Уйгу-туйгу сезимдер 1-бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=69630&preview=true Кызыктуу окуялар.

1 — БӨЛҮМ

 

 

Эмнегедир ошол жылы сентябрь абдан жамгырлуу болгон эле. Жанар таң эрте университетти көздөй кол чатырга жашына чуркап бара жаткан. Үчүнчү курс… Кесиптик сабактар башталган кез… Нөшөрлөп төгүп жаткан жамгырдан качып, шашып бараткандардын арасынан бирөө көзүнө илине калды. Жаанды да, жаандан качкан элди да тоготпойт, шашпайт. Кыз экен. «Буга эмне болгон? Бирөөгө таарынган неме го» чуркап баратып ушуну ойлогонго үлгүрдү. Кыздын жанынан төрт-беш кадам өтө бергенде кыз капысынан:

– Бизде чыныгы мырзалар калбай калганбы?- деп кыйкырып жиберди. Жанар токтой калды.

– Сен мага айтып жатасыңбы?

– Биз дароо эле сенге өттүкпү?

Жанар унчукпай катып туруп калды. Сөз таппагандыктан эмес, тек гана кыз жакындай бергенде анын көздөрү Жанарга укмуштуудай жагымдуу туюлуп кетти. Сууланган чачтары анын жүзүнө жабышып, бир ажайып.

– Ме!- деди Жанар кол чатырды сунуп. Бул ирет кыз дендароо боло түштү. Ак көйнөк, кара шым кийип, тим эле мектеп окуучуларындай жасанган жигит жок эле дегенде кечиресиз деп аны менен катарлаш басып, кол чатыр алдында аны менен таанышууга аракет кылат деп ойлогон. Бирок жигит кол чатырды карматты да, андан ары сумкасын башына коё сала кээде көлчүктөрдү чалпылдата кечип чуркап кетти.

Жанар аудиторияга жылмайган боюнча кирип келди. Бул жылмаюу сабактар аяктаганча анын ууртунан тараган жок. Окуу жайдан чыкса, жамгыр дале жаап жатыптыр. «Хе, сулуу көздөр үчүн кол чатырыңды садага чаптың эле. Мына эми, шөмтүрөп жүрө бер» деп өзүн-өзү шылдыңдап алды да, чуркап жөнөдү. Аялдамага чейин жетип алса ал жерден баш калкалайт да, андан ары автобус менен үйүнө жетип алат. Тилекке каршы, аялдамада баш калкалап тургандар абдан көп экен. Ал четте тагдырына баш ийип, жамгыр алдында тура берди. Автобус келе жаткан жокпу деп жолду карай бергенде машина зуу өттү да, жол жээгине чогула түшкөн суу Жанардын башынан бутуна чейин чачырап жатып калды. Кум аралашкан суу анын оозуна да кирип кеткен эле. «Туй ата, ушул эле жетпей жатты эле!» Жанар кейип жиберди. Ак көйнөгү баткак сууга чыланып, эртең мененки майрамга барчудай болгон түрүнөн кабар жок. Калп эле кийимдерин күүмүш болуп маңдайын караса, автобуста эртең менен анын кол чатырын алган кыз отурат. Жанарды карап жылмайып алган. Бүктөлгөн кол чатырды кармап, автобустун айнегине тык-тык этип эки-үч ирет чаап күлүп койгону жигитти жиндентип жиберди. Жанардын күлгөнгө дарманы жок эле. Автобустун өз үйү жакка барбасын билсе да түшүп алды. Элди аралай түз эле жылмайып отурган кыздын жанына келди.

– Алган нерсени кайра бериш керек,- кол чатырды кыздын колунан орой жулуп алып, таарынган түр менен алдыга өтүп кетти. Аялдамадан жерге түшкөндөн кийин гана үйүнөн чыкканда окуу жайга барып-келгенге эле жол кире алганын, азыр кол чатырын ала коём деп кете турган жол киресин коротуп койгонун түшүндү. «Туй ата!» деди ал ичинен.

– Чоң жигит!- капысынан артынан кыздын үнү угулду. Караса тигил кыз турат. – Сага кыздарга кандай мамиле кылышты үйрөтүшкөн эмес беле?- кыз орусчалап сүйлөп жатты.

– А сага алган нерсени кайра бериш керек деп үйрөтүшкөн эмес беле?-Жанар кыргызча жооп берди.

– Акыл-эсиң ордуңдабы? Бейтааныш эле кишиге кол чатырыңды таштап коюп, анан кайра доолайсыңбы? Азыр мени автобустан көрүп калбасаң, кол чатырың эсиңе да келбейт болчу.

– Сага жакшылык кылган адамды шылдыңдап күлгөн туура эмес.

– А мен сени шылдыңдаган жокмун. Жөн эле күлдүм.

– Айырмасы канча?

– Айырмасы, шылдыңдасам мына, лох деп күлмөкмүн. А мен сенин түрүңдү көрүп алып мына, клоун деп күлдүм,- кыз буларды айтып жатып кармана албай дагы жылмайып алды.

– Сен аябай сулуу экенсиң. Бирок ичиңде ит өлүп калыптыр,- Жанар бурулуп басып кетти.

– Ах, сени! Эмне мынча оройсуң? Мени менен жадакалса тыңыраак сүйлөшпөй туруп ичиңде ит өлүп калыптыр деп кантип айтып жатасың?- кыз безилдеп анын артынан калбай келе жатты.

– А сен эмне, өзүңдү жакшы адаммын деп ойлойсуңбу?- Жанар суроолуу тиктеп токтоп калды.

– Ооба, жаман адам эмесмин.

– Анда жол киреге 5 сом берчи. Үйгө кете албай жатам,- Жанар кызды жылмайып тиктеп койду.

– Күлкүлүү экенсиң.

Жигиттин жылмайганы анын азыр эле ашып-ташып жаткан таарынычын жок кылып жиберди.

– Бересиңби 5 сом?

– Менин да жол кирем калган жок. Үйгө акыркы акча менен бара жаткам, сенин артыңдан түшүп келе берип…

– А мен кол чатырымды алам деп… Баса, менин атым Жанар.

– Меники Арууке. Мен бул жерге жакын эле жашайм. Сенин үйүң алыспы?

– Жаңы конушта.

– Жүрү анда, менин үйүмө чейин жөө баралы. Анан сага үйдөн акча алып чыгып берем. Экөө жөө басып жөнөштү.

– Кол чатырыңды кайра алдырып жиберем деп коркуп жатасыңбы?

– Эмнеге?

– Бүктөгөн боюнча эле кармап келе жатасың го,- деди кыз жылмайып. Жамгыр нөшөрлөп жаткан. Жанар да күлдү.

– Мына,- кол чатыр жазылды.

– Дайыма жигиттерге өзүң биринчи тийишесиңби?

– Хе, мен сага тийишкен жокмун. Эртең менен кол чатырымды унутуп калыптырмын. Анан универге баратсам, сен келе жатыптырсың. Жок дегенде ушул жигиттин кол чатырынын алдында жетип алайын десем, мага кармата салып кетип калдың. Баса, мен чын эле сулуу бекеммин?- кыз жылмайып алды.

– Ооба.

– Сыртым эле сулуу бекен?

Жанар жооптун ордуна тек гана күлүп койду. Аздан соң алар көп кабаттуу үйдүн алдына келишти.

– Тура тур, мен азыр,- Арууке подъездге кирип, аздан соң колуна акча кармап чыга келди. Бул окуядан кийин алар күнүгө жолугушчу болушту. Кандайдыр бир керемет күч буларды жакындата берди…

– Силер күнүгө жолугушасыңар, бир окуу жайда окуйсуңар, бирок кыз-жигит эмессиңер, кандайча?- деген Адилет Жанарга акырын үн катты. Аудиторияда лекция жүрүп жаткан.

– Биз жөн гана доспуз.

– Кыз-жигиттин ортосунда достук болбойт. Мен сенин ордуңда болсом, эчак ал кыз менен кол кармашып алмакмын. Кыз татынакай, шаардык, орусча сүйлөйт. Же ал сени айылдык деп карабай жатабы?

Шыбыраган Адилет жайына койбой жооп күтүп калды. Жанар бул жигит менен 1-курска келгенде эле ынак болуп кеткен.

– А мен ага кыз-жигит бололу деп сунуштаган эмесмин. Сен кантип аны менен кол кармашып алмак элең? Сен деле мендей айылдыксың да.

– Менин айылдык экеним билинбейт.

– Сен Бишкекте көп кабаттуу үйдө жашасаң деле кыш чилдеде мал жайгарып, жайкы ысыкта талаада иштебей эле капкара болуп калгансың.

– Кеп кара же акта эмес. Адамдын терисинин түсү эч нерсени чечпейт.

– Ооба, расист болбош керек,- Жанар күлүп жибербейин деп араң отурду. Адилет туталанып кетти. Бул сүйлөшүүдөн кийин Жанарда бир башкача уйгу-туйгу сезимдер пайда болду.

 

ххх

 

Окуу жайдан чыгып бара жатканда телефонуна чалуу келип, экрандын бетине бадырая Арууке деген жазуу чыкканын көрүп өзүнчө жылмайып алды.

– Алло.

– Козу карын, кандайсың?- деди күлкү аралаш кыздын үнү.

– Эмне, бүгүн жаңы ат койдуңбу?

– Ооба.

– А эмнеге козу карын?

– Бүгүн сабакта отуруп биринчи сени көргөн күндү эстеп кеттим. Кол чатырыңды кармап, анан калса аппак көйнөк кийип алып жүрбөдүң беле. Элестетсем, козу карынга окшош болгон

экенсиң. Анан сени козу карын деш керек экен дедим. Кайдасың?

– Универде.

– Мен 2 сааттан кийин чыгам. Сабактар бүтө элек. Кетпей тур!- Арууке Жанардын жообун күтпөй эле телефонду коюп койду. Чынында, жигит бул күнү Аруукеге жолукпай кетсе жан дүйнөсү тынч алмак эмес. Эмне болуп жатканын өзү деле түшүнбөйт. Бирок дайыма көпчүлүктүн арасынан көздөрү менен кызды издей берет. Анын телефон чалуусун дайыма күтүп жүрөт. Ал эми жанына барганда дүйнөсү түгөл болуп, жаны жай ала түшөт. Биринчи көргөн күнү эле Аруукеден белгисиз жылуулукту сезген. Андан бери үч ай өттү. Жигит көздөрү бакырайган, дайыма күлүп жүргөн, ойго келбес кылыктарды жасап жибермей адаты бар бул шаардык кыз айылдан келген аны менен эмне үчүн убактысын өткөрүп, эмнеге сүйлөшүп жүргөнүн түшүнө албайт. Аруукенин жигити болуу Жанардын оюна деле келген эмес. Арууке ал үчүн азыр кол жеткис бийиктикте. Антсе да бүгүнкү Адилет менен болгон сүйлөшүү аны кыйла ойлонтуп койду.

Аруукени күтүп отуруп Жанардын оюна бир нерсе кылт этти. Телефонун шапа-шуп алды да «мен кеттим, эртең жолугабыз» деп кат жиберип койду. Көп өтпөй «козу карын, каадаланба! Жөн отур!» деген жооп келди. «Кете берейин» Жанар кайра жазды. «Козу карын, мен таарынам» деп Арууке жооп берди.

– Мени көргүң келип жатабы?

– Ооба.

– А эмнеге?

– Досумсуң да.

– Мага бүгүн кыз-жигиттин ортосунда достук болбойт дешти.

– Козу карын, үйүңө кете бер!

 

ххх

 

Арууке аудиториядан кабагы салыңкы чыкты. Тепкичтерден жиндене тез-тез басып, окуу жайдан чыгып түз эле үйүн көздөй жөө жөнөдү. Жанар оюнан кетпей койду.

Буга чейин бир жигит менен мамиле курган. Айбек мектептеги эң сүймөнчүк бала эле. Бою узун, келбеттүү, күнүнө бир жолу бирөө менен мушташпай жүрө албаган аны мектептин кыздарынын тең жарымы жакшы көрчү. Мына ошол «мачо» Аруукени айланчыктап калды. Курбуларынын бардыгы «сен кандай бактылуусуң» деп суктанып жатышты. Көпчүлүктүн оюна жетеленди окшойт, аз өтпөй Айбек менен Арууке жетелешип калышты. Бирок аны менен 2 айдай жолугушкан соң Арууке мамилени үзүп койду. Курбуларынын бардыгы «жиндисиңби? Сонун жигиттен баш тартып жатасың» деп күйпөлөктөп калышты. «Аны менен зеригип кеттим. Же күлдүрө албайт, же ыйлата албайт. Ал мына бул жердеги боштукту толтура албай койду» деп курбуларына актанган Арууке жүрөк тушун көрсөткөн. Мына эми ошол боштукту жаңыдан биринчи курска аяк таштаганда жамгырлуу күнү таанышкан Жанар аттуу жигит толтуруп койду. «Ал жасалма эмес. Күлсө да, жинденсе да, сүйлөсө да бардыгын чын дилинен жасайт. Жакшы адам. Менин досум. Менин жакшы көргөн досум» Арууке Жанар тууралуу күндөлүгүнө ушинтип жазып койгон. Азыр кыздын эсине мына ушулардын баары келе берди. Сапырылган ойлордун учугун таппай бараткан кызга ноябрдын нурсуз бүркөө күнү да кошул-ташыл болуп жалгызсыратып жиберди.

Капысынан телефонуна кат келди. Жанар «Биз ушинтип унчукпай кете берсек, мен чындап эле кетип калам. Зеригип кеттим. Кел, чуркап жарышабыз» деп жазып жибериптир. Арууке бир аз дендароо боло түштү. Аңгыча эле Жанар чуркап ага жанаша түштү да:

– Бол, бол! Кеттик!- деп чуркаганын токтотпой кыздан ашып өттү.

– Жинди!

Арууке күлүп жиберди. Ал Жанарды көргөнүнө кубанып кетти. Жигиттин токтой турган ою жок. Берилип чуркап алган.

– Ким артта калса, ошол гамбургер алып берет.

– Адилетсиз болуп калат. Сен менден мурун кетпедиңби?!

Аруукенин жанагы муңайган абалы дароо ачык маанайга алмашты. Жигит артка кайтты да «кеттик!» деди. Алар жарышып чуркап жөнөштү. Жан алы калбай чуркап, ошол эле убакта боору эзиле каткырып келе жатышкан жашы 20нын айланасындагы кыз-жигитти көпчүлүгү таң калуу менен, айрымдары күлүп карап узатып жатышты.

Жанар кыйла алдыга озуп кетти. Алдыраак барып токтоду да, артында чуркап келе жаткан Аруукеге бурулуп кучагын жайып туруп алды. Каткырып чуркап келе жаткан кыз эмне кыларын билбей калды. Күү менен келип Жанардын кучагына кептелди. Жигит аны кучагына бекем кысты да, эриндеринен акырын өөп койду.

– Сен… Сен эмне кылып жибердиң?- Арууке түшүнбөй көздөрү тостойо түштү.

– Достугубузга чекит койдум,- деди Жанар олуттуу…

 

– Кантип?

– Минтип,- Жанар кайрадан Аруукенин эриндеринен өптү.

– Кантип? Эмнеге? Жанар, мындай болбойт!- кыз анын кучагынан бошонуп кетти.

– Кечирип кой, бирок мен сени менен дос боло албайм. Мен сенин колдоруӊдан кармагым келет, өпкүлөгүм келет, кучактагым келет. Кыскасы…- Жанар сөзүнүн учугун таппай калгандай унчукпай калды – Кыскасы, мен романтик эмесмин. Бирок мен…

– Жанар, сен болгону менин досумсуӊ. Андан ашыкча болбойт!- Аруукенин сөзүнөн кийин экөө теӊ унчукпай тунжурап калышты.

– Андай болсо гамбургер алып бер! Сен артта калып калдыӊ!- Жанар аргасыз жылмайып басып кетти. «Туй ата, эмне кылып салдым?» деп ичинен өзүн жеп жатты.

– Жанар!- дагы эле эсине келе албай жаткан Арууке өктөм сүйлөдү. – Сен эмне кылып салганыӊды билесиӊби?

– Ооба.

– Ооба деп коёт. Сен эмне кылып салдыӊ?!- кыз чебелектеп жиберди.

– Минттим,- Жанар кызга жакындап келди да, кайрадан эриндеринен өөп койду.

– Жинди!

– Билем.

– Сен эмне кылып салдыӊ?

– Дагы көрсөтөйүнбү?- Жанар жылмайып жиберди. Арууке болсо же күлөрүн, же ыйлаарын билбей арсар абалда турду. Ал мындай бурулушту күткөн эмес. Сүйлөй турган сөз да табылбады.

– Сен чуркап келе жаткансыӊ, а мен алдыӊдан тостум да сени кучактап калдым. Мына минтип,- Жанар Аруукени бооруна кысты. – Анан…

– Сен эмне кылып салдыӊ?- деди Арууке үнүн акырын чыгарып. Бул ирет ал Жанардын кучагынан бошонгусу келген жок. Жигиттин моюнуна асылып бекем кучактады. Арууке дал ушул учурда жан дүйнөсүндө түшүнүксүз, бирок ушунчалык жагымдуу жымжырттык пайда болгонун сезди. «Бул сүйүүбү?» ичинен өзүнө-өзү суроо берип, бирок жообун таппай жатты. Аздан соӊ алар жетелешип жөнөштү.

 

ххх

 

– Келдиӊби, кызым?- Калия эшикти ачып кызынын маӊдайынан өптү. Арууке апасын күлө карап алды.

– Эмне болду?- кызынын ууртундагы өзгөчө жылмаюуну байкаган апасы суроолуу карады.

– Эч нерсе.

– Күлүп калганыӊдан айтам.

– Мен дайыма эле күлүп жүрөм го.

– Ооба, бирок бүгүн башкачасыӊ го?

– Жок, кадимкидей эле,- кыз көзүн ала качты. Өз бөлмөсүнө кирди да, курбусу Маликанын номурун шапа-шуп терди.

– Алло, Малика, кандайсыӊ?

– Жакшы, өзүӊ?

– Малика, сен Каныбек менен кыз-жигит катары сүйлөшөсүӊ да. Мен сенден бир нерсе сурашым керек. Сен Каныбекти сүйөсүӊбү?

– Жинди го. Сага эмне кереги бар? Ха-ха-ха…

– Сүйүү деген кандай болот?

– Оо, биздин ханбийке кызык суроолорду берип калыптыр. А сен эмне, бирөөнү сүйүп калдыӊбы?

– Сен суроого жооп берсеӊ.

– Сүйүү кандай болорун так айта албайм. Бирок Каныбекти сүйөм го дейм. Ха-ха… Эми мындай да, Арууке. Каныбек жакшынакай бала, машинеси бар, заманбап болуп жүрөт. Кыскасы, аны менен жетелешип баскандан уялбайм.

– Болдубу?

– Дагы эмненин кереги бар? Башкысы кебетеси суук болбосо, анан кызды сыйлай ала турганга акчасы болсо… Маданияттуу болсо жакшы көргөнгө болот да. А сен эмне, жигит таптыӊбы? Айтсаӊ?

– Жо-ок, мен жөн гана сүйүүнүн симптомдору кандай болорун билгим келген. Мейли, жакшы кал!

– Арууке? Айтчы эми, ким ал? Ал сени каякка алып барды? Клубгабы? Ресторангабы?

– Хе, ал мага бүгүн гамбургер алып берди.

– Эмне-е?! Сүйүктүү курбум, сиз бир кедей-кембагалдын колун кармап алгансыз го. Алданбаӊыз! Дагы бир жолу айтып жатам. Сизди жандай турган жигит жок эле дегенде БМВ Х5 айдашы керек.

– Билесиӊби, Малика, анын жанында мага эч нерсенин кереги жок. Ал бар, болду. Менимче, анын жанында бакыт бар го дейм. Анын кучагы ушунчалык жылуу, жагымдуу. Кээде аны кичинекей наристени жакшы көргөндөй жакшы көрүп кетип жаттым. Үн-сөзсүз унчукпай эле жетелешип жүргөндөн эле ырахаттандым…

– Оу-у…- Малика үндөбөй калды. Ал эӊ жакын курбусунун мындай сүйлөгөнүн көргөн эмес. Сүйүп калыптыр деп ойлоп койду…

Арууке Малика менен сүйлөшүп бүтүп керебетине чалкасынан түштү.

– Кандай жакшы! Эртеӊки күндү да чыдамсыздык менен күтүүгө болот турбайбы. Жанар, сен кандай жакшысыӊ!

– Жамгыр-Жанар. Уйкашып кетет экен. Жанар-жамгыр, жамгыр-Жанар…- Арууке жигит менен таанышкан күндү эстеп жатты. – Ал эмне кылып жатат болду экен?- деди бир убакта жылмаюусунан жазбай.

– Арууке?- апасы ашканадан үн салды. – Бүгүн анализдериӊди тапшырдыӊбы?

– Жок, апа, жетишпей калдым.

– Ушундай болмок беле? Ден соолукту караш керек да. Башым айланып жатат дейсиӊ да, кайра кайдигер жүрүп алганыӊ кандай?

– Менин башым бүгүнтөн баштап оорубайт,- Арууке кыялдана сүйлөдү. – Мен дары таптым,- деди үнүн акырын чыгарып.

– Эмне дейт?

– Эч нерсе, апа. Кам санабаӊыз. Мен жакшы элемин. Менде баары сонун.

– Эртеӊ сөзсүз тапшыр, унутпа!

 

***

 

Жанар Аруукенин сабактан чыгышын күтүп жатты. Күн бүркөө. Окуу жайдан чыгып аны көрө калган Адилет түз эле досун көздөй басты.

– Жүр аялдамага чейин чогуу чыгалы.

– Мен бирөөнү күтүп жатам.

– Койчу, ай! Ал кыз сени карабайт. Күнүгө шөмтүрөп күтүп жүрө бересиӊби? Азыр жигити келип калса ошону менен кетет, сен каласыӊ. Бас!

Дал ушул учурда окуу жайдан Арууке чыкты. Жанарды көздөй басып келип, анын бетинен чоп эттире өөп алды:

– Көпкө күттүӊбү?- Адилет таӊ калганын жашырган жок. Оозун ачып туруп калды. Жанарга ушул эле керек болчу.

– Жок, мен деле жаӊы чыктым. Кеттикпи?

– Саламатсызбы?- Адилет Арууке менен учурашты. Анын көздөрүндө кантип деген суроо дапдаана окулуп жатты.

– Арууке, бул менин досум Адилет. Адилет, бул Арууке. Менин эркем.

– Абдан жакшы, Арууке, жамгыр кишинин эркесимин,- Жанарды эркелеп карап койду.

– Адилет… Жамгыр кишинин, ой, Жанардын досумун,- деди таӊ калганынан жазбай.

– Жанарды жамгыр киши деп мен эле айтышым керек,- Арууке тамашалап өктөм сүйлөдү. Кайсалактап эмне кыларын билбей калган Адилет шашкалактап коштошту да жолуна түштү.

– Козу карынга караганда жамгыр киши сонун угулат экен.

– Эрте кубанбай туруӊуз. Эртеӊ башкача ат менен аталып калууӊуз ыктымал.

– Мейли, баарына макулмун. Эмне кылабыз? Кадимки кыз-жигиттердей сейил бакты аралап басалы, киного баралы, балмуздак жейли, ээ?

– Ошентели. Анан кайтып келе жатып «Ала-Тоо» аянтынан сүрөткө түшкөндү да унутпайлы,- кыз жигиттин тамашасын улады. Бирок алар өздөрү айтып жаткан нерселерди жасашкан жок. Автобуска отуруп шаар четиндеги суу сактагычты көздөй бет алышты.

 

***

 

– Мм, өзгөчөлөнүүгө аракет кылганыӊыз үчүн «5»! Жакты. Тигинде дарактарды суу көмүп калыптыр, сонун көрүнөт экен. Балык кармаганга да болот экен.

– А мен бул жакка балык уулаганга эмес, жөн эле ташты суу үстүнөн кайытып ыргытуу үчүн келчүмүн.

– Хе, күлкүлүүсүӊ! А эмнеге?

– Мисалы, минтип ташты алчумун да, төлгө аччумун. Эгер азыр таш сууга 5 жолу кайкып тийсе, демек, Аруукеге мен жөн адам эмесмин, ал мени жакшы көргөн болот

дечүмүн.

– Анан?

– Кээде таш 5 жолу кайкымак тургай «чулп» этип кирип кетип, койчу, сен ал сулууга эч ким эмессиӊ деген жообун берчү,- Жанардын бул кылыгына Арууке күлүп жатты.

– Мен бүгүн дагы төлгө ачам. Кана, таш, Жанар Аруукени жакшы көргөндөй эч кимди жакшы көргөн эмес десеӊ, сууга кайкыбай эле түптүз кирип кет!- деп жээктеги майда таштан бирди алып сууга ыргытып койду.

– Жанар Аруукени жоготуп алуудан коркот. Ал кетип калса, же сезимдери менен ойноп койгон болсо Жанар ооруйт. Жоголуп кетиши мүмкүн десеӊ, сууга кайкыбай түптүз кирип кет,- деп дагы бир ташты ыргытты.

– Хе,- Арууке колуна жээктеги майда таштан бирди алды. – Кана, кичине таш, эгер Арууке Жанарды чынында эле жакшы көрөт десеӊ, суу үстүнө 5 жолу кайкып тиесиӊ. Ашык да эмес, кем да эмес. Келиштикпи?- кыздын бул сөзүнөн соӊ Жанарда кооптонуу пайда болду. Билгизбөөгө аракет кылып жатты, бирок анын өӊү өзгөргөнү дароо байкалды.

– Иху-у,- кыз ташты ыргытты. «Бир, эки, үч, төрт, беш» Жанар ичинен тынчсызданып, таштын сууга тийип кайкыганын санап жиберди. «Yes!» жигит кубанганын жашырган жок. Колун өйдө көтөрүп жиберди.

– Көрдүӊбү?

– Кантип 5 жолу? Ашык эмес, кем эмес.

– Анткени мен сени чын эле жакшы көрөм,- кыз жигиттин моюнуна асылды.

– Тийбей калса эмне болмок?

– Тийбей калса жакшы көрбөгөн болот деп айткан жокмун да. Туптуура 5 жолу тийгенине мен деле таӊ калып жатам. Муну тагдыр деп койсо болот го. Же жөн гана дал

келүүбү?

– Дал келүү эмес. Жашоодо кереметтер болот. Мени жакшы көрүп жатканыӊдын өзү керемет,- жигит Аруукенин эриндеринен өптү.

 

***

 

– Бүгүн да анализ тапшырган жокмун десеӊ урушам,- Аруукени апасы ушундай сөздөр менен тосуп алды.

– Апа, менде баары жакшы.

– Баары жакшы болсо, эмнеге эсиӊ ооп жыгылып калып жатасыӊ? Арууке, жоопкерчиликтүү болуш керек да. Эртеӊ сени өзүм жетелеп барам. Ден соолукту караш керек,

кызым.

– Апа, эртеӊ сөзсүз тапшырам, убада берем…

 

Уландысы бар…

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️