Пример HTML-страницы

Туткун кыз 1 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=20913&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТУТКУН КЫЗ

 

1-БОЛУМ

 

Борбор калаабыздын түштүк-батыш тарабында жайгашкан, үстү тикенектелген бийик дубалдуу бул короонун ичинде эмне бар, эмне болгон мекеме, эмне окуялар болуп жатат буга чейин эч ким кызыкпаган. Ал шаар четинде жайгашса да ошол көчөдөн машинелер тынбай өтчү, короонун жанынан ары-бери өткөн кишилердин аягы да тыйылчу эмес. Атүгүл ошол короого тушташ, кошуна жашашкан адамдар да ушул убакка чейин эмне болгон короо экенин билишпептир.  Тээ Союз мезгилинде үйдүн үстүн жапкан цемент-бетон чыгарган атайын курулуш уюму бар болчу дешет. Кийин Союз чачыраган соң бул уюм да жабылып, жумушчулар

таратылып, короо ичи аңгырап көп убакытка чейин бош туруп калыптыр. Кийичерээк аны

кандайдыр бир адам сатып алып цех ачып иштетип көрүптүр, жакшы иштете албай койгондуктан көп убакытка чейин иштебей токтоп калыптыр. Андан соң бул короонун ичине дегеле бир адам да баш багып карап кызыкпаптыр. Кез-кез бир маал үстү чүмкөмө машине

кирип-чыгып калганы болбосо, дайыма дарбазасы да кичинекей темир эшиги да ичинен бекилип турчу экен.

Күтүлбөгөн окуя болуп, ал жактан качып чыккан бир кыз өзү келип милицияга кабар бербегенде дагы канчага чейин бул аялдардын жашыруун менчик түрмөсү жашай берет эле ким билет. Дагы аз убакыт болгондо анда иштеген кызматкерлердин бардыгы буттарына туруп, аябай байып, анан орун которуштуруп башка жакка көчүп кетишмек экен. Мындай жашыруун аялдардын менчик түрмөсү Өзбекстанда Ташкенттин өзүндө жаңыдан даярдалып жаткан , болчу. Бирок алар максаттарына жетпей калышты. Убагында кармалышпаганда бул уюм Орто Азияны бүт өзүнө камтып, бара-бара бүт мурунку Союзга киргендерге тамырын жаймак экен.

Анда аларды токтотуу кыйын болуп, калмак. Ал жерде жалаң он жети жаштан баштап, жыйырма бештин тегерегиндеги бой-мүчөлөрү келишкен чырайлуу кыздар эркинен ажыратылып, милиция кызматкерлеринин айдоосунда болушкан. Бул түрмөдө ар кайсы улуттагы, ар кайсы жерден тандалып, болбогон жерден күнөө коюлуп ар кандай жазага татыктуу болгон жаш кыздар бар болчу. Ал жактан эч кимиси чыга алышкан эмес. Качып чыгууга бир канча аракет жасагандарды, бардыгынын көзүнчө өлтүрүп салышчу. «Кимде- ким моюн сунгусу келбесе же качууга аракет жасаса ушунун кейпин кийесиңер» деп коркутушчу. Эгер каяша сүйлөшүп, моюн толгогусу келген кыздар болсо, кадимкидей камчы менен эси-көөндөрүнөн калгыс кылып аябай сабашчу. Жалаң жаш кыздардан турган бул мечик түрмөнү жергиликтүү бийликтин эч кимиси билген эмес. Мунун башында мурун ички иштер министрлигинин орун басары болуп иштеген, кийин отставкага чыккан генерал-майор Исабеков Марат деген адам болгон. Ал көптөгөн жерлер, мафиялар менен тыгыз байланышта болгондуктан бул жакка эч кимди жолоттурган эмес. Түрмөгө эркинен ажыратылып келген сулуу кыздарды болсо чет өлкөдөн келишкен бай адамдарга пайдаланышчу. Же алар чет өлкөлөргө көп суммадагы акчага сатылып кетишчү. Баш-аягы болуп ал менчик түрмөдө отуздай адам кызмат кылчу. Ошолордун он бештейи эркек, он бештей жарымы аялдар болчу. Көпчүлүгү мурун милицияда иштеп анан бошоп калгандыктан тандалып алынган. Баардыгы дайыма дубинка анан тапанча менен жүрүшчү. Бул уюм жаңыдан гана баш көтөрүп, Орто Азияга тарап келаткан. Бийлик өкүлдөрү өз убагында басканга үлгүрүштү.

Адегенде алар бул кылмыш ишин көчөдөгү түнкү көпөлөктөрдү,  сойкуларды кармап алышып,

өлтүрүп операция жолу менен алардын ички органдарын чет өлкөлөргө сатуу жолу менен

башташкан. Кийин андан жолдору болбой, акча табуунун башкача жолуна өтүшкөн. Бара-бара атайын жаш кыздар үчүн менчик түрмөнү ойлоп табышкан.

* * *

— Тургула сот келатат!

Кандайдыр эркектин күрүлдөгөн жоон үнүнө Диана «селт» эте башын көтөрө зал ичиндегилерге дагы бир сыйра көз жүгүртүп алды. Анча чоң эмес зал ичиндеги отургучтарда бирин-серин ар кайсы жерде отурушкан адамдар эмнегедир анын көзүнө суук дагы жагымсыз да көрүндү. Баары бейтааныш, алардын бирин да тааныбайт экен. «Булар эмнеотурушат, менин эмне кызыкчылыгым бар булар үчүн?», — Диана ушуларды ойлой дагы бир нерсеге башы жетпей атты. «Эмне себептен буга менин тааныштарымдын бирөөсүн да катыштырбай жатат. Жок дегенде муну эжем билсе болбойт беле, айылдагы бир туугандарыма кабарлашса алар келишип балким бир нерсе кылып мени куткарып кетишээр беле?» Карасаң бу жерде мени тааныгандардын эч кимиси жок. Сот эмне чечим чыгарар экен, мени соттойбу же бошотуп жиберишеби Соттогондой мен эч күнөө кылган жокмун да. Болгону жаңы таанышкан жигитим менен кафеде отургам, ананкандайдырбир бейтааныш эки-үч жигит келип өздөрү тийише башташты. Ортодо мушташ, идиш-аяктар, терезелер сынды. Күтүлбөгөн жерден милициялар келишти да баарыбызды кандайдыр терезелери жок чүмкөмө машинеге салып алып кетишти. Болгону ушу, менде эч кандай күнөө жок, ал эми тиги наркотиктерди болсо… буга өзүм да түшүнбөй жатам». Сот процесси жүрүп, капталда отурган мурутчан сулуучумак келген жигит кайрадан ишти тергөөгө ала баштады.

— Аскарбекова Диана Түркмөновна 1985-жылы Ысык-Көл өрөөнүндөгү Каракол шаарында туулган. Бойдок, «Достук» кафесинде официантка болуп иштечү. «Алтын куш» кафесинде отуруп он эки килограмм героин менен кармалган. Мурун соттолгон эмес.

Диана канчалык түшүндүрүүгө аракет кылса да эч майнап чыккан жок, акыры болгон күчүн ыйга чыгарды. Бул эң күчтүү болуп саналган баңгизатын ким кайсыл жерден чөнтөгүнө салып койгонуна өзүнүн да башы жакшы жетпей жатты. Кафенин ичинде ызы-чуу мушташ болуп жатканда салганбы же караңгыда терезелери жок чүмкөмө машинеде келатканда жанында отургандар салганбы белгисиз. Айтор кандайдыр бир бөлүмгө алып келип чөнтөк башын аңтарып жатканда милициялардын бирөөсү ак желим баштыкка оролгон бир нерсени анын чөнтөгүнөн алып чыгып жатпайбы. Адегенде ага анча деле маани берген эмес, ал экспертизадан өткөрүлүп баңгизаты экенин укканда эмне кылар айласын таппай туруп калды, анан өзүн-өзү кармана албай ыйлап жиберди. Марихуана, гашиш, апийим, кара куурай баңгизаттарына караганда

бул героин алардын эң эле күчтүүсү экени, башкаларын бир айлап колдонгондо араң наркоман болуп кетээрин, ал эми бул героинди бир сайынганда эле наркоман болуп каларын, ошо себептен анын баасы да аябай жогору турарын, ал менен кармалгандар да жогору жазага чектелээрин кимдир бирөөлөрдөн уккан болчу.

— Аскарбекова Диана Түркмөновна Кыргыз Республикасынын кылмыш жана жаза кодексинин 247-статьясынын биринчи пунктунун негизинде тогуз жылга эркинен ажыратылсын! Соттун бул өкүмүн укканда Диана бир «селт» этип жыйрылып алды ал мындай болуп кетээрин күткөн эмес. Өзүнөн өзү көздөрүнөн жашы мелт этип ага бетинен төмөн карай куюла баштады.

 

* * *

Аны өзүнө тааныш терезелери жок, ичи караңгы чүмкөмө машинеге салып кайдадыр алып жөнөштү. Жанында автоматчан жашы отуздарга чукулдап калган жигит кайтарып, узатып баратты. «Эми үйдөгүлөр менин бул жакта экенимди кантип билишет. Аларга кантип кабар кылам, менин тагдырым ушундай болуп калдыбы. Муну үйдөгүлөр, кошуналар укса эмне дейт? Али он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек күлгүндөй жашым ушул түрмөнүн ичинен өтүп кетет экен го. Кандай күнгө туш болдум, шаарга келип тапкан пайдам ушулбу? Эмдиги жылы Кудай буюрса университеттин юридикалык факультетине тапшырып сот болсом деп кыялданып койгонумду кантесиң. Мына эми сот болмок тургай кылмышкер аталып, өмүрүмдүн бир бөлүгү түрмөдө чиримей болду. Баса, кайсы колуңа шал тийгир чөнтөгүмө героин салып койду экен. Алиги жаңы таанышкан жигитпи, же аны менен мушташа кетишкен сырттан келген зөөкүрлөрбү же болбосо милициялар өзүлөрү салып коюштубу? Мындан алар эмне пайда табышмак эле, же мен алардын душманы болбосом. Дегеле түшүнсөм буюрбасын, эмне болуп кеткенине өзүмдүн да башын жетпейт. Оо Кудайым эми кандай айла кылам, күлгүндөй өмүр күтүлбөгөн жерден эле соолуп калат деген ушулбу», — Диана өзү менен өзү сүйлөшө көзүнөн жашын көл кылып караңгы чүмкөмө машиненин ичинде ыйлап кетип бара жатты.

Көп убакыт өтпөй эле дарбаза ачылып кандайдыр короонун ичине киргендей болушту. Бир аз убакыт өткөндөн кийин чүмкөмө машинени арткы эшиги шарт ачылып аскер формасын кийишкен далдайган үч аял тосуп алышты.

— Түш бери, жетчү жериңе жеттиң!

Бул орой мүнөз аялдар Диананы жеп жиберчүдөй караша кайдадыр ээрчитип жөнөштү. Диана айланасына бир сыйра көз жүгүртүп алды. Адам бою жетип чыга алгыс бийик дубалдар, баш жактарында тикенектүү темир тор, ал эми дубалдын түптөрүндө ары-

бери жүрмө узун зымга байланган, алкынган дөбөт иттер. Ар кайсы жерге чоң прожекторлор орнотулуптур. Иттердин жанындагы анча бийик эмес, үстү жабылган кичинекей айнектүү жыгач үйдө автомат кармаган бирөө короо ичиндегилерге көз

жүгүртүп бейкапар отурат. Ары жакта бири-бирине окшош кыска юбка кийишкен кыздар жүрүшөт. «Түрмө деген ушундай болот турбайбы» деп Диана ичинен ойлоп койду

 

— Эскертип коёюн, мындан кийин басканда дайыма колуңду артыңа алып жүр, эки жакты жөндөн-жөн карай бербе, ашыкча сөз сүйлөбө, бул жактын мыйзамы ушундай

уктуңбу — жоон толмочунан келген аял ага түшүндүрүп өттү. Сыягы улуту корея окшойт, акцент менен болсо да анча-мынча кыргызча сүйлөмүш этип атты. Аны эки кабаттуу үйгө алып киришип, бир сыйра сурап, керектүү нерселерин кагазга түшүрүштү да паспортко окшош документ карматты.

— Бул жактагылардын бардыгы алдагындай аттар менен жүрүшөт. Биз сени чакырганда ушул ат менен чакырабыз. Жакшылап карап, эсиңе түйүп ал.

Диана паспортко окшош кагаздын ичин ачып карады эле жүз жыйырма бешинчи сан, «ЗУМ» деген жазуу бар экен. Алиги документ кагазын берген аял ага карады.

— Окудуңбу.

— Ооба.

— Анда мындан ары жүз жыйырма бешинчи номер менен жүрөсүң. Диана атың өчөт, Зум деп чакырабыз уктуңбу.

Диана уктум дегендей башын ийкегиледи.

— Анда бар да душка түшүп, үстүңдөгү кийимдериңди чечип бул жактын кийимдерин кий.

Дагы бир толмочунан келген аял бир кабаттуу бирок чоң болуп салынган үйдү карай ээрчитип жөнөдү. Аны ары жактан ак жумал, сулуучумак келген, окшош кийинишкен эки кыз узата карап калышты. Ар кайсы жерде бирин- серин эле эркектер көрүнбөсө

дээрлик жокко эсе, көпчүлүгү эле аялдар экен. Жуунчу душка киришкенде арттарынан эки эркек кошо кирди. Алар кийим чечинчү бөлмөгө келишип, тамеки чегип Диананы кунт коюп карап турушту.

— Эмне жалдырап туруп калдың, чечинбейсиңби?

Диана тигилер турбайбы дегендей көзү менен босогодо турушкан эркектерди көрсөттү эле буга алиги аялдын ачуусу келе түштү.

— Ой господи, чечин дегенден кийин чечине бербейсиңби, эмне ушулардан уялып жатасыңбы. Азыр уялып жатсаң кийин булардын алдында жыпжылаңач басып, атүгүл чуркап каласың так что уялбай эле чечине бер.

Диана баары бир эркектердин көзүнчө чечингенден уялып турду.

— Эмне, мен чечинтейинби же тигилерди жардамга чакырайынбы! , — алиги аялдын ачуу үнүнө Диана акырын чечине баштады. Баарын чечип бүтүп эмчек тарткычы менен турсийи эле калды.

— Алдагыларыңды да чеч!

Бир ордунда былк этпей турганына ачуусу келген аял Диананын эмчек тарткычын жулуп алды. Турсийин да чечтирмек болду эле Диана каршылык көрсөтүп кирди. Аял

башын өзүн карай ийкеп босогодогу эркектерди чакырды. Алар дароо жетип келишип

Диананын колун артка кайрып туруп трусасын чечип, жыпжылаңач кылып ташташты. Алиги аял болсо өзүнө каршылык кылган жаңы келген кызды болгон күчү менен жаактан ары басып-басып алды.

— Мындан кийин менин айтканымды аткарбай моюн толгочу болсоң көз көрүнө тигил экөөнө зордуктатып таштайм. Бар эми жуун, самын-мочалкалар тигине.

Аял ачуулана эшикти тарс эткизе жаап, эки эркекти калтырып сыртка чыгып кетти. Диана босогодо турган эки эркектен жалтайлай душтун ысык-муздак суусун чалыштыра жуунуп кирди. Босогодо турушкан эки эркек анын бой-мүчөсүнө суктаныша кантип жуунуп жатканына көз салышып турушту. «Кызык, түрмөдө ушундайлардын баардыгына уруксат берилгенби? » — Диана жуунуп жатып ушуларды ойлоп койду. Жарым сааттан кийин алиги аял келди да короо ичинде кийинип жүрүшкөн кыздарга окшош кийимди алып келип анын алдына таштап салды. Сүлгү менен аарчына алиги кийимдерди кийгенде төшүндө 125 деген сан, анан «ЗУМ» деген жазуу бар экен. Ошентип Диананын бул укмуштуу түрмөдөгү таңкалаарлык алгачкы жашоосу башталды.

 

У.б

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE