Пример HTML-страницы

Сыноо 14 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=17574&preview=true Кызыктуу окуялар.

СЫНОО…

14-БОЛУМ.

— Кызым эмне күндү көрүп отурат, тезирээк баргыла эми, — деди Гүлүйпа. Канайым менен Эркайымды күйөөлөрү менен, Турат менен Канат, Кумаш менен Наргиза болуп сегиз адам кууп барышты, муну угуп алып Калыйпанын жини келди, Канайымга Гүлүйпа дайындагандыктан аны дагы кошуп алышкан. Ал куданын үйүнө бараарда:

— Гүлүнү алып эле баса бериш керек, ата-энеси алкаш кокуй, агасынын үйүнө тосот окшойт, кызды ал жерге таштабайлы, — деди чыйпылыктап.

— Кантип, кыз өзү сүйлөшүп барган дейт, — деди Кумат.

— Сен кайдан билесиң, канча жылдан бери кошуна болуп жашаган мен билем, — деп аларды үйүнө калтырып Канайымды ээрчитип өзү барып, — Кызды кое бергиле, аны бул жерге калтырбайбыз, тапкан экенсиңер талаада жаткан кызды! — деп жулкуна үйгө киришти, — Кана, кыз каякта?

— Бул жакта, — деди бир келин ары боло берип.

— Гүлү, Гүлү садага болоюн десе, бас кеттик кызым, сен Шүкүрдүн баласына тийип кайсы жыргалды көрөт элең?

— Таеже, кечириңизчи мени, Тимурга өзүм келдим, — деп Гүлайым жер карады, — Эже, мен өзүм сүйлөшүп келдим.

— Жо-ок, сени бул жерге калтырбаймын, — деп Калыйпа колунан сүйрөп жөнөгөндө Канайым:

— Таеже, кой сүйлөшүп келген тура, — деди акырын.

— Эмне, унчукпай таштап кетмек белек, айта берет кыз деген, келгенден бери көндүрүштү да, минтип айт, антип айт деп, ушу алкаштын баласына койбойм! — дегенде сырттан Закир кирип келип:

— Калыйпа, атасы алкаш болсо биздей тууганы бар, намыска жарай тургандар, эл-журт бар, келин өзү сүйлөшүп келдим деп жатат го, мындан башка кандай сөз керек, жаштарга жолтоо болбо! — деди салмактуу.

— Таеже, коюңуз эми, — Канайым Гүлайымга барды, — Бактылуу бол Гүлү, сен өзүң макул болсоң эле болду, — деп эки бетинен өөп анан чыга берди, Калыйпа таарынып барбай койду, алар сый көрүп, алдына койгон жыйырма миңди алып кете беришти. Кийитти өтө жакшы кийгизбесе дагы жакшылап коноктоп кешикке бир кой союп бышырып салып беришти.

Бир жумага жетпей баарын уккан Гүлүйпа көшөгөсү менен жетим себин алып сиңдисин, эки абысыны менен Тураттын аялы Сайра менен Күмүш болуп келип калышты. Күмүш өзүнчө даярдаганын алып келип чоң сеп келгендей эле болду, Закир менен Шакин дагы өздөрү тозушту, Тимур бир аз каткан акчасын аларга берди, Шүкүр менен Айнураны көрсөтүшкөн да жок, анткени алар келин алганын шылтоолоп улам ичип тоюп алып мас болуп калып жатышты. Гүлайым менен сүйлөшкөн Гүлүйпа алардын өз үйүнө көчөөрүн укту, күйөө бала жагып калды, бирок ата-энеси тигил болсо алган тарбиясы кайсы, кийин ал дагы ошентип кетеби дегендей күдүк ой турду жүрөгүндө. Бирок өзү Гүлайымдын айтканына ишенди. Айткандай эле он чакты күн өткөндө Тимур экөө өз үйүнө кетмек болду эле Закир эл катары союшун союп боорсок жасатып өз баласындай эле аларды төркүнү алып келгендерин берип көчүрмөк болуп жатканда Айнура:

— Ийи, биздин үйгө барсаңар болбойбу? — деди баласына таарыныч кыла.

— Апа, эмнеңерге барабыз, элдей сый көрө албасаңар, келин бала жөнүндө ойлонуп койбосоңор, мен эмне кылышым керек? — деди Тимур.

— Эмне кыйын болуп кеттиңби, менин дагы теңтуштарым бар, алган бергендерим бар, келин алдым деп бир кой союп тойчук берем, — деди Айнура өпкөлөнө.

— Кайсы теңтушуңар апа, арак досуңарбы, Гүлайымга андай жаман жагыңарды көргөзбөгүлө, ансыз дагы силердин ичкениңерден уялып бүттүм, — деп болбой койду. Закир, Шакир аялдары менен жеткирип коңшу-колоңун, Гүлайымдын иштешкендерин чакырып бата алышты, анан Тимур менен Гүлайым кеңешип үйлөнүү тоюн өткөрүү жөнүндөгү оюн, качан болоорун аларга айтып анан узатышты. Тимур бир аз өз ата-энесинин жоругуна басынып жүрдү. Гүлайым өзүн бактылуу сезип Тимурга эркелей:

— Тимур, эмнеге кабагың ачылбайт? — деди өздөрү калган күнү.

— Эчтеке Гүлүм, өзүмчө эле.

— Мага үйлөнгөнүңө капа болуп жатасыңбы?

— Кайсы арыма Гүлү, элдей болуп ата-энем келип сыйын көрө албаса…

— Койчу Тимур, андан көрө экөөбүз барып кем карчын берип туралы.

— Кереги жок, эсине келсе адам болушаар.

— Болбойт, мен өз ата-энемди көргөн жокмун Тимур, өз баласындай асыраган ата-энеме ыраазымын, андан көрө аларды дарылаталы, жанагы кошо ичкендерден бөлүп өзүбүзгө алалы, ошондо алар оңолуп кетишет, — деди Гүлайым.

— Дарылатканга болот дейсиңби, кайра эле ичип алышат экен го?

— Болот, алардын көңүлүн көтөрүп эмне кааласа бериш керек, ошондо алар түшүнүшөт, — деп Гүлайым чын дилинен айтып турду.

— Алтыным, кудайым кошуп койгонун.

— Мага дагы, мага дагы сени кудай жолуктурду…

— Өкүнгөн жоксуңбу?

— Жо-ок, неге өкүнөм? — Алсыз шыбырап күйөөсүнүн жалынычтуу үндөрү чыгып бири-бирин рахатка бөлөп онтологон шыбыр чыкты.

— Жаным.

— Сенсиң менин жаны-ым.

— Алтыным.

— Сенсиң менин алтыным…

— Гүлү.

— Ийи.

— Ыраазысыңбы?

— Аябай, күйөө менен аялдын рахатын тартуулаганыңа-а… — Андан ары экөө тең онтоп барып жатып калышты, бир аздан кийин Гүлайым кыткылыктап өзүнчө күлүп кирди.

— Эмне болду?

— Кызык.

— Эмнеси кызык?

— Аял менен эркек ушуну менен жакын болгону.

— Ооба, дал ошондой жаным, мунсуз болмок беле? — Кайрадан өбүшүү, онтоо жалынуу, жаш жубайлар ошентип таң атырып эртең менен экөө эки тарапка жумушка жөнөшөт, убакыт учкан куш демекчи Гүлайымдун окуусу башталып күз келип калды, анын контрагын Аскер төлөп берген, агалары дагы келип керектүүсүн берип акчадан камсыз кылып турушат. Гүлайымдын айтканы менен Тимур ини-карындашын өзүнө алып ата-энесин дарылатып он беш күндөн киийн үйүнө алып келишти, наркы үйүнө уста салып толук оңдоого беришти. Артур менен Аиданы таза-тыкан кийгизип мектепке жөнөтүшөт, алардын кубанычында чек жок, Айнура ичкенин токтотконго өңүнө кирип өзүнө карап калды, аял эмеспи, болгону кырк эки жашта эле, Шүкүр да момпоюп бергенин ичип үйдөн чыкпай калды. Тамак-аш муздаткычта толтура, экөө каалаганын ичип телевизор көрүп чалкалап жатып оңуп калышты, ошондой күндөрдүн биринде:

— Шүкүр, эми ушул бойдон ичпейли, — деди Айнура.

— Сен өзүң да, аял киши эркек менен тең жарышып ичип жүрсө кантип оңолот?

— Мени сен эле көндүрдүң?

— Эми ичпе.

— Сенчи?

— Көрөм, эркекке эчтеке эмес.

— Дарылангандан кийин ичке өлүп калат деп жатпайбы?

— Айта берет, бирок ичкенге деле моокум жок, — деп койду Шүкүр.

— Өз балабызды өзүбүз үйлөнтө албай уят эле болдук.

— Атасы менен агасы турбайбы, алардын менден айрымасы кайсы, ошолор үйлөнтсүн, — деп койду, — Алар деле көрдү да.

— Менин төркүндөрүм деле берди го.

— Ооба, аларың кыйратты дейсиңби, — Экөө кыжылдашып урушмак болуп калганда эшик такылдап калды, Айнура ача койсо Калыйпа экен.

— Кел.

— Келдим, Гүлү жокпу?

— Окуусунда го.

— Баса көктөп бекер үйгө баарың келип алгансыңар го? — Калыйпа кыртышы сүйбөй ичкери кирди, — Ушуну билгенмин, кайдагы бир эчтеке көрбөгөн немелерге кабылып шору көп тура, тебелеп тепсеп оңуп калган тура.

— Ай Калыйпа, биз эмне киши эмеспизби? — деди Айнура.

— Ой, силерди ким киши дейт, Тимур Гүлүнүн колунда бардын кызы экенин билип алып эле ала качып алды да, болбосо ким кызын берет эле билбейм, — Ал эки жагын карап койду, — Эми баарын талкалап бүтөт экенсиңер да.

— Оозуңа карап сүйлө Калыйпа, кызыңарды балам ала качпай эле өзү барды, бардыгына байпагым.

— Байпагың болсобу, алдагы байпакты дагы ошол шордуу кыз алып берди да.

— Таеже! — деп Гүлайым кирип келди, — Эмне болду сизге? — Жини келсе да акырын айтты, — Жүрүңүз чай пай ичиңиз, — Ашкананы көздөй кирип кетти.

— Эмнеге жиниң келди Гүлү?

— Жин келбей турган ишпи, аларга эмнеге сүйлөп жатасыз?

— Сен ушул алкаштарга тең белең, ата-энең дагы билгизбегени менен капа болуп отурушат, алды артыңды байкап тийбейт белең?

— Таеже, бул менин тагдырым, эч кимдин киришүүгө акысы жок!

— Ийи, өзүңдү-өзүң билдиң да, эжем менен жездемдин баккан кайран мээнети, — деп Калыйпа туруп чыгып кетти…

Гүлайым сөзүнүн ушул жерине келгенде Айсалкындын уктап кеткенин сезип өзү да уктамак болуп көзүн жума жатып калды. Эртеси таң атпай коридорго бирөө чакырып калды, иш күнү болгондуктан оорулууларга келгендерди киргизбей орус аял тозуп алган. Барса Аманат экен:

— Кандайсың Аси, ден-соолугуң жакшыбы? — Колундагы гүлүн, пакеттеги тамак салынган идишти сунду, — Сакайып кет.

— Рахмат, эмнеге келдиң?

— Сени көргүм келди Аси.

— Мунуң болбойт, Аруукени аясаңчы.

— Аны сени кызгантуу үчүн алдым дедим го?

— Бирөөнүн тагдыры менен ойнобогонуң дурус, — деди да Айсалкын артына бурулуп кетти:

— Аси, бир аз сүйлөшөлү… — Жоопсуз калды анын суроосу. Айсалкын жини келип коридордо турган мусор челекке гүлдү банканы таштамак болгондо:

— Чоң кыз, мындай болбойт, тамакты таштаган кесир! — деген коңур үн артынан чыкканда жалт бурулду, аны жылмайып карап Акматбек турган эле.

— Си-из? — Айсалкын көзүн алайта карап кызарып кетти.

— Мени тааныйсыңбы?

— Ооба, мен Арууке менен бирге окуйм.

— Жакшы экен, — Акматбек ойлуу карап, — Гүл адамдын көңүлүн көтөрөт, тамак болсо ырыскы, атайын келген нерсени таштаба, — деди анан.

— Кечириңизчи.

— Кечиргенде эмне кызым, сага жакпаган бирөө алып келген го? — деди кайра күлүп, — Жигитиң эмеспи?

— Жо-ок, — Кызарып кетти.

— Аруукенин тоюнда болдуң беле?

— Ооба.

— Жакшы, ата-энең барбы? — деген Акматбек кайра ага күлүп карады, — Атың ким?

— Айсалкын, ата-энем бар, эки иним бар.

— Айсалкын, кай жерликсиң?

— Ат-Башыдан.

— Оо алыскы региондонбу?

— Ооба.

— Окууң кандай? — Акматбек негедир кызды кетиргиси келбей эле улам суроо бере берди, — Жакшы окуп жатасыңбы?

— Жакшы эле, — Кетмек болду.

— Эмнең ооруйт Айсалкын?

— Жүрөгүңдө бар дейт.

— Оо этият кылуу керек, мен жакындан бери…

— Ата-а! — деп Арууке кирип келди, атасын өөп анын Айсалкын менен дагы өбүшө учурашты, — Ал-акыбалдар кандай анан? — Экөөнө бирдей кайрылды.

— Жакшы, — Айсалкын палатасын көздөй басты.

— Ата, тамак алып келдим, Аманат сыртта турат.

— Жакшы кызым, мен сакайып калдым, убараланбай эле койсоңор болмок.

— Убарачылыгы барбы, сизге кантип келбей коебуз? — Арууке таарынгандай карады.

— Мейли кызым, апаңарга жакшы карап жатасыңбы?

— Ооба, ал киши азыр күлүү эле, биз сабактан барганча тамак даярдап коет.

— Ошентсе дагы карагыла, анын Аманаттан башка караары жок кызым, эми сен бара бер, — деп колундагыны алып калды. Арууке колундагыны берип анан өөп алып чыга берди. Бу сүйүү деген бирде азгырык сымал көрүнгөн сезим, бирөөнө аруу таптаза көрүнсө, бирөөнө кол жеткис болуп кетет, ошондой сезим бул жолу эч билинбестен эле Акматбекке дагы жеткендей болду. Айсалкындын бае көз карашы, жүзүндөгү бей күнөө жылмаюусу менен солкулдаган балтыркандай бой келбети аны өзүнө билинбей тартып алгандай болду. Бирок ал ушул кезде ошол татынакай өзүнүн кызындай кыз менен баарына кайыл болуп дүйнө кезип кетүүгө даяр болгон абалга жетээрин сезбеди, болгону: «Турмушка чыга элек экен, эркек киши сүйлөгөндө кызарып кеткени эчтеке көрө элеги, жигити бардыр ээ», — деп алып кайра: «Мага эмне жин тийдиби, анын жигити бар же жогунун кереги эмне, ал жаш кыз мени эмне кылсын, атасындай болгон мени эмне кылмак эле», — деп чалкасынан түшүп жатып калды. Ал ушул азыр карды ачканын да сезбеди, кызы алып келген тамак термосто болчу, ал ысык бойдон турат, Акматбектин ойлуу жатып калганын көрүп катар жаткан Бекмат:

— Сага эмне болду, катуу ойлонуп кирдиң го? — деди.

— Жөн эле.

— Ким келди?

— Кызым.

— Тамак ичпейлиби карын ачты.

— Аа-а, атта-а, унуткан турбайынбы, — Акматбек тура калды, — Келгиле жигиттер, карынды кампайталы, — деп термосту ачып эттүү ысык тамакты куюштуруп кирди, — Кана ичели эмесе.

— Түшкү оокатка чейин чыдай албай калдык го?

— Мен оорукананын тамагын ичпейм.

— Супсак.

— Ошонусу дагы жакшы, — деп аларды карады Акматбек, — Биз өзүбүзгө карабай эле күчтүү оокатка качыра беребиз, булардыкы мүнөз келет да.

— Анысы бар, — Бекмат башын ийкеди. Төртөө отуруп тамактанып отурду, анан Акматбек кайра палатадан чыгып эки көзү аялдар жаткан жакта болуп туруп анан эми кирмек болгондо Айсалкындын чыгып келе жатканын көрүп негедир жаш кездегидей жүрөгү бир булкуп алды: «Мага эмне болду». — дегенче ал Айсалкындын жанына кантип жетип калганын сезбей дагы калды.

— Айсалкын…

— Эмне болду байке?

— Аа-а, — Акматбек андан көзүн ала качып куду жигит кезинде кыздарга алгачкы таанышкандагыдай желкесин кашый туруп калды.

— Бир нерсе айтмак белеңиз? — Кашайып кыз дагы андан көзүн албай күлүмсүрөп карап калганын көрүп кадимкидей денесин калтырак басып:

— Качан чыкмак болдуң? — деди араң.

— Билбейм, бир ай дарылан деп жатат.

— Аа-а, мен бир-эки күндө чыгат экенмин.

— Көп болдубу сизге? — Айсалкын жалжылдай карады.

— Ооба, бир ай болду.

— Аа-а, — деп койду Айсалкын.

— Кайсы жерде турасың?

— Кыздар менен турам.

— Үй жокпу?

— Ооба, батир жалдаганбыз.

— Үй болуш керек да шаарда.

— Окууну бүткөнчө жашап турсам…

— Телефонуңар барбы? — Акматбек сөз уланып кеткенге кадимкидей эркин боло түштү, — Үй маселесин чечип жардам берейин.

— Жо-ок, тим эле коюңуз, — Айсалкын кубанганы белгисиз кызара карады.

— Анын эмнеси бар, оңой эле чечебиз, анын үстүнө кызым менен теңтуш экенсиң, чын дилимден кабатыр болуп жатам.

— Эгерде үй керек болсо атамдар деле алып бермек…

— Телефонуң барбы?

— Жазып берейин.

— Жо-ок, айта бер жазып алам.

— Ма-акул, — Айсалкын номерди айтып берип кайсаңдай туруп калганда аларды көздөй Аваз Айталиевич келе жатты.

— Кандайсыздар?

— Жакшы-жакшы таксыр, — Акматбек күлө кол суна учурашты.

— Бектурганова, сизге көп басканга болбойт, жатышыңыз керек, — Аваз Айталиевич кайра Акматбекке кайрылды, — А сиз жакшы болуп калдыңыз, биринчи күнү чыгасыз.

— Жакшы ансыз дагы ийнеден тажап кеттим.

— Бирок пайдасы бар байке.

— Албетте.

— Келгенде кандай келдиңиз эле, эми минтип свиданиеде жүрөсүз, — деп Аваз Айталиевич күлө Айсалкынды карап койду.

— Кайдагы… Айсалкын менин кызымдын курсташы, — Акматбек актангандай күлүп калды.

— Эми-и, ушуну айттым да, — деп Аваз Айталиевич дагы күлдү, алар сүйлөшүп турганда Айсалкын палатага кирип кетти. Ошол күндөн баштап анын палатасына таң эрте бирөө гүл берип ийет, бирок кимден экени белгисиз эле, кийин экинчи дагы бирөө берип ийчү болду. Гүлайым аны карап:

— Сенин поклониктериң күчөдү го? — деди жылмая.

— Ким экени кызык болуп жатат.

— Акыры билинет да.

— Кызык, ким болду экен?

— Гүлдүн ичип карап көрдүңбү?

— Жо-ок, — Айсалкын үч-төрт күндөн бери көңүл бурбай эле гүлдү ыргытып жатканын сезди да тура калып караса төрт бүктөм кагаз жүрүптүр, бүгүнкү келген экөөндө тең бар экен, ала коюп бирин ачып караса Аваз Айталиевичтен экен, кабагы бүркөлө шалак эте отуруп экинчисин ачып жатканда:

— Кимден экен? — деди Гүлайым.

— Бей тааныш…

— Беркисичи?

— Азыр көрөм го, — деген Айсалкын аны ачып окубай эле кимден экенин билүүгө кызыгып этегин карады эле аты жөн жок эле: «Аман жүргөнүңө кубанып өмүр өткөрөөрмүн», — деп коюптур: «Аманат окшойт, ушунуку өттү, мен аны сүйүп койсом экен», — деп жини келип отурганда Гүлайым дагы сурады.

— Ошол эле бейтааныштан бекен?

— Ошондой го…

— Эркектер көзүнө жакшы көрүнгөн кыз болсо эле ушинте беришкени жаман.

— Таң калыштуу, — Ойлонуп отуруп калган Айсалкын бир нерсени эстегендей ага кайрылды, — Гүлайым эже, түндө сизди угуп жашып уктап калыпмын, эми тихий час болуп калды, улантпайсызбы?

— Макул, ансыз уйку келбей жата бергенче… Ойлуу тунжурай көпкө шыпты карап жатып анан сөзүн улантты…

Тимур экөө бактылуу жашап жатышканда таежесинин ойду тоону сүйлөп урушуп кеткени жүрөгүн оорутту, унчукпай тамак жасап ашканада жүрө берип кыжаалат болуп: «Келин кылып алам деп жүрдү эле, баласы деги үйлөнүп алды, эмнеге эле мага минтип жатат, Тимурду сүйсөм ата-энесин ташта демек белем, кандай болсо да анын ата-энеси го, же мурунтан өздөрүнүн бирдемеси бар окшойт, балким экөө өч чыгаар, ага биздин тиешебиз бар, өзү жакшы эле аял эле, эмнеге минтип жатат», — деп ойлонуп тамак бышканда кайнене кайнатасын чакырды, аңгыча Артур менен Аида келип калды, чогуу отуруп тамактанып жатышканда Тимур келди, баятан бери келинине эчтеке дей албай отурган Айнура ал эми эле отуруп тамак алдыга келгенде:

— Тимур, биз өз үйүбүздө эле бололу? — деди.

— Эмне болду? — Тимур Гүлайымды бир ата-энесин бир карап калды.

— Өзүбүзчө эле болгонубуз жакшы экен, — деди Шүкүр дагы.

— Силер дагы ичесиңер да, — деди Артур үтүрөңдөй.

— Болду! — деди Тимур инисине ачуулу.

— Чынын айтып жатам аке, буларың ээн-эркин болуп ичкиси келип жатат да.

— Артур, — деди Гүлайым акырын, — Улуу кишилерге мындай мамиле кылганың болбойт.

— Өздөрү ушуга татыктуу, мына мен онунчу класста окуйм, бир жолу эмне керек деп коюптурбу, кайра сабактан кийин иштеп тапкан акчамды алып арак ичип алышат, каникулда болсо как жетим балдардай өз кийимимди өзүм табам, — Артур ызаланып жер карады.

— Эми ичишпейт, — деди Тимур, — Акылына киришти го, — Ата-энесине карады, — Ата-энесине карады, — Тамды оңдоп жатпайлыбы, силер барганга болбойт.

— Күн жылуу, бир жерине отура беребиз.

— Мен барбай эле коеюнчу жеңе? — деди Аида, — Силер менен калайынчы.

— Эч ким кетпейт! — деди Тимур.

— Ата, апа сиздер бул жерде эле болуңуздар, — деди Гүлайым, үй тардык кылып жатса биз батирге чыгып кетебиз.

— Жо-ок айланайын, өз үйүңөрдөн куумак белек? — Айнура кымырына отуруп калды, ал негизи Калыйпага жини келип турган, — Кудагый келсе дагы жаман көрбөсүн?

— Апам андай эмес апа, сиз таежемдин сөзүнө капа болуп жатасыз го?

— Жо-ок, ага эмнеге капа болоюн.

— Таежем келди беле? — деди Тимур.

— Келген, мен келсем үйдө экен.

— Ал бизди кордоду, — деди Шүкүр үңкүйө.

— Силерди алар канчадан бери билет ата, — Тимур жини келе карады, — Алар айтса жарашат, балдарын эчтекеден кемитпей бакты, силер биз үчүн эмне кылдыңар?

— Тимур болду эми, — Гүлайым күйөөсүн тыйды, — Болду да.

— Күйгүзүп жатышпайбы?

— Ата-энени көтөрүп кой, — деп ашканага чыкты, Шүкүр менен Айнура унчукпай калышты, Тимур туталанып көпкө чейин ачуусун тыя албай жатып анан телевизор көрүп отуруп калды. Алар төртөө чоң бөлмөдө, Тимур менен Гүлайым балкондо жатышат, чынында Гүлайымдын үлүшү чоң, үйдү оңдогонго Тимурдун тапканы жетмек эмес, экөөлөп үйдүн бүтүп жатканына көңүл буруп турушат, алардын үйүнүн оңдолуп жатканын көргөн Калыйпа эжеси келген сайын эбиреп Гүлайымдын эси жок болгонун, бөлөктүгүн кылып тапканын кайын журтуна жумшаганын айтып калат. ага Гүлүйпа жөн гана жооп берип тим болот, Тимур курулушта кыш кыноочу болуп иштейт, кышта бир-эки ай жумуш жок калат, ошондуктан ал жайдан баштап күзгү бозгорого чейин иштеп алганга аракет кылат. Билинбей эле бир жыл өтүп Гүлайым кош бойлуу болуп сабакка барып, анан ишке чыга албай калды, жазда үйлөрү бүтүп ата-энесин көчүрүп барды, үй эми жаркырайт, баарын даярдап берип Тимур күндө бир келип текшерип турмак болду. Жай ортосунда Гүлайым уул төрөп алды, жаштар кубанып наристесин карап өздөрүнчө бактылуу болуп, атын Бактыбек коюшту, бактынын символу деп ойлошту. Чынында экөө бактылуу эле, Гүлайым ата-энесинен төркүндөрүнөн келген акчаны бүт анын керегине жаратты, эчтекесин аяган жок, наристелүү болгондон кийин биротоло жан оту менен берилип алган, кайнене-кайнатасы ичпей калганга Тимур аябай сүйүнүп жүрдү, достору классташтары келгенде иче коюп жүрдү, анысын кубанычтан го деп Гүлайым тим коюп ичпе деп айтпады, бактылуу жашоолору уланып Бактыбек бир жаштан өткөнчө жакшы эле жашашты. Кээде кызуу келген күйөөсүнө унчукпай жаткырып коюп, эртеси ал унчукпаса деле Тимур өзү актанып кирет, бирок Гүлайым үн дебейт, бир жолу Гүлүйпа келип калды, сүйлөшүп алгансып Күмүш балдарынын унаасын айдатып келиптир, дал ошол кезде Тимур мас болуп жаңы эле келген, кийинки кезде ал ичип келгенде уктап калбай Гүлайымга кычап тийишип сүйлөчү болгон.

— Сен мени басынтып жатасың Гүлү, эмнеге мени ичпе деп айтпайсың?

— Өзүңдө акыл болсо токтотосуң да, — деди Гүлайым кенебей.

— Ооба-а, сага баары бир да, колуңда бар, өмүр бою мен сенин алдыңда корунуп өтө турган болдум, — дегенде Гүлайым.

— Тимур, сага эмне болгон, мен сени бир жолу кемсинтип сүйлөдүмбү? — деди.

— Баары бир, мен өзүмдү кемсинтем, сен студентсиң, каалаганыңды ата-энеңдер даярдап беришет, тилчисиң каалаган учурда иштеп кете аласың, менин бир айлап тапканымды сен эки күн эле туристтер менен барып таап аласың, балким алар менен…— Тимур…

— Мойнуңа ал да, мен кайдан билем сенин таза келгениңди, кумарыңды кандырып…

— Тимур дейм, сен эмне болуп жатасың?

— Каныма тарттым, ичип калдым ачууң келип жатабы?

— Сени ушундай деп ойлобопмун, — Гүлайымдун көздөрүнө жаш толо карады.

— Ооба, мен өзгөрдүм, сени кызганам, башкалар менен жүргөнүңдү каалабайм.

 

УЛАНДЫСЫ БАР…..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE