалык бактылуу болгон эмесмин. Ооба, мени жолугушууларга чакырышчу. Сейил бактарда басчубуз. Бирок, билесиӊби, мен анда бозоргон көпчүлүктүн ою менен эсептешип эле ошондой кадамдарга барчумун. Ошол бозоргон, бир күнүн экинчи күнгө окшоштуруп кайталап жашай берген көптүн бири болчумун. А сени менен өзгөрдүм. Азыр сени менен өткөн ар бир күндүн ар бир саатын, ар бир мүнөтүн жакшы көрөм. Себеби эмне?

– Себеби мен сени жакшы көрөм.

– Азамат! Менин акылдуум!

– Сени чынында эле жакшы көрөм. Мен сөзгө жокмун. Сендей кооз сүйлөй албайм. Бирок менин эмки жашоом сөзсүз сени менен бирге болот.

– Сен эмне, үйлөнүү тууралуу сунуш киргизип жатасыӊбы?

– Жок, үйлөнүү тууралуу сунушту башкача жасайм.

– Жанар, чын эле кел, үйлөнүп алабыз.

– Хе, үйлөнүү тууралуу сунушту сен киргизмей болдуӊбу?

– Чын, Жанар, эртеӊ менен сабакка чогуу келебиз, кайра чогуу кетебиз. Кечинде кучакташып алып чогуу уктайбыз. Эртеден кечке божурашып сүйлөшөт элек. Ойнойт

болчубуз.

– Анан балалуу болмокпуз.

– Ооба,- кыз кыялдана көздөрүн жумуп жылмайып алды.

– Ага да убакыт келет. Азыр айтканда романтикалуу туюла берет, бирок чыныгы турмуш менен бет келгенде романтиканын бырын-чырыны чыгып калат. Андыктан кыз-жигит болуп жүргөн мезгилге эч нерсе жетпейт.

– Жок. Биз башкача үй-бүлөлөрдөн болмокпуз. Мен билем. Биздин үйдүн атмосферасы башкача болмок. Ооба, жумушка бармакпыз-келмекпиз, акча табыш керек, оокат алыш керек, үй салыш керек. Көптөгөн милдеттер турмак, бирок эртеӊ менен эрте ойгонуп жанымда уктап жаткан жүзүӊдү көргөн кандай сонун болот эле. Сен менин маӊдайымдан өөп жумушка кетмексиӊ. А кечинде сагынышып жолугушмакпыз. Жылуу пледди оронуп кино көрмөкпүз.

– Тамак жейт белек?

– Ооба, экөөбүз сонун тамактарды жасап жемекпиз.

– Мен жумуштан чарчап келдим. Кана тамак деп кыйкырсамчы? Же эмнеге кийимдерим жуулган эмес, мен эмнени кием деп урушсамчы?..

 

– Кызыксыӊ го. Мен сага бири-бирибизге кыйкырып урушуу үчүн үйлөнүп алалы деп жатамбы?- Арууке таарынып тултуӊдап калды. – Үйлөнүп, мындан да бактылуу бололу деп жатам.

– Сүйүүбүз, романтикабыз турмуштун катаал шартына урунуп таш-талканы чыксачы?

– Бактылуу болуш адамдардын өзүнөн. Адамдар турмушту күнөөлөшөт, жашоону күнөөлөшөт, бири-бирин күнөөлөшөт, бирок бактылуу болуш алардын эле колундагы нерсе экенин түшүнүшпөйт. Балким, түшүнгүлөрү келишпейт.

– Аруш, сен абдан тазасыӊ. Бирок тагдырдын бурулуштары да болот.

– Сен эмне, ошондо мага үйлөнбөйм дегиӊ келип жатабы?

– Жок, ай, тентек. Мен бакытты чочутуп алуудан коркуп жатам. Бардык нерсенин өз убактысы болот.

– Хе, тийбей эле койдум сага! Жүрө бер ошентип маселе көп болот, тагдырдын бурулушу болот, бакыт чочуп качат деп.

– Аруш, мен бакыттын чочуп качканын көргөм. Ошон үчүн айтып жатам,- кыз-жигит саамга унчукпай калышты.

– Билесиӊби?- деди Жанар бир убакта. – Менин атам абдан жакшы адам болчу. Апам аны бир көрүп эле сүйүп калган экен. «Келишкен жигит болчу» деп азыр да айтып калат. Экөө бактылуу күндөрдү өткөрүшүп анан үйлөнүшөт. Мен төрөлөм, иним төрөлөт, анан карындашым. Айтор, сонун үй-бүлө элек. Чынында, бактылуу болчубуз. Күндөрдүн биринде атам айылга мугалим болуп келген Айша аттуу аялды сүйүп калыптыр. Баарынан кызыгы – Айша эже менин биринчи мугалимим болчу. Ал да атамдын сезимин четке какпаптыр. Мен 3-класста окуп жатканда атам бизден кетти. Айылдын этегиндеги үйлөрдүн биринде Айша эже менен жашап калды. Элестетсеӊ, мени биздин үй-бүлөдөн атабызды тартып алган мугалим окутчу. Ал абдан бактылуу экени көрүнүп турар эле. Ошондо биздин үйдөгү бакыт, апамдын көздөрүндөгү бакыт Айша эженин көздөрүнө көчүп кеткенин көргөм. Биз абдан бактылуу элек. Атам ар дайым жумушка кетерде апамдын бетинен өөп, балдарынын баарын сүйүп анан кетчү. Апамды абысындары, аяштары, курдаштары баары ич күйдүлүк менен карашчу. Атам менен апамдын катуу урушканын көргөн эмесмин. Бирок тагдыр сынап көрдү.

Атам сүйүүсүн тандады, бир кезде ал үчүн жанын берүүгө даяр болгон апамды таштап кетти. Апам ооруду. Таарынды. Биздин үйдөн бакыт качты. Мен 7-класста окуп жатканда атам бизге кайтмакчы болду. Апамдан, бизден кечирим сурады. Бирок бардыгы мурдагыдай болгон жок. Бир кезде атам үчүн үзүлүп түшкөн апам аны оозго келбес сөздөр менен каргады. Чынында эле көӊүлү калыптыр. Атам «апаӊды көндүр» деп мага жалдырайт. А мен эмне кылышты билбейм. Менин ичимде да атама болгон катуу таарыныч бар болчу. «Бар Айшаӊа!» дедим. Кыязы, бул сөз ага катуу тийген окшойт. Эзели ичпеген атам өлөрчө мас болуп айылдын чоӊ жолунда өткөн-кеткенге тийишип чыр чыгарды, мушташты. Кечинде оозу-башы канжалап үйгө келди. Апам кабыл алган жок. Эртеси атам дагы мас. Анын эртеси да. Күнүгө келип тынчыбызды алат. Акыры ал аракеч болуп кетти.

Бир күнү Айша эже аны үйүнөн кууп чыгарып койду. Апам атамды кабыл алды. Бир айдан соӊ анын көзү өтүп кетти. Иним, карындашым үчөөбүз атасыз калып, апам жесир болду. Бул тууралуу көп ойлонгом. Атам кетпегенде биз бактылуу болмокпуз, Айша эже келбегенде ал биз менен болмок, апам атам келгенде эле кабыл алса ал тирүү болмок, атама орой мамиле кылбасам ал ичпейт болчу. Ушул сыяктуу ойлор күнүгө жечү. Бирок бул турмуш экен. Жашоо бизди сынай берет тура. А бакыт деген кээде ушинтип чочуп качат экен. Бакыт эмнеге качты? Балким, атам өз бактысын чанып, андан чоӊураак бакыт табам деп Айша эжеге барып жаӊылганынан чочуду. Же кечиримдүү боло албаган апамдан чочудубу? Атасын сыйлай албаган менден чочуган чыгар? Мен жооп таба алган эмесмин. Бирок менде коркуу сезим пайда болду. Сөзсүз бир жакшы нерсенин артында, бактылуулуктун артында жаман нерсе болуп кетпесе экен деп күтө берем. Сен жанымда жүргөндө өзүмдү ушунчалык бактылуу сезем. Сөзсүз сени менен түтүн булатып, үй-бүлө кургум келет. Бирок ошол эле учурда сени бактысыз кылып албаймбы деп корком. Себеби мен сени чексиз жакшы көрөм. Сени бактысыз кылып алсам өзүмдү кечирбейм. Ошондуктан үйлөнүү тууралуу сөз козгоо эртерээк. Чынын айтканда, сен менден жакшы, менден мыкты адамга жолугуп бактылуу боло турган болсоӊ, жашооӊдон жок болуп кетүүгө даярмын. Башкысы сен бактылуу болушуӊ керек.

– Жинди го могу. Мен сени менен бактылуу болуп жатпаймынбы. Сенсиз жашай албайм, Жанар, түшүндүӊбү?- Аруукенин көздөрүнө жаш толуп кетти. Алар көпкө үн-сөзсүз кучакташып турушту.

– Жаныӊдан кетким келбей жатат,- деди Арууке үйүнө киргени жатып.

– Үшүп кеттиӊ, кир.

– Бүгүн да Волганы айдап келчи түндө.

– Кошунам бүгүн бербейт. Анын майын түгөтө айдап коюптурбуз.

– Жанар, чын эле кетким келбей жатат,- кыз жигиттин моюнуна асылып ыйламсырады.

– Үшүп кеттиӊ.

– Анда 5 мүнөт тура тур. Жыттап-жыттап алайын, анан кетесиӊ. Баса, сенин үйүӊдө ким бар?

– Эч ким, жалгыз жашайм.

– Анда мени бүгүн үйүӊө алып кетчи.

– Жок, болбойт.

– Жанар, суранам. Жаныӊдан кетким келбей жатат.

– Апаӊ урушат да.

– Апамдан суранып чыгам.

– Мен деле сенин жаныӊдан чыккым келген жок. Бирок туура эмес болуп калбайбы?

Арууке Жанарга жооп бербестен үйүнө чуркап кирип кетти. Аз өтпөй бактылуу жылмаюусу менен апасынан уруксат алып чыга келди. Ал күнү алар Жанардын үйүнө барышты. Жаӊы конуштагы үйдү иниси экөөлөп өз колу менен салышкан. Үй кичине, бирок абдан тыкан, жылуу. Арууке сөз кылгандай эле алар жылуу пледди оронуп кино көрүштү. Эркелешип, божурашып көпкө сүйлөшүштү. Эртеси уктап калгандыктан экөө теӊ сабакка барышкан жок. Ооруканадагы анализдердин жыйынтыктарын алууну да унутушту. Кечке жуук Арууке үйүнө барыш керек эле. Бирок ал апасына телефон чалып курбулары менен тоого лыжа тебүү үчүн кеткенин, дагы 2 күн жок болорун айтты. Келерки 2 күнү да Жанар менен Арууке үйдөн чыгышкан жок. Алардын бактысында чек жок эле. Кээде жөн гана үн-сөзсүз бири-бирин сүйүү толгон көздөр менен тиктеп отура беришет. Кээде кыткылыктап күлүп жаш баладай ойношот. Музыка коюп ак бийге түшүштү. Бирок көпчүлүк убакта жөн гана кучакташып жата беришти. Үчүнчү күн дегенде гана алар чогуу окуу жайга келишти.

 

***

 

– Силер эмне, бир түнөдүӊөрбү?- аудиториядан Адилет суроо менен тосуп алды.

– Жок. Ким айтты?

– Хе, экөөӊөр бүгүн таӊ атпай бир автобустан түштүӊөр го. Анын жөн кыз эмес экенин билгем.

– Эмне дейсиӊ? Жөн кыз эмес дегениӊ кандай?- Жанар туталанып кетти.

– Жеӊил ойлуу неме да,- Адилет көз кысып койду. Жанар аны бет талаштыра муштум менен уруп жиберди. Лекция окуп жаткан эжей түшүнбөй калды. Жыгылып түшкөн Адилеттин үстүнө Жанар былчылдата сокку жаадырып жатты. Экөөнү араӊ ажыратып калышты.

– Энеӊ!- Адилет оозунан аккан канды аарчып жатып сүйлөндү. – Бир кыздын айынан өлөйүн деп калган го. Жеӊил ойлуу экени көрүнүп турбайбы. Эш-шек!

– Оозуӊа карап сүйлө!

– Эй, мадыра баш! Ал кыз сага чейин эле далайы менен жүргөн. Эмне эле болуп жатасыӊ?

Жанар аны кармап турган балдардын колун силкип бошонду да, кайра Адилетти басып жыгылды. «Ме, сага!» Адилеттин көздөрүнөн учкун чачырады.

– Көк мээ! Адамдардын баары сендей эмес, уктуӊбу?! Өзүӊдүн сасык ойлоруӊду башка жагыӊа катып жүр, уктуӊбу?! Мал! Дагы бир жолу ал тууралуу оозуӊдан ушундай сөз угайын, жанчып салам!- Жанар токтоно албай жатты. Адилеттин чындап жүрөгү түштү. Бирок көкүрөгүндө кек калып калды. «Шашпа-а!» деп жатты ичинен.

Адилетти балдар тышка алып чыгып кетишти. Аздан соӊ Жанар экөө деканаттан эскертүү алып чыгышты.

– Жанар, эркек болуш керек. Бир кыздын айынан минткен болбойт. Кыз кызылчадан көп,- деди Адилет деканаттан кайтып келе жатып.

– Эй, акмак! Ал кыз үчүн мен сени асып да коюшум мүмкүн. Тилиӊди тартып жөн жүр!- Жанардын ачуусу тарай элек экен.

– Өзүӊ бил, тууган! Бирок мынабу көгөргөн көз үчүн жооп бересиӊ. Сабактан кийин жолугабыз. Мен сени менен башкача сүйлөшөм.

– Азыр эмне экен? Азыр сүйлөш да. Адилет, мени коркута албайсыӊ! Токтотчу, макулбу?- Жанардын күпүлдөгөнүнө Адилет үн катпады. Ал башынын ооруганын шылтоолоп сабактан эрте чыгып кетти.

 

***

 

Арууке Жанарды күтүп жаткан. Капысынан эле анын алдынан көзү көгөргөн Адилет чыга калды.

– Сойку!- деди Адилет ачуусун жашырбай.

– Эмне дейсиӊ?

– Сойку. Бүгүн Жанар бүт баарына мактанып жатат. Сен анын үйүндө болгон турбайсыӊбы?!

– Адилет, мээӊ ордундабы? Сага эмне болгон? Адамдардын баарын өзүӊдөй кара мүртөз, арамза ойлойсуӊбу? Мен билем, Жанар эч убакта андай сөздү сүйлөбөйт. Ушинтип

айтып койсом экөө кырылышып калат деп жатасыӊ го. Жаӊылышасыӊ!- Арууке шылдыӊ менен күлүп басып кетти.

– Энеӊ…Тим эле муну! Эй, билесиӊби сен кимсиӊ?

– Адилет, дагы бир сөз сүйлөсөӊ, Жанар берки көзүӊдү да түздөп салат. Эркектей бол! Кетип кал!- Аруукенин бул сөзүнөн кийин Адилет токтоп туруп калды. Жанардын жана эле жанын көзүнө көргөзгөн муштумдары элестеди.

Арууке Жанар аудиториядан чыгары менен анын моюнуна асылды. Жигит аны кучагына бекем кысып, көпчүлүккө көрсөтүп так көтөрүп тегеретти да, жүзүнөн сүйүп койду. Мунусу «мен бул кызды жакшы көрөм. Ал жөнүндө бирөөӊ жаман сүйлөп көргүлө, Адилеттей кылып коём» деген ишарат болчу…

 

Уландысы бар…

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️