Пример HTML-страницы

Түштүк кызы  10 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=9778&preview=true Кызыктуу окуялар.

Туштук кызы.

10-болум

Биз да ушундай болдук. Он эки кыз биринчи класстын астанасын кошо аттап, ошол жоон топ кыздан үчөөбүз калдык. Кайсы күнү чоочун үй-бүлөөнүн казан-аягын калдыратып калаар экенбиз деп жүрсөк Айзада качып кетти. Ал да окуунун айынан…

Ошентип көз көрүнө арабыз суюла берди. Ойлоп көрсөң бул коркунучтуу. Сен кызсың, бир күнү сени менен окуп жүргөн, бирге өскөн сырдаш теңтушуң капыстаникүйөөгө тийип кетет да, анын орду бош калат. Агайлар мектеп жашындагы кызды зордуктап күйөөгө беришти деп, тийиштүү жерлерге билдирет. Текшерүүгө киши жиберилет. Сүрүштүрүп келсе күйөөгө тийген кыз сельсоветтин каттоосунда эч кеми жок он сегизде болуп чыга келет. «Өзүм каалап, өзүм тийдим. Эч ким зордогон жок, өзүмдүн окугум келбейт», — деген үйрөтүлгөн сөздөр даяр. Өзү окутуп, өзү таламын талашкан окуучу кызынан ушундай кепти угушуп, агайлар да ичтеринен тынышат.

 

Кетчү кыз кетет, агайлар ар бир сабак сайын тизмек окуганда, кеткен кыздын фамилясын атабай, аттатып өткөндө өзүнчө эле ичтен сыздайсың, басмырт болосуң. Тизмеде өз кезегиң келгенде «бар» деп, бош айтып кайра отурууга шашасың. Бетиң чымырап, агайга тик карай албайсың. Мүмкүн агай:»Кызым, качанга чейин бармын деп, өзүң добуш берип тураар экенсиң, же сени да ата-энең он сегиз жашка толтурууга камынып жатабы?»- деп астыртан сынап карагансыйт.

Чынында коркунучтуу. Сен араң он бешке чыктың, бирок жашыруун күчтүн жардамы астында он сегизге секирип жетип, аз келгенсип бирөөлөрдүн шыбырына эрксизден көнүп:»Окугум келбейт»- деп каратып туруп калп айтып турсаң, анан агайлар анан кантип сага ыраазы болсун.

Жакын арада менин да ордум бош калып, агайлар фамилямды аттатып өткөндө, кимдир бирөө озунуп:»Калмурзаева да эрге тийип кетиптир» ,- деп кыйкыраар деген санаа менен ушул күнгө жеттим.

Эми онунчуну бүтөөрүмө шектенбей калдым. Баягы жоон топ он эки кыз быйыл онунчуну бүтүп, баарыбыз каалаган окууларыбызга кетсек кандаү жыргал болоор эле. Окусак деп талпынып, бирок тилектерине жетпей калган теңтуштарымды эстесем, көзүмөн жаш кылгырат, туз куйгандай ичим ачышат.

 

Көздөрү ойноктогон, каштары чийилген капкара, чукугандай сөз тапкан, эч кимден жалтанбаган Катыйча эске түшөт. Анын кубулжутуп ырдаган обонучу! Угуп отургум келет. Ал «Эсимде» , «Эсте секет» деген ырлардыкатырчы эле да. «Мыскал эжедей артист болсом»- деп эңсеген тилегин жашырбай айтчу. Катыйчаны 7-классты бүтүп, каникулга тараганда, апасы:»Кызым, Папандагы тагасыныкына кетти»- деп элге угузду. Окуу ачылганда апасы, кызым ошол жакта окуп жатат деген справка тапшырып кутулуп кетти. Кийинки жылы окуп жаткан кыз, энесиникине үч айлык уулун ороп, төркүлөп келди. Кызын окутпас үчүн биздин ата-энелер ойго келгис айлаларды ойлоп таба алат.

Керели кечке бир сүйлөп койбогон, акыл-эстүү кыз периси Касиеткан азыр кайдасың? Аны да сегизинчиде окуп жүргөндө ата-энеси көз көрүнөө эле Араванга күйөөгө берип жиберди. Ошондон бери аны көрө элекмин. Ата-энесиникине да аз келет. Жалган болбосун, былтыркы областтык газетанын бетинен Касиеткандын пахта терип жүргөн сүрөтүн көрдүм. Кыйын терет, кайраттуу келин деп мактаптыр.

Эсимде, кайсы бир жолу алгебра сабагынан кечигип калсае, агай киргизбей койгон. Экөөбүз мектептин алдындагы жийденин алдынан шырылдап аккан тунук суунун боюнда сырдашканбыз. Ал суу менен ойноп:

-Гүкүш, кээде мен минтип ойлоном. Окуй берсем, окуй берсем, такыр күйөөгө чыкпасам. Анан өзүбүздүн айылга келип иштесем. Анан үй-жайлуу болсом, ынтымактуу жашап, ал экөөбүз ээрчишип басып жүрсөк.

-Апей, ал дегениңдин аты жокпу?

-Ой, мен дөөрүп жаткан турбаймбы?- Касиеткан уялганына чыдабай, озунуп мага суу чачкан. Экөөбүз көйнөктөрүбүз көл-шал болгуча суу чачышып ойногонбуз. Мен аны чычалатыш үчүн туюк эле «ал» деп койсом, ал айтпа деп, муштагылай берээр эле. «Эч кимге айтпа» деп жалынып-жалбарчу. Биздин туюк сырга түшүнбөй, кыздар жабалакташып:

-Бизге да айтып койсоңор. Мынча ардактап сүйлөгөн «ал» дегениңер ким?- деп каңкуулап сурашса, Касиеткан мага жалбарчу:

-Ортакжан айта көрбө.

Ал дегенибиз, Алдаберген деп айтчу эмесмин.

-Кыйын экенсиңер, -деп, кыздар таарынышчу, өздөрүнчө жоромолдошчу, белгисиз «алды» издешчү.

Эгерде Касиеткан жогорку окуу жайын бүтүп, жүрөгү эңсеген, белгисиз «ал» деген кишисине жетсе, кандай бактылуу болоор эле.

Эч кимге сырын айтпаган, кокус араздашып калса оңойлук менен жазылбаган Толуну кантип эстен чыгарайын. Анын бир кемчилдиги өңдүү-түстүүлүгүнө мактангансып жүрчү. Ошон үчүн биз мурдубузду чүйрүп, көп учурда андан бөлүнүп кетчүбүз. Биздин ичибиздин күйгөнү, балдар аны көз көрүнөө сулуусуң, кимдин жары болоор экенсиң, ошондо көрсөк, деп айта беришчү.

-Мен эч кимдин жары болбоймун, врач болом. Силердин мынабу бир кулач тилиңерди кесем,- деп ал асылган балдарды күйдүрүп жооп берчү.

Айта берсең баары биринен бири сонун кыздар экен. Теңтуштардын кадырына эми жетип отурбаймынбы. Ырас, учурунда бири-бирибиз менен урушканбыз, жамандашканбыз, кайра жазылышканбыз. Бул кеп эмес… Анар, Бермет, Асыл, Айкыз, Ыраат, Бурул, Саажы, Акыштарды ойлоп көрсөм, сонун кыздар эле.

Бармактайдан бирге өскөн, бирге окуган, жанымдай көргөн теңтуштарым азыр кайдасыңар? Билем, билем… Алдың эки балалуу болуп, артың бирден төрөп, башыңарга түйшүк тартып, кээде балалык чагыңарды, бирге окуган ынак теңтуштарды эстеп, жүрөгүңөр сыздап, аттиңай- деп жүрөсүңөр.

Теңтуштарым, силерди мен аябай сагындым. Силер дагы мени эстейсиңерби?

Тектир бир, тектир, тектир саз,

Тебишип ойнойт өрдөк-каз.

Теңтушту теңтуш эстесе,

Төгүлүп агат көздөн жаш.

Ушинтип теңтуштарын аябай сагынган кимдир бирөө ырдаган экен. Мен да көкүрөгүмө сагыныч батпай, буулугуп кеткенимде жогорку куплетти улам кайталап ырдасам, сагынычым бөксөргөнсүйт.

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE