Пример HTML-страницы

«ТЕМИР ТОРДО ОСКОН ГУЛ»

https://kyrgyzcha.site/?p=47128&preview=true Кызыктуу окуялар.

«ТЕМИР ТОРДО ОСКОН ГУЛ»

 

 

Темир тор артында күн кечирип жаткан аялдардын башынан өткөн оор тагдырды Жараткан эч кимдин башына салбасын. Алардын айрымдары чын эле күнөөлүү болсо, кээлери — бирөөнүн ордуна жаза өтөп жаткандар. Ата-эне, бир тууган, жолдошунан жана балдарынан тирүүлөй ажыраткан абакта сагыныч, кусалык, көз жаш менен күн кечирген аялдардын кайгы-муңун бир гана күндөлүктүн барактары угуп келет.

 

Темир дубал

 

Түпөйүл болуп күн-түнү тартып убайым,

 

Түрмөдө өттү бакубат кутман курагым.

 

Туш-тушка безип таптырбай арууүмүттөр,

 

Телмирип тиктейт абактын муздак дубалы

 

 

 

Алдыда күткөн ажайып сонун жылдарга

 

Жете албай калдым максаты бийик кырларга

 

Жүргөнүм менен турпатым илкип араңдан,

 

Үмүтүм кошо камалды темир дубалга

 

 

 

Кыйырсыз кеткен кымбаттуу күндөр каякта,

 

Кырчын кез калды, кыйналып зындан абакта.

 

Ыйласам ыйлап күлкүмө болгон ортоктош,

Жүрөктөн чыккан ырларым кошо камакта

 

 

 

Жакындан гана башталган өмүр жыргалы

 

Жаркыган эле жашоонун жарык нурлары

 

Тил албас тагдыр чөгөлөп тизе бүгөрдө

 

Тизеге чапты түрмөнүн темир дубалы.

 

 

 

Кийилбей калды жактырып тиккен көйнөгүм

 

Өтө албай калды өр таап калган тилегим.

 

Өрттөлбөй, күйбөй өзүңдөй темир дубалдын

 

Өчүүдө улам, алоолоп жанган жүрөгүм.

 

 

 

Шамалды тилейм муңдашым болуп турарга,

 

Жамгырды күтөм, шоокумун тыңшап угарга.

 

Жүзүмдөй мөлтүр, жүзүмдү тикен тор тосуп

 

Сызылам ичтен, сырдашым темир дубалга.

 

Тирелет тилсиз, тиккендүү темир дубалдар

 

 

 

Тагдыр менен сүйлөшүү

 

Көргөздүң сен жазыгы жок абакты,

 

Кандай гана жүрөгүмдөн кан акты.

 

Таразасыз койгон ташың кулатып,

 

Тагдыр сага салбасамбы азапты.

 

 

 

Шашпа тагдыр, сени менен алышам,

 

Селдей агам, өрттөй жанам, жарышам.

 

Турмуш мени кайра жаңы жаратты,

 

Сени менен өлбөс жерде калышам.

 

 

 

Баратты эле жашоодогу жолум түз,

 

Шорду чачтың маңдайыма күтүүсүз.

 

Алсыратып аң-чуңкурга ыргытып,

 

Алып келдиң өмүрүмө коңур күз.

 

 

 

Ал коңур күз бырыш салды өңүмө,

 

Тумчуктурду киргилт санаа көлүнө.

 

Бактымды жулуп алып колумдан,

 

Түртүп салдың туңгуюктун түбүнө.

 

 

 

Тумчуктум да, бирок чөгүп кетпедим,

 

Эсим кетти, бирок баарын эптедим.

 

Жанып турган жылдызымдын жарыгы,

 

Үлүңдөдү, бирок такыр өчпөдүм.

 

 

 

Өчпөйм эми, өчпөй күйөм жалындап,

 

Тагдыр мени күлбө кайра табалап.

 

Ансыз деле татаал жолго жетелеп,

 

Жүрөгүмдү бүтүргөнсүң жаралап.

 

“Капканга түшкөн айбанды адам бошотот, ал эми адамды андан бошотуш кыйын тура”

 

Аттиң дүйнө, мени үй–бүлөмдөн бөлүп турган муздак дубалды өзүмө-өзүм орнотуп аларымды учурунда сезбептирмин да. «Көсөөнүн акылы түштөн кийин» демекчи, эми минтип темир тордун артында башымды мыкчып, күчүмдү көз жаштан чыгарып өткөнгө өкүнүп отурам. Ойлоп көрсөм, сыртта жүргөндө айланамды, адам кейпин кийип доско досту, бир тууганды бири-бирине кошпой алдоо жолу менен арам тамак тапкан адамдар курчап жүрүптүр. Мындай адамдарды ошол учурда ажырата билбегениме өкүнөм.

 

Капканга түшкөн айбанды адам бошотот, ал эми адамды андан бошотуш кыйын тура. Мени менен кошо абакта отурган жакшынакай кыз-келиндердин бирөөсү киши өлтүрсө, экинчи бирөөлөр — уурулук кылгандар, дагы бирөөлөрү — наша сатып кармалгандар, кыскасы, түркүн кылмыштарды жасап соттолгондор. Угуп отурсаң, алардын ар биринин тагдыры, өкүнгөндөрү, көз жашы жүрөгүңдү оорутат. Кээлеринин үйү жок же үй-бүлөсү жок. Алар кайда барарын билбейт, туугандарына же ата-энесине барайын десе, «сен бизди элге уят кылдың» деп кечирбей, тетири карап туугандыктан кечип койгондор да аз эмес. Кыскасы, адам өзү оңолгону менен түрмөгө түшкөнү жашообуз бузулуп, баарынан кур-жалак калып тагдырыбызга балта чабылганы баарыбызга эле белгилүү болуп турат.

 

Эркиндикке кетип, жумуш таба албай, эптеп тапса «сен отуруп келген турбайсыңбы, мындайлар бизге иштегенге болбойт» деп жолотушпайт. Мындайлар же баш калкалар жери жок, иштеген иши жок, жегенге ашы жок аргасыздан кылмыш жолуна түшүп жатышат. Бирок мен баарын эле ак жеринен күнөөлүү болушкан деп актагандан алысмын. Анткени жашоо-тиричиликтеги ар кандай жетишпестик, үй-бүлөлүк чыр-чатак, туура эмес ушак-айыңдар адамдарга терс таасирин тийгизип аргасыздан кылмышка түртөт окшобойбу. Түрмөгө отургандардын баарын эле тартиптүү адам болуп чыгат деп айтпайм, жаман адаттарды үйрөнүп чыгышы да мүмкүн.

 

Өзүмдү эле мисалга алайын. Мени адеп келген алгачкы күндөн тарта эле кылмыш чөйрөсүндөгүлөр «сен жалгызсың, сенин эч кимге керегиң жок, өч алышың керек» дешип баарын жек көрүүгө мажбур кылышканын сезип калдым. Өзүмдү колго алдым, мындай азгырылма жаман сөздөргө жол бербеш керек экендигин жүрөгүмдүн түпкүрүндө билип эле турдум. Тагдырдын ачуу уусу, айрыкча бизге окшогон аялдарды «ар» деп беттен алган ажаан аялга айлантып, аягында эмнеге алып келбейт. Телегейи тегиз адам болбойт тура.

 

Мына, буюрса, мен дагы жакында эркиндикке чыгып кетем. Мени мындан ары алдыда эмнелер күтүп жатат, кандай жашоо болот, мага эч бир белгисиз. Ошентсе да жакшылыктан үмүтүмдү үзбөйм. Бирок мени ата-энем кечиреби, үйгө киргенимде кандай тосуп алышат болду экен деп сарсанаа болуп көз караштарынан, сөздөрүнөн корком. Көптөн бери ичимде уйгу-туйгу болуп жүргөн оюмду замандаштарыма айтып бир аз болсо да жеңилдеп калдым.

 

Кечир мени, Ата журтум, туулуп-өскөн айылым.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE