Пример HTML-страницы

Сыноо 19 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=17574&preview=true Кызыктуу окуялар.

СЫНОО….

19-БОЛУМ.

— Жакшы, өзүң кандай, лялка чоңоюп жатабы?

— Чоңоюп жатат, Аси мен Аманат менен ажырашмак болдум.

— Эмнеге? — Айсалкын ага көңүл бура карады.

— Билбейм, көңүлү жок немеге жалдырамак белем?

— Сүйлөшүп үйлөндүк дебедиң беле?

— Сүйөм деп тим эле үйлөнгүчө болбой жаткан, кийин түшүндүм, көрсө ал сүйгөн кызына өчөшүп эле үйлөнүптүр да, эми менден таптакыр алыс, — Токтой калып Айсалкынга тигилди, — Сен анын ким менен сүйлөшкөнүн билчү эмес белең? — дегенде ал аны жалт карады, сүйлөөгө тили келбей саамга аны карады.

— Мен ушул окуу жайдагы эркектердин ким менен сүйлөшүп, ким менен мамилеси бар экен деп тескеп жүрөмбү Арууке? — деди анан ага карай.

— Жөн эле сурадым Аси, анткени ал ар дайым эле бирөөнүн атын айтып алат.

— Кимдин? — Айсалкын каштарын жыйра карады.

— Сенин!

— Эмне-е?!

— Билмексен болбосоң Аси, мен сенден чындыгын билейин дегенмин, сүйлөшүп жүргөнүң чын беле? — Маңдайына келди, — Суранам, сен аны сүйөсүңбү, айтчы ачыгын?

— Арууке, — Айсалкын аны колтуктай бак жакка басты, — Мен Аманат менен кыз-жигит катары эмес дос катары тааныш болчумун, мисалы сенин деле досторуң бар туурабы?

— Эмнеге айтпадың анан?

— Мен сенден ким деп сураганда башка атты айттың эле го, эгерде Аманат десең мен ачыгын айтмакмын, тааныш экенимди, бүт айтмакмын.

— Мага ал өз атым Абыл деген да.

— Анда менде кайсы күнөө, же кийин каш кагып имерип буздумбу?

— Айтканың туура, ал шүмшүк ошентсе айтам да, — Арууке кайра ыйлап ийди.

— Арууке, сен Аманаттан ажырашпа, балалуу болгондон кийин сени эле карайт, аны сен өзүң билесиң, имергенге аракет кыл, кайненең эчтеке дебейби?

— Жо-ок, ал киши ыйлап калды.

— Сен ал кишини сыйла, жалгыз калтырба, Аманат сени кет деген жок беле?

— Жок, кет деген эмес, болгону мен кетем дегенде ажырашалы деди.

— Анда сен кайра бар, кемпирди жакшылап карай бер, кетем десең жеңил болуп каласың, андан көрө кетпей өзүңдү сүйдүрүп ал Арууке.

— Ошондо ал ажырашпа калабы?

— Жо-ок, кызыксың го, эми көп болсо бир-эки айда төрөйсүң туурабы?

— Ооба.

— Анда мен айткандай кыл, мага ирээнжибе, мен эч качан Аманатты сүйгөн эмесмин, — деп Айсалкын курбусуна билген акылын айтып жөнөттү.

— Рахмат курбум, мен анда барайын, — Арууке курбусу менен өбүшө коштошту. Айсалкын ойлуу кетип жатканда жанына унаа келип кы-ыйч эте туруп алды. Бул Аваз Айталиевич эле, кечээ күнү анын артынан ээрчий жашаган үйүн дагы көрүп алган болчу, кыскасы ал кирген гана эшигин көрүп кеткен, Акматбекти артынан көргөндө атасы келип күтүп жаткан экен деп ойлогон.

— Айсалкын салам.

— Салам, — Айсалкын басып кете берди.

— Отур, жеткирип коеюн.

— Жакын эле.

— Билем, — Аваз жайлатып айдап бара жатты.

— Эмне? — Айсалкын ага тикирээ карады.

— Ооба, үйүңдү билем.

— Анда бекер убара болупсуз.

— Айсалкын, кел эми кардың ачкандыр?

— Үйдө бар.

— Айсалкын, — Аваз Айталиевич унаасын токтотуп түшүп келди, — Токтосоң эми.

— Шашылып жаттым эле…

— Бир саат убакыт тапсаң эми.

— Аваз Айталиевич, сиз мени жайыма кое аласызбы?— Кое албайт экенмин.

— Тамашаңызды коюңузчу.

— Тамаша эмес Аска, мен сени сүйөм.

— А мен сүйбөйм! — деп аны түртмөк болуп бара жатып тык токтоду: «Ырысыңды теппе, сен эмнеге мынча текеберсиң, андан көрө далай кыздар сүйө турган жигитти колуңдан чыгарба, тигил Акматбек сенин сулуулугуң менен жаштыгыңа кана кызыктар болуп жүрөт, сени алдап кызыгы тараган соң басып кетет, ата-энеңди элге уят кыласың, айыл боюнча кепке калып жүзүң карайып басып жүрө албайсың, андан көрө бул сымбаттуу жигиттин сүйүүсүн какпа, бактыңды колуңдан чыгарба», — деген ой заматта башына келе түштү.

— Жүрү суранам.

— Асылып алдыңыз, — деди да жылмая унаага отурду.

— Рахмат, — деген Аваз Айталиевич кудуңдай айдап жөнөдү.

— Сиз канчадасыз? — деп Айсалкын суроо узатты.

— Картаң көрүнөмбү?

— Жо-ок…

— Жыйырма жетидемин.

— Оо, чынында картаң экенсиз, — Айсалкын күлүп калды.

— Ыраспы? — Аваз каткырып алды, — Ошондой, сен эмнеге эле карабай жатат десе.

— Таптыңыз.

— Кана, ушул эле жерге кирели ээ? — деп кубанычтуу жигит унаасын токтоочу жайга токтотту да кызды колтуктап кафеге кирди. Экөө көпкө сүйлөшүп отурушту, андан кийин экөө бири-бирине жакындай түштү, Айсалкын мурункудай ыргып качпай аны менен кызуу маектеше баштады, ал эми гана бул жашоонун кереметин сезип, өмүрдүн кымбаттыгына көзү жетип токтоло элек жаштыгынын аркасында жаңылып кала жаздаганын эми билди. Аваз Айталиевич кубана аны менен жолугуп күндө жанында болгусу келет. Анын атасы жок, апасы бар, үч бир туугандын кичүүсү, эки агасы дагы медик, улуусу Аязбек тиш доктур, ортончусу Апаз санэпистанциянын башчысы болуп эмгектенет, экөө тең үй-бүлөлүү, бир-экиден балдары бар. Апасы Мария өзү дагы медик болчу, азыр пенсияда, неберелерин карап үйдө отурганы менен Авазды күндө үйлөн деп тажатып келе жатат. Жолдо келе жаткан Аваз азыр кубанычтуу күлүмсүрөп: «Апа, сен күткөн келинди эми алып барамын, мен өз сүйгөнүмдү эми таптым, бактылуумун апа, эң бактылуумун», — деп ойлонуп бара жатты. Айсалкын дагы бул кезде кубанычтуу келсе үй ачык экен, акырын баш бакса Акматбек бар экен, дароо артына бурулду эле:

— Айсалкын! — деген Акматбектин өктөм үнү угулду, кыз тык токтоду, бир кадам алга же артка жылууга кудурети келбей дирилдей туруп калды, — Сен кайда, кир үйгө! — дегенде кайратын боюна жыйып бурулуп келди.

— Угуп жатам, — деди босогого келип.

— Эмне болду сага, кир бери.

— Мен…

— Кир эми, мен азыр эле кетем.

— Мен кетейинчи байке…

 

УЛАНДЫСЫ БАР….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE