Пример HTML-страницы

Турмуш барактары 5 бөлүм. АЯГЫ

https://kyrgyzcha.site/?p=39134&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТУРМУШ БАРАКТАРЫ.

Бешинчи болум.

 

Саяк журсон таяк жейсин демекчи, Осмон озун озу табалап

-Акыры бур кун ушуну кормок элем! Мына кордум дагы…, Эми баары бутту! деди озун женилдете оор дем алып.

Ал бир чекитти тиктей унчукпай ойлуу жатты да

— Бирок…., бир чети ушундай болгону да жакшы болду! деп алды.

Мен анын бул создоруно жакшы тушуно бербей

— Билбейм Осмон. Эмне жонундо айтып жатканынды тушунбосом да, бирок сенин буга чейинки табышмактуу журум-турумун мени коп ойго салчу, дедим.

Ал мени сынай тиктеп

— Эмне деп ойлочу элен? деп сурады.

Мен унчукпай эле анын коздоруно тигилдим,

— Билбейм. Чынын айтсам жаман ойлогум келчу эмес, дедим.

Осмон мени тиктеп ойлуу турду да

— Эркингул, баары эми артта калды. Эми ойлонбосон да болот деп, мага кулуп койду.

 

Мен ал куну оорууканадан уйго келип да Осмондун создоруно озумчо катуу ойлонуп журдум. Анын эмне жонундо айтып жатканына такыр башым жетпей жатты. Негизгиси анын «Эми баары бутту, баары артта калды» деген создору менин конулумду жайлап, ичимден бир аз да болсо кубанып турдум.

Осмондун азыр ден-соолугу жакшы. Кудайга шугур жараты женил эле экен. Аз кундордун ичинде ал оорууканадан да чыгып калат. Анан биз айылга кетебиз. Мен айылга кетээрибизди эстегенде кадимки жаш баладай суйунуп уулумду колума алып бетинен жыттап жыттап алчу болдум.

Ошентип биз балам экообуз атасына кундо оорууканага каттап журуп конуп да калдык. Осмон да уулун сагына, бизди кутуп алаар эле. Анын кичинекей уулубузду колуна алып жыттагылай эркелетип суйлошуп отурганын коруп, менин ичим элжиреп кетчу. Бизден откон бактылуу адам жоктой, озумду ушунчалык башкача сезип коздорум жайнай аларды тиктеп отуруп калчумун. Ошондой кундордун биринде мен эми эле Осмон менен коштошуп чыгайын деп жатсам, палатага устуно ак халат жамынган боюу узун келген, аябай татынакай сулуу кыз кирип келди. Аны коруп Осмондун ону бир аз озгоруло тушту да

— Силер бара бергиле деп, мага баланы карматты. Мен унчукпай эле уулумду которуп чыгып баратып, ал кызды дагы бир жолу жакшылап карап алдым . Ал кыз да бизди тиктеген бойдон артыбыздан узатып кала берди. Каридордо баратып менин журогум катуу согуп дукулдоп, озумчо бир кызыктай болуп жаттым. Ал кыз жон кыз эмес экенин, ички туюмумда сезип турдум. Бирок анын улуту ким экенин жакшы ажырата албай койдум. Же казакпы? Билбей койдум. Анын жашы менден беш алты жашка кичуудой корунду.

Эртеси куну ал жонундо Осмондон сураганга оозум такыр барбай койду. Ал озу да эч нерсе айтпады.

 

Оорууканадан чыгып келгенден эки кундон кийин, Осмон жумушума барып жолугуп келейин деп уйдон чыгып кетти. Мен оюма эч нерсени деле албай кечкиге тамак даярдап аны кутуп отурдум. Осмон дагы жок. Тынчым кете баштады. Эмне кылаарымды билбей ыйлагым келип отурсам, бир убакта ал эшикти ачып кирип келди. Аны коруп

— Каякта журосун Осмон? Дагы эмне болду сага? дедим.

Ал менин онумду коруп

— Жаман ойлобо. Балдар жолугуп калып, озубузчо суйлошуп отурганбыз, деди.

— Билбейм Осмон. Мен сага дагы деле жакшы тушуно албай жатам? Сенден эмнегедир конулум тынч эмес, дедим мен.

Ал унчукпай эле жатканга камына баштады.

— Тамак жейсинби?

— Жок. Курсагым ток. Балдар менен чогуу кочодон тамактанып алдым эле.

Тошокко жатканыбыздан кийин Осмон соз баштап калды.

— Эркингул. Мен сенин конулун жайында эмес экенин билип эле журом. Эмнени сурай албай жургонунду да сезип журом. Бирок мен сага эч нерсени билдирбей эле койсомбу деген элем. Аны сага айтканда эми эмне? Бекер эле….журогунду оорутуп..

— Ким ал кыз?

Мен бул кутуусуз суроону кандай берип жибергенимди озум да билбей калдым.

Ал бир аз га ойлонуп

— Ал кыз менен баары буткон Эркингул, деди.

Мен унчукпай ойлуу жата бердим. Ал созун кайра улады.

— Макул. Мен сенин журогун тынчтанышы учун, озумдун бир аз отмушумду айтып отойун. Бирок сен аягына чейин чыдап, мени жакшылап угуп тур. Угуп анан мени тушуноорсун, конулун да жайына келээр.

Мен ал Якут кызга акыркы курста окуп жургонумдо жолуктум деп созун баштады Осмон. Анын аты Аяна экен. (Айаана) Ал экообуз таанышкан сон, биз бат эле тил табышып жакшы болуп достошуп кеттик. Ошентип ал экообуз жетелешип ээрчишип журуп калдык. Мен окууну бутуп ишке орноштум. Бирок ал кыз кузундо окуусуна келбеди. Себеби?…Себеби ал тороп жаш баласынан улам, окуусун улантпай калды….

Арадан жарым жыл убакыт отуп Аяна кыз дагы пайда болду. Ал мага экообуздун уулдуу болгонубузду айтты. Ошентип биз экообуз дагы ээрчишип журуп калдык. Аяна кээде мага айтпай дебей эле жок болуп кетип, анан кайра эле пайда болуп калчу. Мен андан,

— Кайда журдун? деп сураганымда, ал ар кандай шылтоолорду айтып калчу эле. Мен ага анча деле маани бербей ишенип журо бердим. Ал кызды айылга алып барам деп апама кат да жаздым. Апам аны орус кыз деп ойлоп алыптыр. Себеби мен ага каникулга барган сайын

— Апа! Мен сизге орус келин алып келип берем го? деп тамашалап, ага курсташ орус кыздардын суротторун корсото берчумун.

Ошентип бир куну уйдогулор мени телефондон суйлошууго чакырышыптыр. Барсам трубканы биринчи эле атам алды. Атам мени катуу тилдеди. Мени ошондон ары келбей эле кой! Эгер оруска уйлончу болсон сендей балам жок! дегендей кылды.

Андан кийин эжемден кат алдым. Ал мага

— Осмон эси жок болбо. Ары жоктонуп дагы оруска кызга уйлонуп алба. Атамдар сенден мандайыбыз тердеп чай иччу жакшы жер менен кудалашсак экен деп, умут кылып журушот деген, сыяктуу толтура создорду жазыптыр. Ошентип мени эч кимиси тушунгусу келбей койду. Мен да ошол бойдон уйго барбай журо бердим. Анан апам баламды сагындым, аны коргум келди деп ыйлап-сыктап мени чакырта беришип, акыры мен он жылдык жолугушууга барып калдым. Барып башкасына айтпасамда эжеме уулум бар экенин айттым. Эжем мени урушкан болду. Бирок ал бул жонундо эч кимисине айталбай коюптур. Ошентип айылдан сага уйлондум Эркингул. Атамдар кулагыма акыл насааттарын куя берип, башым да айланып калды. Кээде озумдун эмне максатта жашап жургонумду озум деле жакшы тушунбой журо бердим. Ал кызды унутууга кучум жетпей, кийинки кундору Аяна менен дагы жолугуша баштадым. Жаны жылда сени жалгыз таштап, уулумду коруп келем деп атайы Аяна менен чогуу Якутияга кетип калдым. Аны кордум. Бирок эмнегедир ал баладан озумо окшоштуктарды таба албай койдум. Же апасы тарапка кобуроок окшошуп калса керек деп, ичимден ойлоп коём? Сыртымдан билдирбегеним менен журогум ал балага эч жакындай албай койду. Ошентип биз кайра артка жол тарттык. Менин артымдан ошондо эле балдар тушуп калганын кийин байкадым. Себеби аны озунун классташ баласы да жакшы корчу экен. Мен бул жакка келгенден кийин ал бала мага жолукту. Ал менен суйлошуп мен андан, Аянанын мага чейин эле турмушка чыгып, анын куйоосу азыр турмодо отурганын уктум.

Аянадан ал жонундо сурасам ал мага, куйоосу менен ага чейин эле ажырашып кеткенин айтып, актанды. Мен барган сайын ал кыздын баскан турганынан кумон санай баштадым. Андан озумдон озум алыстай баштадым. Ал аралыкта сен да тороп калдын. Анан кайра эле дагы баш айланмай башталды. Аны коргум келип, ал менен дагы жолугуша баштадым. Ошол учурда Аянанын куйоосу турмодон чыгып келип баланы меники дейт экен. Анын достору ал баланын атасы кыргыз экенин айтышып., менин балага барып жолукканымды да айтышат. Бирок анын куйоосу досторуна ишенбейт. Себеби ал турмодо жатканда, бир жолу Аяна ага барып бир кундук жолугууда туноп келген экен. Анан ал куйоосу да мага келип жолугуп, баланы кимибизден экенин текшерте турган болуп суйлоштук.

Осмон созунун ушул жерине келгенде озунчо башын чайкай кулуп алды да, мага карап

— Бир соз менен айтканда баланын атасы мен да, ал да эмес болуп чыктык!

Менин ошондо козум ачылды. Мен сулуулук учун акылдан адашып жургонумду ошондо тушундум.

Ошол Эркингул. Сен мага эми тушунгондурсун? деп Осмон мага карады.

Мен ойлонгон бойдон

— Мен бир нерсеге тушунбой жатам Осмон. Анда сага бычакты ким, эмне учун сайды? деп сурадым.

— Аны жанагы артымдан тушкон классташы жасады. Себеби текшеруунун жыйынтыгы чыкканга чейин деле бала меники экенине шек жок экенин айтып Аяна мени ишендирип жаткан болчу. Мен ошол кундору ал менен чогуу элем. Жыйынтыкты уккандан кийин менин ага аябай жиним келди. Канча жылдан бери мени алдап жургону учун, анан да ага ишенип Якутияга барып акмак болгонум учун аны сабап салдым. Андан чыгып туура жатаканга келдим. Келсем сен кат жазып таштап кеткен экенсин. Катты окуп бутуп менде кандай куч пайда болгонун озум да билбей калдым. Ошол жерден эле уйдон атып чыктым да таксиге отуруп артынардан жонодум. Жолдо баратып сен менен бир жылдан бери чогуу откоргон кундорумду эстедим. Коп нерсеге окундум…..! Менин чыныгы омурлук жарым сен гана экенинди тушундум. Бирок эмнегедир ошол учурда, сенин мага кайра-кайра таарынган элесин коз алдыма тартыла берип, айласыздан балама жалына баштадым.

— Уулум токто, кетип калбагыла.! Артындан атан сага баратат кулунум! Апанды токтот уулум ! деп, озумчо суйлонуп жатып аэропортко кирип бардым.

Силерди уйго алып келдим. Эртеси куну жумуштан чыксам мени Аянанын классташы кутуп туруптур. Ал мени суйгон кызын сабап салганым учун мага бычак сайды.

— Анда ал кыз сенин артындан эмне учун оорууканага келди?

— Классташ жигитине жардам бергени келиптир. Ал баланын устунон, арыз доом жок деп милицияга кат жазып бердим.

Себеби бул жерде ар кимибиз озубузго тиешелуу жазабызды алдык окшойт.

Биз Осмон экообуз тен унсуз ойлонуп жаттык. Бир убакта ал мага карап

— Эркингул. Мындан кийин бул окуя жонундо башка соз кылбай эле коёлучу. Макулбу? деди.

 

Мен Осмондун айткандарын эртеси куну да кечке ойлонуп озумчо талдап журдум. Корсо турмуш дайым эле адам баласы ойлогондой боло бербейт турбайбы? Жашоодо бактылуу жашоо учун сени жакшы адамдар курчап турганы жакшы экен. Менин Осмонго сабырым тутуп жашап жургонумдун бирден бир себеби анын ата-энеси болду. Алар качан да болсо, бизден алыс экендерине карабай мага коп колдоо корсотуп журушту. Анан Рая! Ал мага эркек аялдын ортосундагы мамиле боюнча коп сабак бериптир. Аялдар эркектердин астында канчалык басынбайлы, озубузду эч качан чоктурбогонго аракет кылышыбыз керек экен. Алар менен ашыкча эле ажылдаша бербей, ынгайына жараша курошо билуу зарыл турбайбы!

Менин Осмонго дагы бир чыдап жургонумдун себеби намысым болду. Ажырашып ата-энемдин алдына баргандан уялдым. Айылда эрден чыгып эрсиз жургон аябай эле уят нерсе эмеспи! Анан дагы албетте суйуу. Билинбегени менен мен Осмонду суйуп калганымды тушундум.

 

Биз ошол кундон уч кундон кийин жолго чыктык. Мен самалетто учуп баратып мындан туура бир жыл мурда Россияга карай учуп келатканымды эстедим. Мени ошондо алдыда кандай азаптуу кундор кутуп турганын билбей, тумандуу жашоого сунгуп кирип келатканымды ойлоп, ыйлап жатпадым беле?! Мына эми ошол тумандын арасынан канчалаган азаптарга туруштук берип, оз бактымды колума бекем кармап алып сууруп чыккан сыяктуу, бугун мен бактылуу уй-булом менен кыргызстанга карай бараттам. Биз ошондо экоо болуп кетсек, азыр учоо болуп кайтып келатабыз.

Чынын айтсам менин кубанычымда чек жок эле!

Бизди аэропорттон баягы эле шарактаган классташ балдарыбыз, алыстан корушуп эле колдорун булгалап, алдыбыздан кучактарын жая тосуп алышты. Алар Осмонду биринен ала бири кучактай которуп алышып, бизди уулдуу болушубуз менен куттуктап жатышты. Классташтар! Он жыл бою чогуу окуган, биздин бир туугандай болгон досторубуз! Мен аларды карап туруп, ичимден бугунку бактым учун аларга чын дилимден ыраазы болуп турдум.

 

Андан бери арадан канча жылдар отту. Осмон экообуздун ортобузда дагы канчалаган майда-чуйдо тушунбостуктор болуп отту. Башка эркектерди билбейм, бирок Осмон менден дайыма озун жогору койгусу келе берчу. Билинбей турмуштун отушу менен мен аны акырын эле ылдый тушуруп, озумо тенеп койдум.

Биз ал учурда айылда элек. Осмон экообуз уч балалуу болуп калганбыз. Бир куну экообуз бир маселеден улам тартыша кеттик. Мен ошондо Осмонду мазактап

— Мени балдар, сага алып качып келишкенде отурбай койсом болмок экен. Ошондо корот элем сени!. Якутияда башка бироонун баласын балам деп, ошол сулуунун жанында башын айланып журо бермек экенсин! дедим.

Бул созду укканда Осмондун жаны чыгып кете жаздады. Анын онун коруп озум да коркуп кетим. Ал озунчо жиндене мага карап кол которгону жатканда, мен тыз коюп качып жонодум. Ал артымдан кууп алган. Мен короодо бакырып кыйкырып Эне эле Э-нее! деп, бут астыма чалынган буюмдарды тарактата качып бараттым. Элдин баары бизди тушунбой, ооздору ачылып эле турган жерлеринде катып калышыптыр. Бир убакта мен, биздин унубузду угуп уйдон шашып чыга калган кайненемдин артына отуп коргоно баштадым. Ортобузда бизди арачалап кой, эле кой! деп кайненем журот. Осмон экообуз анын эки жагында ызылдап жатабыз. Осмон колун которуп мага карап умтулган сайын анын жолун ортодо кайненем тосуп жатты. Мен кайненемдин артына жашына кулкум келип буйтап журом. Учообуз ошентип тегерене ызылдашып алышып жатсак уйдон кайнатам чыгып калды. Осмон анын унун угаар замат басылып калды.

Ошондон кийин мен ал жонундо башка экинчи айткыс болдум. Анан ойлоп калдым. Кой эркекке тенелип жинди болбоюнчу. Андан коро кемсинтип, мазакташпай, бири-бирибизден жакшы жактарыбызды издешип, сыйлашып, беш кундук бул омурду туура пайдаланалычы! деп.

 

Азыр биз Осмон экообуздун уул уйлоп кыз чыгарып небере жытын искеп калган курагыбыз. Чындыгында биз бактылуубуз!

 

АЯГЫ.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE