Пример HTML-страницы

ТОКОЛДОН ТУУЛГАН БАЛА. 3-БОЛУМ.

https://kyrgyzcha.site/?p=44510&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТОКОЛДОН ТУУЛГАН БАЛА.

3-БОЛУМ.

Күндөн күнгө анын үмүтү таш каап бара жатты. Ар бир алдынан чыккан бозуландан Калпанын караанын издеген менен, аны көрө албай айласы куруду…

 

Бул күнү айыл ичи бөтөнчө шаңдуу. Мектеп деректиринин уулу Калпа келинчек апкелип, той болуп жаткан маал. Айылдагы алдыңкы делген жигит эки күн мурда андан кем эмес, өзүнө тең Атырды көшөгөгө отургузду. Уулунун алардын тилин алып, сүйлөш деген кызына сүйлөшүп, үйлөнүп жатканына ата энеси төбөсү көккө жете сүйүнүп, кудайга ыраазы, тойго арналып асылган казандардагы боркулдаган эт, чара-чара бышкан боорсоктой пейили кенен, бапырай көңүлдөрү кушубак.

 

Көшөгөнүн артында үлбүрөгөн Атыр баш көтөрбөй, улам кирген катын-калачка жүгүнө, бактыга балкып, кирпиги салаңдайт. Айткан сөзү эгерим эки болбогон сүрдүү башкарманын сулуу кызы ата-энесинин айтканынан чыкпастан, алар тандаган жигитке жар болууга макулдугун берди. Бирок, анын бул кадамы жеке эле ата-эненин чечиминен деп баалоо жарабас, өзү да Калпага кайдигер эмес эле…

 

…Той жыттанган айылдын чекесине кеч курун Фрунзеден келе жаткан “ПАЗ” автобусу токтоп, андан айы-күнүнө жетип турган келинчек түштү. Колунда чоң чемодан. Жол бою алда немеге ыйлап келе жаткан ага боору ооругандарга жеткирип коелу дегенине да макул болгон жок. Алдынан жолуккан кишилерден сураштыра, Калпанын үйүн тапты. Кирген-чыккан кишилерди тейлеп жүргөн аялдар жалгыз келинди келген коноктордун бириндей көрүп этибар алышкан жок.

 

Каалга ачылган дабыш угулганда жедеп эки күндөн бери жүгүнө берип адис болуп бүткөн Атыр ордунан ыргып туруп, башын ийе жүгүнгөнгө камына берди.

 

– Бактыңар байланып калсын!

 

Кирген адам башына жоолук салып, бата берет деп күтүп турган жаңы келин каргыш сөздү укканда бүткөн бою суу сепкендей муздап, башын көтөрдү. Маңдайында балбылдаган көздөрүнө жаш аралаш жек көрүү толгон арык келин туруптур. Челкейген курсагы апарык денесине жараша бербей, коошпогонсуп турат.

 

– Сиз кимсиз?

 

– Калпанын аялы болом… А бул болсо,- курсагын сөөмөйү менен сайды,- анын баласы.

 

– К-кандайча?

 

Атырдын көзүнөн жаш мөндүрдөй төгүлүп кетти.

 

– Ушундай эле. Сен кандай аялы болсоң, мен дагы ошондой. Болгону, ал биринчи мага үйлөнгөн болчу.

 

Заматта жүрөгүнө толгон сүйүүнү жек көрүү сезими түртүп чыккан Атыр буркурап ыйлап жиберди:

 

– Калп!!! Ишенбейм!!!

 

Кекээрдүү жылмайды келин: — Ишенбесең өзүнөн сура! Кимсиз мурда жашай албайт элең, кимди мобул ак көшөгөгө отургузам деп убада бердиң эле деп…

 

– Ммм… Айланта карады бөлмөнү Айгүл.

 

– Өзү жоголуп кеткенинен өзүм келдим. Бардыгы ырас даяр экен да. Көшөгө да тартып убара тартуунун кереги жок.

 

– Экөөбүздүн никебиз кыйылып калган, мени элге-журтка шерменде кыла көрбөңүз!

 

– А менде эл-журт жок бекен?! Менде агайын-тууган жок бекен?! Айылыма бара албай, атайын келген апама жолуга албай бетим күйүп отурам!!! Сага караганда Калпага менин акым көбүрөөк!!! Боюмда баласы турат!!!

 

Кош бойлуу келинчек чаңыра сүйлөдү.

 

Төркү үйдөгү адаттан тышкары көтөрүңкү чыккан үн, үзүл-кесил кыйкырыктарды уккан Калпа жүгүрүп кирип, нес болуп калды. Ал ушул тапта айласы болсо жерге кирип, калчылдаша тиктешкен эки келиндин көзүнө урунбай жоголуп кетүүгө даяр эле.

 

Айгүлдүн курсагынын себепкери өзү экенин дароо туйган Калпа абалдан чыгуунун жолун издеп, бир нече көз ирмемде башына толгон токой варианттар келип кетти, бирок амалын таап үлгүрө алган жок.

 

Аны көрө койгон Атыр ага тике карай унчукту:

 

— Чынбы ушул? Мынабу кыз чын эле сенин аялыңбы?

 

Жарга такалган жигит оозуна келгенди айтты:

 

— Ооба. Бирок…

 

Калпанын чын айтканына ичи жылый түшкөн Айгүлдүн өчкөн үмүтү жана түштү, канчадан берки жек көрүүсү каякка кеткени билинбей, өңүнө кызыл жүгүрдү.

 

Намысы шакардай кайнаган Атыр бир саамга унчукпай калды. Күйөө айласы түгөнө экөөнү алмак-салмак тиктейт.

 

— Эми мындай…

 

Бетине сызылып аккан жашын ачуулана аарчый, ыйлабаганга аракеттенип көк беттик сезими ойгонгон жаңы келиндин доошу буулуга, бирок чечкиндүү чыкты:

 

— Болору болуптур. Баланын убалы бар. Бирок, менин буга кыпындай тиешем жок деп басып кеткенге кеч болуп калды. Никебиз кыйылып калды. Айыл-апага шерменде болуп, көчөгө баскандан корунуп жүргүм келбейт. Ата-энем доско күлкү, душманга таба болушун каалабайм.

 

– Сен бир аз чыдай тур…

 

Ал кош бойлуу келинге бурулду.

 

— Той бүтсүн. Бир аз убакыт бер. Анан Калпа экөөбүз тынч ажырашып алабыз, элге уу-дуу болбой. Ага чейин сен менин ата-энемкине жашап тур. Атам сени жумушка киргизет. Алысыраак тууганыбыз деп коёбуз.

 

Айгүлдүн макул болбоско айласы жок эле. Бир канча айдан бери санаага эзилген кыз ушундай жол табылганына да сүйүндү.

 

Калпа лам деп ооз ача албады.

 

Атырдын болсо күйөөсүн башкага кармата бере турган кыпындай ниети жок экенин күндөшү кайдан туйсун. Кенедейинен оюнчуктун мыктысын ойноп, кийимдин жакшысын кийип көнгөн башкарманын эрке кызы эч качан жеңилип бербестигин сезбеди…

 

…Арадан бир ай өтпөй келиндин толгоосу кармап, Калпа менен Атыр райондук борбордогу ооруканага түндөп алып жөнөштү. Толгоосу катуу болгон Айгүлдүн улам эсин жоготуп жатканы арам ойлуулар үчүн оңдой берди болду көрүнөт. Балканактай дени сак баланы жарык дүйнөгө апкелгенин билбей калды, жаш эне. Чөнтөгүнө бир пачка акча сологон бөлүм башчы наристенин өлүү түшкөнүн угузду. “Алдаса болот жаш башты” дегендей, бечара келин баланын сөөгүн көрсөткүлө дегенге да акылы жеткен жок.Наристеге даярдаган жалаяк-жулаяк салган баштыгын көтөрүп, томсоргон эне төрөт үйүнөн чыккан кезде, Атырдын таптакыр бала көрбөгөн таежеси бактыга тунуп, колун бышартып жалаяк жууп отурган эле…

 

…Жылып жылдар өттү. Намыстанган туугандары да туудубийкени издеп келишпеди. Айгүл ошол бойдон борбор шаарга да, туулуп өскөн айылына да кайтып барган жок. Ал дагы эле үмүтү үзүлбөстөн, качандыр бир күнү өрүкзарлуу мекенине күйөөсүн ээрчитип, жүзү жарык бара турган күндү күтө берди. Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууган өзүмчүл Калпанын ага тил эмизип, “мына ажырашам, ана ажырашам” деген убадасы менен, саамайына ак түштү. Айылдыктар келинди башкарманын алыс тууганы экендигинен шек санашкан жок, ушул айылда иштеп, ушул айылда күйөөсү жок күйөөлүү аялдай таштай уюп карыды…

 

Ошондогу жаш башынын алданганына Айгүл андан кийин канча ирет бармагын тиштей өкүнүү менен жаздыкты кучактап, өксүй көптөгөн таңдарды уйкусуз атырды. Канча ирет күндөшүнө бет келише баягы убадасын аткарууну талап кылып, чечкиндүү кебете менен үйүнө барды? Бирок, ар жолкусунда Калпанын “чалмакейин чыгарып үйлөнөрүн үйлөнөлү, бирок андай болгон убакта баары бир менин туугандарыма алына албайсың”, “атам катуу ооруп жатат, мындайды жүрөгү көтөрө албайт. Эгер ызы-чуудан атам бирдеме болчу болсо, сага болгон сүйүүм өчөт”, “мен Атырды сүйбөйм, болгону ата-энемдин сөзүн эки дей албадым, акыры экөөбүз баш кошобуз” деген тил эмизүү, жок шылтоолору ар дайым даяр турду.

 

Ал эми Атыр болсо өмүр бою колтугунда жашаган күндөшүнөн уламбы, же өзү эле ак сөөк тукум болгондуктанбы, бир да жолу сүйлөгөн сөзүнөн, жасаган ишинен кемтик кетирген жок. Бир да жолу күйөөсүнүн аны менен турмуш курганына өкүнгөн сааты болбоду…

 

 

 

* * *

 

Жаш токолу түрмөгө камалган соң Калпа экөөнүн никесинен жаралган Алимбекти каякка алпарарын билбей башы маң болду. Кантсе да анын аталык сезими күчтүү эле. Анын үстүнө уулсуз өтөрүнө моюн сунган өмүрүнүн күз мезгилинде күтүлбөгөн жерден анын атын өчүрбөй турган перзенттүү болгонуна кудайга миң мертебе шүгүрчүлүк кыла турган. Балдар үйүнө кыялбады. Акыры бир көнсө ушул көнөт деп өмүрүн, жаштыгын күзгү жалбырактай тебелеген Айгүлгө токтолду. Өмүр бою калп менен сооротуп, тил эмизип келген зайыпка ушул жолу да абийирге жараша мамиле болгон жок. Эми анын бул жолку жомогу: “Сен бир аз өзүң жалгыз Алимбекти багып тур. Ал экөөбүздүн балабыз болот. Сенин да бала бактысын татканга акың бар .Ушунча жыл мага ишендиң, мага түттүң. Акыры сүйүүмдү сага далилдей турган да мезгил келди. Атыр экөөбүздүн ортобузда эч нерсе калган жок. Өмүрүмдүн аз жылдары калганда, өкүнбөй жашагым келет” деп токулду. Ал эми Айгүлдүн болсо күндөштөн туулган баланы багайын, ага энелик мээрим тартуулайын деген кыпындай ниети жок эле. Ондогон жылдан бери жалгыздыктан төгүлгөн жаш аны мерезге айлантыптыр.Калпаны жек көрүүсүнө аралаш күндөшүн жеңүүнү эңсеген чаңкоосун кандыруу сезими гана аны макул кылган болчу.

 

…Ошол күнү Калпанын уулу менен кубаланып чыгышына Атырдын келгени себеп болду. Ушунча жылдан бери Атыр күндөшүнүн босогосун биринчи жолу аттады. Так эле баягы жаштык кездеги көшөгө тартылган бөлмөдөгүдөй эки аял үн-сөзү жок тиктешип турушту, болгон айырмасы – анда экөөнүн ортосунда эрөөлгө чыккан сезим ойносо, бул жолу алардын көкүрөгүндө сая кеткен өмүрүнө боору ачыган ачкыл сезим уялап турду.

 

— Келээримди күткөн жок белең?

 

Айгүл жооп кайтарбады.

 

-Мен дагы күтпөгөм. Абышкам менен карылыктын дооронун сүрө турган кезимде ушинтип, шүдүңдөп сенин алдыңа келем деп ойлобоптурмун.

 

-Менин убактым жок. Айтчуңду айтып кет ылдам.

 

Айгүл Алимбекти бооруна тартты.

 

Баланы бир караган Атыр:

 

-Келгенимдин себеби… Алимбекти эмне ой менен багып жүргөнүндү билем. Билем, сенин менден, Калпадан өч алгың келет. Мүмкүн, карыган чакта үй-бүлөлүү болом деген үмүтүң дагы эле жашайттыр. Бирок, бир нерсени сурайт элем: сен Калпа менен мындан аркы бирге өмүр сүрүүнү каалайсыңбы, ал сенин кыз чагыңдагы кыялыңда жашаган мырза эмес. Аны мен бирге жашаган аялы катары айтайын: бул дүйнөдө мен андай алсыз, намысы жок эркек бар деп ойлобойм. Менин өкүнгөнүм: ошондо элден намыс кылып, Калпаны сенден талашпай эле койбоптурмун. Сенин эле өмүрүн сая кеткен жок. Мен дагы өзүмдү жубу жок адамдай сезип, сыйлабаган эр менен өмүр сүрдүм. Сен айы-күнүңө жетип, менин алдыма келген күндөн тартып эле мен аны эркек катары урматтабай калгам. Анын чечкинсиздиги, аялзатын оюнчук кылганы, курсактагы баласын коргоп калайын деген ниети жоктугу мендеги жаралып келе жаткан сүйүү сезимин жалп өчүргөн.

 

Айгүл, эми мынабу баланы багып, түйшүгүн тартууга даярсыңбы? Калпа сени аялым деп билээр бекен? Эгерде сенин жүрөгүңдө сүйүү жашабаса, анда үй-бүлө курулбастыгын билесиңби? Жек көрүү менен өткөн өмүрүңдүн калганын да Калпага коротуштун кереги барбы? Сенин деги өзүңө бооруң ачыйбы? А мага болсо баары бир. Калпа менден кетеби, кетпейби мени тыйынча кызыктырбайт. Мага десең, азыр киргизип ал.

 

-Сенин ишиң болбосун. Каяктан билесиң, мүмкүн мага нике кайып улгайган чагыма жазылгандыр. Мага жакшылык каалаган адам болуп көрүнбөй эле кой.

 

Атыр бир саамга унчукпай туруп, мыскылдуу доош чыгарды:

 

-А сен билесинби? Калпа не себептен сени менен мамиле түзгөнүн? Сени бир айдын ичинде башыңды айлантып, намысыңдан ажыратам деп балдар менен мелдешкен. Сенин аркаң менен ал бир жашик пива утуп алганынан кабарың албетте, жок.

 

Селдейе көзүнөн жашы буурчактап агып кеткен күндөшүнө көңүл бөлбөгөн «Ак байбиче» лакап аты бар Атыр мөрөйү үстөм боло, чыгып кетти.

 

Эми Айгүл үчүн мындан ары бала багуунун да, Калпанын алдамчы сөзүнө ишенген түр көрсөтүүсүнүн да зарылчылыгы жок эле. Жан дүйнөсүн борошо уруп турган ошол кечте зайып абышканы баласы менен ызгаардуу көчөгө кубалап чыкты.

 

УЛАНДЫСЫ БАР….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE