Пример HTML-страницы

Ресторан. Сүйүү вальсы

https://kyrgyzcha.site/?p=39463&preview=true Кызыктуу окуялар.

Ресторан. Сүйүү вальсы

 

Ресторанда белгилүү болду, ичпейт экен, чекпейт экен. Психологиясы өтө күчтүү, тарбиясы жогору, өзүмчүл, өтө эркин эркек экен. Мындай эркектер менен аялдар «сеники ырас, ой азаматсың» деп жашабаса, жашоо бир топ кыйынчылыктарды башка салат.

 

Столдун үстү жайнады, менден сурабай туруп мага жаккан нерселерди алды, тообо, кудай бар. Белет саткан кемпирге алкыш (“сөзсүз ошол кемпирге жолугам ордунда турса” дедим).

 

Десертке клубника, үстүнө ыссык эритилген шоколад. Ушул күнгө чейин ошол менин жакшы көргөн десертим. Биринчи жолу эркек менен отуруп эркин тамактандым. Сезилип турду – жегениме аябай курсант болуп:

 

– Жактыбы? – деп кайра-кайра сурады.

 

– Ооба, жакты, бирок бекер тамак болбойт, бир күнү тамагыма тыгылып калбаса эле болду, – дедим.

 

Мен өтө сезимтал адаммын. Сезип калсам кокустан юбканын түбүнө үмүттөнгөн эркекти эч проблема жок, жеген ичкениме төлөп грамотно «убактым жок, ишим көп» деп туруп кете алам. Эч качан чөнтөгүмдө акчам жок болсо бирөө менен тамак жегени бармак түгүл эшикке да чыккым келбейт. «Бирөө-жарым төлөп койушу мүмкүн» деген ойдун өзү терең тупойлук.

 

Казак сөз баштады:

 

– Аябай сонун белет саткан таанышың бар окшойт сенин. Балкондон биринчи ряд сахнага жакын жерде отурдук, чоң ырахмат, – деди.

 

– Ооба, бар бир кемпир – деп жылмайып койдум.)))).

 

– Бүгүнкү күн жомок сыяктуу болду. Мен жашырбайм, кыздар толтура Москвада, бирок сендей жолуктурбагам. Кенен отурчу, бир аз кысылгандайсың. Көрдүңбү, мен сенден 2 метр алыс отурам. Эрк керек сенден алыс отурууга, оногу жеп жаткан кулпунайдай эле көрүнүп жатасың, – деп тамашалады. )))).

 

Бири бирибиз жөнүндө көп нерселерди билдик. Москвада квартира снимать этет экен, эжелеринин, агасынын балдарын универ, институттарга баардык расходун өзүнө алып окутуп багат экен.

 

Сурадым:

 

– Өздөрүнүн ата энелери тирүүбү же өлүкпү? – деп.

 

Күлдү:

 

– Тирүү, – деп.

 

Бир туугандары да өтө пайдаланат экен бул адамдын кенендигин.

 

– Түшүндүм, – дедим. – ошондуктан биринчи үйлөнгөндө тез эле ажыраштым дедиң, анткени ажаандай эжелериң балдарын сага бактыртып окутуп жатса сенин алган аялың тоскоол болду го шордууларга. – десем оозу ачылды. – Кечиресиз каты тийсе, чындык ушундай. Казашка беле улуту? – десем:

 

– Ооба, – деди, – Башка улутка үйлөнгөндү элестете албайм, патриотмун, – десе болобу.))))). – Аялым жашагысы келген, бирок бир туугандарым менен тил табышпады, – деди.

 

– Сиздин кийинки алган аялыңызга да так ушундай мамиле болот. Таң калбаңыз, мындай көрүнүштөр толтура. Ар дайым байкап жүрөм, ойлоном, ошондуктан 25ке чыксам да шашылбай өзүмө бек болуп турмушка чыгам, өзүмөн башка эч кимге ишенбейм жашаган өмүрүмү.

 

– Даааа, азаматсың мен сендей болгондо олигарх болмокмун, – деп күлдү.

 

– Мен да патриотмун, кыргызга тийем деп эч жолум болбой жүрүм. Сиз го шанс болуп казашкага үйлөнүпсүз «өздөн чыккан жат жаман» деп өз эжелериңиз батырбаптыр, билинип эле турат, жашырганда эмне пайда, – дедим.

 

Ачуу чындыкты эч укпаганы билинди, бирок угуп көнө баштады.

 

Аябай сонун музыкалар чыга баштады. Өтө оор ойлонуп отурду кереметтүү кенен казак.

 

– Болду, турмуштун оорчулугун сүйлөшпөйлү, бүгүн майрам, өтө кокустан жолуктук, – деп көздөрү жанып эмнегедир көңүлү каты көтөрүлүп сүйүндү. Официантты чакырып бир вальс бий суранды менден, мен макул болдум.

 

Бий бүткөндө расчет жасап, “такси чакыр” деди официантка. “Макул” деди официант.

 

Михаил Боярскийди ырдап жатты: “Отвези меня туда, где рады будут мне всегда”. Эч кимибиз эч нерсе сүйлөбөдүк, сүйүү сезими сел болуп агып жатты. Эки адам кокустан табышып бири бирин жөн гана жай бийлеп ушунча сезе алса бул чоң бакыт. Башкасын айтсам баарыңар сүйгүч болосуңар, кыргыз жердештерим))))))).

 

 

 

Анда да турду айтылбай сырлар,

 

Артылган колум мойнунда калып.))))))

 

 

 

– деп бекеринен ырдалбаптыр.

 

“Сүйүү керемет Сүйгөн жеңет”.

 

 

 

Издей берем тааныш үйдөн,

 

Издей берем көчөдөн

 

Карааныңды сагындым мен,

 

Түшүмдө гүл төшөгөн.

 

Эмне мынча сүйөм сени,

 

Эмне мынча сагынам?

 

 

 

– деген сүйүү өмүрү башталды.

 

Ресторандан чыгып таксиге салып жиберди. Өзү дагы үйүнө кетти ал күнү.

 

 

 

Казакты сүйдү, бирок…

 

Эртеси эрте менен эрте турсам жүрөк башкача согуп баштаптыр. Ырдайт тиммеле кой десе болбой кыңылдап.))). Вахтер төмөнгө чакырды. Барсам:

 

– Бүгүн кечки саат 10дө такси келет, сени Байтак деген досуң клубка чакырды, – дейт, тообо.

 

Вахтерго айттым:

 

– Сиз да ушул телефонго чалып: «Барбайт экен, өмүрүндө болбоптур клубда, болгусу да келбейт имиш», – деп жаздырттым.

 

Окуум бар, ишим бар, түндө эмне зарыл уйкудан калып, уйкум ширин кечинде 7де эле көр молдо жетелеп кетет уйкуга. Анткени Итагарда свет 7де эле өчүп калчы кышында. Өмүр бою айылда эрте жатып, эрте туруп көнүп калгам. Вахтер жатаканада саат 12де эшиктерди жаап кулптап салат.

 

Ким клубка кетсе эртеси 6да эшик ачылганда кирет. «6га чейин ат такалайынбы клубда?» деп баргым келип, бирок барбадым.))).

 

Кол өнөрчүлүк конкурсуна каты даярданып, жеңип алдым. Аксыга ата-энеме мактоо баракчасын жөнөттү унверден. Атамын айылдагыларга көрсөтүп сүйүнгөнүн азырга чейин айтышат. Жаткан жери жайлуу болсун апамын, атамын, алтын адамдар.

 

«Уулуң, кызың сендей болсун» деп баталарын бергенин угуп, кантип жаман болмок элем. Кантип жашадык экен ал убакта сотовый телефон жок эле.))).

 

12-июнга чейин Байтак ар жакка чакырды, барбадым. Вахтёрго сонун букет гүл берип жибериптир «Пашкебайга берип койгула» деп, өтө жүрөк сүйүндү. Сүйүүдүн күчү менен иштер сонун жүрүшүп, окуулар проблема жок окулуп, ойлор дүйнө кыдырып чыкты.

 

Универге ушак жайылды: «Падыша казак жигиттүү болгон имиш» деп.))).

 

Баягы 89-жылы техникумда таанышкан Толик деген жигит да экинчи жогорку билим алып жаткан, экономист. Жакшы дос элек, мага келип арманын айтты:

 

– Көп жылдар сени сүйөм, ошондуктан сен окуган окуу жайларга аркаңан келип тапшыргам. Түшүндүм, сенсиз жашоо болбойт, – деди.

 

Башыма чагылган эле түшкөндөй болду. Он жылга жакын тааныйм бул вундеркинд баланы. Эй тообо, баягыдан базарым жүрүшө баштады.))).

 

– Бир казак тапты дегенин угуп аябай жаман болдум, – десе болобу.

 

– Ой бой, сен эмне, ушунча жылдар уктап калдын беле? Ким бетиңе суу сээп ойготту? Царевна лягушка да мынчалык көп уктабаган, – деп каткырып күлсөм:

 

– Күлбө, мен сени сүйөм, – деди.

 

– Мейли, азамат, чоң ырахмат, менден деле сурап койсоң болмок, – дедим.

 

Мурда айтчы, ишенген эмесмин. «Желмогуздар үйлөнүп, анан сүйсө өлөр бекен» деп жаман көрчүмүн. Жата калса эле сүйүү проблемасы бүтө кала тургансып.)))).

 

 

 

Мен көптөн күткөн 12-июнь келди. Байтактын туулган күнү. «Лебединое озеро» балет көрдүк Большой Театрдан. Ночной клуб «Кристалл» га бардык. Таганкада элитный клуб, жылдыздар үчүн. Отурдук шампан ичип көбүртүп, кулпунай шоколад менен закуска кылып. Дима Маликовдун ырдаганын заказ кылдык. Дима да биз курактуу жаш болчу анда. Маша Распутина чыкты «Отпустите меня в Гималай, иначе всех порву» деп.))))).

 

Юра Шатуновко бийледик. Бир маалда Мурат Насыров келди. Жаткан жери жайлуу болсун, көрө албаган акмактардын айынан өлдү өз үйүнүн балконунан секирип, Москвада. Алматада туулуп өскөн өзгөчө уйгур эле. Байтак өтө чечкиндүү мамиле жасаганы билинди айлана чөйрөгө. Мисалы, мен бир нерселерди чече албай былжыраган адамдар менен бирге жашамак түгүл, андайларга жологондон корком – андай адамдар башкаларды да былжыратып аңга түшүрүп жиберет, анан жүрөсүң чыгалбай тырмаланып, тырмагыңын түбүнө кир толуп.))))).

 

Ушинтип айлар өтүп жатты зымырап. Байтак айтты:

 

– Качанга чейин кыйналмаксың, болду бүттү, баарына жетишипсиң, дем ал. Франция, Кипр – кайакка кааласаң алып барам, – деп жакын мамилеге өткүсү келди.

 

– Шашылба, бүт дүйнөнү айланып чыгам албетте сөзсүз, бирок себепкер сен болбо. Балким бала чакам менен, балким бир жумуштарга чакырат. Селсаяктай болуп, себепсиз саякат жасабайм, – дедим.

 

– Ухуу, ал балдарың төрөлүш үчүн көп убакыт бар, – деди.

 

– Иий тообо, кокустан эшектей болуп бүгүн жатып алсам, 9 айдан кийин төрөлөт. Сен ойлодуңбу ошол жагын? – десем:

 

– Жок, өтө татаал, – деди. – Ааааа, билем сен «жок» деп айталбай турган жакты! – деп сүйүнүп кетти. – Сен көп жерлерди көрдүң, бирок Ыссык Көлдү көрбөдүң, ээ? – деди.

 

– Ооба, көрө элекмин, – дедим.

 

– Болду, кеттик, аябай сонун жер! Бир жумага жыргайбыз, – деди.

 

Отказ бердим. Билдим бул жыргалдын артынан эмне болорун.

 

– Отказыңдын себеби эмнеде? – деп сурады.

 

– Сүйсөң мени тааныштыр үйбүлөң менен, үйлөн, законно печать басылсын паспортко адамга окшоп. Мага ишенсе болот, менин үй жайым башка, ата энемин үйүнөн. Бир туугандарымын кароосунан, карагулдугунан бошонгонума көп жыл болду, мен үйбүлө курууга даярмын материалдык жана моралдык жактан. Башыма бир балээ түшсө барбайм шоркурап ыйлап качып ата-энеме, ушак-мушак дегенди да ташыбайм нары-бери, ушакавоздор ансыз да көп, – дедим. – Бирок сенин бир туугандарыңдын сөзүнөн, ой пикиринен эркин экениңе көзүм жетпей турат, себеби ушул. Өтө жактың мага, бирок менин мозгум жүрөгүмү башкара алат. Аман болсом көрөөрмүн Көлдү да.

 

Айткандай эле ошол жылы дос кызым Бишкекке турмушка чыкты, узатып бардым. Ыссык Көлгө да бардык. Тообо кылдым, бир да катыны жок кыргыз достору жок экен. Төрт машина топтолдук, кой сойуп Көл жээгинде керемет майрамдадык. Жалгыз түндө баары уктап калганда Көлгө барып арманымы айтып киринип кайттым.

 

Казакты сагынып өлүп кала жаздадым каникул бүткүчө.

 

Пашакан казакка байланды

 

Казак сүйүү мен үчүн өтө оор жана кызыктуу, болду. Баарын бердим ушул казакка: «ме ал!» дедим, качанга чейин жүрмөкмүн майышып. Бактылуу болуп баш айланганда эч нерсе кызыктырбайт экен адам баласын, мас сыяктуу өмүрдүн таттуулугуна башым менен батып кеттим. Баягы эркин күчтөрүмүн баары, ой максаттарым, жүрөгүмүн соккону, көздөрүмүн каректери ушул жигит, ушул казак, ушул Байтак болду, башка кызыктар бүттү. өзүмүн ушундай жогорку деңгээлде сүйө ала турганыма өзүм да таң калып жүрдүм. Тообо, ушул эркек үчүн жок деп айтыш мага өлүм сыяктуу көрүндү. Сүйүүдүн кулу болдум. Байтак да ар мүнөт сайын мени ойлоп өлүп жүргөнү белгилүү болду.

 

Бир күнү бир квартиранын ачкычын берди:

 

– Бир жылга акчасын төлөп койдум, жатаканадан чыгып алчы, бул жерде балдар көп экен, мага жакпады, – деди.

 

Баягы Толик деген досум өлүп эле калайын деди мен квартирага чыгып баратканыма.

 

– Ох, ох Падыша, ката кетирейин деп турасың, бул казак сени албайт, ойноп-ойноп таштап кетет, укчу айланайын, – деп жалдырады. Мен акмак же уксам жакшына жан досумун туура сөздөрүн. – Эй айланайын Падыша, мен сени 1989-жылдан бери билем, 8 жыл болду, ушунча чыдап жакшына жүрдүң, эми жеңил ойлобочу, албайт сени! – деп кайра-кайра байсады.

 

– Албаса Аландын аскасынан секирет бир күнү, алса армансыз жашайт, алтындай уул-кыздуу болом! – деп кыйкырдым, – сага эмне мынча зарыл бир кыргызды алдаса бир казак?! Каракалпак куткарат имиш, кыйын болсоң бар Каракалпакстаныңа, күрөш эркиндик үчүн. Качанга чейин өзбектердин калдыгын жеп, жугундусун ичмексиңер, бир тууга ээ болбогон элден эмне чыгат?! – деп байкушту таарынтып алдым. – Жаманбы-жакшыбы, казак кыргыздар өз өлкөсүнүн ээси, ырдарга гимни, көтөрөргө туусу бар. Алдаса алдар убактылуу, анчалык деле акмак эмесмин алдангыдай, – деп таксиге отуруп жөнөп кеттим.

 

Ичи туз куйгандай ачышып калып калды жан досум. Мен өзүмдүн гана күчтүү сүйүүмдү ойлоп турдум ошол момент.

 

Жылдар өтүп жатты зымырап. Бир күнү тааныштым Байтактын туугандары менен, бирок эч кимисине жакпадым. Себеби эгер мага үйлөнсө менин жанымдан чыкпашына бүт күчүмү салмакмын. 100% менин жолдошум болмок.

 

Балдарымдын атасы жана үйдүн ээси болмок. Бирок ошол убакта Байтактын туугандары эч колдон чыгаргысы келбегени сезилди. Өтө табышман жакшы эркек ар бир үйгө керек экенин ансыз да түшүнчүмүн.

 

 

 

Казак “албайм” дегенсип

кетенчиктеп туру

 

Биринчи жолу бир квартирада, бир эркек менен жашап баштадым. Окууду бүттүм, диплом да алдым. Үйдөгүлөргө эч нерсе айтпадым, аябай чоң өмүрдү 1941-жылдагы согуштагы, токойго бекинген партизандардай баштадым, бекинип сүйүү отуна өрттөнүп.

 

Очокко жаккан оттой кызарып күйүп-жанып, түтөп, асманга бууланып чыгып тообо кылдым.

 

Сүйүү адамды бир асманга чыгарат экен, бир акмагын чыгарат экен, тообо. Шайтан азгыргандай шайым ооп, райга чөгүп кеттим.)))).

 

Болсо болду, болбосо жок болду, Ботобайдын ботко баласы мен болдум.))).

 

Бир айлык кулинариялык курсту окуп алдым, күндө сонун тамак-аш кылып, бир ушул эркек үчүн жашагым келип. Күндө жумуштан келе калып, таттуу таң калтырган тамак жасап, эки көзүм төрт болуп күткөнүм казак, карааны көрүнсө сүйүнүп. Биз барбаган клуб, театр, кино, танца калбады, тытып эле жибердик Москваны. Укмуш адамдар экенбиз бири бирибизден эч жерибиз калышпаган. Юмор сүйлөсөк ичибиз жыртылгыча ыкшып күлөбүз, урушуп кетсек кудай бир өзү сактасын, кадимкидей кыргыз-казак эл аралык согуш, эч ким жеңилбейт, тообо кылдым. Экөөбүз эки тууду илип алып кызартып-көгөртүп. Мен кызарып кызыл туу менен, ал көгөрүп көгүлтүр туу менен.)))).

 

Эки өлкөнүн патриотторун кудай кошордо bissimillahirahmanirahim деп анан кошот болуш керек деп ойлоп калдым.

 

Эч кимде кайталангыс эксклюзивный өмүр өтүп жатты, любой момент бүтүп кала турган. Ииий тообо, экөөбүздүн кыялдарыбыз эми курчуткан курч канжардай болуп чыкты. Бирге жашабай билбей жүрүппүз.

 

Айткандан кайтыш өлүм экен экөөбүзгө тең, кантип тил табышты билбей калдык.

 

– Охуууу, – деди Байтак, – Күч жетеби же жокпу сен менен жашашка? Ажайыпсың, кыке кызы, – деди.

 

Өзүмө бир жакшына эле сезилем, бирок бул башың өскүргө эмнем жакпай жатканын же түшүнсөм.)))).

 

Казак тилин тез арада үйрөндүм, «Сен да үйрөн» десем үйрөнө албады, кызыкпады.

 

Менден башка да казак, орус кыздары бар экен бул бай болгурдун, мен акмак аны кеч болгондо сездим.

 

Мен көк мээ, менден өткөн сулуу, менден өткөн акылдуу жок деп анекдоттогу маймылдай жүргөн кербез экен, тообо кылдым кудайга. Кудай да асмандан карап күлсө керек: «Ииий байкуш кыргыз, кыргыйектей болбой кал» деп.

 

«Эсиңдин барында этегиңи жап» деп көп жыл тартиптүү жүргөнүм бир пул болойун деп турду.

 

Байтак алоолонуп күйүп сүйдү, кылбаганды кылды, эч нерсесин аябады, бирок “үйлөнөм” деген сөз оозунан чыкпады тообо, ушундай да болот экен. Кетенчиктеп отко айдасаң бокко качкандай болуп ))).

 

Бир күнү кошомат кылып, кыйтырланып жакшы тамак аш кылып сурадым:

 

– Эй, сен кыргыздын 27ге чыккан картаң, сүрсүгөн эттей сүрсүп калган сулуу кызын аласыңбы же жокпу? – деп.

 

Байкушум ичин тырмап күлдү:

 

– Алышын ала берем, жашашты айтсаңчы, бир күнү кызыл туу башыма сайылып калса эмне болот, кыялың өтө курч, – деди үшкүрүнүп.

 

– Жок, биринчи казак туу сайылат, дүйнөгө тарых кылабыз экөөбүз, анан кыргыз туусу желбирейт, – десем жылмайды, менин ойумдагылардын чекесин да түшүнбөй. – Эй тообо, адам болуш аябай оор жумуш, билесиңби? А тарых кылыш үчүн өлгөн өмүр бою адам заты, – десем:

 

– Билбейм, билбейм, билбейм, – деди.

 

 

Эстен кеткис Көл_сүйүү

 

Күндөр өтүп жатты зымырап, казак-кыргыз сүйүүсү күчөгөндөн күчөп. Бир күнү кечинде жумуштан эрте келип:

 

– Эртең кеттик Ыссык Көлгө, 3 күнгө барып дем алабыз, анан келе калып Францияга кетем, жумуштарым бар, – деди.

 

Бул жолу макул болдум, болгону айттым:

 

– Мен минтип көпкө жүрө албайм сенин селки кызың болуп. Барса баралы да, бир жактама бололу, болбосо жыйыштыралы. Аксыга барбайм, Ыссык Көлдөн бери кайтам, – дедим.

 

Бишкекке учуп келип эле такси кармап менин квартирама бардык. “Өз үйүм ушул Бишкектин центринде! – деп сүйүндүм. – Москвадан риелторлор издеп жүрөт, кудай буйруса ал жактан да үйлүү болом” деп кудайга сыйынып койдум ичимден.

 

Такси кармап Ыссык Көлдү көздөй кеттик, село Бостери, Чолпон-Ата, «Кыргызское Взморье» деген гостиницадан эң кымбат, эң сонун, Ыссык-Көл мемиреп күнү-түнү көрүнө турган жагына жайгаштык. Сөз жок, сүйүү деген дал ушундай болот, 27 жашка чыккыча белгисиз күткөн эркек табылгандай болду. Бакытка батып көздөр жайнады, эрте жазда чыккан Аксыдагы гүлдөрдөй. Кереметтүү Ыссык-Көлдүн пейли кенендигинен мемиреп биздин сүйүүнү көрмөксөн болуп уялып толкунданды. Асмандагы айлуу түн, жылдыздар жымыңдашты, жердеги Ыссык-Көл толкунданып жээкке чыккан сайын кучагына кысып толкун менен кошо жээктен ала качты мени, бакытка чайып чөмүлтүп. Чоң сүйүүмө күбө болгон жаратылыш да мени өзгөчө сүйгөндөй: шамал менен чачтарымы учуруп эркелетип сүйгөндүгү сезилди. Көзүмө көпөлөктүн учканы, айрынын гүлдөргө конуп нектар ташыганы, кумурскалардын өзүнөн он эсе оор жүктөрдү ташып эмгектенгендери көрүндү. Кулагыма куштардын сайраганы, Көлдүн шапаты, жаратылыштын жагымдуу үндөрү угулду.Сүйүү сезимин ченегич прибор болсо рекорд Гиннесаны жеңмекмин.)))).

 

Өзүм жөнүндө көп нерселерди түшүндүм. Эгер мен сүйсөм бир адамды, дүйнөнүн баарын сүйөт экем. Жада калса күндө мен үчүн башкача лагман жасаган Шарипа деген Көлдүк эжекенин лагманын үч эсе жогору баада сатып алып сүйдүм (чоң ырахмат, Шарипа эже, китебим чыкса окурсуз).

 

Жеген тамак-аштын таттуулугу! Тооба кылдым миң мерте кудайга, сүйүүнүн таттуулугунан да таттуу болгондой сезилди.))))).

 

Шашлык, лагман, манты, самса жаратылыштын отуна бышкан даамы азырга чейин сезилет. Дүйнөнүн төрт бурчун кудай мага көрсөтөрүнө алдыда эч кабарым жок эле анда.

 

 

 

Ыссык Көлдүн алтын элдерине сыйынса болот, жадырап жайнап эмне жейсиз десе, иииий алтын кыргыздарым аман бололу деп кучактагым келген боорума кысып.

 

Эч эстен кеткис 3 түн, 3 күн…

 

 

 

Казак албады Пашаканды…

 

Өмүрүмдү ташкындаткан дүйнөдөгү деңиздердей 3 күн, 3 түн да аяктады. Эч Ыссык-Көлдөн кетким келбеди, ай кудай ай! Керемет кыргыздын жерлери, көз тийбесин, тфу, тфу…

 

Таксиге отуруп жөнөп кеттик Москваны көздөй. Жолдо сөз баштадым:

 

– Иий, эми эмне болду? Бир ачыгына чыгалы, сактанган жокмун, эки кабат болуп калышым да мүмкүн. Кандай дейсиң? – десем:

 

– Кой, кудай сактасын! – деди.

 

– Ааааа, эмнеден, балалуу болгондонбу? – десем:

 

– Ия, – деди (((.

 

“Кудай, кечире көр тентекти, балалуу болгум келет, – деп ичимден кудайга сыйындым. – Өзүм сонун кылып багып алам, мага азыр балалуу болуу баарынан зарыл жана керек болду. Мотурайган уулдуу болсом эркектин эмне кереги бар, кааласа жашасын, каалабаса өз эрки, уулдуу болгонго эмне жетсин”, деп ичимден чечим чыгарып койдум.

 

Эң зарылы мен үчүн, кый-чый жаңжал чыкпаш керек. Мага эң маанилүүсү – балдарым сүйүү күчү менен төрөлсө, керемет жашоого умтулууга чоң стимул болмок. Дагы деле төрөлө элек балдарымын келечегин ойлоп бараттым таксиде.

 

– Ай кыргыздын адеми кызы, маанай эмнеге чөктү? – деди Байтак.

 

– Берген суроого сенден так жооп алалбадым, ошого маанайым түштү, – десем:

 

– Койчу жаным, сенден башканы мен эч сүйө албас чыгармын, – деп дагы буйтап түз жооп бербеди. (((((.

 

– Коркпой айта аласыңбы? “Алам сени” же “албайм” деп ачыгын? – десем байкуш чоочуп кетти.

 

Жооп мындай болду:

 

– Сени жолуктурганыма аябай кудайга ыраазымын. Адеми өмүр сен менен бирге башталды, жүрөгүм сен деп согот. Падыша, сен 27 жаштагы кызга окшобойсуң, сыртыңан 18 жаштайсың, а ичинде өзүңөн өзүң 100 жаш улуусуң, мастан кемпирлердин апасысың, – десе болобу. ((((.

 

– Ииий тообо-тообо, “кыргыздар улуу” деген өз оозуңан чыгып кетти, байкадыңбы? Мен эгер ушинтип айтсам чычаламаксың, – дедим.

 

– Мен баарын айтып жаткан жерим жок, сени айтып жатам, – деди.

 

Ичимен өтө куса болдум: уккан жоопко түшүндүм, албайт экен аял кылып.

 

Москвага жетсем, кетем бул эркектен.

 

Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт. Байтакка ойумду айтуудун да мааниси кетти. Куру сөз сүйлөөдүн да кажети кетти.

 

Таксинин зымыраган үнүн коштоп жамгыр да куйду нөшөрлөп.

 

– Ойбааай Пашкебай, бизге повезло, 3 күн сонун погода болду, мына эми жамгыр, – деди Байтак.

 

Менин ички дүйнөмдө да күн күркүрөп, буурчак, кар, жамгыр аралашып жаап, сел кетти. Ичимди койуу туман басты, таркабай турган. Жаратылыштай күчтүү болсом гана чыдай алмакмын мындай жүрөк кайгысына. Таксини токтотуп тоолорду аралап чуркап кетким келди келбес жактарга: “Кыргыз жерим, бир тоолук кызың батпайбы койнуна?! Алчы мени, асканын туюктарына бекитчи, экинчи эркек көрбөсүн мени, эч өмүр туюктарынан чыгалбай жүрүм ансыз да!” деп кейип-кепчип, жыртык кепичимдей отурдум таксиде, мемиреп терең ойго батып.

 

Москвага жеткиче бир да үн чыгарбадым. Эркекке эркекче мамиле кылууга мажбур болдум, корктум кыйкырып катынча чыйылдасам чоң сүйүүдү такыр жоготушума. Жок дегенде бир жыл жашаган керемет өмүр, менин жакшы мамилем көз алдында калсын.

 

Москвага да жеттик.

 

– Оохуу Пашкебай, сүт чай ичели, кандай биз бактылуу адамдарбыз! – деди Байтак. (“как чокуңда!” дедим ичимден, албагандан кийин арзыбайт.) – Мен сага Франциядан сонун көйнөктөрдү, эмне кааласаң алып келем, сүйөм сени, жаным! – деди шумдуктуу.

 

Эртеси түндө такси келди Байтакты аэропортко алып кеткени. Балконго секин чыгып карадым, таксинин артында бир сулуу мага окшогон келесоо орус кыз отуруптур, Байтак арт жагына отурду. Жылуу учурашкан боюнча такси жүрүп кетти. Бутумун астындагы пол жарылып, караңгылыкка түшүп кеттим. Акмактыгыма сөз жетишпей турду. Бул жолу өзгөчө жаңылдым, жаңылгандан да тузакка түшүп чалынганым аз келгенсип, капканга жабылдым. Өтө сүйгөнүмдүн өзү капкан болду. Ииий, температурам көтөрүлүп башыма чыкты, төбөмөн: “лох, лох, лох!” деп кан тамырлар сокту. “Иий кыйратыпсың мозг, мен лохмун” деди баягы эле байкуш лох жүрөгүм айласы куруп.

 

“Өлүп кана кет, тагдыр, тамашаны баштай бер эми” дедим күйүтүмө чыдабай. Эки жогорку билим менен лох болсом, өз азабымды өзүм тартайын. Байтакта эмне күнөө: сүйдү, кылбаганды кылды, алаканынан түшүрбөй жүрдү. Мага окшогон келесоолор көп болсо эмне кылсын керемет эркек, биринен бирине өтүп жыргай турган убагы экен, мен эшек ошол чагына туура келипмин. “Эх, жаша эркек, жолуң бош, дүйнөнүн төрт тарабына! ” деп эрте менен эрте кийимдерими жыйнап, калган-куткан квартплаталарды төлөп, ключту калтырып, башка бир комнаттуу квартира снимать этип чыгып кеттим. Адрес, телефон, эч дарек калтырбадым.

 

 

 

Бир жумадан кийин билдим, эки кабат экем. Сүйүнгөнүмөн баарын унуттум. Ар кандай квартиралар чыга баштады Москвадан, “балам төрөлгүчө алсам болду” деп жүрдүм күтүп тандап.

 

 

 

 

 

Пашакан Толикке тийип,

чөлгө кетти…

 

Жатаканага кыздарга мейманга бардым бир күнү, эч кимге эч нерсе айтпадым. Баарынан да Толик каракалпак сүйүндү:

 

– Кандайсың, сулуу кыз? – деди.

 

– Апаң жапкан ачыган нандаймын, – дедим.

 

– Иий, эмне болду? – деди.

 

– Сен айткандай болду, албады казак мени, – дедим.

 

– Мен алам сөз жок, эртең барып заявление беребиз. Сразу Каракалпакстанга, Муйнак шаарына апама барабыз, атам жок, – деди.

 

– Эй койо тур, мен жалгыз эмесмин, ичимде балам бар, – дедим.

 

– Казак билеби? – деди.

 

– Билбейт, айтпадым, айтсам шантаж кылгандай болом, – дедим.

 

– Анда айтпа, мен жана сен гана билели, – деди.

 

– Макул, – деп Толикке эрге тийип кеттим.

 

Ошентип шерменде болушка аз калды. Кудайдын жардамы менен тымырайып эрлүү боло калдым, болбогон жерден. Чоң той болду Москвада. Мен да, Толик да тууган-урукту чакырбадык. Өзүмө өзүм кайнене, өзүмө өзүм жеңе болдум. Мындай абалды ким түшүнмөк эле, мозг жарылып кетпейби. Телефондо айттык, эч ким киришпеди биздин үйлөнүү чечимибизге. Эл катары эрге тийдим биринчи жолу.

 

Достор таң калды. Толик өтө кымбат баалуу норка шуба жапты ийниме. Казак менен кыйшаңдаганымы баары билишчи. Ошол шуба азырга чейин илинип турат, эч кийбейм, акым жок. Ажайып сонун свадебный көйнөк кийдим, ак болбосом да актай болуп. “Эми бир кудай өзү гана сактасын” деп гана отурдум. Чыныгы эркек дос деген мындан артык болбос. Өзүм да, Толик да түшүнө бербей турдук эмне өмүр баштап жатканыбызды. Аксынын аскасындай күнөө башымды басып турду, көтөргүзбөй.

 

Той бүтүп эле эртеси Каракалпакстан автономиялуу, өзбектердин карамагындагы, эркиндикке эч качан ээ боло албаган элге келин болдум. Өзүм жөнөкөй болгонум менен саясатты өтө жакшы түшүнөм, өзүмүн деңгээлимде. Кармаган эркин туусу, ырдаган эркин гимни жок элдерге өтө боорум ооруйт.

 

Ошентип Москвадан Нукус шаарына түштүк. Толиктин кубанычы койнуна батпай сүйүндү:

 

– Эй, эсиндеби илгери техникумга келгенде, бир да орусча билбей 6 ай түндө нан заводдо иштеп, күндүз мен окутчумун сени, – деп тамашалады. – Эми сен адам тааныгыс өзгөрдүң, кудайга шүгүр ушул болгон окуяларга, башыңа кыйынчылык түшпөсө эч качан менин аялым болмок эмессиң, – деди. – Баары жакшы болот, бирок бир сураныч, бир эркек сен тарапка карабасын, карагылык кылбасын, мен жипке асылып өлөм. 8 жыл сени карап эч нерсе айтпадым, анткени сен бир башкача түшүнүксүз адамсың. Сага көп чоң нерселер майда болуп көрүнөт, – деди. – Сен мени менен эптеп жашап кетесиң, мен эптей албай калышым мүмкүн, – деп үшкүрүгү Каракалпакстандын таштарын жарды.

 

Үкөлөрү үйлөнгөн экен, эң улуу баласы болуп үйлөнө элек. 14 жашынан Санкт Петербургда окуп, Германияда служит этип, бир канча сыйлыктардын ээси болуп Германиядан келген вундеркинд эле.

 

Нукустан тосуп алышты үкөлөрү, кеттик Муйнак деген шаарга. Арал деңизинин жээги ажайып тартылып, жаратылышта чоң катастрофа болуп жатыптыр. Чаң бурганактап асманга көтөрүлүп чөлдө бара жаттык. Ар жерде бирден куураган жалгыз тарбайган өсүмдүктөр боорду эзди. Таңдайы катып суу издеген төөлөр, жандыктар жанга батты. Көргөн көздөрүмөн жаш акты. Бир ээн талааларга тагдырым чырмооктой чырмалды.

 

“Айланайын кудайым, балдарыма ушундай жер тартуулайын деп жатамбы?” деп жаным кейиди. Чөл эч нерсе өспөгөнү аз келгенсип, эркин да эмес экен, кудай сактааааааааа.

 

Мен ит ушуну көрмөкмүн, жашамак түгүл, бир келгениң ад окшойт.

 

Каракалпакча, өзбекче жакшы түшүнөм, оңой эле сүйлөшүп бараттым.

 

 

 

Пашакан уул төрөдү!

 

Жеттим желмогуз жез кемпирлердей Муйнак шаарына. Аябай сонун тосуп алышты. Апасы эмгек сиңирген эл артисти экен. Салт-санаасын кылды, дүңгүрөгөн той болду, 3 күнгө созулуп кетти. Баары кубанычта болушту, “кыргыздан биринчи жолу тарыхта Муйнак шаарына келин келген имиш” деп жайылып кетти. Келбеген, көрбөгөн каракалпак калбады. Эки колума эки узун материал байлап эки келин эки колуман кармап мен жүгүнбөгөн бир да кары каракалпак калбады.))).

 

Келген-кеткенге 3 күн жүгүндүм, “бай болгур, башыңа бакыт консун!” деп баталарын эч ким аябады мен үчүн. Эки көзүмө жаш толуп, ата энем ал кезде тирүү эле. Бирок өзүмдү топтоголок жетимдей сездим. Өмүр бою унутулгус эң сонун каракалпак элдери эсимде калды. Апасы атама өтө чоң калым акча көтөрүп келди Аксыга, биз менен кошо. Атама шыбырап койдум: “Иштер чатак, айыптуумун” деп, атам түшүндү. “Кой кудагый, өзүңө буйурсун, кызым эмне чечсе ошол болот, албайм” деди. Аксыда да тойлодук, арман ичте толтура, аргасыз өмүр баштап.

 

Апасына алкыш, өмүрү узун болсун, алтын аял экен, эч чукулап киришпеди, ыраазы болдум. Каракалпак эли эң сонун уникалдуу элдердин бири экен. Эркин эл катары сакталышына тилектешмин.

 

Москвага кайттык. 8 ай өттү, квартира табылды сатып алууга. Акчасын ана-мына деп бергиче төрөй турган маал келди.

 

Толик менен ажыраштым, өтө кызганган адам болду, ар бир баскан изим контролго алынды, телефондогу ар бир номер тизмеден өтө турган абалга жеттим.

 

Сүйүүдүн башка түрүн көрдүм. Азап чектим укмуш, мейманга барсам эч кимге карабаш керек элем, карап же бир ырсаңдап сүйлөсөм үйдө согуш болчу. Каракалпак- Кыргыз согушу. Толикти эч күнөөлөбөдүм, анткени ар бир адам өзүнүн деңгээлинде көргөзгүсү келет үйбүлөсүн. Развод бербейт эле эч качан, өз мекенинде жашаса, тууган-уругу көндүрмөк моралдык жактан жардам берип.

 

Россиянын закону сонун.

 

Ал жалгыз, мен жалгыз.

 

Кимибиз жеңдик, кимибиз жеңилдик – азырга чейин белгисиз.

 

Ошентип “квартирага акча берем” деп нотариусту күтүп отурсам толгоо башталды. Кимге айтмакмын, акчаларымды пачка-пачкасы менен төрөт үйүнө алып кеттим пакетке эле салып, зубный паста щеткалар менен. Нотариусту айттым “документтерди менин атыма ырастап келе бер больницага. Сен мага – ключ, квартиранын документи, мен сага – акча” деп сүйлөштүк.

 

Келдим больницага.

 

– Кроватка кийим-кече, пакет – бүт калтыр, же тумбочкага сал да, жыңалач бир халат менен түш биринчи этажка, – деп врач айтты. 5чи этажда элем. Палатада 5 орус катын, менин пакеттеги пачка-пачка акчаларым кийимдериме оролуп калды. Кеттим керемет казактын уулун төрөгөнү.

 

Төрөй албадым, көзүмүн кан тамырлары жарылып кетти. Анткени өтө арык, чыбыктай элем. “Болду, өлүп калат” деп, операцияга алып кетишти. Наркоз сайганда эсучуму жоготуп: “Пакеттеги миллиондогон акчаларды алып келип бергиле” деп айтып койупмун.)))). Врачтар операция бүткүчө каткырып күлүшүптүр ишенбей, “кайдан чыккан олигарх” дешип. Уул төрөпмүн, Тимурду. Эч нерсе эсимде жок. Санитарканы кыйнапмын: “Тишими жубам, пакетими алып кел” деп жалдырапмын. “Иий көк мээ, сөйрүк, өлбөдү да ушул мигранттар” деп пакетими алып келип бетиме бир чааптыр. “Спасибо” деп жаздыгымын түбүнө койуп, 2 сутка өзүмө келбепмин. Наркотикке каңгырап жата берипмин. Эч нерсе эсимде жок, кийин айтып беришти. Көзүмдү ачып сорго эсими жыйнадым. Баламы балдар үйүнө берүүгө даярдап койуптур, акмактар. “Контузия кыз” деп. Главврачка сорго бардым басып, ичими жарып алып тигип койушуптур. Түшүндүрдүм. Нотариус да келди, эч бир сөзүм жалган эместигине ишеништи. Квартиралуу болдум, уулдуу болдум бир мезгилде, Москвада. Менден өткөн бактылуу адам жоктой сезилди.

 

Врач айтты:

 

– 5 кг. уул төрөдүң, ден соолугу сонун, кантип көтөрөсүң, ичиң бүткүчө болбойт оор жумуш кылганы, – деди. – Башка бала төрөбө, болду! Дагы ичиңи кесип алабыз, башка жол жок, – дешти. “Сөзсүз кыздуу болом” дедим ичимден.

 

Эки күндөн кийин баламды беришти колума.

 

– Аиииий, мынча жакшына төрөгөнсүң! – дешти палатадагы аялдар. Кудай сүрөт тарткандай сулуу, ажайып казак жыттанып турду! Сүйүү керемет! Баарын унуттум бир мезгилде, кагылайын кудайымын күчү керемет. Өлүп деле калышым мүмкүн эле. 8 күн жаттым, тез эле айыгып кеттим, мотураңдап бизден өткөн бактылуу адам жок эле. Кечкери эрмегим уулум болду.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE