Пример HTML-страницы

Туткун кыз 28 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=20913&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТУТКУН КЫЗ

28-БОЛУМ

КАЙРАДАН ЭСКИ КАПАСТА

— Бери алып келгилечи аны! -өлкөн жолку чачын тасырайта алып таштаган муруттары узун, өңү кадимки Тарас Бульбанын кейпи элестеткен, толмочунан келген, жашы элүүдөн өтүп калган киши кимгедир ачуусу келе, буйра сүйлөдү. Эки-үч жигит анын жанына Диананы жулкулдата сүйрөп келишти.

— Аябагандай куу, өткүр кыз окшойсуң, баса өткөн жолу кандайча качып кетип калдың капастан. Ал жактан чыкканга мүмкүн эмес эле го, же биздин кишилерден кимдир бирөөлөр сага жардам бердиби? Диана акчага азгырылып, бардыгына кайыл болгон, ач көз, кадимки Карлсонго окшош бою жапалдаш тарткан, толмочунан  келген кишини бир карап койду. «Айтсамбы, айтпасамбы» деп бир аз турду да, анын «бойго жетип калган эки уулум бар» деп машинеде акча издеп чыгышканда айтка сөзү эсине түшүп кетти. «Мейли жашай берсин», «бобул болчу» деп аны көзгөзгүсү келген жок.

— Айтпайсыңбы, тигил тор капастан кантип чыгып, качып кеттиң, сага ким жардам берди биздин кишилерден, же аларды акчага маарытам деп азгырдыңбы?

— Силердин кишиңерден эч ким жардам берген жок мага, мени өзүмдүн кишилерим келишип, куткарып кетишти.

— Өзүңдүн да кишилериң барбы бул жакта. Өткөн жолу Ташкентке биричи жолу келишип эч кимди тааныбайм деп айтпадың беле. Демек сен жалгыз эмес экенсиң да. Баса, айтмакчы алиги телевизордон көргөзүп аткан

Кыргызстандык проституткалардын арасында сен да жок белең ыя? Жашың дагы, өңүң дагы, жериң дагы баары ошого ылайыктуу болуп турат. Сен ошолор жактан качып кеткен жок белең ыя, болбосо Ташкенде  эмнеге адашып темселеп жүрөсүң?

— Мен өткөн жолу айткам, дагы кайталап айтам, бул жакка болгону соода иштери менен гана келгем. Боз улан балдардан качып мерседес машиненин багажынын ичине кирип жашынып калгам. Анан…

— Эски историяңды дагы баштадыңбы. Бизди ошого ишенет деп ойлоп жатасыңбы? Андай болсо эмнеге өзүңдүн кыргызстаныңа кеткен жоксуң эмнеге ушул убакка чейин Ташкенде темселеп жүрөсүң Азыр эле айтпадыңбы «мени өзүмдүн кишилерим келип куткарып кетишти» деп. Буга кандайча жооп бересиң? Диана жаңылып эки ача сөз сүйлөп алганын эми түшүндү, эски, куу карышкырларга эмне деп жооп берээрин билбей кыйын ахывалда калды.

— Баким милициянын агенттеринен болуп жүрбө ыя. Андай деп ойлойун десем биз эбакта кармалып баарыбыз ойрон болмокбуз. Демек сен алардын кишиси эмессиң. Өзүң деле ойлончу жакшылап анча акчаларды эмне кыласың. Ал акчалар менен район эмес областы кенен-кесир баксаң болот. Кайрылып берилмейинче баары бир биз сага жер жүзүндө жашоо бербейбиз. Акыры өлүп тынасың, үй-бүлөөң бүт кырылат. Өзүң он гүлүңдүн бир гүлү ачыла элек жаш кыз экенсиң, жашоо али алдыда. Биз менен болсоң, акчаларды кайрып берсең, биз сага керек болсо телохранитель болуп беребиз. Сага эч ким «кың» дей албайт, жашооң жакшы болот. Ошончо акчаларды баары бир өмүрүң өткүчө түгөтө албайсың, бир пачка доллар менен эле өмүр бою бай жашап өтсөң болот. Анча акчанын сага кереги эмне? Өкмөткө өткөрө турган болсоң жалган акча чыгаргандыгың үчүн деп түрмөгө кесилип кетесиң. Баса, ал акчалар чыныгы акчалардан эч айырмасы жок, экспертизадан чындап текшерген күндө дагы баары бир кынтык таба алышпайт. Качып деги эч жакка кете албайсың. Жердин жети кабат түбүнө, асмандын алты кабат үстүнө чыгып кетсең дагы баары бир таап алабыз. Өзүңдүн жакшы  жашооңо өзүң кедерги кылып жатасың. Ач көздүк кылып аларды же өзүң пайдаланбай же бизге пайдалантпай бөөдөдөн бөөдө талаада каласың, эч нерседен кутула албайсың. Орго түбөлүк жатасың, акчаны бизге кайрып бермейинче ал жактан сени чыгарбайбыз. Өткөн жолку орго жатканыңды унуткан жоксуңбу. Эми андан да хуже болот. Чыныгы тирүүлөй тозокту көрөсүң.

— Силерге менден эмне керек? — Диана анын сөзүн бөлүп кетти.

— Анкорлонбо, бардыгын түшүнүп билип турасың. Акчаларды каякка жашырдың көргөзүп бер, болду. Сенин жүргөн-турганыңдын бардыгы көрүнүп турат. Ал акчаларды сен азырынча пайдалана элексиң. Бир жерге  катып, жашырып салып, пайдалангандан коркуп жатасың, же туура эмес айтып жатамбы? Эгер пайдаланган болсоң алдагындай болуп жүрбөйт болчусуң. Кийген кийимдериң, жүргөн-тургандарың башкача болуп жалаң алтын буюмдарды тагынып калмаксың. А түгүл атыңды дагы билбейбиз сенин ким экениңди. Асмандан түшкөн периштедей болуп кайдандыр-жайдандыр пайда боло калып акчаларды алдың да кайра көздөн кайым  болуп кеттиң. Сен кимсиң, өзүң айтчы?

— Кадимки эле кызмын Кыргызстан тараптан соода кылып келген…

— Калп айтпа сен соода кылган кызга окшошпойсуң…

— Анда кандай ойлосоңор ошондой ойлогула. Мен анда ошол силер ойлоп жаткан кызмын.

— Смелый кыз экенсиң, бирок эсиңде болсун сен деген азыр биздин колубуздасың, туткун кызсың. Сенин тагдырың, келечек жашооң биздин колубузда. Сени өлтүрсөк да, мууздасак да биз өзүбүз билебиз.

— Андай болсо мууздап салгыла.

— Ага шашылба, али убакыт бар үлгүрөсүң. Бизди деген акчалардын каякта экени кызыктырат.

— Өткөн жолу эле айткам, дагы айтам. Мен силердин анча акчаңарды алган жокмун. Эгер алган болсом бул жерде бир мүнөт да турбайт болчумун. Эбакта көздөн кайым болмокмун. Же өзүмдүн жергеме Кыргызстанга  кетмекчимин, же таптакыр эле башка бул жерден өтө эле алыс жакка качып жоголмокмун. Силер мени таппай да калмаксыңар. Өзүңөр деле ойлобойсуңарбы. Ким деген ошончо акчаны уурдап алып, эч нерседен коркпой шаар ичин аралап жүрсүн. Менин күнөөм, уурулугум бар болсо ушинтип көчөдө жөө, ээн-эркин басып жүрмөк белем. Өзүңөр деле логический ой жүгүртүп көрсөңөр боло. Чөнтөгүмдө бир сом акча жок, кийген кийимдерим болсо бул. Акчанын жоктугунан өзүмдүн Кыргызстаныма жете албай жүрөм.

— Антип аңкорлонгонуңдан баары бир майнап чыкпайт. Ал акчаларды сен бир жерге жашырып таштадың… пайдаланып, чыгымдагандан коркуп жатасың. Акчаларды сенден башка эч ким алган жок.

— Өзүңөрдүн кишиңерге ушунчалык эле ишенесиңерби? Балким акчалардын баарын өзүңөрдүн адамыңар алып болгон күнөөнү мага оодарып коюп, ушул араңарда отургандыр табасы канып, эч нерсе билмексен болуп. Керек болсо ал акчаларды өзүңөрдүн араңардагы кишиңер алды. Мен бир сом да алган жокмун.

— Дагы айтам антип аңкорлонгонуңдан баары бир эч майнап чыкпайт. Сенимн алганыңа биз жүз пайызга ишенебиз. Так что убакыт бар жакшылап ойлон, калганын эртең сүйлөшөбүз. Али алдыда убакыт бар маектеше турган.

Топтошуп турган кишилердин баары биринин артынан бири ээрчише сыртка чыгып кетишти. Алиги Карлсонго окшош топтомолок болгон киши Диананын жанына жылмалаңдай басып келди.

— Ырахмат сага кызым, мени бир өлүмдөн сактап калдың, болбосо… Болуптур жүрү тиякка. Ал Диананы ээрчитип барып өзүнө тааныш, эки жарым айдан ашык жаткан ордун ичине түшүрүп сыртынан бекитип таштады.

 

 

 

 

 

ДИАНАНЫН ЭНЕ-АТАСЫНЫН БАЯНЫ

 

 

 

«Булар кимдер болду экен, алиги Кыргызстандагы Марат Исабековдун бандалары бардыгы кармалышып, түп тамыры менен жок кылынбады беле. Же али да алар барбы? Андай болушу мүмкүн эмес, ал боюнча атайын агенттер иштеп Исабековдун кишилерин түп тамырынан бери тазаладык дебеди беле. Баса, айтмакчы Марат

Исабеков өзү чет өлкөлөрдүн бирине качып кетиптир деген имишти укпадымбы, балким ошолордун кишиси болуп жүрбөсүн? Болуптур, ошолордун кишиси болсун деп коёюн өздөрү куйруктарын кысып качып жүрүшсө көчөдөн эле Диананы салып алып кетишпейт эле го. Кайра өзүөлөрүнө өзүлөрү ор казып алышмак. Бул жерде что-то не то, же Диана башка бандалар менен да связы барбы. Деги эмне деген кыз бул Диана? Каякта жүрсө да аны куугунтуктап жүрүшөт. Өткөн жолу да качалаган кыздар өлүмгө учурашты, а бул болсо тирүү калды. Диана деген ким өзү, чын эле кыргыз кызыбы же чоң мафияда аралашып жүргөн кылмышкерби? Өткөн жолу  кандайча качып кетти. Үй толугу менен курчоодо эмес беле. Же аны менен бетме-бет жолугушуп сырдашып, сүйлөшө албай койдум. Аны кокусунан жолуктурбаганда , көрбөгөндө мынчалык азаптанбайт элем. Кызык, аны жер алдындагы люктун ичине кимдер таштап кетишкен. Ал люк турган складды бизден башка эч ким ача албайт да. Анда ким аны ошол жакка алып барып сыртынан бекитип таштаган? Сыйкырчыдай болуп  капысынан пайда боло калат да кайра ошол эле замат көздөн кайым болуп кетет. Бул деги табышмактуу кыз өзү ким, же Диана деген атты жамынган Мэхранын сөлөкөтүбү? » Ибрагим өзү менен өзү сүйлөшө бир нерсеге  башы жетпей турду. Анын ким экенин Албина өзү да жакшы билбейт экен. Болгону айылга баратканда автобустан жолугуп Мэхрага аябай окшош экенинен үйүнө алып барып, бир айдан ашык багып, анан үйүнө узатып келатканын айтты.

— Баса, айтмакчы, ал биздин үйгө Кыргызстандагы дарегин калтырган болчу. Кийинчерээк конокко дагы келем деп айткан. Өзү менен кошо сиңдисин ээрчите келем деген.

— Анын дарегин кантип алсам болот?

— Эмки келгенде мен ала келем…

— Жок мындай кылалы… — Ибрагим бир азга ойлонуп калды. — Азыр бул иш боюнча өзүмдүн тааныш  милицияларыма кабар берейин. Алар калаа ичинде болгон Мерседестерди бүт текшерип, анализдеп чыгышсын. Бул мезгил аралык ичинде мен сиз менен кошо айылга барып Диананын Кыргызстандагы дарегин алып келейин. Мүмкүнчүлүк болсо ал жашап турган Кыргызстанына да барып келем. Диананын ким экени  ошондо анык болот. Окуя боюнча милицияга кабарлаганда көптөн бери бул иш боюнча иштеп жүргөн полковник кайрадан калаадагы бүт милицияларды бутуна көтөрдү. Ташкент шаарынын ичинде болгон бүт ак мерседестердин тизмелери компьютер менен алынып, анын ээлери ким экени каякта иштери текшериле баштады. Бул мезгил аралыгында Ибрагим Мэхранын үйүнөн Диананын дарегин алып, Кыргызстанга жөнөп кетти. Ал Бишкек шаарынан анча алыс эмес Токмок шаарын көп кыйналбай эле тапты. Атүгүл Диананын эне-атасы жашаган көчөнү, үйдү да дароо эле тапты.

— Биз кызыбызды жоготуп жибергенибизге эки жылдыз жүзү болуп калды, — деп сөз баштады Диананын эне-атасы, — тиги Бишкекте улуу кызыбыз турат, мектептеги окуусун бүткөндө, же окууга тапшырам, же иштейм деп калаага кеткен болчу. Анан эле дайынсыз жоголуп кетип атпайбы. Милиция менен издөө кылдырдык,  телевизорго, гезиттерге бердик. Дегеле эч жерден дайыны табылбай калган. Ошо убактарда менин кызым менен куракташ жаш кыздардын дайынсыз жоголуп кеткендери көп болуп кеткен. Аларды уурдап кетишип, чет

өлкөлүктөргө сатып атат деген да имиштерди укканбыз, бирок ишенген эмеспиз. Жедеп издеп-издеп түңүлүп  калганбыз. Аны бирөөлөр өлтүрүп кетти го деп да ойлодук. «Эмнеге кечинде көчөгө чыгарасың, ээн-эркин», — деп калаадагы улуу кызыбызды да аябай урушканбыз. Бир жолу күндүзү эле анын үчүнчү класста окуган кызына Диана кандайдыр бир жактан телефон чалыптыр «мен тирүүмүн» деп. Ошол маалда ал  кошунасыныкында экен. Кызы барып айтканынан жүгүрүп келсе телефондогу байланыш үзүлүп калыптыр. Ошол бойдон издей бери тажаган соң түңүлүп калбадымбы. Анан эле мына жакында туткун  кыздарды кармаган Марат Исабековдун менчик түрмөсү тууралуу угуп, кызыбыз ошол жакта болбосун деп

издеп барсак ал жакта кызыбыз жок болуп чыкты. Баса аны тааныгандар бар экен. «Аларды Ташкентке алып кеткен боюнча, кайрылып келишкен жок дешти кыздар. Бул боюча Ташкентке да атайын барып көрдүк бандалар тарабыан беш-алты кыз өлтүрүлүптүр, бирок алардын арасында биздин кыз жок экен.  Кыргызстанга кайтып келишкен кыздардан сураштырсак «Ооба, Диана менен чогуу болгонбуз, аны алып кетишкен, ошол боюнча көргөн жокбуз» дешет алар да. Аны өлтүрүп өлүгүн кислотага салып жиберишти» дешти баардыгы бир ооздон. Издеп- издеп эч жерден дайынын таппаган соң кайрадан аны жоготуп, өлүү-тирүүсүн билбей түңүлүп калдык. Жакында анын ашын бери, куран окутуп коёлу деп атабыз, — алтымыштарга таяп барып калган Диананын эне-атасы өздөрүнчө көздөрүнөн жаштарын көлдөтүшө мүңкүрөп отурушту.  Эшиктен кирип келген Диананын сиңдисин көргөн Ибрагим таңгалганынан оозун ачып калды. Ал Мэхранын сиңдиси Гүлбахрамга куюп койгондой окшош экен. Ибрагим Диананын эне-атасы менен жакшылап таанышып,

«Сөзсүз кайрылып кайра келем, жөн келбей Диананын дагы өзүм менен кошо ээрчите келем» — деп сөз бере коштошуп кайра Ташкентке келди. Бул мезгилде Ташкендин жергиликтүү милиция кызматкерлеринин жашыруун агенттери кандайдыр бир кылмыштуу чоң иштин сары изине чөп салып калышкан болчу.

 

КАПАСТАГЫ ОЙ

 

 

 

«Оо Кудайым ай ушинтип эле азаптан азапка кабылып, эч бир кутула албай жүрө берет экем го. Эмне үчүн тагдырым ушундай болуп жатат. Мына, Марат Исабековдун менчик түрмөсүндө шорлоп жүргөн туткун кыздардын бардыгы эркиндикте жүрүшөт, эне- аталарынын үйүндө. А менчи? Мурун кандай туткун болуп азап-тозокторду тартсам азыр да ошондон айрылбай жүрөм. Бул дүйнөдө эмне күнөөм, эмне жазыгым бар дегеле башыма жүн чыкканы бирөөнө жамандык кылган эмесмин. Же өткөн жашоомдогу өмүрүмдө бирөөнө

катуу жамандык жасагамбы? «Өткөн жашооңдо бирөөгө аябай катуу жамандык жасасаң, кийинки жашоого кайрылып келгениңде ошонун эки эселентип азабын тартасың» «, — деп коюшат экен го, чын эле мен өткөн жашоомдо жаман киши болгомбу? Эгер жаман адам болгон болсом жакшы эле өчүн алгансыды го, кандай гана

азап-тозокторду тартпадым. Же биротоло өлтүрүп тынчытпайт же эркиндикке чыгарбайт. Балким жашоомдун акыркы чеги ушудур? Өткөн жолкуда го эптеп алдап атып кутулуп чыгып кеттим эле. Эми бул киши мага оңою менен алданбайт. Же акчаларымды каякка жашырганымды билбейм, билсем эбак эле көргөзүп бери,  булардан кутулуп кетет элем. Жо-жок, булар мени кутултпайт болчу, акчаны кандай таап алышса дароо  ошондой эле көзүмдү курутушмак. Акча үчүн гана мени тирүү кармап жүрүшөт, болбосо чын эле эбакта эле тиги дүйнөдө жүрмөкмүн. Атайын сынап «мени мууздап эле салгыла» десем » Ага али шашылба, али убакыт бар үлгүрөсүң» деп атышпайбы. Демек, алар мени акчанын күчү менен гана өлтүрбөй кармап турушат.

«Экинчи желкемдин чуңкуру көрсүн» деп кетпедим беле бул жактан. Кайра Ташкентке азаптанып эмнеге келдим дейм да. Исабековдун бандасы талкаланганы менен дагы бир башка экинчи банданын бар экенин  кандайча унутуп койдум. Кымбатына карабай Мэхранын айылына эле такси жалдап түптүз Кыргызстанга кете бербей, бул жакка салпактабай. Мына эми эр болсоң кутулуп көр. Баса айтмакчы, алиги автовокзалдагы  мени кучактап калган жигит ким, Ибрагиммин дегендей болдубу? «Ооруканага гүл көтөрүп келгеним  эсиңдеби?» — дебедиби, анын өңүн көргөн эмесмин да. Бирок өңү тааныш, бир жерден көргөндөй болуп атам. Кызык каяктан көрдүм экен аны. Үнү тааныш экен Ибрагимдин үнүндөй болуп, анткени ооруканада жатканда мага көп эле келбедиби. Үнү кадимкидей кулагыма сиңип калган болчу. Господи, анын өзүн кайдан  көрдүм эле? Жакында эле көргөнсүп атам… Ии, эми эстедим. Ооба дал эле ошол. Тигил Марат Исабековдун  кишилеринин үйүндө өлүм алдында жатканда мени залга ээрчитип келишпеди беле. Ошондо эки колдору арттарына байлануу катар тизилип турушкан жигиттерди көргөзүп «жакшылап кара, булардын ичинен кимисин

тааныйсың?» — деп мени алардын алдына алып келбеди беле. Чындыгында мен алардын бирин да тааныбайт болчумун. Ошондо ушул жигит менен көздөрүбүз бир азга чагылыша түшкөн. Анын жүзү эмнегедир жылуу учурап, андан көзүмдү тарта албай бир топко кармалып анан ары көздөй басып кетпедим беле. Түн ичинде мени көтөрүп кеткен табышмактуу чүмбөтчөн ушул Ибрагим болуш керек. Күндүзү булар менен эки жаат болуп атыша да кетишкен. Баса, автовокзалдын жанынан эмнеге мени катуу кучактап калды дагы кайра коё бери ийди. Эгерде чын эле булардын кишиси болсо, эмдигиче аны жок дегенде бир жолу көрөт элем го. Чын эле ал Ибрагим деген жигит ким өзү? Жер алдындагы люктан куткарган ошол Ибрагимби? Душманбы же доспу? Эгер душман болсо, анда эмнеге күндө гүл алып ооруканага келип жүрдү? Эме себептен кара чүмбөт

кийип алып бандалар менен согушуп, атышып жүрөт? Бул жакта да бандалар менен кошулуп жүрөт.

Ал бандалар менен иштешип жүргөн бандитпи? Ибрагим ким өзү, эмнеге эле менин артымдан калбай сая кууп жүрөт? Же анын бир тууганы болбосом же карындашы болбосом… Мына, автовокзалда мени кучактай калып

ары сүйрөп кетмекчи болуп кайра коё бери жиберди да булардын колуна салып берди. Өзү болсо калып калды. Баса мени өкүртүп бакыртып тигил машинеге салып кетишкенин Мэхранын эжеси Албина көрбөдү беле. Балким ал бул жөнүндө милицияга кабарлагандыр* Бир болсо ошондон жардам болушу мүмкүн, болбосо мага эч ким жардам бере албайт. Баары бир мени таппайт болуш керек бул жерден эч ким.  Кандай гана обидна, мени менен чогуу жүргөн кыздардын баары эркиндикте жүрүшөт. А мен болсо али туткундамын… Диананын оюн жогору жактагы дабыштар бузду. Ал өткөн жолу алдап качып чыгып кеткен алиги Карлсонго окшош топтомолок киши экен.

— Курсагың ачтыбы кызым, ме бобуларды жеп ал, — жогору жактан ал нан, колбасалардын кесиндилерин таштады, -ылдамыраак жеп ал, тигилер келе электе, көрүп калышса экөөбүздүн тең сазайыбызды колубузга берет. Кой, мен кеттим. Анын башы көрүнбөй калды. Диана алдында жаткан кесим нан менен колбасаларды шашпастан жеп кирди. «Өткөн жолу бул жакта эки жарым айдан ашык жаттым эле, эми дагы канча жатаар экенмин». Көп өтпөй үстү жактан темир торчонун кулпусу ачылып үч-төрт киши темир шаты менен төмөн карай түшүп келишти. Алардын арасында кечөөгү муруттарын узун кылып коё берген Тарас Бульбага  окшош киши да жүрөт. Ал кечөөгүдөй сүрдүү эмес. Дианага жылмая карап сүйлөп атты.

— Өзүңдүн эски жатаканаңда кандай эс алдың сулуу кыз. Эгер биз менен тил табыша албасаң бул жер сенин түбөлүктүү жайың, үйүң болот, өлүгүң, сөөгүң гана чыгат бул жактан. Тирүү чыгам деп эми ойлобо. Бул тамаша же коркуткандык эмес… Эми түндөтөн бери жакшы эле ойлонгондурсуң, биз дагы ойлонуп бир чечимге келдик. Мындай сүйлөшөбүз, эгер сен бизге акчаны кайрып берсең подружеский поровну бөлүшөбүз.  Жарымын биз алабыз, ал эми жарымын сага кайрып беребиз. Охрана менен Кыргызстаныңа жеткирип коёбуз. Кудайга шүгүр десең да болот, ошол жарымы эле небере-чөбөрөлөрүңө чейин кенен- кесир жетет. Жакшылап дагы ойлон, убакыт кенен ойлонгонго, жообуна деле шашпайбыз…

— Жообун айтканда эмне, өткөн жолу эле айтпадымбы ме алган жокмун деп, азыр эле айтам жообун, мен алган эмесмин. Атүгүл ал акчаларыңарды ким алганын билбейм…

— Жеткен көк бет кыз экенсиң, ошол көк беттигиңдин азабын тартып жүрбө. Биз кеттик эми көрүшкөнчө жакшы кал, али алдыда көптөгөн убакыттар бар, жакшылап ойлонуп бир чечимге кел. Жарым акчасы сеники болот,

уктуңбу… Алар өздөрүнчө сүйлөшө өстүнө көтөрүлүп чыгып кетишти дагы темир тор эшикти жаап сыртынан кулпулап салышты. Кайрадан жымжырттык өкүм сүрдү.

— «Кызык, алар акчаларды мен алып кеткениме өзүлөрү айткандай жүз процентке ишенип жатышат. Албетте мен алып кеткеним чын дечи, бирок Ташкент шаарынын алдынан баары эле бири-бирине окшош болгон люктар да кайсы биринен издейсиң. Анын үстүнө кумду терең казып туруп үстүнөн көмүп, билгизбей таптап тебелеп таштабадым беле. Эми ал жерди ит менен аппарат менен издесек да таппайбыз. Болду ал акчалар  ошол жерде чирип жок болот, ал эми менин сөөгүм болсо бул жерде чирип жоголот. Баса, алиги акча  чыгарган цехтин алдындагы люкка кирип кайра башынан сойлоп баштасак эмне болот. Ошондо таап алып жүрбөйлү, жөрмөлөп жүргөн жерлеримди жакшылап эстесем балким таап алаармын. Бул жолкусунда жалгыз сойлобойм да , тигилер менен чогуу сойлойм. Бирок… аай, баары бир таба албайм го. Аткени жер алдындагы чоң темир түтүктөр менен өтө эле узак жол жүргөм. Бири-бирине куюп койгондой окшош бурулуштар,  өткөөлдөр көп болчу. Менин божомолумча дээрлик эки күндөй ошол жер алдында темселеп адашып  жүрбөдүм беле. Жок, ал жерди табуу кыйын. Бир ай издесек да таппайбыз, андан көрө алган жокмун, көргөн жокмун деп эле коёюн. Акыры ишенишип коё беришээр. Жер алдындагы өткөөлдү көрсөтүп коюп акчаларды таппай калсак даана ошондо шорум кайнайт. «Тап эле тап», — деп катуу кыйноого ала башташат. Чын эле башынан көргөн жокмун дегенден кийин, аягына чейин бир сөзгө турайын», — Диана ушундай бир чечим чыгарып ошого токтолду.

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE