4-болум
Атам айткан убадасына бекем туруп,айлыбызды бүт чакырып, жаңы бөбөккө той өткөрдү… Арзымат деген бардык тиши күбүлүп түшкөн чалга тон жаап, ак батасын алып, бөбөктүн оозуна май салып, Туратбек деген ат койдурду…
Ошол күндөн Туратбекбиздин үйдөгү эң ыйык, эң касиеттүү атка айланды.
Үйдөгү иш эрмегибиз, сүйлөгөнүбүз, убара болгонубуз: Туратбек, Туратбек… Ал үч жарым айында арсаңдап күлдү. Бул биз үчүн чоң майрам болду. Атам жетине албай, уулум күлдү деп бардык элге жайды. Алты айында анын алдыңкы эки тиши чыкты… Атам районго чаап барып, уулуна бир сыйра кымбат баа кийим сатып келди… Туратбек тетик чыгып, он айында телтеңдеп басты. Ой, ошондо баарыбыз өз көзүбүзгө өзүбүз ишенбей, улам сынап көрүп:басты, басты!- деп жар салдык. Туратбектин тили ата деп чыкты… Атам терине сыйбай семирип:» Уулум ата дебедиби» — деп айыл-ападагыларды чакырып кой сойду.
Ошентип убакыт өткөн сайын биздин үйдүн эрке-талтаңы Туратбек болду да, Шарапаткан экөөбүз «өрдөктүн түрү суук» баласындай четтеп кала бердик.
Жакшы тамак болсо Туратбек ичсин, жакшы кийим болсо Туратбек кийсин… Күн бүркөлүп калса, чаң-тополоң түшүп:»Кокуй Туратбек кайда жүрөт, издеп тапкыла, суук тийип калбасын» , күн тийсе:»Кокуй, Туратбек кайда, аптап өтүп кетпесин! «- деп апам биздин тынчыбызды алат. Ушинтип көзүн жалдырап карап турса, ким болсо да, бутунун туурасы менен басып алчактабайбы. ..
Эмесе, бир гана жолкусун айтып берейин…
Эсимде, апам алыскы айылга кеткен болчу. Окуудан келерим менен үйдү жыйнаштырып, казан-аяк жууп жатканмын. Туратбек сырттан тал чыбыкты ат кылып минип, ылай буттары менен төргө өтө чапты. Канча убараланып жыйнаштырган үйүм чаң-чуңга толду да, калды. Туратбек мени кантээр экен деп, кыйраткансып кийиздин үстүндө ары-бери басып турат. Өзүм сүйүнчүлөгөн үкамдын ачыктан-ачык шылдыңдап, кемсинткен кылыгына ушундай жаным кашайды, өзүмдү-өзүм токтото албай:
-Өлө элегиңден үйдөн чык!- дедим жулунуп…
Туратбек буйругумду кулагына илип да койбойт, тилин соймоңдотуп чыгарып, маскарлагандай арсактап күлөт. Анысы аз келгенсип, кийизге оонап-оонап алды. Да буйрук кылдым… Жок, Туратбек тоготуп койбойт. Жүгүрүп барып кулагынын тарсылдагын жулуп алгыдай чойгулап, эшикти карай сүйрөдүм. Ал буттары менен тепкилеп, колдору менен чачыма асылды. Экөөбүз тытышып да калдык…
-Үйдөн чык!
-Чыкпайм!
-Чык дейм!
-Чыкпайм дейм!- менден өкүмүрөөк кыйкырат.
Өзүмдөн алты жаш кичүү укамди башкара албаганыма намызданам. Элдин инилери эжелеринин тилинен чыкпайт, мойтоңдошуп жүрүшөт. Ушул Туратбек кантип өзгөчө чаарбаш болгонуна жаным кашаят…
Ал астымда жатып да, каткырып күлүп, ачуумду келтирет…
-Бала, апам келгенде айтам.
-Айтсаң айта бер. Мен дагы айтам…
-Эмнени айтасың?
-Айтам, балдар менен ойногонуңду айтам.
Ой, тооба, каратып туруп калп айтканына таң калам. Жок, таң калбайм. Апам дайыма бирижакка кеткенде, Туратбекке минтет:»Эжең коргондо жалгыз калды. Жанынан жылбай отур. Балдар менен ойносо өзүмө айт»,- дейт.
«Гүлайым балдар менен ойноду» деп ал калп айтса да, апам мени урушаарын билип турат. Ошон үчүн ал мага жөн жерден жалаа жаап, коркутуп жатпайбы.
-Айтсаң айт, үйдөн чык- Эң аягында колунан сүйрөдүм. Ал тырмышып колун жулуп алды.
-И, үй сеники беле?- дейт
Мен эмне деп жооп айтууну билбей, бир тыным эңгиреп туруп калдым. Анткени, ооба, үй меники десем эле, анын айтаар сөзү кулагыма жат. Ошол заардуу сөздү укпас үчүн аргасыздан унчукпайм.
-Чык!- дедим демите.
-Бул үй кимдики экенин билесиңби?
Анын сөзүн укмамыш болгондой, оозума талкан куюп алгандай тымпыйып, дагы унчукпайм. Менин эмне себептен койдой момун боло калганымды Туратбек түшүнүп, ыраазы болгондой, мени түбөлүккө багындыргандай, ийне менен оюп тешкендей бүтүкүй көздөрүн кыбыңдатып:
-Үй акең Туратбектики. — Чоң атам кейиптенип малдаш токуна отурду.
-Атам айткан… А сенин үйүң…- деп камдатып келе жатканда эле, оозун баса калып туш келген жерине чапылдатып чаба бердим. Ал дагы жер тепкилеп үйдү башына көтөрүп ыйлады, ушул бир тууган кара чечекей инимден көргөн кордукка ызаланып, мен дагы эмшиңдеп ыйладым… Эмне үчүн кыз жаралдым экен? Эч болбосо, шымын эптеп кие албаган ушул жаман Туратбек да кыйынсынат. ..
Туратбекти канчалык күчөнүп ийлесем да, ал эжелеп мойнума асылбады. Калп айтам деп, жалооруп жалынбады… Кайра менин муунуп бошоп, ыйлаганымды көрүп, чыйралгансып, көз жашын аарчыды да мурдагысындай кайраттана чакчаңдап:
-Сен эрге тийсең кетесиң, бул үйдө мен калам, ата-энемди карыганда өзүм багам,- деди эң акырында.
Бул жолу айбаттанып ага асылганым да жок.. Көңүлүп караңгылап, отуруп калдым. Туратбек кыйынсынган кебетесинде, «алың ушул беле» дегендей жышаана туюлгансыйт. ..
Бул эмне деген кордук, шылдың…
Уландысы бар :










